(1-макала)

Азыр баары эле акын: жамакчысы да, төкмөсү да, жазмакери да. Акын деген терминди оңду-солду колдоно берүү кыргызга өөн көрүнбөй калды. Айтор, баарыбызга төкмөлүк менен жазмалык өнөр бир кончко тыгылган буттан айырмасы жок бүгүн. Ал эми кечээги оозеки чыгармачылыгыбыздын тарыхын карасак, Манас доорунда Ырамандын ырчы уулу, кийин Токтогул ырчы («Токтогулдай ырчы бол, /Толубайдай сынчы бол») деп эле айтылып келген…

Бүгүнкү күндө болсо куштун эки канатындай оозеки жана жазма адабиятыбыз бар. Бирак ошол оозеки ыр төккөнүн деле, кагазга ыр чүргөгөнүн деле акын атагандар четтен табылат. Муну бизде адабий кваликациялык түргө бөлүп айтуу жөрөлгөсү да калыптанбады, анын зарылчылыгын бир да адабиятчы, бир да тилчи эскертпей келатканы да кызык. Ошондон улам жамакчысы, төкмө ырчысы, жазмакери болсун – баары эле акын. А дегеле АКЫН деген терминдин маани-маңызы эмнеде? АКЫН бул – поэтикалык табылганын ээси го. Сөз сыйлаган кыргызга акындык мартаба баланттуу бааланып келген эмеспи. Албетте, кагазга көжөлүп отуруп ыр жазгандын баары эле акын эмес, оозеки чыгармачылыкта да акындык мурас калтырып кеткен байсалдуу ырчыларыбыз болгон. Маселен, Арстанбек, Нурмолдо, Жеңижок, Барпы, Токтогул, Ысмайыл, Бороончу сыяктуу төкмөлөр. Булар сөздүн толук маанисиндеги төкмө акындар, атургай алар жазма акындар кагазга түшүрө албаган поэткалык ойлорду оозеки түрүндө жараткан. Ал эми бүгүнкү күндө поэтикалык чулу саптары менен эл аздегине айланган төкмө ырчыларыбыз кимдер?.. Дегеле төгөрөгү төп келген эң мыктысы ким?! Баланттуу бааланчулары барбы?..

Эгерде азыркы төкмө ырчыларыбызды чындап иргей келгенде, дээрлик көпчүлүгү жамакчылык деңгээлден ашпайт, бирок муну моюндагылары келбейт. Теригишет. Көбүнүн көөдөнү көктө, жерге түшкүлөрү жок.

Сөз удулун мындан баштаган себебим, быйылкы көчмөндөр оюнуна карата уюшулган төкмө ырчылар арасында ырбаган ыр-чыр жамы журтка маалым. Албетте, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп үндөбөй койсок да болмок. Бирак чыгармачылык өсүштү, изденүүнү кыймылга, күүсүнө келтирип турчу рычак эмнеде? Арийне, жандуу талаш-тартыш, адилеттүү сын айтуу жөрөлгөсү калыптанбаган чөйрөдө эгерим чыгармачылык өсүш болбойт. А бирок бизде чыгармачыл чөйрөдө жүргөндүн баары эки жүздүү болуп бүткөн. Жалтактыгы жанда жок таланттарыбыз толтура. Бирин-бири далыга таптап көнгөн. Жаманды мактап жардан учургандары четтен табылат…

Арийне, баарыбыз үчүн сынды кабыл алуу маселеси көп суроо жаратат. Сөздүн туурасын айткан кишини душманга айлантып алгандар бар. Быйылкы көчмөндөр оюнуна төкмөлөрдү тандоо да ошондой болду. Айтыштын жыйынтыгында калыстар курамы элге суук тумшук көрүнүп чыга келдик.

Эмесе кепти дал ошол бизди – калыстарды элге сууктумшук көрсөткөн кокуйдан баштайын. Айтылаар кептин максаты – айыгып калган жараатты кайра тырмоо эмес. Калыстардын дарегине акаарат айткандарга да каяша кайтаргандагым эмес. Кимдир бирөөнү душман санап кекенгенден улам чыккан да кеп эмес. Түшүнгөн кишиге – оозеки чыгармачылыкты мындан да жогорку бийиктикке канткенде чыгарууга мүмкүн деген такилик таштагым бар.

Аныгында быйылкы айтыш сынагында элдик өнөр, элдик наркты байыстуу тутунат деген өнөрпоздор арасында бузук иш болду. Интрига казаны боркулдаган канчалаган чыгармачыл уюмдар бар, ошолорго салыштырмалуу «Айтыш» коомдук фонду башкалар үлгү тутаар мектеп болууга тийиш эле. Байтактуу өнөр ээси саналчу манасчылык менен төкмөлүк өнөр көөдөнүнө уюган адамдар коом алдында өздөрүн мартабалуу тутунса, пендечиликтен жогору турса, дидаарында элдик каада күтүп, элдик уюткуну иритпей-чиритпей жүрүшсө кандай ийги! «Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат батса», Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучевдин көөдөнүнө кенедей ызалык баткан жокпу?!

Мейли, калыстар курамында отурган мендей «сыңар өтүгү майрыктар» калыстыктан тайыган күндө да, элдин уюткулуу өнөрүн ташынып жүргөн Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев өз чөйрөлөрүнө бузук салар жерде беле?! «Айтыш» коомдук фонду түптөлгөнүнө мына быйыл араң он беш жыл толду! Кечээ эле ушул экөөндөй төкмө ырчылардын канатын жетилтүүгө камылга көргөндөр кимдер эле?! А бүгүн Жеңишбек дагы, Аалы дагы лом жутуп алгандай керкейишип, күйөрмандары соцтармактар аркылуу дамамат өтүнүп да, атургай төкмөлөр мектебинин негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз да улуу башын кичүү кылып өзү суранса болбой, Кырчын жайлоосунда өтөөр чоң айтышка барышпады! «Айтыш» коомдук фондунун 15 жылдык майрамына түкүрүп коюшту! Бул эмне өнөрдү сыйлабагандыкпы?! Күйөрмандарынын өтүнүчүн тоотпостукпу?! Суу ичкен кудуктарына кайрылбайбыз дешкениби?! Бу эмне болгон текеберчилик?! Кечээги жапжаш балдар кемелине келгендегисиби?! Буга бир гана жооп бар, ал жооп — экөөнүн жылдыз оорусуна чалдыкканы!

Өнөр өстөнүн тааныбас мындай терс аяктык жосун эртең Жеңишбек менен Аалынын артында өсөөр жаштарга кесепетин тийгизбейби? Арийне, «жаман адат өнөкөткө тез айланат» деген акылман. Экөө тең «Айтыш» коомдук фондунун тандоо тур боюнча атайы Жобосу менен илгертен тааныш. Аталган фонд негизделген күндөн бери Жободо көрсөтүлгөндөй: эгерде өнөктөштөрдүн упайлары тең чыгып калса, жашы улуусуна артыкчылык берилери эскертилгени төкмө ырчылардын ар бирине маалым. Бул Жобо ташка тамга баскандай эстеринде! А Жеңишбек менен Аалы экөө тең көчөдөн келген катышуучулардан эмес. Жобону билишет. Маселен, Саргашка (Амантай Кутманалиев) менен Жеңишбектин тандоо турдагы упайлары – 49X49 тепетең чыккандыктан, автоматтык түрдө Саргашкага артыкчылык берилди. Бул Жобону тээ качан эле «Айтыш» фонду негизделип, эл оозуна алына баштаганда ийри отуруп, түз кеңешип (мен анда «Айтыштын» маалымат борборун жетектеп тургамын), кыргыздын салтында улууга жол берилип келгендигинен кыя өтө алган эмеспиз. Ошол күндөн бери кайсы айтышта болбосун улуусуна ыр-чыры жок жол берилип келген.

Албетте, калыстар курамына болгон нааразычылыктар быйыл эле боло калган жок. Мага окшогон «сыңар өтүгү майрыктарга» тургай Салижан Жигитов, Бексултан Жакиев, Дастан Сарыгулов, Балбай Алагушев өңдүү сөздүн көлөкө, жарыгын ажыраткан аксакалдардан калыстар курамы түзүлгөн учурларда деле эл арасында «калыстар калпыстык кылган үчүн баландай төкмө байге албай калды» деген апаздагы күңк-мыңк нааразылыктар болуп келген. Болбой койчубу, кыргыз бар жерде. Кыргыз кыңкылдап-мыңкылдаганын качан коюп келди эле…

Бул эми эл арасында боло келген интригалар дейли. Элде бир ооз, бир кулак болбогон соң, караламан калк арасындагылардын кимисинин оозун жаба аласың. Ал эми бу сапар андай интриганын анабашы ким болду? Аалы деген чечегибиз. Ал чычым кечээ эле өнөр босогосун аттаганда бүшүркөп турган бала эмес беле! Анда бу бала Саргашка менен Элмирбектин алдында ким эле? Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиевдин арбактарын козгобой-ак коёлу! Бирок «ит ээсин капкандай» калыстардан калпыстык кеткенин ошол чычым сахнага чыгып айтаар жерде беле?! Анын сахнага чыгып «бомба» болгону үркөрдөй топту үркүткөнүнөн ким эмне тапты?! Уюткулуу төкмө ырчылардын арасына жик салаар кепти ичине каталбай жарылганы – эр-жигиттик нарк болдубу?! Салт болдубу?! Кимге аброй алып келди? Калыстаргабы, төкмөлөргөбү?!

Болуптур, калыстар иттик кылыптырбыз дейли, бирок тандоо турдан кийин «Айтыш» фонду Жободогу чечимди кайра өзгөртүп 8 эмес, 12 төкмөгө жолдомо берип марттык кылды. Экөөнө Кырчынга барып өнөр көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Бирок калыстарга таарынса да, күйөрмандарына өнөр тартуулап келүүгө эмнеге моюндары жар бербеди?! Анткендин ордуна экөө бирдей «башка калыстар курамы түзүлүп, тандоо тур кайрадан өтсүн» деп өз шарттарын койду, болгондо да маалымат каражаттары аркылуу! Демек, Жеңишбек менен Аалы үчүн жети дубандан салпактап келген төкмөлөр кайра борборго келиши керек экен! А алардын барып-келген каражатын ойлошпойт. Кайра тандоо тур өткөрүү үчүн «Айтыш» фондуна түшөр убарачылык канча?! Аны ойлошпойт. Бул экөө үчүн башкалардын кылаарга иши, салаарга кушу жоктой…

Андан да кокую: биз өз керт башыбыз үчүн чырылдап чыкканыбыз жок, артыбыздан өсүп келаткан жаштар тандоодон өтпөй калды деген апазда «адилеттик» издегендеричи. Жаштарды беттерине кармоодон уялышпады. Тандоо турга сакалын сүйрөп келген эч бир төкмө ырчыны деле көргөнүбүз жок эле…

Жобо боюнча 8 төкмөнү тандашыбыз керек экен, а катышуучулардын саны 31 кишини түздү. Албетте, бу жерде ичи тызылдагандар болбой койчубу! Ушул жерден адилеттик үчүн айта кетчү жагдай: тандоо турда Абдылда Нуралиев менен Аалы Туткучев бет келишип калышты. Тилекке каршы, А.Нуралиев адегенде эле Аалыны диний маанайдагы кеп менен «жөөлөп» өттү. А Аалы иниси аны нарктуулукка чакырды (бу экөө бир айыл, бир өзөндүн суусун ичкен ага-инилер. Экөө тең Таластын Арал айылынан), оорунду айтыш кылгысы келди, каяша кайрыбады. Бирок ага болбой Абдылда агасы Аалыны «арабдардын акчасына сатылгансың, а өлсөң Манастын тукуму деп көмүлөсүңбү?» деген мааниде кыжырлантып туруп алгандыктан, экөөнүн айтышы жеке менин купулума толбоду. Экөөнө тең эң төмөнкү балл койдум. Бу жерде Аалынын кашкөй талант экендиги талашсыз. Мен бирок анын мурдатан берки кашкөйлүгү үчүн жогорку балл коюшум керек беле? Ошол күнкү айтыштын деңгээлине балл коюуга тийиш элем. Көтөрмөлөп балл коюуга абийирим жол бербеди. А башкалар аны кандай балл эсеби менен «артка тартып» коюшканына мен жооп бералбайм.

Ал эми Жеңишбекке эмнеге эң төмөнкү балл – 7 койгонумдун себеби: менин музыкалык билимим болгондуктан сахнадагы өнөрпоздун фальшь ырдаганы кулагыма шибегедей сайылат. «Капризденип» баштайм. Мына ушуга келгенде Жеңишбектин күүлөгөн комузу башка танальностто, үнү башка танальностто «адашып» калды. Анысы аз келгенсип, көнүмүш адатына салып «ырдайлы, / жыргайлы, /кылбайлы» деңгээлиндеги жамагы менен жадатып ийгени үчүн төмөнкү балл койдум. Мага анын «автомат» же «замбирек» ырчы экени маанилүү эмес. Шатыраган саптарын суу чачкандай чача бергени үчүн ичим чыкпаса, 7 деген балл койбогондон башка аргам болбоду. А гөрөк томуктай бир ой айтса, поэтикалык табылга оозунан чубуруп турса, мен деле эң жогорку балл коёт элем. Марттыгым бар эле андайда, бирок Жеңишбекке марттык көрсөтө албадым… Сахна салтына, эстетикасына карап балл койдум. Үнү жагымдуу шаңшып, комузу шаңгырап турса эмнеге аянат элем…

Кыскасы, жыйынтыгында: «калыстардын калпыстыгы» коомчулукта күмөн туудуруп, мына анан соцтармактарда божомол-дөдөмөлчүлөргө кудай берди. Кээси жазды: «калыстар казактардын акчасына сатылган үчүн Аалы менен Жеңишбекти атайы чаап беришти»; кээси жазды: «көрө албас, ичи тар, өнөрдү баалабаган калыстар чогулуптур»; кээси жазды: «Жанагы Олжобай Шакир деген неменин түбү калмак, ал кыргызга чыккынчы, андан жакшылык күтүүгө болбойт», — дешип.

Айтор, өзүмдүн ата-тегим калмак экенин айткан «санжырачылар», «билермандар» фейсбукта толо экен. Ошолор сүрүштүрөт экен кыргыздын кимиси кай уруу, кай улуттун канынан чыкканын. Айтор, калмак экенимди соцтармакта айда талкуулашты. Көрсө, төкмө акынчылык өнөрдү калыстар курамынын төрагасы, КР эл жазуучусу, көрүнүктүү адабий сынчы Кадыркул Даутов эмес, соцтармакта отургандар терең түшүнөт экен. Терең баалайт сыяктанат… Айтор, калыстар курамы жалаң сөз түшүнбөгөн дөдөйлөрдөн куралыппыз…

Сөздүн калганын кийинки макаладан уланталы, окурман.

Олжобай ШАКИР 

ЭКИНЧИ МАКАЛА

0 Replies to “Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы”

  1. Токмо акындар конкурсу качан болот? Жана катышуунун кандай шарттары бар?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *