Жеңге батпас ак билек,
Жерге кантип батасың!
Жерге жатпас алтын баш,
Көргө кантип жатасың!

(Тыныбек)

Чын эле, соолуп калдыбы, Мурза байке! Неге соолуду? Ким соолутту?

Адам жашоосунун өзөк-маңызын түзгөн ушул суроону кыргыз адабият айдыңында биринчи болуп Мурза Гапаров койгон эле. Ошон үчүн бүгүн мен дал ушул суроо менен анын өзүнө кайрылып отурам…

Ооба, байчечек деген бир айыпсыз бечара гүл аркылуу койгон болчу. Кийин ага Чыңгыз Айтматов ат таап берди. Маңкурт деген. Азыр бул ат дүйнө жүзүн чаңдатып жүрөт. Ошентип, кыргыз адабиятына эки маңкурт келген: Гапаровдун маңкурту, Айтматовдун маңкурту. Экөө өзөктөш, бирок бир-бирине окшошпойт. Айтматовдун маңкурту көзгө көрүнүп турат, аны таанып-билүү анча кыйын эмес, ал – социалдык маңкурт, Гапаровдун маңкурту кыйма-чиймелүү, табияты өтө татаал, ал – көрпенделик маңкурт. Эми бул экөөнүн айырмачылыгын адистер – философтор, адабиятчылар – чечмелеп беришер, а мен болсо Мурза байкенин өзүнө өтөйүн.

Ошентип, кыргыз адабиятына аты жок маңкуртту алып келген Мурза байке менен мен биресе ата-баладай, биресе ага-инидей жакын элем. Бирок канчалык жакын болсок да, Мурза байке негедир менден ыйбаа кылып, тартынып турар эле. Мен да тартынчумун. Ошондуктан Мурза байке экөөбүз өтө тереңдеп эзилишип кетпедик, башкаларга айткан сырларын Мурза байке мага айткан жок. Ошентсе да, үзүл-кесил болсо да менин ал жөнүндө айтарым барбы деп ойлойм.

* * *

Мурза байке менен биринчи жолу бетме-бет кездешкеним күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары «Кыргызстан маданияты» гезитинде оң каарман проблемасына арналган чоң талкуу жүргөн эле. Ошол талкууга «Мени адамдардан ажыратпагыла!..» аттуу макала менен мен да катышкам. Ал макалада Мурза байкенин «Байчечек» деген аңгемеси да талдоого алынган (Кызык, ушу «Байчечек» аңгемеси менин башымды биротоло байлап алган окшойт, гезит-журналдарга берген интервьюларымдын дээрлик баарында «Байчечектен» буйтап өтпөптүрмүн, жыл сайын эки университеттин студенттерине ушул чыгарма боюнча дил баян жаздыртам). Ошол жылдардын бир күнүндө «Мектеп» басмасынын экинчи кабатына чыгып келатып, Кеңеш байке (Жусупов) менен Мурза байкеге жолугуп калдым. Саламдыштык.

— Мурза, —  деди Кеңеш байке шыдыр эле. — Мына, сенин «Байчечегиңе» бөлөкчө талдоо жүргүзгөн жигит – ушул. Бейшебай Усубалиев.

Деди да, өзү биринчи кабатка түшүп кетти. Мурза байке кадимкидей алактап, шашкалактай берди:

— Ой, жакшы, жакшы… Ыракмат, ыракмат…

Анан экөөбүз тиктешип калдык. Ал бирдеме айткысы келип жанталашып жатты, бирок айта албады. Тили чыга элек ымыркайлар энесин көргөндө телегейи тегиз болуп, бир нерсе айткысы келип, өзүнчө эле көлкүлдөп эрип, бүт денеси менен бир талпынат го. Мурза  байке  дал  ушул ымыркайды эске салып турду. Менин көөдөнүмдү кандайдыр  бир  жылуулук өрдөп өткөнсүдү.

— Эми… — деди аңгыча Мурза байке менин ыңгайсыз абалда турганымды туйгандай. — Бул бул жерде сүйлөшчү нерсе эмес экен. Атайын бир үстөлгө отуруп алып, ортого кызыл винону коюп алып, анан сүйлөшсөк болчудай.

«Вино ичет экен да!..» — деп ойлоп койдум мен.

Азыр ошол биринчи жолу кездешкенибизди эстегенде, Мурза байкенин куду ымыркайдай көлкүлдөгөн элеси көз алдыма тартыла калат да, көөдөнүмдү баягы жылуулук дагы эле өрдөп өтө берет.

Ушундан көп өтпөй биз кайрадан жолугуштук. Сөз, негизинен, «Байчечек» аңгемеси тууралуу эле болду. Мен көптөн бери көксөп жүргөн оюмду ага ачык эле айттым:

— Мурза байке, «Байчечектеги» акыркы сүйлөм (менимче, ал «Демек, али кеч эмес экен…» — деген сүйлөм болсо керек эле) ашыкча экен, ал сиздин оюңузду жылаңачтап салып жатпайбы…

— Мунуң туура, — деди ал башын ийкегилеп, — аны өзүм да сонун түшүнүп турам. Бирок ошол учурда окурмандар түшүнбөй калышабы деп, баарыдан да саясий айып тагып, чыгарбай коюшабы деп чочулап, ушу сүйлөмдү ичимден кан өтүп туруп атайы кошкон элем.

Дал ушул чочулоодо көрпенделик маңкурттуктун бир тамыры жаткандыгын сездиңиз болду бекен, Мурза байке!

* * *

…Адам жедеп аргасы түгөнгөндө күйүт, арманын үч нерсеге төгөт окшойт. Атам: «Атаң көрү, чоң ата, чоң энемдин колунда өсүп, өзүмдү тууган энемди бир да жолу эне деп айтпадым, жеңе дедим. Өзүнүн жалгыз баласынан эне деген сөздү укпай кетти!..» — деп арман кылып калар эле. Ушул эле атам жарык дүйнө менен «эне!», «энекебай!» — деп жатып коштошкон. Демек, биринчи арманыбызды энеге төгөт экенбиз. Экинчи арманыбызды жерге, кадимки эле кара жерге төгөбүз. Күйүткө чалынган Толгонайды («Саманчынын жолу») эстейли. Үчүнчү күйүтүбүздү Сөзгө төгөт экенбиз. Мына ушул үчөө гана бизге түтөт көрүнөт, биздин кылган-эткендерибиздин баарын көтөрө алат көрүнөт. Бүткүл өмүрүн, бүткүл арманын сөзгө төккөн, бир академия бүтүрө албаган ишти бүтүрүп кеткен, тилчи, чыныгы илимпоз, Мурза байкебиз экөөбүздүн сүйүктүү агайыбыз Жээнбай Муканбаев өлөр-өлгөнчө минтип тамшанып жүрүп өттү: «Атаңдын көрү-үү, Мурзанын тили – эмне деген тил, эмне деген таттуу, эмне деген керемет тил!..».

Чын эле, керемет тил эле. Бирок кызык, жазганы бир бөлөк, сүйлөгөнү бир бөлөк болчу. Кыска жазчу да, узак сүйлөчү. Бир нерсе жөнүндө айтып бергиси келсе, ушунчалык эзмелеп, ичеги-кардынан өйдө чубап, бир күкүмүн жерге түшүрбөй айтып берер эле. Канчалык чубалжытып айтпасын, ким болбосун тажабай, тескерисинче, тамшанып укчу.

Азыр минтип өзүмө өзүм собол таштап отурам: Мурза байкенин тили таттуу беле, же дилиби?..

Анан адамды көрө билүү, ага баа берүү да дал ушул дилге байланыштуубу деп ойлоп калам. Мунун бир күбөсү катары мен Жээнбай Мукамбаев агай тууралуу жазган «Нени издедиң, ботоюм» аттуу очеркимден бир үзүм келтире кетейинчи: «Бейшен, — дейт Мурза байке мага, — сенин эсиңдеби, Жээнбай аба адамды кантип укчу эле. Мына минтип… Ал туурап кирди. Куду эле агайдын өзү. Көзү жайнап, ырыс чачырайт. Көзүн ирмебей укчу. Эчтекеге алаксыбай, бул дүйнөдө экөөңдөн бөлөк жан жоктой, көлкүлдөп эрип турчу. Мурза байке ушулардын баарын эскерди да, ойлуу минтип кошумчалап койду. Ал көзү менен да укчу…»

Ушул эле касиет Мурза байкенин өзүндө да бар эле. Ал да көзү менен да укчу. Көзүнөн дили кадимкидей бажырайып көрүнүп турчу.

* * *

…Мурза байкенин бир кызык мүнөзү бар эле. Күндүн бүркөлгөнүн таптакыр көтөрө алчу эмес. Күн бүркөлсө, ал да бүркөлчү. Экөөбүз «Арашанда» жүргөнүбүздө, күн бүркөлгөн сайын коридордо турган мага келип:

— Бейшен, ушу кантип болсун!.. — дечү кадимкидей кейип, булут баскан асманды карап. — Бу эмне дегендик, бу качан ачылат, деги ачылабы?!.

Ушинтчү да, кимдир бирөөгө таарынгандай, болгон күчү менен колун шилтеп туруп, эшикти тарс жаап, өз бөлмөсүнө кирип кетчү. Менимче, мындай күндөрү ал эчтеке иштебей эле, төшөктү бекем чүмкөнүп жата берсе керек. Мага негедир ушундай сезилчү.

Дагы бир байкаганым – өзү бир жаздым басып алса, анысын таптакыр унута алчу эмес. Эстеген сайын ал окуя жаңы болуп өткөндөй кейий берер эле. 1994-жылдын ноябрь айында докторлук диссертациямды коргоп, Мурза байкени да чакырган элем. Ал келе алган жок. Анан жолуккан сайын эле ушуну эстеп, кейий берчү:

— Бейшен, айланайын, толгон күндөн ошол күнү колум байланып… Толгон күндөн ошол күнү жеңеңдин иши күчөп. Айкызды мектептен алаар киши жок болуп калып… Анан..

Ал ушинтип кейип атканда, мен анын назик жүрөгүн кадимкидей көрүп турчумун. Кыргыз адабиятында Мурза байкеникиндей үлбүрөгөн назик чыгармалар бар бекен, эми алар качан жазылар экен!..

* * *

Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековду жерге берген күн. Жайына коюп, тарай баштадык. Фото кабарчы Эрнис Мусаев шакылдатып сүрөткө тартып жүрөт. Мурза байке экөөбүз катарлаш келатканбыз.

— Жүрүңүз, Мурза байке, сүрөткө түшүп коёлу. Эстелик болот, — дедим мен.

— Болбойт го, Бейшен … Уят го…

— Эмнеси уят?..

— Уят го… Сөөк жашырып келатсак… Анан параддан чыккансып сүрөткө түшсөк… Уят го…

— Караңызчы, элдин баары эле түшүп жатпайбы.

— Аны Эрнис өзү тартып жатат да. А биз сүрөткө түшөбүз деп өзүбүз жулунуп атпайбызбы…

— Ээ коюңузчу, экөөндө кандай айырма?..

Айтор, мен кыйнап атып, сүрөткө түштүк. Мурза байке менин көңүлүмдү кыйбады көрүнөт. Бирок ал сүрөттү Эрнис байкеден алигиче ала элекмин…

Ошол күн эсиме түшкөндө, Мурза байкенин: «Аны Эрнис өзү тартып атат да. А биз сүрөткө түшөбүз деп өзүбүз жулунуп атпайбызбы…» — дегени кулагыма жаңыра берет. Анан эсиме эми келгенсип, мен да куду ошондогу Мурза байкедей оңтойсуздана берем…

* * *

Маркум Асанбек Стамов таланттуу да, мекенчил да, анан көк жал да жазуучу эле. Ушул жазуучу өзүнүн курсташы тууралуу нааразылык макаласын жарыялаптыр. Ал макалага дагы бир курсташы Мурза Гапаровду атын атабай туруп кыпчып кетиптир. Өзгөчө анын «Экөө ээн бакта» аттуу «бейадеп» аңгемесин жөөлөп өткөн экен. Көп өтпөй эле Мурза байкенин жооп макаласы жарыяланды. Макала ушунчалык сабаттуу жазылган эле. Тилинин шириндиги, далилдеринин ынанымдуулугу, бийик маданияты, айтор телегейи тегиз макала болчу. Тамшанып окуйсуң. Кийин жолукканыбызда мен кепти шыдыр эле ушул макаладан баштадым.

— Бейшен, — деди Мурза байке кейигендей, — ушу Асанбек досума тиш салууга кантип ниетим барсын. Жанымды кашайтып ийбедиби… Карандай калпты урдуруп атпайбы. Баарыдан да «мен сыйлаган бир жазуучу» деп мени эмне үчүн тергейт, менин атым бар го, Мурза Гапаров деп түз эле айтпайбы!..

— Байке, — дедим мен анын сөзүн бөлүп, — чынымды айтайын, сиздин кийинки жазган чыгармаларыңыздын эң мыктысы ушул макала болот. Эми кайым айтышууну токтотуңуз… Уят…

Мурза байке башын ийкегилеп, жүзүн бажырайта жылмайып койду. Бул маселеге экинчи кайрылбады.

Жан кашаюу демекчи, бир жолу Мурза байке минтип калды:

— Бейшен, байкап жүрөсүңбү, кийинчерээк романчылар көбөйүп кетти. Жакында кыргыздардын баары эле роман жазып калат окшойт… Роман эмне экендигин билишпейт, кенедей да түшүнүгү жок, анан!.. Жанагы Баланчаев деген неме (бул «неменин» аты-жөнүн Мурза байке ачык эле айткан, бирок мен атагым келбей турат, бир гана айтарым – бул «неме» да таланттуу жазуучулардын катарында жүрөт, бүгүнкү күндө Эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. Ушул жазуучу Мурза байкенин көңүлүн калтырган бир иш кылган экен, бирок ал иш эмне экени менин эсимден чыгып кетиптир) жанды бир кашайтты десең… Жазуучулар союзунун пленумунда бир шылып түшөйүн дедим да, романын атайын дааратканага алып келип, коюп койдум. Кирген сайын бир-эки барагын окуйм да, айрып салам. Анан…

— Анан?..

— Шылыгым келбей калды. Көңүлүм чаппады, Бейшен… Жазгысы келгендер жаза беришсин да, алар деле жаман ниети менен жазышпайт да…

Эмне үчүн минтип айтты – бул мен үчүн алигиче табышмак…

* * *

Кээде кол менен атайы жасап койгондой, үч уктасаң түшүңө кирбеген шумдуктуу бир окуяларга, кездешүүлөргө кириптер болуп каласың. Бир жолу айтылуу «Чынар» кафесинин экинчи кабатынан мен, Мурза байке, Калык Ибраимов – үчөөбүз капысынан жолугушуп калдык. Алчуларыбызды алып, жайланышкан соң, мен Калыкты тааныштыра кеттим:

— Мурза байке, бул Какем чоң сынчы, баягы сиздин «Кыштакчаңызды» талкалаган жигит ушу (Калык өз мезгилинде «Кыштакча» повестин адилетсиз түрдө абдан катуу сындап жазган).

Какем ыймандуу жан эмеспи:

— Эми анда… Эми анда… – деп эле мукактана түштү.

Мурза байке бир жылмайып алды да, кепти таптакыр башка жакка буруп кетти:

— Бейшен, сенин «Акчаңды» окуп чыктым. Сен айыл турмушун бир ажайып… – Мурза байке тык токтоду да, кире беришти таңдана тиктеп калды.

Эшиктен шашып-бушуп белгилүү кино оператор Кадыржан Кыдыралиев кирип келатыптыр. Экөө бакырышып көрүшүштү да, Алтай темасына кирип кетишти. Менин «Акчам» унутта калды.

Азыр ушуну эстеген сайын, көкүрөгүмө мындай суроо уюй берет: Эмне үчүн Мурза байке кепти башкага буруп кетти?

* * *

Мурза байкенин «Дарыялар шоокуму» аттуу бир керемет повести бар. Аны чыгармачылыгынын туу чокусу катары карасак болот. Чыгарма Чыңгыз Айтматовго арналган. Анда согуш маалында качкан адам жөнүндө сөз болот. Бирок кеп мында деле эмес. Кеп – анда адамдын чыркыраган чыныгы тагдыры, кыргыздын чыныгы нарк-насили, мүнөзү жаткандыгында. Ушул чыныгы тагдырдан, нарк-насил менен мүнөздөн улуу философия өнүп чыгары бышык (Бул маселе өзүнчө изилденет деген ниеттемин).

Айтматов таануучуларды мен сергектикке чакырар элем. Эгер «Бетме-бет» менен «Дарыялар шоокумун» салыштыра изилдесе, көркөм адабияттын ушуга чейин ачылбай келаткан көп сырларынын бири ачылмак. Ошондой эле  мындай нуктагы иликтөө бул эки сүрөткердин стилдик бөтөнчөлүктөрүн аныктоого, алардын сүрөткерлик кудурет-күчтөрүн терең ачып берүүгө өбөлгө түзмөк. Мына ушундай жагдайды көңүлгө түйүү парз.

Ал эми менин өкүнгөнүм – «Дарыялар шоокумун» эмне үчүн Чыңгыз Айтматовго арнаганын Мурза байкенин өзүнөн сурабай калгандыгым.

* * *

…СССР кулагандан кийин баарыбыз эле карайлап калдык го. Көр тирилик капшабы желкеден ныгырып турду. Ошондо, өңгөсүн мындай эле кой, профессорлорубуз да кара курсактын айынан бир «Манас» университетине, бир Америка университетине, айтор, байыраак окуу жайларына жалдырай карашып, аларга качырышты; аларга көз каранды болуп бөйпөңдөштү. Мындай бөйпөңдөөдөн азыр да кутула элекпиз (Башың маң да, ыйлагың  келет: өзүнүн профессоруна 500 долларлык айлык төлөй албаган мамлекеттин эмнеси мамлекет?!). Мен  да «Манаста» иштечүмүн. Көп өтпөй  көздөрүн жалжылдатып Мурза байке да иштеп калды. Мурда, СССР учурунда, биз айлыгын сурагандан уялчубуз, азыр болсо саламдашпай туруп эле: «канча аласың?» — дечү болбодукпу, мен да сөздү ушундан баштадым:

— Сиз эл жазуучусуз да, Мурза байке, — дедим мен, — сизге профессорлукту бериш керек. Айлыгыңыз канча экен?

Мурза байке акырын жеңден тартып, четирээк алып барды да, шымынын чөнтөгүнөн 100 долларды сууруп чыгып, үн-сөзсүз кудуңдай мага көрсөттү. Анан:

— Ушуга чейин аялымдын эсебинен күн көрүп келдим, Бейшен, — деди. –Эми минтип… — Сөзүн уланта албай, жутуп алды.

Менин сай сөөгүм зыркырап турду.

…Көп өтпөй айлыкты кассадан чогуу алып калдык. Мында да Мурза байке четирээк эрчитип барып, 50 долларды көрсөтүп:

— Ушул кошулуп калыптыр. Айлыгымды көбөйткөн окшойт, — деди.

Мында да сай сөөгүм зыркырады…

* * *

— …Бейшен, — деп калды Мурза байке дагы бир жолу, — бу жанагы Салижаның (С.Жигитов) дагы бир балакетти баштаган атат окшойт. Программа түзгүлө дейби, ансыз сабакка келбегиле дейби. Деги программа дегениң эмне? Чын эле, ал керекпи, же Салижан…

— Программасыз болбойт да, байке, — дедим мен анын сөзүн үзүп. – Баарын программа боюнча өтүш керек…

Мурза байке томсоро түштү:

— Мен аны кайдан алам?

— Түзүшүңүз керек өзүңүз.

— Кантип түзөм? Өмүрү программа түзүп көрбөгөм. Программа боюнча жашаган да эмесмин.

— Мунун жарасы жеңил эле.  Мурда жазылган программаларды карап туруп эле түзүп койсо болот. Өзүңүздүн максатыңызга жараша анча-мынча өзгөртүш керек деңизчи…

— Аа… — Мурза байкенин санаасы тына түштү. Анан өзүнчө кобуранып койду. — Кысталактыкы, сабак өтмөктөн да ушу программа түзмөгүң чатак экен да…

А менин көкүрөгүмдө анын «Программа боюнча жашаган да эмесмин» дегени биротоло уюп калды.

* * *

Бир күнү Мурза байкеге узун коридордон жолугуп калдым. Негедир шаабайы сууңку. Суроолуу тигилдим.

— Э, баягы оозуна алы жетпеген Салижан да… – деп койду ал түшүнгөндөй.

— Эмне болду? Салижан агай дагы концертин коюп ийдиби?

— Ректор биздин бөлүмдү чакыртыптыр. Бардык. Мен, Мусаев, Артык Сүйүндүков болуп. Анан чогулуш баштала электе эле Салижан айтып атпайбы, же жарытылуу программаңар жок, же кыйраткан билимиңер жок, деги силер эмнени окутканы атасыңар деп…

— Анан эмне дедиңиз?

— Ээ билген намазыбызды окуйбуз да дедим.

Салижан агай да, Мурза байке да чоң талант болчу. Бирок экөө эки башка адам эле. Салижан агай адам көңүлүн эсепке албай туруп, оюн-чыны аралаш балп эттире бетке айтып таштачу. А Мурза байке үчүн адам көңүлүндөй ыйык нерсе жок болчу. Салижан агай жүрөктү көрүп турса, Мурза байке жүрөктүн толтосун көрүп турар эле…

«Манаста» иштеп атканында Мурза байке негедир маанайы пас, кымырылып-кысынып жүргөнсүдү. Портфелин көтөр-көтөрмөксөн болуп, университетке ойлуу кирип чыгар эле. Аны көргөн сайын элибиздин мындай макалын эстей берчүмүн: «Бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элиңде ултан бол».

* * *

2011-жылдын  май айларында Мурза байкенин кара макала менен кошмоктолгон «Коштошуу» аттуу ыры «Асабага» жарыяланды. «Коштошуу» дегенди окуганда эле менин негедир денем үркө түштү. Ал эми макаласын кошок-макала десек, туура болчудай. Кимге карата кошулган кошок: Мурза байкенин өзүнөбү, досторунабы, же айтылуу Ак үйгөбү? Макала мындайча башталат: «P.S. Ушакчы, кошоматчы жана тыңчылар үчүн: Бул ыр Бишкекте, Совет көчөсүндө азык-түлүк сатылган дүкөндө (остановка «Завод физприборов»), дүкөндүн вино-водочный бөлүгүндө, анын ичкерки интимный бөлмөсүндө жазылды. Жазылып атканда алдымда кыпкызыл вино куюлган көп кырлуу стакан турду. Ыйлуу ыр ыраакка созулуп, ыйлаган жүзүмдү кызыл вино кызартып чыкты. Кап, ушул учурду силер ушакчы, кошоматчы, тыңчылар көрбөй калдыңар, көрсөңөр табаңар канып: «Гапаров ичип жүрөт» деп, дароо өзүңөрдүн «тиешелүү жерлериңерге» жеткирет элеңер. Эчтеке эмес, о дүйнө кеткенче силер үчүн мындайдан далай дубль жасап берем.»

Өтө катуу кетипсиз го, — дедим мен, кийин жолукканда.

Ушул эле суроону күтүп буулугуп жүргөндөй, агынан жарыла кетти:

— Бейшен, өзүң деле билсең керек, жакында эле бизде «Король Лир» спектакли боюнча театрлар арасында жарыш болуп өтпөдүбү. Башка киши калбай калгансып, ушул жарыштын калыстар тобунун жетекчиси мен болуп калып атпаймынбы. А мени жакшы билесиң, менин ашказанымда көк таш бар да, мен виносуз тура албайм да. Муну жанагы менин бөйпөңбай досторум жакшы билишет да, анан көрүп ал: кирип келатсам деле – вино, чыгып баратсам деле – вино. Спектакль бүткөндөн кийин машинеге салып жиберишет, компоюп мен кетемин. Мен мындай жыларым менен эле, жанагы бөйпөңдөп жанымда жүргөн досторум биринен сала бири Осмонакун үкөмө (Осмонакун Ибраимов анда вице-премьер болуп иштесе керек эле) звандай башташат экен, Гапаров спектакль көрбөй эле ичип жүрөт деп, чычып жүрөт деп… Анан кантип жаның кашайбайт…

Коштоштук да, экөөбүз эки жакка кеттик. Негедир «Коштошуу» деген сөздөн кутула албай келаттым, бучкактап эле артыман ээрчип алды. Жүрөгүм өйкөлүп, денем муздайт. Акыры ушул сөз түбүнө жетти – бул ырдан кийин Мурза байке узакка деле жашаган жок. Эми ойлосом, Мурза байке мага жолукканда эле жарым өлүк экен. Аны буга ким жеткирди, кошок кимге кошулду?

Ойлогондон коркуп, денең муздайт…

* * *

Мен Мурза байкеге арнап, «Бүгүн күн жаман ысып турат…» деген аңгеме жазган элем. Ал «Асаба» гезитине жарыяланган. Мурза байке аны окуптур да, мени таппай жүрүптүр. Бир күнү мага капыл-тапыл жолугуп калып, аликке келбей эле, арыз-арманын төгө кетти: «Бейшен, айланайын, сени издеп таппай жүрбөймүнбү. Жанагы Алымдан (Токтомушев) үйүңдүн телофонун сурасам, башканыкын берип койгон окшойт, чалсам эле тили бурууларга туш болчу болдум… Сенин аңгемеңди окугандан кийин мени дагы канча кыз-келин жакшы көрүп, сүйүп калды болду экен…»

Саат төрттө «Манас» университетинде чогулуш болорун, ага чейин үйүнө барып келиш керектигин айтып, жөнөп калды. Мен да чогуу бастым. Мурза байке аялдамага барбай эле, чакан дүкөнгө кирди. Андан төрт чарчы узун бөтөлкө винодон экини алды да, акырын шашпай портфелине салды. Анан үн-сөзсүз мени ээрчитип алып, чоң дүкөнгө кирди. Анын кире беришинде чакан шам-шум этмеси бар болчу. Мурза байке бир бөтөлкөнү үстөлдүн үстүнө коюп атып:

— Бейшен, — деди мага, — мен билемин, сен муну ичпейсиң, арак да ичпейсиң. Өзүңдүн пивоңдон каалашыңча алгының…

Отурдук. Отурарыбыз менен Мурза байке кыргызча, орусча аралашкан тилде узун жомогун баштады (Кызык, Мурза байкенин чыгармаларынан орус сөздөрүн таппайсың, бирок сүйлөгөндө орусча аралаштырмайынча, ичи чыкчу эмес.). Ал бүгүн өзгөчө бир жарпы жазылып, бөтөнчө бир төгүлүп-чачылып турду. Ушул үч сааттан ашык убакыт ичинде биз эмнелер жөнүндө гана сүйлөшпөдүк. Алардын баарын жазууга кагаз да түтпөс, менин чама-чаркым да жетпес. Ар бир сөзүбүз түбү барып адам тагдырына такалып жатты. Алардын ичинен үчөөнү айтып бергим келип отурат:

— Бейшен, айланайын, жанагы сенин аңгемедеги дөөпайчы (Назар деген каарманды айтып атканы), ал жедеп булганып бүткөн да, мээси, жүрөгү, ой-санаасы, койчу, деги баары бок дүйнөгө чыланып калган да. Анан ошону жанагы кызчы (бул да аңгеменин бир каарманы), ал кыз таптаза да бечара, анан ошол кыз эшикке чыккандан кийин тиги дөөпайдын жеңинен тартып, жалооруй карап: «Деги өзүң кандайсың?» — деп күнөөлүүдөй сурап атпайбы бечара!..

Мен селт эте түштүм – Мурза байке аңгемедеги эң талуу жерди кармаган экен. Башымды көтөрдүм да, ага тигиле карап калдым. Мурза байкенин көздөрүнөн жаш тегеренип туруптур, ирмесе эле мөлт дей түшчүдөй…

— Сен уккан чыгарсың, Бейшен, — деди көп өтпөй, — менде кыз-келиндер көп эле болду. Баары сулуу эле. Бирок мен бирөөнү да сүйбөптүрмүн, болгону сулуулукка гана кызыгыптырмын. Эми ушуну роман же драма кылып жазсамбы деп атам.

Романга ылайыктуу экен деп ойлодум мен ичимден, анан ушул оюмду билдирейин деп оозумду эптеп келатсам эле, Мурза байке чочугансып, таптакыр башка темага өтүп кетти: — Бейшен, — деди ал кыжыңгандай,  — чет өлкөлүктөр бизге келишип, тоолорубузду кыдырып, кен издеп жүрүшөт. А биз, кыргыздар болсо, ал жерлерге барып, сийип коюп жүрөбүз.

Чет өлкөлүктөр деген сөз анын эсине дагы бирдемени салдыбы, жарымы ичилген бөтөлкөнүн оозун кылдаттык менен бекитип, ордунан тура баштады.

— Кой,  Бейшен, кетели. Төрттө чогулуш. Ага чейин үйгө барып келиш керек. Үй алыс…

— Саатыңызды карасаңыз, байке?

Саатын карады да, чочуп кетти:

— Көп отуруп койгон экенбиз да, төрткө он мүнөт калыптыр да. Кой, мен түз эле чогулушка жөнөйүн…

— Барбай эле койбойсузбу… Алдагыдай…

— Кой, уят, барайын. Бизде («Манас» университетинде) бир түрк катын бар, ошол катын биздин бөлүм башчыбыз болчу, бүгүн биз менен коштошуп, Түркияга биротоло кетмек. Узатууда мен да сүйлөшүүм керек, элди күлдүрүшүм керек…

— Чоктой кызарып… Алдагы анардай жанган жүзүңүздү көргөндө, күлдүрбөсөңүз деле түрктөр өздөрү эле күлөт го…

Мурза байке үндөбөй бажырая жылмайып койду. Ээрчишип чыктык да, айрылышка келдик. Коштошордо Мурза байке колун шымынын чөнтөгүнө салды да, кочуштап бир нерсе алып чыкты.

Колун мага сунуп, алаканын жайды. Кочуштаганы акча экен. Бырышкан-тырышкан акчалар.

— Бейшен, — деди анан мага муңая жылмая, — айланайын, мен азыр баймын. Каалаганыңды ал, айланайын…

Мен туйламыш болуп атып, жүз сомдукту алдым. Экөөбүз коштоштук. Ал көчө ылдый кетти. Мен артынан көпкө карап турдум. Басар-басмаксан болуп, өтө жай, каалгып баратты.

Карап турдум да, өзүмчө шыбырадым: «Арыктап кетиптир… Абдан арыктаптыр…»

Бул биздин акыркы жолугушубуз экен. Ушундан бир-эки ай өтүп-өтпөй эле Кеңеш байке (Жусупов) үйгө телефон чалып:

— Бейшен, кандайсың… – деди үнү кардыга. – Мурзадан айрылып калдык… – Сөзүн улай албай, тыңшоорду таштап салды.

Ошентип, Мурза байке эрип кетти.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында кыргыз адабиятына өзүнчө эле бир тандалма команда келген эле. Бул команданын ичинен менин жүрөгүмө өтө жакыны мына булар эле: Мурза Гапаров, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Өскөн Даникеев, Элүүбай Отунчиев. Эми минтип булардын ичинен Мурза байке бизден кол үзүп, өз дүйнөсүнө түбөлүк кетип калды.

* * *

Мына ушундай, Мурза байке. Азыр сиз жоксуз, а биз – тирүүлөр – барбыз. Эшиги жок, төрү жок караңгы көрдө байчечегиңди мыкчып алып, көзүңдүн жашын көлдөтүп отурасың го, дулдулум! Биз, тирүүлөр да, мыкчып отурабыз. Бирок ыйлоого кудуретибиз жетпей жатат…

13.08.11. саат-8:15  – 16.08.11. саат-13:50

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *