Көч үзүлгөн жок. Кыргыз кино тарыхындагы биринчи жолу тартылган эпикалык негиздеги «Курманжан датка» тасмасынын кеңири масштабдуулугу коомчулук күтпөгөн, атүгүл кино адистери да күтпөгөн маданий жаңылыкты жаратты. Көркөм табылгалары менен  эл аздектер чыгарма тартылганына күбө болдук. Жогорку деңгээлдеги коэффиценттик өзгөчөлүктөрү толук иликтенер, жиликтенер мындай тасма кыргыз кино өнөрүндөгү жаңы бурулуш, жаңы доор, жаңы дүбүрт, жаңы мектеп, жаңы бийиктик. Совет доору менен бирге «Кыргыз керемети» атанган кино көчү да үзүлдү деген басыңкы маанайды кайрадан дүрт эттирип жандырган чыгарма аталган фильм болду. Өрнөктүү нуска болор чыгарма жаралмайын көркөмдүк сапаты жагынан баары шайма-шай тасмалар албетте тартылбайт.

Аталган тасма эми учурдагы ат тезегин кургатпай чампаланган сапатсыз фильмдерге ориентир болуп берери шексиз. Канчалаган оор жүктөрдү ташуучу эшелондорду жалгыз локомотив ордунан козгогон сыяктуу эле жалпы чыгармачылык аренада деле өз үзөнгүлөштөрүн жарышка атаандаштырар күч болот. Тизгин талаш жарыш ошондо күчөйт. Биз «Курманжан датка» тасмасы аркылуу башкы кейипкердин гана образын көргөнүбүз жок, фильмден этностук түшүнүктөргө акцент берилген салт-санаа, улуттук кулк-мүнөздү чагылдырган эң башкы өзгөчөлүктөрдү көрдүк. Артта да жоон топ актёрлук ансамбль өсүп келаткандыгына күбө болдук. Тасманы карап отуруп М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова,С.Жумадылов, Т.Турсунбаева, Б.Бейшеналиев сындуу улуу таланттардан калган актерлук мектептин пайдубалы сакталып келатканына ынанасың. Кинодогу арбир эпизодго катышкан актер-актрисалар көрүүчүлөрдү толук ынандырар чеберчиликтерин көрсөткөн бул тасмадан фальшь сезилбейт.skrinshot-30-07-2014-123550

Убагында дүйнө элине жапон элинин катмарда катылып жаткан этностук өзгөчөлүгүн, кулк-мүнөзүн, фольклорун, цивилизациясын, тарыхын кино тасма аркылуу баяндап берген Акира Курасава чыкса, «Курманжан датканын» режиссеру Садык Шер-Нияз да өз элинин басып өткөн тагдыр жолун, көкүрөк көйүн, көксөгөн муратын чагылдырат. Режиссер фильмдин прологунда кыргыз элинин качанкы канабайрам канбулоон доорундагы географиялык картасындагы эбегейсиз территория кумдай эшилип, жар кырындай кулап отуруп акыры үзүктөй картага ээлик кылып калган мамлекет тагдыры туурасында чыгарма экендигин эскертет.

Адегенде эле манасчынын үнү коштогон кадрдагы окуя үңкүрдөн башталат.  А үңкүр эмнени туюндурат? Сакралдык түшүнүк, сырдуу дүйнөнү. Ал адамзаттын байыртан берки бейаңсезимде сакталып келген мифтик кубулуштар менен кенч-казынасын коштогон түшүнүк. Кайсыл элдин жомогу, фольклорунда болбосун үңкүр кенч-казына катылган өзгөчө сырдуу дүйнө. Фильмдин эң башында көрсөтүлгөн үңкүр, туман, от жана манасчынын үнүн символдук белги катары белгилесек болот. Болгондо да Манастын чоң казаттан өзү баштап жарадар болуп Алманбет, Сыргак, Чубак өңдүү ишенген чериктеринен ажырап, кырк чоросу кемип турган жерин үнкүрдөгү олуя ата уй мүйүз тартып тегеректеген элге баяндап берип отурганы – чегесиз элдин журт башы болор бирөөнү күткөн көксөөсү. Кылымдар бою эл чегеси болор эр чыкпай келген көксөөбүз бүгүн да көкүрөгүбүздө турат ко… Үңкүрдөгү олуя ата «Манастан» үзүндү айтып отурганда айлананы туман чалып турганы режиссердун гениалдуу символдук ишараты, табылгасы дээр элем. Себеби туман тунгуюктун белгиси. Ал кылымдап жашап келген кыргыз элинин тагдырындагы тумандап келген доор. Чыртылдап күйгөн от болсо жакшылыктын, үмүт-тилектин белгиси.

Атамзамандан бери эле материалдык баалуулук да, рухий баалуулук да дайыма үңкүрлөрдө катылып келген. Олуя чалыш даанышмандардын баары көөдөнгө жарык чачар күчтү элден оолактап, өздөрүн таануу үчүн акылмандуулукту үңкүрдөн издешкен. Үңкүр – адамзааданын бейаңсезиминдеги башпааналай турган жай. Фильмдин авторлору мифтик табылгага басым койгон көрүнүштөрдөн улам Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык ийгилигинин ачкычы туурасында да айтпай кетүүгө болбос. Себеби Айтматов элдик фольклорду, элдик мифтерди профессионал адабият аркылуу синтездей алган кудурети менен дүйнөнү дүңгүрөттү. Атактуу эстетик В.Шкловскийдин: «…мифтер устаканадагы аспаптар сыяктуу; алар сактап коюш үчүн эмес, узаныш үчүн керек» деген принцибин Ч.Айтматов кандай туура пайдаланса, «Курманжан датка» тасмасын жаратуучулар да В.Шкловскийдин андазасын ийгиликтүү колдонгон.

Албетте Курманжан датка боюнча эчбир тарыхта анын келечекте ким болорун алдын ала айткан олуя болгон эмес. Бирок бул жерде авторлук мифтин күчтүү таасири көрүүчүнү «чү» деген жерден ишендирер үнкүрдөгү кадрдан башталат. Эгерде бул кадр үңкүрдөн башка жайда тартылса, көрүүчүгө канчалык деңгээлде асиреттүү болмок? Бешиктеги баланын бек болоруна көрүүчүлөрдү ынандыруу үчүн жогорудагы мен санап өткөн символдук деталдардын үстүнөн сценарийдин авторлору абыдан дыкат иштегенин туюуга болот. Окуя үңкүрдөгү атмосфера аркылуу гана кабатталган көп ишаратты туюндурат. Мындай машакат чыгармачыл адамды миң толгонтмоюн оңой менен жаралбайт. Чакан бир эпизоддогу сыйымдуу окуяны авторлук миф, фантазия аркылуу белгисиз олуянын оозу менен айтырып койгондон мурда кадрдагы арбир деталды искусствонун көркөм арсеналдары аркылуу жеткирүүдө кино өнөрүнүн тили көп учурда көрүүчүлөргө түшүнүксүз бойдон калат. Ал эми «Курманжан датка» тасмасы кандай аудиториянын болбосун бүйрүн кызытып, бир эмес бир нече жолу кайра көрүп чыгууга кумарлантып, сыр катылган көркөм эстетикалык ырахаты көрүүчүнү улам өзүнө тартып тургандай чеберчиликте иштелгенин арбир кадр айтып турат.

Окуяны окуяга чырмаштыруу ыкмасы да өз орду менен. Режиссердун көркөм дөөлөткө энчилүү метофизикалык табылгаларды чоң чеберчилик менен кыйыштырган, жуурулуштурган эстетикалык туюму профессионал искусствобуздагы сейрек көрүнүш. Себеби кино өнөрүндө көп сөздүүлүктөн качуунун жолун изденген режиссерлор бизде жокко эсе.  «Курманжан датка» тасмасындагы эң башкы өзгөчөлүк ушунда жатат. Айтсак, Алымбек датканын башы алынар учур. Анда Алымбектин бир ооз гана кеби бар: «Азыр өмүрдөн да кабар кымбат». О.э. Алымбек датканын башы алынгандагы окуядан кийин эчбир сөз жок, Абдылдабектин өлүмүндө да ашыкча сөз жок, бирок эмне окуя болгону көрүүчүгө дароо түшүнүктүү. Ал эми Камчыбек дарга асылган акыркы эпизоддо бир ооз сөз айтылбайт. Болгону эне менен баланын көзкарашы аркылуу берилген ички диалог көрүүчүнүн психологиялык кабыл алуусун улам чыңап отуруп, өзүнөн өзү «…өлүмгө тике кара» дечү Курманжан датканын кебин айттыруунун кажети жоктугу туюлат. Эгер айтылган күндө бул фильм декеративдүү мүнөздөгү чыгармага айланып калмак. Ансыз да Курманжандын «…өлүмгө тике кара» дечү кеби чоңдорго эле эмес мектеп партасындагы окуучулардын да жадында жатталып калды го.

Аныгында Курманжан датканын жүзүнөн сызылган бир тамчы көз жашта эмне трагедия жатат? Ал көз жаш – бир ЭЛДИН тагдырын аяган ЭНЕ кургур өз уулун курмандыкка чалган аргасыз чара. Ал көз жаш – тар жол, тайгак кечүүдөгү мамлекеттүүлүктүн бүтүндүүлүгүн сактап калуунун жападан жалгыз жолу. Ал көз жаш – эл чегеси болор Эненин жүрөгү көтөрө алгыс улуу трагедия, бирок кайрат кылып, ушул гана чечимге барууга барып такалган финал. Ал көз жаш – артындагы эл тагдырын калчаган лидердин башына келген гана драма. Ал көз жаш – бүгүнкү күндөгү бийлик башындагыларга кыйыр мааниде көптү туюндурар да керээз жаш. Ал көз жаш – жалгыз гана бир эненики эмес…

Эпикалык тарыхый бул чыгарманын сөз кылууга арзый турган ыкмаларын көрүп отуруп, кыргыз кино өнөрүнүн горизонтунда кечээ эле пайда болгон Садык Шер-Нияздын чыгармачыл инсан катары ушунчалык бийик деңгээлге өсүп чыкканы мен үчүн бир эсе таңгалыштуу болсо, бир эсе күтүүсүз сыймык да болду. Себеби финалга чейин эле аталган фильм көп сөздүүлүктөн качып, көрүүчүгө баяндап берер окуяны метафора, символдор аркылуу кино тили менен жеткирүү ыкмасын колдонгон. Мисалга көңүлү сүйбөгөн Курманжанды Кулсейитке узатуудагы шаңкайган тоолордун төбөсүндөгү түнөрүп турган асман – көркөм элести жандантып турган метафора, режиссер тропикалык кубулуш аркылуу Курманжандын түнөргөн кабагын, булуттай каалгыган санаасын, асмандай бийик сүйүүсүнө колу жетпей узап бараткандагысын табият тарткылыгы аркылуу туюндуруп, адамдын ички маанайын булуттар аркылуу жеткиргени десек болот.

О.э. окуяны сыйымдуу формага салууда дагы чубалжыган баяндоодон качкан айрым сюжеттер ийгиликтүү ишке ашкан. Айтсак, ташбараңдагы окуя. Бул сюжет бир карасаң кереги жок ойдон чыгарылган окуя сыяктуу, бирок ташбараңдагы окуясыз Курманжандын бунтарлык мүнөзү менен чечкиндүүлүгүн элестетүү мүмкүн эмес. Ошол замандын көзү менен караганда: бойго жеткен кыз топ эркектин арасынан топтон суурулуп чыкканы анын салтта жок адепсиздиги эле. Арийне бул бирок Курманжандын чечкиндүү, адилеттиктен тайбас кашкөй кулк-мүнөзүн ача турган эң маанилүү эпизод. Эгерде ташбараң болчу жерден качып кеткен секелек кыздардын артынан Курманжан да ээрчип кеткен болсо, Алымбек датка экөөнүн ортосунда болчу мамиле окуянын кайсы жерине чейин созулуп бармак; ага чейин анын сөйкө салынган кыз экени көрүүчүгө качан маалым болмок? Эгерде режиссер окуянын түйүнүн тарыхый фактыга байлай турган болсо, фильм сериалга айланып, узаргандан узарып кете бермек. Атасы Маматбай үңкүрдөн ызырынып чыккан көрүнүштөн кийин колдоочусу жолборс тарапты карап турганда апасынын «Курманжан» деген үнү жаңырат. Болду, ошол замат булак башында отурган секелек кыз бир көзирмем мурдагы кадрдагы эле тестиер кыз экенин көрүүчү илгиртпей түшүнөт. Окуянын өнүгүүсүн дароо ташбараңга буруп, булак башындагы бой жеткен кыз Курманжан экени көрүүчүгө түшүнүктүү болор замат фильмдеги сыйымдуу иштелген картиналар логикалуу сызык аркылуу уланып кете бергени да режиссердун эң чоң чеберчилиги.

Ал эми Курманжанды күйөөгө узатуу алдындагы түтөп аткан арчанын жалыны да кокусунан өчүрүлбөйт. Бул картинанын артында көңүлү сүйбөгөн Кулсейитке кудаланган Курманжандын көкүрөк жалыны өчүрүлгөнү символдоштурулса керек деп түшүндүм. Ага чейин атасынын: «Сөйкө салынган кыз артынан сөз ээрчитпей жүрүш керек» дегенине каяша кылып «менден сурадыңар беле, сөйкө салып атканда! Тийбейм ал күйөөңөргө» деген Курманжандын кашкөйлүк мүнөзү психологиялык конфликти күчөтүп, андан аркы окуя да көрүүчүнү санааркатып, драматизм улам курчуй баштайт. Кийин Кулсейиттен түнү менен качып чыккан Курманжан дайра жээгине келет, бирок кечмелик жок. Артына кылчактайт, кайтууга болбойт. Демек, турмуш дайрасына бой уруу кези келди. Бул дайра анын турмуштук кечмелиги экени да метафоралык түшүнүк.

«Курманжан датка» тасмасынын айрым бир эстетикалык көркөмдүүлүгүнөн сырткары да бул фильмдин тарыхый-идеалогиялык маанилүүлүгүнө токтолбой кетүүгө болбос. Арийне Герб, Туу, Гимнибиз бар мамлекетпиз, улутпуз дегенибиз кээде карасаң формалдуу аталыштай көрүнөт. Анткени биримдүүлүккө умтулуу, улуттук максат-мүдөөнү көздөөгө келгенде алигиче чачыранды эл экенибизди буга чейин публицистиканын тили аркылуу Салижан Жигитов, Алым Токтомушев канча кан какшап келсе, бу жолу искусство жаратмандарынын тили менен «Курманжан датка» тасмасынын контекстинде ичара бөлүнүп-жарылууга ыктаган улуттук кулк-мүнөзүбүз ачылып отурат. Алигиче патриархалдык аң-сезимибиздин тушамышы болуп келаткан өксүк комплексибизди көрсөткөн бул фильмден улам өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен карап көрсөк кантет?..

Кокон хандыгы менен орус падышачылыгынын доорунда элибиз канчалык биримдикке умтулганы менен Алымбек датка Чүйгө келсе да ар уруудан тараган тың чыкмалар өз желектерин желбиретип жүрөт. Шабдан баатыр Алайга келсе да топ башы сайын өз желегин желбиретип курултайга келаткандары – элибиздин психологиялык кодунда бекилип жаткан өксүгүбүз. Аталган тасма психологиялык бул коддон кутулмайын көчүбүз түзөлбөстүгүн каңкуулап тургансыйт. «Курманжан датка» фильминин өзөгүндө дал бүгүнкү күндө да арабызда эл башыларыбызды кебездеп мууздай турган сарказм, карандай чындык жатат.Тасмадан бүгүнкү күндө деле бир туунун алдында бөлүнүп-жарылган жосунубуз менен ар коктунун эрендери сороктоп чыккан Сарымсак менен Чотондой саткындарды табууга болот. Бирде кокон хандыгынын, бирде орус төбөлдөрүнүн колтугуна кире калган Сарымсактай бузукулар бүгүн да тирүү, кыргыздын Алымбектей мыктыларынын башын алчу Чотонго окшогондоруң болсо чекеден табылат.

Учурда «Курманжан датка» фильминде тарых бурмаланып калганын кеп кылгандар да чыгууда. Андай суу кечпес пикирлер аталган тасма идеалдуу тартылган күндө да айтыла бермек. Арийне, ушуга чейин режиссер эмес тарыхчыларыбыз Курманжан датка боюнча бир беткей факты топтоп чыкканын уга элекпиз, көрө элекпиз, анан көркөм тасманы жаратуучулардан кайдагы тарыхый тактыкты талап кылганыбыз адилеттүү…Бул фильмдин өзөгүндө ташка тамга баскандай тарыхый тактыктан да маанилүү кеп жатат. Чындап келсе, ушуга чейин кыргыздын улуттук кулк-мүнөзүн, менталитетин мынчалык деңгээлде чагылдырган чыгармалар аз болуп келди, эл арасында «Курманжан датка» тасмасындай мынчалык кызуу талкуу жараткандары болбосо керек. Бул чыгарманын тушоосу кесилээри менен улуттук масштабдагы резонансты жаратып, 2-3 адамдын башы кошулган жерде «Курманжан датка» тасмасын талкуулагандар көбөйдү. Демек, көркөм дөөлөттүн кудурети ушунда эмеспи.

Мен үчүн тасмадагы табылгалардын эң маанилүүсү – кыргыздын байыркы жазма маданияты болду! Буга чейин жазуу-сызуу маданиятыбыз болуп келгенин айткандар толтура, бирок иш жүзүндө эч бир тарыхчы же этнографтарыбыз мындай чечкиндүү кадам жасай элек. Режиссердун байыркы жазма маданиятыбызды алып чыккан идеясы мүмкүн өзүбүз үчүн кадыресе нерседей туюлар, ал эми бөлөк-бөтөн дүйнө элдеринин арасында кызыгуу жаратар фактор. Байыркы эл экенибизди башкаларга көйнөгүбүздүн акыркы бүчүсүн жулуп ыргытып көкүрөк күрсүлдөтүп далилдегенге караганда дал ушундай тарыхый эн тамгабыз аркылуу көрсөткөнүбүз ынанымдуу эмеспи…

Артка кылчайып, Акаев доорунан бери тарыхый личностордун мааракесине арналган канча чыгарма мамлекет тарабынан заказ кылынып,театр сахнасына коюлганын эстейличи. Алардын кайсынысы бийик деңгээлде кеп жаратты эле?

Далай спектаклдер коюлуп, китептер жазылып, фильмдер тартылды, бирок өзүн өзү актаган кайсы чыгарманы атай алабыз? Ошол эле Курманжан датканын образын сахнадан ачууга далалаттанышты, документалдуу фильм да тартылды. Айтор кокту-колоттон чыккан баатырлардан, хандардан бери сахнага коюлбагандары аз. Бирок заказ менен аткарылган алардын бири да оозго алынаар ийгилик жаратпаганын билебиз.

Эгерде бул фильм тарыхый документтердин мазмунуна байланганда Курманжан датка тек гана бир коктунун эле лидери болуп калмак. Ансыз да Курманжан датка боюнча документалдуу тасманы жамы журт көрдүк ко, бирок ал ушунчалык жандуу талкуу жарата алдыбы коомдо? Тескерисинче, мамлекеттик ал заказ декоративдүү деңгээлдеги тасма бойдон калды. Мындан ким утту? Мамлекеттик бүджетпи же режиссер менен көрүүчүлөрбү?

Эгер адилеттикке келсек, тасманы жаратуучулар Курманжан датканын абыроюн тарыхый фактылардын негизинде эмес, авторлук миф, автордук табылгалары аркылуу көкөлөтүп таштады. Болбосо Курманжан энебиздин мамлекеттик ишмердүүлүгү, кайраты көрүүчүлөрдүн ушунчалык күчтүү таасир, алоо сезимин жаратпайт эле. Кайра биз келечек муун сыймыктангыдай улуттук лидердин портретин көрө алдык. «Курманжан датка» тасмасындай чыгармалар гана улуттук көксөө, улуттук идея, улуттук кайра жаралуу сезимибизди ойготорун унутпашыбыз керек.

Агер тарыхый тактыкка келсек, Жанна д’Арк туурасындагы фильмди жаратууда француздар альтернативдүү версия менен тарткан үчүн Жанна д’Арк дүйнөдөгү эң мыкты чыгарма катары белгилүү болуп калды. Жанна д’Арк сыяктуу эле Курманжан датканы прототиптик негиздеги каарман деп түшүнгөнүбүз оң. Анын тарыхый орду башка, а көркөм чыгармадагы образы башка болууга тийиш. Шекспирге чейин деле Гамлетти 2-3 автор жазганы менен бирок Шекспир жараткан прототип ушул күнгө чейин жашап келатканын ким танат? Дегеле дүйнө искусствосунун тарыхында деле кайсы бир көркөм чыгармадагы кейипкерлердин образын жараткан авторлорду тарыхтан бура жылган эмес дегенге болбойт, ал боюнча сөз кылып отурсак, кеп учугу түгөбөйт. Андыктан Курманжан датка боюнча бул фильм акыркы версия катары да каралбашы керек, келечекте башка жаратмандар, башка тарыхчылар өз вариантында тарта беришсин. Улуу «Манас» эпосу деле элибиздин уучу куру эмес болгон үчүн канча манасчынын вариантында айтылып келет…

Албетте, «Курманжан датка» тасмасында эч бир кынтык жок дегенден да алысмын, бирок ал кемчиликтери көркөм чыгармадагы эң негизги ийгиликтин алдында шоона эшпейт. Ал кемчиликтер тек гана фильмдин техникалык айрым мүчүлүштүктөрү менен декорацияга байланыштуу сырткы жасалгаларынан гана байкалбаса, негизинен чыгарманын ички мазмунунан табылар кемчиликтер анчалык байкалбайт.

Фильмдин сценарийин жазган Садык Шер-Нияз менен Бакыт Турдубаевдин тырмак алды мындай чагармасынан кийин булардын келечегинен дагы көптү күтүүгө болот. Макала башында Акира Курасаванын чыгармачылыгын эскере кеткеним бекеринен эмес эле. Себеби убагында жапон элинде самурай өнөрүн аркалагандарды эл жек көрүү менен карай баштаганда Курасава «Жети самурай» аттуу улуу чыгармасын жараткан. Анткени ага чейин өздөрүн самурайчы атагандар көбөйүп, алар кайсы үйдүн босогосун аттаса ошол үйгө сөзсүз зордук-зомбулук көрсөтүлгөн жосун күчөп, эл самурайчылардан сетиркеп калган. Эл арасындагы андай тетири түшүнүктөрдү кайра буруу максатынан улам Курасава «Жети самурай» аркылуу өз элинин кулк-мүнөзүн, кемчилигин ачып, байыртан бери жапон элин жапон кылып сактап келген касиет бир гана самурайчылардын жандүйнөсүндө катылып келгенин ачып бергенин аталган фильмди көргөндөр түшүнөт. Ошол сыяктуу эле «Курманжан датка» фильминде Камчыбектин образы да самурайчылардын образындай эрдикти туюндурганы жакшыбы же энесинин оозунан “өлүмгө тике кара” деген сөздү күткөн суужүрөк образы жакшы беле? Эгерде баатыр элдин тукуму экенибизге сыймыктангыбыз келсе, демек режиссер да ошол баатыр элдин уулдары да самурайлар сыяктуу өлүмдөн жалтанбаганын көрсөткүсү келгендир..

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *