№ 9

Күнү-түнү  нөшөрлөп,
Жамгыр  төктү  басылбай.
Жүдөттү  го  апаларды,
Маанайлары  ачылбай.

Сагын  турду  желаргыдан,
Бети-башы  туурулуп.
Чыбык  атты  камчыланып,
Ойной  албай  буулугуп.

Жайлоо  төрүн  көрккө  бөлөп,
Күн  жылмайды  чачырап.
Чычаланы  колго  берип,
Апакеси  чакырат.

Куйкала  дейт күндүн  көзүн,
Ылдам  чурка, батыраак.
Токтосунчу  жамгыры  да,
Жаай  бербей  шатырап.

Баса  калды  күндүн  көзүн,
Тийип  турган  туурдукка.
Тептегерек  күйүп  калды,
Күнгө  окшоп  туурдук  да.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *