Автор тууралуу

Австриялык атактуу жазуучу Стефан Цвейг 1881-жылы Вена шаарында туулган. Адабиятка эрте аралашып, он тогуз жашында алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Бирок ал дүйнөлүк даңкты ырдан эмес, новеллаларынан тапты. Адам тагдырына аябаган жапакечтик менен жазылган терең психологиялуу, нукура көркөм новеллаларынын бир тобу дүйнөлүк маданият кенчинен орун алды. Гитлер бийликке келип, Германияда фашизм доору башталганда, гуманист жазуучунун китептерине тыюу салынган. Австрияны фашизм басып алганда ал Ата Журтунан алыс качууга аргасыз болуп, Европаны фашизмдин өртү каптап, бардык идеал, үмүттөрү ошол өрткө күйүп жатканын көрүп, Стефан Цвейг 1942-жылы өз өмүрүн өзү кыйган.

Новелла 

Айтылуу жазуучу Р. тоодо үч күн сейилдеп жүрүп, Венага таң эрте кайтып келди да, вокзалдан газета сатып алып, анын чыккан күнүн көрөр замат бүгүн туулган күнү экенин эстеди. Кырк бир жаш деген ой көңүлүнө кылт этти, бирок бул ой аны кубанткан да, кейиткен да жок. Шуудураган газетаны барактап бир сыйра көз жүгүртүп чыккан соң, такси жалдап, үйүнө жүрүп кетти. Ал жокто эки киши издеп келгенин жана нечен ирет телефон чалынганын малайы айтты. Анан үйүлүп калган кат- кабарларды батнуска салып апкелип берди. Жазуучу каттарды көңүлкош карап отурду, жиберген кишилери көңүлүн бурган кээ бир конвертти ачып көрдү, бирок бейтааныш кол менен жазылган өтө эле көлөмдүү бир катты ачпастан бөлөк алып койду. Аңгыча чай сунулуп калды. Р. креслого жайлуураак отурду да, газета менен бир нече проспектилерди кайрадан барактап чыкты. Анан сигара тартты, ошондон кийин гана алиги көлөмдүү катты ачты.

Бул өзү кат эмей эле кол жазма сыяктуу. Бирдемеден улам туталанган бейтааныш аял калтыраган колу менен отуз чакты бетти толтура жазган. Р. эриксизден конвертти кайра кармалап, дагы башка кагазы жокпу деген ой менен ичин карады. Бирок эчтеме жок экен. Каттын өзүндө да, конверттин бетинде да жиберген кишинин же адреси, же аты жазылбаптыр. Бул бир укмуш деп ойлоп, Р. колуна катты кайра алды. Жогорку кат башында: «Мени эч качан тааныбаган, сага!» – деген жазууну таң кала окуду… Кимге? Агабы же оюнан чыгарган каарманынабы? Бир убакта туюк сыр кызыктырып жиберди, Р. катты окуй баштады.

«Кечээ балам өлдү. Ажалдан ушу наристенин жанын талашып, үч күнү-түнү бою алпуруштум. Алсыраган денеси от болуп күйүп-жанып жатканда кырк саат катары менен жанынан карыш жылбай отурдум. Ысык чекесине муз басып, алдастап тыбыраган кичинекей колун колумдан чыгарбай күндүр-түндүр кирпик какпадым. Үчүнчү күн өтөрдө тырп этер алым калбады. Көзүмдүн кандай илинип кеткенин билбейм. Шордуу жаным, катуу креслодо үч-төрт саатча карайлап уктап калган экенмин, ошол учурда шум ажал уулумун жанын сууруп кетиптир. Мына эми каралдым кичинекей керебетинде сулк жатат. Өңү өзгөрүлбөйт, уктап жаткансып тирүүсүндөй эле. Жоодураган кара көзү ачылып калыптыр, жумуп коюшту. Ак көйнөгүнүн көкүрөк үстүнө эки колун кайчылаштырып салышты. Керебеттин төрт бурчунда төрт шам созолонуп күйүп турат. Жүзүнө түз багып кароого даабай, кыймылдабастан мен биерде катып отурам. Шамдалдын жалыны ары-бери жалп этсе, бетине, бек кымтылган эриндерине күңүрттөнгөн ала көлөкө түшө калат да, өңүнө жан кирип келаткандай көрүнөт. Ал өлбөгөндөй, кайра ойгончудай, жылаажын үнүн чыгарып, балалык сүйкүмү менен мага бирдеме айтчудай сезилет. Бирок өлгөнүнө көзүм жетет. Ошон үчүн тик багып карагым келбейт: Куру үмүткө алданып, түбөлүк ойгонбосуна көзүм жеткенде кайра азапка түшөйүмбү.

Ооба, уулум кечээ жаштайынан жайрады. Эми мага бу дүйнөдө жалгыз сен гана калдың: мени тааныбаган-билбеген, азыр ушул тапта да дүйнөкапар сайрандап, же адам менен буюмдун айырмасын ажырата карабай, экөөнү бирдей шакаба чегип жүргөн сен гана; этибар алып мени эч качан тааныбаган, бирок түбөлүк арзып сүйгөнүм сен гана калдың.

Мына бешинчи шамды алып, сага кат жазып отурган столума жакын койдум… Жок, мен өлүк баламдын жанында жападан жалгыз отура албайм, жүрөктөгү зар-муңумду айтып көз жашымды кантип төкпөйүн. Ушул азаптуу оор мүнөттө арыз-арманымды сага айтпаганда кимге айтмак элем — жүрөгүмдө сен болгонсуң, болосуң. Балким, мен анчалык ачык айта албай жаткандырмын, балким, сен түшүнбөй жаткан чыгарсың. Андай болушу этимал: акылым ордунда эмес, башым зыңкылдап, бүткөн боюм сыздайт. Денем от менен жалын, мүмкүн, азыркы күндө ар кимдин эшигин аңдыган сасык тумоо чыгар. О, ал илдет келсе кана — өзүмдү өзүм өлтүрөм деп кыйналбастан азыр эле уулумдун артынан өлсөм, арманым болбойт эле. Кээде көңүлүм караңгылай түшөт, каттын аягына чейин жаза албай каламбы. Бирок бар кубатымды жыйып, мени эч качан тааныбаган сүйгөнүм сени менен жок дегенде өмүрүмдө бир жолу сүйлөшүп калсам дейм.

Жалгыз өзүң менен сүйлөшүп, оюмдагыны бүт айтайын. Өзүң билбесең да дайым сендик болгон өмүр баянымды билүүгө тийишсиң. Бирок бул купуя сырларымды мен өлгөндө гана билесиң, анда жооп берүүнүн да кереги жок болуп калат, анткени азыр оттон алып, сууга салып жаткан илдет мени соо калтырбайт окшойт. Эгер тагдырым мени дагы жашай түш десе, бул катты тытам да, мурда кандай ичимен сызып унчукпай келсем, ошондой эле тиштенип жүрө берем. Эгерде катым колуңа тийсе, өзүң менен өлгөн аял сүйлөшүп жатат деп бил: ал аял эс тартып чоңойгондон көзү жумулганга чейин жалгыз сендик болгон өмүрүн бүт баян этет. Айтканыман коркпой эле кой: өлгөн аялга эми сүйүүнүн да, кейүүнүн да, жубатуунун да — эч нерсенин кереги жок. Суранарым бир гана: жүрөгүмдөн кайнап чыгып жаткан бул арыз-арманыма ишен, ишенбей койбогун, сенден ушуну гана суранамын. Жалгыз уулунан айрылып олтурган жан калп айтпайт, ишен, жаным.

Чынында сени көргөн күндөн берки сырымды жаап-жашырбай баарын айтып берейин. Ага чейинки турмушумда элес-булас күңүрт бирдемелер эсимде: жер кепе; анда турган мен билбеген адамдар; чаң басып, жөргөмүш желелеп, өңү өчкөн буюмдар — булардан башка эсимде эчтеме жок. Сен келгенде мен он үчтө элем: жүрөгүмдөн сыгылып чыккан кандын эң акыркы тамчысы болгон ушул катты сен азыр окуп отурган тамда, квартираңа маңдайлаш аянтчада жашачумун. Үстүнөн кара кийимин түшүрбөгөн казначейдин жесири — апам, анын арыкчырай беш көкүл кызы мен, албетте, азыр эсиңен чыгып кеткендир. Мещандык жарды тиричиликтин туткунунда тумчуккандай биз эч шаан-шөкөтсүз тынч жашачубуз. Сен биздин аты-жөнүбүздү деле укпаган болушуң керек, анткени эшигибизде жазуу жок эле, анын үстүнө биздикине киши-кара каттачу эмес, ал-жайыбызды сурап эч ким кирчү эмес. Бул окуя мындан он беш- он алты жыл мурда болгон. Ырас, жаным, алардын бири да эсинде жок. А менчи?.. О, ал күндөр ийне-жибине чейин күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Аты-жөнүңдү биринчи уккан күн, анан сени биринчи жолу көргөн күн саатынан бери эсимде. Дүйнө менин көзүмө обол ошондо көрүнсө, кантип унутайын! Болгонун төкпөй-чачпай бүт айтам, чыдап уксаң, жаным. Өмүр бою сени сүйүүдөн танбаган аялдын баянын чейрек саат уккандан сен да чарчабассың, суранам, толук ук.

Сен кире электе ал квартирада уруштан башканы билбеген түрү суук урушчаак, ажаан бир оңбогурлар турушчу. Өздөрү жакыр боло туруп, кошуналарынын жакырлыгын жек көрүшчү, андай ындыны өчкөн пролетарийлердин наадандыгынан алыс жүргөнүбүз үчүн бизди да жаман көрүшчү. Аракеч эри күндө мас болуп келип, катынын көп ураар эле. Үстөлдөрүн тарса-турс ыргытып, идиш- аяктарын бырын-чырын сындырып, үй ичине бака-шака салып, бизге түнкүсүн уйку берүүчү эмес. Бир жолу түндө бети-башы кызыл-жаян канаган катыны тепкичке жылаңаяк-жылаңбаш чыңырып жүгүрүп чыкты. Мас эри артынан бакылдап сөгүп жүрөт. Туш-туштагы квартираларда тургандар жабалактап чыга калып, полиция чакырабыз деп коркутканда гана тигилер араң тынчыган болчу. Апам алар менен мунаса түзүүнү башынан каалоочу эмес, а түгүл ал үйдүн балдары, кыздары менен сүйлөшпөгүн дечү. Ошон үчүн балдары ыгы келе калганда мени көп жектешчү. Көчөдөн жолуксам, артыман тилдеп калышчу. Атүгүл бир күнү жабыла кар менен урушуп, чекемди жарып коюшкан. Макулдашып алгансып ошол имаратта жашагандар бүт баары алигилерди жек көрүшчү. Уурулугу үчүн эрин камап койгонбу, айтор, бир окуядан улам алар көр-жерин алып, квартирадан көчүп кеткенде баарыбыз тең бир балээден кутулгандай жеңилдендик. Анан квартира берилет деген жарыя каалгаларда көп күн илинип турду. Кийин аны алып коюшуптур. Ошондон көп өтпөй эле башкаруучу: квартира жалгыз бой, адептүү жазуучу господинге берилди деди. Сенин аты-жөнүңдү мен ошондо биринчи уккам. Баштагы ыплас адамдар турган жайды тазалап, тартипке келтирүү үчүн эки-үч күндөн кийин малярлар, шыбакчылар, обойщиктер, уборщицалар келишти. Жумушчулар тарсылдатып, шыпырып-сыйрып тазалап жүрүшкөнүн көргөндө, көкөйгө тийип, көңүлдү жийиркенткен коңшудан араң кутулдук деп апам сүйүнөт. Буюм-жүктөрүң жеткириле баштады, бирок өзүн көрүнбөйсүң. Өзгөлөрдөн өзүн саал өйдөрөөк кармаган, салабаттуу, буурул чач камердинериң иш билги неме экен, бардык жумуштарды ызы-чуусуз башкарып жүрдү. Шаардан чет жашаган бизге бөтөнчө жаңылык болуп көрүнгөн камердинер баарыбызга жакты, анын үстүнө, ал да баарыбыз менен өтө ызааттуу, сылык мамиле кылчу. Бирок үй кызматчыларын өзүнө тең ата кылчу эмес. Келген күндөн тартып эле ал апамды чоң даражалуу аял катарында ызааттап, башын ие сылык-сыпаа салам берчү болду, ал түгүл секелек кыз мени да чоң кишидей көрүп, жылуу-жумшак адептүү сүйлөшчү. Сенин атыңды ал өзгөчө сый-урмат менен атачу. Мындай мамиле карыган малайдын жөн гана байланганы эмес, андан да башка бир жакшы көрүү сезими бар экенин дароо байкоого болот. Сага кызмат кылып, сенин жаныңда дайыма жүргөндүктөн ага суктансам да кең пейил Иоганныңды мен да жакшы көрчүмүн.

Бул күлкү келтирер майда-чуйда нерселерди бирден терип айтып отурган себебим, жаным, жалтак өскөн жаш кызды адегенде эле өзүңө имерип жүрөгүнө чок салганыңды билсин дегеним. Көзүм көрбөй жатып, сени шаан-шөкөттүү байлыктын кучагында элестетип, укмуштуу сырдуу кылып баамдадым. Өздөрүнчө жамаат болуп, бөлөк жашаган адамдар ар бир жаңылыкка таңыркай кызыгат эмеспи, шаар четиндеги чакан имаратта турган биз да сенин келишиңди чыдамсыздана күттүк. Бир күнү мектептен келип, эшик алдынан мебель салынган фургонду көргөнүмдө таң калганымы айтпа. Жүктүн көбү оор буюмдар экен, жумушчулар жогорку кабатка чыгарып коюшуптур, эми майда көр-жерлерди киргизип жатышыптыр. Сенин бул буюмдарың мурда көргөндөрүмдүн бирине да окшобойт, ошондуктан моокум канганча карамакчы болуп, босогодо турдум. Буюмдарыңдын арасында Индиянын кудайлары, Италиянын скульптуралары, жаркыраган чоң-чоң сүрөттөр жүрөт. Баарынан да китептериңчи, мынчалык көп, мынчалык кооз китептер болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Китептериңди босогого жыйып, малайың бирден ала чыбык менен чаңын күбүп, анан тазалап-аарчып жатты. Китептер үйүлгөндөн үйүлдү, а мен кызыккандан кызыгып айланчыктайм. Иоганн мени кет дебеди, бирок турганымы да жактырган жок. Жумшак кайыш мукабаларын кармалап көрсөм деп канчалык оолукканым менен бир китебиңе да батынып кол тийгизе албадым. Жалтактап көз кыйыгымды салсам, арасында французча, англисчелери жүрөт, кай бирлери мен билбеген тилдерде жазылыптыр. Балким, ошерде кечке чейин тура берет белем, бирок апам чакырып калды.

Өзүңү көрбөсөм да, ал күнү такыр оюман чыкпай койдуң. Менде да арзан баа, тыштары жыртылган бир аз китептерим бар эле. Жакшы көргөнүм китеп, колумдагыларды улам кайталап окуй берчүмүн. Бирок сенин китептериңе аябай таң калдым. Мынчалык сонун китептерди окуп чыккан, көп тил билген адам кандай жан болду экен? О, ал бай го, окумуштуу го! – деп назарымда сен мага олуя көрүндүң.

Элесиңди элестетүүгө тырышам; биздин география мугалимибиз кейитүү, бирок андан да сулуу, ак көңүл, жумшак мүнөз, көз айнекчен, жайкалган ак сакалдуу абышка болуп элестедиң. Сени абышка деп элестетип, бирок эмне үчүн сулуу деп ойлогонуму алигиче билбейм. Өзүңдү өңүмдө көрбөй жатып, ошол түнү түшүмдө сени көрдүм.

Эртеси сен келдиң. Бирок канчалык далбастасам да көрө албай калып, ынтызарлыгым ого бетер күчөдү. Акыры үч күн дегенде жүзүңдү көрүп, балалык кыялымда элестеткен олуяга таптакыр окшобогонуңа аң-таң калдым. Мага көз айнекчен, ак көңүл абышка элестеп жүрсө, сен башкача болуп чыктың: бүгүнкү күндө кандай болсоң, так ошондой мезгил изин калтырбас, түбөлүк жаш болуп көрүндүң. Кийгениң спорт бычымындагы ачык күрөң жакшынакай костюм экен. Эки тепкичтен бир аттап, балача жеңил гана жүгүрүп чыктың. Шляпаң колуңда эле, жарык бешенеңден жарашыктуу чачыңдан көзүмдү албай таңданып да, негедир кубанып да турдум. Гүлгүн жаш сүйкүм өңүңдү, сындуу сымбатыңды, келишимдүү жасана кийингениңди карап туруп, аң-таң боло калтаарып кеттим. Баарынан да биринчи эле көрөрүм менен табиятыңдын эки ачалыгын сездим: тан-тамашага, жүрүштүккө берилчек, ышкыбоз, жалындуу жигит экениңди жана көп окуп, көптү билген билимдүү, өз ишине дайым тыкан, салабаттуу, токтоо, кыраакы адам экениңди байкадым. Жарык бети дүйнөгө ачык, караңгы бети жалгыз өзүңө гана белгилүү болгон эки жактуу турмушуңду мен туюк сездим, бирок ачык түшүнбөдүм. Бул бөтөнчөлүгүңдү башкалар да сезишер эле. Ошентип, он үч жашар менин башымды айландырып койгонсуп, ошондо эле сага бой сундум, турмушуңдун табиятыңдын алигидей купуя сырын сездим.

О, кымбатым, он үчтөгү мага сен таңыркаткан укмуш, куштар кылып кумарланткан табышмак элең. Китеп жазат экен, тиги төрөлөрдүн, улуктардын чөйрөсүндө даңкы бар экен деп көрүнбөй жатып бизден кадыр-барк тапкан сен, баладай шайыр, тамшантарлык сымбаттуу, жыйырма бештеги жаш жигит экендигиң кимди таң калтырбасын да, кимди суктандырбасын! Ошол күндөн тартып мени үйдө болсун, тышта болсун сенден башка эч нерсе кызыктырбай, жалгыз сенин элесиңден кубат алып, көлөкөңө куштар болуп жашап калганымды айтып отуруунун зарылдыгы жоктур. Өзүңө, жүргөн-турганыңа, жоругуңа, жолдош-жоро тааныштарыңа назар салам. Бирок анын баары ынтызарлыгымы бөксөртпөстөн кайра ого бетер күчөттү, анткени үйүңө келип-кеткендердин ар түрдүүлүгү да табиятыңдын эки жактуулугун айгинелеп турчу. Жолдош жигиттериң (алар менен шатыра-шатман жүрөр элең) самтыр кийимчен студенттер, автомобилге түшүп айым-бегимдер келер эле. Бир күнү опера театрынын директору келди. Ал атактуу дирижёрду мен бир жолу пультта турганыңда алыстан ызаат менен карап, таанып калган элем. Сеникине соода окуу жайындагы жаш кыздар да келишчү, алар кысынып-уялып үйүңө жылт кирип кеткиче шашар эле. Деги аялдар сага көп келишчү. Бир күнү эртең менен мектепке баратканымда үйүңөн чүмбөттүү бир аял чыкканын көрдүм. Бирок эчтемени эрен алган эмесмин. Анда он үчтө гана болучумун. Сага куштар кылып артыңдан аңдыткан ынтызарлыгым жүрөгүмдө жаралган сүйүү экенин кайдан билейин.

Бирок жаным, сага түбөлүк багынган күнүм саатынан бери азыр да эсимде. Бирге окуган мектептеш курбум экөөбүз сейилдеп басып келип, эшик алдында сүйлөшүп турган элек. Аңгыча автомобиль келип токтоду. Сен жерге ыргып түштүң да, подъездди көздөй бет алдың. Ушул шамдагайлыгың, чапчаңдыгың мага алиге чейин сүйкүм! Негедир мен эшик ача койдум, экөөбүз беттеше түштүк. Жүрөгүмдү керимсел сылап өткөндөй болду. Мени эркелеткендей күлмүңдөгөн көз карашыңа чүмкөдүң да, анан сүйкүм жылмайып, ооба, сүйкүм жылмайып, кандайдыр берилгендик менен акырын гана: «Чоң ыракмат, фрейлейн» — дедиң.

Болгону ушул гана сүйгөнүм. Бирок ошол күлмүңдөгөн көз карашыңа чүмкөлгөн мүнөттөн тартып мен сага ашык болдум. Ырас, бул имерип алгыч, кумарланткыч көз караш, бул кучактап, азгыргыч жана ошол эле учурда жылаңачтагыч көз караш жаратылышында бузулган азгыргычтын көз карашы экенин жана сен бул көз карашына дуушар болгон, дүкөнчү болобу, алдыңан эшик ачкан горничная болобу — көрүнгөн аялга тартуу кыла берериңди кийинчерээк билдим; бул көз караш же көңүл түшүп, куштар болгондукту, же жөн эле кызыгып назар салгандыкты билдирбей тургандыгын, бирок көрүнгөн аялга беттеген сүйкүмүн ага жылуу-жумшак таасир кошорун түшүндүм. Ал кезде он үчтө элем, мындайыңы кайдан билейин. Ошон үчүн сенин алигидей сүйкүмүң жалгыз мага арналгандай сезилип, бүткөн боюм өрт алгандай болду. Мына ошол мүнөттө эселек кыздын жүрөгүндө аялдын сезими ойгонду да, ал жүрөк түбөлүк сен деп кагып калды.

«Ал ким?» – деп сурады курбум. Мен жооп таба албай мукактана түштүм. Ушул көз ирмем убакыттын ичинде сенин атың мен үчүн ыйык, жүрөгүмдүн купуя сыры болуп калганын билдим, ошол себептүү атыңы атай албадым. «Биз турган имаратта жашаган бир господин да» –деп күңк этип жөн болдум. Балдардын шылдыңы чычалаткыч келет эмеспи, курбум да: «Эмне үчүн ал тиктегенде кызарып кеттиң!» – деди. Табалап шылдыңдагандыктан мен ого бетер кызардым. Уятыма чыдабай: «Жинди экенсиң» — деп корс эттим туталанып. Ал түгүл колуман келсе муунткум келип кетти. Курбум ого бетер шылдыңдап каткыра күлдү. Ызаланып көзүмө жаш тегерене түштү. Ал кызды таштап, жогору жүгүрүп кеттим.

Ошондон баштап сени сүйүп калдым. Ырас, аялдардын алпечинде жүргөн сага бул сөз жаңылык эмес, мындайдын далайын уккандырсың. Бирок ишенсең менчелик ашык болуп, ушунчалык берилип сүйгөн жан жоктур. Сен дегенде мен коркок-билиш болчумун, ошондо эле өзүмдү сага бергемин жана ошо бойдон кала бердим. Жаш кыздын купуя сактаган жашырын махабатына ааламда эмне теңдеше алат? Эч нерсе! Ал махабат жан кыйгандык, күңдөн бетер үнсүз-тилсиз багынып, ошончолук үмүтсүз жана ичтен гана туталанып, ошончолук бекем, ошончолук тунук. Делебени козгоп, жан жыргалына жутунткан аялдын махабаты да жаш кыздын махабатына тең келе албайт. Сырдашы жок жалгыз жүргөн бала гана махабатын жүрөгүндө катып жүрөт. Башкалар ичтеги буулуктурган сырларын бөлөк бирөөлөргө ишенип айта берип, өз махабатын баалабайт, жалынын суутуп жок кылат. Алар сүйүү жөнүндө көп угушкан, көп окушкан, алар сүйүүнү ар кимдин башындагы иш деп түшүнөт. Алар сүйүүнү оюнчук көрүшөт, биринчи ирет чылым тарткан баладай мактанышат. Бирок мен… сырдашар ынагым жок, дасыбаган мен шордууга акыл айтып, жол көрсөтөр ай дээр ажам, кой дээр кожом болбоду. Караңгы орго кулагандай келечек тагдырыма боюмду таштадым. Жүрөгүм сен деп согуп, акыл-эсим сага чырмалып, кыялым көлөкөң сыңары ар качан артыңан ээрчип калды… Атамдын өлгөнүнө көп болгон, үй тиричиликтин түйшүгүнө тебеленген пенсия менен оокат кылган убайымдуу апам мага жат сыяктанат. Жаштайынан бузулган курбуларым мени чөйрөсүнө жуутпайт, өзүм да алардан оолак жүрөм, анткени мен үчүн эң ыйык болгон кумардануу сезими аларга оюнчук сыяктуу. Көп адамдардын сүйүү сезими буудай тарап, кумдай чачылат. Мен болсом жүрөгүмө сыйбай ашып- ташып сыртка жулкунган кенчимди бүт бойдон сага арнагам. Мен үчүн сен ким болгонуңду кантип гана түшүндүрөм! Теңдеш эчтеме жок, жөн айтканда, сен мага мүлдө аалам, бүт өмүрүм болдуң. Сага байланышы бар нерсе гана мага маанилүү, жандуу, кызыктуу болуп, башка эчтеме көзүмө көрүнчү эмес. Бир калыпта өткөргөн турмушумду буздуң да, ташкындатып жаңы нукка бурдуң. Мурда окууга көңүл кош, эчтемеге жөндөмү жок мен бат эле окуучулардын алдына чыктым. Китепти сен жакшы көрөт эмессиңби, ошол үчүн түн ортосуна чейин баш көтөрбөй жүздөгөн китептерди окуп чыктым. Сен музыканы жакшы көрчүдөй сыяктангансың, мен да эрегишкендей роялды үйрөнө баштадым. Апам таң калат. Сенин көзүңө тыкан, жакшынакай болуп көрүнөйүн деп, көйнөктөрүмдү сөгүп кайра бычып жарашыктуу кылып тигип кийдим. Апамдын үйдө кийүүчү көйнөгүн алжапкыч кылып мектепке кийип жүрдүм. Ошол алжапкычымда төрт чарчы келген жамаачы бар эле, көзүң чалып калып, жаман көрүп калат го деп коркчумун, ошондуктан ар качан тепкичтен чыгып келатканда алжапкычымдын жамаачылуу жерин сумкам менен далдалап алчумун. Ошентем да, кокус көрүп коёбу деп, үйгө киргиче шашам. Эми ойлосом балалыгым экен, анткени сен мени таптакыр карап да койчу эмессиң.

Анткен менен эртеден керели-кечке күткөнүм, аңдыганым сен элең. Эшигибизде сары жез менен алкактаган айнектүү көзөнөк болор эле. Көзөнөктөн сенин эшигиң көрүнөт. Ошол көзөнөк мен үчүн дүйнө көрсөткөн терезе сыңары. Бул кылыгыма күлөрсүң, жок, күлбө, жаным, мен ал жиндилигиме азыр да уялбайм. Ал кезде мен ар күнү китеп окумуш болуп, апам шек алып калабы деп коркконума карабастан суук далисте көзүмдү албай отурар элем. Ал олтурушумда толгоп тарткан кылдай чыңалам, кокус сен көрүнсөң чертилгендей дирилдейм. Ар дайым сени күткөндө менде чыдам жок, калтырайм, титирейм, тиштенем. Бирок сен саат пружинасынын канчалык чыңала буралганын байкабаган сыяктуу мени да элес алчу эмессиң. Саатың чөнтөгүңдүн караңгы түбүндө, өмүрүңдүн күндөрүн чарчабастан эсептеп жүрөгүң каккан сайын ал да чык-чык этип ар дайым өзүң менен бир жүрөт. Нечен миң секунд өткөндөн кийин гана аны бир карайсың. Сенин ар бир кылык-жоругуң, ар бир галстугуң, ар бир костюмуң — баары мага белгилүү, баары мага таанымал болду. Акырындап тааныштарыңды да ажырата баштадым: Кээ бирөөлөрү жакчу, кээ бирөөлөрүн жактырчу эмесмин. Он үчтөн он алтыга чыкканчакты мезгилде сенсиз жашаган, сени ойлобой, сени аңдыбай өткөргөн бир саат учурум болгон жок. Анан дагы кандай гана жиндиликтерди кылбадым! Колуң тийген эшиктин туткасын өпчү элем, эрдиң тийген деп ыйык көрүп, кире беришке тапталган чылымыңдын калдыгын алчумун. Бирдемени шылтооломуш болуп күн сайын кеч киргенде көчөгө жүгүрүп чыгар элем. Чыккандагы максатым кайсы? Кайсы бөлмөңдүн терезеси жарык экенин көрүү, ошерде олтурганыңды элестетип, белгисиз демиңе толкундануу. Сен бир жакка кетип жатканыңда байкуш Иоганн сары чемоданыңды төмөн алып түшүп баратканын көрүп, бүткөн боюм дүркүрөчү. Сен жок ошол апталарда жүрөгүм кошо кеткендей жашоом максатсыз, кызыгы жок болуп калчу. Зеригип-талып, сиркем суу көтөрбөй кабак түйүп, тултуюп, тиги бурчтан бул бурчка аркы-терки басам, ыйлагандан кызарган көзүмдү апам көрүп, кайгыман шек алып калбаса экен дейм.

Ырас, мен сага качанкы балалык эселектигимди айтып отурам. Аларды айтуунун ордуна уялсам болор эле, бирок мага уят эмес. Анткени сен деген жүрөгүм, махабатым тентек кыялдуу ал чагымдагыдай эч качан тунук, жалындуу болгон эмес. Ал кездеги сүйүүмдү саат санап. күндөп-түндөп айтсам да бүтпөс. Ооба, сени ошончолук сүйгөм, жаным, а сен болсоң мени сыртыман араң таануучусуң. Тепкичте кокус сага бетме-бет келе калып кетенчиктерге жер тар болсо, өрттөн качып, сууга боюн таштаган жандай балбылдаган көз карашыңдан коркуп башымды төмөн салган бойдон шып этип өтүп кетер элем.

Качанкы өткөн жылдардын бул окуяларын өмүрүңдүн төрт мезгили сыңары алдыңа жайып, күндүр-түндүр чарчабай баяндасам болор эле, бирок сени тажатпайын… Бала чагымдагы эң бир сонун окуяны айтайын, ошондогу тунук сезимдеримден бөлүштүрөйүн, маанисиз болуп көрүнсө, күлбө, жаным, суранам — мен үчүн андан маанилүү, андан кымбат эчтеме жок. Жекшемби күн болсо керек эле. Мындай окуя болду. Сен бир жакка кеткенсиң. Иоганның оор килемдерди сыртка күбүп келип, квартираңа киргизе албай кыйналып жатыптыр. Обол батына албай турдум да, анан чымырканып жакын барып, жардамдашсам кантет деп сурадым. Иоганн таңыркай карады да, макул болду. Ошентип, сенин дүйнөңө-бөлмөңө кирдим. Оо, ошондогу абалымды сага айтып жеткире алсам, кана!.. Бейишке киргенде да анчалык калтаарып ызаат кылып, жадырап кубанып таалайтпасмын. Дайым иштеп жүргөн столуңду, анын үстүндөгү гүл салынган хрусталь вазаны, шкафтарыңды, сүрөттөрүңдү, китептериңди көрдүм. Уурданып алдыртан сенин турмушуңду көрдүм. Баскан изине башка бирөөнүн колун тийгизгиси келбеген Иоганның үй  ичиңди бүт көрүп чытууга уруксат бермек эмес. Бирок ушул бир короо да мага жетишерлик болду: сен дем алган абада жутагансып дем алдым. Уктасам түшүмдө, ойгонсом өңүмдө көрүп жүрүүгө элес алдым, көңүл жооткотууга эрмек таптым, учкул кыялыма жаңы кубат, жаңы дем коштум.

Ошол бир мүнөт убакыт бала чагымдын эң бактылуу учуру. Аны айткан себебим — мени тааныбаган сен соолуп куураганча өзүң деп жүрүп өмүрүмдү өткөргөнүмдү билсин дегеним. Бактылуу ал учурдан кийин болгон дагы бир учурду айтмакчымын. Оо, ал учур бакты-таалайымды жүрөгүмдөн сууруп кетти. Ал учур ырайымсыз азаптуу болду. Сен деп жүрүп, башка бирөө түгүл апама да көңүл бурбай кеткенимди айтпадымды. Апамдын алыскы тууганы жашап эле калган бир господин Инсбруктан келген коммерсант кийинки күндөрдө биздикине кеп келчү болду, улам келген сайын сүйлөшүп көпкө отуруп жүргөнүн элес албапмын. Тескерисинче, анын келиши мага жакчу. Анткени ал кээде апамды театрга чакырып кетчү. Мен үйдө жалгыз калганымда да, эркимче ойго батам, карааныңды аңдыйм — мен үчүн, мындан артык, мындан башка ыракат-жыргал жок. Бирок бир күнү апам кандайдыр пейил күткөн кейипте мени өз бөлмөсүнө чакырды, жай отуруп сүйлөшмөк болду. Чын эле шектенип калганбы деп, каным ичиме тартылып, жүрөгүм алкымыма кептелди. Турмушка мени туташтырып турган сырымды — сени билип калдыбы деп корктум. Бирок апамдын ою бир жерде болбой, башы маң экен. Деги эле эч качан өппөгөн апам мени ошондо эки кайта өптү да, диванга жанына алып олтурду. Анын алиги аялы өлгөн бай тууганы ага баш кошолу деп сөз айтканын, апам анын сөзүнө мен үчүн гана макул болгонун айтты. Жүрөгүм дикилдеп, оюмда сен турдуң. «Анан ушерде эле калабызбы?» — дедим араңдан зорго. «Жок, Инсбрукка көчүп кетебиз. Аерде Фердинанддын кооз вилласы бар…» Башка эчтеме уккан жокмун, көңүлүм караңгылап кетти. Эстен танып калганымды кийин билдим — биз сүйлөшүп отурганда өгөй атам каалганын далдаасында турган экен. Көзүмдү ачсам, апам ага: «…теңселе түшүп, кулачын жая үстөмөнүнөн шалак этип жыгылып кетти» – деп күбүрөп айтып жатканын уктум. Ошондон кийинки күндөрдөгү абалымды жазууга дарманым жок: жардамсыз жалгыз жаш жаным бөтөн күчкө каршылык көрсөтө албай тырпырады. Аны азыр ойлосом да колумдагы калем сабым титирейт. Жүрөк сырымды эч кимге айтпай өз жанымды өзүм кыйнап, тымпыйып жүргөнүмдү башкалар өжөрлүк, ичтен туталангандык, өз дегенин бербеген кежирлик деп ойлошуптур. Мага акыл салган эч ким болбоду, бардык иш менсиз бүтүп жатты. Дайым мен мектепке кеткенде көчүүнүн камын көрүшөт. Ар күнү мектептен келсем, үйдө бир буюм кем, же сатылган же жөнөтүлгөн болуп чыгат. Көз алдымда үйүбүз аңгырап баратты, ажайып күнүм боз чалып, соолуй баштадым. Бир жолу түштө келип, жүк жүктөп жатышканын көрдүм. Үйдөгү мебелди бүт чыгарып коюшуптур. Ээн калган бөлмөлөрдө ичи жык толтурулган чемодандар, апам экөөбүзгө эки керебет калыптыр. Бул үйгө акыркы жолу бир түнөп, эртеси Инсбрукка көчмөк болуппуз.

Сенден алыс жашай албастыгым ушул акыркы күнү бөтөнчө катуу сезилди. Жардам издеп өзүңдөн башка кимге бармакмын? Оюм чаржайыт эле, деги ошол сааттарда жөндүүрөөк ойлоого жарамдуу белем? Андаймын деп айталбайм. Эмне экенимди билбейм, апам кай жаккадыр кетип калды, мектепке кийип барган кийимим менен сеникине бет алдым. Жок, мен анда өзүм басып барбадым, башка бир күч эшигиңе түртүп баратты. Калтырап-титиреп араң бут шилтейм. Кандай ой менен баратканымды билбейм деп айтпадымбы. Бул алдыңа тизе бүгүп жыгылып отуң менен кирип, күлүң менен чыгайын, күң кылсаң да мени алып кал деп жалынмакмынбы?.. Он беш жашар кыздын антип жүгөнсүз кыялга мас болгонуна күлөрсүң. Бирок ошондо суук аянтчада дирилдеп, кадам шилтей албай коркуп турганымды, антсе да көз көргүс, акыл жеткис күчтүн түрткүсүндө сага баратканымды көрсөң; денемден жулуп алып жаткансып, калтыраган колумду араңдан зорго жогору көтөргөнүмдү өзүмдү өзүм зордоп-кыйнап коңгуроонун кнопкасын басканымды көрсөң, күлбөс элең, сүйгөнүм. Оо, ал учур үч-төрт секундга гана созулса да мага өтпөс узак убакыт, азаптуу кыйын күрөш болду. Коңгуроонун чыр эткен ачуу үнү азыр да кулагыма угулуп турат. Коңгуроодон кийин кулак-мурунду кескендей жымжырт боло түштү. Жүрөгүмдүн кагышы, канымдын жүрүшү токтоп, сенин басканың угулабы деп калтаарып кулак төшөдүм.

Бирок сен чыккан жоксуң. Эч ким чыкпады. Сен үйүңдө жок болсоң керек, Иоганн базарга кеткен окшойт. Бутумдун учу менен уурдана басып, аңгырап ээн калган квартирабызга кайра кирдим да, бир таңылчактын үстүнө жыгылдым. Наати төрт кадам жер басканга калың жарды малтап, нечен саат узак жол жүргөндөй чарчадым. Бирок ошентип алсырап жатсам да, тигилер мени алып кете электе сага жолугуп, сүйлөшүп калайын деген чечкиндүү ой көкүрөгүмдөн кетпеди. Ишенип кой, ал оюмдун тазалыгына, ага жан жыргалын эңсеткен эч кандай булганыч сезим аралашпагандыгына карганып, касам ич десең да качпайм. Ал кезде менде кайдагы сезим, сени көрсөм жабышкактай жабышып-жалбарсам дегенден башка эч оюм жок. Ошол коркунучтуу узун түндө таң атканча сени күттүм. Апам төшөгүнө жатып уктары менен жылт оозгу бөлмөгө чыктым да, келишиңди күтүп тыңшап отурдум. Январдын аяздуу түнүндө таңды таң атканча кирпиктүү көзүм какпадым. Тырп этерге алым калбады, бүткөн боюм сыздап ооруйт. Отурарга орундук жок, каалганын таман алдынан ырылдаган суук желге капталып, муздак полду кучактай үстөмөнүмөн сулап жаттым. Үстүмдө жука жалаң көйнөк, кайгыга күйүп жатканым муздак пол. Жылынып уктап кетпейин, дабышыңды туйбай калбайын деп жамынчы алган эмесмин. Бүткөн боюм зыркырайт, бүрүшүп колум калчылдап өйдө тура калам, кайра жатам. Ошентип, ошол азаптуу караңгы түндө жаман кыйналдым, бирок күттүм сени. Күтө бердим… Өз таалайымды да ал түнү сени күткөнчөлүк күткөн эместирмин.

Акыры, таңга маал саат эки же үч ченде төмөндөн чоң дарбаза ачылгандай болду да, анан тепкичтен чыгып келаткан дабыш угулду. Суукта титиреп отурсам да, денеми өрт алгандай боло түштүм. Алдыңан чыга калып, бутуңа жыгылайын деп каалганы кыңайта ачып койдум… Эси жок жаным, анда эчтемеден кайра тартпас абалда элем. Дабыш жакын келип, шамдын жалыны жылт этти. Боюмду токтото албай калчылдап, каалганын туткасына жармаштым. Сенби, же?..

Ооба, сен экенсиң, жаным. Бирок жалгыз эмес экенсиң. Жибек көйнөктүн шуудурагын, шыңк эткен ойнок күлкү, бас чыккан сенин коңур үнүң угулду, үйүңө бир аял менен келатыпсың.

Ошол түнү кандай гана азапты тартпадым. Эртеси эртең менен саат сегизде мени Инсбрукка алып кетишти. Аларга каршылашар алым калган эмес.

Өткөн түнү балам өлдү. Алдыда көрөр күн, ичер суу болсо дагы жалгыз калдым. Эртең кара кийинген чоочун сөлдөйгөн кишилер келет. Ала келишкен табытка жалгызымды жаткырышат. Жакшы санаалаш жолдош-жоролор да болор, гүл ала келишер. Бирок табытка коюлуучу гүлдүн эмнеси сонун, эмнеси жакшы? Менин көңүлүмдү жубатып кайрат айтышар, кайрат… Ооба, куру сөз… Бирок алардын мага кандай жардамы тиет? Тарап кетишет, анан мен шордуу жападан- жалгыз калам. Эл ичинде жалгыздыктан жаман эмне бар. Мен муну баягы Инсбрукта жашагандагы узак көрүнгөн эки жыл ичинде эле сезгем. Аерге көчүп барганыбызда он алтыга толгом. Ал жылдары өз үйүмдө жашасам да камакта отургансып, элден чыгып калганмын. Мүнөзүнүн түнттүгү жана момундугу бу чөлкөмдө жок өгөй атам мени менен жакшы мамиледе болучу. Апам болсо кылмышын актай албаган күнөөкөрдөн бетер алды-артыма чыгып, үйрүлүп оюм менен болду. Боз балдар артыман калбай тегеректешет, бирок эч кимисин жаныма жуутпадым, өжөрлөнүп көгөрүп өзүмөн алыстаттым. Сенден алыста жүрүп бактылуу болууну каалабадым, өзүмө өзүм азап тилеп, жалгыздыктын караңгы туюгунда тумчугуп жок болоюн дегем. Мага арнап сатып келишкен жаңы кийимдерди кийбейм: концерттерге, театрга, же шайыр топко кошулуп шаар сыртына сейилге барбайм. Үйдөн көп чыкпайм. Ишенесиңби, жаным, эки жыл жашаган ошол шаардын он көчөсүн ажырата билбейм. Сага жетпейм, алысмын, көрбөйм, андай болгон соң мага күлкү-шаттыктын кереги эмне. Кайгы тартам, кайгы тилейм, өз канымды улам оор азапка салгым келет. Ага кошумча эч ким мени оюмдан алагды кылбаса экен деп тилөөчүмүн, сен деп зар какшап жүрүп өтсөм дейм.

Бүт оюмду жалгыз сен ээлеп, эртеден керели-кечке үйдө отурам. Сени жолуктурган күндөрдү, зарыгып күткөн сааттарды, сага байланыштуу сандаган майда-чүйдө элестерди бүт терип эсиме салып, кайра-кайра көз алдыма келтирем. Өткөн күндөрүмдүн ар бир мүнөтү ошентип сансыз кайталанып көз алдыма келе бериши жаш чагымды бүт бир жарык элеске топтоду. Качанкы учкан ар бир мүнөт кече гана өткөндөй делебеми козгойт, өчө электей ысык табы сезилип, жүрөгүм зырп этет.

Сени ойлобой жашаган бир күнүм жок. Сенде болгон китептердин баарын сатып алдым. Кокус газетадан фамилияңды көрсөм, ал күн мен үчүн майрам. Китептериңдин ар бир сабын жатка билем десем ишенер белең? Анткени көп кайталап окуур элем. Эгер түндө бирөө ойготуп, китептин бир жерин окуп бер десе, азыр да, арадан он үч жыл өтсө да жаңылбастан улантып кетер элем. Китебиңдеги ар бир сөзүң мага дубадан ыйык эле. Менин жашоом бир гана сага байланыштуу.

Венанын газеталарын карап отуруп, концерттерди, премьераларды окуганда кайсынысы сага жагар экен деп издечүмүн да, кеч киргенде сени кыялым менен узатып, кайсы залга кирериңди, каерге отурарыңды көз алдыма элестетер элем. Муну кыялымда нечен кайталачумун, анткени сени концерттен өмүрүмдө бир эле жолу көргөм.

Ай, шордуу жаным ай, ал жападан-жалгыз жаш кыздын ээликсе каны күйүп, жүрөгү токтой калчу үмүтсүз, кайгылуу кыял-жоруктарын эмнеге айтып отурам? Эч качан сезбеген, билбеген кишиге акын баарын айтканда эмне? Баса, ал кезде мен чын эле бойго жете элек белем? Он жетиге толдум, анан он сегизге аттадым. Көчөгө чыксам, бозойлор сыртыман көз салышчу. Ага кыжырым кайнайт, себеби сен эмес, бөлөктү сүйүү, же жөн эле ойлоо мен үчүн эч мүмкүн эместей, акылга жеткис жат, атүгүл, кичине эле азгырылуу да тунук сүйүүмдү төшкө тепкендей болуп көрүнөт. Сени сүйгөндөн танбадым. Бирок денемде ал сүйүү башкача боло баштады: жаңы сезим ойгонду, ал сезим алоолоп күч алып, жан жыргалын эңсеткен аялдык сезимге айланды. Ошентип бир кезде өзүнө түшүнүксүз күңүрт максатка ээрчип, эшигиңдин коңгуроосун каккан кичинекей кызга эми үч уктаса түшүнө кирбеген эңсөө пайда болду: өзүмдү өзүңө тартуу кылсам, тумсак денемдин жалынын сага берсем деген ой бирден бир максатым, кумарым болуп калды.

Жүрөгүмдүн тереңинде кандай сыр жатканын, тиштенип аны эч жанга айтпай жүргөнүмдү билишпей, тегеректегилер мени жалтак өскөк, жүүнү бош неме дешчү. Бирок темирдей болуп чыйрак боло бердим. Венага бир барсам, сага жетсем!.. дегенге эки көзүм төрт, бардык оюм, тилегим ушул. Башкаларга бул жоругум түшүнүксүз болуп, акылсыздыктай көрүндү, бирок мен айтканыман кайтпадым. Өгөй атам байлыкка бакубат эле, мени өз кызындай көрчү. Бирок мен өз жанымды өзүм баккым келет деп көгөрүп туруп алган соң алар да акырында макул болушту. Мени Венадагы тууганына жиберишти. Ал кишинин тигилүү кийим сатылуучу дүкөнүндө сатуучу болуп иштемей болдум.

Күздүн тумандуу кечинде самаган Венага келип түшүп, эң оболу кайда бет алды дейсиң? Чемоданымды вокзалга таштап, трамвайга ыргып түштүм. Тушап койгонсуп, трамвайдын жай жүргөнүн кантейин, ар токтогону жылдай созулганычы… Оо, жаным, сен аны билсең кана! Акыры тааныш үйдүн түбүнө жеттим. Терезелерин, жарык турганын көргөндө жүрөгүмдүн зырпылдаганы ай!.. Мына ошондо гана өмүрүмдүн күнү, сен жанымда экениңди сезгенимде гана мага жан кирди, ошондо гана өтө ызы-чууга толгон бөтөн шаар кыймылга келип, көзүмө көрүндү. Ооба, ошентти… Экөөбүздү жарык төгүлгөн жука айнек гана бөлүп турду. Бирок сен үчүн мен мурунку Инсбрукта жашаганымдагыдай эле «көз көргүс, үн жеткис» алыста экенимди, мурункудай эле белгисиз, бейтааныш экенимди кайдан билипмин. Терезеңен көзүм өтүп, кыялымда: «жүрөгүмө чок салгандын үйү, терезесинен жарык көрүнүп турат, менин сүйгөнүм» — деп жалдырай тиктеп тура бердим… тура бердим. Эки жыл бою эңсеген бул мүнөттү, мына тагдырым эми берди.

Туман баскан ошол кечти терезеңдин түбүндө өткөрдүм. Чырагың өчкөндөн кийин гана алиги туугандарымды издеп жөнөдүм.

Ар күнү кечинде үйүңдүн жанынан кетпейм. Саат алтыга чейин дүкөндөн бошобойм: иште тыным жок, бирок сары санаадан анча- мынча алагды кылганы жагат. Иш бүтүп, темир пардалар калдыр этип жабылары менен сүйгөн жериме жүгүрөм. Сени бир көрсөм, бир эле жолуксам — максатым ушул гана. Жок дегенде алыстан эле жүзүңдү дагы бир көрсөм дегенде эки көзүм төрт. Бул тилегим бир аптадан соң ишке ашты — сени көрдүм. Бирок ал жолугушуу такыр күтпөгөн жерден болду: терезеңден көз албай турсам, сен көчөнү кесип өтүп келатыпсың, капилеттен көрүп калдым. Ошол замат он үч жаштагы кезимдегидей боло түштүм: көңүл буруп караганыңды бир көрсөм деп жүргөн жаным, кызарып-татарып башымды жерге салып, куугунга илинген немече жаныңдан жылт коюп жүгүрүп өтүп кеттим. Гимназиянын кыздарынча коркуп качып кеткениме кийин бетим чымырады. Жолуксам деп атайы издеп, сары санаа убайымдын зары ууктурган ушул эки жылдан кийин эми тааныса, көңүлү бурулуп сүйүп калса деп ушунчалык көксөп келбедим беле!

Венанын кара шамалына кайыгып, ар күнү кечте үйүңдү айланчыктап көп жүрчү болдум. Бирок сен көпкө чейин мага назар салбадың. Үйүңдөн жалгыз чыкпай, далай жолу зарыгып күткөнүм бекер кетти. Аял менен жүргөнүңдү эки жолу көрүп, өзүмдүн бойго жетип калганымды сен деген сүйүүмө кандайдыр жаңы сезим кошулганын чындап билдим. Ык сала кыналып, деги эле эчтемени кенебей колтугуңда көңүлү чак бараткан аялды көргөндө жүрөгүмө чагылган тийип, көөдөнүмдү жара чаап кеткендей болдум. Сага аялдардын көп келерин жашыман билем да, ошол үчүн азыркы көргөнүмө таң калбадым, бирок денем жыйрылып, жүрөгүм зырпылдады. Бөтөн аял менен бир төшөктө эзилишкениң көз алдыма тартылып, экөөңү тең жек көрдүм жана кызганып турдум. Балалык намыскөйлүк менен (балким, ал намыскөйлүк менде азыр да бардыр) туталанып, кекенип, терезеңдин түбүнө бир күнү барбай койдум. Бирок кежирленип-тултуңдап бош кетирген ал кечтин өтүшү тозок болду. Чыдай албадым, мага жабык турмушуңдун босогосунда өмүр бою күтүп жүргөнүмдөй эртеси эле терезеңдин түбүндө турдум.

Акыры көксөгөн күнүм келди. Сен мени көрдүң. Келатканыңды алыстан көрүп, дагы качып кетпеске чымырканып өз боюмду өзүм токтотуп турдум. Жүк түшүрүлүп жаткан фургон жолуңду бөгөп, сен аны айлана так менин жанымдан өтмөй болдуң. Өтүп баратып обол кайдыгер бир карадың. Бирок менин тиштенип турганымды байкадың окшойт, көз карашың дароо өзгөрүлдү — ойлосом азыр да тула боюм дүркүрөйт, сен антип аялды гана кароочусуң. Жаштайымда дилимдеги ыйык сүйүүнү, денемдеги аялдык сезимди ойготкон, жүрөктү элжиреткен, сылап-сыйпап эркелеткен, бооруна кыскан, эстен тандырган так ушул сыйкырдуу көз карашың эмеспи. Бир тынымга тике карадың да, өтө бердиң. Мен да сенден көзүмдү албадым. Жүрөгүм көөдөнүмө батпай дүкүлдөп жайыраак басып эриксизден артыма бурулсам, сен да токтоп мени карап турупсуң. Ушул кызыга карашыңдан эле мени тааныбаганыңды билдим. Ооба, тааныбадың…

Ошо бойдон сен мени эч качан тааныбадың. Ошол мүнөттөгү тарткан азабымды айтып жеткизүүгө сөз жок, сүйгөнүм! Тагдырым бешенеме эмнени жазганын мен ошондо гана билбедимби. Мына, бир жыргал көрбөстөн бүт өмүрүмдү үмүтсүз өткөрүп, бир сүйгөнүм сага таанылбастан өлүп баратам. Жүрөгүмдөгү кайгыны кандай сөз менен сага жеткирем!.. Инсбрукта жашаган эки жылдын бир мүнөтү да сенсиз өткөн эмес. Эртеден керели-кечке оюмда сен болуп, көз алдыма Венада болор жолугушуу бирде таттуу, бирде кайгылуу элестээр эле. Оюм онго бөлүнүп, чынын айтканда, санаам менен ыракатка батчумун. Кээде тагдырыма наалып отурганда, уйгактай жабышып жадаткан, ажарсыз менден жаа боюндай алыс качасың. Кээде кыялым менен сени кучактап отуруп, мага кайдыгерлигиңди, боюңду жыйрып мени жактырбаган себептериңди талдаар элем. Бирок бүт үмүтүм үзүлүп, сенин теңиң эместигиме көзүм жетип, карайлаган убагымда сен мени такыр тааныбай коёт деп эч ойлогон эмесмин. Эркектин көзүнө кыздын же аялдын жүзүнөн бирде кумарланган ынтызарлык, бирде сүйкүм балалык, бирде чарчагандык чагылышып көрүнүп турган күзгүдөй миң кубулуп өзгөрүлөт тура, мен эми гана билдим, муну сен үйрөттүң. Аялдын ажары бирде ойноктоп жаш көрүнүп, бирде иренжитип карт көрүнүп, жаңы кийим кийип жасанса, кызыктырып көрктөнүп, эркектин көз алдынан закым сымал өтө берип, өткөнү эсте калбай бат унутулат экен. Муну тагдырына багынган аял гана билет. Башта мен жаш элем, сенин мынчалык унутчаактыгыңдын себебине акылым жетпеген. Сүйүүмдүн күчүн ушундан бил, мен аз жерден жинди болуп кете жаздадым. Сен да мага окшоп далай эстейт го, күйөт го деп ойлочумун. Болбосо мени такыр капарыңа албасыңды билсем, жер үстүндө бир күн турмакмынбы! Бу дүйнөдө мен бармынбы, жокмунбу — билгиң келбейт окшойт; ортобузда кылдай байланыш жок сыяктуу мен сага чоочун турбаймынбы, сенин көз карашың боюнча ушундай экен да. Тилегимдин таш капканын мына ушунда биринчи жолу билдим, келечектин караңгы оруна куладым…

Ошентип, сен мени тааныбадың. Эки күн өткөн соң ошол эле жерден дагы кезиктик. Бу жолу сен бүшүркөй карадың. Бирок ошондо да жүрөгүнө өзүң от салган, сени сүйгөн кызды эмес, мурдагы күнү ушерде кезиккен он сегиздеги жылдызы ысык, ай жамалдуу кызды бүшүркөдүң. Саал таңыркап, күлмүңдөй карадың. Бу жолу да жандап өтө берип, аста бастың. Мен калтаарып да, кубанып да, сүйлөшсө экен деп Кудайга жалынып турдум. Турмушта биринчи жолу мага назарың түшкөнүн көрдүм. Качкым келбеди, аярлай бастым. Аңгыча артыман жакындап келатканыңды туйдум. Мага арналган үнүңдү биринчи жолу угарымды билип ичимен кубандым. Токтоор мүнөттө апкаарып, бүткөн боюм шал болгондой чымырап, жүрөгүм лакылдап, жай басып калганымда жете келдиң. Сөздү баштаганда эле эски достор сыяктуу эркин сүйлөп кирдиң: — О, мени тааныган жоксуң, кайдан көрдүм эле деп бүшүркөгөн да жоксуң! Эч кысылбай эркин, жайдары, сүйкүм, суктанта сүйлөгөнүңөн улам мен да кысталбай жооп кайтардым. Экөөбүз катар басып көчөнүн аягына чыкканыбызда: «Бирге тамактанып алсак кантет?» – деп сурадың. Макул болбогондочу: «Мейли» – дедим. Эмне сурасаң да мен кантип макул болбой коём?

Эсиңде бар бекен, экөөбүз чакан бир ресторанга кирдик. Жок, кайдан эсиңде болсун, сен үчүн ал кеч миң сандын бири да. Аны эстеп калгандай мен сага ким элем? Өзүң шакаба чегип жүргөн көптүн бири элем да. Болбосо, азыр көптүн арасынан бөлүп эстегендей анда мен кандай бөтөнчөлүгүмдү көрсөттүм эле? Аз сүйлөдүм. Жаныңда отуруу, сөзүңдү угуу мен үчүн кол жеткис бакыт, сөз жеткис ыракат болду. Ошол үчүн бактыма бир келген бул кымбат учурду куру сөз менен өткөргүм келбеди. Жашымдан бери кыялымда тартылган сүйкүм элесиңди сен да актадың. Жүрөгүмдүн назик кылын орой чалып оорутпадың, оюмда сени кандай деп көкөлөтүп жүрсөм, так ошондой болуп чыктың, ошонуңа мен түбөлүк ыраазымын. Жадатып жабыша бербей, ашкере үйрүлүп эркелетпей, өзүңдү абдан сылык, адептүү кармап, ичти элжиреткендей жайдарылыгыңа, жаштайыман сендик болгон мен эмес, жаңы жолуккан кыз да ашык болуп багынып бермек. О, беш жылдан берки балалык кыялыма толуп көзүмө укмуш көрүнгөнүңдү билбейсиң!

Эл орунга отурганда ресторандан чыктык. Шашылыш жумушуңуз жокпу деп, эшик алдынан сурадың. Сенден ажырагым келбей турганымы кантип жашырмак элем? Кетүүгө шашылбайм дедим. Саал ойлоно калып, бир аз маектешип олтурууга үйүңө чакырдың. «Жакшы болот» — деп дароо жооп бердим. Жүрөгүмдүн тереңинен шар чыккан макулдугумдун өзүнчө купуя мааниси бар эле, бирок бул жообума сен таңыркагандай болдуң. Токтоосуз макул болушум көңүлүңдү сууттубу, же сүйүнттүбү, айтор, аябай таң калдың. Анын себебин мен кийин билдим: эркектин кучагын эңсеп, жан жыргалына чаңкап турган аял да, адегенде эле макул болбой чочугансып же уялгансып анткорлонот тура. Андайды колго түшүрүү үчүн эркек жалган жерден жүрөгүн сууруп жалынып, убада берип, карганат экен. Ал эми менчилеп жүр деген жакка кыңк этпей ээрчигендер же сүйүүнү кесип кылган бузулган аялдар, же сүйүү деген сезимге жаңыдан ээлигип жүргөн тажрыйбасыз жаш кыздар. А менчи?.. Нечен жыл бою ушул күндү көксөп кел деген жерден кучагыңа боюмду таштоого даяр турган жан элем. Ошондуктан денемдеги чың толгонгон пружина жасылып кеткендей болду. Сен бул жүрөгүмдөгү сырларды кайдан билипсиң. Эмнеси болсо да мага кызыга баштадың. Жолдо баратканыбызда улам көз кыйыгыңды салып жүзүмдөн өзүңдү таңыркаткан сырды издедиң, аны бурулуп карабай сездим. Көрүнгөндүн ички сырын айттырбай билчү сезимиң жаныңда бараткан тил алчаак, жылдыздуу кызда бир сыр бар экенин сезди. Сыр түйүнүнө жетсем деп кызыгып, улам айландырып, сыйпалап, түрлүү суроолорду бердиң. Бирок сырымды айткандан көрө келесоо болуп көрүнөйүн деп, тайсалдата жооп берип бараттым.

Имараттын подъездинен кирип, жогору квартираңа чыгып бараттык. Жаным, ачык айтканыма капа болбо, мен үчүн ушул подъезд менен ушул тепкич канчалык кымбат экенин түк билбейсиң. Ашыктыктын айынан башым айланып, көңүлүм толкуп, бакыт даамы балдан ширин, уудан ачуу сезилди. Ал учурду ойлосом азыр да ыйлайм, бирок ыйлап отуруп, көз жашым түгөндү. Билсең, бул имарат сарсанаалуу бала чагымдын элеси болуп, сүйүүм сиңген, кире бериштеги каалгада нечен жолу сени күткөм, ушул тепкичтен сени биринчи жолу көргөм, келаткан шыбыртың ар дайым угулуп турчу. Мобу көзөнөктөн сени карай берип, көзүм тешилген, эшик алдына төшөлгөн килемчеңде бир жолу тизелеп турган элем; мына өңүтүмдө өңүп отурганда селт эттирчү кулпуңдун шырк эткен дабышы — баары… баары балалык кезимдин махабаттуу күндөрүн эске салып турса, кантип жыргалга батпайын, ал жыргал түбү жок терең болсо, кантип тумчукпайын!.. Кыялымда гана элестетип, зарлап тилегеним эми минтип чындык болуп, сенин үйүңдө эшиктеш биздин үйдө өмүрүмдүн күнү өзүң менен жетилген жүрөгүм кантип зырпылдабасын!.. Мен тантырап баратам, мейли, башкача буруп айта албайм: эгер түшүнсөң, босогоңду аттаганга чейинки өмүрүм, чындыгы эле болбосо, жүрөктө жарык элес калтырбас күүгүмдөгөн бирдеме турбайбы; башта балалык учкул кыялымда элестечү укмуштуу дүйнөгө, Аладиндин[1] сыйкырдуу дүйнөсүнө эми кирбедимби. Жаш кезимде ушул эшигиңди көзүм тешилгенче тиктечү элем, мына эми кирип баратып, бакыттын уусуна эсеңгиреп кеткенсидим: жаным, бакыт отун жандырып, чагылгандай тез өткөн ушул мүнөт өмүрүмдүн жарымын алып калгансыды, ал учурда эмне болгонумду сен кичине баамдай аларсың, күңүрт гана элестете аларсың, бирок эч качан менчелик сезе албайсың!

Сенде түнөп калдым. Ошол түнгө чейин эркектин денеси денеме тиймек турган, колу тийбегенин, бир да эркек жылаңачтап этимди көрбөгөнүн билбедиң. Кантип билмексиң, анткени уят дегенди алыс айдап, бийлигиңе өзүм багынып, эч каршылык көрсөтпөстөн ар кандай аракетиңе бой суна бербедимби. Минткеним сыр түйүнү чечилбесин дегеним болчу, жаным. Эгер жүрөк сырым билинип калса, анда менден боюңду тартып, оолактайт белең, ким билсин! Себеби бөлөк жандын кайгы-кубанычын бөлүшүү сага жат эмеспи, сага жеңил турмуш, ойноок ой, эрмегине элпек сүйүү гана керек. Өз жаныңы башка бирөө үчүн кыйса кыясың, бирок башка бирөөнүн сен үчүн жан кыйганын көргүң келбейт. Кучагыңа кыз бойдон кирген элем дегеними тескери түшүнбө, жаным. Сени күнөөлөп жаткан жерим жок; мени алдабадың, азгырбадың, өзүм барып кучагыңа боюмду таштап, тагдырдын жазганына тобокел дедим. Ал үчүн сени эч качан күнөөлөбөйм, эч качан! Тескерисинче, ыракмат — жыргалга магдыраткан ошол түн үчүн, мага берген ошол түнкү таалай үчүн сага ыраазымын. Ал түндү азыр эстесем да, алыс калган оттун табына жылынгандай болом. Түн бир оокумда көзүмдү ачсам, денеме денең тийишип айкала жаткан экенсиң, бирок төбөдөн жылдыздар көрүнбөгөнүнө таң калдым, багыттын күчүн ушундан бил, экөөбүз караңгы тамда эмес, жайдын серүүн түнүндө, ай-жылдыздуу асман астында жаткандай сонун сезилген мага. Кайра кайталанбаганы гана болбосо, ыракаттуу ал түнгө мен эч өкүнбөдүм. Дагы бир нерсе эсимде сен уктап калганыңда тынооңу тыңшап, уйку качып, кучакташып жатканыбызга кубаныч-бактым жүрөгүмө батпай, мен ыйлап жаттым. Ал түн ошондой укмуш түн болгон эле, чиркин!..

Эртеси шашып эрте турдум. Дүкөнгө барышым керек эле. Анын үстүнө малайың келе электе жоголоюн, ага көрүнбөйүн дедим. Кийинип бүтүп, алдыңда турганымда мени кучактап бооруңа кысып, көпкө кезүүмө тигиле карадың. Эртегинин күүгүмдөгөн элестери эсиңе түштүбү, же бакытка балкып турган мен көзүңө сулуу көрүндүмбү, «билбейм, айтор, көпкө тиктедиң. Анан оозуман өптүң. Мен кучагыңдан акырын суурулдум да, кетүүгө камындым. «Гүл кармай кетесиңби?» – деп сурап калдың. «Мейли» – дедим. Жазуу столуңда турган көк хрусталь вазадагы гүлдөрдүн ичинен төрт ак розаны сууруп алып бердиң. Бул хрусталь вазаң кичинемден бери эсимде — бир жолу үйүңө кирип, алдыртан карап көзүм түшкөн. Гүлдөрүңдү нечен күн өөп-жыттап жүрдүм. Экөөбүз эмки жолугушууну белгилештик. Мен белгиленген күнү келдим, дагы бир бактылуу түн өткөрдүм. Анан дагы бир жолу сенин кучагыңда таң атырдым. Анан сен бир жакка жөнөөрүңү айттың. Жашыман жаман көргөнүм ушул. Кайтып келериң менен кат жазам дедиң. Сырымды билдирбеске фамилиямды атабадым, өзүм сурап алар почтаны билгиздим. Ажырашарга деп, дагы төрт- беш роза бердиң, ооба ажырашарга деп…

Эки ай бою ар күн сайын почтадан кат сурап жүрдүм… Жок. Күндө эртең келер деп кирпик какпай таң атырып, почтадан үмүтүм үзүлүп кайтчу күндөрдөгү уу кайгыны айтпай эле коёюн. Сени күнөөлөбөйм, сүйөм, жалындуусуң, унутчааксың, бат кумарланасың, туруксузсуң, башынан ушундай болчусуң, азыр да ушундайсың. Мен дал ушунуңду сүйөм. Терезелериңдеги жарыкка караганда келгениңе көп эле болуптур, бирок мага кабар бербедиң. Мына азыр көр оозунда турам, бирок бүт өмүрүмдү курман чалып сүйгөн жарым, сенден жадегенде эки ооз сөз жазылган кат албадым. Күйүп-бышып туталанып, кабарыңды көпкө күттүм. Бирок мени чакырбадың, эки ооз сөзүңдү ыраа көрбөдүң… эки ооз сөзүңдү.

Кечээ балам өлдү. Ал сенин да балаң болчу. Сүйгөнүм, калп айтсам каргыш тийсин, бул бала баягы үч түндүн биринде жаралган, ишен, көр оозунда калп айтпайт. Ырас, бул — экөөбүздүн балабыз эле. Баягы сенин кучагыңда өткөргөн түнгө чейин жана ошондон тартып бала туулганга чейин бир да эркек мага жакындаган эмес. Этиме этиң тийгени үчүн мен өзүмдү ыйык саначумун! Анан түбөлүк сендик болгон өзүмдү өмүр жолумда күндөлүк жолуга калган башка эркекке бөлүштү кылмак белем! Чын, сүйгөнүм, бул бала менин өмүр бою өчпөгөн тунук махабатым менен сенин эчтемени кенебеген, көрүнгөнгө чачылган, акылга жүгөндөлбөгөн сезимиңдин жемиши: бул экөөбүздүн балабыз, экөөбүздүн көзгө басар жалгыз уулубуз эле. Эгер андай болсо, эмне үчүн узак жылдар бою баланы көрсөтпөй эми бала кайрылгыс сапарга кеткенде айтасың деп жогорку сөздөрүмө, балким, таң каларсың, чочуларсың?.. Кантип мен айта алат элем? Сен ишенбейт болчусуң: өзү каалап барган ашкере тил алчаак, үч түнү жолдош болгон чоочун кызга кантип ишенмек элең? Ошол аты- жөнү белгисиз бейтааныш кыз сендей туруксузга үч түндөн кийин да туруктуу болуп кала бергенине ишенбейт элең. Балаңды меники деп кабылдаган күндө да көңүлүңдө шек турмак. Менин айткандарыма чындап ишенген күндө да: «Ушул оңбогур бөлөк бирөөдөн тууган баласын бай эмеспи багып алсын деп, мага таңуулап жатабы?» — деген түпөйүл ойдон кутулмак эмессиң. Ошентип экөөбүздүн ортобузда ишенич кетмек. Мен муну каалабадым. Анын үстүнө, сүйүүнүн жеңил-желпи эрмек, капарсыз оюн гана болушун жакшы көргөн сен үчүн ата болуп, бирөөнүн тагдырына жоопкерчилик алуу өтө оор болмок. Мындай экениң мага башынан беш колдой белгилүү, өзүңдү өзүң менчелик билбессиң… Өзүңдү мага байлангандай сезсең, кыйноого түшмөксүң. Анткени сен эркин жүрүүнү жакшы көрөсүң, андай болбосо сага жашоо кызыксыз. Ошол үчүн мени, эриксизден болсо да, жаман көрө баштамаксың. Мен сага жүк болмокмун. Жок, намысым ага жол бербеди, мени ойлогондо кабагың чытылбасын, өзүмчө эле болоюн дедим. Бардык түйшүктү өз башыма оодарып, сага жүк болбосом, өмүрүңдө жолуктурган катындарыңдын ичинен жалгыз мага ыраазы болуп өтсөң — дедим. Бирок сен мени капарыңа илбедиң, такыр унуттуң.

Жок, жаным, сага күнөө тагып жаткан жерим жок. Калемимин учунан кээде кайгы-капанын кермек даамы сезилсе, кечир жаным. Балам, экөөбүздүн балабыз кепинге оролуп жатат, ушул күйүткө чыдабай мен тагдырыма наалып отурам. Кудайга муштум кезеп: «Жан алгыч» — деп кыйкырдым. Жаным жай таппай, башым тегеренет, акылым өз ордунда эмес. Анан кантип күйбөйүн да, наалыбайын, кечирип кой, жаным. Ак көңүлсүң, билем, таанышпы, чоочунбу, ким болбосун жардам сураса эчтемени аябайсың. Бирок ал ак көңүлдүгүң адамды таң калтырат. Ар кимге колуң ачык, көрүнгөндү каалаганынча карк кыласың; бул берешендигиңдин чеги жок, бирок бул пейилиң эринчээк. Бирөө жалдырап сураганда гана уятыңа чыдабай жардам бересиң, кыйынчылыкта ажат ачканыңа эмес, жабышкан балээден тезирээк кутулганыңа кубанасың. Турмуштун азабын тартып, кайгысына ууккан адамбы, тагдыры тайраңдаткан немеби, сага баары бир — бетке айтканыма капа болбо. Марттыгы бу чөлкөмдө жок болсо да, сенден адамдан бирдеме суроо өтө кыйын. Баягы жаш чагымда эшиктин көзөнөгүнөн шыкаалап көргөн окуялардын бири эсимде. Босогоңо келген мусапырга кайыр бердиң; ал карып ооз ачканча болбой тезирээк кетсе экен деп колуңдагыны бүт кармата салдың. Көзүнө тике карай албагансыдың. Ошентип кайырчынын батасынан качып, калдастап коркуп кайыр беришиң эстен чыкпады. Ошол үчүн жардам сурап сага түк кайрылбадым. Ырас, бул бала сеники экенине ишенбесең да менден жардамыңы аябайт элең. Капалансам жубаткан болуп, көп-көп акча берип турмаксың. Бирок андай марттык, боорукерлик пейилиң эптеп-септеп ошол түйшүктөн эртерээк кутулуунун чыдамсыз аракети болмок. Атүгүл ушул баладан убагында кутулуп алсаңчы деп, мени көндүрүп коёт белең… Айрыкча ушундан коркком, анткени эгер сен чындап ошентсең, айтканыңды мен эки кылмак эмесмин. Бирок бул бала сенден алып калган медерим эле да, мындан башка эмнем бар! Бул бала мага сен элең жана сен эмес эле: сен болгону — экөөбүздүн каныбыздан жаралганы: сен эместиги — сендей туруксуз болбой, менимче, түбөлүк менден ажырамак эмес. Сенин ордуңа карманганым ушул уул болчу. Балага оокат берсем, сага бергендей болуп, сени өпкүм, эркелетким келгенде баламды өөп-жыттап, эркелетип кумарымды жасар элем. Мына ушул үчүн өзүмдү бактылуу сезип, баланы сенден жашырып келгем. Балам барда сен да мени менен бирге сыяктанчусуң.

Албетте, сүйгөнүм, бардык күндөрүм башта кыялымда тартылып жүргөндөй жыргалдуу болбоду. Азап тартып, кордук көрүп, адамкерчиликсизде кыйналган күндөрүм да болду. Эки кабат экенимди туугандарым билип калып, үйгө кабар беришеби деп коркуп, ай-күнүм жакын калганда дүкөнгө барбай койдум. Апамдан акча суроого оозум батпады. Жан багуунун айласынан анча-мынча кымбат буюмдарымды саттым. Төрөөрүмдөн бир апта мурун кир жууп жүргөн бир аял шкафымдагы сактап жүргөн бир аз акчамды уурдап кетиптир. Салкар жарды, бузулган мусапыр катындарды жакырчылык айдап барып, камаган төрөт үйүнө жанымда жарты тыйын жок мен да барып дуушар болдум. Сенин балаң ошол бузукулардын арасында төрөлдү. Айлана-чөйрөм бүтүндөй жат, бүтүндөй жек көрүмдүү, намыстанып өлгүм келди. Аерде жаткан баарыбыз кароосуз катындар элек, бири-бирибизге жат сезилип, бири-бирибизди жек көрчүбүз. Карыпчылык баарыбызды ошол хлороформ менен кандын жыты каңырсып, чыңырган, онтогон үндөргө толгон чоң палатага шыкаган. Көпчүлүктүн шылдыңына калган бузуку, оорулуу аялдар менен бети жок шерменделердин арасында жатып, Кудай бетин көрсөтпөсүн, жакырлыктын жан чыдагыс кордугун, адамгерчилик менен дененин маскараланганын көрдүм: «илимий» максатта демиш болуп, мыйыгынан жылмайышып, мусапыр байкуш аялдардын үстүнөн жууркандарын сыйрып жылаңачтап, абийирине чейин кармалап көрүшкөн жаш врачтардын уятсыздыгын сиделкалардын[2] жутунган ач көздүгүн көрдүм… Ал жерде ачыккан көздөр менен арам сөздөр адамдын абийирин кор кылат экен. Мен аерде аты-жөнүм жазылган алакандай гана кагаз болуп калгам: Изилдөөнүн объектиси болуп, кызыккандардын колдорунда кармаланып бир муштум эттей диртилдеп ымыркай төшөктө жатчу. Толгоосун кошо тартышып, толкундаган күйөөсүнө өз үйү, өлөң төшөгүндө жатып бала төрөп  берген аял ырыстуу турбайбы! Тажрыйбага алынган айбан сыңары кароосуз карып аялдын төрөгөнү кандай тозок экенин алар билбейт. Мен азыр да кээде китептен «тозок» деген сөздү окусам, онтогон үн, күлкү, ачуу чаңырык басылбаган, адамдар жык-жыйма шыкалган, абасы дымыккан ошол палата көз алдыма тартылат. Ай, ошондогу абийир-уятыман тарткан азабымды кантейин…

Бул айткандарыма капа болбо, жаным, кечир. Бул менин эң биринчи жана эң акыркы сөзүм го! Он бир жыл бою үн катпай келдим, бир пастан кийин түбөлүккө үнүм чыкпайт. Бирок азыр бир жолу унчугуп, бактым-таалайым мобу өлүп жаткан баламды кантип тапканымды, жыргал-кууралын айтып калайын да!..

Кийин баламдын үнүн угуп, күлкүсүн көргөнүмдө мурдагы тарткан кыйноолорум бүт эстен чыгып кетти. Бирок азыр балам өлүп жатканда эски жарам ырбап кыйноого кайра түштүм. Эми жок дегенде өмүрүмдө бир жолу арманымды айтып, ичтеги бугумду чыгарайын. Жок, сени күнөөлөбөйм, сүйгөнүм, жанымды максатсыз кыйноого салган Кудайды гана күнөөлөйм. Ишенип кой, өмүрүмдө эч качан сага күнөө койгон эмесмин. Азыр түгүл толгоого чыдабай курт сыяктуу жыйрылып, балам жүрөгүмдү кошо сууруп келатканда да сени Кудай алдында күнөөкөр дебегем: сени сүйүп калганыма эч качан наалыбагам, экөөбүз өткөргөн түндөрүмө эч качан өкүнбөгөм, кайра сени дайым ысык, дайым тунук сүйдүм, сага биринчи жолуккан күнгө ыраазымын. Эгер тагдырым мени ошол толготуу тозогунан дагы бир жолу өт десе, алдыдагы азапты көрүп-билип турсам да, тартынбастан кайра өтөр элем. Ооба, жаным, бир эмес, миң жолу кайра өтөр элем!

Кечээ экөөбүздүн балабыз өлдү. Балаң бар экенин сен билген эмессиң. Каныңдан жаралган, гүлдөй жайнаган жаш балаңды бир жолу да, жок дегенде сыртынан көрүп калбадың. Баланы төрөгөн соң көпкө чейин сага көрүнбөй жүрдүм. Тагдырым муну мага белек эткенден кийин сага куса болуп, санааркатчу азабым жеңилдегендей болду, атүгүл сени баштагыдай сүйбөй калгансыдым. Кыскасы, өз сүйүүмүн кыйноосун баштагыдай тартпай калдым.

Экөөңөрдүн ортоңордо өзүмдү экиге бөлгүм келбеди. Ошол үчүн өзүмдү өмүр жолумда бирге жүрбөй буйтап өткөн сага эмес, бирибиз жок бирибиз жашай албаган, багарым-көрөрүм, куса болсом кучактаарым, өбөрүм ушул балага арнадым. Ошентип, сен деп зилдеген зарыман, жазмыштын азабынан кутулгандай болдум. Ал азаптан мени карматпай качкан сен эмес, чындап мендик болгон сенин уулуң куткарды. Эми чанда бир ойгонгон сезимдин түрткүсү менен гана кээде үйүңдүн түбүнө барчу болдум. Баягы биринчи түндүн эртеси эртең менен сен карматкан розалардай ак розалардын букетин жыл сайын туулган күнүңдө белек деп үзбөй жиберип турчу болдум. Бу гүлдөрдү ким жиберип жүрөт деп, өткөн он-он бир жыл ичинде өзүңдөн бир сурадың бекен? Өзүң бир кезде ушундай ак розаларды берген кызды эстегендирсиң, балким? Мен аны билбейм жана билбестен көзүм жумулуп баратат. Ал гүлдөрдү мен сага караңгы ор түбүнөн сунчумун да, сенден гүл алган чагым эске түшчү. Ошого эле каниет кылар элем.

Ушинтип, балабызды көзү тирүүсүндө көрбөй калдың, бу дүйнөдө ал бар-жогун билбедиң. Балаңы көрсөтпөгөнүмө эми өзүмдү өзүм жемелейм, өкүнөм. Көргөн болсоң боор тартмакчы. Бирок шордуу балабызды көрбөй калдың: оолжуй кабак ачып, так эле сеникиндей жоодураган кара көзүн бадырайтып, мени, бул дүйнөнү, кубанычтуу жаркын нурга бөлөп сүйкүм жылмайганын көрбөдүң, атаганат. Оюнкараак мүнөзүчү, жүрөктү элжиреткен сүйкүмүчү! Сенин мүнөзүңдүн жеңилдиги балалык кейипте кайталанып, жалындуу кыялы чыгып келаткан. Кээде бирдемеге кызып алса, тагдыр менен талбай ойногон сен сыяктанып ал да биротоло берилип, көпкө ойноор эле. Анан аяптоор салабаттанып, кашын кере китеп окуп калар эле. Улам эс тарткан сайын сага окшошо берди. Мен андан сенин оюнпоздук жана салабаттуулук эки жактуу шыгын байкап баштадым. Улам сага окшошураак тарткан сайын мен да ого бетер элжиречү болдум.

Уулуң мыкты окучу, французча суудай сүйлөчү; классташтарынын ичинде дептерлерин андай тыкан кармаган бир бала жок эле. Анан калса, кара баркыт костюмун, же матроскасын кийип алгандачы, кайда жүрбөсүн көргөндөрдүн назарын буруп, эң эле сүйгүнчүк, татынакай болуп калар эле. Кээде бойтоңдотуп ээрчитип алып Градодо[3] деңиз кылаалап басып калганымда сейилдеп жүргөн аялдар атайы токтой калып, ак саргыл чачынан сылап эркелетишер эле. Же Земмерингде[4]2 чана тээп жүрсө, тегеректегилер артынан узата карап шыпшынышып турушчу. Уулуң өтө сүйгүнчүк, өтө назик, өтө жароокер болуп чоңоюп келаткан. Былтыр «Терезианум»[5] интернатына киргенде куду он сегизинчи кылымдагы паж кейиптенип, жарашыктуу мундирин кийип, шпагасын байлана жүрдү. Мына азыр үстүндө кепин көйнөгүнөн башка эчтеме жок, эриндери кубарып, эки колу көкүрөгүнө кайчыланып түбөлүк ойгонбос уйкуда жатат. Балким, мен кантип баланы эчтемеден кем кылбай бакканымды, кантип ага ак сөөктөрдүн балдары сыяктуу көңүлдүү, жакшынакай шарт түзө алганымды сураарсың. Сүйгөнүм, мен караңгы көрдөн сүйлөп жатам, арамдыгымды ачык айткандан уялбайм, бирок сен чочуба: мен денемди сатып оокат кылдым. Көчө катыны, шерменде дегендер болот, мен андай болгон жокмун, бирок денемди сатып жүргөнүм чын. Бай досторум, бай ойношторум бар болчу. Оболу мен аларды издедим, анан алар мени издечү болушту. Абдан сулуу экенимди деги бир жолу байкадың бекен? Кимге гана бой сунбайын, мага ашык болуп калат: баары мага ыраазы, баары мага арзып, баары мени сүйүшчү. Бирок сен гана сүйбөдүң мени, сен гана сүйбөдүң мени, сен гана сүйбөдүң, сүйгөнүм!

Сөздүн ачыгын айткандыгым үчүн эми сен мени жек көрбөйсүңбү? Жок, жектебесиңди билем, анткени сен баарын түшүнгөн жансың, жалаң сен үчүн, сенин балаң үчүн ушинткениме түшүнөсүң. Төрөт үйүндө жатканымда жакырчылыктын тозогун өз көзүм менен көрүп, бу дүйнөнүн шордуусу, кору, азаптан арылбай турмушу өтүүчү жарды адам экенин билгем. Сенин уулуң, бешенеси жарык ушул уулуң ошондой карыпчылыкта өсөбү дегенде төбө чачым тик турган. Таза оозу балит сөздү билбесин, мусапырдын булганыч, жыртык кийим назик далысына тийбесин, эчтемеден кем болбой бул турмуштагы байлыкка, сенин жашоо деңгээлиңе жетсин деп далбас ургам.

Ушул үчүн, сүйгөнүм, жалаң ушул үчүн денемди сатып жүрдүм. Жанымды курман чалайын деген эмесмин. Абийир уят дегенди таштагам, анткени сен сүйбөдүң, денем сеники эле карабадың, эми эмне болсом мага баары бир болду. Эркектер канчалык эркелетпесин, чын дили менен канчалык элжиребесин, жүрөгүм кымындай да жылуучу эмес. Сүйбөсөм да алардын кай бирлерин чын ниетимен сыйлачумун: тагдырыма тагдыры окшош келгендерине боорум ооруп, кейир элем. Мен билген эркектердин баары боорукер эле, мени алакандарына салып, эркелетип турушчу. Айрыкча жашап эле калган, аялы өлгөн бир аристократ мага көп асылды. Сенин балаңды, никесиз төрөлгөн «баланы интернатка орноштуруу үчүн ал байкуш тим эле «Терезианумдун» эшигин жыртпадыбы. Ал мени кызындай көрүп сүйчү эле. Далай жолу сөз салды. Мен бүгүн графиня болуп, Тироладагы укмуштай сонун замоктун ээси болмокмун, кайгы-капа билбей жыргамакмын. Ал байкуш балага ардактаган сүйүктүү ата, мага боорукер, жоош, журтка кадырлуу эр болмок. Бирок канча асылса да, баш тартканым ал байкушка канчалык катуу тиерин билип турсам да, макул болгон жокмун. Балким, акылсыздык кылгандырмын. Сүйгүнчүк уулум жанымда болуп, ушу тапта бейкут, бакубат турмушта жашап жатар белем. Бирок эмнени сенден жашырайын, бош башымды байлагым келбеди, качан болбосун сага даяр турайын дедим. Кокус сен бир саатка болсо да чакырып каларсың  деген бала чактагы бүлбүл үмүтүм жүрөгүмдүн тереңинде акыл-эсимдин караңгы бурчтарынын биринде дале жүрдү. Белгиң эле билинер замат жетип барууга эркин жүрөйүн деп, баарынан кечтим. Баягы балалыгым өтүп, жүрөгүмдө аял сезими жаралгандан бери өмүрүм ушинтип жалаң күтүү, сени күтүү менен өттү.

Күткөн учур да келди. Бирок ал сенин эсиңде жок, жаным. Башта эч качан тааныбай келаткандай бул жолу да тааныбадың. Мурда сени театр, концерттерден, Пратерден, көчөдөн көп көрчүмүн. Көргөн сайын жүрөгүм кабынан ыргып кетчүдөй болор эле, бирок сен мени байкачу эмессиң. Бир кезде кичинекей жалтак кыз элем, эми сырткы кейпим таптакыр өзгөрүп, эл айткандай, сулуу аял болупмун. Жасана кийинем, арзыгандар ар дайым тегерегимде. Анан кантип баягы өзүңдүн күүгүмдөгөн бөлмөңдө уяң кызды ушул аял демексиң. Кээде жанымда бараткан эркек сага салам айтса, алик аласың да дароо мени карайсың, бул карашың сылык болгону менен жат көрүнөт. Мени жүргөн бир аял катары көрүп, тааныбайсың. Ооба, жаным, жат адамча, таптакыр жат адамча карайсың. Ушул тааныбаган жаттыгың бир жолу мени катуу кыйнаганы эсимде. Көңүлү жакын кишим экөөбүз опера театрынын ложасында отурганбыз. Катарымдагы ложада сен олтурупсуң. Жарык өчүп, увертюра башталып, жүзүң мага караңгыда көрүнбөй калды. Бирок баягы түндөгүдөй демиң угулуп турду. Ортобузду бөлгөн барьердин баркытталган кырына колуң артылуу. Сенин колуң, ничке, назик колуң. Бир кезде мени имере тартып кучактаган ушул бөтөн, ушул сүйүктүү колду эңкейип өпкүм келди. Делебем козголуп, өзүмдү өзүм кармай албай кеттим. Бир зор күч мени эңкейтип, эриндеримди колуңа тартып баратты, чымырканып жатып башымды араң чулгуп жогору көтөрдүм. Биринчи антрактта эле жанымдагыга кетебиз, алып кет мени дедим. Анткени караңгыда сага жакын катар отуруп, ушунчалык жат сезилгениңе чыдай албадым, жаным.

Анткен менен күткөн күн — таптакыр түңүлгөн акыркы күн келди. Бул былтыр туулган күнүңдүн эртеси болучу. Сенин туулган күнүң мен үчүн майрам эле да, ошол үчүн мурунку күнү сен такыр оюмдан чыкпай койдуң. Эртең менен барып, ак роза гүлдөрүн сатып келдим. Бир кездеги жыргалдуу мүнөттөрдү эскерип, ал мүнөттөр сенин эсиңен таптакыр чыгып калган, жыл сайын ак розалардын букетин сага жиберип турчумун. Түштөн кийин балам экөөбүз Демельдин кондитер дүкөнүнө бардык, кечинде баламды театрга киргиздим. Купуя сырын ачык билбесе да, балам жаштайынан ушул күндү майрам катары көрүп калсын деп ойлочумун. Анын эртеси кечке чейин ошол кезде жүргөн жигитим менен болдум. Ал Брюнндук бай фабрикант эле, жакындашканыма эки жылга аяк баскан. Ал мени аябай ардактачу, алаканына салып бөпөлөчү, башкалар сыяктанып үйлөнүүгө дилгир. Бүжүңдөп багынып сүйгөнү бук кылып, жанымды кейитип жиберсе да, өзү жылдыздуу неме болчу. Балам экөөбүздү белектерге бөлөп таштачу. Андан баш тартар себебим жок болсо да макул болбодум. Ал экөөбүз ошол күнү концертке бардык. Аерден сайрандап жүргөн топко кошулуп Ринг-Штрасседеги[6] ресторанга кирдик. Шатыра-шатман отурганда мен «Табарэндеги» бий залына баралы деп сунуш киргиздим. Адатта мас болуп, акыл- эстен ажырагыча шаттанууну жаман көрчүмүн, дайым каршы болор элем. Бирок бул жолу кандайдыр түшүнүксүз сезим ушундай сунуш киргизүүгө түрттү. Сунушум отургандарды ээлендирип жиберди. Мага жагынып көнүп алган курдаштарым жапырт тура калышты. «Табарэнге» бардык, шампан ичтик. Бирөө дүүлүктүрүп кеткенсип, мен укмуштуудай шайыр отурдум. Бокалдын артынан бокалды бошотуп, беркилер менен кошула уятсыз жаман-жуман шансонеткаларды ырдадым. Мени бир күч бийлетип, шаттантып жаткансыды. Аңгыча коңшу столдо досторуң менен отурган сени көрө коюп жүрөгүмө муз же чок басылгандай селт эттим. Кадимкидей адамдын ичин аңтарып жибергенсип, мага көзүң өтүп, сугуң түшүп отурган экенсиң. Сага гана мүнөздүү, бирок өзүң билбеген менен кумарланып, он жылдан бери эми тиктеп отурганың эле. Мен калтырап кеттим. Көтөрүп турган бокалым колумдан түшүп кете жаздады. Кудай жалгап карбаластап калганымды эч ким байкабай, музыка, күлкүнүн шоокуму менен билинбеди.

Көз карашың уламдан-улам жалындап күйүп, ал жалын мага чапты. Же тааныганыңды, же мени башта көрбөгөн жаңы аял деп, каалап отурганыңды билбедим. Эки бетим чымырап кызарып чыкты. Жолдошторумдун суроосуна кайдыгер жооп айтам. Тиктегениңе чыдабай толкунданып отурганымды сен да байкаган окшодуң. Башкалардан тымызын мага вестибюлга чык дегендей баш ийкедиң. Анан чоюла акчаңды төлөп, жаныңдагылар менен коштоштуң да, күтөм деген кыязда чыгып кеттиң. Безгек тийгендей калчылдап, кармана албай каным толкуп, берилген суроолорго жооп кайтарууга кудуретим жетпеди. Ушул учурда эстрадага негр кыз-жигит чыгып, такаларын такылдата кагыштырып, ачуу-ачуу чаңырыша укмуштуу жаңы бийди бийлеп киришти. Баары жабыла ошоякты карап калышты. Ушул учурдан пайдаландым, жигитиме азыр келем дедим да, артыңан чыктым.

Сен вестибюлда кийим илгичтин жанында күтүп турупсуң. Жаныңа жакын барганымда жүзүң жадырады. Жылмая алдыман утурладың. Качанкы өткөндөгү кичинекей кызды, анан бир кезде коюнуңда жаткан  кызды — мени тааныбаганыңды ошол замат билдим. «Мен үчүн да бир саатча убактыңыз болор бекен?» — деп жылмаңдадың. Ишенимдүү чыккан үнүңөн улам мени бир күнкү кечке сатыла турган аялдардан деп эсептегениңди түшүндүм. «Болот» — дедим. Бул жолу да мындан он жыл илгеркидей калтаарып макул болдум. «Качан жолуга алабыз» — дедиң. «Качан кааласаңыз, ошондо». Сенин алдыңда уялбадым, кысынбадым. Баягыда өтө бат тил алганыма таңыркаганыңдай азыр да таңдана карадың, ого бетер кызыгып, отуң жанды. «Балким, азыр эле?..»— дедиң көп ишене бербей. «Жарайт, жүрүңүз», — дедим да, мантому алууга кийим илгичке карай бастым.

Бирок кийим илинген номер жигитимде калыптыр. Кайра барып номерди алып, чыгууга шылтоо айтып суранып, көп кармалып калчудаймын. Сени ээрчибей коё албайм, көп жылдан бери бир жолугууга зар болуп жүрсөм, эми кантип калайын. Бир секунд кыйылбай мантому да, жигитимди да таштап, кечки көйнөгүмүн үстүнөн шалы жоолугумду оронуп, сыртка чыктым. Тыш туман басып суук, караңгы экен. Көп жылдан бери турмушка каралашып жүргөн боорукер, камкор жигитимди теңтуштарынын шылдыңына таштап кеттим: жанында отурган сүйгөнү башка бирөөнүн бир эле көз кысканына ээрчип кеткени эмне деген шерменделик!.. О, бул кылганым жеткен акмактык, адам баркын билбегендик экенин, жакшы кишини иттей кордоп, эсинен чыккыс кылып шылдыңдап кеткенимди, өз турмушумду бузганымды сезип бараттым, түшүнүп бараттым… Бирок эңсеп-чаңкап жүрүп, эми чындап жеткенимде достук да, турмуш да сенин бир өпкөнүңө, бир эле сүйлөгөнүңө арзыбай калды… Сени мен ушундай сүйгөм! Эми ичер суум, көрөр күнүм бүткөндө баарын ачык айта алам. Өлгөндө жүр десең да, тирилип көрүмөн туруп, артыңан ээрчийт элем…

Подъездде экипаж күтүп туруптур, түштүк да сеникине жөнөдүк. Сагынган үнүңдү угуп, кынала отурганга денеңден денеме кандайдыр жылуу сезим кирип, так эле баягыдай бактыга башым тегеренип, балача уялып бараттым. Мына, он жылдан көп убакыт өткөндө баягы тепкич менен чыгып баратам… Жок, жок, ал учурдун ар мүнөтү мени канчалык толкутуп, ташкындатканын айтып жеткире албайм. Азыр да, өткөндө да — эки жолу жыргалга аябай баттым. Оюмду, жүрөгүмдү бүт сен ээлеп алдың. Бөлмөңүн ички көрүнүшү анчалык деле өзгөрбөптүр, мурдагы сүрөттөргө эки-үч сүрөт кошулуптур, кай бир буюмдарың жаңырыптыр, китептериң көбөйүптүр. Бирок баягыдай эле көзгө тааныш, көңүлгө жайлуу. Столдун үстүндө роза гүлдөрү салынган ваза турат. Туулган күнүңдү куттуктап, сен унуткан, тааныбай калган шордууңдан эстелик деп, бу гүлдөрдү кече мен жибергем. Тааныбадың, «башта эмес, азыр кыналыша кол кармашып турганыбызда да, атүгүл эриндерибиз биригип өбүшкөнүбүздө да тааныган жоксуң. Антсең да, гүлдөрүмдү вазаңа салып коюпсуң — мен, болбосом да көлөкөм, сүйүүмдүн деми ушерде, сенин жаныңда экенине көңүлүм тойду.

Мени кучагыңа алдың. Ошентип сеникинде дагы бир жолу түнөдүм. Бакытка балкып жатып таң атырдым. Бирок жылаңачтанганымда да тааныбадың. Эркелетсең мен ансайын эркелеп жаттым. Сен сагынган аялга деле, өз сүйгөнүңө деле бирдей берилип, экөөң бири-биринен айырмалабайт экенсиң. Түнкү кабареден[7] ээрчитип келип эркелеттиң, сүйдүң, бекзаттыгыңды көрсөтүп, чын жүрөгүңөн сылык болдуң, бирок менден да ошончолук ыракат алып жаттың. Кумарым таркабай, моокум канбай жатып, табиятыңдын эки жактуулугун дагы сездим. Жан ыракатына сенчелик боюн таштап, күйүп-жанып берилген адамды мен эч качан жолуктурган эмесмин. Бат берилесиң, кайра бат сууйсуң, унутасың, мен өзүм да ал түнү сени менен кучакташып жатканымда эмне болгонумду билбейм: мен сага киммин? Мурдагы илбериңки кызмынбы же балаңдын энесиминби, же бейтааныш аялмынбы? Деги ал түнкү жыргал баштатан тааныш, көнүмүш сыяктанып, ошол эле учурда кумарына мас кылып, жаңы сезилет. Ошол түн таң атпай созула берсе экен деп тилеп жаттым.

Бирок таң атып кетти. Биз төшөктөн кеч турдук. Эртең менен мени менен бирге олтуруп тамактанып кет деп сурандың. Ардеменин башын чатып сүйлөшүп отуруп, камкордук менен бирөө жакшылап жасаган дасторконуңдан чай ичтик. Сен менин ким экенимди такып сурабай, бир да одоно суроо бербей, кадимкидей ачык-айрым сүйлөп отурдуң. Жадегенде аты-жөнүмдү, адресимди сураган жоксуң. Мен сага кокустан жолугуп калып бир сааттык гана кумарыңды кандырган, кымындай да эсиңде калбаган бир аял болдум. Түндүк Африкага үч айлык саякатка жөнөгөнү жатам дедиң. Селт эте түштүм. Түндөтөн бери жаркыган таалайым жалп өчтү. «Өмүрүң жалп этти, кургур!» — деп эки кулагым чуулдап кетти. Бут алдыңа жыгылып: «Ала кет мени. Таанысаң боло, ушунча жылдар тааныбай келсең да, деги эми таанысаң боло!» — деп кыйкыргым келди. Бирок алдыңда күнүңдөн бетер жалтактап, калтаарып коркуп, антүүгө батына албадым. «Абдан өкүнүчтүү» – деп тим болдум. Сен жылмая карадың. «Чын эле сага өкүнүчтүүбү?» – дедиң. Токтоно албадым. Өөдө турдум да, көпкө сенин көзүңөн көзүмдү албай теше тиктеп калдым. Анан: «Менин сүйгөнүм да сыртка көп чыкчу» — дедим. Карегиңе кадала карап турдум: «Азыр, азыр тааныйт!» – деп жүрөгүм дүкүлдөйт. Бирок сен жылмайдың да, жооткоттуң: «Саякатка кеткен кайрылып келет эмеспи». «Ооба, — дедим мен, – бирок баарын унутуп келет».

Туталанып араң турганымы кыязыман, үнүмүн ыргагынан сездиң окшойт, ордуңан турдуң да, таңдана жароокер тиктедиң. Анан эки ийнимен кармап: «Жакшы нерсе эстен чыкпайт. Мен сени унутпайм» – дедиң. Карегиң карегиме кадалып, менин элесимди дайым сактап жүрмөккө азыр көңүлүңө мөөрдөп басып жаткансыдың. Көзүң көөдөнүмдү көзөп, жоготконуңду ичимден издеп жаткандай сезилип, эми таануучудай көрүндүң… «Тааныйт азыр мени, тааныйт!» – деп, кубаныч, бакыттын алгачкы илебине толкуп бараттым.

Бирок тааныбадың. Жок, тааныган жоксуң. Мен сага эч качан ушул мүнөттөгүчөлүк жат болгон эмесмин, болбосо мындан эки-үч мүнөт өткөндөн кийин кылганыңды кылбайт элең. Мени дагы бир жолу кыса кучактап өптүң. Уйпаланган чачымды оңдоп алайын деп күзгүнүн алдына келдим. Келдим да, сен менин муфтама байкатпай акча салганыңы күзгүдөн көрүп, уятыма, ызама чыдабай жыгылып кете жаздадым. Чаңырып барып, сени бетке чаппай кантип гана токтодум экен? Эмне үчүн ошенттиң — жаштайынан сени сүйгөнгө, балаңдын апасына бир түндүн акысын кантип төлөдүң? Мен сага «Кабарэдеги» бузулган көп кыздардын бири болуп көрүнгөн турбаймынбы! Сен кантип гана мага акы төлөдүң, чиркин! Акы төлөдүң ээ… Унутуп тааныбай калганың аз келгенсип, дагы кемсинтип кордогонуңду кантейин…

Мунуң мага катуу тийди. Тезирээк жоголоюн дедим. Столуңдун үстүндө мен жиберген роза гүлдөрү салынган вазанын жанында жаткан шляпамды алдым. Бирок гүлдү көргөндө чыдабадым, өзүмдү таанытууга дагы бир далалат кылып көрөйүн дедим: «Мобул ак розалардын бирин мага бересиңби?» «Сөзсүз» — деп, бир гүлдү сууруп алып бердиң. «Бирок бул гүлдөрдү сени сүйгөн бир аял белектеп берген болбосун?» «Болсо болгон чыгар, билбейм. Бирөө жибериптир, ким экени белгисиз. Ошол үчүн бул гүлдөрдү жакшы көрөм». Мен сага тике карадым. «Балким, сен унутуп таштаган аял жиберип жүрбөсүн?» Таң калып сен да мени тиктедиң. Тиктегениңен жалтанбадым. Карегиңе кадалган карегим өзү эле: «Таанысаң боло, деги таанычы?..» – деп үн салып турду. Бирок жароокер жылмайганыңан эчтемени баамдабаганың, мени тааныбаганың көрүнүп турду. Мени дагы бир жолу өптүң. Бирок такыр тааныбадың.

Көзүмө жаш тегеренип келатканын сага көрсөтпөйүн деп, шашылып эшикке жөнөдүм. Оозгу үйүңө жүгүрүп чыккан экемин, малайың Иоганнды сүзүп ала жаздадым. Ал жолуман буйтай берип, ызаат менен мага эшик ачты. Жаш чайган көзүм туманданып, башымды көтөрө жалт бир караганымда бала кезимден бери көрбөгөн картаң чал мени тааный койду. Тааныгандыгы үчүн бут алдына чөгөлөп, колун өпкүлөп ыракмат айткым келди. Бирок анте албадым. Камчы менен чапкандай жанымды кейиткен акчаңды муфтаман сууруп чыктым да, колуна кармата салдым. Ал селт эте чоочугандай бир карады. Сен өмүр бою сезе албаганды, баамдап тааный албаганды ал ушул эле секундда тааныды… Баары менин оюм менен болушчу.

Баары мени жакшы көрүшчү эле. Сен гана, жалгыз сен гана унутуп таштабадыңбы, сен гана, жалгыз сен гана ошентип такыр тааныбай койбодуңбу, жаным!..

Балам өлдү, экөөбүздүн балабыз өлдү. Эми сенден башка бул дүйнөдө сүйгөнүм жок. Бирок эч качан тааныбасаң, өмүр жолуң меникине кошулбай жандап өтүп, түбөлүк күттүрүп тебелеп-тепсеп улам алыстагандан алыстап баратсаң, деги сен мен үчүн кимсиң? Сымаптай мөлтүлдөп колго турбас сени өмүрүмдө бир жолу кармадым го, сенден бала алып калдым го десем, ал да бир түнү кылчайбастан кете берди. Ал саякатка кетти, мени унутту, экинчи кайрылып келбейт. Мен эми жападан жалгыз калдым, мындай жалгыздык башыман өтпөгөн.

Балаң өлгөн соң сенден мага эчтеме калбады, жадегенде бир ооз сөз жазылган алакандай кагазың жок. Эгер көзүңчө бирөө мени атыман чакырса, кулагына куру жаңырыктай угулар эле. Сен үчүн өлүк болсом, өлүмдү издебегенде эмне кылам? Сен менден кеткен соң мен сенден кетпегенде не кылам? Жок, сүйгөнүм, сени күнөөлөбөйм, куттуу үйүңдү кайгым менен караңгылаткым жок. Коркпой эле кой, арманымы айтып, сени жадатпайын. Бирок балам өлүп, кароосуз жаткан чакта өмүрүмдө бир жолу ичимди куйкалаган бугумду ый аралаш төгүп айтайын да. Жок дегенде сени менен бир эркимче сүйлөшөйүн, анан өзүм эле унчуктурбас караңгы көргө түшөм. Жаныңда эле жүрүп үн катпай келгендей мындан ары да үн катпас болом. Бирок көзүм тирүү кезинде бул үнүмдү угузбайм. Бул керээзимди, сени башка эч бир сүйбөгөндөй сүйүп жүрүп, бу дүйнөдөн кеткен аялдын керээзин мен өлгөн соң окуйсуң. Сен ал аялды эч качан тааныбадың. Ал өлөр өлгөнчө сени күттү, бирок сен чакырбадың. Балким, ушул керээзимди окуп алып чакырарсың, бирок мүрзөдө жатып үнүңдү укпайм го, өмүрүмдө биринчи жолу сага тил албай койгонум ошол болор. Сен мага эчтемени калтырбаган сыңары мен да сага сүрөтүмдү да, эстелик болор бир белгими да калтырбай кетип баратам. Сен мени эч качан тааныбадың эле, эми тааныбай калганың ошол. Тирүүмдө тагдырым ушундай болду эле, өлгөнүмдө да ошондой болсун. Өлөр алдымда сени чакыргым келбейт. Бул дүйнөдөн өтүп баратам, сен менин атымды да, өң-түспөлүмдү да билбей калганың ошол. Өлүмдөн коркпойм, анткени алыстагы сен ага кейибейсиң. Эгер менин өлгөнүмө сен кейисең, мен минтип өлбөйт элем.

Дагы узартып жазууга алым жок… Башым зыңгырап, бүткөн боюм салмактанат… Оорубаган жерим жок, чыйрыгып отурам… Жатпасам болор эмес. Бул кыйноо жакында бүтөр дейм. Тагдыр мага жадегенде бир жолу боору ооруп, баламдын сөөгүн көргө алып кетишкенин көрсөтпөс… Болду, жаза албайм… Кош бол, жаным, кош, ыраазымын сага… Өткөнгө кейибейм, баары жакшы өттү… жаным чыкканча сага ыраазылыгым оозуман түшпөйт. Айтайын дегенимди бүт айтып алганга жеңилденип калдым. Сени канчалык берилип сүйгөнүмү эми билерсиң, билбесең да баамдарсың жана менин сүйүүм сага оордук келтирбейт. Өлгөнүмдү билбей калганың мени жубатат. Сенин таң-тамаша, жарык турмушуң өзгөрбөйт. Менин өлүмүм аны көөлөбөйт. Ошондуктан өлүш жеңил, сүйгөнүм!

Бирок ким… ким туулган күнүңдө сага ак розаларды жиберип турар экен? Оо, жаным вазаң бош калып, жылына бир жолу сага жетип туруучу өмүрүмдүн алсыз илеби да кошо жок болот ээ! Жаным, уксаң, суранам, бул менин эң биринчи жана эң азыркы сураганым, ар жылы туулган күнүңдө ак розаларды сатып келип, вазаңа салып кой, туулган күнүндө адам өзүн ойлойт эмеспи… мен үчүн ошону аткара жүрсөң. Жакыны өлсө, жылына бир жолу куран окуган адамдардай сен да жылына бир жолу менин керээзимди аткара жүр. Кудай бар дегенге мен ишенбей калдым, мага куран окугандын кереги жок, сага гана ишенем, сени гана сүйөм, ошол үчүн көңүлүңдө жашасам дейм… Жаныңда эле жүрүп өмүр бою билинбеген сыңары жылына бир эле жолу мени эскерип койсоң, мен ыраазымын… Же сүйгөнүм, ушул өтүнүчүмдү жерде калтырбасаң экен. Бул өтүнүчүм эң биринчи… жана эң акыркы… Ыраазымын сага… Сүйөм сени… сүйөм… кош…»

Жазуучу Р. мууну бошоп, колу титиреп, катты койду да, көпкө тунжурап ойлонуп калды. Коңшу квартирадагы кичинекей кызды, анан көчөдөн жолуккан кызды, анан түнкү кабарэден ээрчитип келген аялды элес-булас эсине түшүрдү. Суу түбүндөгү таш кубулуп көрүнгөндөй бул элестер да үзүлүп-үзүлүп булаңгыр элестейт. Желге титиреген шамдын алсыз жарыгынан түшкөн көлөкө сыяктанып бирде көрүнө калып, кайра жоголуп, эске түшкөндөрү дааналанбады. Ал оюнда эмес, туюк сезиминде эстеди, бирок айкындап эсине келтире албады. Баары өңүндө эмес, түшүндө гана болгондой сезилет.

Ошентип байкоосуз отуруп, стол үстүндөгү вазага көзү түшө калды. Ваза бош турат. Көп жылдардан бери туулган күнүндө гүл туруучу ваза бүгүн бош. Селт этип чоочуп кетти: Эшиги ачыла бергендей болуп, тынч бөлмөнүн ичине башка дүйнөнүн, көрдүн суук шамалы сокконсуп, Р.дин аза бою дүркүрөдү. Ага өлүмдүн илеби жана сүйүүнүн өлбөс-өчпөс деми ургансыды. Көңүлүндө, жүрөгүндө бир нерсе көрүнбөгөн элеси көз алдында тартылып, алыстан улам күчөп угулган музыкадай көңүлүн бүт ээлеп баратты.

Которгон Ашым ЖАКЫПБЕКОВ1450176625_11797-410-1449473484

1965-ж.

Белгилүү жазуучу, КР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ашым ЖАКЫПБЕКОВ(1935–1994) көркөм котормонун да мүрөл үлгүлөрүн жараткан. Анын котормосунда Чыңгыз Айтматовдун көпчүлүк чыгармалары, М. Ю. Лермонтовдун «Биздин замандын уулу», С. Цвейгдин новеллалары ж. б. нукура кыргыз тилинде сүйлөгөн. А.Жакыбековдун УЛУУ ТОО новелласын ушул шилтемеден окуй аласыз…

[1] «Миң бир түн» жомогунун каарманы.

[2] Оорулуу кишилерди тейлөөчү медициналык кенже кызматчы.

[3] Градо-Адриат деңизинин жээгиндеги белгилүү курорт.

[4] Земмеринг-Штирий Альпысындагы кышкы курорт.

[5] «Терезианум» 1746-жылы император аял Мария-Терезия тарабынан, австриялык ак сөөктөрдүн балдары үчүн ачылган окуу жайы.

[6] Ринг-Штрассе Венадагы тегерек көчө.

[7] Эстрадасы бар чакан ресторан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *