Адабият таануу

Ч.Айтматовдун «Обон» («Жамийла») повести жазуучунун атын дүйнөгө тааныткан чыгарма гана эмес, ал улуттук алкакта ой жүгүртүүнү жаңы тепкичке көтөрүлгөндүгүн ачык айгинелеген, коомдук турмушта болуп жаткан өзгөрүүлөргө кабарчы чыгарма болду. Анын тагдырындагы дилеммалуу пикирлерди жараткан «жакшы» жана «жаман», «оң» жана «терс» деген критерийлердин элегине салганда эки өйүздө калган каарман бул Жамийла болгон.

Жамийла – элдик салттарды, анын ичинде элдик тарбиянын эреже-нормаларын тээп чыккан, ошол алкак тарлык кылып, ага батпай калган каарман деп айтып келебиз.

Бул чыгарманы кандайча кабыл алгандыгы, жазуучунун жүрөгүнөн ошол кезде кандай өткөндүгү арадан жарым кылымга жакын убакыттан кийин, Айтматов дүйнөлүк атак-даңкка жеткен кезде автор тарабынан мындайча эскерилет: «Жамийла» повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи.

Ал мезгилде аялын кимдир бирөө таштап кетсе «сөгүш» деген нерсени алчу. Партиядан чыгарылып, ишинен айрылчу. Адабий чыгармалар да коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырганда ушундай адамдарды терс каарман кылууга тийиш эле. Ал эми меники болсо тескерисинче.

Бул повестти жазып жатканда мен мындай жагдайлар тууралуу таптакыр ойлонбоптурмун. «Жамийла» жарык көрөрү менен өз мекенимде да, чет мамлекеттерде да чоң кызыгуу жаратты. Бардык жерде менин жаңы повестим тууралуу талкуулар болуп жаткан. Дос-замандаштарым менин мындай күтүүсүз ийгилигимди көрө алышпай, көпкө кыйналып да жүрүштү. Менин чыгармам тууралуу эч кандай пикирлерин айтышпай, мага «классик» жазуучуларыбыз гана сын тагып жүрдү…

Ошондой «классиктердин» бирөөнүн сын айткан сөзүнө бир ирет өз кулагым менен күбө болгомун.

Мезгил-мезгили менен Жазуучулар союзу партиялык жыйындарды өткөрүп турчу. Партиянын уруксаты жок эч ким Жазуучулар союзуна мүчө боло алчу эмес. Андыктан, баары партияга мүчө болуп, анан гана анын жолдомосу менен Жазуучулар союзуна алынчу. Жазуучулардын партиялык жыйындарына чоң-чоң мамлекеттик кызматкерлер да келчү. Алар эмгекчи элди социалисттик духта кантип тарбиялоо керек, аларга кандай чыгарма жазуу керек, соцреализмдеги чыгармаларга сын айтуу сыяктуу маселелер талкууланчу.

Ошондо «классиктерибиздин» бири капыстан трибунага чыгып калды. Мен да жыйында катышып отургам.

— Эртеден бери жаш жазуучуларды эмгекчилдик духунда тарбиялоо жөнүндө пикир алыштык. Бирок алар жаңылыш жолго түшүп алып, өзүлөрүнө жаңылыш пайдубал түптөп, адабиятты ууландырып жатса кантип тарбиялайбыз? Өткөндө командировкага Ысыккөлгө барып калдым. Бир колхоздо эмгекчи элдин талаада кантип иштегенин көрүп, алар менен пикир алышып, жакындан таанышкым келген. Ошентип, жолдо кетип баратсам аркаман бир ат арабачан киши чыгып калды. Мен ага жол бошоттум. Ошого карабай арабакеч атынын оозун тартты. Арабага жакшы аттар чегилген экен. Колхоздун урматтуу адамдарынын бири экенин дароо сездим. Ал мага: «Эй, байкеси, каякка баратасың?» — деди. Мен болсо: «Колхоздун эмгекчилеринин жумушу менен жакындан таанышуу үчүн талаа станына бараттым эле», — дедим. «Аа, мен сизди эми тааныдым. Сиз баягы баланча деген атактуу жазуучусузбу?» Мен: «Ошонун дал өзүмүн» дедим. «Келиңиз, арабага отуруңуз! Каякка барсаңыз ошол жакка жеткирем. Эмне кааласаңыз ошону көргөзөм» дегенинен тиги арабакечтин жанына отурдум. Бир маалда ал мага карап: «Сиз жазуучусуз да, Айтматовду тааныйсызбы?» — деп калды. «Албетте, тааныймын», — дедим мен. «Андай болсо ага аны аябай токмоктоорумду айтып койчу!» — дейт. «Эмнеге?» — десем, ал айтат: «Жамийла жөнүндө бирдемелерди тантыраптыр. Эри фронтто жүрсө башка бирөө менен качып кетет имиш. Ушундай китеп кантип жазылсын?! Мына элдин пикири ушундай!», — деп улантты сөзүн «классик» жазуучубуз. «Мен элден уккандарымды гана сиздерге айтып отурам. Мына, ошол жазуучу азыр биз менен буерде. Тилекке каршы, колубузда камчы жок. «Жамийладан» улам жей турган таягын мен азыр берет элем!» — деп сөзүн тамамдады.

Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп атышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчыгылап да жибирди. Кээ бирлери болсо:

— Туура! Мындайларга токмок гана керек! Элди бузган ушулар! Бул буржуазиянын таасири! Тап душмандары ушулардан баш көтөрөт! — деп кыйкырат.

Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…» (Айтматов Ч.Балалыгым. — Стамбул: 2003:-122-123-б.).

Мына ушундай кабыл алынууга, ушундай сындарды угууга Жамийланын өз мыйзамдуу бүлөсүн таштап кетиши айыптуу эмес эле, ага айыптуу жаш жазуучунун ийгилигин көрө албаган «классиктердин» ичи тардыгы, кандай нерсе болбосун соцреализм менен байланыштырып, адабиятты чүлүктөп, советтик идеологияны сенек нерсе катары кабыл алган партиялык-тоталитардык жыга чапма адабий сын, жасалма көз караштар айыптуу болгон. Жогорудагы ичтен чыгарылган «окурмандын» негизги дооматы – Жамийланын «эри фронтто жүрсө башка бирөө менен качып кеткендиги». Демек бул кыргыз салтында, улуттук тарбияда жок нерсени жазуучу көтөрүп чыкты, каарманын оң образ кылып көрсөтүп салды дегендик. А чындык кандай? Жамийла улуттук тарбия көрбөгөн, таалим албаган кызбы?

Чыгарманын кириш бөлүгүндө эле баяндоочу каарман баланын чоң үйгө таандык экендигин, алардан башка да кичи үй бар экендигин билебиз. Чоң үй менен кичи үйдүн адамдарынын генетикалык байланышы жакын, себеби алар эки-үч гана ата өткөн. Булардан башка көчөсүндөгүлөр бүт эле бир атанын балдары. Кыргыздардын уруулук жашоо ыңгайы, турмуш шарты ушундай бир атанын балдарын бири биринен алыстабоого үйрөткөн. Балдар да ошого тарбияланган. Сейит — чоң үйдүн баласы, демек, ага кичи үйдүн оокат-тиричилиги эле эмес, андагы адамдардын тагдыры кошо тапшырылган, кичи үйдөгүлөр бир нерсе болсо бүт көчө — бир атанын балдары жооптуу болсо да, ошолордун ичинде эң биринчи чоң үйдүн балдары жооптуу.

Советтик чыгыштаануучу Н.Х.Калемин 1925-1926-жылдары кыргыздардын жерине келип, андагы үч болуш элдин ичинен үй-бүлө түзүлүшүн изилдеген. Ушуга чейинки болгон үй-бүлөнүн эки тибин ажыраткан: биринчиси, күйөөсүнөн, аялынан жана бойго жете элек балдарынан турган аз сандуу үй-бүлө; экинчиси, үч муундун мүчөлөрүнөн куралган чоң үй-бүлө (чоң үй). Кагазга түшкөн маалыматтар боюнча айрым үй-бүлө мүчөлөрү жана алардын мүлкү төмөнкүдөй көрсөтүлөт:

  1. Жаныбековдордун үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): үй-бүлө башчысы, төрт аялы, төрт уулу, үч келини, сегиз небереси, Жаныбектин иниси, анын эки аялы, төрт уулу, беш кызы, төрт келини, алты небереси. Yй кызматтарын аткарган алты адам. Баары — үч муунга таандык кырк сегиз жан. Мүлкү: эки миңдей кой, алты жүз бээ, алтымыш уй, отуз төө. Бул үй-бүлө Орусияга кошулганга чейинки алгачкы он жылда да ушундай жашаган.
  2. Ботогардын үй-бүлөсү (чоро тобунун, көкчөкөз муунунан): бүлө башчы, аялы, беш уулу, үч кызы, уулдарынын жети аялы, алардын жети баласы, бир небересинин аялы, бир чөбөрөсү, тууганынын жесири, анын эки уулу, сегиз малайы. Баары – төрт муунга таандык отуз жети жан. Менчик мүлкү: миң кой, беш жүз бээ, отуз төө, отуз уй. Булар 1903-жылга чейин, Ботогар өлгөнгө дейре ушул тейде ыдырабай келген экен.
  3. Тынайдын үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): бүлө башчысы, анын төрт аялы, жети уулу, төрт кызы, үч келини, үч малайы. Баары – жыйырма эки жан. Мүлкү: эки жүз кой, элүү бээ, жыйырма уй, беш төө. 20-кылымдын башында бузулбаган бойдон ушундай жашай берген.
  4. Токтоназардын үй-бүлөсү (моңолдор уруусунан): өзү, эки аялы, алты уулу, эки кызы, үч келини, бир небереси. Баары – он беш жан. Мүлкү: жүз элүү кой, жыйырма бээ, он уй, бир төө (Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. — Б.: 1999. — 169-170-б.).

Жогорудагы этнографиялык фактылардан көрүнүп тургандай жана кыргыз урууларын изилдеген бир катар этнологдор (С.М.Абрамзон, Н.Х.Калемин, К.И.Антипина, К.В.Вяткина, А.Шибаева, Е.М.Махова) баса белгилегендей: чоң үйгө башка кичи үйлөр көз каранды болуп, баш ийип жашаган, алардын ортосунда мал-мүлкү чогуу турган. Мында өзгөчө ролду үй ээси ээлеп, андан мурда тамакка кол узатышпаган, ал киши төргө отуруп, сол жагына байбичеси отурган (Абрамзон, 169-170).

Жашоонун ушундай образы аңчылыкка салбуруундап бирге чыгуудан, малды бирге багуудан, эгинди биргелешип сээп, биргелешип кароодон ж.б. турмуш-тиричиликтик жагдайлардан келип чыккан. Боз үйдүн жасалгаларын жасоо же аны тигүү жумушун жалгыз-жарым киши ишке ашыра алган эмес, жайлоодо малга тийген жырткычтардан коргоону, малды жаюу, жылкы союу үчүн да үй-бүлөлөрдүн бирдиги керек болгон. Кыз чыгарганда же уул үйлөгөндө, там салганда сөзсүз бир атанын балдары жардамдашкан, а түгүл эрте менен кымыз жаңы ачыганда, союш союлганда, малы төлдөп ууз жасаганда бир атанын балдары чакырылган. Бул өз кезегинде балдарды жамааттык тарбиялоо катары ынтымактуу болууга, бирдей аракет кылууга көндүргөн.

Мына ушундай турмуштук уклад – үй-бүлөлүк-уруулук коллективизм Чыңгыз Айтматовдун балалык чагында ал жашаган Шекер айлында кандайдыр бир деңгээлде жашоосун уланткан, али үй-бүлөнүн байыркы формасынын жугу-журту калган. Ага бала катары Чыңгыз, сүрөткер катары Айтматов, адабий каарман катары Жамийла туш келди. Повесть жарыяланган соң башка улуттагы адабиятчылар, эстетиктер, философтор Жамийланы кыргыздык патриархалдык-уруучулук үй-бүлөсүнүн капасын тээп чыккан, феодалдык жапайы жашоодон советтик социалисттик үй-бүлө курууга кадам таштаган, өз бактысын издеген каарман катары көрсөтүшүп, дал ошонусу менен дүйнөгө даңазалап «дүйнөдөгү махабат тууралуу эң сонун баян» (Л.Арагон), «сүйүүнүн гимни» (А.Стиль) деп жиберишпедиби. Аларды ошол сөздү айттырууга негиз берген Жамийланын үй-бүлөсүн таштап, башка бирөөнүн этегин кармап кетиши болгон. Кыргыз интеллегенттеринин айрымдарын убайга салган да ушул эле. Мында Жамийла менен Садыктын, патриархалдык үй-бүлө менен советтик үй-бүлөнүн, буга чейинки кыргыз адабияты менен жаш жазуучунун гана бири-бирин тануусу, пикир келишпестиги эмес, традициялуу кыргыз салты менен дүйнөлүк цивилизациялык агымдын кез келүүсү ишке ашкан сыяктанат. Ушул жерден конкреттүү суроо туулат: айрым кыргыз жазуучуларынын оозунда ушул күнгө чейин айтылып келген Жамийлага карата «жалап» деген жаманатты сөз туурабы, Жамийла өз бактысын издеген жаңы замандын кызыбы же элдик тарбияда эле чоңойгон кадимкидей нарктуу кыргыз кызыбы?

Баяндоочу каармандын чыгарманын прологундагы үй-бүлөлүк жагдай тууралуу учкай айткан кебин угалы: «Биз башынан эки үй жанаша турабыз. Yч кез дубалы мыктап салынган, мечит жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу короолор ошол биздики. Мен чоң үйдүн баласымын. Агаларым согушка кетип кабар жок, экөө тең үйлөнө элегинде кеткен. Карыган атам жыгач уста, колхоздун жүрүп турган ушул тактай араба, шады араба – баарысы дээрлик ошол кишинин колунан чыгып турат, таңдан намазын окуп устаканасына кетет да, күн бата келет. Yйдө апам менен карындашым бар.

Берки кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. Жакын дегиним ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар менен башынан малыбыз, жаныбыз бир. Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан экен, ошолордун салты менен биз дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн жокпуз. Колхоз уюшулганда аталарыбыз короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушуптур. Ал гана эмес, эки суунун ортосундагы биздин Арал көчө ылгай эле бир атанын балдары.

Кийинчерээк берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калат. Илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коелу деп, арбак, кудайга тууралап: менин атама никелештирип коюшат. Ал үй жонунан өзүнчө түтүн болуп саналып, мал оокаты, чарбагы бөлөк болгону менен, чынында биз баарыбыз бир үй-бүлө болчубуз. Алардын да эки уулу аскерде. Улуусу – Садык жаңы эле келинчек алганда кетти. Фронттобуз деп анда-санда алардан кат келип турат. Кичи үйдө кичи апам менен анын келини эле калышты. Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. Кичи апам, аны айылдагылар Иштерман деп коюшат, ээ бир дүйнөдө табылбаган карапайым, сонун киши да. Түк бир бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык да чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөйт. Анын келини Жамийла, кудай билип бергенби бейм, ал дагы жумушка кайраттуу, мыкты келинчек, бирок мүнөзү башкачараак».

Мына ушул баяндоодо салттуу кыргыз үй-бүлөсүнүн бир топ белгилерин көрөбүз: эки үйдүн жанаша турушу; карыган атанын таңдан туруп намаз окуп жумушка кетиши; ортодон эки-үч ата өтсө да жакын туугандардын бир турушу; жакын туугандардын башынан малы, жаны бир болушу; чоң аталардын бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу экендиги; аталар салты менен балдарынын дагы арасын алыстатпай, бири-биринен кол үзбөшү; аталардын короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушу; көчө ылгай эле бир атанын балдары экендиги; берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калганда илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коелу деп чыгышы; жесирди тууганына алып берүү үчүн арбакты, кудайды ортого салып, ошолорго туура келтирүүсү; кичи апанын бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык да чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөй жүрүшү ж.б. Демек, бул үй-бүлө бардык жагынан алып караганда кылымдардан берки кыргыздардын салтын, үрп-адатын, ошонун ичинде педагогикалык традицияларын алып келе жаткан жана аларды башка диндер, башка салттар, башка улуттар менен, а түгүл башка коомдук-саясый, экономикалык-маданий формация болгон социализм менен бетме бет келтирген үй-бүлө болду. Жамийла дал ошол үй-бүлөгө туш келди, Айтматов каарманын сыноодон өткөрүү үчүн дал ошол үй-бүлөнү тандап алды.

Yй-бүлөнүн билерманы да, баарын жай-жайына коюп турганы да – байбиче. Ал – «эки үйдүн ынтымагын, ырыс-берекесин сактаган», «билерманы да», «эки үйдү адилеттүү башкарганы да», «айылдагы эски нускалуу да», «кадырман да» байбиче, Сейит айткан апасы. Жамийла ошол кишинин дегенинен чыкпай, ошого баш ийип, ошол кишинин жолун улантышы керек, аны үчүн башка жол жок. Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө келин менен кайын эненин өзүнчө сакталуучу эрежеси, жүрүш-турушунун, мамилелеринин калыпка түшкөн нормалары болот. Байбиче «үй-бүлөнүн үй тиричилигин башкарган, келиндерине жана кыздарына буйрук берген, алар аткарууга тийиш болгон үй жумуштарынын түрлөрүн белгилеген. Ал кыз-келиндерине жип ийрүүнү, сокмого калың жүк таарларын согууну, аркан эшүүнү, үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кийим тигүүнү, сайманы үйрөтүп, аларга түшүндүрмө берип турган. Байбиче кандай жана канчалык санда тамак даярдоо керектигин айтып, ал үчүн азык-түлүктү бөлүп, меймандарды кабыл алууга сөзсүз катышып, алар үчүн тамак асууга буйрук берген. Кыздардын жана келиндердин адептүүлүгүнө көз салуу да байбиченин милдетине кирген. Ал жүрүш-туруштун эрежелери жөнүндө аларга насаатын айтып, үйдөн көп чыгууга жана чоочун эркектер менен сүйлөшүүгө тыюу салган» (Абрамзон, 170-171). Ал эми келиндин кыргыз үй-бүлөсүндөгү орду башкача. Аны жазуучу өзү дал ушул Жамийланын прообразы тууралуу айтып жатып мындайча трактовкалайт: «Келин» деген сөздүн өзү эле айтып тургандай, «кел», «бизге кел» деген мааниде. Келин бүлөгө кийин келген, жаңыдан кошулган адамдын аталышы. Башка үй-бүлөдөн келип, бул үй-бүлөдөгү жигит менен баш кошкон ургаачы ошол үйгө, айылга келин болот. Келин келген жердеги салт-санаага ылайык мамиле жасайт, жүрүш-туруш күтөт, ийменет, анан бара-бара ык алышып, эл ичине сиңип кетет» (Айтматов Ч. Балалыгым, 118-119).

Повесттеги башкы линиялардын бири дал ушул – байбиче менен келин мамилеси. Изилдөөчүлөр дал ушул мамиледен өөн издеп, экөөнү карама-каршы полюска коюп карап келди. Бирок чынында андай эмес. Экөөнүн ортосундагы мамиле салттуу кыргыз этнопедагогикасынын жоболорунан анчалык алыс аттап чыкпайт. Жамийла жаңы келин болуп келгенде жана бардык эпизоддордо кадимки салт боюнча Сейитти «кичине бала» деп тергейт, келиндик кылып бир байлам жоолугун ар дайым салып жүрөт. Бригадир Орозмат келип Жамийланы араба айдоого чакырганда эң алдын өз кайын эне, кайын атасынан эмес, байбичеден уруксат сурайт, ал эми байбиче келинин аяп, келинин эркектин жумушуна – араба айдоого чыгаргысы келбейт. Бирок акыры байбиченин Жамийланын араба айдоосуна маакул болушуна үч нерсе себеп болот: биринчиси жалгыз эркек баланын, байбиче айткандай «тырмактай неменин» Сейиттин «айдай берсин, аны эмне карышкыр жейт беле» деген эркектик сөзү, ал эми эркектин сөзү кыргыз үй-бүлөсүндө ар дайым чечүүчү учурда чекит коер сөз болгон; экинчиси, кайниси Сейиттин кошо жүрүшү, бул салт – жеңе менен кайнинин бирге жүрүшү ар дайым элдик жөрөлгө боюнча иштин оң жагына чечилүүчү нерсе болгон; үчүнчүсү, Орозмат бригадирдин согуш учурун, эркектер жогун түшүндүргөн нускалуу кеби, ошол учурдагы жалпы ситуация. Мына ушулардан кийин нарктуу, салттуу тарбияда жүргөн байбиче келининин араба айдоосуна кыйылып жатып аргасыздан макул болот.

Бул үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо өзгөчө салттуулук өкүм сүрөт: «өздөрү чапкан алты канат боз үйдү ар жылы жаз чыгары менен короого тигет», «үйгө арча түтөтүп, кут сактап турат», «балдарды тектүү, катуу тарбияда өстүрөт», «үй-бүлө апанын айткан-дегени менен болушу керек». Жамийла ушул төрт уулу аскерге кеткен байбиченин жалгыз келини. Ал салт боюнча энелерден ийменип, аларды сыйлачу. Энеси да жеңе-желпилер сөз кылып келсе, келинине болушуп: «Ошондою мейли! Келинибиз ошондой ачык-айрым, тайманбас… Адамдын ичи-койну ачыгы эле жакшы болот, сасыткылар кайра ошо тымпыгыйлардан чыгат», — деп турат. А түгүл эки үйдүн башчы энеси Жамийланы тымызын ичтен жактырып, күчтүүлүгүн, адилеттүүлүгүн баалап, өзүнө тең көрүп, ыраазы болуп, «эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс-берекесин сактаган өзүндөй мыкты орунбасар» катары санап, көзү өтсө ордуна калтырып кетер кандидатураны көрөт. Таалим-тарбиялык эрежеге ылайык ата балдарынын бирөөсүн, эне келиндердин бирөөсүн өз ордуна калтырган, аны үчүн алар тигил талапкерлерди түрдүү-түмөн турмуштук сыноолорго атайын кабылтып, ошолордон өткөрүп көргөн. Жамийла ошондой үй-бүлөнүн башкы адамы болууга татыган келин. Демек ал болочокто кыргыз салты боюнча байбиченин ролун аткарат да, ага бүтүндөй чоң үй-бүлөгө баш көз болуу, кийинки муунду тарбиялоо милдети аркаланат. Бул салттуу кыргыз үй-бүлөсүндөгү өтө чоң ишеним.

Байбиче ошол орун басарына, келечектеги үй-бүлөнү башкарып кетчү адамга этнопедагогикалык нарк-насилин айтууну өз милдети катары эсептейт: «Аллага шүкүр, тектүү, куттуу жерденсиң, балам. Ал да болсо сенин багың, ушуну билип жүр. Аял деген кудай этегинен айтып, үйүнө береке турса, башка эмнени тилемек эле. Мына жыйган-тергенибизди биз чал-кемпир кошо алып кетмек белек… Кадыр-баркыңды сактасаң, энчиңе бак-дөөлөт сактаганың ошол, балам». Элдик түшүнүк боюнча келиндин бактысы: тектүү жерге түшүшү (1); куттуу жерге келиши (2); кудай этегинен айтып, балалуу болушу (3); үйүндө берекенин турушу (4); кадыр-баркын сакташы (5). Ушул алтын эрежелер, ушундай элдик кодекс сакталса гана энчисине бак-дөөлөт сакталат (1); чал-кемпирдин жыйган-тергени ошого калат (2); байбиченин байбичелик функцияларын аткаруу үчүн анын казанын, камчысын колго алат (3). Жамийла бардык жагынын мына ушуга татыктуу, кудай буйруса, потенциалдуу байбиче.

Мындай караганда баары өз-өз орду менен баратат, кыргыз үй-бүлөсүнүн кадимкидей бир көрүнүшү. Ал эми Жамийлага байланыштуу айрым жагдайлар, кийин апогейине жетип баруучу айрым нюансттар анын элдик тарбия албай калышында эмес, башка жакта – анын мүнөзүндө буулугуп, бекинип жаткансыйт. А түгүл ошол шайырдыгы, арыктан так секирип өтүшү, эркелиги, шаңкылдап каткырып жибергени, үйгө жүгүрүп келгендиги, качан болбосун ырдап жүрүшү да анын образына көлөкө түшүрбөйт, тарбиясына шек келтирбейт, кайра аны улуулар, ошол эле байбиченин өзү да: «Бала да, бара-бара салмак тартар» деп актап коюшчу. Демек, бардык жагынын эле Жамийла элдик тарбияда таалим алган кыз, анын тарбиясына советтик мектеп кандай таасир эткенине автор атайылап бир дагы жолу басым жасабайт, ошол эле кезде анын элдик тарбия салттарынан рухий башат алганын көрсөтүп отурат.

Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков өзүнүн жаш мугалим кезинде Кадамжай районунда өткөргөн бир сабагы тууралуу мындайча жазат: «Доскага «Обон» деп бадырайтып жазып койдум. Анан аларды (кечки мектептин окуучуларын – М.А.) кепке тарттым:

— Өзүңөр күбөсүңөр, балким айрымдарыңар согушка катышкан чыгарсыңар. Улуу Ата Мекендик согуш мезгили… Кыргыз айылдарынын биринде Жамийла деген келин болгон. Жары Садык армияда кан кечип, Ата-Журтубузду фашисттик жырткычтардан коргоо үчүн күрөштө жүргөн. Ошол учурда Жамийла Данияр дегенди жактырып калып, жоокер күйөөсүн күтпөй башка бирөөнү ээрчип, качып кетиши туурабы?

Класс тымый калды. Анан пахтачылык боюнча №3 бригаданын бригадири Патта аке сүйлөдү:

— Жа туура эмес, ал өзүнүн күйөөсүн күтө албады. Эмне десеңиз, ал өз күйөөсүн элүү жыл болсо да күтсө болмок. Не дегенде Садык өзүнүн керт башын коргоп эмес, эл-жерин, ошол Жамийланы да коргоп, согушта жүрү. Жамийла жуда куник адам.

— Дагы ким сүйлөйт?

— Мен йам гап уруп калайын, үкө, — деди кара муруттуу москоол, кырк жаш чамасындагы киши ичкилик кыргыздардын диалектисинде чалып сүйлөп. – Жамийлага нема жетишпейт: кан күйүп, согуш болуп жатса, эринин башын аттап, эр издейт. Онун пикирин кара…

— Эми ушул эки пикирден, — дедим мен, — жыйынтык чыгаргылачы. Демек, Жамийла от менен чокту кечип, элинин таалайы үчүн күрөшүп жаткан жубайын күткөн жок. Көңүлүнө жаккан бир жарадар жигитти ээрчиди да, кетти. Ал – туруксуз, жеңил адам. Буга баарыңар макулсуңарбы?

— Жа макулбуз, — дешти баары» (Исаков Б. Окутуп тарбиялоо. — Ф.: 1980. — 96-97-б.).

Мына ушуга караганда Жамийланы кабыл албоодогу эң биринчи каармандын кемчилдиги – анын элдик этикалык, ыймандык эрежелерди, улуттук салтты сактабагандыгы деп түшүнүштү. Бул кабыл алуу жөнөкөй калк ичинде гана эмес адабиятчылар чөйрөсүндө да болгондугун Камбараалы Бобулов минтип эскерет: «… Бирок кээ бир жолдоштор никелүү күйөөсүн чанып, Данияр менен Жамийланын кол кармашып качып кетишин жактырышпай, куттуу үйдүн, каадалуу кайын эненин баркын билбеди, бул чектен чыккан кашкалык деп айтып коюп жүрүшөт» (Бобулов К. Махабат баяны. // Советтик Кыргызстан. — 1959, 2-февраль.). Ошол эле адабиятчы «Обон» повести «Ала-Тоо» журналына чыккан соң Кыргызстан Жазуучулар союзунун проза секциясы чыгарманын тили боюнча талкуу уюштуруп, анда 23 киши чыгып сүйлөп, ошондон экөө (К.Асаналиев, К.Бобулов) гана чыгарманы жактагандыгын жазат (Бобулов К. Жаңы тилке. – Б.: 1991. – 76-б.). Мындагы талкуу повесттин тили болгону менен негизги маселе Жамийланы кыргыз салтын бузуп кетти деп айыптоого, авторду элдик салтты билбеген европалык ой жүгүртүүдөгү адамга чыгарып, аны жыга чабууга багытталган. Бул айыптоонун чын-төгүнүн ошол эле элдик таалим-тарбия салттарынын алкагынан чыгып, чыгарманы кайрадан окуп, кайрадан бир нече учурга көңүл буралы.

Биринчи учур. Жамийланын Осмон менен болгон конфликти. «Бир жолу чөп чабыкта, улам эле жөнү жок ыржалактап, айтканым сая кетпейт дегендердин бири – биздин тууган сөрөй Осмон тийише бергендиктен, Жамийла анын сенек колун жактырбай силкип салды да, көлөкөдө отурган жеринен өйдө боло берип:

— Турчу нары! – деди. Анан тескери карап, өзүнчө капалана үшкүрдү. – Аңгиликтен башка колуңардан эмне келет дейсиң?

Чөп маянын түбүндө талтая жамбаштаган Осмон, шилекейленген калбык ээрдин кекерлене түйрүп, бышкырды:

— Тигини, мышык этке жетпей жатып сасык дейт… Мурдуңузду чүйрүбөй эле коюңуз! Кесирди эмне кылат экенсиң: көзүң катып өлүп эле жүрөсүң го…

Жамийла жалт бурулуп кубара түштү:

— Өлсөм өлүп жүргөндүрмүн, кудайдын башка салганы! Бешенебиз ушул экен – сен акмак, андан эмне күлөсүң? Көзүм катмак турсун миң жыл так өтсөм да, сага окшогон шүмшүккө кесиримди артканым арткан! Акмаксың, баягыдай тынчтык замана болсо, көрөр элем ушинтип айтканыңды!

— Ошону айтам да! Согуштун кесепетинен камчынын уусуна сугарылбай кутуруп жүрбөйсүңбү. – Осмондун көзү жүлжүйө майланышып, ал эрдин тиштене тамшанып алды. – Менин гана катыным болуп калсаң ээ…

Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду бардык күчү менен жекире карап, бир нерсе айтмакчы болуп ага умтула берди да, анан: «ушуга айткан кайран сөз» деди окшойт, «түү» деп тигини көздөй жийиркеничтүү түкүрүп, жерде жаткан айрыны ийнине салып, унчукпай четке басты». Бул деталь окурманды Жамийланын тазалыгына ишендирүүнүн башталышы, окурман анын моралдык турпатына, аялдык абийирине көз салсын үчүн атайын чалгын катары автордун киргизген маанилүү учуру. Эч убакта бул анын бейнесин европалык кыздарга жакындатпайт, кайра аны терең улуттук тарбияда, чыгыштык менталитетте өскөн кыз катары көрсөтөт. Эгерде Жамийла повесттин оппонеттери ойлогондой жеңил ойлуу, бузук келин болгондо Осмон менен мындай сүйлөшпөйт эле, минтип муңканбайт болчу.

Экинчи учур. Данияр менен ээрчишип кетердин алдындагы каармандын ички толгонуулары, психологиялык кыйналуу абалы. Ошентип Жамийла Даниярга берилип калды, жалгыз гана Данияр Жамийланын көңүлүн тапты, дал ошону менен эле алар кол кармашып «жүрү кеттик» деп кете бериштиби? Жок, өтө кыйналды, аны кыйнаган дал ошол кыргыздардын этникалык жүрүм-турум эрежелери болду. Эгер ал орустун кызы болгондо дароо эле Данчигин алдыга салып, же артынан ээрчитип, «прощай, мама» деп чемоданын салыштырып кете бермек. Анын тарбия-таалими андай эмес болуп чыкты, чабандын кызы, нарктуу колдун келини ага бара албады. Жамийла үй-жайды таштап, кан майданда жүргөн күйөөнү таштап, кайын эне, кайнини таштап кетип калышты чечкенге чейин каармандын ички дүйнөсүндө далай жолу кыян-жаян кармаштар болуп өттү, эчен толгонуп бул ой менен тигил ойдун салышына дуушар болуп, автор муну кыска гана сүйлөмдөр менен аз гана деталдар аркылуу кылдат чечип берет: «Ал эми Жамийланын өзгөрүлгөнү эмне! Баягы тамашакөй, шайыр мүнөз келин эмне үчүндүр жоошуй түшүп, анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт. Жолдо кетип бара жатканыбызда, Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, ээрдинде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып, ал өзү гана билген кандайдыр жакшы бир нерсеге ичи жылыгансып, ошого сүйүнгөн өңдүү туюлат. Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай, капты арабадан ийнине силкип алып, ошол бойдон ордунан козголбой туруп калат. Оргуштана аккан суу алдынан кокус кездешкендей, ушул шок сууну кечсемби же кечпесемби деген сыяктуу, Жамийла ошондо илгери аттагандан коркуп, дал болуп апкаарыйт. Даниярга болсо, ал эмне үчүндүр жакын жолобой, көзүнө тик кароодон качып, сырттап жүрдү».

«Жамийланын колу ошол сунулган бойдон ылдый түшүп, арабанын кырына барып тийгенде, ал эсине келе түшкөндөй селт этип, колун тарта коюп, ордунан жылбай туруп калчу. Жолдун ортосунда селейип каткан Жамийла, ошондо жүрөктү элжиреткендей, муңга чайылган, жалынычтуу көз караш менен бир топко чейин Даниярды узата карап анан кайра артынан сендиректей келет». «…Даниярдын ыры аягына жетпей, эмне үчүндүр кескин үзүлдү. Мындай карай салсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып калган экен. Бирок ошол эле жерден чочугандай кийин боло берди да, арабадан секирип түштү. Данияр шашканынан тизгиндерди тартып, аттарды токтото калды. Жамийла тескери караган бойдон, жолдун ортосунда сендиректеп турду да, бир убакта мойнун шарт кайрып, ыйлачудай дирилдеген үн менен ачуулуу айтты:

— Эмне карайсыңар? Эмнең бар менде? – Анан тура түшүп, — караба мени, айда арабаңды, кет! – деди да, артта калган арабасын көздөй басты. Мен дал болуп, оозумду ачып калган экемин, жеңем мени да жемелей кетти:

— Сага эмне жок эле! Түш арабаңа, делдейбей! Окшошкон макоолор, кудайдын азабына гана калган экем да силер менен!».

«Жамийланын» бүтүндөй сыры ушундай психологиялык абалдын татаал диалектикасында жатат. Эгер эпикалык Айчүрөк болочок жары Семетейди издеп жөнөө үчүн мынчалык ичтен толгонбогон болсо, реалисттик прозанын «интенсивдүү тереңдетилген психологизмге багыт алган» (К.Асаналиев) чыгармасы «Жамийланын» аял каарманы ичтен бушайман болот, миң түркүн толгонуулардан өтөт, ушуларда анын элдик наркты, салтты сактай билиши көрсөтүлөт, ошол эле кезде ал бир келген сүйүүсүн жоготуп албоо үчүн күрөшүү керек экендигин аялдык инстинкт менен да, адамдык акыл-эс менен да туят. Ошон үчүн ал Даниярга өзү келип атпайбы. Ал эми анын бул келүүсү К.Асаналиев айткандай: «Бул анчейин эле «чоң» үйдүн же «кичүү» үйдүн жол-жоболорун бузуу, же жөн эле никелүү күйөөсүн таштап кетүү эмес. Эгерде повесть никелүү күйөөсүн таштап кеткен аял жөнүндө гана болсо, анда ал ошол темадагы жазылган чыгармалардын карандай туурандысы болмок. Ачыкка биринчи чыгыш, андан кийин артынан издеп «өзү келиш» – бул Жамийланын гана колунан келет» (Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф.: 1988. – 152-б.). Бирок ошол эле кезде бул келүүсү менен Жамийла ата-салттарын тебелеген жок, өзүнүн тарбиясыздыгын көрсөткөн жок, бул жердеги автор алып чыккан башкы нерсе – сүйүү эркиндиги, сүйүүнүн күчү, анын «көзү көрбөс» (Алыкул Осмонов) керемети. Дал ошол сүйүүнү кыргыздын эң соңку патриархалдык, салттуу үй-бүлөлүк очогуна алып келип алып сынап аткан жазуучунун баатырдыгын карабайсызбы да, каармандын күчтүү рухуна ыраазы болбойсузбу?

Жамийла келиндин үй-бүлөсүн таштап кеткенине кол чаап ураалаган башка бир адабиятчылар тобу аны күйөөсү Садык менен кокус кошулуп калгандыгында, экөөнүн ортосунда ысык мамиленин, ынак сүйүүнүн жоктугунда дешет. Мисал катары Садыктын кызкуумайда жетпей калып намыстанып Жамийланы качырып келген деген имиш бар. Бул повесттин логикасынан, каармандын аракетинен, мүнөзүнөн алып караганда ишенимдүү эместей, себеби Жамийла ушул мүнөзү менен Садыкка отуруп бере тургандай, «таш түшкөн жеринде оор» дегенге көнүп кала тургандай кыз эмес. Экинчи дагы имиш бар «андай эмес эле экөө көңүлү менен кошулушкан дешет абысын-ажындар». Мындай вариант да бар. Демек, экөөнүн баш кошуусунда трагедия, башынан ээрге кыйшык отуруу жок. Анан калса аскерден кат жазганда Садык баарын сурап келип, акыр аягында гана «жана да аялым Жамийла аман-эсен турабы» дегенин өөн көрүп, ушундан Жамийланын көңүлү калды, ушундан экөөнүн мамилеси жакшы эмес экен деп боолгологондор чыкты. Ал эми кыргыз салтындагы элдик тарбия андай эмес, ата-энесинен, эл-журтунан, тууган-уруганан мурда аялын биринчи планга коюу, ошону суроо бул салтта жок жоосун, антип тарбия көрбөгөн эркек сурайт. Бул жердеги Садыктын каты да элдик нарктан келип чыгууда, аны тексттин ошол кат келген бетинде баяндоочу Сейит өзү да мойнуна алып «бул өзү салттагы иш» деп атпайбы. Садыктын катынын аягында гана Жамийланы сурап коюшу анын кемчилдиги эмес, бул анын элдик салтты сактаган улуулугу. Жамийла да элдин салт-наркын билген кыз катары андан капа болмок эмес. Г.Гачев «кат сөзү бул – терең коомдук, мамлекеттик, ыйык сөз» деп айткан менен (Гачев Г. Национальные образы мира: Центральная Азия: Казахстан, Киргизия. Космос Ислама (интеллектуальные путешествия). – М.: 2002. – 227-б.), ал кыргыз айыл калкы үчүн эми гана балдар фронтко кетип, жаңыдан башталган көрүнүш, али салттык деңгээлге көтөрүлүп жете элек нерсе болгон, аны али гачевдик критерий менен караганга кыргыз реалийи шарт түзө элек болчу. Айтмакчы, бул повесть тууралуу алгачкы жолу дүйнөлүк культурологиянын, фолькордун, а түгүл табийгый илимдердин айкалышында ар тараптуу жана кызык пикир айткан Г.Гачев чыгармадан көбүнчө «патриархалдык уя», «улуттук көркөм аң-сезим менен улуттук өзгөчөлүү конфликт» издеп жана кыргыз патриархалдык үй-бүлөсү менен «патриархалдык эмес» шаардык орус семьясын салыштырууга көбүрөөк ооп кетип, каармандардын ички жана сырткы дүйнөлөрүн, окуялардын өсүшүн, конфликттердин чоо-жайын кыргыздын накта этностук педагогикасы менен анализдөөнү арткы планга калтырып койгондугу өкүнүчтүү, дал ушундай караганда анын изилдөөсүнүн баа-баркы дагы көтөрүлмөк (Гачев Г. Любовь. Человек. Эпоха. – М.: 1965).

Жамийла – элдик тарбиялык салттардын «реформатору» да, «революционери» да эмес, ал ошол эле салттардын ичинде жүрүп, анын алкагынан чыкпаган жөнөкөй бир жайлоодогу кыргыз кызы.

Жамийланын образынын эң талуу жери – Жамийланын таштап кетип жаткан күйөөсүнүн жоокер экендиги, Ата Журтун коргоодо жарадар болушу, «бир-эки айда үйгө кайтып каларман» деп атайын айттырышы. Балким Садык согуш учурунун эмес, башка учурдун адамы болуп, аялына дайын-дареги жок бирөө болсо, же согуш убагы болуп эле, тылдагы күпүлдөп жүргөндөрдүн катарында турса, мейли эле дейли, же дайынсыз жүргөндөрдүн бири катары эсептелсе, же согушта апаат болуп, «каракагаз» келип, никелүү аялы бетин тытып ыйлап, жок дегенде бир жылдык ашын өткөргөн болсо, анда окуя да, повесттин чыры да мынчалык болмок эмес, жазуучунун көрөгөчтүгү дал ушунда турат, чыгарманын ашык-кеми жок тактыгы, жаңычылыгы ушунда катылып жатат. Жамийла таштап кеткен Садык кан майдандан кайтып келе жаткан жоокер, куду эле ал жаңы тапкан Данияр сыяктуу эле от кечип, эл коргоп Атамекенге ак кызмат кылган атуул. Анан калса Садыкка карата автор мурдагы кыргыз адабиятынын терс каармандар галлереясындагыдай образ жаратуу милдетин албайт, баяндоочу Сейит да Садыкты кара боектор менен тартпайт, Жамийла да бир мертебе да күйөөсү Садыкка акараат келтирбейт, аны ушактабайт. Жамийла ошол адамды таштап жатат. Өз теңине жетпей муңканган Ак Мөөр, Кишимжан, Күлүсүн, Ажар мындай ишке барса, окурмандар дароо эле кол чаап, ырас болду деп, тигилерге боор ачып калмак, а Жамийлага андай болбойбуз. Тигил каармандар дале бунт кылышкан, тигилер дале качышкан, сүйгөнүн издешкен, бирок кимден качып жатат, кайсыл доордо качып жатат, кимге качып жатат, ушундай кырдаал, себеп-шарттардан алып карасак «Жамийланын» тереңдиги дагы ачылат да, тиги чыгармаларга караганда башкача позициясы дагы даанараак көрүнөт.

Повестте мындай деген сүйлөмдөр бар: « – Атасынын көрү, кетсе кеткени! Жол-жолдо самсып жүрүп, акыры бир жерде ачтан тороет да! Катын деген азыр толуп жатат, четинен чертмей… Алтын баштуу катындан, бака баштуу эр артык». Ушул төрт сүйлөм менен жамийлаведдердин бир далайы Садыктын ким экенин «пайгамбарчасынан» баалап, Жамийла туура кылган, таштап кетип ажеп кылган, Садык анын теңи эмес болчу дегендей жеңил-желпи бүтүмгө келишти. Чынында кеп андан тереңде. Садык ал сөздү качан айтты? «Осмондор менен ичкилик үстүндө отурганда оозун көптүргөнү бар». Демек, бул анын дайыма айта берчү «төл сөзү» эмес, күндө эле ар кимге кайталай бербейт. Бул сөздү ал «бир жолу айткан» (1), «ичкилик ичип отурганда» (2) айткан, «Осмондор менен отурганда» айткан (3), жок, дагы подтекстке тереңирээк үңүлсөк «айткан» десек да болбойт, «ооз көптүргөнү» бар. Кыргыздын элдик педагогикасынын критерийлерине салып эми ушул сүйлөмдү талдап көрөлү: Осмон дегенди окурман повесттен жакшы билет, биринчи көрүнүштө ошол алысыраак тууган Жамийлага жалжактап тийишип, аны керек болсо өзүнө катын кылып алгысы келет, жөн эле уйпалап баса калууга умтулат, анын колу да сенек, колу жүрөгүнүн, дилинин ассоциациясын берет. Ылакап аты да «зөөкүр». Кийин Жамийла качып кеткенде Садыктын тууганы болумуш болуп, адатынча мас, «тепсетип кетчүдөй атын жулкунтуп бакырат:

— Ой, мен айтпай жүрдүм беле! Мына эми, бүт Олжобай атасына шермендечилик иш болбодубу? Бол аттангыла, жеткен эле жерден тентиген ит чала казакты жыга чаппасам, атым өчсүн, мейли он жыл моюнумда, бирок көрүнгөнгө Олжобайдын катындарын талоонго бербейбиз. Аттан жигиттер, кеттик! Кайда узайт дейсиң!».

Мына ошол Осмон: уруунун аты менен дүйнөлүк улуттарга согуш ачуусу, адамгерчиликти уруп ойнобой турган, керек болсо түрмөнү эңсеп турган бир тип. Садык Жамийла тууралуу жанагы сөзүн ошол Осмондун алдында айтат. Ал андай кепти нарктуу аксакалдар дөңдө кеп курушуп отурганда айткан жок да, Осмон зөөкүргө, Осмон маска, Осмон потенциалдуу «зекке» айтты. Ага Жамийла тууралуу башка сөз айтууга мүмкүн эмес эле, эгерде андай кылып Садык Жамийла жөнүндө одасын айтса Осмондон көргүлүктү көрмөк. Анан дагы Садык ал сөздү «ичкилик ичип отурганда» айтат. А ичкилик ичип жатканда, адамдын мээси айланып, эмнелерди гана айтып таштабайт, демек бул Садыктын акылдуу, аң-сезимдүү айтылган сөзү эмес.

Ушулардан келип элдик тарбиялык эрежелердин чен-өлчөмдөрү менен таразалай турган жыйынтык – Садык бул сөздү жагдайга карата эле ачуу үстүндө айткан деп түшүнүүгө болот турбайбы, чынында бир гана сөз Садыктын Жамийлага карата, аялзатына карата ынак сезиминин жоктугуна толук кепил болуп бере албайт жана да кат жазганда аягында Жамийланы сурап коюшу бул өзү чыгыштын жигиттерине мүнөздүү көрүнүш, ыймандуулуктун белгиси, кыргыз жигиттери ата-эненин, улуулардын (анын ичинде ошол Олжобай тукумунан Осмон да бар) алдында аялын эркелетпейт, аны менен эзилип сурашпайт, а түгүл майда-чүйдөнү кеңешип да отурбайт. Бул оң сапаттагы адамдын нравалык тарбиялуулугунун көрсөткүчү.

Жогорудагыдай деталдар менен эле Жамийла менен Садыкты эки уюлга коюп алып кароо жетишсиз, алардын элдик тарбиялык салттарды аттап кетти дегенге бул эпизоддор негиз бербейт. Жамийла – Данияр – Садык үч бурчутугун этикалык жана эстетикалык сабагы элдик педагогиканы аттап кеткендикте, эриш бузгандыкта, үй-бүлө ынтымагын ыдыраткандыкта эмес, тескерисинче дал ошол кыргыз элинин улуттук тарбиялык салтындагы – эркин сүйүүгө, адам эркиндигине умтулууну көрсөткөндүктө. Ошол эле кезде кесепет согуш адам өмүрлөрүн кыйып, шаарларды, кыштактарды кыйратып гана тим болбой, үй-бүлө мунарасын да кулатып, эчен очоктордун отун өчүрүп кетти. Автордун максаты мына ушуну окурманга ачып берүүгө багытталган.

Повесттин жазылыш тарыхы тууралуу кайрадан анын авторунун кебин угалы: «Албетте, бул чыгармамды да турмуштан калпып алгам. Мен чыгарма жазууда ар дайым Экинчи дүйнөлүк согушту элестетем. Бул согуш жеке эле биз үчүн эмес, бүткүл адамзат үчүн өтө азаптуу чоң жоготуу, ойдон кетпес окуя болгон. Бу уруш адамдарга өлүм менен ачарчылыкты гана алып келген десек, анын кесепетин азайткан болор элек, бул согуш дал ошол коомдогу адамдардын адеп-ахлагына да кол тийгизип, кылымдардан берки түптөлүп келген салт-санааны, ырасымды да чарпып өткөн.

Согуштан мурда турмушка чыккан жаш келиндер күйөөлөрү майданга кетээри менен эле эркин куш боло алган эмес. Кыз турмушка чыккандан кийин ошол барган жерден акыреттик орун-очок алууга тийиш. Жада калса күйөөсү фронтто курман болуп, жесир калса да, кайындары аны кое бербегенге тырышып, аракет кылышчу. Айрыкча, балалуу болуп калса өзү да эч кайда кете алмак эмес.

Ал кезде үй-бүлөдөгү, коомдогу жазылбаган мыйзамдар ушундайча болгон. Бирок кесепет согуш бул эрежелерди да бузуп жиберген учурлар кездешти. Агаин-туугандардагы ушундай бир окуя «Жамийланы» жазууга себеп этти.

Алысыраак туугандарыбыздын эки уулу тең фронтко кеткен. Алардын улуусу аскерге алынардан мурда жаңы эле үйлөнгөн. Анда согуш башталганы калган экен. Ал жашына карабай армиянын катарына чакырылган. Чыгармадагы Жамийланын күйөөсүнүн турмуштук негизи — прототиби мына ошол жигит эле. Кийин бул эки бир тууган фронттон кайтпай калды.

Жамийланын прототиби болсо өтө шайыр, ийкемдүү жаш келин эле. Ал Шекерден эмес, коңшу айыл көксайлык. Мунун анча деле биз үчүн мааниси жок болучу. Биздин эл жада калса коңшу Казакстан менен да кыз алышып, кыз беришчү. Жамийланы кайсы үй-бүлөдөн мисал алганым жадымда жок. Согуш учурунда жаш келиндин жаманатты болбоосу, анын кайындарына берилип кызмат кылуусу жана күйөөсүнүн көзүнө чөп салбай, үрп-адаттын баарын сактап, күтө билүүсүнө байланыштуу эмеспи…

…1942-43-жылдары көп адамдар Кавказдан биз жактарга сүрүлдү. Алардын көбү чечендер, карачайлар, черкездер жана балкарлар эле. Бул элдердин айрымдары Сибирге, айрымдары Орто Азияга зордоп айдалган. Булардын мындай азабын Кеңеш бийлиги «Түпкү Ата Журтуна кайра кайтуу» деп жайгарган.

Шекерге улам-улам жарадарлар келип аткан, андайлар Көксай, Кировка, Грозныйга да кайткан. Арасында балдар үйлөрүнүн да тарбиялануучулары боло турган.

Даниярдын прототиби да ошондой эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды «өкмөттүн баласы» дешчү. Сол буту менен аксап басчу.

Бир күнү ал келбеттүү, жаркылдаган жаш келинибизге кезигип калат… Ошентип Жамийла менен Даниярдын ортосунда улуу махаббат оту жагылат.

Анан сүйүүгө мас ал экөө ошол мезгилде мендей бир өспүрүмдүн артыларынан калбай акмалап махабат майданындагы алардын кыймыл-аракетин, айткан-дегинин көзөмөлдөп жүргөнүн кайдан билишсин? Арийне, мен да анчалык эле көзгө көрүнө бербеген, капарга да алынбаган бир кичине бала элем да…

Бирок өзүм атайылап каалабасам да ал экөөнүн сүйүүсүнүн күбөсү болуп калдым. Кээде Данияр Жамийланы, кээде Жамийла Даниярды күтчү. Экөө чогуу жүк ташуучу арабага отурушуп, талааны көздөй жөнөшчү. Ээн талаада экөө ар дайым чогуу жүрүшчү.

Бир күнү эле айылдын баары ызы-чуу түшүп, сапырылып калды. Көрсө алардын айтуунда биздин келин фронттогу күйөөсүн күткөндөн баш тартып, кайындарын таштап, «аксак Данияр» менен түндө качып кетиптир…

Муну Каракыз апамдан уктум. Ал аябай ачуусу келип, жаалданып жатты:

— Мурдатан бери эле эрди-катын болуп жашап алышкан турбайбы?!.

— Эмне мурда көзүңөрдү ачкан жок белеңер?- дедим мен да.

Ал мага ачуулуу бакырды:

— Не деген шермендечилик бул?! Эри фронтто жанын оозуна тиштеп согушуп жүрсө, катыны аны күтпөй кайдагы бир селсаяк менен качып кетет деген эмне?! Биздин уруунун бетине көө жапты! Шерменде! — Ушинтип туруп мага жакындап:

— Эмне сен алардын мамилесин мурда эле билчү белең?! Аларга жан тартып, чогуу жүргөн экенсиң да?!.. — деди.

Мен жооп бере албай калдым.

Жамийла менен Данияр талаадан эгин ташычу. Кээде үчөөбүз чогуу да иштеп калчубуз.

— Бир аз мурда Даниярды базардан көрүпсүң да! Балким азыр темир жол стансасына баратышат. Туру, батыраак аттанып, Жамийланы тап! Аларга иштин жаман аяктарын айт! Жамийла кайра кайтсын! Аны биз кечиребиз! — деп бакырды эжем мага.

Мен аларды кууп станцияга чейин бардым. Экөөнү станциядан таап да алдым. Кол кармашып кетип баратышыптыр. Артынан барганга аябай уялдым, уялгандан эмне деп айтарымды да билбей элейдим.

Жамийла мени дароо байкап, уялганымды да көрдү:

— Эмне болду? Сени аркабыздан жибердиби?

— Ооба, сени кайтсын дешет? — дедим жер карап.

— Бекер эле убара болбо. Силерди да түшүнөм… Бирок мен эми кайра кайтпайм. Мен бул киши менен жашаймын. Ал каякка барса мен да ошол жакка кетем…

Ушундай жооп берди. Ооба, ошентти» (Айтматов Ч. Балалыгым, 117-118).

Мына ушуга караганда Жамийланын турмуштан алынган негизи да – элдик салтты аттап кетпеген эле келин, эгер согуш болбосо, анын Данияр окуясы да болмок эмес, аны келген жери да урматтап сүйүп, кайра келсе кечиребиз дешет. Реалдуу турмуштук адамды адабий образга өткөргөндө жазуучу албетте, согуштан кайтпай калган күйөөнүн Садыктын прообраздык бейнесин кыйла тереңдетип, окуянын кульминациясын курчутуу үчүн аны кайтып келаткан адам катары чагылдырат.

Ушундайлардан улам «Кыргыз элинин турмушун жана жеке инсандын тагдырын диалектикалык бирдикте сүрөттөөсү боюнча, жанрдык жана образдык табияты боюнча «Жамийла» повести элүүнчү жылдардын аягындагы кыргыз прозасынын көркөмдүк өнүгүшүнө жаңы багыт ачты. Бул кыргыз эпосунун кайрадан жаралышы, ренессансы, башкача айтканда, кыргыз эпосунун жаңы доорунун башталышы эле», — деп жазды К.Асаналиев (Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф.: 1988. – 155-б.). Ырас мында кыргыз элинин турмушунун диалектикасы бар, аны согуш жана социалисттик мамилелер алып келди. Жамийланын кетиши – бул улуттук кыртышта кылымдар бою калыптанып, коомдук турмушта айныгыс мыйзамдарын чыгарып, ошол аркылуу элди эл, улутту улут кылып келе жаткан патриархалдык кыргыз үй-бүлөсүнүн эң соңку үлгү-эстелигинин кыйрашы болду. Ошол патриархалдык ячейканын соңку «атылбай калган текедей» аксакал өкүлү байбиче өзү да кыйроону мойнуна алат. Бир үйгө баш көз болуп эч жакка кетпес мыйзам менен жашоого тийиш болгон эски эрежеден аттап Сейит апасына минтип айтат:

« — Мен окууга кетем! Сүрөтчү болгум келет, сүрөтчүнүн окуусуна барам, атама да ушуну айтып кой…»

Эски эреже боюнча бала мындай кепти оозуна албаш керек эле, эне болсо аны тыйып коюуга тийиш, бирок антпей, башкача пикирин билдирет:

« — Мейлиң, барсаң өзүң бил… Темир канат болгон соң, ар кимиңер өзүңөрчө канат шилтеп калбадыңарбы… Биз кайдан билели, балким силердики чындык чыгар, балким, алыска чабыттап учарсыңар… Азыркы заман эми ушундай болбодубу… Окууңа барсаң өзүң бил… Балким ошол жакка барганда, сүрөт тартып чиймелеген кесип эмес экенин билерсиң… Yйүңдү, ата-энеңди унутпа, бар сураганым ушул…

Ушул күндөн тартып кичи үй өзүнчө бөлүнүп кетти. Мен болсом көп кечикпей окууга жөнөдүм.».

Патриархалдык үй-бүлө кыймылы акыры ушуга келди, көрсө, кыргыз үй-бүлө тарбиясында ашкере дале тыюу жок экен, эркиндик идеалы даңкталат экен. Тек гана аталар менен балдар, эски эрежелер менен жаңыларынын диалектикалык кыймылы болуп жатыптыр. Ал чыгарма жазылгандан бери да кыргыз салты, таалим-тарбиялоо эрежелери бир топ өзгөрүп кетти. Ч.Айтматов ошол «чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго тийген асылзаты» (К.Асаналиев), «көкүрүк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бардык үнүн созуп ырдаган жаштык ыры» (К.Бобулов) болгон «Жамийла» повести тууралуу, андагы Даниярын эстеп айтканы бар: «Повесттин адегендеги аты «Обон» болчу. Албетте, бул Жамийла менен Даниярдын жолдо арабада кетип бара жатып, ички сезимдерин ташкындатып, мурда эч даярдыгы жок жерден төгүп кеткен сүйүү ырынын обону эле.

Бүгүн радиосу, магнитофону бар машинага отуруп калганыбызда ушунубузду ошол Жамийлалардын мезгилине салыштырып коем. Адам жол жүрүп баратып, каалаган музыкасын уга алса кандай гана сонун! Бирок азыр эми шаарда машиналардын ары-бери ойкуп-кайкыган кыймылынан кээде угула калган музыканы тыңдасаң, алардан же рок, же поп, же жанагы эстрада дегендердин ыргагы эшитилет. Эгер менин сүйүктүү Даниярым азыркы учурда жашап калса рок-попко ууккан автомобиль ичинде сүйүшүп-күйүшкөндөргө ушунчалык ырайымы келип, боору оорумак.

Техникалык өнүгүүлөрдүн пайдасыз жактары да арбын. Даяр музыка, касета, дисктер адамдын ички кылдат сезимдеринен гана жан дүйнөгө келчү, керемет касиеттен гана жарала турган обондорду чыгаруу мүмкүнчүлүгүн чектеп, дээрлик жок кылып жиберүүдө. Тиги даяр радиоң ырдап баратса, жолоочулар обон созмок беле?.. Мурда жол жүргөн адамдар өзүлөрү ырдашчу. Сагыныч, сүйүү, философиялык ырларды өз сезимдеринен, дил туюмдарынан жаратышчу. Мындайда канча жаңы обон, канча сезим козголгонун ким санап жүрмөк? А адам сезимдеринде ар кыл өзгөрүүлөр, жаңылануулар, руханий ырахат байырлайт…

Ар нерсенин өз убактысы, өз учуру болот. Данияр үчүн жол — ырдын булагы, ыйык, тунук махаббатын ташкындатып төгүп алуучу ыйык обондун булагы…» (Айтматов Ч. Балалыгым, 117-118).

Ушул ойлорго караганда да «Обон» («Жамийла») элдик салттарга негизденген чыгарма деп айтканга болот. Улуттук салттар боюнча обон, ыр, манасчылык, дастанчылык, комузчулук адамдардын дилин тазалап, аларды аруулантып, ар кыл муундарга элдик эстетикалык тарбия берип келген. Ошондой нарктын, салттын, элдик эстетикалык табиттин бешигинде чоңойгон Данияр гана ушундай улуу ырды ырдап, ошондой наркта, салтта, элдик эстетикалык табитте чоңойгон Жамийла гана анын кудурет-күчүн сезип, аны дилинен кабыл алды. Эгерде Данияр обонун созолонтпой, магнитофондун, радионун гана кулак тундурган рок, поп, эстрадасын ырдаган жигит болсо анда ал согуш кезинин Жамийласын өзүнө багындыра алмак эмес, эгерде Данияр куду ошол август түнүндөгү обонун бир төкмөктөн миң төксө да ошол Жамийла болбой, бүгүнкү рокко, попко ууккан Жама болсо, анда ал Даниярды шылдың кылып каткырып күлмөк.

Анчалык байкала бербеген бир деталь бар. Ал Даниярдын адамдык бейнесиндеги улуттук салт-санаага берилгендиги, мисалы, ал канчалык жетим өсүп, алыс-жуукта ит көрбөгөн азапты көрүп келсе да туз-насип буйруп, өз элин издеп келет, «ушунча жыл сыртта жүрсө да өз тилин унутпаптыр» деген элдин алкоосун угат, а түгүл адамдар «тулпар айланып үйүрүн табат», «тууган-жер, эл-журт деген оңойбу», «келгениң арбакка жагар иш» деп эл анын жети атасына чейин сөөк сүрүштүрүп, анча-мынча туугандары да табылат. Демек, анын ары жагында, сөөгүндө кыргыз улутуна таандык тууган жерине тартылуу, мекенчилдик, жети атасын, тууган-уругун сыйлоо деген этникалык тарбиялык таалимдер бар. Ал ошол «алтын эрежелерди» аркалап, туу тутуп жүргөндүгү үчүн Күркүрөөгө келет. Ошол элдик нарктуулукту сактагандыгы үчүн ал эчен курдай психологиялык оор сыноолордон өтөт, анын уяңдыгы, тартуулугу, аялзатын сыйлоосу, бийик адамгерчилиги – элдик тарбиянын жемиши.

Кыргыз этнопедагогикасында эр жигиттин идеалын анын Атажурту менен бирдикте карайт: «Эр – тууган жеринде, ит – тойгон жеринде», « Эр энеден туулат, элге кызмат кылат», «Жеримде жээрде саткан бий элем, эми жети саткан кул болдум», «Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт», «Жеринен ооганга жети жылы конуш жок», «Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт», «Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт», «Баатыр туулса – эл ырысы, жамгыр жааса – жер ырысы», «Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат», «Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз» ж.б.

Анын тагдыр-жолу Жамийлага караганда алда канча бай, ушуга карап да анын Жамийлага караганда татыктуу жар болоруна ишенүүгө болот, ал чоң сүйүүнү ичине камтыйт, ошол касиети менен Жамийланы өзүнө каратат, ошол тарбия-таалими менен Жамийланы өзүнө тартат, келиндин ички дүйнөсүндөгү дүрбөлөңгө алып баруучу күчтү ойготот, теңине албай жүргөн келин бир күнү эле көйнөгүн жууп, ал көйнөктү «көпкө чейин алаканы менен акырын сылап отурат», «мына мен өзүм келдим» деген сөздү айтууга жетет, жүрөгүнөн: «Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын!.. Керек эмес, түштөн кийинки сүйүүсү — өзүнө буйрусун! Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! Жалгызым, секетим, эч кимге сени ыраа көрбөйм!.. Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм… Мына эми сен да мени издеп келдиң!..». — деген сөздөр чыгат. Мунун баарын айтуучу күч берген ошол – Данияр. «Ошондуктан Жамийла өзүнө жеке касиеттери, жүрөк кылдарынын үндөштүгү боюнча жакын тууган Даниярды көргөндө ачылган гүлдөй жайнады, кудум таңкы шүүдүрүмдөй мөлтүрөп нурданды, кубулуп кайра жаралды, өзүнүн жаркын сапаттары, кадыр-баркы менен жаңы, чыныгы турмушка карай умтулду» (Аскаров Т. Эстетикалык жаңы сапаттарга. – Ф.: 1980. – 358-б.).

Чыгарма дал ошол кыргыз кыйырынан чыккан элдик тарбиялык салттардын алкагындагы турмуш чындыгын жана адамдардын аракеттерин көрсөткөндүгү менен эстетикалык жактан болсун, поэтикалык жактан болсун, таалим берүүчүлүк жактан болсун 20-кылымдагы улуттук маданияттын бийик чокуларынын биринде турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *