«Айтыш» коомдук фондунун 15 жылдыгына… 

Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан. Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. А чыгармачыл адамга мунун өзү кандай оор сокку?! Анын үстүнө 90-жылдардан 2000-жылдарга чейинки турмуш каары чыгармачыл адамдарды эле эмес, байманасы ашынып тургандарды итке мингизип таштаганын ким унутат? Ашыке менен Тукебиз кайышып жүргөн ошол мезгилдерде, эки аксакалдын сөөгүн агартып Садык Шер-Нияз “Айтыш” коомдук фондун ачты. Эки аксакал өздөрүнүн төкмө ырчылык мектеби ачылганына жетине алышпай, өлөөр өлгөнчө Сакемди алкап жүрүп өтүштү.

Ошол жылдардан тарта Сакем экөөбүз да коюн-колтукташ тилектеш, доско айландык. Далай урушуп-талаштык. Көп учурда Сакем мени уйкудан калтырып, түн жарымына чейин иштеткенине ызырындым. “Нормальный” адамдар 8 саат иштесе, “Айтыш” коомунун өкүлдөрү үйлөрүбүзгө түн оогондо барабыз. А командадагылар мага шыбырашат: “Сакеге сиздин тилиңиз өтчү эле, досуңузга айтыңызчы: бизди эртерээк бошотсун” деп чыгышат чычымдар. Өзүм деле үйгө кеталбай араң тургандыктан, Сакеге ороңдоп бир тийип алам. Ал мага ызырынып баштайт: “Ушинтип атсак кантип өнүгөбүз?! Сага уйку кымбатпы же улуттун маданиятын көтөргөнбү?!” Муну укканда баарыбыздын диңкебиз сууп отуруп калабыз…

“Айтыш” коомдук фонду менен “Айтыш-фильм” киностудиясын Сакем ошентип баарыбызды уйкудан калтырып жүрүп өнүктүрдү. Ким-бирөөнү ишке алаарда өзүнүн бир кеби бар: “Бизге чындап иштей аласыңбы, жокпу? Айтып коёюн, биз күнү-түнү иштейбиз. Үйбүлөм бар, тууганым өлүп калыптыр, таяке-жээниме барат элем дегендерди ишке алалбайбыз…”

А чынында кыргыз коомун өнүктүрүп-өстүрүүгө Сакемдей талабы күчтүү эр-азаматтар жетпей турган жокпу?

Оозеки чыгармачылыктын экинчи өмүрү

“Айтыш” коомдук фонду негизделген күндөн баштап өнөр өстөнүндө канчалаган жаңы ысымдар, канчалаган төкмө ырчылар пайда болду. Оозеки чыгармачылык өнөр сапаты жагынан кыйла өстү. Мурда эки төкмө сахнага чыкса, алардын бирин-бири мазактаган кордоо айтыштарына деле эл арсаңдап күлө берчү. Төкмө ырчылар биринин көзү тосток, экинчисинин кулагы делдек экенин ага чейин көрбөгөн сыңары, качан эл алдына чыкканда бири-бирин чукулап, өң-келбетин кордогон мүнөздөгү кептердин айланасынан чыга алышчу эмес.

Азыркы мезгилде төкмө ырчылар кайсы темада айтышпасын, өнөрдүн дасыккан чеги жок экенине ынанасың. Төкмөлөр бири-биринин кемчилигин эмес, коомдун кемчилигин чукуп тапкан курчтукка жетти. Саясый темада болобу же социалдык темада болобу, айтор төкмө ырчылардын ой чабыты кеңип, коомдун көйгөйүн чагылдырган айтыш өнөрүнүн чыгармачылык сапаты кыйла жогорулады.

Чынында бул тепкичке алар жөндөн жөн келип калган жок. Өзүм “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматына аралашып жүргөн мезгилдерде, төкмөлөр менен жакындан аралашып, ар бир он күндүк сабактарына катышып жүрдүм. Ал жерде Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиевдин сабагынан сырткары да аттуу-баштуу Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитов, Дооронбек Садырбаев, Дастан Сарыгулов сындуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин төкмө ырчылар үчүн атайы лекциялары окутулуп жүрдү. Алардан сырткары да тарыхчылар, тилчилер, дипломаттар, саясатчылар чакырылып, төкмөлөр турмуштун күрөө тамырын кантип кармап, казактын төкмө ырчылары менен беттешкенде кандай мүнөздө жооп берүү керектигинен өйдө даярдык көрүлгөн үчүн төкмө ырчылардын чыгармачылык сапаты, акындык мектеби азыркы деңгээлге көтөрүлдү.

Садык досум Шер-Нияз далай күндөрү түнкү саат 3-4төргө чейин Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев өңдүү жаңыдан чыгып келаткан жаш таланттарды алып калып, аларды кайрап-бүлөп өстүрүш үчүн баарыбыз колубузга комуз алып, үй мүйүз тартып отуруп айтышкан күндөр өттү. Амантай, Шекербек, Элмирбекке кошулуп Сакем жана мен болуп, Шайырбек Абдырахманов үчөөбүздүн да төкмөлүк өнөр чыгып барып токтогон ошондо. Себеби биз алым сабак айтыштан тартып, тема айтыштардын кайрылбаган түрүнө кайрылып, чычалаганыбыз кызаңдап барып айтыштын кордоо жанрына жеткенде тизгинибизди тартып, айтор таң куланөөк атканда үйлөрүбүзгө тараган учурлар болду. Боксерлор рингге чыкканга чейин кара терин далай жолу шорголотуп төккөндөй эмгек эле бул. Жыйынтыгында “Айтыш” фонду негизделгенден көп өтпөй Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдин атпай журтка жылдызы жанып чыга келишти. Алардын соңунан кийин да далай жаштар күргүштөп өсүп чыкты.

Олжобай ШАКИР

P.S. Окурмандарга бул макала мурда эле жазылып, жарыяланганын эскертем. Тек гана кайталангандан келме бузулбайт деп төмөндөгү эки макалага кыстырма иретинде кайталап коюуну ийги санадым…

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы (1-макала)

Төкмө ырчылардын дымагы жана сынагы (2-макала)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *