1-МАКАЛА           2-МАКАЛА       3-МАКАЛА

2005-жылы күзүндө Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдык мааракесине арналган төкмө ырчылар айтышын жыйынтыктоого келгенде да талаш-тартыш ырбап барып басылган. Калыстар курамында кара кылды как жарат деген С.Жигитов, Б.Жакиев, Б.Алагушев, Д.Сарыгулов сындуу кадырлуу аксакалдардын чечимине нааразы болгон чоң топ филармонияны тегеректеп опузага алган окуяны уюштуруу тобу гана бас-бас кыла алган. Башбайгеге Нариман Түлеев жеңил авто-унаа коюп, бирок чоң айтыштын экинчи айлампасынан нарындык төкмөлөр финалга чыкпай калганы үчүн теңиртоолуктар омуроолоп: «Күйөрмандар филармония сыртында калыстарды сыртка чыгарбайбыз деп топтолуп турушат. Чечимиңерди өзгөрткүлө! Башбайгени биз коюп атсак, эмнеге нарындык төкмөлөрдүн бирөөсүн финалдык айтышка чыгарбайсыңар?!»деген доомат артып келишкенде «Бу жоругуңар эл-журтка жетсе, шерменде болосуңар! Айтпагыла минтип!» – деген Бексултан Жакиевдин аксакалдык сөзү да суу кечпей кала турган болгондо, ыраматылык Салижан Жигитовдун тамашасы теңиртоолуктарды бираз арына келтиргени бар: «Филармония сыртында нааразычылык билдирген канча нарындык турат?» – деди Сакебиз сырттан омуроолоп келгендердин топ баштаган жигитине. «…Толтура киши болсоңор, ошончоңордун колуңардан пок келеби? Мынча болду Мотуевди ээрчитип келгиле, чечимди ошондо гана өзгөртөбүз» деген азилинен кийин жым болушкан.

Андан кийинки айтыштар деле күйөрмандар арасында бир пикир жараткан учур боло элек: дайыма айтыш соңунда кайсы төкмөнүн болбосун өз күйөрмандөры арасында күңк-мыңк болгондор толтура. Ошол кездеги «Айтыш» фонддун эң жакшы саамалыктарынын бири – жыл сайын салттуу улантылган чоң айтыш соңунда калыстар курамынын пикирин топтоп, талкуу уюшулуп, маалымат каражаттарына жарыялоо жөрөлгөсүн баштадык эле, ал саамалык кийин калып кетти. Талкууда калыстар тарабынан айтылган сын-пикирлер гезиттер аркылуу чагылдырылып турчу. Ал учурда азыркыдай соцтармактар жок үчүн калыстарга карата айтылган токо наалаттар бурч-бурчектен чыкпаган кеп бойдон калчу, ошондон улам азыркы күндөгүдөй калыстарды төөбастыга алуу жосуну быйылкы жылдагыдай болгон эмес.

Муну мисалга тартып отурганымдын себеби: ал кезде төкмө ырчылардын саны болгону 10-15тей гана киши болчу. Азыр кырктан ашуун төкмө ырчы пайда болду. Демек, жылдан жылга күйөрмандардын саны арбыган сайын дарбыган күйөрмандары пайда болору турган иш. Анан алардын калыстарга болгон тополоң-тоз басым-кысымы күчөп отурса, оозеки чыгармачылык өнөрдүн ашмалтайын чыгарышар! С.Жигитов, Б.Жакиев, Б.Алагушев, Д.Сарыгулов өңдүү аттуу-баштуулардын чечимин тоотпой жөөлөгөн караламан топко анан мага окшогон «сыңар өтүгү майрыктар» кеп болуп калыппы?

Ириде быйылкыдай караламан топтун диктовкасына «Айтыш» фонду жол бербеши керек эле. Уюштуруу тобу өздөрүнүн 15 жылдык тарыхында бекем карманып келген Жободогу чечимди өзгөртүүгө аргасыз болгону эмнени каңкуулайт?! Өздөрүнүн ичара тартибин карманып келген чечимди сыйлабастыкпы?! Же калыстар курамынын кадырына түкүрүп койгон мамилеби?! Же төкмө ырчылар мектебинин негиздөөчүсү Садык досум Шер-Нияздын бул өнөргө сыртын салган кайдыгерлигиби?! Же Сакебиз саясый чөйрөгө аралашкандан баштап үйрөнгөн жаңы адат таптыбы? Анын кулк-мүнөзүн эмне өзгөрттү болду экен? Болбосо Сакебиз эч качан калыстар менен төкмө ырчылар ортосунда кырды бычак мамилеге жол бербей турган жерде эле го! Же бул анын бириң өлүп, бириң кал деген тоң мамилесиби?

Арийне, уюштуруу тобу мындайга жол бергенин токтотпосо, чыгармачыл чөйрөдө жүз карашпай калчу пенделер чыгат! Андыктан уюштуруучулар да келерки же андан кийинки жылдарда болобу, айтор калыстар менен төкмөлөр ортосундагы жекелик мамилелерге доо кетпей турган шарттарды түзүүгө тийиш.

Башында сынактын Жобосу боюнча калыстар курамы 8 төкмө ырчыны тандап алууга тийиш экенин коомчулукка жарыялашты. Ошондон улам калыстар үчүн 31 төкмөнүн арасынан 8 өнөрпозду тандап алуу деле оңойго турган жок. Кылчайнаш кырдаал түзүлдү! Агер башында 12 төкмө ырчы тандалып алынары эскертилсе, чатак мынчалык ырбабайт эле го. Анда албетте, Жеңишбеги да, башкасы да чоң айтышка жолдомо алуу укугуна толук ээ болушкан. А бирок тандоо турдун жаманаттысы кимге калды?! Калыстарга. Уюштуруучулар болсо өздөрүнө чаң жугузбай: кыргыз-казак төкмө ырчыларынын чоң айтышына 12 төкмө катыша тургандыгын кийин жагында жар салып, элге апапакай көрүнүп чыга келди! Ушул адилеттүү болдубу?..

Арийне, кайсы спорттук мелдеште болбосун: ички ыйкы-тыйкыларга жол бербес дисквалификация түшүнүгү бар. Ал эми «Айтыш» фонддун калыстар менен төкмөлөр ортосуна болгон мындай олку-солку масилеси келечекте эмнеге алып келет?! Кеп ушунда, урматтуу күйөрмандар! Эртеңки күнү дагы кайсы төкмө ырчы калыстардын чечими үчүн тополоң-тоз жаратып, күйөрмандардын күүсү кимдир-бирөөнүн башы-көзүн жарып салаарына кепилдик жок. Андыктан «Айтыш» коомдук фонду эртеби, кечпи – төкмө ырчылардын ичара тартибин жолго койчу чараны алдын ала көрүүгө тийиш.

Ырас, өз убагында оозеки чыгармачылыктын кайтадан өмүрүн улаган Садык Шер-Нияз кыргыз элине эбегейсиз зор кызмат кылды, азыр да кылып келет. Төкмөлөр тургай, калемгерлерди, кино өнөрпоздорун жана жалпы эле маданият чөйрөсүндөгүлөргө тоодой таяныч болуп, атпай-журтка өзүнүн өрнөктүү максаты, уюштуруучулук артыкчылыгы менен ишеним жараткан рухий лидер болуп чыга келди! Атургай жеке чыгармачылык дараметин көрсөтүп, «Курманжан датка» кино тасмасы аркылуу өзүн өзү таланттуу режиссёр катары да ачып бере алды.

Анын даа бир чоң эрдиги – жакында эле Американын Лос-Анджелес шаарында Бүткүлдүйнөлүк Азия кинофестивалын эң жогорку деңгээлде уюштуруп кайтып келгени. Аталган кинофестивалга катышкан Голливуддун калыстар мүчөсү, «Золотой глобус» кинофестивалынын президенти Лоренцо Сориа менен бүгүнкү күндө ааламга атагы дүңгүрөп турган киносценарист Дэвид Сайдлер таңгалуу менен баа бергенин Россия жана Казакстандын телекөрсөтүүлөрү чагылдырды. Тилекке каршы, бизде демейде жулунган журналисттер бул маданий окуяны көз жаздымда калтырышты! Арийне Садыктын мындай ийгилиги жамы журт үчүн эбегейсиз сыймык катары кабыл алынууга тийиш эле!

Макала соңунда Сакемдин ар дайым ийгилигине сүйүнгөн, кемчилигине күйүнгөн дос катары айтаар кебим: мен ар дайым өзүм менен тилектеш, санаалаш адамдарды далыга таптаган мактоодон алысмын. Андыктан Сакемдин төкмө ырчылардын чыгармачылыгына болгон акыркы жылдардагы кайдыгер мамилесине ичим чыкпай келет. Оозеки чыгармачылык өнөргө болгон баштагы камкордугун жарым жолго алып келип таштап койгону оркоюп көрүнүп турса, мен кантип айтпай коё алам?! Албетте, «Айтыш» фонду түптөлгөндөн кийин Сакем баштаган саамалыкты колдоп-буттап көтөргөнгө алыбыздын жетишинче көмөк кылдык, бирок аттиң, финансылык жактан демөөрчүлүк кылууга биздин чама-чаркыбыз кайдан жетсин.

«Айтыш» коомдук фондун туруктуу колдоп турууга Сакебизден башка эр-азаматтарыбыз чыкпады. Чыкса да бирин-экин демөөрчүлөр чоң айтыштардын байге фондун көтөрүүгө жардам бергени болбосо, негизинен төкмө ырчылардын чыгармачылык сапатын өстүрүү жагы эске алынбай келет. Ошол келемтени толтурууга ушул эле мен сынга алган Аалы же Жеңишбек болсун, же Амантай Кутманалиев менен Элмирбек Иманалиев, же Азамат Болгонбаев болсун, булардын кимиси болбосун баары бирдей жалпы элдин аздегине айланган сыймыктуу уулдар. Ушул аты аталган төкмө ырчыларыбыз деле оңой кадырга ээ эмес бүгүн. Булар деле эл арасындагы өз кадырлары менен «Айтыш» коомдук фондунун иштерин илгерилетүүгө демөөрчү таба турган деңгээлге өсүп чыгышты. Баарынын артынан өсүп келаткан өз шакирттери бар. Андыктан ошол арттагы өсүп келаткан муундун чыгармачылыгына камкорлук көрө турган устаттар да өздөрү болууга тийиш.

Арийне, төкмө ырчылык өнөр бүгүнкү күндө бизнеске айланып баратканын эл арасында кеп кылгандар да жок эмес. Айрымдары аш-той жана шайлоолордо тапкан кирешелеринин 10%тин «Айтыш» коомдук фонддун эсебине которуу жолу менен деле өздөрүнөн кийинки чыгып келаткан жаштарга камкордук көрөр учур келди деп ойлойм. Себеби, Садык Шер-Нияз деле чынжырлуу байлардан эмес экени баарыбызга маалым. Ошондуктан төкмө ырчылар өздөрүн өздөрү жамакчылык деңгээлден жогору өстүрүү мүдөөсүн көздөп, «Айтыш» фондуна мурдагыдай лекторлорду чакырып билим берүү жөрөлгөсүн калыбына келтирүүнү эске алышса деген изги тилегим менен макаламды жыйынтыктагым келет.

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *