«Коом жана Мен» сайты жарыялаган балдар адабияты боюнча конкурс 20-декабрь күнү жыйынтыкталаарын маалымдаганбыз. Ошондой эле конкурс жыйынтыкталганга чейин адабий сынактын калыстар курамында кимдер экендиги эч жерде жарыяланбастыгын эскерткенбиз. Жана да конкурска катышкан авторлордун аты-жөндөрү жарыяланбастан, баарынын чыгармалары номерлик тартип менен гана жайгашылып келет. Себеби бул аракетибиз конкурстун объективдүүлүгүн толук камсыздайт деген ишенимдебиз.

Калыстар курамына төрт адабиятчы тандалып алынган, алар «Коом жана Мен» сайтында жарыяланган чыгармаларга балл коё беришмекчи.

Аталган адабий сынак жыйынтыкталаарына саналуу күндөр калды, андыктан балдар адабияты боюнча конкурска катышууну каалагандар береги сынак шарты шилтемесинен тааныша аласыздар.

Бул конкурстун максаты боюнча маалыматтык колдоо көрсөтүп, түз эфир берип келаткандыгы үчүн КТРКнын «Замана» студиясынын жалпы жамаатына жана 20-декабрь күнү саат 20.00дө конкурс жыйынтыгын жамы журтка жарыя кылуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала уюштуруп берип жаткан ЭлТР каналынын жетекчилигине «Коом жана Мен» сайты терең ыраазычылык билдирет! images

Сынак жыйынтыгын жарыялоо 20-декабрь, 20.00дө онлайн аркылуу да көрсөтүлөт, арийне, адабий сынакка алыскы өлкөдө жашаган мекендеш авторлорубуз да катышууда…

Адабий сынактын демөөрчүсү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек ЖУНУС уулу.

Байге фондубуз 30 000 (отуз миң) сом.  

Биринчи байге – 7 000 (жети миң) сом;

Экинчи байге – 5 000 (беш миң) сом;

Үчүнчү байге – 3 000 (бир миң) сом;

Бул орундардан сырткары кызыктыруучу байге катары дагы5 000 (беш миң) сом каралат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *