Алыкенин жарыяланбаган эскиргис эски дептерлери  

Арабыздан Алым Токтомушев өтүп кеткен күндөн бери жеке архивин аңтарып отуруп, маркумдун окурман колуна тийгизер адабий мурастары арбын экенине бир эсе каниет кылсам, бир эсе ичим сыйрылып отурат. Каниет кылганым – Алыкебиз бул өмүрүн сая кетирбептир. Артында калар өрнөктүү чыгармалары бир эмес 3-4 томдук китеп боло тургандай. А ичим сыйрылган себеби – устаты Салижан Жигитовдун “кыргыз китеп чыгарсам эле тарыхта калам деп ойлойт” дегенин дамамат кайталап, арсалаңдап каткырчу. Каткырыгы да башкача эле, каткырыгы баланыкындай таза эле. Каткырганда да бармагын оозуна салып алчу. Салма тиши түшүп кетпесин үчүн таңдайын бармагы менен басып каткырчу. Бүлкүлдөп-сүлкүлдөп күлчү. Күлкүсүндө эч жасалмалуулук жок эле. Анан ошентип күлгөн кишинин жанында кантип жарпың жазылбайт. Кантип чериң жазылбасын. Баары жасалмасыз киши эле, тиши эле жасалма болчу… “Далай арак ушул тиштин арасында калды, досторум калбады” деп күлдүрчү. Мунусу – бөтөлкөлөш досторумдун баары эрте кете берди дегени болчу. Жаштайынан досторунан ажырап калгандагы кайгы-касиретин минтип жазганы бар:

Каз элек катар учуп каркылдаган,
Канаттар күн нуруна жаркылдаган.
Кайдадыр кайып болуп жок болдуңар,
Калтырып калп дүйнөнүн артын маган.

Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип аркай жерде жатасыңар.
Арбириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Кудайдын ошол тизмеси улам узарып, Алыкемдин жандай көргөн жакын адамдарынын катары кыскара берди… Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Мелис Эшимканов, Ишенбай Абдуразаков… Алардан да эң жакын арка тутаар байбичеси Шербет Келдибекова одүйнө кеткенден кийин эле “мага да аз калды” дегенди көп айтчу. Алыкенин бул кебине көбүбүздүн кулагыбыз бышып калган, “кайдагыны айтпаңызчы” деп койчубуз. Айрыкча Шербет эжеден айрылып калгандан кийин көпкө жашабасын сезип жүрдү. Шербет эже жөнүндө сөз баштап алып, көздөрү жашылданып кетчү, үнү мукактана түшчү. “Төшөктө жатып калбай өлсөм экен” дечү.

Бирок чуркап жүрүп кете бербедиби. “Сен да колуктуңду жерге берип, экөөбүз тең ушинтип жесил-бойдок тагдырга туш болмок экенбиз да” дегенине арсыз күлкүбүздү тыйалбай, ботсадды аралаар элек. Өзүбүздү өзүбүз сооротор элек. “Жашсың, бойдок жүрө бербей жаншерик таап ал” дечү. Айтканындай, жаншерик таап, жаңы турмуш баштаарым менен Алыкем болсо чым жазданып жатып алды. Колуктумдун колунан ысык чай ичпей кетти, батасын алып калбадык. Колуктумду Алыкеме куран окутканга гана ээрчитип бардым…

А кишинин тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. Алыкенин ушуга чейин жарыкка чыгарбай келген эмгектери саргайган барактарда, эски-эски дептерлерде былк этпей жатканын – Алыкенин адабиятка жасаган ызаат мамилеси го дедим. Өзү дүйнөлүк адабияттын көлөкөсү менен жарыгын айкын ажыраткан сөз зергери болуп туруп да чыгармаларын жарыялаганды эмнеге каалачу эмес? Мага ошонусу табышмактуу…

Болгону “Эски дептер” аттуу жыйнагын чыгарганбыз, 2007 менен 2008-жылдын аралыгында. Мүмкүн анысын да чыгарбайт беле, жагдай мындай болуп калды: Алыке 60ка чыгып аткан. Башкалар той берип дуулдап-шуулдап атпай-журтка аңыз курат экен, Алыке кайдан антсин. “Эч болбосо бир китебиңизди чыгарбайсызбы” дегениме көңүлсүбөдү. “Кайдан акча табылмак эле” деп койду. Бир күнү анан ымалашып жүргөн ага санап “Акун” фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго телефон чалдым. “Сизге тарых үчүн, адабият үчүн тилемчи болуп чалып калдым…” дедим. “Не болуп кетти” деди. Алыкенин 60 жашка чыгып, бирок ушуга чейин “Жолдогулар” аттуу ырлар жыйнагынан башка (анын ичинде да болгону он чакты эле ыр) китеби чыкпаганын айтсам, баландай күнү келгиле деди. Айткан күнү Алыкем экөөбүз ээрчишип бардык. “Канча керек” деди Чыкебиз. Алыке “500 доллар берсең жетет” дебеспи! “Э… коюңузчу, Алыке! Ал эмне болот, калың эле китеп чыгаралы” десем болбойт. Экөөбүз Ч.Турсунбековдун көзүнчө анча жетпейт, мынча жетет деп тартышып отурабыз. Бир убакта Чыкебиз айтып калды: “Алыке, мен сизди абыдан терең урматтайм, 1000 доллар берейин, жетпесе дагы айтаарсыңар” деп. Ошол ошо болду. Алыке бирок жетпеди деп кайра барбады кийин, жетишинче жетти деп “Эски дептер” аттуу жыйнагын чыгарды, болгону 500 нускада. Китебин басып эле жатып калдык. Тандалмалар жыйнагы дээр эмгеги болуптур. Бирок “Эски дептер” чыныгы китепкөйлөрдүн көбүнө жетпеди, көбүн чыгармачыл чөйрө талап кетти окшойт. А чыгармачыл чөйрө сатып алмак беле. “Автографың менен берчи” деп бекер алып басып кетет эмеспи…

“Эски дептердин” артынан дагы далай китебин чыгарып койсо деле окурманды эриктирбес, зериктирбес авторлордон эле. Сөздүн устасы ким десек, ушу киши эле го. Канчалаган котормолору, көркөм публицистикалык чыгармалары жатат, эми ошолорду артында калган биз чыгарып, адабий мурас болор эмгектерин жыйноо милдети турат.

А.Токтомушев 1970-75-ж.ж… абыдан өндүрүмдүү иштегенин эски дептерлердеги ар бир ырдын “туулган күнүн” белгилеген даталардан билсек болот. Бул жылдар аралыгында абакта жатканын көбү билбейт. Өзү менен бир курдай маек курсам, “мен түрмөдө жаткан жылдары көп жаздым, көп окудум. Адам түрмөдө жакшы ырларды жазат экен, чыккандан кийин жазбай калдым” дегени бар. Чынында абакта жатканда жазган төрт калың дептеринин ичиндеги ырлардын көбү буга чейин эч жерде жарыяланбаптыр.

Даа бир дептерде Шекспирдин “Гамлети” жүрөт, аны да толук которуптур. Мезгилдүү басмасөз беттеринде жарыяланган ырлары менен салыштырсам, али да жарыкка чыгалек керемет ырлары саргайган кагаз беттеринде калып келиптир. Ал ырларга мезгил менен окурмандан өтөр сынчы жок эми. Көбү купуя сезимдеги ырлар, аны Алыкедей улуу акынды жакындан билгендер туят…

Сан элестер көлөкөдөй, иңирдей.
Айнегимде жалгыз жылдыз дирилдеп.
Жанат, күйөт, көкүрөккө зак болуп
Катып калган көзжашыңдын бириндей.

Күндөр окшош – кербендердей, ырлардай.
Түндөр окшош – түйүлдүктөй, дубалдай.
Тирүүлүктүн дүбүртүнүн астында
Сургулт тартат тереземден бу жалган.

А.Токтомушевдин чыгармачылык өмүрүнөн сырткары да Ш.Келдибекова экөөнүн ортосундагы улуу сүйүү, улуу тагдыр өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Алыке абакта жаткан жылдары Шербет эже экөө үйлөнө элек болсо да, эжебиз ат тезегин кургатпай каттап турганын экөөнүн бири-бирине жазган каттарынан туйсак болот. Солкулдап турган чырактай кызы абакта жаткан жигитке турмушка чыгам дегенин уккан кандай ата-эне каршылык кылбасын. Анысын ээнбаштыктай көрүшкөндүр мүмкүн, жеңил ойлуулуктай туюшкандыр… Бирок Шербет эжебиз ошол каршылыктарга карабай көгөрүп, экөөнүн үйлөнүү “үлпөтү” да түрмөдө белгилениптир. Экөөнүн ошондо кармашкан колдору экөөнүн өмүрүнүн соңуна чейин ажырабай келип, акыры ажырашты. Экөөнүн колун ажал гана ажыратты. Ш.Келдибекова көз жумганына жарым жыл өтүп өтпөй, артынан А.Токтомушев кете берди. Алыкенин Шербет эжеге болгон сүйүү ырларынын сыры эми ачылаар… Тирүүлүктөгү жанына шерик адамына арнаган Алыкемдин андай ырлары арбын экен.

Сени сүйөм
Ш.К…га
Эмнеге сүйөөрүмдү билбей сүйөм,
кайгы, шат мен жашаган күндөй сүйөм.
Төп мага, төрт тарабың бирдей сүйөм,
эмнеге сүйөөрүмдү билбей сүйөм.

Сүйөмүн атайылап сүйгүм келбей,
Сүйөмүн куттар жанган бир күндөрдөй.
Сүйөмүн тозок дебей, бейиш дебей,
Сүйөмүн атайылап сүйгүм келбей.

Сүйөмүн тагдыр дебей, таалай дебей,
Сүйөмүн кечтер дебей, таңдар дебей.
Сүйөмүн кайсы дебей, кандай дебей
Сүйөмүн тагдыр дебей, таалай дебей.

Сүйөмүн супсун катып сүйөм дебей,
Сүйөмүн сүйөнч кылаар бирөө дебей.
Сүйөмүн кызыл дебей, күрөң дебей,
Сүйөмүн супсун катып сүйөм дебей.

Сүйөмүн зыйнат күтпөй, сүйүү күтпөй,
Сүйөмүн жаздай, кыштай, тирүүлүктөй.
Сүйөмүн коркунучтай, сүйүнүчтөй
Сүйөмүн зыйнат күтпөй, сүйүү күтпөй.
14-январь, 72-ж.  

Устатыбыз текстти кан менен тердин ортосунда толгонуп, ойлонуп жазчу. Ошонүчүн окурман Алыкенин ойлорун оңой кабыл алчу. Учурунда ал “Кыргызстан маданияты” гезитинин сын бөлүмүн башкарып турганда С.Жигитов жазуучулардын чоң жыйынында: “Урматтуу академик-профессор адабий сынчылар, силердин жазганыңарды орто билимдүү Алым Токтомушев гезитке кызыл-жаян кылып оңдоп-түзөп чыгарып келатканынан уялсаңар болбойбу!” деген экен. Чын-чынында Алыке сөздүн анык чебери катары көпчүлүгүбүздү өрнөктүү текст жазганга үйрөтүп өлдү. Жөн эле өлүп алган жок. А киши жазма менен оозеки жанрдын айырмасын мыкты ажыратчу. Алдында жаш калемгердин же акадамик, профессор наамы бар аалымдын тексти болобу, кызыл-жаян кылып ийчү. Турмуштун да, сөздүн да күрөө тамырын кармай билген Алыкедей акыл чөйчөгү толук, ары чынчыл кыргыз аз. Анын тубаса таланты, көрөңгөсү бай эле. Адабий табити да өзгөчө болчу. Коомдун алдыңкы өкүлү дээр акын-жазуучулардын көбү билимсиздигинен коомго акыл шооласын чачалбай келет. Бу жагынан Алыкебиздин дүйнө таанымы абыдан кең да, терең да болчу. Өзү бирок канчалык сөз зергери болгону менен өмүрү радио же теле үчүн интервью бергенден жаа бою каччу. Сөздү суудай сапыргысы келбечү. Сөз деп сүйлөй берчү эмес, жаза берчү да эмес. Анын эки устаты бар эле, экөө тең сөзгө зергер, турмушка көсөм – Ашым Жакыпбеков менен Салижан Жигитов.

Бул үчөө кыргыздын жазма маданиятын калыптандырууда тоодой эмгек калтырышты. Ал мурастарды эми биз кандай аздектей алабыз, кеп ошондо… Алыкем өлөр өлгөнчө устаттарынын арбагын сыйлап өттү. Сыйлап өттү дегеним: устаттары сөзгө кандай табынса, алардан асти ашса ашкандыр, кем калбай көжөлүп узанды сөз менен. Сөзгө табынып өттү. Сөз байлыктан башка эч нерсе жыйнабай өттү. Жылаңач кетти. Тек, артында ойдун артына ой, сөздүн артына сөз жашырган поэзиясы, котормолору, накыл кептери калды. Мөртү келсе ошол накыл кептерин афоризм жанрында иштеп чыгуу түйшүгү турат. Мүмкүн ал көркөм публицистика менен алышып жүргөн кезинде айрым учкул ойлору, курч саптары кийин турмуш чындыгын чагылдырган афоризмге айланып кетээрин ойлогон эместир өзү… Мен ал кишинин жеке архивиндеги эмгектерин сыдыра карап отуруп, арасынан укмуштай афоризмдерди “сууруп” чыгып басмасөз беттерине жарыялап, окурмандардын шыпшынуусунан улам Алыкемдин жандуу сөздөрү өлбөй турганына бекем ишенип калдым… Баары ташка тамга баскандай саптар…

Төмөнкү ырынан болсо Алыкебиз тээ качан эле өзүнө өзү катуу талап койгон жан экенин туйасың, окурман… Бул ыр анын 26 жашында жазганы. Көрсө Алыкебиздин жасат-турпаты, жүрүм-турум мүнөзү калыпка эрте түшүп, өмүрү өткөнчө төмөндөгү ырынын мазмунунан ажырабаптыр…

Чексиз талап…
Өз жайыма койгула мени,
бейиштин, жайлоонун да жок кереги.
Бу түрмө жетет мага, ошенткиле
кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан,
акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан
оолак жашап көрөйүн бир оокумга,
бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө.

А эгер берген болсоң алам анда
орденди жезден сокпой
соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн.
Алаар элем атакты берген болсоң,
сан-түмөн клеткалуу мээлериңден…
Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө!
Өз жайыма койгула мени, ошенткиле!
17-январь, 73-ж.

Бул ырында эмнени талап кылса, жашоосунда да так ошондой жашап өттү. Орден, атак, сыйлык-наамдан жийиркенчү ал. Жыйын болгон жерлерге да оңой менен барчу эмес. Анткени калп сөз, жасалмалуулук көпчүлүктүн башы кошулган жерлерде көбүктөп кайнаарын сезчү. Жыйын, салтанаттардагы шапалак чапкандын көбү чын жүрөктөрүнөн кол чаппасы дайын болгон ага…

Көбү А.Токтомушевдин колу көркөм адабиятка тийбей келгенине кейип жүрдү, бирок көркөм чыгармага караганда публицистика алда канча татаал жанр. Себеби публицистика тактыкка гана таянат, ал илимге да жакындап кетет, анда турмуштун күрөө тамырын таамай кармап, терең талдай билишиң эп. Менимче, Алыкенин көркөм чыгарма жазуудан оолактай түшкөнү да ошондон болду окшойт, бирок ал жеке чыгармачылыгына кайра кайрылбаганы менен дүйнө адабиятын кыргыз окурмандарына жеткирүүдө талыкпай эмгектенди. Жүрөгү сокпой калган акыркы мүнөттөргө чейин дүйнө адабиятынан колу бошободу.

Устатымдын көзү жумулуп кеткен суук кабарды угаарым менен босогосун аттасам, Алыкемдин жансыз жасаты жаткан бөлмөдө Габриэль Гарсиа Маркестин “Айттырып келген ажал баяны” (Хроника объявленной смерти) аттуу повести кыргызчага жарым-жартылай которулуп, бирок аягына чыкпай калганын көрүп, ичим сыйрылып, каңырык түтөп турду… Анткени акыркы кездери буту, бели, башы ооруп, кан басымы жогорулап кетсе да төшөктө сойлоп жатып сөз менен алышып иштеп жүргөнүн көп айтар эле. Жаны үзүлөрдөн мурунку күнү мага телефон чалып, Салижан Жигитовдун илимий эмгектерин топтоп, “экөөбүз китеп кылып чыгарып койсок, ал эмгек кыргызга бүгүн абдан керектүү болмок” деген Алыкемдин телефону эртеси да чырылдады. “Ало-оо, Алыке…Кандайсыз?” десем эле телефондон кызы Гүлзар боздоп жиберди: “Атамдын жүрөгү жаңы эле токтоп калды!”.

“Жер муштап калдым” деген кыргыздын кеби бекер эместигин ошондо сездим. Жаны үзүлөрдүн алдында кызына “кокус жамандык болуп кетсе, Олжобайга айт, ошол бир нерсе кылат…” дептир. Өзүм итке минип жүрүп, устатымдын жамандык зыйнатын кантип аткарышты билбей, дабдырай түштүм. Айламды таппадым. Анткени Алыкемдин арка тутаар бир иниси – Керим байке 4-5 жыл мурда өтүп кеткен. Ага чейин Алыкемдин апасы өлгөн. Ошондон улам удаама удаа келген жаманчылыктардан жалгыз иниси Эсен байкенин да жону жукара түшкөнүн билчү элем. Мүмкүн ошондон уламбы, Алыкем ак баракка мындай деп керээз калтырып кетиптир: “Өлсөм эчнерсе убара болбогула!..Мени көмүштүн кереги жок, менин денемди эгер мединститутка керек болсо, ошого тапшырып коюуңарды өтүнөм.” Бирок кантип Алыкедей асылды кара жерге бербей коймок элек, бул керээзин аткарганыбыз жок. Алыкемдин башына жамандык келгенде дайыма Болот Шер тикесинен тик турчу эле. Алыкем өзү да “менин башыма келген жамандыктын баарын Бокем көтөрдү” деп калчу. Ал эмес Алыкемди ажалдан арачалап калуу үчүн Европа өлкөлөрүнө чейин диагностун жөнөттүрүп, үйүнө медициналык шаймандарынан өйдө алдырып берди. Ошол аракеттери да Алыкебизди арабызга көпкө кармап турду. Шербет эжебиз одүйнө аттанганда да четте карап турган эмес, “Жетимен” фондусунун” атынан деп каралыгын көтөргөн. Бу жолу да суук кабарды эң биринчилерден Бокеме угуздум. Жетип келди. “Жамандык зыйнатынын баарын “Жетимен” фондусу – биз көтөрөбүз” деди анда да.

Ага чейин Алыкемдин жумгалдык туугандары сөөктү киндик каны тамган жерге алып кетмей болушкан. Бу да аргасыздыктан эле. Бокебиз бирок Алыкебиздин сөөгү байбичесинин жанынына коюлганы туура экенин айткандан кийин маркумдун сөөгү Шербет эжебиз менен жанаша коюлмай болду. Муну баары туура көрдү, антпесек өкүттүү болмок кийин… Жумгалга Алыкеме топурак салганга кимибиз барат элек, кимибиз баралбайт элек?! Өмүр бою Алыкемдин мамилелеш адамдарынын баары борбордо болсо…

…Аликем өзүн өзү акын санабаганы менен, сөздүн толук маанисиндеги акын экендигине анын артында калган ырларын окуган окурман баасын берер. Эң башкысы ал – адам болчу, адам бойдон жашап өттү. Адам болбой туруп акын болуп калгандардан эмес эле. Ал мага адам болуш үчүн кежирлигин карматып жашап өткөндөй туюлат кээде. Кайсы бир кесип ээси болгонго караганда адам болуу оор экенин түшүнчүү. Ал дайыма чындыктын тили менен сүйлөп, коомдогу сынчыл көзкараштарды ойготкон абыгер болчу. Коомдун агымы менен да эч качан шар кеткен жок. СССР доорунан кийинки кыргыз тагдыры, келечеги не болоруна устаты Салижан Жигитов экөө дамамат тынчсызданып жүрүп өтүштү. Бул экөөндөй интеллигенция өкүлдөрүнүн арасынан улут, мамлекет келечегине сереп салып, бийлик башындагыларга каш каккандар өтө аз болду. Бул экөөнү кээде улутка каршы көзкараштагы нигилист санагандар да болду, айрым жармач патриоттор экөөнү улут душманындай көрдү. Экөөнүн каны кыргыз экенинен да шектеништи! Бирок ушул эки инсан гана коомдогу абийирдүү азчылыктын көзкарашын калыптандырып кеткенине али да маани бере элекпиз. Арийне улут абийири саналган инсанаттар көзү барында өз баасын албаганы кыргызда эле эмес, дегеле дүйнө элинин бардыгында, дүйнө элинин тарыхында көп учурайт. Экөөнүн шыбагасы да ошондой болот көрүнөт…

Олжобай ШАКИР

Маркумдун «Ачылбаган дүйнө» аттуу ырлар жыйнагына жазылган башсөздөн кыскартылып алында

ПОЭЗИЯ

Алым ТОКТОМУШЕВ

Эжем Ларисага
О кандай оор,
Адамдыктын Улуу толгоосу…
…………………………………..
А балким сен төрөсөң,
Балдарың бойго жетип катарланмак…
Тийдиңби тагдырыңдын кычыгына,

Бир жолу толготподуң бакан кармап,
Бир жолу аталбадың “апа” делип,
Бир жолу аталбады “ата” делип,
Түбөлүк кала бердиң күлгүн бойдон,
Телмирип карап калдың көл толгоосун.

А балким сен төрөсөң,
Дүйнөгө кан жүгүрткөн гений болмок,
А балким сен төрөсөң,
Акмактын алыс кеткис жолун жолдоп
Көз жармак даа бир акмак бул дүйнөгө.
А дүйнө андан да жок, мындан да жок,
Бир адамдан жесир калды.
Акмакты төрөбөдүң кандай абзел,
Акылман төрөбөдүң кандай кайгы!
О кандай улуу
Адамдыктын толгоосу.

Төрөлгөн күн
Кечирим сурашым керек эле баарыңардан,
сөздөр менен уңгусунда Прометей азабы бар,
ыргагында ый-муңу бар Верлендин!
(Эгоисттик, мансапкорлук, деспоттук иштериме
же качандыр бир жаш кызды кордогонум үчүн эмес,
бирок, кечирим сурашым керек эле баарыңардан:
дегеле көз жарып калганым үчүн
кең дүйнөгө…)

Толстойду окуп…
Мына, дос, бейкут күндөр, катаал согуш…
Мына, дос, орден, атак, шаан-шөкөт.
Мына, дос, сүйүү күткөн Наташа кыз.
Мына, дос, кудай туруп,
кудайды издеген Толстой чал.

Көйкөлгөн көз алдыда орус турмуш…
Сен деле кайра тартпас жалапчылык
кужулдаган аялдар…
шарап, чылым…

Мына согуш. Мына тирлик бөксө-толук.
Баатырга, коркокко да тегиз, калыс
мынакей жымжырт сөздөр
кылыч сөздөр.
Мынакей атактан да, даңтан да эмес
өзүнөн качып жүргөн Толстой чал…
6.01.71-ж.

Король Лир
Карга ка-ак деп, кузгун ку-ук деп көрүнбөй,
Качантадан тирлик изи жок өңдүү.
Какыраган Арабия чөлүндө
Каңгып жүрдү тартаялек Король Лир.

“Кайда баары? Кана баары? Каякта?..
Таажымды бер мен падыша кездеги”
Булут жылат жараланган канаттай,
Аны сатып жибергенин эстеди.

Какырайт чөл… кайда башы, аягы?
Кайда батат картаялек Король Лир?
Атажуртун, араб элин, аялын
Алмаштырган сыйлыгына Нобелдин.

Караан да жок, адам да жок бир дагы,
Кудай да жок! Болсо, кимди унутту?
Ардактаган досун, жакын тууганын
Алмаштырган сыйлыгына клубдун.

Кең дүйнөлөр келген менен эсине,
Чөл дүйнөгө айланганын түшүнүп,
Ыйлап ийди… ыйлаганда көзүнөн
Көзжаш эмес, агып жатты түкүрүк.
1991-ж.  

Салижан Жигитовдун денсоолугу үчүн
Бул турмушта күйгөн от аз, түтүн көп,
Бир булайбыз байгамбардын түшүндөй.
Жакшыны да, жаманды да жылыткан
Сиз да барсыз күйгөн оттун ичинде.
Байгамбардын көзжашынан жүз элүү,
Устат, сиздин соолук үчүн ичемин.

Көктү көрүп, акты айрып дебесек,
Көрдүйнөгө келгенибиз неге эсеп?
Акыйкатка айбат кылуу жагынан
Ажал гана балким сизге теңешет.
Уу чыланып өрттөнсө да ичеги
Устат, сиздин урмат үчүн ичемин!
1996-ж.  

12-колония
Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
селт этем сары жалбырак “шырп” деп учса…
Бул жерди бир жымжырттык сагаалаган
эч жан жок сени аяган…

Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
Жаратылыш каткан бойдон
кунарсыз бир сүрөттөрдөй
илинүү көңүлдөрдө…
Сезесиң антсе дагы
бир сындырым нан менен сага берген
суу шыбырын
чөп бактысын…

Айтыпсың:
экөөбүз тайраңдачу мейкиндикке
сыя албай жүргөнүңдү…
саргарып жатканыңды өткөндү эстеп…
китептин кыздарындай көзжаш төгүп…
узатып жатканыңды ушул күздү…
Эх, деги, зор бакытың ушул сенин:
кайгырып, шаттана алган учуруңда…

Жазыпсың:
Эркиндиктин ЭРКИН гана сөзү менен…
чаалыгып-чарчаганың ушул күздөн,
бу дагы ЭРКИНДИКтин ырыскысы…

Айтыпсың:
коркоруңду дендин эмес,
духтардын чабыттаган өлүмүнөн…
Айтыпсың:
духум эмес, жатканымды түрмөдө мен.

…А бирок түндөр узун… күндөр кыска…
селт этем, сары жалбырак “шырт” деп учса…
21.01.71-ж.

* * *
Өткөн күндөр күүгүм менен бир кирип,
күжүлдөшөт мас достордой чуу салып.
Жаш мезгилди жашообузга пир кылып,
жаман эмес, аздыр-көптүр дууладык.

Өткөн мезгил жылдыз менен бир чыгып,
себет менин сезимиме ак жарык.
Кылыч болуп кынга сыйбай курчуду
кыялга мас кыз мезгилдин аттары.

…Мен соороттум. Мен өзүмдү соороттум,
адашканда алдан тайып эңгиреп.
Ошентсе да сезимимди ойготтум;
эң бир ыйык, эң бир таза, эң бир ак.

…Мен алдадым. Мен өзүмдү алдадым,
Бирок достор, алдабадым силерди.
Адамзаттын ак жолунда ал дагын
Аалам үчүн түмөн кайрык, түмөн күү…

Өткөн күндөр калкып чыгып кайдагы,
Мени айлантат арзыбаган наркына.
Айтор достор, чоңбу же бир майдабы
Ар өлүмдүн өз күрөшү бар тура…
26.10.70-ж. (1973-ж)

Убайым
Төрт аттам – бияк жагым, тияк жагым,
Шырт эткен шыбырт чыкса туят баарын.
Өзүмдүн калп, чынымды табалбасам,
Жараткан неге адам сыяктадың…

Эшиктен тешик тиктейт чакчыгайдай,
Кайтарат жылдар, күндөр сакчылардай
Кайдандыр шамал жортот… андан озуп.
Каңгырап кетким келет капчыгайга.

Жан бирге, биз жабышкан кеме бирге –
Чырмалам чыргоо ойдун келебине…
Дүйнөгө батпай турган күндөр болгон…
О, азыр анын мага кереги не?
1970-ж.

Жашоо
Ишенем актыгыма өзүм гана,
так ошол ишеничте кете берем
чаржайыт көп ойлордун бири сыңар…
Билемин “жалп!” деп өчөм,
билемин “жалп” деп өчөт чындык мендей
эртеңки чындыктардын жашашы үчүн
ошентип, азырынча кош-мур айтам
эртеңки күнү жолугууга ак жүз менен!
30.03.71-ж.

Поэзия
Бир сүрөт тартып алды кыз алфальтка,
эмнени тартканын да түшүнбөйт ал.
Окшойбу башы Күнгө,
а мүмкүн жөн эле бир күнкарама,
жылдызбы тегереги;
а мүмкүн жылдыз эмес тирүү көздүр…
чачтары тармал-тармал.
А мүмкүн бул чач эмес, түрдүү чөптүр…
Бир сүрөт тартып алды кыз асфалька,
жыргады өнөрүнө маашыр болуп.
Бир карап бу жагынан, а жагына,
бир карап а жагынан, бу жагына
бир сүрөт тартып алды кыз асфалька.

Жол менен келе жаткан азиз адам
(А мүмкүн тубасадыр,
а мүмкүн өткөн согуш белегидир,
бу жерде эч мааниге ээ эмес ал)
кыз тарткан а сүрөттү тепсеп кетти.
Кыз болсо өксөп-өксөп ыйлап ийди.
8-апрель, 1971-ж.

* * *
Бардым мен тереземе.
Боройлоп жаткан экен жамгыр төгүп.
Көчөлөр ээн…
Шыпырып жүрөт аны карыган чал бир.
Күн куят көнөк-көнөк,
чал болбой өжөрлөнөт.
Чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын
түгөнүп кетүүчүдөй ыпыр бүтүн,
тазарып калуучудай бүгүн дүйнө…
чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын…
12-апрель, 1971-ж.

* * *
Сен келесиң, бороон күндө келесиң,
Боздоп, ыйлап шамал тыткан элесиң.
Так өчөрдө таттуу үмүтүм үзүлүп
Талыкшыган таңды күткөн терезем.

Таалайымда сени дайым көрүш бар,
Тагдырыма жааган күнү көбүк кар.
Ошондуктан жашоо, тирлик дегениң –
Мен үчүн бир ала дүмбүл өрүкзар.

Бу дүйнөдө баш чайкабай барам тим,
Бакытымды баскан күнү каран түн!
Мезгилинде беймаанисиз мерт болуу –
Мен үчүн бир улуу күнгө карантин.
9.06.71-ж.

Өлгөндөр
Өлгөндөр көрүстөндө курат үлпөт!
Алгыла тагдырлар, таажыңарды!
Мынакей чиркин, эркиндик деген!
Сени эми мыкчып турбайт бир да булчуң,
сени эми тырыштырбайт тарамыштар.

Өлгөндөр жатышат жыргап гана:
катышпай көңүл келбес жыйналышка,
чуркабай орден, кызмат, даңк-атакка…
карганып жанын жебей
тыйынга сары чака…

Бирөөнү сүйөм дебей,
жек көрбөй бирөөлөрдү.
Жатышат үлпөт куруп бейпил гана.
Тагдырлар алгыла, таажыңарды!
…үй курдум мүрзө үстүнө,
терметкен шамал-тагдыр.
Астымда Жер.
Чакчаят Күн төбөдө.
19.06.71-ж. 

Табылды Муканов
Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений!
Ал сага тардык кылган ушунчалык.
Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
сени эми санат кылар ушул жарык.

Чатырап чарт жарылган бул турмушта
не ойлоп, болдуң экен неге куштар?
Өмүрлөр агып жатат бир нук менен
өмүрлөр калып жатат не бир нуска.

Не күлдүң, сен эмнеге азап чектиң,
ачылдың, акырында калдың актай.
Белгисиз шамалдарга шейит кеттиң
күздөгү күмүш саамай жалбырактай.

Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений,
арылып сан түйшүктөн калдың жыргап…
Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
мүрзө эми бир жаныңа тардык кылбас.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *