Кыргыз эл жомогу

Илгери-илгери бир кан болгон экен. Ал бир күнү түш көрүптүр, түшүндө мүшкүл иш көрүптүр. Бир куш көрүп, куштун көзүнөн жаш ордуна шуру агат экен. Ал эми мындай ажайыпты кан эч качан угуп көрбөптүр.

Эртеси кан ордунан турбай шашке болгуча жата бериптир. Ошол кандын үч уулу бар экен. Экөө бойго жеткен жигит, бири ойноок бала. Балдары келип сыр сурайт, кан айтпайт да, сүйлөбөйт. Эртеси ошо убакта эки колун бооруна алып, чөгөлөп дагы сурашат. Кан баягы түшүндөгү ажайыпты айтат. Эки баласы ошол кушту таап келиш үчүн «барабыз» деп камынып, жөнөп калышат.

Күн өтүп, ай алмашып, жылдар жылат. Бирок кандын балдары дарексиз жоголот. Алиги кичүү баласы бой тартып жигит болот. Кан болсо кайгыга батып, эки баласынын күйүтү жеңет да, эл суроодон калат. Ар ким өз билгенин жасап, чаң-тополоң башталат. Ошондо бала элдин билермандарын жыйып, ары акылдуудан, ары амалдуудан, эл камын ойлогон эр жүрөк баатырдан он башыдан миң башыга чейин шайлайт да, атасына келип эки агасын таап келиш үчүн уруксат сурайт.

Анда кан: «Эх-ээ, балам, эки агаң кетип келбей калды, мен көргөн нерсе болбогон бир кыял экен, бейопо дүйнө, эми сен барба, мен өлсөм ким көмөт, элди ким сурайт? Тирүүлүгүмдө жанымда жаша?» дейт. «Жок ата, шуру көз кушту таппасам да, агаларымдын бир дарегин билермин. Сиз эч нерседен муктаж эмессиз, ал эми агаларымды таап келбесем арманда өтөрсүз, уруксат бериңиз? Кандыгыңыздан кам санабаңыз, айлалуу-амалдуудан, эр-жүрөк баатыр калыс адамдардан журт башчысы кылып дайындадым. Мага уруксат берсеңиз экен» деп эки ирет суранып таазим этет. Ошондо кан: «Бак карасын, Кыдыр даарысын. Баатырдан жолдошуң болсун, ак пейил колдоочуң болсун, оомийин», — деп батасын берет.

Бала кажыбасты минип, жыртылбасты кийип, кырк күндүк азык алып, кырк күндүк жолду бет алып жөнөйт. Күн кырк батты, таң кырк атты, бала да уйку даамын кырк татты. Кыйналды, аты ыргайдай, өзү куурайдай болду. Көзү соолуп бараткан булактай үңүрөйдү. Аты арык, өзү карып болду. Ал эми кырк биринчи күнү дегенде өзү өргүп, атын оттотуп уктап калды. Бир убакта көзүн ачса түн түшкөн, «коркок — наамарт, баатыр — жоомарт» деп атын караса, аты оттоп жүрүптүр. Бала төшкө чыгып көз чаптырса, коргоолдой жерден кол башындай от жылтылдайт…

Бала кайраттанып кол созуп, атын токунуп, бир заматта баягы отко жетип барды. Жакындап келип көз салса, аябай оңдон азган, бети-башын жүн баскан, кийиминин чалдыбары кеткен эки киши арчадан отту улуу жагып уктап жатыптыр. Бала баягы экөөнү ойготуп, алардын ал-жайын сураштырса, өзүнүн агалары экен. Ошентип үчөө бири-бирин таанып, кучакташып көрүшөт. Эртеси саарда туруп оокаттанышып, үчөө баягы шуру көз кушту издеп жөнөп калышат. Андан жүрүп отуруп, «Барса келер», «Барса келер-келбеси арсар», «Барса келбес» деген үч жолдун айрылышына келишет.

Чоң агасы «Барса келер» деген жолго, ортончусу «Барса келер-келбеси арсар» деген жолго түштү. Ал эми эң кичүүсү «Барса келбес» деген жолго түшүп, эки агасы менен кайыр кош айтышып, ашуу ашып суу кечип, токой аралап, чөл кезип, аскалуу тоого кез келди. Бир кезде бала сайды өрдөп, асканы аралап баратса, бет маңдайынан түрүлүп сансыз кийик чыгып, бура бастырбай каптайт. Бала ажыдаарча ышкырып жибергенде бир аз токтоп калат да, кайра жапырып жолун тосот. Акыры бала жолборсчо качырып киргенде, кийиктер тең жарыла берет. Бала андан күн баткан жерге конуп, таң аткан жерде жолго чыгып жүрүп отуруп, как эткен карга, кук эткен кузгун жок бир жерге туш келет. Аңгыча көздөрү чакырайган, чачтары саксайган бир кемпир пайда боло калып: «Как этип карга учпаган, кишинин буту баспаган жерде адамзат эмне кылып жүрөсүң? Сүф, кийик бол!» деп баланы кийик кылып койду.

Бала так секирип кийиктерге аралашып кетти. Ал жүрүп отуруп устундары жез, сараптары күмүш, торсундары тилла, увасалары каухар, бир ажайып заңгыраган айвандуу үйгө кез келди. Үйдүн далисинде күмүш толгон жаван жаркырайт. Увасалардагы каухар шам чырактай жаркырап күйүп турат. Бала айран-таң калып төркү үйгө кирсе, ай десе ардак, күн десе кымбат, бир перидей сулуу кыз олтурат. Сүйлөйүн десе сөзү жок, баланын ичи жалын чок, эки көзүнө жаш буурчактай томолонуп, санаасы сайдын ташындай, арманы аттын башындай арбын, перизатты буту менен секирип чапчып, бышкырып зорго ойготту: Перизат бир толгонуп көзүн ачып ойгонуп:

«Как баш апам ай, дагы бир маңкайган жигитти тикчийген кийикке айландырып койгон тура, таш боор» деди ичинен күбүрөп. Челектеги сууга ак ташты салып, андан кара ташты алып, балага жети мертебе дем салып, мурунку калыбына келтирди да: «Кандай жумуш менен жүргөн жансың? деди. Бала бермет баштуу кушту издеп келгенин айтты эле, кыз мындай деди: «Ошо атаң түшүндө көргөн куш меники эле, аны перилердин каны зордук кылып алып кеткен. Перинин шаары өтө алыс, барсаң өлөсүң, барба» деди. Бала буга макул болгон жок: «Өлсөм мейли, барамын, атам боорун көтөрбөй жатат. Антип жата берсе ажалынан мурун өлүп калышы мүмкүн, барбасам болбойт» деди.

Кыз баланы сынап: «Бери жагы кырк күнчүлүк жол, аягы чаң-тополоң шор, мындан өтө албайсың. Ар жагында кырк күнчүлүк кыя ашуу, андан аша албайсың, ашсаң түшө албайсың, ашуудан түшүү кырк күнүлүк жол. Эгер булардан өтсөң, асман мелжиген чынар бар, анда алп кара куштун уясы бар, ал жылыга тууйт, жылыга балдарын ажыдаар жеп коёт. Эгерде ажыдаарды өлтүрүп, алпкара куштун балдарын аман алып калсаң гана оюң орундалат. Ошонун баарын аткарууга күч-кубатың жетпейт, бөөдө өлүм болуп жүрбөгүң» деди.

Бала: «Ал жагынан кам санаба, алышууга алым, күрөшүүгө күчүм бар» деди. Ошондо баланын айтканынан кайтпасына кыздын көзү жетип, ага бир кутуча берди да: «Болуптур ак жолуң ачылсын, ушу кутучаны эч жоготпо, курсагың ачса, ичиндеги гүлазыктан бир чымчым жесең, ач болбойсуң» деди. Бала кыз менен кыянаттык дос болду да, жөнөп кетти.

Карды ачканда кутучадагы гүлазыктан бир чымчым жеп, чарчаганын жазып, чырым этип уйку албай, эч жакка буйдалбай жол жүрдү. Кыз берген гүл азык уйкусун кандырып — уктатпай, чарчоосун жазып — чарчатпай аттан тез, куштан ылдам жүргүзөт экен, кырк күнчүлүк жолго төрт күндө жетти, кырк күнчүлүк ашуудан төрт күндө өттү, ашуудан ары кырк күнчүлүк ылдыйга төрт күндө түштү. Аңгыча асман мелжиген чынар көрүндү, ага жетип барса, жоондугу теректей ажыдаар чынарга оролуп чыгып баратыптыр.

Чынар башында алпкара куштун балдары чыркырап отуруптур. Бала гүлазыктан жеп, кылычын кынынан сууруп, керилип туруп чапты эле, ажыдаар тең бөлүнүп жатып калды. Бала ажыдаарды барча-барча туурап, чынардын башына чыгып барса, алпкара куштун үч балапаны сүйүнүп, ага канаттарын саябан кылып беришти да: «Сен эми жерге түшпөгүн, энемдин келе турган маалы болуп калды. Энем келеринде катуу бороон жүрөт да, анын эпкинине эч нерсе туруштук бере албай койдой таштар кодураңдап, аттай таштар аңыраңдап, үйдөй таштар үңүрөңдөп учат, мындан эч коркпогун. Учуп келип конгондо чынар үч мертебе жерге тийип, үч мертебе асманга чыгат. Мындан да коркпогун» деп баланы канаттарына катып жашырып коюшту.

«А-бу» дегиче болбой, аалам алай-дүлөй болуп, жандуудан эч нерсе көрүнбөй калды. Чынында да алпкара куштун каары анын балапандары айткандай экен, үйдөй таштар үңүрөңдөп, аттай таштар аңтарылып, койдой таштар коңторулуп учту. Аңгыча алпкара куш чынар терекке учуп келип конду эле, анын башы жерге үч тийип, үч түзөлдү. Балапандарынын аман экенин көрүп, алпкара куштун көңүлү тынды. Бир паста борошо басылып, күн ачылып, жай күнү кадимкидей жаркырады.

Ошондо алпкара куштун балапандары энесине: «Жамандыкты көрсөтөлүбү, же жакшылыкты көрсөтөлүбү?» деди. Алпкара куш: — «А дегенде жамандыкты көрсөткүлө» деди.

Балапандар төрт бөлүнгөн ажыдаарды көрсөтүштү эле, алпкара куш баарын бир сугунуп туруп, күкүм кылып кайрадан бүркүп жиберди. — «Эми жакшылыкты көрсөткүлө, балдарым» деди. Балапандар баланы көрсөтүштү эле, алпкара куш баланы белине чейин сугунуп калганда, балапандары энесинин канатын тыткылап, алкымын апчылап, чый-пыйы чыгып кетти. Алпкара куш баланы кусуп жиберип: «Эй шашма тентектерим, бир пас аяңдасаңар го, баланы ок өтпөс, кылыч кеспес, отко күйбөс, сууга чөкпөс кылат элем» деп үшкүрүп отура кетти. Ал баланын ал-жайын сурады. Бала шуру көздүү, бермет жандуу кушту издеп чыкканын айтты. Алпкара куш: «Жакшылыкка жакшылык, жардам берейин. Мен ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон терем. Сен терилерин сыйрып, чанач кыл, эттерин шылып ага сал, анан учабыз» деди.

Алпкара куш өзү айткандай, ой кийигин ойдон, тоо кийигин тоодон терди. Бала болсо алардын терисин сыйрып, этин миң чаначка салып, миң чаначка суу куюп, оозун бууп, алпкара куштун үстүнө арта иреттеп койду да, өзү анын үстүнө отуруп алып асманга көтөрүлдү. Бала алпкара куш оң жагын караганда бир чанач эт, сол жагын караганда бир чанач суу берип жүрүп отурду. Бир убакта алпкара куш баладан: «Жер көрүнөбү?» деп сурады. Бала: «Жер токум бетиндей гана бүлбүлдөйт» деди эле, алпкара куш: «Али жете элек экенбиз» деп кайрадап уча берди. Алпкара куш эт сурап кайрылганда, бала өз такымынан эт шылып бере салды. (Ошондон кийин адамдын такымы чуңкур болуп калган экен).

Бир убакта алпкара куш: «Жер көрүнөбү?» деди. Бала: «Жок көрүнбөйт» деди. Бир топ убакыттан соң алпкара куш: — «Жер көрүнөбү?» деп дагы сурады. Бала «көрүндү» деп жооп берди. «Анда жеткен экенбиз деп учуп келип конуп калды да, «Эми мындан ары өзүң бар, мына бу чокунун ар жагын дөөлөр мекен кылышат. Алар кырк күн уктабайт, кырк күнү уктайт. Чокуга чыгып карагын, эгер дөөлөр ар кайсы жерде тоодой, таштай томпоюп жатса уктаганы. Уктаган болсо мени чакыр. Уктабаган болсо келе бер» деди.

Бала чокуга чыгып барса, тоодой-тоодой дөөлөр күн күркүрөгөндөй коңурук тартып уктап жатыптыр, алпкара кушту жандап чакырды эле, ал чокуга чыгып келип, баланы ошол жерде күтүп жатып калды. Бала болсо дөөлөрдү аралап өтүп, шаарга кирет. Андан шуру көздүү, бермет жаштуу кушту издеп үй-үйдү кыдырат. Акыры чарчап, бир кооз үйгө кирсе, анда бир сулуу кыз уктап жатыптыр, кыздын жанындагы капаста бир куш отурат. Бала көпкө ойлонуп туруп, тобокелге салып кызды ойготту эле, кыз баланы көрүп: «Кайдан жүргөн жансың, адам баласынын буту жетпеген жерге кантип келдиң?» деп суроо салды. Бала өзүнүн кайдан, эмнеге келгендигин айтты.

Кыз болсо аны менен кетүүгө макул болуп жөнөп калды. Бала кушту алып, баягы үч жолдун айрылышына жеткирип коюп, кош айтышып кайра тартты. Андан кызды ээрчитип, кушту колуна кондуруп, баягы агалары менен коштошкон жерге келсе, эки агасы жолун тосуп отуруптур. Ортончусу кара сакал чал болуптур, улуу агасы ак ала сакал чал болуп, карылыкка моюн сунуптур. Эки агасы инисинин баягысынан да сулуу, мурункусунан да жаш, күчтүү болуп калганын көрүп, аябай таң калышты. Түнкүсүн экөө акылдашып: «атам ансыз да муну жакшы көрүүчү эле, эми энчиден чындап куру кала турган болдук. Муну өлтүрүп, кушту «биз таптык» деп алып баралы дешти да, уктап жаткан жеринде баланы да, кызды да өлтүрүп, кудукка таштап, кушту алып жөнөп кетишти. «Кушту биз таап келдик» деп атасына барып: «Кичүү уулуң биз кой десек болбой, барса-келбес жолго түшүп, ошол бойдон жоголду. Күтө-күтө жол арыттык. Акыры келбегенден кийин күдөр үзүп, шуру көздүү, бермет жаштуу кушту алып мында келдик» дешти! Атасы кичүү баласынын кайтпаганына аябай капа болуп: «Мага кичүү баламсыз куш керек эмес, кушту силер алгыла да, баланы таап келгиле» деп экөөнү кууп жиберет. Мындай чыгып экөө кушту талашып чырлаша кетип, улуусун ортончусу өлтүрүп коёт. Анан кушту алып, дагы бир кандын шаарына барып туруп калат.

Муну быякка таштайлы да, баягы кичүү бир тууганга кыямат дос болгон кыздан сөз баштайлы. Ал түнүндө түш көрүп, түшүндө өлүп, кудуктун түбүндө жаткан кыз менен баланы көрүп, дос кызынын кырк дөөсүн ээрчитип, жетип келет да, тогуз жолдун тоомунда өлүп жаткан кыз менен жигитти тирилтип, жолго салып, өзү көздөн кайым болот. Бала элине келип, ортончу агасын таап, шуру көздүү, бермет жаштуу кушту атасына алып берип, өзү баягы кызга үйлөнүп, бакыт-муратка жетип, жыргап жашап калат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *