Түрк жомогу

Качандыр бир мезгилде падыша жашаптыр да, анын үч уулу болуптур. Ошол падыша өмүр күнү аз калганда уулдарына мындай керээз айтыптыр:

— Уулум, — дептир эң чоң баласына кайрылып, — сары чач, көзү көк адам менен дос болбогун!

Ушинтиптир да атасы ага бир сандык алтын, анан ат бериптир.

— Сен, уулум, — дептир ортончу баласына,- сакал-муруту жок көсөө менен алака түзбөгүн! — Анан ага нокто берет.

— Сен, уулум, — дейт эң кичүүсүнө карап, — бою кодоо менен дос болбо! — Атасы анан ал уулуна үзөңгүсүн тапшырат.

Ошондон көп өтпөй падыша атанын ичер суусу түгөнүп, одүйнө кетет.

Бир күн ордого сары чачтуу, көгүлтүр көз бир киши келет да, улуу баласына кайрылат:

— Оо, ырайымдуу шахзаада, сенин атаң тирүү кезде мага дайыма каралашып турчу эле. Азыр эми ал киши жок, сен мага каралашып турсаң болот эле?

Шахзаада атасы менен жакын киши экен деп ойлойт, падышанын керээзин унутуп да калат. Тиги келген бейтаанышты ордого киргизип алат.

— Ушул жерде бизге аралашып жүрө бер? Не каалаганыңды кий, ич! — дейт.

Башка күнү ортончу балага көсөө киши келет.

— Ырайым эт, шахзаада, менин барар жерим жок, ачкамын! — дейт ал.

Ата сөзү эстен чыккан бир туугандардын ортончусу да аны ордого киргизип, ошол жерде жашоого уруксат этет.

Бир күн падышанын кичүү уулу базарда жүрсө, ага бир кодоо киши жолугуп калат да минтет:

— Ырайым кыл, шахзаада, мен аябай ачкамын, ал-күчтөн да тайыдым, жумуш да жасай албайм.

Кичүү баласы да аны ордого калууга уруксат этет.

Ошентип хан ордодо үчөө — сары, көсөө, кодоо каалагандай ичип-жеп, кала берсе шахзаадалар менен бирге жүрө берет.

Бир күнү улуу уулдун сандыктагы алтыны түгөнөт. Андан башка анын байлыгы жок эмес беле? Атын минип базарга жөнөйт. Баратса, алдынан сары чач жолугат.

— Кайда жөнөдүң, шахзаада? — дейт ал падышанын баласына таң кала.

— Кайда бармак элем? Бир сандык алтындын түбүнө жетиппиз. Эми мынабул атымды сатканы баратам.

Сары чач айтат:

— Шахзаада, ат саткандын ордуна сен мага кырк калп айтсаң, мен сага жыйырма миң куруш акча берем.

— Мен кайдагы калпты табайын. Мага атам андайды үйрөткөн эмес, — деп караса эле сары чач анын атын алып качып баратат. Жетмек беле. Турду, турду, анын үйүнө кайтты.

Бир туугандар оокаттан кыйналды. Ортончусу атасы берген ноктону сатканы базарга жөнөдү. Келатса алдынан баягы көсөө досу чыгат.

— Кырк жалган айт, мен сага жыйырма миң куруш акча берем?

Шахзаада кайдагы жалганды айтмак эле, туруп калат. Ошо чакта тиги көсөө колундагы ноктосун жулуп алып качып жоголот.

Кийинки күнү базар жолуна атасынын белеги — үзөңгүнү көтөрүп кичүү бир тууган жөнөйт. Жолдо кодоо жолугат. Ал шахзаададан сурайт.

— Кайда жол алдың, падышам?

— Базарга, үзөңгүнү сатканы, ансыз тиричилик өтпөй калмак болду.

— А сен мага кырк калп айт, мен сага ошондо жыйырма миң куруш акча берем, а түгүл бир туугандарың алдырган атты, ноктону да кайтарам.

— Ой, мен кайдагы калпты токуп чыкмак элем? Кой, андан көрө өз башыман өткөндөрдү эле айтып берейин?

Кечээ кечинде ордодон чыкканмын, жолдо келатам, бир убакта эле бирөө алдыман торой чыкты: «Шахзаада, келе мюждэ[1], сенин энең төрөлдү!» А мен ойлоп калдым – чынбы? Анан мен чөнтөккө колду салдым – алмаз. Аны тигиге бердим, ал сүйүнгөн бойдон кетти. Берирээк келсем, дагы бирөө алдымдан тосот. «Ой, шахзаада, келе мюждэ, атаң төрөлдү!» Ойлонуп ишенген жокмун. Анан кайра балким чындыр дедим да чөнтөккө колду салдым – бриллиант. Аны тиги кишиге берсем ырдаган бойдон жолго түштү.

Базарга кирдим. Бир бозо салган киши бир кап таруу сатып алды. «Мынабул таруу салынган капты ал да, мен иштеген дүкөнгө алып бар» дейт мага карап. Көтөрөйүн десем, кап ушунчалык оор. Не кылышты билбей чөнтөккө колду салсам – короз. Мен ага капты арттым да, тарууну дүкөнгө заматта  жеткирдим. Барып карасам, байкуш корозумдун жону жоор болуп кетиптир, мен аны базардагы коон-дарбыздын сырты, шабдаалынын бариги менен таңып койдум. Эртеси туруп карасам эле корозумдун жонунда өзүнчө бир  жашылча чарбасы. Бычагымды кындан суурудум да, бир дарбыз кесип алдым. Сойдум эле бычагым дарбыз ичине сойлоп кетип жок. Издедим, издедим, дарбыздын тең жарымына чейин кирип бардым. Барсам, анын ортосунда үч казан: бирөөсүнүн капталы жок, экинчисинин ортосу тешик, үчүнчүсүнүн болсо түбү түшкөн. Мен корозду союп, капталы жок казанга кайнатып, ортосу тешик казан менен бышырып, түбү түшкөн казанга салып өлө тое жедим…

— Мына ушуну калп деп айт! Мына-мына кырк жалган! — Кодоо кыйкырып жиберет. Шахзаадага атасы уулдарына деп калтырган атын, ноктосун, үзөңгүсүн, аларга кошуп жыйырма миң куруш акчаны берет.

Үч бир тууган ордого кайтып келет да, айыптарын түшүнүп, ата мурасын кылып, улуусу сары менен, ортончусу көсөө менен, кичүүсү кодоо менен дос болбошко шерт кылат.

Бир туугандардын эң кичүүсү атасынын тагына отуруп, элди адилеттүүлүк менен башкарат.

Түрк тилинен которгон Абыдкерим МУРАТОВ

[1] Мюждэ – сүйүнчү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *