МАЙМУЛГА КАЙДАГЫ ЫСЫК СУУ?

«Арашан» чыгармачыл үйүндө эс алып жүрүп, акын Сулайман Маймулов бери жактагы шар аккан сууга шапшынып атып, жээкте турган Насирдин Байтемировго мактанат дейт:

– Насыке, көрдүңүзбү, какшаган муздак сууга жуунуп атканымды…

– Муздак сууга жуунбаганда Маймулга ысык сууну ким даярдап коюптур бе жерде, — деген экен Насыкең.

УГУЗА КӨРБӨГҮЛӨ!

Мидин Алыбаевдин курбуларынын бири тамашалап:

— Мидин өлгөндө бир бөтөлкө аракты кошо көмөбүз, — десе, анда Мидин:

— Кокуй аны Касымбекке угуза көрбөгүлө (Касымбек Эшмамбетов — котормочу-жазуучу) казып алып кашайтат, — деген экен.

ЖУМА САЙЫН

Акын Анатай Өмүрканов үйүнөн чыкпай жаткан Байдылда Сарногоевге учурашууга барат. Чөнтөктө — бөтөлкө. Кайра кетип баратып:

— Байдыке, ушинтип айына бир келип турам, — десе Байдылда:

— Кой, Анатай, антсең кууратасың. Антип бир айда бир келбей эле кой, — дейт.

— Эмнеге?! — Анатай чочуп кетет.

— Сен ушинтип бир жумада бир келип тур, — дептир Байдылда.

АРАККА БАРАТПАЙБЫ

Журналист Баратбай Аракеевге карап бирөө тамшанат дейт:

— Атаң гөрү-ээй, мобул жигитке кудай атты да, фамилияны да жараштырып бергенин кара! «Аракка Баратпайбы» деген экен.

БЕЛДИГИ АЛЫНГАН…

«Ала-Тоо» журналында келди-кетти авторлор чогулуп, арак ичкенге жүйө табылат.

— Эми бөтөлкөгө кимди чуркатабыз? — деген маселе чыгат.

— Ой, тиги Мамыш турбайбы, — дейт адабиятчы Каныбек Эдилбаев.

— Ичпеген немени жумшаганыбыз уят ко, — дейт адептүү бирөөсү.

— Эй, арак ичериңер чын болсо, берип көрбөйсүңөрбү акчаңарды, белдигин чечкен козу кочкордой кетпесе, мен айыптуу болоюн, — дейт Эдилбаев.

Мамыш (Мамасалы Апышев — прозаик, ошол жердегилердин эң кичүүсү) аракка жөнөйт. Тигиндей окторулуп барып, колунда акчаны санаары менен:

— Ой, байкелер, мунуңар бир эле бөтөлкөлүк турбайбы. Силер ага баары бир алымсынбайсыңар, мени эки жолу чуркатпай, бергиле дагы бир бөтөлкөгө, — деп кыйылат.

Көрсө, Мамыш, элге «ичпейм» деп коюп, иштин аягында К.Эдилбаев менен «сеп» этип алчу экен.

ӨӨН УГУЛАТ

Акын Медетбек Сейталиев Жазуучулар союзуна келип, орусча, кыргызча аралаштыра сөгүнүп, бирөө менен шахмат ойноп отурса, ары жактан Мар Байжиев келип:

— Ой, Медетбек, сен өлүгүңдү көрөйүн деп тилдесеңчи, «энеңди» деген сага өөн угулат экен, — дептир.

P.S. М.Сейталиев чачын дайыма желкесинен ашыра өстүрүп жүрөр эле, М.Байжиев ошону кыйыткандагысы.

АЛДЫДАГЫ ОН КЫЛЫМ…

Бир күнү Түгөлбай Казаков Алым Токтомушевге жолугуп:

— Алыке, Чоюн Өмүралиевди таппай атам. Телефонун билесизби? — деп калат.

— Өтө зарылбы?..

— Зарыл эле, алдыда келе турган он кылымдын кандай болорун сурап билейин дедим эле, — деген экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *