Ханс Кристиан АНДЕРСЕН (1805–1875) – Дания жазуучусу, улуу жомокчу. Алгачкы чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштаган («Өлүм алдындагы бала» ж.б.). «Эки баронесса» (1849), «Импровизатор» (1835), «Жөнөкөй скрипач» (1837) аттуу романдары, «Мулат» (1839) драмасы менен белгилүү. Бирок элдик оозеки чыгармалардын нугунда жазылган жомоктору анын атын дүйнөгө дүң кылып, бир жарым кылымдан ашуун балдардын да, чоңдордун да сүймөнчүлүгүнө айланып келет. Анын айрым жомоктору өткөн кылымдын отузунчу жылдарынын аягында кыргыз тилине которулуп, 1959-жылы китеп болуп чыккан.

Оттук таш

Дүйнөлүк жомок

Жоокер жолдо келатты: Бир-эки! Бир-эки! Жонуна асынганы – баштык, жанына байланганы – кылыч: жоокер жоодон үйүнө кайтып баратыр. Аңгыча алдынан мастан кемпир чыкты. Өңү ушунчалык суук: алдыңкы ээги эмчегине түшүп кетиптир.

– Жол болсун, жоокер! – деди ал.

– Кылычың шумдук курч сындуу! Баштыгыңа бүт дүйнө батчудай! Жоокер болсоң, сендей бол! Акчага да азыр каалашыңча карк болосуң.

– Айтканың келсин, карт мастан, – деди жоокер.

– Тетиги кулач жеткис карт даракты көрүп турасыңбы? – деди мастан колун жаңсай. – Ошонун ичи көңдөй. Чокусуна чыксаң, көңдөйгө кирер тешикти көрөсүң. Ошого кир дагы дарактын түбүнө дейре түш. Мен белиңди аркан менен байлап, бир учун кармап турам, качан сен бүттү дегенде тартып алам.

– Аякка эмнеге түшөт элем? – деп сурады жоокер.

– Акчалуу болуш үчүн! – деди мастан. – Көңдөйдүн түбүндө жер алдына түшөр жол бар: ал ушунчалык жапжарык – жүздөгөн шам күйүп турат. Ошол жол менен бассаң, алдыңан үч каалга чыгат, үчөөнү тең ачсаң болот, ачкычтары сыртында. Биринчи бөлмөгө кирсең, төрдө турган чоң сандыкты көрөсүң. Үстүндө эки көзү эки чай чыныдай дөбөт отурат. Сен андан коркпо! Мен сага көгүлтүр чакмак алжапкычымды берем. Аны бөлмөгө жая сал дагы, итке эч ийменбей жетип, жетелеп келип алжапкычка отургузуп кой. Анан сандыкты ач дагы, андагы теңгелерден коюн-колтугуңа көтөрүшүңчө шыка. Бирок бул сандыкта жалаң жез тыйындар; күмүш тыйындарды алат элем десең, коңшу бөлмөнү ач: анда эки көзү тегирмендин эки барасындай дөбөт отурат! Арийне, андан да коркпо: менин алжапкычыма отургуз дагы күмүштөрдү күркүрөтүп ала бер. Жок, жалаң алтындан алам десең дагы каалашыңча аласың: анүчүн үчүнчү бөлмөгө кир. Андагы жыгач сандыктын үстүндө да дөбөт отурат, эки көзүнүн ар бири – Тегерек мунарадай. Мына, дөбөт болсоң ушундай бол! Сен андан да коркпо: менин алжапкычыма отургузуп койсоң, ал сага үрүп да койбойт. Анан алтынды ала бер, каалашыңча!

– Аның жаман эмес, – деди жоокер. – Бирок анын акысына эмне сурайсың, картаң мастан? Сенин мага ичиң бекер эле ийип аткан эместир?

– Мен сенден түк да албайм! – деди мастан. – Чоң энем аякка акыркы жолу барганда эски оттук ташын унутуп келиптир. Болгону ошону апкелип бер.

– Болуптур, байла анда мени арканың менен! – деп буйра сүйлөдү жоокер.

– Мына, дапдаяр! – деди мастан. – А бул менин көгүлтүр чакмак алжапкычым.

Жоокер дарактын башына чыгып, тешик аркылуу көңдөйдүн түбүнө түшүп, мастан айткандай, жүздөгөн шам күйгөн кенен десе кенендиги, узун десе узундугу ашкан бөлмөгө туш болду.

Ал биринчи каалганы ачты. Оми-ий! Көздөрү чай чыныдай дөбөт жоокерди акырайып-чакырайып тиктеп турат.

– Эмесе, мындай азаматым! – деп жоокер дөбөттү жетелеп келип, мастандын алжапкычына отургузду да, чөнтөктөрүнө жез теңгелерди шыкады, анан сандыкты жаап, үстүнө итти кайрадан отургузуп койду. Ошентип тиги бөлмөгө жөнөдү. Кудай бетин көрсөтпө, төрдө эки көзү тегирмендин эки барасындай ит отурат.

– Неге мынча тигилесиң? Көзүңө зыян! – деп, жоокер итти мастандын алжапкычына жана отургузду. Сандык толтура күмүш экендигин көрүп, чөнтөктөрүндөгү жез теңгелердин бардыгын төгүп, чөнтөктөрүнө, баштыгына күмүш теңгелерди солоду. Андан соң үчүнчү бөлмөгө баш бакты. Балакет бас! Тегерек мунарага окшогон бул иттин эки көзү кудум эки дөңгөлөктөй тегеренет.

– Улуу урматтуу! – деп жоокер шашканынан честь берип жиберди, анткени мындай итти түшүндө да көргөн эмес.

Арийне, аны көпкө көшөрүп караган жок, акырын алжапкычты жайып, анын үстүнө муну дагы отургузуп, сандыкты ачты. Акебай, алтын деген тим эле жайнайт! Ал буга бүт Копенгагенди, таттуу саткан аялдан бүт набат торопойлорду, дүйнөдөгү бүт калай солдаттарды, бүт жыгач аттарды жабдыктары менен сатып алмак! Баарына, бардыгына жетмек. Жоокер чөнтөктөрү менен баштыгындагы күмүш тыйындарды какты дагы, чөнтөктөрүнө, баштыгына, шапкесине, өтүктөрүнө алтын тыйындарды шыкады, шыкаганда да араң көтөрүп баса тургандай шыкады. Мына, анык акчага эми ээ болду!

Итти кайра сандыктын үстүнө отургузду, анан эшикти бекем жапты дагы:

– Тарт мени, картаң мастан! – деп кыйкырды.

– Оттук ташты алдыңбы? – деп сурады мастан.

– Туй, ата, унутуп кала жаздапмын! – деп жоокер кайра кайрылып барды да, оттук ташты тапты.

Мастан аны жогору тартып чыгарды, ал кайрадан жолдо турду, бирок бу саам чөнтөктөрү да, өтүктөрү да, баштыгы да, баш кийими да толо алтын.

– Оттук ташты эмне кыласың? – деп сурады жоокер.

Мастан ачуулана кетти:

– Аны менен сенин эмне ишиң бар? Акчалуу болдуңбу, оттук ташты бер дагы, жолуңа түш!

– А түшпөсөмчү? – деди жоокер. – Оттук ташты эмне кыларыңды айт, болбосо, кылыч мойнуңа ойноп кетет.

– Айтпайм! – деп айкырды мастан.

Жоокер башын кыя чапты. Мастандын өлүк денеси жерге кулады. Жоокер мастандын алжапкычын жерге жайып, бардык акчаларын анын бетине төгүп, түйүнчөк кылып түйдү да, аны жонуна көтөрүп, оттук ташты чөнтөккө салып, калааны карай бет алды.

Бул калаа карап көз тойбогондой кооз эле; ал эң кымбат кербен сарайга жайгашып, кенен бөлмөгө кирип, жакшы көргөн тамактарын алып кел деди. Канткен менен ал эми жеткен бай да!

Бут кийимин тазалаган кызматчы ушунчалык бай туруп, эски өтүк кийип жүргөнүнө таң калды. Анткени ал жаңысын сатып алууга үлгүрө элек болучу. Эртеси ал жаңы өтүк сатып алды, бир сыйра кымбат баалуу кийим кийинди. Катардагы жоокер эми кадимки ак сөөк кожоюнга айланды. Малайлар чарк айланып кызмат кылышты, бул калаанын бүт керемет келбетин, королду, анын келишкен сулуу кызын айтып аңгеме курушту.

– Ал кызды көрсө болобу? – деп сурады жоокер.

– Ал оозуңдан отуз эки айлансын, – дешти алар. – Кыз эбегейсиз чоң, дубалдары бийик мунаралуу жез сепилде жашайт. Ага королдон башка эч ким баш бакпайт, анткени кызың карапайым жоокерге турмушка чыкканы атат деп ишендирип коюшуптур, а королдор карапайым жоокерлерди жактырбайт эмеспи.

«Бирок кызды бир көрүп коюш керек эле», – деп ойлоду жоокер.

Ага ким эле «ме!» деп көргөзө коймок?!

Арийне, ал байлыкка балкып жашай берди: театрларга барды, королдун бакчасында сайран курду, жардыларга акчалай жардам берди. Туура да, анткени чөнтөктө жарым тыйыны жоктордун жайын андан жакшы ким билет? Азыр болсо ал бай, кийимдин эң кымбатын кийип, достордун эң мыктысын күттү. Алар аны ашкан мыкты, жеткен берешен, анык азамат аташты. Андай сөз ага жагат эле. Ошентип ал алтынын ары да чачты, бери да чачты. Акыры баягы алтындар түгөнүп, колунда болгону эки эле теңге калды. Эмне кылат? Келишкен кең бөлмөдөн так чатырдын алдындагы тар бөлмөгө көчүүгө туура келди. Өтүгүн өзү тазалап, атүгүл жамап-жаскоого өттү; достору да баягыдай каттабай калды, анткени бийик чатыр алдына чыгып баруу бир топ кыйынчылыкка турмак.

Кайсы бир кечте жоокер куркулдайдын уясындай тар бөлмөсүндө отурган; караңгы эле, шам алып жакканга тыйыны жок; кайдан-жайдан экени белгисиз, бир убакта баягы мастан кемпир жер алдына оттук таш издетип түшүрөрдөгү күйгүзгөн шамдын түбү эсине түшө калды. Жоокер аны алып чыгып, жандырайын деп оттук ташты чага баштаганда, бөлмөнүн эшиги шарт ачылып, жер алдындагы баягы эки көзү эки чай чыныдай дөбөт кирип келди:

– Эмне дейсиз, төрөм? – деп арсылдады ал.

– Кеп деп ушуну айт! – деди жоокер. – Көрсө, бул кереметтүү таш турбайбы; муну менен каалаганымды жасатсам болот экен да! Кана, мага акча алып келе калчы! – деди ал дөбөткө. «Ай!» дегиче көздөн кайым болуп, «буй!» дегиче жез тыйын толгон капчык тиштеп жетип келди. Жоокер ошондо түшүндү, бу оттук таштын өнөрү оңой эместигин. Ташты бир ирет чагасыңбы – жез теңге салынган сандыкта отурган ит чыгат экен; эки ирет чагасыңбы – күмүш сандыкта отурган ит пайда болот; үч ирет чагасыңбы – алтын сандык кайтарган ит алдыңда.

Жоокер кайрадан кенен бөлмөгө кирип, жаңы кийим кийип, кериле басып калды; эски жоро-жолдоштор кайрадан артынан ээрчип, аны алкаган сөз жаадыра баштады.

Күндөрдүн бир күндөрүндө: «Кандын кызын бир көрбөй калуу кандай акмакчылык? Ашкан сулуу дешет, анысынан эмне опа? Дубалы асман тиреген мунаралуу жез сепилге отургандан башкага жарабаса. Мен аны бир көрүп, бир көзүм менен болсо да карап калууга жарабайымбы?» деген ой келди башына. Ошентип отуруп, оттук ташты бир чакты эле, «ай!» дегиче баягы эки көзү эки чай чыныдай дөбөт кирип келди.

– Азыр, албетте, караңгы түн, – деди жоокер. – Бирок мен кандын кызын бир көрүүнү ушунчалык каалап турам.

Дөбөт «ай!» дегиче көздөн кайым болуп, «буй!» дегиче кандын кызын көтөрүп жетип келди. Кандын кызы уйкуда бойдон дөбөттүн жонунда. Анын сулуулугун айтууга сөз жетпейт; караганда эле анык кандын кызы экендиги байкалып турат. Жоокер чыдабай кетип, бир өөп алды. Канткен менен чыныгы жоокер да!

Дөбөт кандын кызын кайра ордуна жеткирип койду. Ал эртең мененки чайга отурганда жоокер менен ит тууралуу түндө көргөн керемет түшүн кан менен канышага айтып берди. Негедир ит минип алыпмын, жоокер мени өптү сыяктанат, – деди.

– Тирукмуш түш экен, – деди каныша.

Анткен менен ал түнү кызынын жаткан жайын улгайган кызматчы аялга кайтартып, бул жөнеле түшпү же дагы бир балакетпи? – билсин дешти.

А жоокер кандын кызын кайрадан көргүсү келип, ушунчалык дегдеп чыкты. Дөбөттү кайрадан чакырды, дөбөт кайрадан желдей учуп жетип, кызды бөктөрүп жөнөдү. Үй кызматчы аял суу өткөрбөс өтүк кийип, аркасынан кууп, кызды заңгыраган бир үйгө алып кирип кеткенин көрдү да, эртеси адашпай табуу үчүн дарбазага бор менен белги салып, сепилге келип уктап калды. Дөбөт кызды кайра жеткирип баратып, ал белгини байкап, калаадагы бардык дарбазаларга ошондой белги салып чыкты. Акылдуусун карабайсыңбы, кызматчы аял эми кайсыл каалганы ушул деп кагат.

Эртеси таң эрте кан менен каныша кызматчы аялды баш кылып, аскер төбөлдөрүн төш кылып, түндөгү үйдү издеп жөнөдү.

– Мобул үй экен! – деди кан, белги урулган биринчи дарбазаны көрүп.

– Жок, бул сыяктанат, – деди каныша башка дарбазага урулган белгини жаскап.

– Тиги дарбазага, бу дарбазага да… баарында белги бар экен, – деп чуулдашты башкалары. Акыры ал белгилер менен эч нерсе табалбасына көздөрү жетти.

Арийне, каныша жалаң шаан-шөкөт үчүн эле жаралбаган акылдуу жан болчу. Ал алтын кайчы менен ар түркүн жибек кездемелерди куракка ыла йыктап кесип, андан кичинекей баштыкча тигип, ага толтура акталган таруу салып, аны кызынын жонуна билгизбей байлады да, кыз бараткан жолго чууруп агып турсун үчүн баштыкчанын түбүн билгизбей тешип койду.

Түндөсү дөбөт кайрадан келди, кандын кызын кайрадан жонуна арта салып, жоокерге желип-жортуп жеткирди. Жоокер кызды ушунчалык сүйүп, ага үйлөнүш үчүн бардыгына кайыл болуп калган.

Дөбөт сепилден баштап, жоокердин терезесинин түбүнө чейин актаган таруу агып отурганын абайлаган эмес, тек гана терезеден аша секирип түшкөн. Таң агарып, жарык жерге жайыла баштаганда кан менен канайым чуурган таруунун изи менен түндө кызы барган үйдү таап алды, жоокерди түрмөгө салды.

Түрмөнүн ичи көрдөй караңгы, тирукмуш тажатма экендигин айтпа! Аны камашты да: «Эртең даргага асыласың!» – деп коюшту. Ал ага, албетте, оор тийди, анын үстүнө оттук ташты үйгө – кербен сарайга унутуп коюптур.

Жоокер эртең менен темир менен тордолгон кичинекей терезеден көчөнү карады: жоокерди кантип дарга асарын көргүсү келгендер топурап топтолуп атыр; барабан бапылдап, аскерлер тизилүүдө. Бүт эле шашып, чуркап жүрөт. Кара алжапкыч тагынган өтүкчү бала да каяккадыр шашып алган, бирдемеден секирип өтөм деди эле, бир бутундагы туфли ыргып кетип, жоокер отурган түрмөнүн дубалына тийди.

– Эй, энтеңдеп кайда шашып алгансың? – деп кыйкырды жоокер балага. – Мен болмоюн, иш башталбайт! Андан көрө мен жашаган үйгө барып, оттук ташымды алып келе койсоң, төрт теңге берем. Бирок бачым!

Төрт теңгени укканда балага канат бүтүп кеткенсип, учуп жетти да, оттук ташты жоокердин колуна карматты. Анан… Ананкысын азыр угабыз.

Калаанын как ортосуна калдайган дарга орнотушту, аны курчап миңдеген аскер, жүз миңдеген кишилер турду. Кан менен каныша соттор жана кан кеңешинин тике маңдайындагы алтын тактыда отурду.

Дардын тепкичинде турган жоокердин мойнундагы аркан жуп тартыларда, жоокер кылмышкердин жанын кыярдан мурда анын кандайдыр бир каалоосун аткаруу парз экендигин эскертти. Ал акыркы жолу канжасын кана соруп алууну каалап турганын айтты, канткен менен бул жарыктагы акыркы каалоом, – деди.

Кан анын көңүлүн кайт кылбады, жоокер жанынан оттук ташты алып чыкты. Алып чыкты да, бир, эки, үч ирет чакты эле, шарт этип үч дөбөт: эки көзү эки чай чыныдай дөбөт, эки көзү тегирмендин эки барасындай дөбөт, эки көзүнүн ар бири Тегерек мунарадай дөбөт пайда болду.

– Кана, мойнумду аркандан чыгарууга жардам бергиле! – деп буйра сүйлөдү ал.

Үч дөбөт соттор менен кан кеңеши турган жакка атырылып коё берди: бирөөсүн буттан, бирөөсүн мурундан тиштеп ыргытып, чаңын асмандан чыгарды; бардыгы кыйрысын түшүп, кыйрап калды.

– Бизге тийбе! – деп кыйкырды кан. Ага болчубу, эң чоң дөбөт канды каныша менен кошо ыргытып, андан нары кол сала баштады эле, коркконунан жаны кокосуна тыгылган аскерлер менен жарданган калк жаалап ийди:

– Ай, азамат, бизге кан да бол, кандын кызына да үйлөн!

Жоокерди кандын азем каретасына отургузушту, алдында баягы үч дөбөт бийлеп, «ураалап» барат. Балдар колун оозуна салып ышкырып, аскерлер какыйып тизилип турат. Кандын кызы жез сепилден чыгып, каныша болгонуна сүйүндү. Үйлөнүү үлпөтү бир жумага созулду: үч дөбөт да укмуштуудай көздөрүн аңтарылтып, дасторкондо отурду.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *