Монгол жомогу

Те илгери ит менен мышык, ал тугай мышык менен чычкан да чырдашпаган заман болуптур. Оболу кеп адамда экен: кожоюн бир күнү иттин ишенимдүүлүгүнө ыраазы болот да, анын короочулугуна ыраазычылык билдирип, мойнуна алтын каргы тагат. Муну көргөн мышыктын ичи тарыйт.

– Ушу кантип адилет болсун, – дейт мышык чычкандарга даттанып, – ит алтындан каргы тагынат деген не шумдук! Эми ага кудай берди, кожоюнга шыйпаңдаганын койбойт. А бизге ташжалак да буюрбайт будан кийин! Андыктан силер иттин алтын каргысын уурдап келгиле! – дептир.

Чычкандар мышыктын айтканын кылышат да, каргыны катып коюшуп, иттин алдына барышат.

– Баары эле ит адамдын ишенимдүү досу дешет ко? Бу эмне шумдук? – дейт мышык итке собол узатып.

– Ооба, мага ишенимдүүлүгүм үчүн алтындан каргы тагышты, – дейт короочу.

– А кана каргың, көргөзчү! – дейт ызалуу мышык.

Ит каргысын издеп баштайт. Тиягын шимшилейт – жок. Биягын шимшилейт – жок.

– Эй, ушу сен уурдадың?! – Ырылдаган ит чычканга атырылат.

Тигинин үрөйү үркүп:

– Мени мышык мажбурлады! – дейт чыйпылдап.

Муну уккан мышыктын жаны кашайбай койчубу, ал чычканды кууйт:

– Саа көрсөтөм азыр!

Чычкан ийинге кире качып, эптеп аман калат.

Балээнин башын баштаган мышык экенин ит дароо түшүнөт! Мышык болсо дарак башына чыга качып кутулат.

Ошол күндөн шул күнгө дейре ит, мышык, чычкандар ылым санашпай калыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *