Диктант

– Бу адабият дегениң деле мелмилдеп агып жаткан дайра эмеспи. Тайыз делген дайраны деле баланча тоодон башталат деп айтат. Быягынан бир суу агып түшөт дейт, тыягынан бир суу түшөт дейт, экөө палан жерде кошулуп, төлөн жерде дарыяга куят дейт. Туурабы? Ар нерсенин булагы бар, башаты бар. Адабият, болгондо да бир элдин адабияты жөнүндө сөз жүрүп жаткан соң, ошол башат жөнүндө сөз болуш керек. Кайдан чыкты? Кайда барат? Деги пайдасы барбы, жокпу? Пайдасы жок болсо анын кимге кереги бар? Ошол пайдадан улам адабияттын аркасында жаткан эл тууралуу сөз болот да. Суроо ушундай коюлуш керек. Ошондо керексиздери кетет, керектүүлөрү калат. Демек, бир элдин духу, анын кудурети тууралуу сөз болот. Андай болгон жок да, бардыгы тең эле көрдү айтат, жерди айтат… Орден кана дейт, наам кана дейт? Президентти аяп кетем. Ошол Республика Президентин бечара.

Адабият дегенди, маданият дегенди бир эле киши жаратпайт. Канчалык таланттуу, атургай архиталанттуу болсо да, бир кишинин колунан келбейт. Ошон үчүн Кудай жүз кишини, эки жүз кишини өзгөчө жаратып койгон. «Жалгыз таруу ботко болбойт» – дейт кыргыз. Эй, сонун сөз да бул. Айтып атпайбы, бир эле Айтматов, же бир эле Жусубалиев, же Раев адабиятты түзбөйт деп. Беш киши, беш жүз киши чогулса да, андай жер ыйык. Алар жасап жаткан иштин эмнеси жакшы, эмнеси орто, эмнеси жаман? Ошо жөнүндө сөз болгондо жалпы удул табылат да, анан адабияттын жалпы кыймылы, багыты айтылат да. «Аккан суу» дейт кыргыздар, анан: «Аккан сууда арам жок» – деп коёт. Байкайсыңарбы, «Аккан сууну» ырдабаган акын жок кыргызда. Ушу аккан суудай агылып, төгүлүп ырдай беришкен, бесконечно ырдашкан. Эмне үчүн ушундай? Эл руху, адабияты ушу аккан суудай да. Мында бир нерсе, бир нук бар илгертен келаткан. Жанагыдай эл чогулган жерде, съезддерде: «Эй, биздин агымыбыз мындай экен көрсө, биз жөн эле акпайт экенбиз, момундай нугубуз, момундай шарыбыз бар экен. Мына ушуну менен кетели» деш керек эле да. Ошол нукту таанышыбыз, табышыбыз керек эле да. Болбосо эмнеге чогулабыз? Ошол нукту таппагандан кийин, ошол «Аккан сууну» айтпагандан кийин, анда эмнеге чогулат? Төрага шайлаш үчүн, биринчи, экинчи, үчүнчүнү шайлаш үчүн да. Же баягыдай чоң идеологияга союл болуш үчүн, таяк болуш үчүн да. Же социалисттик реализмге тон болуш үчүн да. Баарыбыз тең «соцреализм» деген бир чоң тон жамынып келбедикпи.

Аныбыз же көтүбүзгө жетпейт, же башыбызга жетпейт. Бирибиздин көзүбүз илинип кетсе, бирибиз тартып алабыз. Тигинин көчүгү көрүнүп калат. Соцреализм демекчи, ушул сөздү уксам эле диктант эсиме түшөт. Ушу диктанттан жөнүгө албай койдум го, мектепти бүткөнгө, университетке өткөнгө, университетти бүткөнгө чейин. Жазсам эле «эки» алам, жазсам эле «эки» алам. Анан ушул соцреализм үйрөтпөдүбү диктант жазганды. «Диктант» дегенибиз империялык сөз экен көрсө… Биздин айбанчылыгыбыз, биздин кулчулугубуз, биздин жаңкы бир тон жамынган соцреализмчилдигибиз, бүт ушул сөздө экен. Баарыбыздын чыгармаларыбыз бир темага диктант экен. Улуу сөз турбайбы; жөнөкөй да, азаптуу да, казаптуу да. Мазактуу да.

От менен Кылыч

«Койчу көп болсо, кой арам өлөт» – дейт кыргыз. Эй, улуу сөз да! Азыр эмне көп: экономисттер көп, а экономикаң жок. Саясатчыларың иттин кара капталынан, саясатың жок. Жазуучуларың жабалактап жүрөт, адабиятың жок. Бу эмне деген заман өзү? Бардыгы көп, эч нерсең жок. Эмне деген заман? Кайдан келдик, кайда барабыз? Азыр эмне көп? Көзү ачыктар көп, бирок баарынын көзү туюк. Ошого карабай, мен ойлойм, эң кызыктуу, эң улуу, эң жакшы мезгилде жашап жатабызбы деп. Бая бечара Камю Нобель сыйлыгын алганда сөзүн минтип баштаптыр: «Илгери Чыгыштын бир акылманы: «Э, жараткан, пендем десең мени ушунчалык кызыктуу учурда жашата көрбө», – деп тилеген экен кудайдан. Анан Камю айтып атпайбы: «Так как мы не мудрецы, мы живем в самое интересное время». Тиги Чыгыштын жаны жок акылманы айткан азыркы биздин мезгилдей кеп да. Быягың карасаң молдо, тыягың карасаң көзү ачык экстрасенс, алдыңда «жаңы пайгамбар», артыңда «эски пайгамбар». Кимге ишенериңди билбейсиң.

Чыгыштын акылманы мени ушундай кызыктуу учурда жашата көрбө дегени ушу да… Мисалы, Иса пайгамбар шакирттерине: «Силер мени бу дүйнөгө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен от менен кылыч алып келдим, – дейт бу дүйнөгө. Силер бир жыргал, бейкутчулук алып келди деп ойлоп атасыңар го, жок, андай эмес», – дейт. Мына ошол мезгил эми келди. «От менен кылыч» дегени – азыркы чаң-тополоң го. Адамдын ким экени, Дүйнөнүн эмне экени ушундайда ачылат да. Жамандык өзүн өзү ачпаса, эч ким ачалбайт. Ачалбайт эч ким аягына чейин. Акылсыздык, наадандык деле ошол. Ар бир дарт ачыш керек өзүн өзү аягына чейин, жылаңачтаныш керек. Улуу Жакшылык, Улуу Акыйкат ошондо көрүнөт адамдардын көзүнө. Антпесе адамдар жакшы менен жамандыкты айрый албай калдык да. Баарыбыз тең эле: «Жакшыны да билебиз, жаманды да билебиз» – деп төш кагабыз. Бирок андай эмес, жакшы менен жаманды айрый билүү – чоң акылмандын иши. Жакшыны көргөн, жаманды бөлгөн – бул акылмандык. Мына ошол мезгил келатат деп ойлойм. Иса пайгамбардын акылмандыгы ошо. Ал дагы бир шакиртине минтип айтат: – Мен келгенде, – дейт, – дүйнө мас экен. Адамдар мас болуп калыптыр, – дейт. Демек, жакшы ме нен жаманды айрый албай калганы да.

Мына бул биздин адабияттын, биздин маданияттын, мейли дүйнөлүк маданият деп эле коёлучу, ошолордун трагедиясы жакшы менен жаманды айрыганга күчү жетпей калгандыгында да. Ырас, адабиятыбыз, маданиятыбыз, философиябыз, рух адамдарыбыз жакшы менен жаманды айрый албай калганда бири бирди айтып, экинчиси башканы айтып, баарын чалдыкуйду чалганда, ботко кылып салганда… жакшы менен жаманга эмне калат? Өзүн өзү ачышы гана калат! Орустар «великое страдание» деп коёт ко, ошондой азап-тозок менен. Демек, человек изначально обручен на великое страдание. Адам жамандыкты өз көзү менен көргөндөн кийин гана билет, жакшылыктын кунун, кутун тааныйт. Болбосо биздин агартуучулук, китеп, философия же жазуучуларыбыздын жазгандары биздей камбагалдардын азабын, казабын тарттырып, көзүн ачмак түгүл, көр кылып жатпайбы.

Адам пендеси ушундай абалда калгандан кийин кимге ишенип, кимдин этегин кармарын билбей калат да, кысыталак. Анан жанагы биз айткан «пайгамбарлар», «көзү ачыктар», документтуу «экстрасенстер» көбөйөт да. Алар ансыз деле ботко болуп турган немени ого бетер ботко кылып чалат да. Бул эмнени айтат? Бул адамдардын жамандык менен жакшылыкты айрый албай калганын айтат. Жок, Жакшылыкты көрүп турса, таанып турса, кетпейт беле, бечаралар ошонун этегин кармап. Башкага алданбайт эле го, азгырылбайт эле го. Иса пайгамбардын «От менен кылыч алып келдим» дегени ошол: силер мас болуп калыпсыңар, көзүңөр көр болуп калыптыр. Силерге эч бир Ыйык китептин, Курандын, Библиянын жана башка китептердин тиши өтпөй калыптыр. Жамандык өзүн өзү таанытпаса, Жакшылыкты тааный тypган түрүңөр жок. Ошон үчүн мына сага От, ошон үчүн мына сага Кылыч! О-ой, Улуу Сөз өзүң менен кошо жашайт экен да. Колуңда кармап жүрөт турбайсыңбы!

Кимге окшошпуз?

Эй, адамзат, Кудай бизди жөн эле ушинтип топуратып жасап койгон жок да. Анын бир улуу максаты бар да, биз бирдеме үчүн жаралганбыз да. Мына бул силер чай ичип жаткан пиаланы ал, ал чай ичиш үчүн жаралган да. Анын сыңары биз бири-бирибизди пирсидател шайлаш үчүн эле жаралган эмеспиз да… Ыйык китептерде Кудай адамды өзүнө окшош жараткан делет. Чын эле биз кандайча окшош болуп калдык? Ошону ойлонуш керек да киши. Агартуу дейбизби, адабият, маданият дейбизби, акылдуу китептер, акылсыз китептер дейбизби, ошону ойлонтуш керек да киши. Идеология, мифология, адабият, маданият аны ойлонтпосо, ботко болгонубуз болгон. Биздин адабият, биздин жазуучулар ушул Чындыктын алдында кичинекей экенин, кичине болгондо да кибиреген кичинекей экенин, ошол Улуу Чындыкка тырмактай кызмат кылып жатканын сезсе болбойт беле! Тынч жүрсөң эле ойлойт да адам: колунан кокон келбейт деп. Орус элинде мындай макал бар: «Тише воды, ниже травы» – «Суудан тынч, чөптөн жапыс». Ошентип жүрүп тааныйт да киши, Кудай эмне үчүн өзүнө окшош кылып жаратканын. Болбосо бири-бирибизди пирсидател шайлап өтүп кетебиз да. Болбосо, баарыбыз тең имперский сыйлыкты талашабыз: Эл акыны, Эл жазуучусу… Ыя, айланайын, жазуучу элди жазбаганда, атасынын башын жазабы? Бул оору ак ниет эмгекчилерге чейин жукту. Ошентип жатпайбызбы, аккан суунун илебин туялбай, улай албай, угалбай…

Сынчы менен НКВД

«Молдо Кылыч бечара, Болбос кепти козгогон» – дептир улуу акын. Бир кезде биздин адабиятчылар эл оозунан жаралгандардын баарын эле сөгүп жатып калышпадыбы. Балан жазуучу акмак, анткени түкөн фольклорду окуган деп. Азыр деле ошол эле сынчылар бирөөнү мактагысы келсе, эпостон – романга, күүдөн – симфонияга өттү дейт. Өлөт экен да киши. Мен да азыркы кыргыз акындарына караганда эски акындарды жакшы көрөм деп коюп өлбөсмүнбү! Кээде туруп ошолорду, ошолордун мезгилин сагынам эй! Карабайсыңбы эй, бирин бири канчалык жакшы көргөн, сыйлаган, бири-бирине канчалык сыйынган. Бирөөвү Алайдан ат минип келген Кетмен-Төбөгө же Тянь-Шанга. Келет экен эй, эл кыдырып, жер сыдырып. Эмне үчүн? Мисалы, мен камбагал палан палбанды көрүп, палан акынды угуш үчүн, ушунун алдынан өтүш үчүн, ушуну менен эл кыдырып ырдаш үчүн келет экемин да. Бөлөк имперский максат жок. Көрдүңбү, канчалык сүйүү, канчалык сый-урмат. Ошол эле маалда бирине бирин кошуп, жуурулуштуруп турган рух күчү. Анан экөө биригип, эл аралап кеткен.

Бакылдашып бүт элди ырдаган, алардын сүйүнүчүн да, күйүнүчүн да, жакшысын да, жаманын да. Жакшыны да кубанткан, жаманды да кубанткан. Биз бере албаган зарядды ошол экөө бүт элге берген. Анан аларды сыйлашкан: аттуусу ат берген, төөлүүсү төө берген, тондуусу тон берген. Сынчыларыбыз кандидаттыкты, докторлукту жактап, жан багып келишпедиби, алар баягында баланча манаптан ат алган деп. Сынчыларга караганда кээде НКВД шоона эшпейт. Манап деле эл да. Эң негизгиси, бул рухий нерселер: сыйлоонун, таазим кылуунун чыныгы белгиси. Болгондо да эл алдында. Биздин сыйлыктар эмес да кысыталак, тар кабинетте алты адам менен чечилген.

Өлбөстүктүн каалгасы

«Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу. Жаратканы чын болсо, жай-жайына койсочу» – дейт. Кайсы советтик акын ушинтип ырдады? Бул бая өлбөстүктүн каалгасын тыкылдаткандай көп да. Акылмандар, Чыгыштын болобу, Батыштын болобу акылмандары, ошол каалганы тыкылдатат экен да. Сократ бечара: «Мен эч нерсени билбестигимди гана билдим» – дейт эмеспи. Бул ошол каалганы акыл менен такылдаттым деген кеп экен да. Каалгага жетчү жол көп, бирок каалга бир: бирөө акыл менен, бирөө жүрөк менен жетет. Сократка окшогон улуу кишилер акыл талытып жетсе, Токтогул жүрөгү менен жетип койгон. Чындык дегенге жалаң акыл менен жете албайсың да. Чоң акылмандар Чындыкка жүрөк менен, жүрөк кечирген азап-тозок менен жеткен да. Токтогул өзү зирек, кудай ургандай таланттуу киши турбайбы. Анан Сибирге айдалып жатпайбы, анан үч жыл бою жаман комузун дыңкылдатып отуруп… анан туулган жерге жетиш…

Ушунун баары жандүйнөсү улуу сынактан өткөнүн айтып турат го. Анан жанагындай ырды жанагындай улуу сынактан өткөн акын гана айталат да. Каны, жаны тазалангандан кийин айталат да. Өмүрүнүн кыры болсо керек, ооба, бир жайлоодо болсо керек, шарактаган кыз-келин жүрөт да, төгүп ийген да жөн эле: «О кудай, жай-жайына койсочу» – деп. Кийин соцреализм алып салган да «о кудай» дегенин. Ой, бул турмуштун улуу сулуулугу да. Токтогул бекер ырдаппы? Өмүрдүн баркын билем десең, өлүмдүн наркын бил дегени да. Адам турмушунда идея маанилүү эмес, идеология маанилүү эмес, экономика маанилүү эмес, дал ушул турмуштун баркын билген маанилүү. Адам бу дүйнөгө ошол сулуулук үчүн келет. Анан ырдайт, Токтогулчылап. Биздин жазуучулардын жазганын кара; жазгандары ушунчалык кайгылуу, тим эле тирүүнүн тозогу. Өздөрү да курсант, теориядан окушкан да чыгарма кайгылуу болот деп. Теория менен турмуштун чыныгы маңызына жетпей калышкан да… Ага жетсе, жанагы каалганы тыкылдатышмак. Эй, Токтогулдун ушул ырынан ашкан трагедия барбы? Бирок түпкүрүндө жанып турат го бу турмуштун бактысы.

Көрдөй чал

Менин бир досум бар, арабист, Валимжан Таңырыков деген. Ошол дос 1964-жылы мага Саадинин «Бостон» деген китебин берип атпайбы. Ошо китеп бир ачылган жок да кысыталак. Адегенде бир сыйра барактап көрдүм. Таптакыр эле кызыксыз, куру дидактика сезилди. Анан жаап койдум. А кезде жалаң эле батыштын китептерин окуп жүргөм. Батыштын гана адабиятын окуйт элем да ошо кезде. Саади камбагал жатты, жатты, анан туура 20 жылдан кийин, 1984-жылы баягы китепти кайра колго алдым. Жаңкы койчулар кийчү жаман плащымдын чөнтөгүнө салып алып десең, кысыталак, көчөдөн да окуйм, үйдөн да окуйм, жатып да окуйм, туруп да окуйм. Ошентип туура 20 жылдан кийин Саадиге келдим. Бүт Батышты окуп, чокуп, алардын тегирменинен жанчылгандан кийин Саадини түшүнүп атпайымбы.

Көрсө, мындай экен да. Батыш адабияты койкоңдогон, шойкоңдогон жаш жигит экен да. Ушунчалык жакшы кийинген, шарактаган, шурактаган, катын десе катынга, арак десе аракка тойбогон, театрды, той-тамашаны жакшы көргөн, жалактаган ишкер, кысыталак, карап турсаң тим эле көзүң кубанат да, жигиттин гүлү экен да Батыш адабияты. Анан жигиттин гүлүн ээрчибегенде кимди ээрчийсиң? Жетең бул, жеткен акылың тиги болсо, жигиттин гүлүн ээрчийсиң да. Ал баарын билет, кыздар менен жүрөт, бийге барат. Этегин кармайсың да анан, бийге баргың келет, кымыз ичип, кыз жандагың келет, кыскасы жыргагың эле келет. Анан жигиттин гүлү менен кетесиң да шарактап. Жигиттин гүлү сени бая Вергилий Дантени жетелеп жүрүп тозокту көрсөткөндөй кылат да? Мефистофель да Фаустту жетелеп дүйнөнүн бүт «бозоканасын» көрсөтпөдүбү, көрсөтөт да турмуштун гүлүн жигиттин гүлү. Бир күнү карасаң эле шарактап өмүр өтүп баратат, бая жигиттин гүлүнүн сыры да, сыны да күбүлө баштады. Шарактап өтүп кетиш үчүн эле келбейт да бу дүйнөгө адам. Жигиттин этегин коё берип, тияк-быягың карасаң бир көрдөй чал отурат.

Көргөнсүң аны шарактап шапар тээп жүргөндө. Ошто, Ак-Бууранын боюндагы бир Уйгурдун чайканасынан көpгөм, думананын кийимин кийген бир дербиш отуруптур. Карасам, ошол Саади экен. Ал бечара бүт Чыгышты; быягы Кашкар, ортосу Дамаск, аягы Меке, Мединаны жөө кыдырып, кире калыптыр да Уйгурдун Оштогу чайканасына. Биздей шарактаган, жалактаган кишилерди көздөн өткөрүп, чай ичип олтуруптур, сүйлөшүп калдым. Чыгышка ушинтип келбедимби. Чыгыш көрсө ушундай экен да; сырты комсоо, өтөле жупуну, жалтыр-жултуру жок. Аны билиш үчүн даярдыгың болуш керек экен да. Ал даярдыкты мектеп берсе болот эле, университет берсе болот эле. Биздин университетти билесиңер, Саади эмес, Маяковскийди, Жами эмес, Бабаевскийди окутат. Айтор, баары эле …ский. Мектеп окутпаса, университет окутпаса, жигиттин гүлү менен гүлдөп жүрүп кеч келесиң да Чыгышка. Жана айтпадымбы, батыш адабиятынын күч-кубаты укмуш, анткени жаш да, чатырап толуп турган маалы да. Бирок күч-кубатын аялга, арак-шарапка берип койгон. Батыштын энергиясы жаңкыдай артыкбаш жакка кетип калган да, кысыталак. А Чыгыш бүт баарын дилге буруп койгон да. Адам баласынын оо түптөн бери үзүлбөй келаткан касиеттүү учугу бар эмеспи. Ошон үчүн биздин акындар «Аккан сууну» бир күндөп эмес, он күндөп ырдашкан да.

Эмне үчүн Жеңижоктун «Аккан суусунун» баш-аягы жок? Ырдай эле берет, ырдай эле берет, анткени «Аккан сууда арам жок». Гераклит айткан: «Бир кечкен сууну эки кече албайсың» – деп. Бул жанагы «Аккан сууда арам жоктун» өзү да. Турмуш, адам духу дайыма агып турат. Демек, өмүр бою жаңырып, жашарып, тазарып турат. Кайсы көз ирмемди караба, агып, тазарып турганы турган. Бу жерде кыйын деген идеологияң покко өтпөйт. Өкүрөңдөп аккан суунун өркөч жалына эми эч бир диктант жаза албайсың. Эч бир сыйлык, наам жаныңды сактап калбайт. Эгер күчүң жетсе, тазалыгың жетсе, ырдап гана кутуласың аккан суунун алдында. Жеңижокко окшогон улуу акындардын ырдаганы ошол, аргасыз ырдашкан. Бул турмушту сыйлоо деген сөз. Чыгыш адабияты ушундай, кайсынысын караба, те түбүндө турмушту түшүнүү, сыйлоо жатат. А бул деген өчпөс-өлбөс философия да. Адам өзүн өзү түшүнгөндө билет да түбүндө бирдеме турганын. Артын салып жалгыз киши турганын. Мисалы, ал – Кудай да. Чыгыштын бүт акыны, жакшысы да, жаманы да ушуну айткан. А Батышка кудааны да, өзүңдү да тааныбайсың. Шарактап-шурактап…

Тириктер менен өлүктөр

Ачыбаган камыр нан болбойт эмеспи. Жапсаң түшүп калат. Же бир жагы кыйрайып көркү чыкпайт. Рух дегениң ошондой эле кеп. Акылдуу китеп жүктөнгөн эшектин кейпин кийбейм десең, жакшылап жуурул. Жуурулуш чоң искусство да. Тузду чактап салышың керек, сууну чактап куюшуң керек, анын ысык, муздагы да бар, ага дейре унду кандай электен өткөрөсүң, кыскасы, бардыгынын өз өлчөмү, өз учуру бар, анан барып тандырдан ойдогудай нан үзөсүң. Адам руху деле ушул. Анын дүйнөлүк маданий процесске жуурулушу да ушундай. Мен суу, мен туз, мен унмун деп бөлүнүп турбаш керек да. А бизде андай болбой жатпайбы. Бөлүнүп, көрүнүп, а тургай төш кагып туруп атпайбы: мен – миф, мен – уламыш, мен – проблема, мен – сатира, мен – трагедиямын – деп. Демек, биз али ачыбаган камырбыз да. Көрдүңбү, баарыбыз тең эле бир китеп окуйбуз, бир маданияттан үлгү алабыз, а түшүнүгүбүз ар башка. Анан жөөлөйбүз, эмне үчүн мен окуган китептегидей жазбайсың деп. Мени да айтышат эмеспи, оюна келгенди оттойт деп айтышат, айтма сөз мындай болот, жазма сөз, басма сөз мындай болот деп үйрөтөт. Бирок мен тирүүмүн да, менин артыкчылыгым ушу да.

Жанагы силер айткан адамдар канчалык акылдуу китеп окушпасын, өлүк да. Мага окшогон кишилер маанисиз сүйлөп коюшу мүмкүн, жаңылып калышы мүмкүн, бирок тирүү да. «Манасты» деле айтып жатышпайбы аттуу-баштуу адабиятчылар, «чөп-чары көп» деп. Анткени «Манасты» тирүү киши айткан да. Эй, кырк күнү, кырк түнү айткан киши тирүү да. «Манас» дегениң жанагы Аккан суунун ритми да, ал эми Аккан суунун ритми – Ааламдын ритми да. Кудум жүрөктүн кагышындай. Тыңшап көрсөңөр, бечара күн-түн, ай-жыл дебей: дүк-дүк! Аккан сууга кичине, чоң, тунук, ылай, тарам-тарам суулар кошулат да. Ошонун баарын өз боюнча жутуп, тазалап, чайып тypган күркүрөгөн «Манас» да, эй! «Манасты» айтмак түгүл, редакторлош үчүн да тирүү киши керек. «Манасты» жамандагың эле келип турса, жамандай берсең болот. Кай жеринен болбосун жулуп ал. Анткени «Манас» турмуштун өзүндөй да. А турмушту көрүнгөн эле сөгүп жатпайбы, итпай, чотпайлардын баары тең эле сөгүп кетип атат. Анткени дүйнөдө эң маанилүү нерсе – турмуш. Маанисизи да ошол.

Аралашып жүрүп байкабайсың киши, абаны деле байкабай жатпайсыңбы, дем алып жүрүп. Ал үчүн жуурулуш керек, жөн жуурула албайт экенсиң да, өзүңдүн көз жашың менен, өзүңдүн азабың, касабың, мен окшоп керейген, серейгениң менен жуурулат экенсиң да, киши. Жалаң акыл менен жуурула албайт экенсиң да. Анткенде бычмал болуп калбайсыңбы, тура бересиң да, соцреализмди мактап, же «Mанас» менен Саадини сөгүп. Адабиятты кимдир бирөөнүн наамы, даңкы катары карап калган экен да калкыбыз. Өзүнүн ичер суусу, жей турган наны катары карабай калган да. Адабият, маданият деген адамга аш болуш керек да. Аш болгондон кийин гана адам турмуштун сулуулугун түшүнгөнгө жол ачылат. Аш болбосо жүрө бересиң үй менен дааратканын ортосунда.

(Макала «Кыргыз маданияты» (25-апрель, 1991-ж.) гезитине жарыяланган маектин негизинде даярдалды)

Даярдаган Алым ТОКТОМУШЕВ

«Жаңы Ала-Тоо» — 2011, №11 (31) 

Аккан сууда арам жок – II 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *