Түрк жомогу

Илгерки бир замандарда бир падыша жашаптыр. Анын баласы жок экен.

Бир жолу ошол падыша сейилдегени чыгат. Сейилдеп жүрүп булактын жанына токтоп, даарат алып, намаз окуйт. Анан караса эле жанына бир дервиш келип калыптыр.

— Ассалому алейкум, падыша! — дейт ал.

Падыша саламга алик алып тигиге кайрылат:

— Сен менин падыша экендигимди кайдан билдиң? Андай билгич болсоң менин ичимдеги кайгым неден экенин да айтып берчи?

Дервиш унчукпай туруп, баштыгынан жалгыз алма алып чыкты да, аны падышага сунуп минтти:

— Сенин кайгың – балаңдын жоктугунда, ушул алманы ал да жарымын өзүң же, жарымын аялыңа жедир! Анан ай-күнү келип уулдуу болосуң, жыйырма жашка чейин ошол уулуң өзүңкү болот, а жыйырмадан кийин – меники!

Ушинтет да дервиш кетет.

Падыша ордого кайтып келип, дервиштин айтканын аткарат. Ошол күн анын аялынын боюна бүтөт.

Тогуз ай, тогуз күн өтүп падышанын үйүнөн баланын ыңаалаган үнү угулат. Буга кубанган өкүмдар бүт элге чоң жентек той берет.

Мезгил жыла берет. Бала бой жетет. Беш-алтыга жеткенде аны окуганга маалимге тапшырат. Он төрт-он бешинде сейилдеп чыгат, куштарга аңчылык кылат.

Жигиттин жашы жыйырмага барат. Атасы баласына аял алып бермек болуп, элден эл, журттан журт кыдырып жүрүп, бирөөлөргө куда түшөт.

Нике болор түнү мындан жыйырма жыл мурда булакта падышага алма берип кеткен дервиш пайда болот да, ал жигиттин бөлмөсүнө чейин кирип, аны белгисиз бир жакка ээрчитип кетет.

Дервиш жигитти тоо чокусуна алып келип, ошол жерге калтырат да минтет:

— Ушул жерде кесерип отур, жылба!

Шахзаада айткандай эле эч жакка кетпей көпкө отурат. Коркот. Бир убакта үч көгүчкөн учуп келди да тоодон ылдый дайрага түшүп, анан эле үч көгүчкөн үч кызга айланып, үчөө кийимдерин чечип сууга кирип кетти.

Шахзаада сыр алдырбай акырын басып келип кыздардын биринин кийимин катып алды. Бир убакта сууга түшүп бүткөн кыздар кургакка чыгып, экөө кийинди да, кайрадан көгүчкөнгө айланып учуп жоголду. Үчүнчү кыз болсо этине жабар кийим жок, не кылар айласын таппай ары жактан издеди, бери жактан издеди, акыры шаштысы кете баштаганда, бет маңдайында турган жигитти көрүп калды. Ал кыз жылаңач этин алаканы менен далдоолоп жигиттен жалынып да, жалбарып да, урушуп да кийимдерин берүүсүн сурады. Шахзаада такыр көнбөдү. Ачуусу келген кыз:

— Сен бул жакка кайдан келдиң?! — деп урушту.

— Бир дервиш алып келди, — дейт беймарал жигит.

— Ошол дервиш менин атам. Азыр ал келет да, сени чачыңдан мынабул даракка асып, камчы менен сабап «түшүндүңбү?» деп сурайт, ошондо сен ага «түшүнгөнүм жок!» деп айткын. — Кыз чечкиндүүлүк менен жигитке ушинтип буйра сүйлөйт.

Ошондо жигит кызга кийимдерин берет. Ал болсо тез кийинет да, кайрадан көгүчкөнгө айланып учуп кетет.

Айткандай эле дервиш бир колуна камчы кармап жигитке жакын келип калыптыр. Ал шахзааданы чачынан даракка асып, бир нече жолу катуу өрүлгөн камчы менен келиштирип чабат. Анан минтип сурайт:

— Түшүндүңбү?

— Түшүнгөнүм жок!

Ушинтип бала жооп берген соң дервиш урганын токтотуп, ары басып кетет.

Үч күн ушул көрүнүш кайталанат. Үч күн тең падышанын баласы «түшүнгөнүм жогунан» башка сөзүн айтпай туруп алат. Төртүнчү күнү дервиш туткунун кое берет.

Шахзаада тоо башында кесерип темселеп жүрө берет, жүрө берет…

Бир жолу ага эне кептер учуп келет да, балапан берип, анан минтет:

— Манабул балапанды ал да, катып кой. Үч кыз ээрчитип дервиш келет да, сенден ошол кыздардын кайсынысына үйлөнөрүңдү сурайт. А сен койнуңдагы балапанды көрсөтүп, «алардын кайсынысына мынабул балапан учуп барса ошонусуна үйлөнөмүн» дегин! — Ошентет да эне кептер заматта учуп жоголот.

Эртеси дервиш үч кызды ээрчитип келет:

— Ушулардын кайсынысы сага жагат? — деп сурайт аларды көрсөтүп.

Жигит койнундагы балапанын көрсөтүп:

— Мынабул балапан булардын кайсынысына учуп барса, ошонусу жагат, — дейт.

Ошентет да шахзаада балапанды учурду эле, ал кайып учуп барып баягы кызга конду. Дервиш ал кызын жигитке колуктуга берди. Бирок кыздын энеси шахзаадага кызын берүүнү каалабады.

Шахзаада дервиш кошуп берген колуктусун ээрчитип тоодон шаарга карап келатты. Бир убакта алардын артынан куугун түшкөнүн баамдап калышты. Бул кыздын энеси эле. Ал эне сыйкыр билчү жана анча-мынчасын кызына да үйрөткөн.

Кыз сыйкыр менен жигитти чоң бир бакка айлантты да, өзү багбан болуп алды.

Энеси чуркап келет:

— Эй, багбан, ушул жерден бир кыз-жигит өттүбү? — деп сурайт күйүгүп.

Багбан айтат:

— Энеке, мен шпинат[1] али отургузганым жок — бир-эки айдан соң кел.

Сыйкырчы аял мындан эч нерсе чыкпашын түшүнөт да жолун улайт.

Ал кетери менен кыз бак менен багбанды кайра кыз-жигитке айландырып, экөө сапарга аттанат. Сыйкырчы караса эле кыз-жигит баратат.

Дагы артынан түшөт.

Кыз апасынын келатканын байкап, эми бир сыйкырлоо менен шахзааданы тандырга айлантат да, өзү нан жапкыч болуп алат.

Сыйкырчы өнтөлөп келип нан жапкычка кайрылат:

— Сен ушул жерден кыз-жигиттин өткөнүн байкай алдыңбы?

А нан жаап аткан айтат:

— Наным али бышкан жок. Жаңы эле жаптым, жарым сааттан кийин кел, ошондо мен сага ысык нан берем!

— Алтыным, мен сенден нан сурап аткан жокмун. Мен сенден кыз-жигит өткөн жокпу деп сурап атам!

— Алтыным, менин ичим уят кылды, бир аз чыда, бышсын, анан берем да!

Эне тигил нан жапкыч эч нерсени түшүнбөйт экен, жинди чалыш неме турбайбы деп ойлоп, кайрылып жолго түштү.

Тандыр менен нан бышыргыч кайрадан адамга айланып качып жөнөдү.

Сыйкырчы караса, кыз-жигит баратат. Ошондо ал бак жана багбан, тандыр жана нан жапкыч – баары кызынын сыйкыры экенин түшүндү. Эки эсе күч менен тигилерди кууп жөнөдү.

Кыз караса, энеси келип калыптыр. Жигитти сыйкырлап көлгө айлантты да, өзү өрдөк болуп көл үстүндө сүзүп калды.

Энеси чоң көлдөн өтөр жер таппай атты, ары-бери чуркады, ага түшүүдөн да коркту, акыры артка кетти.

Сыйкырчы апасынын кеткенин көрүп кайра көлдү жигитке айлантты, өзү өрдөктөн мурдагы кыз кейпин кийди. Жол улашты.

Ошентип алар падышанын шаарына жакындады. Кербен сарайга келгенде жигит кызга айтат:

— Сен мында туруп тур, мен сага араба айдатып, кийим ала келип, анан алып кетем.

Анан ал кетет. Келатса эле баягы дервиш дагы алдынан чыгып кармап алып, жан кишиге туйдурбай хан ордодогу баягы нике түндөгү өзү алып кеткен бөлмөгө кайра алып келип таштайт.

Ал жерде мамык төшөктөр салынуу болот. Бир кыз турат. «Эмне, менин көргөн-билгенимдин баары түшүмбү?» деп ойлойт шахзаада.

Кербен сарайдагы кыз аны күтүп атып жадап кетет. Жигит келбейт. Ошондо кыз кайрадан көгүчкөнгө айланып, шахзааданын нике бөлмөсүнүн терезесине учуп келип конот.

— Ой, алдамчы! Мени жолдо калтырып, башка кызга башыңды кошкон атыпсың! — деген кептер канаттарын күүлөп учуп жоголот.

Ошондо падышанын баласы эсине келип, анын көргөн-билгени түш эмес, өңүндө болгондугун туят. Бөлмөсүнөн чуркап чыгып, кербен сарайга араба, кийим алып жетип барып, аердеги кызды хан сарайга шаан-шөкөт менен алып келет.

Жигит биринчи кызды үйүнө жеткиртип, өзү болсо дервиштин кызы менен никеге турат.  Ошентип алар кырк күн, кырк түн тойлошот да максат-мураттарына жетип жашап калышат.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Шпинат – жашылчанын бир түрү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *