Түрк жомогу

Болгонбу, болбогонбу, жашаганбы, жашабаганбы, иши кылып бул бир жакыр аял жана анын бой жеткен кызы Дария тууралуу.

Ошол Дария кыз ар кимдин ишин кылып, эптеп акча таап, жанын бакчу экен.

Бул жолу да бирөөнүн килемдерин согушуп, анын берген жыйырма парасын бекем катып үйүнө келет.

Ошол убакта сырттан лөлүлөр кирип калат да кызга кайрылат:

— Тагдырыңды таамай айтып берем?

Кыз кызыгып калат:

— А канча акчага тагдырымды айтып бересиң?

— Болгону жыйырма парага.

Кыз болгон акчасын — жыйырма парасын лөлүгө карматат.

Лөлү анын алакынын карап:

— Сенин тагдырың түшүнүктүү — жакында бей уулуна* күйөөгө чыгасың! — дейт да кетип калат.

Кыз буга аябай сүйүнөт. Апасына барып лөлүнүн айтканын кайталап мактанат. Апасы болсо:

— Алла кошсо, ал да болот, — дейт.

Бул сөз кошунасына – бей уулуна жетет. Ал өтө шылдыңдап күлөт. «Жатканы жыртык таар, көргөн түшү увазирдин баласы» деп бышкырат.

Оолугуп, сүйүнүп алган кызына апасы:

— Бар эми, кызым, базарга барып, сомун же пите* сатып келе кой, ачкадан өлөйүн деп турам! — деп суранат.

Кыз айыптуудай:

— Мен бүт акчамды лөлүгө берип салбадымбы? — деп ыңгайсызданат.

— А сомун да жок, пите да жок, ичегилер кургак курулдайт турбайбы? — Апасы демин ичине тартып не кыларын билбейт.

Ошентип алар ачка жатат.

Бул сөздөр кошунасы бей уулуна да угулат. Алар тосмого келип кыйкырышат:

— Дария, Дария, сомун да жок, пите да жок, бирок сен бей уулуна эрге тийесиң да, ха-ха!..

Муңайып турган кыз жооп берет:

— Алланын буйругу, өлтүрсөң да, буйруп койсо бейдин уулу өзү келет.

Экинчи күнү баягы бей уулу дагы кыйкырат:

— Дария, Дария, сомун да жок, пите да жок, бирок сен бей уулуна эрге тийесиң, ха-ха!..

— Алланын буйругу, өлтүрсөң да, буйруп койсо бейдин уулу өзү келет.

Ушинтип кыйкырышып алып бей уулу апасына барат да минтет:

— Апа, мени үйлөндүр?!

— Жакшы болот! — дейт да апасы дароо эле колукту издеп жөнөйт.

Бей уулунун апасы бир пашанын* кызына шакек салып кайтат.

Муну угуп, бей уулу ансайын кошунасынын кара далы кызын шылдыңдайт:

— Дария, Дария, сомун да жок, пите да жок, бирок сен бей уулуна эрге тийесиң, ха-ха!..

— Алланын буйругу, өлтүрсөң да, буйруп койсо бейдин уулу өзү келет.

— А бей уулу пашанын кызын алып атсачы… ха-ха…

Эртеси күнү дале ошол кыйкырыктар. Айтор, кепти узартпайлы. Күн сайын ошол сөз, ошол жооп.

Бир күнү бейдин аялы уулун кагып койду:

— Жардылар менен жаакташпа! Эртең не болорду кайдан билебиз?

Шылдыңдасаң бирөөнү – кайрылып кайтат өзүңө!

А баласы анын сөзүн угуп да койгон жок.

— Карабайсыңбы, өзү – сазда, көзү – казда! Ушул жаманды кайсыл бей келин кылып алмак эле!

Ошентип бирөө шылдыңдап, бирөө шылдыңданып күндөр өтөт.

Той жакындайт. Бей уулу менен паша кызынын үйлөнүү үлпөтүнүн камылгасына кызуу киришилет. Күнүмдүк жаңылыктарды кошунасына айтып мактанып, бей уулунун чечекейи чеч. Кыздан болсо баягы эле сөз – «Алланын буйругу, өлтүрсөң да, буйруп койсо бейдин уулу өзү келет».

Той да болот, тойдун эртеси да болот. Элдин баары тараган соң колуктусун өз бөлмөсүнө алып келип, бей уулу сыртка чыгат. Ошо кезде жаңы келген келин үстүндөгү той кийимин чечип ыргытып, кайын энесине айтат:

— Мен үйүмө кетем!?

— Не болду кызым? Сен эми босогобузду аттабадыңбы? Али сен күйөөң менен да жүз көрүшкөн жоксуң го? — Ушинтип кайын энесинин жалынып айтканына да, алдагынына да көнбөй кыз тултуюп туруп алат.

— Мага сенин уулуң жакпай калды. Мен бир жигитти жакшы көрчү элем, ага күйөөгө тийем десем болбой, ата-энем силерге кудалап койду. Ата-энемдин көңүлүн кыя албай силердин астанаңарды аттадым. А балким уулуңар менен жакшы көргөн жигитке окшош болсо керек деп ойлодум эле, андай да эмес экен. Болду, кетем! — Ошентти да кыз үйдөн чыгып, караңгыга сиңип жоголду.

Эми эмне кылуу керек? Канча акча талаага кетеби?

Бей уулунун апасы ойлонуп-ойлонуп отуруп бир убак кошунанын кызын эстейт. «Кедей болгону менен ушул кыз эле акыл-эстүү, сулуу да» деп ойлонуп, тосмодон, күндөгү уулу кыйкырган жерден кыйкырат:

— Кызым Дария, мындасыңбы? Биздин келин качып кетти, кел, сен анын ордуна бизге келин бол?!

Дария кыз сүйүнүп кетет. Жүзү албырып, той кийимдерин тамшана кийип, көркүн чыгып, көшөгөгө кирип кетет.

Бир убакта бей уулу келет. Көшөгөгө ал да кирет…

Эрте менен туруп адатынча кошунасынын тосмосунан башын чыгарып кыйкырат:

— Дария, Дария!

Эч ким жооп бербейт. Эчен жыл жооп берген кыздан дарек жок. «Акыры ушул кызды сүйлөбөс кылган экенмин да!» деп үйүнө кайтып апасына барат.

— Апа, мен акыры бечара кошунанын бейтаалай кызын жеңдим.

Кыйкырсам, кыйкырсам – унчукпады.

— Үнүңдү бас! Анын тилеги орундалды. Сен кечинде пашанын кызы деп келин кылган дал ошол Дария! Пашанын кызына сен жакпай калдың, анан ал бизди таштап кетти, а мен элге-журтка шылдың болбойлу деп ушул Дарияны чакырып келдим.

— Мунун эмнеси жаман, — дейт бей уулу, — демек, кошунамдын кызы эми колуктум турбайбы.

Анан алар кайрадан кырк күн, кырк түн той өткөрүп, өмүрүнүн акырына чейин ынтымакта жашашат.

Кыз өзүнүн чыдамкайлыгы менен алдында кезиккен кыйынчылыктарды жеңип, максат-муратына ошентип жеткен экен.

Түркчөдөн которгон Абдыкерим МУРАТОВ

             Сөздүк:

Бей уулу – төрөнүн уулу, оокаттуу кишинин баласы

Сомун, пите – тегерек кылып бышырылган нандын түрлөрү

Паша – Түркияда узак кылымдар бийлик кылган Осмон дөөлөтү кезинде эң жогорку граждандык жана аскердик чин (генерал деген сыяктуу)

One Reply to “Кошуналар тууралуу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *