Ду Фу

КЫТАЙ ПОЭЗИЯСЫНАН

Жаздын күнү эстеп жатам Ли Бону

О, ырларың эркин, таза
Мыктылыгы момунда.

Ою терең, баалайм Ли Бо
Жан эриткен сөзүңдү.

Юй Син менен сен биргесиң
Ыр жазуунун жолунда.

Бао Чжао – мыкты акын,
Ага теңейм өзүңдү.

Борбор шаарда жыргайм балкып,
Жаз көркүнө мас болуп.

Кусалыктан сен куурайсың
Досум, Түштүк тарапта.

Качан кайра жолугуп биз
Башыбызга бак конуп.

Ыр жөнүндө сөз кылабыз
Көңүл буруп шарапка?

Аты өчпөс сегиз адам
шарап ичип жатышат.

Он литрлик шарап үчүн Ли Бодо
Өтө мыкты жазган жүздөй ыры бар.

Базарынын катарында Чаньяндын
Аны жакшы билет шарап саткандар.

Туралбады ал бутуна, мас болуп
Ордосуна чакырганда өкүмдар.

«Аты өчпөс ичкич» – дешип аташат
Кылымдарда, сыйлап аны адамдар.

Жалгыздыкта
Кенен жайып зор канатын
Учуп жүрөт кыраан куш.

Эки чардак төмөн жакта
Сууда сүзөт жай гана.

Жемин көздөй таштай кулап
Кол салса ал бир укмуш.

Чардактар го коркунучту
Сезбейт, жымжырт айлана.

Шүүдүрүмдөр түшүп кечте
Боз талаага көрк берет.

Торун жайып жөргөмүш да
Куру калбайт турмуштан.

Адамдардын жашоосуна
Табият да төп келет.

Мына, турам миң түйшүктөр
Жанды курчап туш-туштан!

Оорулуу ат
Далай жолу сени токуп
Жер кыдырдым мен далай.

Кыш мезгили эсиңдеби
Түндүк жактан кабылган?

Сапарларда карып калдың
Ал-күчүңдү аябай.

Ооруп калдың, чарчагандык
Өтүп сенин жаныңдан.

Сенин бөлөк аттардан эч
Айырмаң жок сынымда.

Ынак доссуң, буйругумду
Кежирленбей угасың.

Айбан – дешет таш боор келген
Адамдарды чынында.

Ооруп калып жан шеригим
Капа кылып турасың.

Түшүмдө Ли Бону көрөм
Ажал биздин ортобузду бөлгөндө
Шартына мен көнмөк элем жагдайдын.

Бирок тирүү адамдардын жолукпай
Жүргөндөрүн эч көтөрө албаймын.

Цзяннань жайын айтсам сага баяндап,
Опурталдуу, ал жер саздын мекени.

Ал тараптан, куулган адам эч качан
Кат жөнөтпөйт жылытарлык чекени.

Ынак досум, сен үч жолу түшүмө
Кирдиң менин, барсың дайым көңүлдө.

Демек, тирүү жер үстүндө жүрөсүң
Ойлоносуң, демек, досуң жөнүндө.

Эмне кылам, түшкө кирген ал элес
Өлгөн достун болуп калса арбагы?

Мени эстеп, келсе менин кепеме
Учурашып коёюн деп ал дагы.

Саздуу келген талаасынан түштүктүн
Мага жетсе тынчытам деп санаамды.

Келип, анан кетип калса жок болуп
Караңгыда кайра жалгыз каламбы?

Сен кушчунун торундасың, ал бекем,
Тар капастан эч ким жылчык табалбайт.

Андай шартта акын деген эч качан
Зор канатын кенен керип жая албайт.

Ай суйкайып, көктөн мага жылмаят
Босогомду жарык кылып нур чачып.

Бул Ли Бонун жүзүбү деп мен ойлойм
Жаз күнүндөй кабактары апачык.

Тээ алыста тоодой толкун шуулдаган
Сөөгү начар кайыктар соо калышпайт.

Мен ишенем, ажыдаарлар келишип
Жалгыз сени чогуу жеңе алышпайт.

Эрте турам
Мен жазында эрте турам
Короздордон калышпай.

Көп иштерди аткарамын
Бул убакта термелеп.

Алыш жээгин бекемдеймин
Болсун алыш алыштай.

Бакты кыйып, суюлтамын
Тоолор ачык болсун – деп.

Жакын турган дөбөчөгө
Жалгыз аяк жол менен.

Чокусуна көтөрүлүп
Шашпай чыгып барамын.

Бир саат өтсө, мен жумшаган
Бала келет, ал деген.

Идишине куюп алган
Алып келет шарабын.

Күн батарда
Күн батарда кызарып
Көшөгөмдө ойноктойт.

Бойлоп өтөт булактан
Эрке, жумшак жел жүрүп.

Бакта өскөн гүлдөрдүн
Жыпарын ал токтотпойт.

Жээкте турган кайыкка
Тез жеткизип, эң күлүк.

Таранчылар чырдашып
Бутактарда басылбайт.

Ийнеликтер келишти
Калбай бардык тараптан.

Сени, – шарап – чыгарган
Ким болду экен? – Ачык айт.

Бир жутканда күчүң ай!
Жүз капаны тараткан.

Аттиң!
Жалбырактар эрте түшүп
Батырдыңар санаага.

Сапарына жаз узабай
Турса экен дейм шашылбай.

Кымбат мага жазындагы
Кубаныч да, капа да.

Арманы жок жаштык өттү
Менден жүзүн жашырбай.

Зеригүүдөн кутулушка
Жутуш керек шараптан.

Ойду айтыш үчүн ырды
Жазыш керек көгөрүп.

Мени Тао Цянь түшүнмөк
Өз досундай жан тарткан.

Бирок бөлөк доорлордо биз
Калыптырбыз төрөлүп.

Кереги жок дарактар
Жалгыз аяк
Жолдон басып мен өзүм

Балта барда
Төбөм көктө көкөлөп.

Үйдү тосуп
Бактар жабат күн көзүн.

Жарабасын
Кыйып салам, алар көп.

Жакшыларын
Кыйбай, колдон түшүрдүм.

Мен балтамды
Аябаймын жаманын.

Жамандарын…
Маанисине түшүндүм.

Бардык жерде
Жыш өсүшөт аларың.

Жүз түйшүктөр басканда
Он беш жашты
Мен унутат бекенмин?

Чынын айтсам,
Бала бойдон экенмин.

Күчүм ташып,
Көптү көзгө илбеген.

Кечке чуркап
Чарчаганды билбеген.

Жемиш бактар
Гүлдөп турган маалында.

Мөмөлөрү
Бышкан кезде шагында.

Ишенсеңер,
Мен бир саатта оболу,

Бактарга тез
Чыкчуу элем жүз жолу.

Азыр менин
Элүү жашта курагым.

Кечке чейин
Оонап жатам, убагым.

Бир аз жатып
Үргүлөймүн, жадабайм.

Турганга да,
Басканга да жарабайм.

Анда-санда
Тамашалап каламын.

Көрүп калсам
Кызматчынын караанын.

Көрсөм, өмүр –
Жылдын өтүп далайы

Болуптурмун
Түйшүктөрдүн малайы.

Кепеме мен
Көңүлү жок киремин.

Капкараңгы,
Ичи бошун билемин.

Карайт мени
Жарым гана карыган.

Түйшүктөрдөн
Азып жана арыган.

Кичинекей
Уулум макоо, жана да

Сыйлабастан
Орой сүйлөйт атага.

Тамак бер! – деп,
Ыйлап танбайт сөзүнөн.

Босогодо
Жаш чубуртуп көзүнөн.

Түн ичинде
Алыстыкты туман басып,
Шамал жээкке урунат.

Шамым араң бүлбүл этип
Жарык берер түрү жок.

Төө ашуудан маймылдардын
Чаңырганы угулат.

Караңгыда суу үстүнөн
Куштар учат үнү жок.

Кылычты мен дос кылсамбы,
Шерик кылып жаныма.

Көйнөк кийип, кемселиме
Чаппай койду көңүлүм.

Ордо шаарды каптап калды
Түтүнү да, чаңы да.

Үшкүрүп да өкүнөмүн
Өткөнүнө өмүрүм.

Нан жана жибек курттар жөнүндө
Шаарлар биздин өлкөбүздө
Көбөйүүдө кылымда.

Он миңден да саны ашат
Аз дегенде эң эле.

Ошолордун биринде да
Байкасаңар, чынында.

Куралы жок, зоот кийбеген
Жоокер жоктур дегеле.

О, эгерде зоот темирди
Куралдарды эритип.

Эмгекчилдин куралына
Айландырып жайласак.

Бош жатпастан жер айдалып,
Калса эгин эгилип.

Дилибизди ошол ишке
Бекем кылып байласак.

Дыйкан иштеп талаасында
Эге берсин эгинин.

Мурдагыдай жибек токуп
Муң көлүнө чөкпөсүн.

Тың, азыркы азаматтар –
Сыймыктары элинин

Көздүн жашын бөөдө бекер
Капаланып төкпөсүн.

Аңызында эмгектенип,
Эркектери жыргасын.

Жибек жипти түрмөктөшүп
Аялдары ырдасын.

Түндүк жакка каздар
кайтып келишет.

Келген каздар, миң чакырым
Жол азабын көрүшүп.

Азыр кайра, түндүк жакка
Кайтып кетип жатышат.

Алыс жердин жолоочусун
Алар карап өтүшүп.

Аземи көп жолго чыгып
Көр азабын тартышат.

Азы калды булуңдарда
Жүрчү чогуу мекендеп.

Каркылдашат үн алышып
Эркиндикте орногон.

Алар катты – аманатты
Жеткизет деп айткан кеп.

Кичинекей бала үчүн
Айткан жомок болбогон.

Ак боз ат
Ат кишенеп жетип келди
Чыгыш-түндүк тараптан.

Жебелерден калбыр болгон
Ээр-токуму көңүлдө.

Өлгөн жоокер жан кейитип,
Көзүбүздөн кан аккан…

Кайдан эми билмек элек
Биз ал жоокер жөнүндө?

Балким, ошол кан майданда
Бирге болгон ким билет?

Биздин аскер башчыбыздан
Айрылгандыр алтын баш.

Ажал азыр бардык жолду
Тооруп жүрөт шимшилеп.

Сезип жатам, дагы далай
Төгүлөрүн көздөн жаш.

Орус тилинен которгон Кубанычбек БАСЫЛБЕКОВ
“Ала-Тоо”, февраль, 2015

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *