Макелек ӨМҮРБАЙ

Түрктөр[1] менен тектештиги

Кытайдын биздин санактын IV кылымынан VII кылым аралыгындагы «Түндүк тарыхы» (北史) менен «Жов наама» (周书) аттуу тарых китептеринде Түрктөр менен Кыргыздардын теги боюнча мындай уламыштар жазылган:

«Сак элинде Абам бек аттуу адам болуп, анын 70 бир тууганы болгон имиш. Ошонун ичинде, Нышачор аттуу бирөө чыйрак экен да, өзүнчө жөндөмдүү болуп, шамал айдап, жаан жаадыра ала турган жайчы экен. Ал жай атасынын (пиринин) жана кыш атасынын (пиринин) эки кызын алат. Ошонун ичинде бирөө бир эле жолу бойкат болуп, төрт эм уул төрөйт. Ал төрт уулдун бирөө ак куу болуп учуп кетет; дагы бирөө, Абакан суусу менен Кем суусунун аралыгына мамлекет куруп, кыргыз (契骨 «ki-i-kut») деп аталат; дагы бирөө, Чоң- Кем алабына мамлекет курат, дагы бирөө, Баш- Кем кеши тоосунун этегине байыр алган экен.

Ал тоодогусу, Нышачордун улуу уулу болуп, тоодогу Абам бек элин сууктан сактоого отун алып, от жагып, элине кайрымдуу чыгат. Ошол жакшы жумушуна карап, ал уулду кожо (байыркы кыргыз тилинде башкаруучу) тутунушуп, аны «Түрк» атап коюшат. Ал кийинче, «торлок» болот. Ки­йин мансап аталышы кошулуп «Нур Торлок Шад» аталып кеткен» – дейт.

Бул уламышта, Кыргыз Түрктөн чыккан эмес, Түрк Кыргыздан чыкканы, Түрктү негизги уюштуруучу уруу кыргыз болгону айтылган.

Төөлөстөр[2] менен тектештиги

Биздин санактын VI кылымынын соңунда жазылган кытай тарыхынын бирөө болгон, «Сүй наама» (隋书), анын «төөлөстөр баянында» Кыргыздардын төөлөстөр (狄,丁零) менен байланышы жөнүндө мындай уламыш жазылган:

«Төөлөстөр V–VI кылымдарда абдан көбөйгөн эл болуп, уруусу 40 уруу эл болгон. Ошол 40 уруунун бирөө кыргыздар (结骨«git-kut») болуп, кыргыздардын жайгашкан орду ошол кезде «Паңбайсан» аталган, азыркы Ала- Тоо (Теңир- Тоо) өңүрлөрүндө жашаган 9 уруунун бирөө» экенин айткан.

Төөлөстөр (狄,丁零)) кытай тарыхый жазмаларындагы Сыма Чандын «Тарыхы эстеликтеринде», «Хан наамада» «Хондордун түндүгүндө Хуйну, Төөлөс, Кыргыздар» деген үч эл болгонун баяндаганы бар. Ушул баяндарга караганда, кыргыздар Төөлөстөр менен тектик байланышы бар эл болгон.

Каңкылар[3] менен тектештиги

Биздин санактын VI кылымында жазылган кытайдын «Вий наама» (魏书) деген тарых китебинин «Каңкылар баянында»(高车传) «Каңкылардын түпкү теги Төөлөстөр (丁零) болуп, азыркы Каңкылар алты урууга бөлүнөт: Төөлөстөр, Уйгурлар, Күлгү, Капыш, Кыргыз (护骨 «ku-kut»), Эчкин деген уруулары бар. Алардын башын кошуп турган бирдиктүү бийлиги жок, ар кайсысы өз бийлиги менен башкарылат» деген маалыматты берет. Бул «Каңкылар баяны» «Огуз наамадагы» «Каңкы» деген элдин атынын коюлушун эске салат. Кыргыздар огуздун небирелери болгондуктан, Каңкылар менен туугандык байланышы болгон.

Асык[4] эли менен байланышы

XIV кылымдагы «Юан тарыхы» (元史) аттуу китепте, Кыргыздын теги жөнүндө мындай уламыш жазылып калган:

«Орто түздүктөн алып барылган 40 кыз, Эне-Сай өрөөнүндөгү Асык (乌斯) элине үйлөнүп, андан төрөлгөн тукуму, кийин Кыргыз аталып кеткен имиш» деген уламыш жазылып калган. Бул уламыштагы Эне-Сайда жашаган, Кем дайрасынын алабында Асык эли (кээ бир тарыхый маалыматтарда, бул элди «Аз эли, Орусту эли» деген аталыштар менен да которуп келет. Кытай тарыхый жазмаларда Асык эли көп кезигет.

Хондор[5] менен байланышы

Кыргыз элинин аты дайыма Хондор менен кошо, кытай тарыхы баяндарда чыгат. Эң эртеде, санактан 200 жыл мурда, Сыма Чандын «Тарыхый эстеликтеринде» Хондор баянын айтып, Кыргыздарды тунгуч жолу атаган. Андан кийинки кээ бир тарыхый жазмаларда, кыргыздарды Жондор менен тага- жээндик байланышта жазганын окуганбыз. Кандай болгон күндө да, Кыргыздар Хондордон чыккан эмес, тарыхта Хондор менен тең ата болуп келгендиги өтө айкын.

Кыргыздардын Ли Лиң[6] сангун менен байланышы

Ли Лиң сангун биздин санактан мурдагы 74-жылы Кытайдын азыркы Гансу провинциясынын Тияншүй ооданында төрөлгөн. Ал Батыш Хан падышалыгынын (санактан мурдагы 206-жылдан, санактан кийинки 25- жылга чейин) аталык кол башчысы Ли Гуаңдын небиреси. Ли Лиң эр жетип, бабаларынын жолун жолдоп, атка маш, жоокерликке  көндүм болуп, хан падышалыгынын таанылуу черүү кол башчысы болгон.

Оболу, Хондорго карай аттуу чалгынчылыктын кол башчысы болуп, Хондорго болгон чалгындоону ийгиликтүү бүтөгөндүктөн даражасы көтөрүлгөн. Санактан мурдагы 99- жылдагы Хондор менен болгон Хан падышалыгынын чоң согушунда аркасынан келген такоол кошууну жок, канча эрдик көрсөткөн менен натыйжасыз Хондордун аттуу кошуунун курчоосунда калып, аларга багынып берген.

Хон теңиркуту Ли Лиң сангун багынганы менен, анын жоокерликке маш баатыр экенин билип, аны кадырлап, ага өзүнүн кызын берип, күйөө бала кылып алат. Ли Лиңдин кабары Хан падышасына жетип, ал тургай Ли Лиң Хондорго хан падышалыгынын жоокерлик өнөрүн үйрөтүп, Хан падышалыгына кайра каршы кол топтоп жатыптыр деген калпыс маалыматты угуп, Ли Лиңдин бүт үй- бүлөсүн (энесин кошуп) өлтүртөт. Ошондой эле кытай тарыхынын атасы болгон Сыма Чанды да Ли Лиңди актадың деп абактыга алганы жазылган.

Хан падышалыгынын кийинки өкүмдары Ли Лиңдин чыныгы жагда­йын билип, аргасыздан экенин түшүнгөн соң, көп жолу адам жиберип, Ли Лиңди Хан падышалыгына алып келүү аракетин жасаган. А Бирок Ли Лиң: «эр жигит экинчи жолу кордолсо болбойт» деген жооп менен кайра Хан падышалыгына кетпей койгон.

Хон теңиркуту Ли Лиңди өзүнүн карамагындагы мамлекет Кыргыздарга мансап менен жөнөткөн. Ошону менен, Ли Лиң быротоло кыргыз болуп кеткен. Анын кийинки тукумдары мурдагы кыргыздардан айырмаланып, каректери, чачы кара кыргыздар болуп, кыргыздын түсү мурдагы көзү жашыл, өңү кызыл беттүүлөргө, кийинки кареги каралар Ли Лиңден кошулган деген айтым жазмаларда баяндалып келет.

Бул окуя «Манас» жомогундагы Алмамбет жана анын уулу Күлчоро­нун кыргыз болуп кеткен окуясын эске салат.

Бирок айтпай болбойт, ушул күндөгү кээ бир басма сөздөрдө «Кыргыздар Ли Лиңдин тукумдары» деген макалалар жарыяланып, Кыргызга Ли Лиңдин кошулганын тетири жоруп, бүт бир улутту анын тукуму кылып, оозуна алы жетпей сүйлөгөндөр болуп жатат. Ачык айтар нерсе, Кыргыздардын теги Ли Лиңден чыккан эмес, Ли Лиң кыргыздардын катарына кошулган дегендин өзүн айтуу да тарыхый жазмалардын негизинде болушун талап кылат. Себеби тарыхта жазылбай Кытай падышасы менен Кыргыз каганы жазышкан каттарда «тектешпиз» деген гана негиз болуп келет. Мында ойлой турган нерсе, бир адамдын кошулуусу менен бүт бир улуттун түсү өзгөргөн дегенге, анын үстүнө, анын тукуму кыргызда эмес, Хондордо болушу мүмкүн. Себеби ал биринчи Хондорго күйөө болгон. Ал Ли Лиң баруудан мурда Кыргыздар өз мамлекети менен жашап, жазмаларда жазылуу турса, анан кандайча кийин кошулган кишинин тукуму болмок эле!

Ли Лиңдин кыргыздарга кошулганын 648- жылы Кыргыз мамлекетинен Таң падышалыгынын ордосуна мамлекетиик иш сапары менен келген Кыргыз ажоосу Элтебер Ишбара ажо Таң падышасынын сый дасторконунда олтурганда, ажо кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы ба­йыркы Ли Лиң сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнчү болуп: «Теги- түбүбүз бир экен» деген сөздү айтып, ажону абдан урматтаган. Падыша 800 жыл алдындагы Ли Лиң окуясын укканда күтүлбөгөн сүйүнүчкө батканын жашыра албаган. Ошону менен Кыргыздар менен Ли Лиң сангундун байланышын биринчи жолу кыргыз ажосу ашкерелеген.

Дегинкиси, Ли Лиң кыргыздын арасына эрте кошулган, кыргыздын улуттук курамына сиңген деген айтылыштарды «каттардан» эмес, тарыхтан караш керек.

Кыргыздар «Дивани лугатит түрктө»[7]

«Кыргыз ­ бир түрк уруусу болгон»  (1- том, 426- бет).

«…Румдан күн чыгышка көздөй кеткен мусулмандарды жана башкаларды айттым. Румга жакын биринчи уруу Беченек, анан соң Кыфчак, Огуз, Йемек, Башкырт, Басмыл, андан ары Кай, андан Ябаку, андан Татар, андан Кыргыз келет. Кыргыздар Чындын жанында. Бул уруулардын бардыгы урумдун жанынан күн чыгышты көздөй созулган». («Дивани лугатит түрк» 1- том, 64-бет.)

Кыргыздар «Түрк тарыхы» аттуу китепте[8]

«Хыжарыя 114-жылга таандык болгон «китабеи түркийеде» (Түрктөр жөнүндө китепте) бардык Огуз уруулары «отуз огуз» деп баян кылынат да, анда Кыргыздар да айтылат. Каңкыл жана Калачтар Кыпчакка жайгашкан болуп, Тогуз огуздардын бир бөлүгүн кураган. Алар Кыргыздардын курамында бирер аймак абалда болуп, соңунда Огузхандан бөлүнгөн мезгилинде, алар да (Каңкыл жана Калачтар ­ түзүүчү) өз аттары менен чыга келген эле …

…Түрктөрдүн байыркы уламыштары жана аңгемелери өтө сонун жана мактагыдай элесте берилет. Байыркы абалдарды, көчүү эстеликтерди заманыбызга чейин сактап келген. Кадыресе, ал аңгемелерде көчкөн коом­дор менен уруулардын аттары да белгилүү. Мисалы, Кыргыз-Казак деген аттын бири – «кезүүчү» (кезип-көчүп жүрүүчү), дагы бири «коом жана топтон айрылган» деген эки сөздөн куралган. Топтон-коомдон айрылып кезип кеткендерди «Кыргыз», арийне уруудан обочолонуп кеткендерди «казак» деген. Кыргыздар мына ошол себептен «Кыргыз-Казак» деген атка конгон. Бүгүнкү күндө Улуу жүз, Орто жүз, Кичи жүздөрдү кураган аймактар Кыпчак, Каңкыл, Уйгур, Кырайтка окшош коомдорго залалы тийип, жерлери аңгырап калган чоң коомдордун аты жана «онгун» менен бийлик жүргүзгөн даражаларын гана билип жүрүшөт (хыжарийе I кылымга таан­дык «Кошо Чайдам ­ Kocho-tsidam» жазма мурастарда айтылган бир нече Кыргыз аймактарынан «Ша Кыргыз, Батмы огузы» деп аталган. «Бу Кыргыздар Огзы, Батмы аймагынан» ­ Радлов. 2-том, 35-бет.) («Түрк тарыхы» 41–47-беттер.)

«… Биздин санактын 112- жылы (хыжарийеден 523 жыл мурда) Чындыктар түндүк жакты басып өтүп, Сыр дайранын суусу куюла турган жери ­ «Или» өрөөнүн ээледи. Биздин санактын 108- жылы (хыжарийеден 527 жыл мурда), түштүк четтеги Хамы (Комул) жана Турпанды ээлеген эле. Алар жоокерлерин жайгаштырып отурган жерлердеги уруулар жыйнакы отурукташып, «Уйгур» арийне «моюн сунуучу жана өздөшкөн» делип аталган. Батышка түз кеткендер «кыргыз- казак», арийне «дейди ­ моюн сунбастар» деп аттыккан. (Кыргыз-казак ­ биздин санактын VIII кылымында, так айтканда, 731- жылдан баштап, Кыргыз деген сөз бир уруу маанисинде эмес, бир коом (улут) маанисинде колдонула баштаган. Бул жөнүндө Моңгулыя маданий мурастарында: «Тибеттер, Кыргыздар, Үч Корыкан, Отуз Татар, Хытайлар…Тогуз Огуз, Кыргыз, Ша Кыргыз…Карлук, Басмыл, Хытай, Татабы… деген терминдер менен угулуп келген). («Түрк тарыхы» 42- жана 105- беттер.)

«Огуз ­ Гуз сөзү байыркы түрк тилинде «чоң дайра» маанисин туюнткан «огуз» (Euguz) сөзүнөн өзгөргөн болушу мүмкүн. Андай болгондо, «Кыргыз» деген сөз «кыр огуз → кыр гоз → кыр гуз» болуп өзгөрүү натыйжасынан айтылган болот. «Кыр огуздун» мааниси «кыр дайра» кадиресе «талаа дайрасы» болот. Мындан Кыргыздар байыркы убакта жашаган жергеси ­ Эне-Сай жана Анкара Муран (Ангара) дайраларынын кең жа­йык түздүгүндө экенин туюнткан сын атооч аныктап айтылганы билинет. Андай болушу байыркы кездерде, көптөгөн урук- уруулар өздөрү жашаган жерлердин аты менен аталган. Кээ бир жорумаларга караганда, «гуз» сөзү да «огуз» сөзүнөн өзгөргөнү айтылат.

«Түрктөр чоң дайраларды «огуз» дейт. Юнандыктар аны «оксос» (oxus) түрүнө өзгөрткөн. Байыркы түркү тарыхында зарыл жер атынын ээси болгон «огуздун» дайрага салыштырылышы жана демейде «огуз- гуз» сөздөрүнүн андан алынышы абдан мүмкүн. Ал тургай, «Шахнамадагы» торандардын баш кишиси, бийлөөчүсү кылып көрсөтүлгөн «ефрасяб» кош сөз ­ «дайранын өйүзкү бою» деген мааниде келгендей, Юнандыктардын жана Эвропалыктардын Tranoxian , Арабдардын «маоаи алнхр» деген сөздөрү да ошол мааниде келет. Мындай далилдер бизге…Асияда Түрктөрдүн жашаган жерлерине салыштырма катары алганда, «огуз, гуз» аты менен аталганын көрсөтүп турат». («Түрк тарыхы», 120-бет.)

«Хон» сөзү «Орхон» дайрасына берилген аттардын бирөө болгон. Түрк уруулары өздөрү жердеген тоо- токойлордун жана дерелердин (дайралар болушу мүмкүн ­ Макелек) аттары менен аталган экен». («Түрк тарыхы», 70-бет.)

«Билге хаган эстелигинде: «Көкмөндүн тигил жагында Кыргыз мамлекетине чейин жортуул жасадык», – деп айтылган. Бул жерде айтылган «Көкмөн ­ Кыргыздар жердеген токойлуу бир тоо кыркасынын аты. Анын маңдай жагы ­ удулу Түрк мамлекети. Кыргыздардын мамлекетине барыш үчүн, Түрк мамлекетинен өтүү керек. Бул тоонун «Таңну» тоо кыркасы экендигин талкууга алгандай, «Саян» тоолору же ал экөөнүн ортосундагы бөлөк бир тоо кыркасы болушу мүмкүндүгү да талкууга алынат. Арийне «Көкмөн» сөзүнүн курамындагы «көк» деген уңгу сөз боюнча, бул тоо Чындыктардын «Чыңшан» ­ мавы тоосу (көк тоо) дегенине өтө төп келет. Кыргыздардын баш кишиси ошол жакта турат эле ­ Томсен. Орхон эстеликтери». («Түрк тарыхы», 90-бет.)

Кыргыздар «Шежире- и- түрк» китебинде[9]

«…Огуз хагандын алты уулунан бөлөк, жаш катындарынан төрт уулу болгон. Алардын да бир канча балдары болуптур. Алардын аттары: Кине, Коне, Торбатлы, Кирайли, Султанлы, Оклы, Кокли, Сожлы, Хырасанлы, Йортчы, Жамчы, Торомчы, Комы, Соркы (ал кезде изди «серхи» деген), Корчук, Сорачок, Карачок, Казгурт, Кыргыз…

…Огуз хандын кыргыз аттуу бир небиреси болгон. Кыргыздар ошонун насилинен болгон экен. Бирок ошол кезде Кыргыз насилинен киши аз экен; Могул, Татар жана башка элдерден мал оторлотуп кыргыз жерине барып олтуруп, Кыргыз атына көчкөн. Алар өздөрүнүн кайсыл элден экенин билет. Кыргыз жана Кем-Кемжит деген эки аймак болуп, бир-бирине жакын; бир тарабы Силингир, экинчи тарабы Анкара- Муран деген улуу агындуу суулары бар. Ыбыр, Сыбыр деген эки эл бар. Кыргыз жери ошолорго жакын. Кыргыз эли төрөсүн инал дейт экен. Моңгул жана Тажик падыша деген сыяктуу». («Шежере- и- түрк», 18–28-беттер.)

«Абылгазы Исилинге же Силингир деп баян кылган дайра азыркы кезде Орустар жагынан Селенга аталган дайра экенинде күмөн жок. Бул дайра Моңгулыядагы Хаңгай тоосунан түшкөн «Эдир» менен «Чылото» дайраларынан пайда болгон болуп, кийин оң жагынан Орхон дайрасын алып, уламдан-улам батышка ыктап Байкал көлүнө куюлат…бирок Анкара-Муран дайрасынын азыркы кезде кайсы дайра экени жөнүндө тарыхчылар арасында кыйла эле келишпестиктер бар. Ошондон улам Кыргыздардын байыркы орундарын анык айтуу бир кыйла мүшкүл болуп тур. Анкара Муранды Фишер мырза Чындын Хуаң Хы дайрасы бекен деп, Кыргыздардын мурдагы орундары Силинге менен Хуаң Хы дайралары арасында болгон дегиси бар (Сибирская история, Фишер, стр. 28). …Миллер болсо, Анкара-Мурандын азыркы Амор дайрасы экенин далилдейт (Опис. Сибир. Царст. Г. Ф. Миллер.стп). Ал: «Кыргыздар мына ошол эки дайра – Силинге менен Анкара-Муран арасында жердегендиктен, Абылгазы Силинге дайрасын Анкара-Мурандан алыс эсептебеген. Абылгазы айткан дайра Амордан башка эмес», – дейт. Бирок менин билишимче, Анкара-Муран дайрасы азыркы кезде Орустар Ангара атаган дайра болушу керек. «Муран» моңгулча «дайра» деген мааниде болгондуктан, Анкара- Муран дегени «анкара дайрасы» дегени болмок (агып жаткан чоң сууну түрк тилде «сай» дейт. Ал тажик кичигин «дур», чоңун «дорхане» – дейт. («Шежере-и-түрк», 3-бет.)

«Кыргыздардын эң мурда жашаган жерлери Жаңы-Сай (Эне-Сай) жана Кем-Кемжот деген эки аймак болуп, бир-бирине жакын; бир тарабы Силингир жана экинчи тарабы Анкара-Муран деген улуу суулар болуп эсептелет. Ыбыр, сыбыр деген эки журт бар; Кыргыз жергеси ошого жакын болгон» («Шежере- и-түрк», 28- бет.)

Кыргыздар «Телгыкул эхбар» китебинде[10]

«…Кыргыздар тегинде, Огуз хан урпактарынан болгон, Түрк урууларынын чоң уруусу, кадиресе Огуз хандын жакындары жана жан кишилеринин тукумунан экен. «Гуз» сөзү «огуз» сөзүнүн кыскарышы болуп, «гуздар» хыжарийенын V кылымынан мурда, ислам жерине барган. Ислам дининдегилер менен Гуздар арасында көптөгөн окуялар болуп өткөн экен. Огуздар мусулмандар жагынан «гуз, гузийе» деп аталып наам чыгарган. Түрк сөздүгүндө (тилинде) «курук – талаа» маанисин бере турган «кыргузы», арийне «кыр (талаа) гуздары» жер мааниси менен айтканда, «гуз кыры» (гуз талаасы) деген маанилерде аталат. Мындай болгондо, «кыргыз» деген аталма «курук – чөл», кыр талаада жүрө турган гуздарга энчилүү ат болуп калган. Мейли кандай болгону менен «Кыргуздардын» (кырдагы гуздардын) ата мекени Орустар жана башка эвропалыктарга чейин атактуу болуп келген «Ала- Тоо» кыркалары эсептелет. Бул тоону «Ала- Тоо» аташтын себеби, аталган тоо дайыма кар менен капталып, жаз саратан күндөрүндө, кээ бир бөлүгүнүн кары эрип ала- була көрүнгөндүктөн «Ала- Тоо» деп аталган. «Алтай» сөзү «Ала- Тоо» сөзүнүн өзгөртүлмөсү болгон…» («Телгыкул Эхбар» 1- том, 256-бет.)

Эске сала турганы: Нежип Асым Радъловдун пикирин накыл кылып: «Алтай ­ түрк тилинде токой маанисин туюнта турган «тайга» сөзүнө «ала» сөзүнүн кошулуусунан жаралган «ала тайга» аталмасы ооздон ­оошуп жүрүп «алатай» → «алтай» болуп кеткен – дейт. ­ Түзүүчүдөн.

Кыргыздар «Камусул иелам» китебинде[11]

«Кыргыз түрк коомундагы чоң бир көрүнүктүү эл…батыш жагындагылар «Кыргыз- Казак», ал эми Чын чек арасындагылары «кара кыргыз» деп аталат. Кыргыз деген ат «кыр (талаа) сөздөрүнөн куралган болуп, «кыр адамы», арийне көрүнүктүү дегени эле…» («Камусул иелам» 5-том, 3797- бет.)

«Кыргыздардын байыркы кездерде жашаган орундары Алтай, Хангай тоолору жана Эне- Сай өрөөнү болушу мүмкүн. Кыргыз элинин оозеки жомогу «Манаста» баян кылынганында, Кыргыздардын Ата Мекени «Ала-Тоо» деп көрсөтүлгөн.

Сыбырыянын түштүк чек арасында бул ат менен аталган үч тоо бар: биринчиси, Сыбырыя менен Чын арасында чеп сызыгын белгилей турган «Алтын-Тоо» кыркаларынан бир айрык болуп бөлүнүп, «Об» дайрасы айрыгынан «Том» дайрасынын сайы менен «Жаңы-Сай» (Эне-Сай) дайрасы сайынын ортолугунда батыш түндүккө карай туурасынан созулуп турат; экинчиси, андан ого бетер чоң жана бийик болуп, Орус жуңгарыясы менен Чын жуңгарыясы ортолугунда түндүккө карай узата созулуп турат; үчүнчүсү, «Ысык- Көл» деген көлдүн түндүк жагында 43° менен 44° түндүк кеңдиктин арасында чыгыштан батышка карай созулуп турат…» («Камусул иелам», 1- том 281- бет.)

«Кыргыздар узакка чейин Моңгулдар менен барды-келди кылгандыктан, алардын турумдары көбүрөөк Моңгулдарга окшоп калган». («Камусул иелам» 5- том, 3798- бет.)

Кыргыздар «Түрк жана Татар тарыхы» китебинде[12]

«…байыркы түрктөрдө, бир жерге уюшуп, шаар куруп тиричилик кылгандарды «Уйгур» деп атаган; эгер түрдүү коомдор ичинен белгилүү себептер менен качып кеткен жана эч ханга, хаганга моюн сунбай жүргөн уруулар «качак = казак ­ кыргыз» деп аталган…уруулар жашаган орундарынын, жагдайынын өзгөрүүсү менен Уйгурлар Казак, Казактар Уйгур, Кыпчактар Булгар, Булгарлар Кыпчак айтылып кетет. Мындай абалга тушукканда, чет элдиктерге, паланы уруу бар эле, алар мүңкүрөдү, түгөдү дегендей көрүнөт. Анын андай болуусу, жамааттары аттарын гана алмаштырган болот…» («Түрк жана Татар тарыхы» 12–13-беттер.)

«…мамлекетти бир жерине бут коюп жыйналбаган көп уруулар, согуш кездеринде, ордун алдырган түрктөр, адамдарынын турмушун жакшылай турган бир хаган көрбөй, башы кайыган жакка Казак- Кыргыз болуп чыгып кеткен…» («Түрк жана Татар тарыхы»  41- бет.)

Кыргыздар «Можмул булдан» китебинде[13]

«Хыжарийенин 626- жылы, Шахабидин Иеби Абдулла Якут Ибини Абдулла – Хемеви өзүнүн «Можмул булдан» деген жуграфиялык энциклопедиясында, III кылымдын биринчи жарымында Букарадан өйдө Чынга чейин саякат кылган Иебу Долфтун саякатнаамасынан накыл алып: «Хырхыздар» ­ «Тогуз- Гуз» уруусу менен «Харлук» уруусунун ортосунда жашай турганы баян кылынган.

«…Тогуз Гуздардын жергеси Чын жана Тибет, Харлук, Кимак менен Гуз, Жефр, Беченек, Бозкеш, Хефшак (Кыпчак), Кыргыздар менен чек аралаш келет». («Можмул булдан» 2- том, 378- бет.)

«Тогуз Гуз уруусунан өтүп, Хырхызга келдик… бул уруудан өтүп, Харлык уруусуна келдик…». («Можмул булдан» 4- том, 411- бет.)

 Кыргыздар «Сыбыр тарыхы» китебинде[14]

«Түштүк сыбырыяны ээлөөчү түркү элдеринин эң атактуусу, эч күмөн жок кыргыздар болгон…кыргыздар хыжарийенин 3400 жыл мурда пайда болгон Огуз хандын небиресинин тукумунан болгондугу алардын эң ба­йыркы улут экенин көрсөтөт. Байыркы өткөн замандарда, кыргыздардын «Kian-kun»[15] болуп аталган өз алдынча падышалык болгондугун бизге тарыхчылар көрсөткөн. Бирок алар биздин санактан I–II кылым мурда, Хондор жагынан көз каранды кылынып, аларга моюн сунууга туура келгендиктен, Хон мамлекетинин батыш жагын курап турган. Кыргыздар Хондордун колунда турган заманда, азыркы Эне-Сай аймагынын түштүгүндө турган Моңгул тукумундагы элдер менен байланышта болгон. Ошол байланыштарынын натыйжасында, уламдан-улам алардын «Kian-kun» аталышы такталып, алар «кыргыз» атала баштаган. Бул «Kian-kun» деген аларга тек Чындыктар атаган ат болуп, алар эзелтен эле кыргыз аты менен жүргөн болуш керек.…VI кылымдын соңунда, Кыргыздар өтө күчтүү өкүмөт куруп, анын чеби чыгышта Байкал көлүнө чейин, түштүктө Шинжаңга чейин кеңейген. Кыргыз аты эң мурда, ошол кылымдардан тартып эле айтыла баштаган.… Жогоруда баян кылганыбыздан көрүнгөнү, бу Кыргыз аты тээ ошол замандарда эле саякатчыларга белгилүү болуп, андан мурда, Кыргыздар өз арасында колдонбогон деген маани чыгууга тийиш эмес. 757- жылы Кыргыз падышалыгы Уйгурлар жагынан ойрондолуп, ошондон кийин бир аз убакытка чейин кабарсыз болуп калат. 836-жылы, 841- жылдарда, Уйгур бийлиги алсыздангандан кийин кыргыздар өздөрүн өз алдынча санаша баштаган.… Ошол кезде Кыргыздардын турган жергеси Эне- Сай дайрасынын көкүрөк жагы болгон. 873- жылдан тартып, Кыргыздар жөнүндө Кытайча маалыматтар үзүлүп калган…» («Сыбыр тарыхы» 20-, 25-, 26- беттер.)

Кыргыздар «Тарыхы аминийе» китебинде[16]

«…Нохтун уулу Япестен 11 уул болгон…экинчи уулу Түрк экен. Бардык Түрк, Могул, Кыргыз, Кыпчактардын теги ошого жатат…» [17] («Тарыхы аминийе» 8- бет.)

Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китеби

Кыргыз тарыхы болуп да кыргыздардын бийлик- мамлекеттүүлүк тарыхы кытай жазмаларында өтө ишенимдүү сакталып калган. Кыргыздар VII кылымдын башында эле күчтүү мамлекет (кытай жазмаларында жана Билге каган таш эстелиги сыяктуу түрк кагандарынын эстеликтеринде ушундай атаган) катары эл арага таанылып, дипломатиялык барды-келдиде болгону  кытай архивдеринде айкын жазылган. Биз көргөн кытай архивинде, биздин санактын 843-жылдан баштап кытай императорунун кыргыз каганына жазган каттары Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын билүүдөгү абдан ишенимдүү материал болуп берет деп эсептейбиз. Каттардын мазмунунда Кытай менен барды- келди качантан башталгандыгы, Кыргыздардын IX кылымда улуу кагандык куруп, бүткүл эле Гоби аталган түндүктөгү улуттарды бийлеп тургандыгын, Кыргыз каганынын оорагын (сыймыгын) император биздин санактын 843- жылы чын курандын 15- күнү жазган катында мындай баяндаган: «Каган сиздин көсөмдүгүңүз башкача, акылмандыгыңыз ашыкча, ары баатыр, ары иш билги экенсиз. Ошондуктан өз чебиңизден бөлөк, бүткүл эле чоң чөлдүктү (гобини) тынч кармап жатасыз. Даңкыңыз түз эле биздин ордого угулуп турат. Сиздин (коомго) өткөргөн кызматыңыз жана кол жеткирген ийгиликтериңизди ойлосом, өзүнчө тереңден терең сагынычта болом» (караңыз: Ли Дыйү макалалар жыйнагынын кыргыз каганына жазган каттары). Бул баяндан, кыргыз каганынын ошол кездеги оорагы «Манас» жомогунда айтылып жеткен Манас бабанын элесин көзгө тартат. Ал эми тарых жагынан карасак, катта айтылган сүйлөмдөрдөн Кыргыздын улуу мамлекеттүүлүгүн билдирип турат.

Кытай архивиндеги баяндарга караганда, Кытай менен Кыргыздын мамлекет даражадагы дипломатиялык катышы биздин санактын 632- жылдан башталган болуп, өз кезиндеги Кытайдын Таң падышалыгынын падышасы Таң Тайзуң өзүнүн Ваң Йиху аттуу вазирин Кыргыз кагандыгына жөнөткөн. Андан соң Кыргыздын ажосу Ишбара ажо өзү 647- жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң Анга келген. Бул эки мамлекеттин алакасына тарыхта көрүлбөгөн жакындыкты байланыштыра алганы айкын жазылган. Таң падышасы Кыргыз ажосун өзгөчө күтүп, чоң атактарды берип сыйлаган. Ошондон баштап 756- жылга чейин, чамасы жүз жыл ичинде, Кытай менен Кыргыз мамлекетинин барды-келдиси үзүлбөгөн (караңыз, императордун каты). Бул баяндан VII–VIII кылымдарда кыргыздар өз алдынча бийлик жүргүзүп турганын билүүгө болот. Аралыкта кыргыздар башка улуттарга каранды болуп калып, Кытай менен өз алдынча каттоо биздин санактын 840-жылына чейин үзүлүп калганы жазылган. Ал кыргыздар 840-жылы улуу Кыргыз каганатын кургандан кийин, Кытай менен мамлекеттик байланышты тыгыз алып барган. Архивдик материалдарда, 840-жылдан 847- жылга чейин болгон 7 жыл ичинде, Кыргыз каганатынан Тапказ сангун, Жоокусол, Онкор, Дадас Ынанчор сыяктуу сангундар Кытайдын Таң падышалыгына элчиликке барган. Ал Кытайдан падышанын вазирлери Жа Дан, Жав Фан, Лү Шу, Вий Зоңчың, Ли Йе, Жиң Су сыяк­туулар Кыргыз кагандыгына элчиликке келген.

Ушул 7 жылдык Кытай менен болгон дипломатиялык барды-келдинин ичинде көптөгөн маанилүү окуялар чечилген. Ошолордун ичинде, Кыргыздын тарыхы, маданиятына түз байланышы бар бир улуу жумуш ­ кыргыздар боюнча сүрөттүү китеп жазылып калган. Биздин бул макала ошол китептин чоо-жайы боюнча сөз кылып, кыргыз тарыхы, этнографиясы боюнча ал 1-китепти кыргыз тарыхындагы табылгыс байлык деп көрсөтүүнү ылайык көрдү.

843- жылы Кыргыз элчиси Жоокусол алп сангун 300 адам менен бүт эле этнографиялык салттары: ит агытып, куш салып, бүт улуттук кийим кийип, аргымактарды минип, коштоп, үч жыл жол басып Таң падышалыгына келген. Бул Кыргыздын элчилик тобунун көрүнүшү Кытай падышасынын көөнүн бурган. Падыша өзүнүн такты мурасчы ханзаадасы Вий Зоңчын, ордонун улук бүтүкчүсү Лү Шу экөөн кыргыз элчилиги түшкөн конок сара­йына жиберип, кыргыздардын бүт салт-санаа, ошондо ордого алып келген белектери, кийим, кебете-туругу сыяктууларды жазып, бир китеп кылуу буйругун берген. Канчалаган убакыт ичинде алар өтө кылдаттык менен жазып бүтүп, китептин атын «кыргыздардын ордого келиши жана тартуу белектери, алар жөнүндө баян» атаган. Ал китеп бүткөндөн кийин ошол кездеги Таң падышалыгынын окумуштуу вазири Ли Дыйүгө тапшырат. Ал вазир жазылган китепти окуп чыгып, китепти ого бетер күчтүүлөтүү максатында, сүрөт сызма устатка, китепте баяндалган окуя­ларга сызма сүрөт коштоткон. Андан соң ал китепке вазир өзү баш сөз жазып, аны падышага тастыктоого жолдогон. Ошол баш сөзүндө мындай санжыраны жазып коюу мурдагы падышалардан калган салт экенин атайын белгилеп, бул кыргыздар жөнүндө жазылган китептин чындыгын баса белгилеп мындай деген: «Вий Зоңчың, Лү Шулар конок сарайына барышып, келген элчиликтегилер (кыргыздар) менен сүйлөшүп, алардын биз менен окшош жана окшош эместиктерин байкашып, алардын жол азабын сурап билишкен. Мурдагы (кыргыздар жөнүндө) жазылгандарды толукташкан. Ал түгүл алар ашып келген тоолор, басып келген жолдоруна чейин баяндашкан. Бул китепте айтылууга тийиштүү мазмундар толук баяндалган. Китеп бир кыйла бышык болуптур, баяны да жатык тил менен берилип, түшүнүктүү чыгыптыр. Мен Вий Зоңчың, Лү Шулардын жазган нарктуу, кызыктуу окуя­ларына негиздеп бирөөгө сүрөттөр сыздырып чыктым. Бакырыңыз батылдуулук кылып, бул баш сөздү жазып койдум. Мында сүрөт менен баян шай келишти. Баш сөздү ошолордун алдына койдум» деген (караңыз: Ли Дыйү чыгармалар жыйнагы).

Китептин баш сөзүндөгү бул баянга караганда, IX кылымдын башында жазылган бул китепти кыргыздын маданияты, тарыхы, этнографиясы боюнча баяндалган төл башы китеп десек болот. Ошол доордо жазылган бул китеп кыргыздын тарыхынын узундугун белгилеп гана калбай, кыргыз улуу кагандык курган, кадыресе башка элдерге да барктуу эл экенин биринчи иретте эле түшүндүрүп турганы менен сыймыктанабыз.

Китептин баш сөзүн жазган падышанын окумуштуу вазири баш болуп, кыргыз таануу илимин баштаганы алардын китептеги баянынан ачык билинген. Эң оболу, «кыргыз» деген ары улуттун аты, ары мамлекеттин аты экенин айкындашкан. «Кыргыз» сөзүнүн маанисин кыргыздын өз оозу­нан сурашып, аны так атоо жана тарыхтан бери жазылып келген кытай жазмаларындагы «кыргыз» сөзүн тыбыштап, аны кытай иероглиф менен бирдиктүү калыпташтырып жазуу жагын изилдеп-такташкан. Ал тургай «кыргыз» сөзүн туюнткан кытайча иероглифти падышага жолдоп, падышалык тастык менен кыргыз деген сөздүн ошол улут айтымына жакын болушун көңүлгө алып, «ke-kuet-sie»(纥扢斯), боюнча тыбыштап жазууну сунуштаган (Ли Дыйү). Соңунда, биздин санактын 843- жылы жалган куран айынын ортосунда, падыша өзү окумуштуулар менен кеңешүү аркылуу «кыргыз» улут атын кытай жазмаларында калыпташтырып, түндүктөгү улуттардын (жети кыраанын тилин билген) кытай окумуштуусу Жа Дан мурдагы чыгармаларында жазган боюнча «Get-ket-sie» («黠戛斯») болуп жазылсын деген колун падышалык буйрук деген наамда түшүргөн. Ал буйрукту толук окусак: «Кыргыз мамлекет атынын жазылышы мурда батыштагы улуттардын жазууларынан тыбыштап которулуп жазылып келген. Ошол себептүү иероглифтик жазылышы окшош болбой жүргөн. (Мындан ары) падышалык буйрук боюнча, алардын (Кыргыздардын) мамлекет башчысына наам бергенде, Жа Дан жайсаңдын «Чар тараптан баян» чыгармасында жазылганы боюнча «Get-ket-sie» (黠戛斯)  деген үч иероглиф менен бул мамлекеттин аты тыбышталып жазылсын» делген.

Айтмакчы, Кытай архивинде сакталып турган кыргыздар жөнүндөгү бул китептин баасы, оболу, ушул күнгө дейре «кыргыз» сөзүн ар кандай жоруп сүйлөөнү ачып бергенинен көрүндү. Өкүнүчтүүсү, бул китептин ушул күндө баш сөзү гана колго тийип, аны кыргызчага которуп, ушунчалык маалымат алганыбыз менен, китептин толук мазмунун көрүп али тааныша элекпиз. Китептин толук мазмуну колго түшсө, байыркы кыргыздын өңү-түсү, кийими, бардык эле этнографиясы менен таанышууга жетер элек. Өзгөчө белгилөөчү нерсе, китеп Кытай архивинде жатканына 1300 жыл болуптур, барактаган, барктаган киши ушул күнгө чейин табыла элек. Кыргыз тарыхына болгон кайдыгер мамиленин, мисалы, ушул китепке кызыкпаганыбыздан көрүнүп келет. Бул китептин баш сөзү бар, ичиндеги сүрөттөрүнөн көрдүк, ушуга таянып «Кытай архивинде сакталып жаткан кыргыз китеби» деп атоого акылуу болуп турабыз. Бирок бул китепти ким табат? Кыргызга керекпи? деген максат менен бул макала талкууга түшкөнүн атайын айтууга туура келди.

[1] Кытай жазмасында «突厥» жазылган.
[2] Кытай жазмасында «丁零» жазылган. Төөлөстөрдү кээ бир тарыхый китептерде «Дилдер, Телелер» деп атаганы бар.
[3] Кытай жазмасында «高车» жазылган.
[4] Кытай жазмасында «乌斯» жазылган.
[5] Кытай жазмасында «匈奴» жазылган.
[6] Кытай жазмасында «李陵».
[7] Өзбек ссср илимдер академиясы басмасынан чыккан. Ташкент. 1960-жыл.
[8] Нежип Асым. Истамбул. 1316- жыл (хижарийе).
[9] Абылгазы Бахадурхан. Хижарийенин 1074-жылы жазылган. Казань басмасы, 1891-жыл.
[10] Мырад Ремзи. Орунборг. 1892-жыл, 1-том.
[11] Ш.. Сайы. Истамбул. 1896-жыл, 5- том.
[12] Аталган китептин авторун жазбай кеткен.
[13] Яхут Амиби. Садет басмасы. 5- том. Мисир. 1323- жыл (хижарийе).
[14] Ады Атлас. Үмүт басмасы. Орунборг. 1911- жыл.
[15] Кытайча «坚昆» болуп жазылган.
[16] Молла Муса Молла Эйса оглы. Хижарийе 1321- жыл, кол жазма көчүрмөсү.
[17] Бул макаладагы Араб, Фарс жана Түркү тарыхчыларынан келтирилген накылдар бүт Кыргыз тарыхын жазуу материалын чогултуп жүргөн ШУАРдын атактуу адамы Эмин Турсундун 1961-жылы жазган кол жазмасынан алынды. Аталган кол жазма менде сакталуу турат.

Ала-Тоо, август, 2016

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *