Роза БЕКТУРОВА 

МУРАС ТААНУУ

Жылдар өтүп, мезгилдер алмашып, кинорежиссёрлордун агымы толукталса да, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океевдин тасмалары өз актуалдуулугун эч качан жоготпойт деп ойлойм.

Т. Океев – 20 көркөм жана документалдуу фильмдин автору.

Эс тартып калган кезимде, 1970-жылдары, телевизордун жанынан чыкпай «кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолоруна катуу таасирленгем. Алардын бири – режиссёрдун “Биздин балалыктын асманы” же “Бакайдын жайыты” тасмасын негедир канча көрсөм да тажабайм. Аталган тасма дүйнө эли тааныган “кыргыз кереметин” толуктап турат.

Т. Океев – 25 жашында ийгиликке жеткен алгачкы кыргыз режиссёру. Анын эң алгачкы дипломдук эмгеги “Бакайдын жайыты” тасмасы болгон. Дипломдук ишин жазууда режиссёр өзүнүн балалыгы тууралуу тасма тартуу кыялын толук ишке ашырган.

“Кыргыз кереметинин” көч башында турган “Бакайдын жайыты” тууралуу сөз болгондо, аталган тасманын тартылып калышында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун салымы зор болгондугун айта кетүү абзел. 1960-жылдары 23 жаштагы жаш режиссёр Т. Океев менен жаш сценарист К.Өмүркулов экөө биргелешип кереметтүү тасманын сценарийин жазышкан. Бирок Москвага барганда сценарий Мамлекеттик кинонун талкуусунан негедир өтпөй калат. Мамкинонун билермандары “мындан көрө колхозчу же завод-фабрикадагы жумушчу тууралуу жазбайт белеңер” дешип кайра жазып чыгууга тапшырма беришет. Чынында жагынуучулук гүлдөп-өсүп турган мезгилде, кыргыз маданиятынын кыйла өкүлдөрү партияны, чиновниктерди мактап-жактап турган кездерде, республикабыздын башчылары да бул тасманын маани-маңызына анча түшүнө беришпегенин белгилей кетүүгө болот.

Шагы сынган  экөө “эмгегибиз текке кеткен турбайбы” деп Кыргызстанга жөнөмөкчү болушканда, капилеттен Чыңгыз Айтматовго жолугуп калышат. Ал Союздук кино пленумуна катышканы барган экен. Ал сценарий тууралуу уккандан кийин кайра сүйлөшүп көрүүгө убада берет. Ошонун эртеси эле аталган мекемеден телефон чалышып, сценарийге кол коюлгандыгын билдиришет. Мына ошентип «Бакайдын жайыты» жаралат. Тасма жарык көргөндөн кийин бир нече эл аралык жана союздук сыйлыктарды жеңип алууга жетишип, натыйжада эки таланттын мээнетинен жаралган фильм кыргызга атак-даңк, сыймык алып келди.

Режиссёрдун ийгилигиндеги эң биринчи туура кадам – актёрлорду туура тандагандыгы. Замандаштарынын айтуусунда, бул жаатта Т.Океев өтө мыкты чебер болгон. Тасмага кыргыз журтчулугуна таанымал, таланттуу актёрлор: М.Рыскулов, А.Жангорозова, С.Жумадылов, Б.Рыскулова, С.Алымкулов менен бирге эч бир актёрдук тажрыйбасы жок Насретдин Дубашев тартылган.

“Бакайдын жайыты» – Океевдин тасмаларынын арасынан кыргыз элинин аң-сезимин философиялык жактан эң бийик деңгээлде көрсөткөн тасмаларынын бири. Аталган тасма кыргыз киносунда эле эмес, дүйнөлүк кинодо да эбегейсиз чоң орунду ээлейт. Анткени аталган тасмада кыргыз элинин кулк-мүнөзү, маданияты эң жогорку деңгээлде режиссёрдук чеберчилик менен көрсөтүлүп, карапайым жылкычынын турмушу реалдуу ачылып берилген. Тасмада негизинен 1960-жылдардагы жаңы курулуштун башталышы көрсөтүлөт. Замандын өзгөрүшү, эскинин сүрүлүшү, жаңынын келиши тасмада ата-эненин карып, балдарынын баары шаарга кетип, кенжеси гана жайкы каникул учурунда келип кол кабыш кылуусу келечекке карата мүнөз менен берилет. Мындан улам азыркы учурдагы   айылдан  шаарга жаштардын агылуусуна байланыштуу көйгөйлөрдү Т.Океев ошол 1960-жылдары эле көрө билгенби деген да ой келет.

Тасмада ошол кездеги элдин жашоо абалы керемет жайлоодогу улгайып калган жылкычынын чакан үй-бүлөсүнүн мисалында берилген. Тасмасынын сюжети   ата-энесине шаардан   жайкы каникулда ата-энесине келген баланын айланасында  өтөт. Карылыкка таяп калган ата-энеси, өзгөчө атасы  кенжесин ушул ата-бабасы конуштаган жайытка калтырууну каалайт. Улуу балдары шаарга  биротоло байырлашкан, аларды кайтара албасын жакшы түшүнөт. Тасмадагы  өзөктүү  маселе келечекте  мал-жанды ким колуна алат, карыган чактагы ата-энеси менен  ким жашайт деген сыяктуу ой-толгоолор…

Тасмада улуу актёр М.Рыскулов жылкычынын ролун өтө эмоциялуу аткарган, натыйжада образ ойдогудай чыккан. Тасмада, ошондой эле, ички турмуштук көрүнүштөр да так чагылдырылган. Көчмөн турмушта жашаган кыргыз элинин аң-сезиминин өрчүшү каармандар аркылуу тереңден ачылып берилген. Аны Бакайдын жаңы жайытта өтүп жаткан тушоо тойго кечигип келиши, байбичеси Үрүмдүн: “Бата бермек эмес белең”, – деп жемесине ачууланган абышка байбичесин сабап жатканда уулунун чечкиндүү түрдө бул адилетсиздикке каршылык кылуусу өтө курч психологиялык ракурста чагылтылат. Баланын апасына болушуп атасына кол тийгизгендегиси, уулунун артынан кууп жеталбай, чалынып  жыгылган абышкасына жете келген байбиченин абышкасын жөлөп-таяп, эми эле уруп-сабап жаткан абышкасына боор тартып тургандагысы – кыргыз аялдарына таандык көрүнүш   абдан реалдуу тартылган сцена. Мындай деталдар  көрсөтүлүшү арбын кездешет.

Бакайдын жайытында жаңы жолдун салынышы, туннель салуу үчүн тоонун жардырылышы, үйүр-үйүр жылкылардын жардыруудан үркүшү – баары жаңы турмуштун келгенин, мурда болгон нерселердин жокко чыкканын белгилейт. Албетте, түбөлүктүү эч нерсе жок. Бул – ачуу чындык. Тасмада мунун баары психологиялык жактан каармандар аркылуу кылдат көрсөтүлөт.

Фильмдин соңунда окуусуна кетип аткан баланын ички эмоционалдык абалын Н.Дубашев эч бир жасалмасыз ийине жеткире аткара алган. Бул сценада күчтүү драматизм бар.  Ата менен баланын ортосунда диалог деле жок, тек гана атасынын   бет аарчыга оролгон акчасын сунганда баланын  бышактап, эреркөөсү  көрүүчүнү  кайдыгер калтырбайт, башкача айтканда,  ар ким  аргасыз өзүнүн балалык чагындагы ушул өңдүү окуяны эсине келээри  айныгыс чындык.

Сөз болуп жаткан тасманын сыйкырдуу музыкасын композитор Таштан Эрматов жазган.

Чыгарманын соңундагы созулуңку тартылган туннелдин ичинде ат үстүндөгү кары адамдардын жай бастырып горизонтко сиңип кетиши, келечек ээлери деп саналган жаш балдардын ат чаап өтүшү өзгөчө шаңдуу симфония менен коштолуп, абдан таасирдүү берилген. Мындагы көрүнүштөн келечек ат чаап бараткан балдардыкы экени, ал эми ат бастырып бараткан карыялар өткөн чак менен тирүүлүктөн түбөлүк сапарга жол тартканы символикалуу, философиялык өңүттөгү сүртүмдөр.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыздын таланттуу уулу, эл-жерин өзгөчө аздектеп  сүйгөн, мекенин дүйнө ааламына тааныткан Т.Океевдин биз сөз кылган тасмасы, режиссёрдун башка тасмаларындай эле, кино ышкыбоздорунун, жаш муундарын таасирге батырып, суктанып  көргөн тасмаларынан болуп кала береринен эч күмөн санабайм.

Тасманын алган сыйлыктары:

  1. “Кыргызфильм» киностудиясында тартылган «Биздин балалыктын асманы» көркөм тасмасы Грузиянын, Балтика боюндагы мамлекеттердин жана КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтыгынын эл аралык фондунун демөөрчүлүгү астында «Совэкспортфильм» ААКнын «Биздин классика» көркөм фильмдеринин DVD-дисктер жыйнагына киргизилген.
  2. Режиссёр ушул тасмасы үчүн “Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамын алган.
  3. 1969-жылы Германиянын Франкфурт-на Майне шаарында болуп өткөн эл аралык кинофестивалда Ардактуу дипломго ээ болгон.
  4. 1968-жылы Ленинрадда болуп өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда таланттуу режиссёрдук саамалыгы үчүн сыйлыкка татыктуу болгон.
  5. Ташкент шаарында болуп өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында Дипломго татыктуу болгон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *