Бейшебай УСУБАЛИЕВ 

Адабият таануу

Улуу адамдарда мындай бир касиет бар окшойт – алар түбөлүк сыр, табышмак бойдон калышат экен. Алыска барбай эле, дүйнөлүк залкар сүрөткерибиз Чыңгыз Айт­матовду алалычы, бул киши тууралуу канча эмгектер жазылбады, өзү да канчалаган маектерди бербеди, кыскасы, өзүн тегиз ачып кеткендей болгон. Эми карасаң, эч нерсеси ачылбаган сыяктуу, тескерисинче, улам сырдуулугу, табышмактуулугу артып бараткансыйт.

Өңгөгө билбейм, мен үчүн мындан да өткөн сырдуу жана табышмактуу адам – бул Курманжан датка. Бүбайша Арстанбекованын 2008-жылы жарык көргөн «Карегимде – Ата Журт» аттуу ыр жыйнагын окуп чыкканда, жүрөгүмө жебедей сайылган чыгармаларынын бири «Курманжан датканын арманы» деген чакан поэмасы болгон эле. Ошондо мен ичтен сызып отуруп, минтип жазган элем:

«Сен ажалга башың сунуп турганда,
Көзүм эмес жаным күйүп ыйлагам».
Бул армандыр, балким, актануудур, бирок поэманы жалпы алып караганда, бул арман да эмес, актануу да эмес, бул андан да оор нерсе, бул акырет алдында энесинин баласынан кечирим суроосу. Энеси баласынан кечирим сурагандан өткөн бул дүйнөдө тозок, шор бар бекен?!

«Мен Курманжан датка болсом элиме,
Балдарыма элжиреген энемин».
Чын эле Курманжан, баарынан мурда, эне эле го, ал өзүн датка да, акылман да, эл башчы да катары көргүсү келчү эмес, ал өз нуркунда жөпжөнөкөй гана элжиреген эне болгусу келчү. Бирок катаал жагдай-шарт анын колунан дал ушуну жулуп кетпедиби! Бул шордун жеткен жери эмеспи. Көрсө, эне болуу эне үчүн зор бакыт гана эмес, түгөнбөс шор, муң-кайгы да турбайбы, анткени кандайдыр бир шартта өз балаңды өз ыктыярың менен ажалдын колуна салып берүүгө туура келет турбайбы!»

Мени ушинтип жазууга мажбур кылган Бүбайшанын чакан поэмасы мына эми көлөмдүү тарыхый поэмага айланып маңдайымда турат, чыгарманын аты – «Курманжан датка», анда айтылуу датка апабыздын өмүрү, элестүү айтканда, ийне-жибине чейин терип-тепчилип жазылган. Поэманын кол жазмасын дыкаттык менен окуп чыккан соң жүрөгүмдөн эки дайра бөлүнүп чыккандай болду: биринчиси – Камчыбектин дарга асылышы, экинчиси – Курманжан датканын калган өмүрү, тактап айтканда, Курманжан датканын бүтүндөй өмүрү бир тең болду да, Камчыбектин дарга асылышы бир тең болду. Мурда эле башын кылтыйтып, жанымды эзип, жүрөгүмдү сыздатып келген момундай бир суроону бул жолу ачык коюуга мажбур болдум: – Курманжан датка баласын ажалдан алып калууга кудурет-күчү, кадыр-баркы жетет беле? Мына, сөзсүз эле дарга асчудай Камчыбек анчалык деле оор күнөө кылган жок эле го, демек, Курманжан датка ошол жердеги орус төбөлдөрүнүн алдына барып бир суранып койгондо, айласы кетсе жалынып-жалбарып суранганда, Камчыбек аман калмак да, Камчыбекти суранып аман алып калды деп, орустар кыргыз элин тегиз кырып жибербейт эле да! Менин жүрөгүмдү мыжыган ушул суроо, балким, бүгүнкү күндө башкаларды да бейпайга салып жүргөн чыгар?.. Бирок Курманжан датка орус төбөлдөрдүн алдына суранып барбады. Болгону Камчыбегин экинчи жолу дарга асарда:

«Айттым анда чыркырадым: – Жаза бир!»
Өлүм да бир! Экинчи ирет аспагыла!»

деп чымындай жаны чыркырап турду…

Эмне үчүн жалынып-жалбарып, суранып барбады? Буга ар ким ар кандай жооп кайтарып, ар ким ар кандай жооп издээр. Ал эми Бүбайшанын «Курманжан даткасынан» мындай суроону, ага кайтарылган жоопту табууга болобу? Жоопту таба албайбыз, бул жагынан автор колдоого толук акылуу, анткени көркөм чыгарманын мындай бир мыйзамченеми бар, ал жооп кайтарбайт, маселе, суроону чечпейт, бирок чечүүгө окурманды түйшөлтөт жана мажбурлайт. Суроо коюлабы? Коюлат, ал төмөндөгүдөй:

«Бүт элимди курмандыкка чалганча,
Бүлүк салып баарын кырып алганча.
Эл тынчтыгын сактап калсам болобу?
Деген суроо мажбур кылып кайрадан,
Баш ийдирди буйругуна тагдырдын
».
Арийне, «Бул суроо эмес эле, жооп болуп жатпайбы, элин кырып албайын деп Курманжан датка Камчыбегинин башын сураган эмес турбайбы» дечүлөр четтен табылат. Бирок биз бул үзүмдү жалпы поэманын алкагында алып карап көрөлүчү, ошондо бул жооп эмес эле, Курманжан датканын өзүн өзү жооткотуусу, ал эми автордун эл алдында койгон суроосу болуп чыга келет. Жоопту биз, окурмандар, издешибиз керек, издеп да көрөлү.

Улуу психолог З.Фрейд кандай жооп кайтармак, мен аны билбеймин, ал эми өзүм мындайча боолголойм: мен жоопту кандан (ген) издегим келет, мына курманжандык кан, алымбектик кан, курманжандык жана алымбектик кандан жаралган камчыбектик кан! Демек, бирөөнүн алдына басынып, суранып баруу Курманжандын да, Алымбектин да канында болгон эмес, Курманжандын энелик мээр-сезими жеңип, суранып барган күндө да, орустар аны кабыл алган күндө да, Камчыбек кабыл алмак эмес. Муну Курманжан датка да, Камчыбек да – экөө бирдей кан-жандары менен сезип-туюп турушкан. Мына ушул адам жаны сыяктуу көзгө көрүнбөгөн, башынан кечирип жаткан адамдын өзү да аңдай албаган психикалык керемет бир сезим бүткүл адамзат үчүн сабак болчу жана кылымдар өчүрө алгыс жогоркудай трагедия-шорду жаратты, биз аны трагедия-шор катары карап жатабыз, бирок Курманжан датка жана Камчыбек үчүн трагедия-шор беле – бул өзүнчө иликтөөнү талап кылган өтө олуттуу маселе, ошондуктан азырынча ага тийишпейли. Болгону бизди жогоркудай түйшөлтүүгө мажбурлай ала турган көркөм баянды жараткандыгы үчүн Бүбайшага ыраазычылык билдирүү менен чектелели.

Мен жогоруда Бүбайша бул чыгармасында Курманжан датканын өмүрүн ийне-жибине чейин терип-тепчип, болгонун болгондой жазганын атайы белгилеп көрсөткөн элем. Чындыгында эле, Курманжанды казууда Бүбайша опол-тоодой эмгек кылган: тарыхый булактарды аңтарып-теңтерип чыккан; эл аралап, жер кыдырып, далай адамдар менен аңгемелешкен; тарыхый фактыны бурмалоого дити барбаган, аны дал өзүндөй берүүгө жан үрөгөн. Көркөм адабият билермандары момундай деп көп эле какшап жүрүшөт: көркөм чыгарманын жаны болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй чагылдырууда эмес, а ойдон чыгарууда жатат, ал эми бул кызылдай мээнетти, ашкере чеберчиликти талап кылат, жазуучунун сүрөткерлик дарамети да дал ушунда көрүнөт…

Эгер ойдон чыгаруу болбосо, ал орундуу орун албаса, анда отчет, тарыхый информация өңдүү бирдемелер эле жаралып калат. Эгер ушул жагдайды эске алсак, анан тарыхый фактыны бурмалабай, болгонун болгондой берген деп Бүбайшаны көкөлөтүп жатканыбызды эске алсак, анда Бүбайшанын чыгармасы көркөм туундубу же болгону тарыхый маалымат, информация ганабы, эгер көркөм чыгарма болсо, анда Бүбайша эмнелерди ойдон чыгарган, жүрөк титиретчү кандай көркөм деталдарды кошкон деген мыйзамченемдүү суроо өзүнөн өзү туулбай койбойт. Арийне, бул боюнча өзүнчө узун сабак сөз кылууга туура келер эле, бирок биз ток этер жерин гана айткыбыз келет.

«Курманжан датканы» кимдер гана окубасын, аны, баарыдан мурда, көркөм чыгарма катары кабыл алат, поэманын образдуу, поэтикалуу маңыз-мааниси окурманды ушундайча кабылдоого аргасыз кылат. Бул – бир. Экинчиден, Бүбайша жүрөк титиреткен, же сыздаткан кандайдыр бир көркөм деталь, табылгаларды деле ойдон чыгарып, аларды чыгарманын тулкусуна сиңдирип салган эмес, болгону ал чыгармага өзүнүн жанын кошкон, жанын чыгармага жууруп таштаган. Жанга так аныктама берген психолог окумуштууну мен бул жалганда учурата элекмин, бирок ошол психолог «Курманжан датканы» окуса, анын карапайым, жупуну эле саптарынан да Бүбайшанын жанын көрүп турмак. Карапайым, жупуну эле саптарды окуп жаткансыйсың, бирок алардын ар биринен Бүбайшанын кандай дем алганын угуп турасың, күйүт менен арманы, жыргал менен жыласы, таңдануусу менен сыздоосу, айтор, адамга кандай сезимдер таандык болсо, ошонун баарынын илеби кадимкидей уруп турат, баарынан да ошол сезимдин табигыйлыгына, аруулугуна ишенбей коё албайсың. Үчүнчүдөн, мына ушул жандын табигыйлык менен аруулугу чыгарманын оңунан чыга бербеген жерлерин (көркөмдүк кем-карчын) мизилдетип жууп кетип турат.

Кыздарды сыйлоо жагынан дүйнөдө кыргыз элине тең келе алчу калкты табуу өтө кыйын. Буга байланыштуу чыгармадагы эки окуяны кыстара кетели. Жалпыга маалым, ал доордо ак никелүү жарын чанып, төркүнүнө кетип калуу деген бул – түшкө кирбеген жорук, кечирилбес күнөө, бүтүндөй калкты бүлүккө салган түйшүк болгон. Бирок жетесинен зирек бүткөн Курманжан мунун баарын жон териси менен сезип-туюп, кара башын канжыгага байлап туруп, дал ушул түшкө кирбес жорукту баштап олтурбайбы. Биздин айтайын дегенибиз мында деле эмес, кеп – ушул Курманжанды, ак никелүү жарын чанып таштап кеткен Курманжанды, ата-энесинин, элдин кандай кабыл алгандыгында. Атасы минтип айтып жатпайбы:

«Мага кымбат келгениң аман-эсен,
Мага кымбат кызым сенин алтын башың.
Келсе, келсин Төрөбай мен даярмын,
Урушса, урушамын төкпө жашың.

 

Мынакей алгын! Тогуздап берген малыңды,
Токсондоп берген күмүш-тилла калыңды.
Айыпка деген жылкыңды алгын! Баарын ал!
Бирок бербейм! Силерге Курманжанымды».
Минтип, чындыгында, кызды урматтай алууга жарактуу калк гана айта алат.

Жамы журтка өзүнүн мекенчилдиги менен аттын кашкасындай таанымал Жаныбек казы атасына аш берип, Курманжан датканы чакырат. Ушул жерден автордун өзүнө сөз берели: «Курманжан датка алыскы Алайдан жол жүрүп Кара-Шорого келе жатып, Өзгөндүн Какыр деген айылына жеткенде жоргосунан түшүп эс алайын деп олтуруп калат. Алдынан утурлап тосуп чыккан Жаныбек казы Курманжан датканы урматтап, отурган жеринен козгобой, ошол жерге боз үй тиктирет. Жаныбек казы Кара-Шородо өтчү атасына куран окутуу, аш берүү шаан-шөкөтүн Какырга алып келип өткөрөт».

Эми өзүң ойлонуп бак, окурманым: бул эмне, Курманжан датканын даражасына кылган кошоматтыкпы, балким, бул кыргыз элинин аялдарга карата сый-урматынын бир гана үзүмү болуп жүрбөсүн?!

Поэмадагы алдей ырларын, армандуу кошокторду, элибиздин үрп-адатына, каада-салттарына байланыштуу сүрөттөөлөрдү окуп олтуруп, аны кыргыз каада-салтынын бир ыптасын таасын жана элестүү чагылдырган чакан көркөм энциклопедия катары карагың келип кетет. Бул жерлерде Бүбайша өзүнө өзү ээ боло албай калгандай, бул чыгарманы өзү жаратып жатканын эстөөгө шаасы жетпей калгандай, бир чачылып, бир төгүлгөн, акындык касиет менен энелик касиет камыр-жумур болуп жуурулушуп кетип, аларды ажыратууга таптакыр мүмкүн болбой калган. Деги эле бүтүндөй поэманы окуп жатканыңда ал акын-эненин же эне-акындын колунан чыккандыгына ынанбай коё албайсың.

Дагы бир байкаганым – бул поэманын олуттуу бөлүмдөрү, тагыраак айтканда, «Датканын урпактарынын совет доорундагы тагдырлары» дегенге чейинкиси жазылбай эле, төгүлүп түшкөндөй таасир калтырат, ошондуктанбы, аларды тынып-тынып окубай, төгүлүп окушуң керек экен, болбосо чыгарма өзүнүн кандайдыр бир кунарынан ажырап калчудай туюлуп кетет. Автордун өзүнө ээ-жаа бербеген мындай төгүлүү Бүбайшаны кызылдай түйшүккө салса керек деп мен азыр ойлоп олтурам.

Арийне, жогоруда мен поэмага талдоо жүргүзүүнү көздөбөдүм, бул өзүнчө бир машакатты талап кылган иш деп билем, болгону мен поэмадан алган алгачкы таасирлер жөнүндө гана айтайын дедим. «Курманжан датканы» толук кандуу көркөм чыгарма катары кабылдоого өбөлгө түзгөн көптөгөн касиет-сапат, көркөм каражаттар, ык-амалдар бар, ошон үчүн мен аны көркөм чыгарма катары карап отурам, ошондой эле чыгарманын көркөмдүк даражасына шек келтирген кем-карчтар да жок эмес, мындай дурус-буруштар тууралуу келечекте өзүнчө сөз болууга тийиш деп ойлойм.

Ошентип, поэмабыз да окулуп бүттү, андагы көркөм баяндалган тагдырларга күбө болуп отуруп, кайрадан ойго чөгөсүң: Курманжан датка, Алымбек датка, булардын кандарынан бүткөн урпактары: Камчыбек, Абдылдабек … – булар чын эле адамдар болгонбу, же таптакыр башка жанбы; эгер чын эле адамдар болсо, анда эмне үчүн өздөрүнүн жекече, карабашыл тагдыры, бактысы жөнүндө ойлонушпайт, деги алар адамда жекече тагдыр, бакыт деген болорун, болууга тийиш экендигин сезип-туюшканбы? Кимиси болбосун, кайда жүрүшпөсүн – баарында тең бардык жерде бир гана санаа: кыргыз эли качан, канткенде өзүнчө, эркин эл болот?

Алар, балким, биз бүгүнкү күндө да аңдоого дараметибиз жетпей келаткан мындай бир ачуу акыйкатты ошондо эле кан-жаны, жон териси аркылуу сезген чыгар: өзүн эркин сезе албаган эл – өзүнүн элдик касиетинен, улуттук кулк-мүнөзүнөн ажырап калат! Ушул ыйык чындыкты ар бир кыргыздын жүрөгүнө өздөрүнүн бүтүндөй ой-санаасы, жүрүм-туруму, атүгүл төгүлгөн каны, көөдөндөн суурулган жүрөгү менен жеткиргиси келген чыгар, чын эле, өзүн эркин сезе албаган элде кандай жеке тагдыр, бакыт болмок. Сурануу, басынуу – биресе дал ушул эркиндиктен өз ыктыярың менен ажырап калуу дегендик, ушул жерден да Камчыбектин дарга асылышын, Курманжан датканын орус төбөлдөрүнө суранып басып барбаганын аргасыз эстейбиз. Ушундай ойго чөгүп отуруп, акыры Бүбайшанын Алымбек датка, Курманжан датка, Камчыбек, Абдылдабек, Мамытбек өңдүү каармандарын: «Биз менен бир аз болсо да чогуу жашап кеткилечи!» – деп чакыргың келип кетет.

Баса, ааламдагы залкарлардын купуялуулугу, табышмактуулугу өздөрүнүн керт башын, жекече тагдыр, бактысын ойлобогондугунда болуп жүрбөсүн. Эгер чын эле ушундай болсо, анда анын ана башында Курманжан датка турат да, андан кийин Алымбек датка, Камчыбек, Абдылдабек, Мамытбек… болуп чубап өтөт, баары чогулуп келип, өзүнчө эле бир табышмак, керемет ааламын түзүп калат. «Курманжан датка» тарыхый поэмасы боюнча менин азырынча айтаарым мына ушул.

Ала-Тоо, июнь, 2015

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *