Аңгеме

Аткан таңдын кеч кирмеги, алоо оттун өчмөгү, башталган иштин бүтмөгү, шилтенген кылычтын баш кесмеги, көз кызарта кумарланткан чоктой гүлдүн өңдөн кетмеги бар. Томолок жер, нуру өчкүс Күндү атам замандан бери айланып келаткандай жашоонун кайталанганы кайталанган. Муну эч бир пенде токтото албас, антейин дегени мезгил шарына такаат кыла албас.

Кокту-колоту, адыр-ойдуңу жанга дабаа дары чөп, акактай тунук сууга мол, абасы таза тоо этегиндеги айылды байыр туткан Көкө ата-энесинен эрте ажыраган. Алардан арткан дүйнөсү кемип, төшү түктүү жер бети нечен жаңырса да, короосуна жандык, бүлөсүнө жан кошулбады. “Чачылганды жыйнайм, үзүлгөндү улайм” деген үмүт менен жубайы экөөнүн өмүр сүргөнүнө кыйла жылдын жүзү болду. Аруу тилеги кабыл болмок тургай, тескерисинче, “кедейдики – кемине” деген сөз ырас белем, жигиттин итке минээрине көзү жетти. Тагдырына таарынып, кең аалам өзү үчүн шакек көзүндөй тарып баратканына кейиди. Айла куруганда кошуна кыштактык бардар кишинин малын көздөп, отун жакты. Кожоюнга күн-түн дебей ак кызмат өтөп, тагдыр жазмышына чөк түшүп, моюн сунду.

Колунан кандай жумуш болсо да келген Көкөнүн өң десе өңү, түс десе, түсү ийги, чырайы көргөн жанды тамшанткан зайыбынын кыялы да жыл маалына жараша кубулган түлкүдөй өзгөрдү. Баштагы шайыр мүнөзү жок, кабагы түнөрдү. Соңку күндөрү кызыл жабар кийим, шилекей чууруткан белен тамак жайында гана сүйлөгөндү сүйгөн ургаачынын маанайы ачылбас, жаагы наалыгандан жабылбас адат тапты. Бар кейиши “ бу томаякка кайдан тийдим?”

Эңкейип жерден чырпык алуу, малайлыктан жети түндө арып-ачып кайткан күйөөсүнө кулач жазуу, өбөктөөрүнө жаздык тартуу, чаңкоо басаарына суу узатуу оюнан чыгып, ишке мойну жар бербеди. “Бар мүлкү – кашаң байталы менен ити, бүркүтү калды. Адалдуусун бирден сойсо өөнөп жесек, ары дегенде үч аптача өзөк жалгаарбыз. Кынынан кылыч сууруур кыш түшөрү да узак эмес. Ага дейре эмне ичип, эмне жейбиз? Кийин буудай нан тургай, аталага жетинбей ачка калып, бирден тороёбузбу? Баш оогон жакка каңгып, ийинге куржун артып, тилемчилик кылуубуз да ыктымал. Эримин багына кулдук жазылып, мага күңдүк түбөлүк эрмешип, күн көрбөгөн бетим караябы?” – деген асманда көчүп жүргөн булуттай желген арам ойлор мээсин чулгады. Санаасы санга, ою онго бөлүндү. “Кантүү керек? Көкө жалданган бай кайсы бир ирет жумуштап келгенде же алейне кайрылганыбы, айтору, кыйыла караган. Кайтаарында эстен тана тиктеген. Балким, анын делебесин козгоп, ичине чок салдым бекен? Анын жандүйнөсүнө бүлүк түшүргөнүм ырас болсо, кудай бергени, алаканымда турат. Мурдуна чүлүк таккан өгүздөй кылтактатпай, жетелеп алыш алма түшүргөндөн да оңой”. – Аял ушуну ойлоду.

Катынбаакы байдын  тамырын тартууга издеген амал капыс учураган акак сымал өзү табылды.

Күндөрдүн биринде Көкө:

— Кожоюн базарга мал айдашып барууну буюрду, — десе боло.

Самаганы мынчалык оңунан келбес, аткан чүкөсү айкүрүнөн мынчалык бат конбос келин ичинен кымың, сыртынан жымың эткенин сыр алдырбай:

— Ие, жалгыз мал айдап, сага эмне жок! Кокондогу базар кайда жатат, итапкан жол. Жолдо ууру-бөрүгө таланып, жаздым болсоң, мен бейбак кандай күндү көрөм? Быягын ойлодуңбу, байым? — деп аял кер какшык узатты. Анан заар чача: — Алыңа карап иш кыл, жок жылкыңа карап ышкыр! Жанымдан нукум жылбайсың! Баш кошоордо нике кыйган молдонун “үйүңдөн жети кадам чыкпайсың, короздун кыйкырыгы, иттин үргөнү угулбаган жайга жатпайсың!” – деген таалимин бузба! Барбайсың эч жакка! — деп тултуңдады.

— Тирүүлүктүн камын жебесек, берекет кайда? Маңдай-тескей, үңкүйүшүп олтургандан не пайда? Кожоюн баштайт, аны жандап башка жалчылар да барат. Соода ойдогудай бүтсө, мал айдашкандын баары төрттөн козу алат. Козуну койго жеткирген чоң олжо табат.

— Ээ, анда жөнү башка, — бир аз жазылгандай болду келин. – Бир тирилик эптеп өтөр, ошондон калба! Өзүңө сак бол, аман кайтып бар бол! Керелден кечке өзөрдүм же мени ойлобойсуң. — Искеги менен кашын терген, кашына балчайта осмо чийген зайып күйөөсүн сапарга узаткандай кучактап, артынан кайра  кыйтыйды.

— Иш бүткөнчө эсим сенде турду. Бирок байдан уруксат сурашка оозум барбады. “Бир эле сенин жамалтайың барбы?” десе не айтмакмын? Сенсиз менин да тамагымдан оокат өткөн жок.

Көкө белин курчаган жоолукка таңа келген жарты нанды жубайынын колуна карматты. Колукту мурчуйганын жазган жок.

— Өзүң кечке куйрук-боор, жилик татып, көөнүңө тийген кара нанды карагың келбей, катынга боло берет деп көтөрө келгениң да, ээ?

— Койчу, ойдо жок сөздү. Мага ишенбесең, азыр барып кожоюндун өзүнөн же айымынан сура! — Көкө карганууга кам урду.

— Сурайм эле. Жалганчылыгыңды чыгарып мыш кылбасам, карап тур! – Келин байдыкына барууга ниеттенип, күйөөсүн демитти. Аны кечирим сураткысы, артынан ээрчиткиси, жалынткысы келди. Көкөнүн сөзүн этибарга да алган жок.

Байдын этин кычышкак басып, базардан калды. Келин күндөрдүн биринде анын дары сууга келерин эшитти. Ырым туткан дары суу Көкөнүн үйүнө жакын колотто болчу. Бир аяк жол менен ал жакка бараткан кожоюн эшик алдында турган келинге сөз ыргытты:

— Көкө базардан кайткыча биздикинде жүрө тур, келинайым! Жалгыз экенсиң, коркуп калба, — деди ал жаш бүлөгө күйүмүш, Көкөгө жан тартымыш болуп.

Анын тил учунда айтканын Көкө да чын бүттү. Ал зайыбын байдын таклибине көндүрүүгө далбас урду.

Келин өзүнө сук арта тиктеген кожоюндан жүзүн ала качымыш этип:

— Жок, мен бирөөнүкүндө уктай албайм. Өз үй, өлөң төшөгүм өзүбүзгө кут кылсын! — деди баш чайкап.

Көкө колуктусунун менсирегенин жактырган жок.

— Чочуйсуң, чунаңдабай сөзгө көн!

— Урушпа, үкөм! Өзү билсин. Бу келинайым өзүнө ишенген үчүн сени жолго узатканы чыкса керек. Коюндаш эри сен айттың, кал деп. Абасындай сакалы аппак мен айттым. Тил албаса, айтканынан жанбаса, биздин акыл – куру далбаса.

Көкө башка койчулар менен базарга мал айдап  жөнөдү. Үйүндө аялы жалгыз жаткан. Үчүнчү күндүн түнүндө каалгасы сыртынан түртүлгөндөй болду. Келин ойгонду да бут учу менен басып, шырп алдырбай эшик алдына келди. Жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү басылганда гана каалганын сыртында турган адамдын ким экенин боолгоп билди. Ошентсе да, аңкоосунду.

— Бул ким?

— Мен эле…Кожоюнуң болом, жүрөктүү келин, — деди бай малайынын аялын өзүнө ээлик кыла.

— Жети түндө эркеги жок үйдө, эмне бар сизге?

— Ачсаң, эмнеге келгенимди билерсиң. Элибизде ирегесине баш баккан пендени кет демей салтта жок иш… Жаныңа эш болоюн, — деп сени коруганы, кабар алганы кайрылдым, садага! Күйөөң көз сала туруууну мага тапшырган, —  бай шылтоо жөнөттү.

— Кабарды күндүзү алат. Ал-акыбалды жарыкта сурайт. Коюңуз, кетиңиз, күнөөгө батырбаңыз мени. Сүйлөшкөнүбүздү бирөө укса, эриме чагат.

— Пенде баласы көргөн жок, көз байланган караңгы. Жан-жаныбар өлүү уйкуда. Сенин айыңдан дартка чалдыктым. Издеп келдим, өзүңдөн шыпаа. Мени айыктырчу да өзүң, жалынтчу да өзүң, оо, кара көзүм!

— Кызык экенсиз, байым..

Келиндин жибип баратканын боолгогон кожоюн бу ирет өкүм унчукту:

— Бол, ач эшикти! Антпесең, убалыма калдың. Ат дүбүртү угулат, кимдир-бирөө келатат. Көрө элегинде кирейин!

Келин каалганы шарт ачты да, бай босогодон аттаар замат кайра шак жапты. Эркек жытын эңсеп турган. Байдын кучактамак болгон колун ары-бери түрткүлөмүш этти. Кожоюндун ага жалбарып күсөгөнүнө көнсө, көзүнүн агы менен тең айланарын сезди. Шертин алган соң, байдын ыгына көндү. Анын эркине толук моюн сунуп, жетелеген жагына басты. Эркек каалаган чаңкоосу канган соң, ар убак түнкүсүн бирге болууга касам ичишти. Кожоюн Коконго мал айдап кеткендер кайтып келгиче, өз үйүндөгүлөрдү дары сууда боло тургандыгына ынандырганын, шыпаа берчү колоттогуларга “үйүмө барам” деп коюп, келиндин колтугунда болорун туюнтту.

Түндөрдүн биринде экөөнүн ою бир жерден чыкты. Көкөдөн арылуу, анан бай экөө баш кошууга кеп бышты.

Арадан агын суудай артына кайрылбаган нечен күн, нечен ай өттү. Көкө көргөн күнүнө, бүтөлгөн үстү-башына, курсагынын тойгонуна, мурдагыдан көбүрөк тамак-аш алганына курсант. Пейили кеңейген кожоюндун түпкү максатын билбей, ага ыраазы. Анын тилинен, чийген чийиминен чыкпайт.

Буудай бышып, саратан күчүнө кирди. Кызыл жыйналып, беш-алты боз үйдүн ордун ээледи. Төбөсү асман тиреди. Кожоюндун ач көздүгү ашынды. Малайларына бир ууч буудай ыраа көрбөдү.

Жайкы аптаптын биринде Көкөнүн азыгы түгөдү. Ар кайсы оокаттын башын бир айтып, алдына тарткан ашка карабай, зайыбы теңирден тескери кетти. Бирде сүт ичем, — десе, эртеси каймак, кийинкисинде айран издетет. Кээде баглан козунун эти менен бал кымызды чанып, бозону да кесеси менен аңтара тебет.

Бир күнү тултуңдап:

— Жаңы буудайдын нанын тап!

Колуктусунун тырчыганын туйган Көкө мүрүнө куржун илип, байдыкына барды. Соңку күндөрү орум-жыйымга анын колу тийген эмес.

Кожоюн буудай сапырган жалчыларга көз салып, арыктагы сууга бутун малып, күндүн үптүгүнөн тердеп-тепчип, талдын көлөкөсүндө олтурган. Бир малай аны айланып-тегеренип желпип жүрөт.

Көкө өөдө караганда калпагы башынан түшкөн буудайдын бийиктигине таң калды. Буудай аябай чечтелген экен. Ал колун көкүрөгүнө тийгизип, ийиле байга салам айтты.

— Кырманыңыз толсун! Жериңиз берекелүү, алаканыңыз ачык, өзүңүз берешен болуңуз, байым! Жарды-жалчыга, дубана-кайырчыга аталган ак кулаңыз да бардыр. Андан бизге да ооз тийгизги барбы?

Байдын каары кайнап, муруту тикчийди:

— Март адамды тапкан экенсиң. Силерге “келе” десе мына деп сураганын колуна салган адам жагат. Бу дүнүйө, бу кызыл, кызылдай мээнет менен табылганын ойлобойсуң! Же кожоюн жыйыштыра албай жаткандыр, кол кабыш кыла коеюн деп болжобойсуң! Кайда болсоң анда бол, аш ичкенде пайда бол! Кепсең тургай, бир тоголок буудай карматпайм, жогол!

Көкө байдан кагуу жегенине жылдызы түштү. “Кызматына жарап жүргөм, шагымды сындырбас, алаканымды кур калтырбас” деген үмүткө жетеленип келген эле. Кайра сүйлөй албай мукактанып, оозунан кеби түшүп, жети өмүрү жерге кирди. Кеч күз менен көктөм маалында сөөктөн өткөн суукка, төбөдөн коюн аралаш куюлган жамгырга карабай, үрөн себишкен. Боз топурагы буртулдап тизеге чыккан саратандын аптабында  аяк-башына көз жеткис талаанын буудайын сугарышкан. Өзөгүн карандай суу менен жалгап алып, бешенисинен ылдый жамгырдай куюлган тер сиңсин деп, чекесин жоолук менен байлап алып, бел оорутуп, көз жоорутуп, түшүмдүү башын көтөрө албай, шамалдан кийин бири-бирине чатыша, жер бойлой жапырылган буудайды орушкан. Күндүзү жогортон, түнкүсүн күнбатыш тараптан соккон шамалга жанчылган кызылды сапырышкан. Калбыр менен буудайын үйрүп алып, саманын бир тарабына жыйышкан. Кожоюн буларды эсинен чыгарган тура!

Бар күнөөсү – кырманга жайната төгүлгөн кызылды чечтегенде колу тийбей, каралашпаганы ырас. Демек, бир күн миң күндүк мээнетине татыбайт экен да!? Дөбө-дөбө үйүлгөн кызылы туруп, жетим-жесир, кул-кутан, кайырчы-дубанага кепсен, садака  чыгарбайт тура! Кожоюн биттин канын жалаган сараңдыгын биле туруп, оту менен кирип, күлү менен чыкканын, каруусун казык кылып кызмат өтөгөнүн көңүлүнө албаганына, ак куласынан кайрылышпаганына Көкөнүн ызасы келди.

Үндөбөй артына бурулду да, тескери бата тартып, жарым-жартылай үн чыгарып зарлады, Көкө. “Ылайым мендей бакырларга буйрубаган буудайың топуракка айланып, Чеч дөбө болуп калсын! Ач көз бай мени сыздатсаң, кудай сени сыздатсын! Оомийин, Кудай бар экени чын болсо, байдын кадемин катырып, тилегимди бер!” — деп Теңирге жалынды.

Кедейдин тилеги кабыл болду. Көкө артына бурулуп караса, кыр-кыр болуп үйүлгөн буудай калыңдыгы кишинин белине чыккан ак саманы менен кошо боз топуракка айланып калыптыр. Анын көзүнө буудай (чеч) дөбө ушинтип көрүндү.

Ызага муунган жигит азык тапмайын кулагы тынчыбасын, аялынын көр жемесинен кутулбасын билип, ага көрүнбөй, аярлай атканасына кирип, ардактап күткөн кубакай байталын чечти. Колуна кушун кондурду да, тоо беттеп жөнөдү.

Көкөнүн жолу болбой, аң уулаганы баратканын аялы да туйду. Кайраштыраар маал болгонун сезип, ошол замат байга жетип, ага акыл курду. “Мен десең, бир коюңду жокко сана. Ал жандыкты талаага коё бер. Көкөнүн тырмагына эчтеке илинбеген бүркүтү ошого тиер. Калганын ойлоп таппай жаның жокпу? Кудайдан зарлап тилегеним уккам, буудайыңды топуракка мына ошол айланткан!

Бай Көкөнүн зайыбы өзүнө ыктаганын дароо туйду. Ичинен күлмүңдөп, “коюмду алдырчу мен эмес. Сенин самтырак эриң, башканы кой, жетим козуга тең эмес. Макул, сен үчүн мүлкүм чачайын! Кесел улактын бирин курмандыкка чалайын” — деп малайын буюрду.

Көкөнүн көзүнө аң көрүнбөдү.  Бүркүтүнүн тумшугуна да жандык аттуу илинбеди. Аты илеелеп чаалыгып келатканда, маараган үн угулду. Бүркүтү шаңшып, кое бер дегенсип улам жүткүнүп, колдон чыга каччудай талпынат. Боосун чечери менен алгыры обого жаадай атылды. Карааны көзгө илешпей, төбөдө чарк айланды да, алыстан кибирейип көрүнгөн жандыкты көздөй шукшурулду.

Көкө бүркүтү тийген жерге атын чаап, жетип барды. Бир киши куштун чеңгэлинен улакты чыгарып атканын көрдү. Бүркүтү канга боелуп, жансыз жатат. Кушунан ажыраганына ичи ачышкан кедей тигини өлөрчө сабады. Колу менен жасаган иштин арты эмнеге алпарарын ойлоп, байы кун кууп, артынан куугун саларын чамалайт да, бөлөк жакка ооп кетүүнү самайт.

Зайыптын амалы куруду. Байталга учкашса эле ал зымырык куштай сызганы турат. Атты токуп, күйөөсүнүн ээрде зарыгып күтүп олтурганын капарына албай, бирде кийимин, бирде буюмун унутканын шылтоолоп, улам ары-бери кирип чыкканын койбоду. Бай менен бычкан шерти боюнча токмок жеген малайдын өчү куулмак. Көкөнүн башы чымчыктыкындай жулунмак. Бирок кожоюндун карааны эмдигиче көрүнбөйт. Эми кантет? Бачымырак келсе боло. Периштедей аялын эчтемеден кем кылбай бага албаган Көкөнүн башын кессе боло… Көкө өңөрдү дегиче, ак байтал бу дубанда жок күлүк, чаңына жеткирбейт. Итке минген Көкө менен кетсе, колунда мыдыры жок кембагал бешенесин жылытпас. Табагын оңойчулук менен оокаттуу кылбас. Аялды азгырган санаа ушу болду.

— Жолго эмне мынча тигилдиң? — деди Көкө.

— Куугунчу келип калбагай эле, — келинден бу ирет да арам ниеттүү амал качып кутулган жок. – Колго түшсөк, терибизди тирүүлөй сыйрыыр. Балээни баштап, кайдан ууга чыктың?

— Кармалбайлы десең, батыраак кыймылда. Эртерээк чыгып, жолду арбыталы!

Зайыптын эсине шибеге түштү. Көңүлү чайыттай ачылды. Ал шибеге менен байталдын моюн тушун улам сайгылап баратты.

Көкө алдына өңөргөн аялынын жол бою ойдолоктоп баратканына көңүл бурган жок. “Ээрдин кашына олтурганы ыңгайсыз болду го! Көчүгүнө өтүп баратат да. Анын үстүнө куба байтал учкан куштай сызып баратса…” деп ойлонуп коет.

Келиндин эки көзү арт жакта. Көңүлдөш байдын карааны көрүнбөйт.

— Астараак бастырчы, ээ! Өзөгүм үзүлө жаздады. И-ик… ичим, ичим бурап, ооруп атат. Токтот, атыңды! – ээрден сыдырылып түшүп, килемдей төшөлгөн көк чөпкө сунала жатып алды. Эси-дарты эле бай жетип келсе…

Ээрге кайра олтуруп, жол жүрүп келатканда байталдын ооздугун улам тарткылап, күйөөсүнө байкатпай арканды чубалжытып, аны кыйла мүдүрүлттү.

— Оо кокуй, аялын жөндөп атка өңөрө албаган бу кандай эпсиз эркек? Жерге катуу тийгиздиң го, — деп кайра доомат артты.

Жамбашын сыйпаламыш этип, кыйла убакытты сый кетирди. Түн киргенде күйөөсүнүн жанында жатканы менен “алдаган окшойт. Эмнеге кечикти? Минтип алаксытып турганымда жетип келип кармап албайбы да, башына каран күндү салбайбы” — деген кыялга азгырылып, эси-көөнү байда. Койнуна ката чыккан шибегени ээр түбүндөгү  байталдын зээрине бышып, чукулап баратты.

Ат күшүлдөй-бышылдай ашууга чыкты. Көкө анын жолду-ката каны чубурганын байкабады. Көк чөптүн үстү байталдын соңунан кызыл канга боёлду. Теребел алаканга салгандай даана көрүнгөн ашууга жеткенде, байтал кулап жыгылды. Мурдунан кан кетип, башка чапкандай күп түштү. Коркурап жатып, жан үздү. Көкө андан айрылганына ичинен сызды. Аңгыча атчан жетип келген кожоюн ээрден ыргып түштү. Энтиккенин баса электе, малайга кол салчудай кебетеленди.

Көкөнүн колуна кайдан-жайдан таяк урунду. Кожоюн кылычын оңду-солду шилтейт. Көкө ойт бере качып, ыгы келгенде анын төбөсүнө төрт ирет сокту. Мас болгондой башы кеңгиреген бай жер кайсалап абдыраганда, анын кылычын кагып түшүрүп, карышкырдай качырды.

Экөөнүн эрөөлүн кирпик ирмебей тиктеген келин күйөөсүнүн арт жагына аярлай өттү. Колундагы шибегени Көкөнүн көк желкесине урмак болуп колун көтөрдү.  Аны көрүп турган ити илбирстей ыргып, аялды ийинден тиштеп, жыга тартты. Жерге томолонгон келин бети-башын калкалаганда колунан шибеге ыргыды. Бу кезде Көкө байдын башын кыя чапты. Кан чуурулган баш кыр ылдый томолонду.

Көкө акылын жыйнап, байталынын изи менен тээ тоо этегине дейре көк чөп канга боёлгонун көзү чалды. Бир четте кан аралаш шибеге жатат. Ал ит алдында тебеленип жардам сурагандай, жалдырай тиктеген аялын бошотуп алды. Анан көзү жашылданып, байталын көмдү. Ээр-жабдыгын артынып, итин ээрчите, боз мунарык төнүп жаткан бейтааныш жолго түштү.

…Кыйла жылдан кийин эл-жерине кайткан Көкө айлындагыларды каптаган түйшүктүн үстүнөн чыкты. Эл ичинде күбүр-шыбыр, уу-дуу сөз. Тээ Күн жүрүш жактан чаар ала топу, көк селде чалынган  душман кара тумандай каптап келаткан экен. Ошондон улам көз көргүс, кулак уккус жакка көрүнөө да, көмүскө да качып бараткан пенде мындан көп.

Дөбөдө карыялар жыйын курушту. Душмандан коргонуунун айла-амалын таппай, коркунучка моюн сунушту. Алдына барган Көкөнүн акылын үндөбөй туруп угушту.

— Башты канжыгага саялы да, курал алып, жерибизди коргойлу! Коркок, качкын атка конбойлу!

— Жоонун түмөндөгөн колу бар. Ага ким туруштук берет? — деген  үн чыкты.

— Урушта көп сан эмес, акыл-айла,  мөөрөй утат. Бири-бирин укпаган, ыркы жоктун өргөөсү бат кулайт да, асабасы жыгылат. Биз саныбыздын аз экенине санаа тартпай, башыбызды катын сындуу далдаага тартпай, душманды жеңерибизге ишенип, баарыбыз бир миңдик болсок, жер жайнаган баскынчыны жексен кылабыз.

Баары ага жабыла тиктешти “кантип?” дегендей.

— Аны кийин билерсиз. Азырынча атка жарактуу адамдын эсебин тактайлы.

Айылдын баш-этегинен жүзгө чамалаш эркек жыйылды. Көкөнүн акылы менен жоо тосоор күнү баары чекесине ак жоолук байланды. Колуна кабыгы жаңы сыйрылган ак келтек кармап, ак көйнөк, дамбал кийүүгө бүтүм кылышты.

Көкө жөкөр баштоо озуйпасын мойнуна алды. Сакалы куудай абышканы жоонун жолун чалууга жиберди. Анткени Чеч дөбө ыраактан көрүнгөн жердин чоо-жайын билбеген жолоочу алдынан чыккан адамдан кайсы жол кайда алпараарын, бу журтта кандай эл жашаарын билмекке дайын-дарек сураары ыктымал. Карыяга чаар топулуу жоо кийимчендер жолукса, эмне дешти үйрөттү.  Көкө Күн жүрүш тараптан кылкылдаган караан, уюлгуган чаңды байкаганда, айылына жакындаган чоочундарга даана көрүнүп туруусу үчүн атчан, ак кийимчен жөкөрлөрүн Чеч дөбөнү тынымсыз айлантып, тегеренте берүүнү табыштады.

Ак боз ат минген  карыя чоочун адамдарды утурлай чыкты. Аларга көңүл бөлбөй, өз жумушу менен алек болуп бараткан жолоочу өңдөнүп, эч кимди карабай, чоочундарын тушунан өтүп баратты. Ат тизгинин тарткан жөкөр башы карыяны токтотуп, суроо узатты.

— Эй абышка, бу кайсы жер, кандай эл?

Карыя жүрүшүн токтотпой:

— Акжийде, Акжегде деген жер болот.

Жөкөр башы аны жандай басып, дагы сурады:

— Кайсы хандын ыктыярына карайт? Колу сайдын ташындай окшойт.

— Ак көйнөкчөн Көкө шердин жери ушу …

Чаарала топулуу  жөкөр башы адегенде Чеч дөбөгө көз жиберди. Колдоруна күнгө чагылышкан ак союл кармаган ак көйнөкчөн адамдар дөбөнү тегеренип, тынымсыз өтүп жатышат. Алардын карааны түгөнөр түрү жок. Эсебине сан жеткис. Сакалы сапсайган  жөкөр башы кыйлага дейре үнсүз тиктеп турду да, карыяга собол узатты:

— Ыя карыя, бу аягы сансыз жигиттер кимдин колу болуп кетти? Бу чөлкөмдө мынчалык аскер бар экенин укпадым эле.

— Ак көйнөкчөн Көкө шер деген баатырга карайт, жана эле айтпадымбы. — Абышканын дымагы алдагыдан катуу чыкты.

Саамга ойлоно калган жөкөр башы чүкөдөй карынын корсулдап, кыр көрсөткөнүнө бу арты көк асманга айланган колоттогулар оңой жоо эместигин болжогондой болду. “Көкө дегендин колу меникинен он эсе көп белем? Муну эми кантип жеңем?” — деген ойго кетти.

— Жаңылдың, урматтуу бек!  Көкөнүн жоокери бу чексиз жерде канча чөп болсо, ошого тете.  – Карыя атынан түшө калып, жерден уучтай чөп жулуп алды да, — мына менин тутамымдагы эле чөптү санап көр! Анан башкасынын эсебин чыгара бер.  Жоо чапканы келатканын угуп, кошуна-колоң айыл-кыштактардан Көкө баатырга кошулабыз дегени канча?  А сен көргөндөр миңдин бири! Тиги Чеч дөбөдөн ары көгөргөн аска-зоого дейре кеңирсиген талаа бар. Жоо тосууга эч ким камынтпаса да, сапка кошула албай, өздөрүнчө дүрбөп, машыгып аткан боз балдар менен чылк зоот кийген, чокмор баш, калкан-найза кармап, душман башын бутактай кыя чабаар жигиттери ошондо, капчыгай ичи жайнайт. Жоо келет деп күтүнүп, жеңин түрүп, колдун калыңдыгынан бармактай таш түшөөр жер жок, кулактары тийишип ошо жакта турушат, — деди абышка жөкөр башчыга сынай көз жиберип.

Чоочун жөкөр башчы кыйла ойго тунду, не кыларын билбей.   Чеч дөбөгө кайра көз чаптырды. Ал жакта ак көйнөкчөн аскерлер убай-чубай дагы эле дөбөнү айланып өтүп жатышат. Бу убакта карыя андан бир топ узап кеткен болчу. Жөкөр башы атына камчы уруп, абышканын артынан жетти. Жердин атын кайра сурап, бир эсе акылдашкандай, анан мындай кеп узатты:

— Бу чөлкөмдөгү чөптүн санына эсеп жетпес, Көкөнүн колу ошончо болсо, биздин күч ага теңдешпес.

— Мен аны кайдан билейин, жолоочум?.. Кан күсөсөң, күч сынаш. Пайгамбар жашына чыккан карыга ишенбесең, намыс-ар талаш. Өлүмгө башты байласаң, жалтанбай, тике бар да, тагдырыңдан тап! – Абышка сөзүн бүтүрүп атын теминди.

— Ансыз да жолумдан чыккан калың элди чабам деп катарым суюлуп, канча туйгунумдан ажырап, аксап, алсырап араң келатам. Калган жоокеримди да кырып албайын. Ушу жерден кайтайын. Аскеримди  өрүү алдырып, билегине күч толтуруп, чабал жакты байкайын! — деди да, жөкөр башы буйрук күткөн желдеттерине камчы булгады. — Ары кайткыла, арстандарым!

Жабалактаган сан кол абышканы чаңга булгап, бута атымдай алдыда бараткан жөкөр башчынын соңунан түштү.Ушундай акыл менен Көкө эл-жерин сактап калыптыр. Көзү өткөнчө байырлаган буудайлуу аймак Чеч дөбө, Ак байтал ашуу, ак көйнөк  атын алыптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *