Гильберт Кийт ЧЕСТЕРТОН – 1874-жылы 29-майда Улуубританиянын Кенсингтонунда туулуп, 1836-жылы 14-июнда Бакингемшир (Биконсфилд) аймагында каза болгон. Прозаик, акын, драматург, эссеист, журналист, публицист. 1890–1936-жылдары 80ге жакын китеп жазган. Калемине 200дөй аңгеме, 4 миңдей эссе, пьесалар, жүздөгөн ырлар таандык.

Эссе

Жаңы заман адеп-ахлагы дегенибиз масчылык маселесин бардык балээнин башкы себеби кылып алды. Адамдарды түнкү саат 12.30да ресторандан айдап чыгаргандардан баштап, Америка барларына балта ала жүгүргөн албуут аялдарга чейинки насаатчылардын жанын жай алдырбаган маселе ошол. Арийне алар токтогон «токтом» ар дайым бирөө эле: ичкиликти кудум дары сыяктуу ден соолукту чыңдоо үчүн гана ичүү керек. Мен буга эки дүйнөдө макул эмесмин.

Ичкиликти дары ордуна пайдалануудан ашкан адепсиздик жок, опурталы оңой эмес дарт да ошол. Эмне үчүн? Эгер сиз андан ыракат табуу үчүн ичсеңиз, кандайдыр бир сейрек сезим издеп атканыңыз, анткени акылы ордунда адам ар бир саат жан жыргаткан ыракат тартуулайт деп жашабайт. Эгер сиз ден соолук үчүн ичсеңиз – табиятыңыз талап кылган нерселерди: сизге абдан зарыл, организмиңиз ансыз жашай албай турган учурду канагаттандырып жатканыңыз ошол.

Ичкиликтин ыракатына түшүп алган адам ал жок болсо деле жашай алат, ал эми аны дени сактык катары санап алгандар ичкиликсиз жашай албайт. Сиз кандайдыр бир адамга касиети күч дары-дармек берип: «Ушуну ичсең, тиги ноолудан аша секирер элең» дечи. Туура, бир секирет, эки секирет, бирок күн-түн дебей секирип, көргөндөрдүн көөнүн көтөрө бербейт. Жок, ошол эле дары-дармекти сокурга берип: «Ушуну ичсең, көзүң көрөт» – деп көр. Ал тигиге караганда алда канча арбын азгырылат, ишенет. Аттардын арыш ташташын, куштардын таңкы кужулдагын угуп турган адам кантип азгырылбайт? Убактылуу оюн-шооктон аткез берүү оңой, жашоого жардам берет деген азгырыктан аткез берүү кыйын. Кайсы дарыгер болбосун дартты ичкилик менен дарылабайт, атүгүл күч-кубат киргизер «суусундук» катары да сунуш кылбайт. Мен муну менен оорулуунун көңүлү үчүн бар тамчы шарап берүүгө да болбойт дегим келбейт.

Менин оюмча, шарапты дары ордуна эмес, жөн эле берүү – табигый да, пайдалуу да жосун. Ичкиликке болгон айкын көз караш, анын тегерегиндеги көптөгөн айкын пикирлер сыяктуу парадоксалдуу угулушу ыктымал. Кубанычтан ичкиле, эч качан кайгыдан ичпегиле! Ичкиликсиз өлөрүңөрдү санасаңар ичпегиле, анда куу тумшук шүмшүккө айланасыңар! Ичкиликсиз деле көңүлүңөр көтөрүңкү болсо ичкиле, анда кудум Италиянын куунак дыйкандарына окшойсуңар. Ичкиликти түбүнө түшүрүү үчүн ичпегиле – ал атайылап акылдан ажыроо, өлүмгө жетелеп, тозокко түртөр күч деген кеп. Ичкилик сизге эч керексиз кезде ичкиле – бул атайылабай мас болуу жана дүйнөнүн байыркы дени сак кези.

Мына, ондогон жылдардан бери чыгыш акынынын атактуу карааны англис сөз өнөрүн аралап жүрү. Биздин доордун күңүрт, мажирөө жыргализми Фитцжеральддын котормосунда[1] өтмө катар өркүндөтүлүп, чулу чагылдырылган. Бул китептин адабий арбайы канчалык бийиктигин айтуу да кажетсиз – мындай кыйгыл тамашалуу эпиграмма менен билинбеген муңайым ырдын тирукмуш айкалышы дүйнөдө жок. Адабий аброюнан ашса ашкан, асти кем калбаган анын философиялык, этикалык, диний таасири тууралуу кеп кылууну, болгондо да кычаштык менен кеп кылууну туура көрүп турам. Кебимдин төркүнү «Рубаят» рухуна жана анын касиеттүү бийлигине каршы деп койсо болот. Не дегенде, бул улуу китеп менин өзүмдүн, андан да жаманы, биздин бардыгыбыздын карым- катышыбыз менен кубанычыбызга балта чапты. Кимдир бирөө Хайямды: «Кайгылуу жана бактылуу картаң перс» атаганы бар. Кайгылуу болсо болгондур, бирок ал кай жагынан карабагын, эч качан бактылуу болгон эмес. Андай бакыт безерлер дүйнөдө сейрек учурайт. Акылман жана алаамат перс бир түрмөк ыры, бир чөйчөк шарабы менен гүлгө оролгон бадалдын түбүндө жатат. Аны карап баккан адам келбес сапарга кетер акынды жарыгы аз жертөлөдө дарыгер эмдегенине эч ишенбейт. Кайсы бир кабакта ашынган алкаш акыркы ырыскысын ичип атат дегенге андан бешбетер ишенбейт. Анткен менен бул үчөө ажырагыс байланышта.

Муңдуу, сырдуу байланышта. Хайямдын шарапты шаңкылдата мактаганы анын баңги кылар касиетин даңктаганынын алдында шоона эшпейт. Ал кайгыга батсаң, шарапты катыр дейт. Ал ошентип дүйнө жылчыгын ачмак түгүл, кайра тумчулап, жаап атпайбы. Ал поэтикалуу, б.а., жыргап-кууноо, ой-санааны жеңилдетүү үчүн ичпейт. Ал акыл менен ичет, бул банктан кредит алгандан поэтикалуу эмес, бул дары менен ичти алдыргандай эле кеп.

Алма шарап аксын суудай арыкта,
Колдон колго өтүп турсун чөйчөктөр.
Стиль жагынан жетишпесе да, бул эски дасторкон ыры сезим жагынан кандай бийик! Минтип бактылуу адамдар ырдашкан, жарды-жалчылардын пейили ушинтип жайылган, жан козгогон сырын жакындарына ушинтип айткан. Хайямга адеп-ахлактын мындай бийик талабын коюу, албетте, ар дайым туура эмес, эч нерсени түшүнбөгөн баёолук. Эсеби маселен, бир окумуштуунун аңкоолугу менен жалкоолугу ушунча: Хайямга атеизм менен материализм күнөөсүн такты. Арийне, тигинисин да, мунусун да чыгыш адамына карата айтуу акылсыздык, не дегенде, Чыгыш метафизиканын мээсине кан куйган калк. Чындыгында эле Хайямды окуган христиан адамы, ал Кудайды опсуз көп «ала чуркаганын» байкабай койбойт.

Омар Хайям Кудайды ушунчалык опсуз көкөлөткөн насыт окууну даңазалайт: анын алдында адам насили, адам эрки дегендердин күлү түгүл, орду жок.

Топ кантип каргыганына карабайт,
Так оюнчу тепкен талаага кетет.
Ошол сени тээп келген Күч Бардыгын билет.
Ошого гана бардыгы белгилүү.
(Сөзмө-сөз котормо – А.Т.) Эсеби маселен, Августин же Данте сыяктуу христиан ойчулдары бул саптарга өлүп баратса макул болмок эмес. Анткени алар эрктин, абийирдин, нарктын чексиз эркиндигин четке кагат. Христианчылыктын бул орошон ойлору Кудайга ишенбөөчүлүктөн эмес, адамга болгон ишенимди жоготпоо озуйпасынан улам жаралган. «Рубаят» жыргалчылыкка жетүүнүн анчалык жыргал эмес ырын баарынан бийик созот: арийне ал жалгыз эмес. Биздин замандын эң билермандары дегендер да ошого – күндүк өмүрүңдө гүлдөп алга үндөп келди. Бардыгыбыздын барар жерибиз – өлүм, андыктан ар мүнөттүн баркын билип, ар мүнөттү армансыз жыргап жашоодон ашкан эч нерсе жок, – дейт Уолтер Пейтер[2] . Уайльддын ынанымдуу, бирок убайсыз философиясы да ушуну айтат. Мындай насыт окуунун урааны – carpe diem[3] ; арийне аны туу туткандар бактылуу адамдар эмес, бактысы башынан аябай тайыгандар.

Анык улуу кубаныч ачылалек гүлдү апчып жулуп алууда эмес, анын анык түбөлүктүүлүгүн Данте сыяктуу карай билүүдө. Чыныгы кубанычтын тамыры өлбөстүккө байланган. «Тристрам», «Пиквик»[4] өңдүү улуу күлкүгө чайылган китептерде, маселен, өлүм деген чексиз, эч нерсеге баш ийбейт; аларды окуп атып биз, ал чыгармалардын каармандары өлбөстүгүнө, алар тууралуу баян айтылып бүтпөстүгүнө ишенебиз. Албетте, кубаныч канчалык күчтүү болсо, көп учурда ошончолук кыска: бирок бул ошол кыскалыгын билип, «ошол мүнөттүн» өтүп-кетер жыргалчылыгы үчүн чолок акыл айлантууга тийишпиз деген кеп эмес да. Кубаныч деле дин сыяктуу өтө купуя кубулуш, аны акыл менен аңдап болбойт. Эсеби маселен, адам анык кубанычка батып турат дейли. Жалтырак жасалгаларды элжиреп караган эстетти эстеткен жерим жок; алгачкы сүйүү арзуусуна апкаарыган же согушта жеңген мүнөтүнө жетине албаган кубанычты айтып атырмын. Эми ойлоп багыңыз: сүйүүгө арзыгандар «ошол мүнөт» үчүн эле сүйүнүп атпагандыр. Ал ошол сүйгөн адам үчүн, бери дегенде өзү үчүн сүйүнүп, сыймыктанып атыр.

Согушта жеңген жоокер да ошол «мүнөт үчүн» эмес, желбиреген байрагына бактылуу болуп атса керек. Ал эртең арзыбаган майда-барат иштер үчүн согушушу мүмкүн, сүйүшкөндөр беш күндөн кийин бири-биринин бетин карабай калышы ыктымал. Бирок ошол ирмемде желбиреген байрак – жоокер үчүн түбөлүктүү, ошол сүйүү – сүйүшкөндөр үчүн өлбөйт, өчпөйт. Ал көз ирмем кылымга тете; ошол кылымга тете деген ишеним кубаныч тартуулайт. Аны Пейтердин көзү менен карап көргүлөчү: Пейтердин өзү жана стили сыяктуу эле муздак бирдемеге айланат. Адам өтөр-кетерди сүйө албайт, аз убакытка болсо да сүйө албайт. Пейтердин жаңылыштыгын билүү үчүн айтылуу учкул сөзүнө кайрылалы. Анын айтуусу боюнча, биз лаал таш сыяктуу катуулуктан тайбай, лаулдап күйүшүбүз керек экен. Кептин тузу ушунда: жалын лаал таш сыяктуу катуу болбойт, андан кыр жасап, миз чыгарууга мүмкүн эмес. Анын сыңарындай адам аң-сезими асыл таш сыяктуу катуу да, ага окшош да болбойт; туура, ал жалын сыяктуу коркунучтуу, аны кармап көрүүгө, атүгүл окуп үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Биздин кумардык кудум асыл таштай катуу болсун десек, алар сыяктуу абдан муздак болуусу шарт – андан башка жол жок.

Карапайым адамдын кадыресе кубанычына эстеттердин carpe diem (Лат.көз ирмемди токтот) ураанынан башка эч нерсе катуу балта чаппайт. Жыргаганга да, куунаганга да, дегеле бардыгына таптакыр башкача дух – тартынчаак дух, үмүттүн кермек даамы, баладай коркуу зарыл. Тазалык менен жөнөкөйлүк болмоюнча кумардыктын куну кымбат. Мен бул жерде кумардыктын жаман түрүн да эске алуудамын. Хайям (же Фитцжеральд) башка дүйнөгө кандай таасир бергенин айтпай-ак коёлу. Алардын бул дүйнөгө келтирген зыяны бир кыйла – азырынча бизге ушунусу маанилүү.

Пуритандар Хайямга караганда алда канча шатыра-шатман жашаарын жогоруда айттым. Торо[5] менен Толстойду жактаган жаңы такыбалар турмушка андан алда канча куунак мамиле жасайт – шарап менен шаан-шөкөттөн баш тартуу канчалык кыйынчылыкка турганы менен алар жупуну кубанычка да куунай билишет, эң башкысы, кубаныч ырыскысынан куру кол эмес. Торо колунда бир чөйчөк кофеси жок болсо да аткан таң менен баткан күнгө бакубат карайт. Толстой никеге нааразы, бирок кара топурактан канагат алууга руху жетет. Тиричиликтин майда-барат шарт-шаанисинен аткез берүү менен табият-таштан ыракат алууга болот. Бадалдын көлөкөсү ичкилик ичпеген кишиге деле жакшы. Эгер сиз кубаныч дегенди туура түшүнбөсөңүз – табият да, шарап да, дегеле дүйнөдөгү эч нерсе сизге кубанычтан кабар бербейт; Хайямдын (же Фитцжеральддын) жаралган жасаты ушундай. Кудай кут кылган кубанычтын түбөлүктүүлүгүнө ишенбегендер чындап кубанышы мүмкүн эмес. Жылдыздар биз үчүн жымыңдап бийлеп атканына ишенбесек, бийдин ыракатын туялбайбыз. Олуттуу адамдардан башкалар чындап шаңга батпайт. Канткен менен адам гана жарыктагы жашоонун маани-маңызына маашырланып, кубанып жашайт. Ага ишеним гана кубаныч канатын тагат. Адамдар качандыр бир биздин чоордун күүсүнө жылдыздар бийлеп атат деп ойлочу; ошондо алиге эч ким бийлей элек бий бийлешкен.

«Рубаяттын» акылманы ал байыркы бутпарастык алакүүлүктү христианчылыктан кыйын деле билчү эмес. Анда алагүү дух ыйыктык духуна үстөмдүк деле кылбайт. Дионис жана анын жолун жолдоочулар тирүүчүлүктүн кубанычын мыкты билишчү, Уитмендегидей олуттуу мамиле жасашчу. Дионис шарапты дары кылып эмес, касиеттүү сыр катары туткан. Иисус Христос да шарапты касиеттүү сыр кылып жасаган. Хайям үчүн шарап – дары гана. Ал адам турмушунун жылчыксыз караңгылыгы үчүн какшыта ичет; кайгыга моюн сунуп ичет. «Ич, – дейт ал. – Анткени кайдан келип, кайда барарыңар белгисиз. Ич, эмнеге жаралганыңар да белгисиз. Ич, жылдыздар ырайымсыз, асман челек сыяктуу аңгырап бош. Ич, бүт дүйнө жапалуу гана, опоосу жок». Шарап толо чөйчөктү сунуп, ушуну айтат ал. Арийне, колуна ошондой эле чөйчөк кармап, бийик алтарда Башка турат. «Ич, – дейт ал, – анткени дүйнө ушул шарап сыяктуу сүйүүдөн жана Кудайдын каарынан алоолоп жанып турат. Ич, анткени периште сурнай көтөрдү, кан майдан алдында кана жут. Ич, качан жана кайда барарыңды мен билем. Ич, бул шарап силер үчүн төгүлгөн менин жаңы осуятымдын каны».

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

«Жаңы Ала-Тоо» 2012, №1 (33)

[1] Фитцжеральд, Эдуард (1809–1883) – англия акыны, котормочу. Орто кылымдагы перс поэзиясына кызыгып, фарс тилин үйрөнгөн. Омор Хайямдын «Рубаятын» 1859-ж. которуп, ал бир нече жолу оңдолуп, толукталып басылган. Англис тилиндеги элдерге дүң болуп, англия поэзиясынын шедеври аталган.

[2] Пейтер, Уолтер (1839–1894) – англис жазуучусу, сынчы. Адам жалгыздыктан таза искусство аркылуу сулуулук издеп, жыргалчылык таап арылат маанисиндеги философияны карманган.

[5] Сөз англия юморунун классикасына айланган Лоренс Стерндин (1713–1768) «Жентльмен Шендинин турмушу жана пикири», Чарльз Диккенстин «Пиквик клубунан жазылмалар» романы тууралуу болуп атыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *