Башкыр жомогу

Илгери заманда кемпир жашаптыр, небере кызы бар экен. Кемпирдин карылыгы жетип, ишке жарамы жок болот. А небереси жалкоо чыгат. Кемпир жылдан жылга кажырынан[1] кайтат. Жазга эптеп жеткенде өзүнчө кобуранат: «Ичип-жеш керек, эл буудай сээп атат, бизчи? Бирдеңке себишибиз керек ко». Муну небересине да айтат.

– Кереги жок, – дейт бул кепти уккан небереси. – Эне, сен картайдың, күз келгенде өлөсүң. А көз ачып-жумганча мага бир жакшы күйө чыгып калгысы бардыр. Бизге нандын кереги деле болбойт анда…

Ошентип экөө эч нерсе сеппейт.

Күз келет. Эл талаадан түшүм эгет. Кемпир өлгөн жок, небересин алып кетчү эр да чыкпады. Экөө кайрадан ачкачылыкка тушугат.

Бир күну коңшу аял кирип, кемпир менен небересинин ачка отурганын көрүп айтат:

– Куру дегенде биз деле таруу берип туралы… – деп кетет.

Кемпир небересине айтат:

– Барагой, таруу апкеле калчы, – десе, небереси:

– Керекпи ошол, эне? А мүмкүн начар таруудур…

Экөө ошону менен кышты кыштай өлбөстүн күнүн өткөрүшөт. Бирок ала жаз келгенде эле кемпирдин небереси талаага чыгат.

– Сага мээнет керек болуп калдыбы? – деп шылдыңдашат аны көргөндөр.

– Энең картайды, жакында ал өлөт. А сени болсо бирөөлөр бүлө кылганы үйүнө киргизип алат. Нандын силерге кереги барбы ошондо? – деп какшыктайт дагы башкасы.

– Жок, – дейт ошондо тиги кыз. – Мен эми түшүндүм. Көрсө, кары адамдар: «Жаздын бир күндүк мээнети кышты арттырат» деп бекер айтпайт экен.

[1] Кажыры – күч-кубат. 

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *