Чечен жомогу

Эки чычкан узак жылдар бою курбу-курдаш болгон экен. Бири тоодо, бири мунара башында жашаптыр. Бирок экөө бири-бириникинде мейманда болбоптур.

Тоодо жашаган чычкандыкында ун, талкан, эт-май толо, а мунара башында жашаган чычкан эптеп өлбөстүн күнүн өткөрчү экен.

Тоолук чычкан бир күнү мунара башындагы курбусун коноктоп, төгүлүп-чачылып сыйлап, көйнөк-көчөк берип узатат.

Көп өтпөй мунара башындагы чычкан тоолук курбусун конокко чакырат. Коногу короого келип калганын көргөн үй ээси чыгып, тоолук курбусунун ал-жайын сураштырганга өтөт. Так ошол учурда короодо мышык пайда болот. Мейман үй ээсинен сурайт:

– Бу ким? Тимеле көздөрү күйүп турат экен го?

– Кайненем болот, сен аны менен сөзсүз кучакташып учураш, – дейт үй ээси.

Мейманга келген чычкан мышыктын алдына жүгүрүп барды эле, бирок мышык аны жеп коёт.

Митайым чычкан болсо тоону карай качып, курбусунун үйүн таап, ошол жерде жыргал турмуш өткөрүүнү баштайт.

Баягы мышыктын бир күнү курсагы ачып, тоого чычкан уулаганга жөнөйт. Бир убакта мурдуна майдын жыты келип, ошол тарапка жортот. Караса, ийиндин оозунда абыдан семиз чычкан жатат. Мышык ошол замат чычканга шап секирип, жеп таштайт.

Ошондон кийин: «Бирөөнө ор казсаң, өзүң кабыласың» — деген кеп калыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *