Кезинде А.Акаевдин реформаторлорунун бири Бекболот Талгарбеков «Жерге мамиле фундаменталдык философиялык жана дүйнөнү кабылдоо мүнөзүнө ээ» деп сөздү алыстан баштаган. Түркөй адам чын эле үркөөр сөз. Ар жагын мындай улайт: «рыноктук экономикалуу укуктук өлкөлөрдө жарык дүйнөгө келген эркин граждандар үчүн жерге болгон жеке менчик укугу кудай менен табият адамга берген жашоого жана эркиндикке укук сыяктуу эле кадыресе укук… (КТ». 14.12.93) Сөздү Көктөн баштаган ал бизде да жер рыногун киргизмейин цивилизациялуу (?) рынокко ээ болбойбуз деп абсолют бүтүм чыгарат. Бул багытта башкы прораб жалгыз эмес, аграрчы аталган бир катар прорабчиктер, мастерлер бар. Мамлекет стратегиясын аныктаган эң башкы Архитектордун өзү бар. Андыктан, оболу «Дүйнө кабылдоо философиясы» тууралуу эки ооз сөз.

Көчмөн көз карашында — түбүндө Жер Теңирге жуп же Кудайдыкы гана! «Кудайдын жерин аяп…», «Кудайдын жерин да жөн койбой» деген түшүнүктөр тегин чыккан эмес. Кудай — Теңирдики болгон үчүн ал түбүндө касиеттүү, ээси бар же руханий жандандырылган дагы (одухотворен). Көчмөн эч качан конкрет бир аянттын кудайы (жерге жеке менчик ээси) эмес, бардык жердин (табияттын) кулуну болгон. Кургакка ыргытылган балыктай жерден окчундатылган (отчуждение) эмес, табият-дүйнө өзөгүндө калган. Андыктан философиялык-психологиялык планда алганда анда эч качан жерге карата жеке керекчил, утилитар мамиле калыптанбаган. Жамаат ээлитиндеги жерди сак-сактоо «уруу ынтымагын», андан артылып «калк биримдигин» калыптаган. Ал кыйырдан бул кыйырга чейинки учан-теңиз улуу аймак аргымак туягында бир үзүлүп-сүзүлбөй туташып калган. Батыштагы өз имениесин бооруна басып,’’ башка аймакка ыйыр сезим калган «бир туташ отчужденныйларга» салыштыра айтсак анда, көчмөн үчүн аяк алдынан калдайган жерди канатына каткан Ата Мекен башталган. Демек, Жер түшүнүгү ал үчүн түбүндө экономикалык категориядан мурда правалык-философиялык категория. Дүйнөгө өзгөчө мамиле, көзкараш, дээр-зээн, психологий тамыр.

Албетте, бу сөз азыр далайлар үчүн прагматизмден кур калган кооз сөз, жалаңкат идеализм, поэзия! Бирок маселеге үңүлө келсек, иштин жайы “идеализмден” саал татаалыраак. Анткени, эми так ошол бирдиктүү Жерге, Ата Мекенге коркунуч туулду. Аягы улут кыртышынан ажыраган радикализм «Жер указынан» соң мамлекет тагдырын, эгемендүүлүгүн опуртал тилкеге алып кирди. Мамлекет жүрөгү — Жерге кол салынды. Буга «Ортодогу жер — ээсиз Жер» (ничейная земля) идеясы ийкемдүү кызмат кылып берип атат. Маселе түбүн түшүнбөгөн туура чабарлар да же байлыкка жаңы туйтуна калган жашчыкма кай бир коммерсанттар дагы «Жер дыйканга эле, дыйканга!» деп жер сабап (коллективдүү чарбадагылар чыйкандан бетер) алардын камчысын кошо катыра чаап чыгышкан. Акыйкатта, темин (ура) демократтарыбыз «Адамдын жеке мүмкүнчүлүгүнө эрк бериш керек!» деп бакырып атышып бир нерсени элес албай жатышат. Батышта экономикалык либерализм капиталисттик мамилелердин түзүлүү, калыптануу, өнүгүү процесси менен киндиктеш төрөлгөн. Ички диктаттын табигый туундусу катары ырааттуу, ишкер, конкуренциялуу мүнөз күткөн. Ал эми бизде бир система талкаланып (Батыштын мында «жардамы» зор), базасы кыйрап, чет элдик капиталга толук көзкаранды абалда турганда өтүп жатат. Б.а. сырткы экономикалык диктат ачыктан-ачык эле күч салган саясый диктат мүнөзүнө өткөн кырдаалда өтүп атат…

Нетесиң, төө кыядан бир эмес төрт жолу, кырк жолу өтүп кетти. Жана мында объективдүү фактор гана эмес, философиялык, идеялык өз кыртышын аңдап үлгүрбөгөн ээрчиме субъективдүү фактордун да ролу аз эмес. Окуя улуттук аң-сезимден озуп кетти. Мите эми Жер-өзөккө жетти… Арийне, инвестиция болбосо бүгүнкү кризис эмненин ичинен чыгараары беймаалым. Муну эсепке албоо Дон Кихотчулукка жатаар. Бул — ак! Бирок кыйды донорлордун улам бизди умсундуруп өзүнө керектүү нукта жетелеп бара берери да — ак! Эмесе, улуу кризистин мизине Жер тагдырын калчабай башка айласын издештире алабызбы?

Эгерде Президент А.Атамбаевдин Указы Конституциялуу деп табылаар болсо, окуя ырааты кандайча өнүгүшү мүмкүн? Тарыхтан белгилүү, жерди мыйзамдуу тартып алуу үчүн оболу аны мыйзамдуу таратып беришет. Алдуулар иргелет, алсыздар жерин күрөөгө коет. Акыры тумтак кол жууйт. Ошентип ири жер ээлери келип чыгат. Бул — жерди бир колго топтоонун биринчи этабы. Биздин шартта ал «прихватизация» учурунда бет-чөнтөгүн бирдей тултуйткандарга оойт. Чүй менен Ошто менталитети эзелтен жерге кыргыйдай элдер менен итке минген ыргайдай элдин арасында кескин, тез улуттук ажырым чыгышы ыктымал. Ал социалдык жарылууга алып барат. Айтса, андан кайра эле түпкү калк өзү жапа чегет. Биздин демократтардыкы деле ушул эски ыкмада. Бир айырмасы — «түбүндө жер мамлекет менчигинде калып жатканы соң кабатырлыктын кереги не?» деп компоюшат.

Бирок алар бир нерсени элес албай жатышат. Абал бир мамлекет ичинде «пусть один гад съесть другого» (Достоевский) тейде кала берсе да бир жөн эле. Андай болбойт. Сөз ипотека ыкма тууралуу. Жерди күчтүүдөн күчсүзгө тартып берген бул ыкманын табияты тууралуу Энгельс эчак эле “Үй-бүлө, жеке менчик жана мамлекет теги” аталган эмгегинде эле айткан: «Едва была установлена собственность на землю как была уже изобретена и ипотека. Как по пятам моногамии следует гетеризм и проститутция так по пятам земельной собственности отныне следует ипотека». Ипотека ыкма жерди массадан тартып алып аны азганакай ири жер ээлеринин бутуна жыккан. Баласын, аялын саттырган, абийирин саттырган. Акыры өзүн кулдур кулга айлантып тынган. Ошол ипотека ыкмаң Афина замандан бу заманга чейин узакы жолунда жерди бир адамдан экинчи адамга эле эмес, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке тартып кетүүнүн түмөн-түрлүү айла-амалын таап чыккан.

Ошентип бая топтолгон жердин эми ээси алмашаар экинчи этабы башталат. Жерди «цивилизациялуу» тартып алуу бүгүн эмес, кечээ, СССР саясы экономикалык кризиске белчеден батканда эле башталган. «Никто нас инвестировать не хочеть. Нет гарантий… за рубежом залог земли – распространенная форма обеспечения обязательств. А у нас земля не продается и не закладывается. Мы нашли решение. Некоторые иностранные банки согласились принять в залог не собственно землю, а документы на право аренды земли. (“Деловой Мир”. N51. 91 ж. В.Разумчик) Алысты көздөгөн инвестициялык саясаттын артында эмне жатканын орус жеринин тагдыры таразага түшкөндө орус патриоттору мындай фактыларды жазып чыгышкан: “5-7.ХП.90г. в Брюсселе было принято решение, Российская земля пойдет в заклад под долги, но не в натуре, а в форме документов (акций) на право управления землей сроком на 99 лет с последующей пролангацией (продлением ) договора. Примерно так было продана Аляска («День №46.92-г.). Андан бери алар дагы эмне айла таап чыкканы бир кудага маалым.

Эми салыштырыңыз. «Жерди рыноктук пайдалануунун мына ушундай системасы иштеш үчүн жер акциялары сатылат жана сатылып алынат… Бул механизм колдоого алынса анда ипотека банкын уюштуруу ишин баштай берүү керек”. (А.Акаев «Стратегия..»). «Формы иностранных инвестиций разрешенные в Республике Кыргызстан; приобретение акций и других ценных бумаг». «Иностранные инвесторы в праве ВЛАДЕТЬ, ПОЛЬЗОВАТЬСЯ И РАСПОРЯЖАТЬСЯ результатами своих инвестиций». (3. об. инв. 4.10 ст.)

Итенген инфляция шартында эч ким эч качан алган кредитин кайра кайтарып бералбасы айдан ак жана да дүйнөлүк төбөлдөрдүн өзү да кредитти кайтарып алуу эмес, жерди тартып алаар экономикалык кризисти жасалма түзө берери турган иш. Ошентип жерди биротоло колдон сууруп чыккан ушул механизмдин ишке кириши – Мамлекет, Эл үчүн эмне менен аяктайт?…

Мамлекет демекчи, указда укук ээлеринин чарбалык иштерине мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салган да пункт бар. “Чарбалык иш” деген жөн эле катардагы иш эмес, ал бөтөлкөдөн чыккан жин сыңары реформаторлордун эркине да ээ бербей тарыхый кырдаалга жараша өзгөрүп кетер мүлтүң түшүнүк. Рынок, инвестиция режимине өткөн соң чарба МКХ (Мировое капхозяйство) аталган орбитага тартылат. Агрардык неоколониализм ушинтип ишке ашат.

Агрардык неоколониализм мамлекетти жеңип алуунун талуу бөлүгү. Анткени ал жердин кара башына байланыштуу. «Өкмөттүн экономиканы башкарууга акысы жок! Рынок өзү жөндөйт!» деп алар акыркы мамлекетчилер Жумагулов, Аманбаевдердин таман алдынан таянычын тайыта берет… тайыта берет. Бийлигин тарыта берет, тарыта берет… “тактично, методично” мамлекетти өлтүрө берет! Ушинтип өзү дүйнөлүк рынокту космикалык деңгээлде тескеген трансулуттук күч (регулирование) биздеги мамлекеттик болор-болбос тескөөнү да акыр аягына чейин жокко чыгарып, акыркы дыйкан, акыркы ишкерге чейин бытыратып чабакка айлантат, өзү килтеңдеп сүзгөн кит бойдон калат. Эгемендикти кой, эми эли-жериңдин тагдыры таразага түштү калайык! Жеке менчиктин табияты ошондой. Бул тууралуу Маркс эчак эле кашкайта айткан. “Уже 17- веке политика “настолько зависела от торговли, что когда, например французское государство захотело заключить заем, то ручательство за него голландцам должно было дать частное лицо…”, с развитием и накоплением буржуазной собственности отдельные лица все более богатели, государство уже все более выпадало в задолженность. Как только буржуазия накопит денег — государство оказывается вынужденным выклянчивать их у буржуазии, а под конец оно просто покупается ею» (Маркс «Нем. идеология»). Жеке болчумун деп акыркы атомго айлангысы келген кыргыздын арбашканы, эми бир мамлекеттик буржуазия эмес, кудайга тең трансулуттук корпорация, частник-мамлекет! Спрут финансы уюмдар!

Макул, капиталдын кысымына туруштук бералбай куруган абал бул болсун. Эми кур дегенде ошого каршылык кыла алар укуктук негизибиз чыңбы? Тайкы! Демократия эйфориясында кабыл алган Конституция, Мыйзамдарда улам кийин сүзүлүп чыгаар ууру жылчыктары арбын. «Мамлекет» деген түшүнүк улам жокко чыгып барган сайын эми баягы «Адам укугу мамлекеттен бийик, элден бийик Ал жеке менчиктен ажырагыс, «права и сбободы человека являются в Кыргызской Республике действующими, они определяют смысл, содержание и применения законов”, «права человека не прикосновенны, право человека – иметь собственность, владеть, пользоваться и распоряжаться ею по своему усмотрению» (Конституциянын статьяларынан) «В Киргизской СССР может существовать собственность иностранных государств, международных организаций, иностранных юридических лиц и граждан». (3ак. о собств. ч.4.). Если международным договором участником которого является Кыргызстан, установлены иные правила, чем те которые содержатся в настоящем кодексе, то применяются правила международного договора» (Кодекс о земле, 183-ст.) өңдүү толуп жаткан кылтыйган кыйтыр принциптер көзүр күчкө ээ болуп чыгат. Кечээги абстрактуу көрүнгөн Адамдын Талгарбеков тамшанган табигый укугу эртең конкреттүү саясый-экономикалык укукка айланат, «эл аралык жеке укук» мыйзамы кабылданат. Эгерде ички мыйзамдар эл аралык укук нормаларына кайчы келер болсо анда дүйнөлүк мыйзам иштейт. Ошентип, «у сильного бессильный всегда виноват» кырдаал түзүлөт. Саясый-экономикалык, юридикалык эреже мыйзамдары түгөл тегизделген укуктук дүйнөдөгү укуктук мамлекет акыры жери, президенти менен кошо сатылып кетет.

«Жердин кара башы сатыкка коюлган жок. Ал Мамлекеттер эле калды деген делбетап демократтарга мүмкүн эми Конститтуциянын 4-статңясы менен да далилдеш кыйын чыгаар. А бирок ал мамлекет түбүнө түздөн-түз коркунуч туудуруп, туу түбү ураанына (преамбула) кайчы акаарат салып турганын каякка жашырабыз. Ал – антиконституциялуу

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *