Аңгеме

– А-ай тишиң сынгыр… ышкырба деп атам.

Баланын бир кулагынан кирген сөз экинчи кулагынан чыгып кетти.

– Ай, кулагы жок. Айтканды укпайт ко бир. Акең келсин, шашпа. Шишиң толгон экен.

– Щы-щы-щи-иш-щы-щи-ссс… – Бала чоң энесинин кебин тооткон жок.

– Ырыскы качат үйдөн, ышкырбасаң боло. Кандай кулагың укпайт эртеден бери. Канча айтам буга? – кемпир өзүнчө күңкүлдөп, ийигин кайра алды колуна.

Бала жардын башын көздөй басып, энесинен обочо барып отурган соң көкүрөгүндөгү авазын кайырганга өттү… «Щы-щы-щи-иш-щы-щи-ссс… Щы-щы-щи-иш-щы-щи-ссс…» Деми ушуга эле жетет. Дайыма ушу жеринен үзүлүп калат деми. А түш көрүп жаткандагы ышкырганычы, тим эле тоо-таштын арасын жаңыртат. Өңүндө бирок күндөн күнгө ышкырыгынын мизи чыгып келатат: мокок бычактын өгөөлөнгөн мизиндей. Ооба, так эле бычак мизиндей. Ышкырганды үйрөткөн киши чыкпады ага. Жо, ышкырганды ал акесинен үйрөнгөн. Бирок акеси эмне кылып үйрөттү? Жок, өзү эле үйрөндү муну. Ал болгону акесинин ышкырганын гана көргөн. Ошо көргөнүн өзү эле үйрөнүп баратат күндөн күнгө. Тек азырынча акесине окшоп созолонтуп ышкыра албайт.

Бала анда акеси курчуткан бычактардан көзүн албай отурган.

– Эй аке…

– Улуу кишиге эй дебейт. Канча айтам сага… кулагы жок.

– Макул, эй дебейм. Аке, эй… Ышкырсаң.

– Карасаң айтканын. Эй дебе десе, кайрале… – акеси күңкүлдөп алды өзүнчө. – Ата деп айтып үйрөн дебедим беле.

– Энем уят болот, акеңди ата дебей жүр деген.

Акеси ошону менен үндөгөн жок. Бычак кайрып үнсүз отурду. Шамшар бычагын көпкө дейре өгөлөп, бир убакта мизин алаканына тийгизип көрдү да, башын чайкады өз ишине маашырлана. Чолок ышкырды. Акесинин ошо чолок ышкырыгы – баланын дүйнөсүн дүрбөтүп койду. Бала ушул учурда акесинен көзүн албай отурган. Мурда деле минтип ышкыргандарын далай уккан. Бу жолу акесинин оозунан обого учуп чыккан ышкырык бир башкача угулду ага. Ышкырык катуу чыкты. Бала өзүнчө таңгалды буга. Чоң кишилер эмнеге бирдеңкеге таңданганда ышкырарына түшүнө албады.

– Бычак курчуганын кантип билесиң, аке? Ышкырыппы?.. – деди жооп издеген бала.

Акеси үндөгөн жок.

– Аке, маа ышкырганды үйрөтчү.

Акеси даа бир мерте созолонто ышкырып койду. Бала анын оозун тиктеди. Акесинин оозуна кирип кетчүдөй эңкейип карады.

– А сен мени дайыма ата дейсиңби? Ата десең эле үйрөтөм, балам. Үйрөтпөгөндө эмне…

– Ата, ышкырганды үйрөтчү. – Бала чын дили менен ышкырганды үйрөнгүсү келгени менен бирок ал «ата» дегенди чын дилинен айткан жок.

– Мына минтесиң. Тилиңди жаткырып, тиштериңдин учуна тийгизесиң…

Оозу чормойгон баланын акылына бул айткан сөз жетпеди. Баланын бултаңдаган тили жаткан жок, тиштеринин учуна да тийбеди. Оозунан ышкырык эмес, жөн гана «щү» деген үн чыкты.

– Йе, оозуң дурайындын баласы. Тишиңди тишиңе тийгизбей… Мына, жакшылап карасаң мени.

Бала оозун чормойтуп, акеси кыл дегенди кылгансыйт, бирок анын оозунан «сы-сы-с… шү-үү» дегенден башка үн угулбады.

– Ушинтип күндө кайталай берсең үйрөнүп кетесиң, – деди акеси ага кайдыгер гана.

– Меники сеникиндей болбой атпайбы, аке…

– Балээнин баарын билесиң, ушу ышкырганды… – акеси наалыды.

– Өзүң үйрөткөнүң кана, ышкырганды?..

– Төшөккө ышкыртсаң кыйынсың, неңдурайындын баласы десе…

Балага сөздү кандай түшүндүрөрдү билбей айласы кеткен акеси колундагы бычактын мизин көрсөттү.

– Көрдүңбү?.. Бери кара, мынабунун мизин… Колуңдун учун тийгизчи… Коркпой тийгиз, кеспейт бул. Муну мокок бычак дейт. А мынабунун мизин карачы. – Балага жылтырап өгөөлөнгөн шамшар бычактын мизин көрсөттү. – Сен качан ышкырганды үйрөнөсүң, ышкырыгың так эле ушул өгөөлөнгөн бычактын мизиндей курчуйт. – Балага элестүү болсун үчүн ушинетип түшүндүргөнгө аракет кылганынан эч майнап чыкпады. Оозун чүрмүйткөн баласы «ү-үү…сы-сы-с» кылгандан башкага жарабады. Акеси бычакты бычакка кайрады эле, ышкырган үн чыкты, бала буга да таңгалды.

– Көрдүңбү? Сен эмес курчуган бычактар кандай ышкырат?

Баланын ичи күйдү буга. Эмнеге өзүнүн тиштеринин арасынан жерде жаткан жансыз бычактын мизинчелик ышкырык чыкпайт – акылы жетпеди.

Кийин ал акеси катып койгон жерден бычак кайраган өгөөнү таап алып, үйдүн артына бекинип, өз тишин өзү өгөөлөп көрдү. Акесинин арасы ачык тиштерине окшотуп өгөөлөп алгысы келди. Мүмкүн акесинин сыбызгыта ышкырган өнөрүнүн сыры – арасы ачык тиштерде болуп жүрбөсүн деген ой келди балага. Бирок өгөө тийген тиши «зыр-зыр» ооруганына чыдабады. Ошону менен өгөөнү алган ордуна кайра алпарып койду.

* * *

Бала жар кырында өзү менен өзү отуруп, оозун чормойтуп алган. «Цы-щы-фи-үф-цүш-щы-щи-ссс… Щы-щы-щи-циц-щы-щи-ссс…» Деми ушуга дейре жетип үзүлөт. Эми анын оозунан мурдагыдай «сү-үщ-щүү» деген үн эмес, «цү-фү-цү» деген үн үзүк-үзүк чыгып, ышкырыкка окшоп келаткандай. Акеси айтмакчы, бычак мизине окшоп, ышкырыгынын мизи чыгып келатат күндөн күнгө…

– А-ай, тишиң сынгыр. Бас үйгө. – Энесинин үнү бу. – Талаалап жүрө бер кечке. Шыйрагыңды чакпасам элеби? Өзөгүң карарбадыбы… э-ек чунак десе!

Бала үйдү көздөй тызылдап чуркады.

– Мэ, моноу айранды жут. Май кошкон талкан менен ичип ал, курсагың ток жүрөт.

– Атам качан келет?

– «Ата» дебей жүр, уят дебедим беле… Кулагы жок бала болдуң го ушу…

– Эмнеси уят? – Бала туталанды энесинин айтканына.

– Уят дедим, уят. Ошо! – Энесинин бул кебине бала эч түшүнбөйт. – Акеңди мен өлгөндөн кийин ата дейсиң. Менин көзүм барда экинчи айтпа. Мен өлгөндөн кийин маа демектен машаяк де акеңди.

Машаяк эмне экенин бала түшүнбөйт.

– Жүрү, балам сыртка. Айдарым жел башталып калыптыр, эгинди сапырып алалы.

Энеси эгин сапырып, небереси карап отурду. Эгин сапырарда кемпир ар дайым оозун чормойтуп ышкырганын койбойт. Бала ичинен таңгалат. Эмнеге чоңдор аны «ышкырба, тишиң сыңгыр, үйдөн ырыскы качат» дешет да, өздөрү иш кылганда ышкырынат.

– Эне, тишиңди көрсөтчү.

– Менде кайдагы тиш калды дейсиң, кагылайын.

– Көрсөтчү дейм…

– Көрсөткөндө маа тиш салып берет белең?

– Менин түшүп калган тиштерим кайда, эне?

– Катып койгомун.

– Эмнеге?

– Ошого…

Баланын түшүп калган тиштерин кемпир жүз аарчысына эмнеге ороп катып коёрун бала түшүнбөйт.

Кемпирдин оозунда бир-эки орсойгон тишинен башка эч нерсе жок. Бирок эгин сапырарда шамалды чакыргандагы ышкырыгы – өзү айткандай «таш жарат».

– Сен ышкырчы, – деди кемпир бир маалда.

Балага кудай бербеспи мындайда…

– Фү-щи-фу-щи-ү-үф-щы-щи-ссс…фү-үү.

Теребелде желп эткен жел да болбоду. Бала дем-күчү жетишинче аракет кылды. Чормойгон оозунан ышкырыкка окшоп-окшобогон «фу-фи-си-щис-си-щи-сиси» үзүлүп-үзүлүп, болор болбос жел жортуп келип, кайра үзүлдү.

– Жел каягынан согуп атат? – кемпир күн батышты бир карап, күн чыгышты бир карап ордунан тегеренди. – Жанагы айдарым жел кайда житти?

– Эне, жар башына барып ышкырайынбы? Жана ошентсем, шамал болгон. Талканыңды ошондо сапырбайт белең. Сапырып бүткөнчө эмне чакырасың ошондо. Чакырбай турсаң, шамал да токтобойт эле, – деди бала жел токтоп калганы үчүн энесин күүнөөлөп. – Тишиң сынгыр деп коёт анан, – бала таарынды энесине.

– Ышкырчы деп атам, мага каяша кылбай.

– Фү-фү! – баланын ышкырыгы таптак угулду. Сүйүнүп кетти бала. Секирип турду ордунан– Эне, ышкырыгымды уктуңбу?!

– Ышкырсаң шамал кана, шамал келбейт беле?

– Мына, карасаң ышкырганымды! Карасаң дейм, эне-ек… Щү-сү-ш-үш, – бу жолкусу ышкырыкка эч окшободу. Бала дем-күчү жеткенче көкүрөгүндөгү желди үүлөдү. Щү-сү-ш-үш.

Теребелде желп эткен жел да болгон жок. Бирок баланын ышкырыгы мизи жалаңдаган бычактыгындай курч чыга баштады…

– Фү-фү-фү-фү-фүүүүүүүүү!

Бала өмүрүндө биринчи жолу өзүнүн оозунан чыккан ышкырыкка жетиналбай сүйүндү. Кудум эле түшүндө кандай ышкырса ошондой созолонтту. Бир гана корккону — түш көрүп жатпадым бекен деп өзүнө ишенип-ишеналбай турду.

Олжобай ШАКИР

Ноябрь, 2016.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *