Украин жомогу

Көгөөн эки жагын каранып учуп барат, а чий түбүндө көлөкөлөп чиркей отурат. Көгөөн айтат ага:

– Жүрү тууган, бирге учабыз!

– Йе, сага жакшы, денеңдин баары кабырга. А менин курсагым чоң үчүн күндөн корком.

– Андай болсо, жакшы кал.

– Болуптур, арыбагын, – дейт чиркей.

Күн уясына батары менен чиркей дыңылдап ырдап ордунан учат. Оюнда бир гана нерсе: «Ат же адамды көрсөм эле жеймин!» Караса, чий учунда курсагы барсайганча тоюнган көгөөн отурат ныксырап.

– Эй дос, кандайсың? – дейт чиркей көгөөндү буту менен түртүп.

– Кандай болмок эле, сонун… – дейт көшүлгөн көгөөн.

– Жүрү дос эми, чогуу учалы!

– Учалба-айм, салкын түшүп калды, желбүүрүмдү да суу кылып алгандан корком.

– Андай болсо жакшы кал! Көрсө, көгөөн менен чиркей шерик эмес турбайбызбы!

– Түнүң бейпил болсун! – деген көгөөн бутун бутуна сүргүлөп, кош коңуругун салыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *