Нурайым ШАРШЕНБАЕВА

Автордон: Каармандар кыргыз элине таанымал кадимки Нарбото, Атаке баатырлар эмес. Бул аңгеме чыныгы жашоодон алынганына байланыштуу каармандардын ысымдары өзгөртүүсүз берилди.

Аңгеме

Күн кыпкызыл болуп уясына батып бара жаткан мезгил. Жаз келип, чокудагы карлардын эриши  менен ылайлана  иримденген тоо суусу  канча мезгилден бери түбүндө жаткан таштарды ордунан козгоп төмөн карай күпүлдөйт.

Тээ жогортон суу бойлой келаткан атчан жоон топтун карааны айылга жакындай берди. Бири-бирине тамаша ыргытышып, көңүлдөрү көтөрүңкү. Анда-санда каткыра күлгөн добуштары тоо койнунда жаңырып барып  жоголуп кетет.  Ар биринин ийиндериндеги  соройгон  мылтыктар  мергенчиликтен келаткандарынан кабар берет. Кээ биринин  колунда томоголуу  бүркүт-ылаачындар… Бири-бирин кууша ойноп, атчандар менен кошо жүгүргөн тайган-иттер… Жолоочулардын  үндөрүнөн эле ат үстүндө шамдагай отуруштарынан жаш жигиттер экенин баамдоого болот.

— Жогорку айылга кайрыла калганыбыздын пайдасы?!   Коюлган байгелеринин көбүн бөктөрүп кеттик.

Биринин мындай сөзүнө башкалары каткыра күлүп жооп кылышты.

— Ошону айтсаң! Бизден мындайды күтүшпөсө керек. Сумсайып гана кала беришти ээ!

Сүйлөгөн сөздөрүнө караганда кошуна айылдан чоң байге менен келатышкандай. Бул жигиттердин арасында айылдын кадырлуу аксакалы Нарботонун уулу  Кайып да бар. Жоро-жолдошторуна сыр бербей, көңүлү көтөрүңкү көрүнгөнү менен  атасынын “Казак Нарбото” аталышынын себебин издеп бушайман. Бир кезде  бул тууралуу анча-мынча эшитип калганы болбосо, анчейин  маани бербей койгон. Эми минтип эс тартып, элге аралаша баштаган кезинде “Казак Нарботонун уулу” деген сөзгө же теригээрин, же “Неге мындай болгон?” — деген досторунун суроолоруна кандай жооп айтаарын билбей, көңүлү уйгу-туйгу… Баарынан да атаандашынын жеңилүу ызасын көтөрө албай: “Эй, казак! Алган байгеңе корстон болуп жүрө бер! Сен казактан тентип келгениңди билээр бекенсиң?!” — деген сөзү жанына батып, каяша сөз айтпай басып кеткенин эстегенде тула бою дүркүрөп, ызасына чыдабай баратты.

Колундагы бүркүтүн тууруна кондуруп,  боз үйгө кирип барды да, төрдө жамбаштап жаткан атасына салам айтты:

— Ассалом алейкум, ата! Күүлүү-күчтүүсүзбү?!

— Алейкум ассалом, уулум! Келе гой!

Кайыптын бала кезден зээндүүлүгү, эртелеп бүркүт таптап, кайкалата жорго минип, жоро-жолдошторунун арасында кадыр-барктуу болгону — Нарбото үчүн чоң сыймык.

— Жолуң болсун, балам…  Бүгүнкү күнүң кандай өттү?

— Жакшы…  Мергенчиликтен келатып, жогорку айылга кайрылып калдык… Ал жакта сүннөт тойдо  катуу мелдеш болуп аткан экен. Эр эңишке катышып, байгелүү келдим…

— Оо, болсун, болсун!

Нарбото уулун далысынан таптай, ыраазы боло жылмайды.

— Ата, тойдо кеп уктум. Ошонун чоо-жайын билейин, өз оозуңуздан угайын дедим эле…

— Ии, эмне кеп? — Нарбото Кайыпты суроолуу карады.

—  Жеңишке жетип байге алаарымда мени “казак Нарботонун уулу” дешти го?  Анан да атаандашым “тентип келгениңди билээр бекенсиң?!” — деп  мазактап турганы катуу тийди. Кыргыз болуп туруп, казак атка конгонубузга түшүнө албай турам, ата…

Кайып ызалуу үн катты. Уулунун суроосуна Нарбото:

— Аа… уулум… Эл оозунда элек жок, айтса айтып коюшкандыр… Кабатыр болбо, кыргыз элебиз, — деп жооткото жооп узатты да чокчо сакалын сылап, ойго бата түштү.

Атасынын бул жообуна канааттанбаган Кайып суроосун кайра кайталап, не себептен “казак” атка конгонун айтып берүүсүн өтүндү…

— Айтса айтып берейин уулум. Эртеби-кечпи бул суроону мага берээриңди билгем.

Нарбото  уулунун жанына малдаш токунуп отурду да, салабатынан жазбай сөз баштады:

— Мындан жарым кылым мурунураак, казактар кыргыздарга Сары-Өзөн Чүй тараптан кол салышып, баскынчылык кылышкан. Ал урушта  казактар  кыргыздын эл-жерин чаап,  көптөгөн мал-жанды кыргынга учуратат. Кыз-келиндерин, жигиттерин туткундукка алышат.  Туткунга түшкөндөрдүн  арасында ал-күчкө толуп турган атам Мамбеткул да болот.   Алп, чымыр денелүү, өткүр кыргыздын каны ойногон жаш уланды  казактын бир баатыры жигит кылып алат да,   көп өтпөй казактын кызына үйлөнтүп коёт. Мезгилдер суудай агылып, он эки  уул көрөт. Мен ошол уулдардын  бири элем…  Бир туугандарым күчтүү, кайраттуу болушканы менен эр жеткен сайын эл-жер чаап, карапайым элдин оозунда “каразгөй” атала башташты. Алардын туура эмес иштерин көрүп: “Кудайга терс иштер жакпайт, ак эмгек, маңдай тер менен жашайлы! – деп  каршы да болдум. Бирок бир туугандарым сөзүмдү сөз деле дешпеди…

Нарбото казак жергесинде өткөн күндөрүн, бир тууган, ата-энесин эстеп, оор улуттуна сөзүн улады:

— Кээде “ушул кыргыздардыкы өттү” — деген да кептерди эшитип калчу болдум. Сен азыр “неге казак аталып калганбыз” — деп таң калып турсаң, ал кезде мени: “неге бизди кыргыздар дешет болду экен” — деген ой тынчтык берчү эмес эле… Кийинчерээк эс тартып калган кезимде атамдын  туткундалып келгенин, ата-тегимдин кыргыз экенин билдим. Ошондон  баштап жүрөгүм алып-учуп, өз эл, өз жериме кайтсам деген тилегим тынчтык бербей, кетип калуунун жолун издештире баштадым. Жашоонун ысык-суугун башынан өткөрө элек  жаш жигиттин: “Ата Журтум – кыргызды таап  кетем… Каным кыргыз…” —  бир туугандарым да этибар алышпады көрүнөт. Атам Мамбеткул бул жашоо менен эртелеп кош айтышты. Өмүр бою: “Биз – кыргызбыз! Аттаң көрү! Бир максатым – сөөгүм туулган жеримди кучактап жатса… Ушул тилегиме жетээр бекенмин. Жок дегенде бирөө-жарымың менин киндик каным тамган жериме кайрылып,  каныңарда  кыргыздын каны ойноп турганын унутпасаңар экен…” — деп айтып жүрдү. Бирок да максатына жете албады. Акыры “кыргызыма кетем!” — деген  сөзүмдүн  өтөөсүнө чыгууга бел байлап, иним  Атакени ээрчитип, “Кайдасың кыргыз элим?!” — деп жолго чыгып кеткем…

— Казак бир туугандардан келгениңиз менен өзүбүз кыргыз элебиз  да. Анан неге али күнчө “казак” дешкендерине түшүнө албай турам. Мунун  да бир себеби бардыр?

Кайып атасынын бул атка конгонун жактыра бербей, кабагын сала үн катты.

— Ооба, ооба …  Себеби бар…

Нарбото уулунун берген суроосуна баш ийкей, аңгемесин улады…

* * *

Чекесинен аккан терди жең учу менен аарчып коюп, тогуз-он  жаштардын тегерегиндеги инисин колунан жетелеген жаш жигит ээн талаада келатты.  Жер эне жаны кыйналган  адам балдарын күндүн мээ кайнаткан ысыгынан калкалай албаганына ыза болгондой  томсорот.  Жакын арада көлөкөлөй турган бак-дарак тургай, караган-бадалдан да дайын жок. Ар кайсы жерде ысык абага моюн сунган  сөксөөл…

“Абажан, качан жетебиз? Чарчадым…” Кеберсиген эрдин жалмалап, улам  жеңинен тарткылаган инисин: “ Кичине чыда… Аз калды…” — деп жооткото шыбыраган Нарбото, караан издей тикирейе алдын карайт. “Оо, кыргызым! Тосуп алчы кулунуңду! Тагдырдын насиби менен бөлөк эл, бөтөн жерде төрөлүп-өсүп, эми минтип өзүңдү сагынып, өзүң деп келатабыз! Тилибиз казакча сүйлөп, казакча ой жүгүртүп калганыбыз менен дилибиз кыргыздыкы болуп, жүрөгүбүз кыргыз деп согуп турат. Денеде айланган каныбыз —  кыргыз экенин кантип танабыз да, кантип сени сагынбай коё алабыз?!”

Улам нарылаган сайын, жол арбыбагандай… Алды-артта көз жетпеген суз талаа…  Асманда анда-санда “куркулдап” үн салган кузгун. Булардын ажалын көксөгөндөй айлана учушуп, үрөйдү учурат.  Тээ алыстан көрүнгөн төөлөрдү караан тутуп, жакын арада адам болуп калабы деген үмүттөрү  аларга жакындаганда өчө түшөт. Анда-санда эрбеңдеп чыга калган суурлар ким келе жатат дегенчелик кылып, баштарын көтөрө отура калышат да, ийиндерине кире качышат.

Жолго чыгаарда камдап алышкан азыктар азайган сайын, Нарбото өзү наар албай, инисин өзөк жалатып, суудан аярлай жуткузат. “Кыргыздарга кетебиз” дегенди укканда көнө бербеген энеси, уулунун айтканынан кайтпаган өжөрдүгүн билгендиктен, акыры макул болууга аргасыз болгон.

“Эх, апакебай! Көз жашыңызды куюлтуп, бизди алыска узатып кала бердиңиз.  Сөөгү ката элек уулуңуз Атакени мага  тапшырып, мени Кудайга тапшырдыңыз  эле го. Ошол ишеничиңизди актап, аман-эсен кыргызыма жетип алсак экен. Кичинесинен тестиер, шамдагай, кайраттуу  уулуңуз  бул узак жолдон деми кайта түшкөндөй… Мына-мына деп жооткотуп келем.  Уулуңуз кыйналып чарчаса да зирек эмеспи… Менин сунушумду  башка уулдарыңыздын кабыл албаганына кайыл болуп, “жалгыз эле кете берем,”- деп турганымда али жаш  болсо да Атаке жөнөдү го мени менен.  Мына азыр, ушул тапта “жалгыз болсом кантээр элем?” деген ойдон коркуп кетем. Эрбеңдеген карааны, курсагы тоюп, бир аз эс ала калса күлкүсү чыгып тамаша сүйлөгөнү көңүлүмдү көтөрүп, ар кандай жаман ойлордон алаксытып, демиме дем, күчүмө күч кошуп келатат. Ким билет?! Сизди  кайрылып бир көрөмбү, көрбөймбү… Кандай болбосун, биздин жүрөгүбуздө жашайсыз… Атамдын акыркы каалоосун  эмчегиңиз  зыркырап турганына карабай   аткарууга бел байладыңыз.”

Энеден айланса болот… Жүрөгү канап, санаа жеп турса да  өмүрлүк жубайынын акыркы каалоосун аткарууга бел байлап, уулдарын бул жакка өзү качырган эле.

Ортодон аз күн гана өткөнү менен  Нарбонун ойлору алып учуп, алыста калган бир туугандарын ойлоп, энесин сагынып, бирок инисин билгизе бербей  сооротуп коёт. Канчалык өткөн күндөрүн ойлобоюн десе да, тынчтык бербеген күлүк ойлордун  улам бири кылт этип, жан-дүйнөсүн эзип, Нарботону “ээрчип” келе берди…

Өмүр бою кыргызым деп оозунан түшүрбөй, сагынып куса болуп жүрүп бул жалган дүйнө менен эртелеп кош айтышкан атасын эстеп толгонуп алды: “Аа, кайран атакем… Киндик каның тамган, балалыгың өткөн кыргыз жерин сагынып,   эл-журтуңдун караанына кагылып, ар бир сөзүңдө алардын айкөлүгүн айтып, арманда жүрүп эртелеп оо дүйнөгө  аттанып кете бердиң.  “Мен эми кайта албай калдым. Очогум ушул жерде, баарыңарды алып кайда качам?  Таштап да кете албайм. Жаныбар болсо да өз үйүрүн айланып, канынан жаралган балдарын таштап кетпейт экен. Маңдайыма жазган ушул экен. Эмне  айла кылайын? Өлсөм сөөгүм туулган жеримдин асыл топурагын кучактап, жытын жыттап жатса арманым жок эле. Бирок адам баласы башына түшкөнгө көнөт экен. Көнбөскө аргасы  да жок турбайбы. Туулганда маңдайына жазмыш жазып коёт окшобойбу… Ошол жазмыштын чийининен чыга албайт экенбиз. Жок дегенде бирөөңөр элге кайтып, тукумубуз ошол жактан уланса,  өлсөм да арбагым ыраазы болот эле… Ылайыгы келип калса, ошол максатымды мен аткара албай калсам да, бирөөңөр жетсеңер! Эх,  арман дүнүйө” — деп айтып калаар элеңиз. Буйруса ошол максатынызды мен аткарайын деп бел байлап, жолдо жүрөм… Сиздин ой-тилек – менин да ой-тилегим эле да…”

Жол азыктарынын азайганы, инисинин шайы ооп  чарчаганы Нарботонун санаасын бөлүп,  инисине билдире бербегени менен өзүнүн да буттары оор тартып, денеси салмактанып, денесин тер басып, кыйналып чыкты. Баарынан да “көздөгөн жерибизге эртерээк жетсек экен”деген тилеги:  “Бизди ким күтүп турат дейсиң? Мындан кийинки жашообуз кандай болор экен?”- деген санаага айланып, кабагы  бүркөлө түшөт.   Дагы канча күндүк жол жүрөөрлөрү бүдөмүк… “Мен го эптеп чыдаармын, иним байкуш кантээр экен? Жакын ойлогон жеримдин ушунчалык  алыс болгонун кара… Көк беттенип жолго чыгып алып, карга-кузгунга жем болор бекенбиз? ” Ар кайсы ойду бир ойлогон Нарбото  бушайманга түшүп, бутунун ооруп талыганына карабай, бирде инисин жонуна мингизип, бирде жетелеп, жол улап келе берди…

Күтүлбөгөн жерден акырындап соккон желдин илеби сезилди да, бара-бара катуулап күчтүү шамалга айланды. Тегеректи бир заматта коюу чаң ээлеп, жерди  алай-дүлөй каптагандай  күңүрттөнүп чыкты. Ары-бери шамалга кошулуп тегеренген куураган чөптөр… Нарбото инисинин бетин колу менен калкалап, көзүн ачып-жуумп, жаратылыштын көз ирмемдеги өзгөрүүсүнө ары таң калып, ары коркуп турду. Бир аз эле мурда жаанды эңсеп турган ою, эми ага каршы чыкты.

Чаңызгыткан шамалдын бүтүшүн күтүп, инисин көкүрөгүнө кысып, жерге бүк түшө отура калды. Чарчап араң турган Атаке отурган жерден уйкуга көөшүлүп баратты. Ага кошулуп Нарботонун  да көздөрү жумулду…

Бир далайдан кийин  ойгонгон Нарбото эч нерседен бейкапар уктап жаткан инисине мээриме төгүлө карап, жүзүнөн сүйүп койду да, ордунан туруп, тегерекке көз чаптырды. Шамал небак токтоп, күн нуру жолоочуларды ойготууга ашыккандай так төбөдөн тийип, денени аргасыз алсыратат. Колун чекесине алып, тээ алыска көз чаптырды.  Атасы айтып калчу кыргыз тоолорунун карааны көрүнүп калчудай көзүн албай көпкө тигилди. “Ой-баай! Тигине тоолор!” Кубанычтан жүрөгү түрсүлдөй кагып, кыйкырып жиберди. Ишенип-ишенбей көздөрүн ачып-жуумп кайталап карап, чарчап, санааркап турганы таркап, көңүлү алып учту.

— Турагой, Атаке… Тигине биз самаган тоолор көрүнө баштады. Демек, жетээрибизге аз калыптыр, — инисин далыдан таптап ойготуп, кубанычтан жүзү тамылжып чыкты…

* * *

Чокусунан эзели ак кар, көк музу кетпеген аска-тоолор адам баласынын тарыйкасын ичине катып, асман тирей зыңгырашат. Тоо койнунан суурулуп чыгып, тээ жайыкты көздөй таштан-ташка тийип, эркелей аккан тоо суусу бирде көбүктөнө буркан-шаркан түшсө, бирде тынчып жайлай калат. Анда-санда бытпылдык урган бөдөнөнүн үнү менен торгойдун жарыша сайраганы жайдын толуп турган мезгилинен кабар берет.  Жыпар жыты мурун өрдөп, көпкөк тулаңдын арасынан көз жоосун алган тоо гүлдөрү…Сыдырым желге боюн созгон арча-кайыңдар… Көңүл сергиткен булак үнү боз үйлөрдүн биринен чыккан комуз добушуна кошулуп обон созот.

Таң заардан конок тосуу аземи менен алпурушкан үй ээлери меймандарынын улам бирин тосуп, күн мурун даярдалган боз үйлөргө жайгаштыруу менен алек. Кыпкызыл болуп табитти өзүнө тарткан боорсок- нандарын көтөргөн келиндер ары-бери жүгүрүшүп, тойдун шаанисин көтөрөт. Булоолонгон чара-чара эттерди улам бир боз үйгө ташыган, самоор жагып, отун жарган жигиттер…   Алыста улак тартыш оюну күчүнө кирип, ат жалында ойногон азаматтарды  кыйкырык-сүрөөнгө алышкан күйөрмандар…  Түрлөп кийинишип,  чачтарын майдалап өргөн селкилердин улам бирин коштогон бозойлор, ыр ырдашып, күлкү-шаң кошулуп, жаштык кездин ары бактылуу, ары кызыктуу экенин айгинелейт.

Нарбото иниси менен кыргыз жергесине келгенден берки, кыргыз тоюн биринчи көрүшү.  Бул жактын той өткөрүү шаан-шөкөтүн  казак элинин тою менен салыштырып коёт. Баардыгы эле окшоштой… Бирок канткен менен каны тартып тургангабы, кыргыздардагы ар бир көргөн нерсе жанына жакын болуп, делебесин козгоп, кубаныч тартуулайт. Жандарынан ары-бери ат чаап өткөн жигиттерди суктануу менен узата карап, өзүн да ушулардын арасында жүргөндөй элестетип, ата-тегинин кыргыз болуп калганына  ары сыймыктанып, ары кубанып коёт.

Тойдун эң кызыктуу мелдеш оюндарын көрүү  үчүн меймандар көк майсаңга чогулушуп, комуз күүсүнүн коштоосунда  жар салган  ырчыны коштоп жатышты. Аңгыча жарчы:

— Оо, калың журт! Көпчүлүгүңөр күткөн балбан күрөш башталганы турат.  Ар уруудан  эр жүрөк, балбанмын дегениңер даярдана бергиле! — дебеспи.

Жарданган элдин кыйкырык-сүрөөнү тээ алыска угулуп, күрөш кызуу башталды. Кең көкүрөк, арстан жүрөк  балбандар күч сынашууда… Кайсы бир уруудан чыккан жигит улам бирин көтөрө чаап, күйөрмандардын бүйүрүн кызытып атты.

— Дагы кимиң чыгасың? Күч сынашаарыңар калдыбы? —  жарчынын үнү  той ээсине мыскылдуу угулуп, өз уруусунун жигиттеринин жеңилүү ызасына чыдабай кетти:

— Кимиңер калдыңар? Кана-кана! Уят кылбай чыккыла  бирөөңөр…

Чакырууга жооп кылып, эл арасынан жаш жигиттин үнү угулду:

— Мен!

Эскилиги жеткен көйнөктү белинен кыса курчанган, күнгө торуккан жүзүндө эрдемсинүү, көздөрүндө кайрат жазылган жаш бозойду турган эл сынай карады. “Бул ким эле? Кайсы уруудан болот?”- деген суроолор менен бирге: “Жапжаш экен го…Алына караса болмок…”- деген күбүр-шыбыр  тургандарды аралай өттү…

Уу-дуу болгон элдин сүрөөсү Нарботону сүрдөнтүп койду. Бирок намысын алдырбаганга аракет кылып, өзүнөн бир топ жаш улуу, күчкө толуп турган эңгезердей жигит менен тең ата таймашып атты.  Бири-бирине оңой менен алдыра койбогон эки жигиттин күрөшү  күйөрмандардын бүйүрүн ого бетер кызытып, айлана кыйкырык-сүрөөнгө толуп чыкты. Акыры күрөш  бейтааныш жигиттин жеңиши менен аяктады.  “Эми эмне болуп кетээр экен?!”- деп кызыккан  көрүүчүлөр уткан тараптын ким экени, кайдан келгени, кайсы уурунун жигити экени кызыктырбай, анын чыныгы жеңишине ыраазы болушуп, кыйкырык-сүрөөнгө алып, кубаттап да, мактап да атышты…

* * *

Тоо этектей тигилген каз катар боз үйлөрдүн биринде Нарбото иниси экөө, очоктон эми эле чыккан буусу кайта элек этти тамшана карашып, кол салууга батынбай отурушту. Төрдө, калыңдап салынган төшөктө жамбаштап жаткан Канай бий, Нарботону көзүнүн кыры менен сынай карап:

— Ал! Ала койгула! Курсагыңар аябай эле ачты го… – деди.

Этке кол сунган инисин акырын гана далыга нукуган Нарбото алаканын ушалай:

— Рахмат, абаке! Кол жуусак болот эле…- деп сыртты карады.

— Ии, тартынбаган мүнөзүң бар окшойт… — Канай бий карс-карс күлүп, сырттагы жигиттеринин бирин чакыртты да:

— Бул жолоочу жигиттердин колдоруна суу куйгула! — деп буйрук бере сүйлөдү.

— Ии, эми этке карагыла…  Сүйлөй да отургула. Кайсы уруудансыңар? Ата-тегиңер ким?  Эмне максатыңар бар?

Тойдо өткөн балбан күрөштө эч кимди алдыга салбаган жигитти  көтөрө чапкан  Нарботону  Канай бий ак өргөөсүнө чакырган эле…

Кыргыз жергесине келген алгачкы күндөрүндө ар кимдин улагасында түнөп, кандай жумуш болбосун аткарып, эптеп күн өткөрүп жүргөн ага-ининин жашоолору  Канай бий менен болгон бул жолугуудан  кийин  башка нукка бурулду. Канай бий Нарботонун эр жүрөк, тайманбас мүнөзүн жактырып, өз баласындай камкордукка алып, өзүнчө боз үй тиктирип,  мал-жан бөлүп берип, жигит башчысы кылып дайындады…

* * *

— Канай ата, мен келдим…

Жаздыктарды башына каз-катар койдуруп, калыңдап салынган төшөктө көзү жумулуу жаткан Канай бийдин алдында Нарбото кол куушуруп, чөк түшүп отурду да, бийдин калчылдаган колун чекесине тийгизип, урмат көрсөтүү ишаратын кылды.

— Кел, балам… — Канай бий кеберсиген оозун араң кыбыратты:

— Амансыңбы, уулум?

Нарботонун келгенине кубанганын билгизип, ууртунда билинер-билинбес жылмаюу байкалды.

— Аманбыз атаке!

Сыйлап-урматтап, өз атадай болуп калган Канай бийдин төшөк тартып жатып калышы  Нарботонун  ичин ачыштырып, жүрөгүн оорутуп турду.  Атасынын ал- акыбалын улам келип сурап, дагы да болсо сакайып кетээр деген үмүтү бар эле.  Бирок күн өткөн сайын Канайдын оорлоп баратканы Нарботону тынчсыздандырып турду.  Көзүнүн тирүүсүндө, жок дегенде бир ооз сөзү менен  сыйлоо, урматтоо сезимдерин билгизип, айтып калууга далалаттанды:

— Атаке! Көзүңүздүн тирүүсүндө айтып алайын… Бизди өз балаңыздай көрүп, асырап,адам катарына коштуңуз. Жер бөлүп берип, өзүнчө очок, конуштуу кылдыңыз. Күркүрөтүп жылкы айдатып, жигит бөлдүңүз… Баарына ыраазымын атаке! Ыйласам азыр ыйлаймын да, күйүнсөм азыр күйүндүм… Көкүрөгүңүз туйуп, көөдөнүңүз сезип, менин ыраазы экенимди  билсеңиз экен. Сизди өмүр бою аркама көтөрүп, бөпөлөп баксам да аздык кылар эле… Сиз өлгөндө ыйлаганыман, атакелеп жер муштагылагандан пайда чыкпастыр…

Нарботонун  жашы ээ-жаа бербей төмөн кулады. Канай бийдин колун аярлай кармап, көкүрөгүнө койду да, башын ылдый салып, муңканып турду.

— Ыраазымын балам… Ыраазымын…

Канай бий Нарботонун сөзүнө ыраазы болгонун билгизип, шыбырай сүйлөдү. Ал күчтөн тайып кыйналып турганына карабай көөдөнү таза эле. Канча бир жылдар мурун өз баладай асырап алган Нарботосунун колдорун акырын кысып, ичинен тилек айтып, ак жол каалады…

* * *

Адам баласы  үчүн бул жашоо кандай жашап өтпөсүн, эмне менен алектенбесин таттуу боло берет турбайбы… Жаш өткөн сайын өмүрдүн аздыгы билинип, ар бир мүнөт, ар бир саат чени менен гана берилээрин баамдап, артта калган көз ирмемдер кандай да болбосун кайталангыс  экенин кеч түшүнүп, аттиң, дагы бир өмүр берсе эмне… деп жалындаган жаштык доор менен коштошууну ыраа көрбөйт экенбиз да…  Бул жалган дүйнөгө пенденин көз тойбой, жүрөгү канбайт окшобойбу… Бала кездин ажайып сулуулугу менен жаштык доордун махабатка толгон кереметтүүлүгүн жаш улгайганда түшүнүп:  “Жок дегенде бир кайрылса…” деген ой ар бирибиздин көкүрөгүбүздө уялап, жылт этип бир көрүнө калып жок болгон жылдызга суктанып, бирок кайталап көрө албай калган сыңарындай өкүнүп кала берет турбайлыбы .  Анан да бул жашоодо ким болуп өтсөң да ажал үчүн катарыбыз бирдей экен да, бир ууч топуракка тоюп, жер кучактап, баарына ыраазы болуп жатаарыбыз талашсыз чындык экен… “Бир адам өлсө бүтүндөй бир аалам өлөт” деп кайсы бир акылмандын сөзүнүн төркүнүн жакын адамың өткөндө гана туюп, “аттиң ай, асманым урап, капталым эңшерилип, бөйрөгүм бөксөрүп, сени менен  бүтүндөй бир аалам кошо урады” деп зар какшап, кайрый албай кала берет экенбиз да, чиркин дүйнө!

Нарбото жигиттери менен Канай бийдин айылынан эми эле узашкандарында артынан чабарман келип, Канай бийдин тиги дүйнөгө сапар тартканын угузду.  “Теңирим буйруса, жакшы болуп кеткиси бардыр… Ылайым ошондой болсо экен. Калдайган карааны эле мага канчалык кымбат да, канчалык кубат …  Мага эле эмес бүтүндөй айыл элине… Дагы да болсо жолугуп, акыл-насаатын угаармын” деген үмүтү бир заматта урап, асманы аңтарылгандай боло түшкөн Нарбото ээрдин кесе тиштеди.   “Аттиң ай, жалган дүнүйө! Дагы бир пендеңди ажалга тарттырып жибердиңби?!  Ушул мүнөт, ушул саатта кош айтышаарын билгенимде, жанынан чыкпай,  башынан жөлөп, акыркы тамчы суусун өзүм берип,  керээз сөзүн угуп калат элем го!  Эми, башымды койгулап   жер чапчыганымдын, эсил кайран атакем деп зар-какшаганымдын пайдасы  канча?!  Нетсем да, кош бол, атаке… Жаткан жериңиз жайлуу болсун дегенден башка эч айла таба албайт экенмин да!”

Нарбото жигиттери менен ат баштарын артка бурушуп, чабарман менен кошо айылга бет алышты.   Канай бийдин ак өргөөсүнүн алдына аны сыйлап ызааттаган адамдар чогулуп, аялдар кошок кошуп жаткан маалда  кирип келишти да,  негедир өкүрүп түшүү салтын карманышпай, тек гана боз үйгө кирип  барышты. Булардын мындай жоругуна жардана турган калың журт таң кала карашты…

— Нарботонун бул эмне кылганы?!.. Атасы өлсө, өкүрбөй келет дегени эмнеси?!..

— “Бөрү баласы ит болбойт” деген ушу да!  Акыры өз баласы эмес экенин билгизип койду ээ?!..

— Атаң көрү!  “Эсил кайран атакем”- деген бир сөзүн аяганыбы?!  Казак  казактыгын кылды окшойт!..

— Мал-жан бөлүп берип, токолунун эмчегин эмгизип, уулдарына эмчектеш бир тууган кылып берген жакшылыгын унуткан окшойт бул келгин!..

— Ээй… Канча кылса да казак да… Аларда өлүк башында өкүрбөйт деп уктум эле… Ошонусу чын окшойт бейм?..

— Ошондойлору да бар бекен?.. Аларда антишпессе эле, бизде да ушинтиш керек бекен?.. Туура эмес болуп калды, ушунусу…

Нарботонун өкүрбөй түшкөнүнө нааразы болгондордун  ичи күбүр-шыбырга толуп, анын бул кылыгына таң калышып да, жаман көрүп да жатышты…

* * *

Нарбото канча жылдар мурунку болгон окуяны уулуна айтып берди да:

— Кыргызым деп жөө-жалаңдап келип, өзүм үчүн туурадай сезилген ушул ишти кыла коём деп, казак атка конгонум ырас. Ал сөзгө терикпейм деле… Кеп атта эмес, затта го… Жүрөгүм кыргыз деп согуп, көңүлүм Ала-Тоомду сүйүп турат. Өлсөм, артымда калаар тукумум кыргыз жерин жердеп, кыргыз тилинде сүйлөп калаары мен үчун  чоң кубаныч. Анан да казак-кыргыз бир тууган болуп калбадыкы…  — деп уулун сыймыктуу карап, жылмайып койду…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *