№8

Кечке маал. Эшик кар.
Келе жатсам жумуштан.
Кара жолдо үч бала,
Каткырышып турушкан.

Жакындашсам аларга,
Жалынгандай үн чыгат.
Топто күчүк. Топ кылып
тебишсе, ал кыңшылайт…

Каарым келип, тап берип,
Куудум дагы үч “итти”.
Алып кеттим үйүмө,
Алсыз байкуш күчүктү…

Бул жоругу үчөөнүн
Бүдөмүк ой жаратат:
Кагылайын бул заман,
Кайда кетип баратат?!

Ата-энеси балдардын,
Кары бекен, жаш бекен?
Кантсе дагы тарбия,
Кантип берип жатты экен?

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *