Аңгеме

«Карарган деңиз, агарган толкун».
Алым ТОКТОМУШЕВ

Саат эртең мененки жетиге чукулдап калган. Капар уулун бала бакчага жеткирмек да, андан ары жумушуна кетмек. Эмне, демейдеги эле иши да: бала бакча, анан жумуш. Бирок ал бүгүн негедир өзүнө өзү батпай турду. Көңүлү чөгүп эле капаланат, ичинен туталанат. Дүйнө да чөгүп, үлүрөйүп тургандай. Таңданды. Өзүнө өзү таңданды. Эмне үчүн эле минтип жатам деп ойлоду. Ушинтип ойлоп, туталанып жатканын кадимкидей сезди. Акыры ал мындай сезимге кийинки күндөрдө өзүнөн өзү эле көп кабыла баштаганын сезип, бул дүйнөгө батпай кетти. Коридордо аркы- терки баса баштады да:

– Мен эшикке чыга турайынчы… – деди айласы кеткендей, уйкулуу баласын кийинтип жаткан аялына.

Аялы таңдана карады:

– Эмне эле үйдөн качасың?..

Аялы зекиген деле жок, жөн гана жай айтты. Капар түшүнбөй калгансыды, үндөбөй ары басып кетти. Кичине басып барды да, аялынын эмне дегени эми гана жеткендей шарт бурулуп, жарылып кетти:

– Үйдөн качасың?!. Ким качып жатат? Ким дейм!..

Баласы селт этти да, корккондой Капарды алая тиктеп калды. Капар сестене түштү, негедир өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Аялы жооп кайтарбады, өзүнчө эле ыйлактап, күңкүлдөп койду:

– Кыялы да бузулду. Бирдеме десең эле ар-р этип…

Капар аялына назар бурган жок. Бирок аялы ага зиркилдеп, зекип жаткандай эле туюлуп туруп алды. Чыдай албай кеттиби, эшикти шарт ачып, каалганы карс жаап чыгып кетти.

Аялы айласы кеткендей ыйлактап кала берди:

– Үйдөн эле качат… Үйдөн эле качат…

Капар эшикке атып чыкты. Өзүнөн өзү качып келаткандай. Кичине эле токтоп калса, башы чарт жарылып кетчүдөй. Анан уулун күтүшү керек экени эсине түшүп, үйдүн бурулушуна келгенде тык токтоду. Токтоду да, көбүнчө уулун ушул жерден күтөрүн, ушул жерге жеткенде өзүнөн өзү эле токтоп каларын ойлоп, таңдана кетти. «Деги эмне болуп жатам?..» – деп койду анан өзүнө өзү түшүнбөгөндөй башын чайкап.

Ушул маалда сол тараптан өзүнө тааныш коңур үн жаңырды:

– Аа-а, дагы турган экенсиң да машинеңди күтүп…

Жалт карады. Балкондо чылымын дембе-дем соруп, түтүнүн ыракаттана үйлөп, анан бул түтүн кайда барат, кантип жоголуп кетет дегендей, анын артынан ойлуу карап, жазуучу Карып туруптур. Карып – жамы журтка аттын кашкасындай таанымал кашкөй жазуучу, азыр бир адабий гезиттин редактору болуп иштейт. Ал Капарды карады да, мулуң этип күлүп койду. Капар өзүнүн ички сырын тиги киши билип койгондой, оңтойсуздана кетти. «Эми тийише баштайт…» – деп койду анан өзүнчө шыбырап. Чын эле, бул жазуучу кимге болбосун тийишпей койчу эмес. Таң азандан тамекисин кере-кере соруп балконунда турчу да, ары өткөн, бери өткөн коңшуларына тамашалап тийише берчү. Соо же мас экени билинчү эмес. Бирок ал дайыма кызымтал жүргөндөй туюла берчү Капарга. «Эми тийише баштайт…» – деп кайра ойлоп койду. Анан анын суроосу эсине түшүп, селт этти:

– Машинаны? Кайсы?..

– Эмне, өкмөт сага дагы эле машине бере элекпи?.. Ушул жерде дайыма эле какыйып туруп калганыңдан, мен сени машинеңди күтүп жатабы деп…

– Кайдагы машина?.. – Капар жылмая кол шилтеди да, өзүнчө шыбырай кетти. – Соолуга элек окшойт…

– Кандай, кайдагы машине?.. – деди Карып Капарды сырдуу тиктеп. – Сендей чоңдорго бериши керек да. Мен деле бир волганы минип жүрөм го, бир гезитке редактор болумуш болуп…

– Кайдагы чоң?.. – деп койду Капар кайдыгер гана.

– Кандай чоң эмессиң… – деди тиги чын ниетинен. – Мына, эртең- бүрсүгүнү доктор, профессор болом деп турасың. Эмне, доктор, профессорлор талаада жатыптырбы…

Капар үндөбөй ийнин куушуруп койду. Карыптын ак дилинен айтып жатканын туйду да, ичи жылый түштү. Аны ыраазы болгондой карап калды. Карып адатынча чылымын кере соруп, бул дүйнөдө өзү эле жалгыз калгандай, чубалжып кетип бараткан түтүндү ойлуу тиктеп турган. Капар аны тиктеп кыйлага туруп калды, ал кимдир бирөөнү кыйпычыктап күтүп жаткандай туюлду Капарга. Өзүн кимдир бирөө карап турганын сезгендей, ал бир кезде Капарга башын жалт бурду да:

– Эмне, Гарбачокту күтүп жатасыңбы? – деди.

«Эми эле машинаңды күтүп жатасыңбы деди эле? – деп шыбырай кетти Капар өзүнчө.– Эми Гарбачокту… Чын эле, соолуга элек окшойт».

– Ооба, – деди анан Карыпты карап. – Баламды күтүп жатам, садикке алып барыш керек…

– Аа катының эмне кылат?

– Кандай эмне кылат?

– Ой, бакчага катының алып барбайбы! Бу аялдын иши да.

– Кандай аялдын иши?.. – Капар түшүнбөгөндөй ийнин куушурду.

Анан эсине эми келгендей актана кетти. – Менин ишим садиктин жанында да. Баламды таштап, он кадам аттасам эле иш. А келинчегим шаардын тээ четинде…

– Ии, ошондой десең… – деп койду Карып сырдуу, аны толук сүйлөтпөй. – Ошентип Гарбачокту күтүп жатам дечи… – Сөзүн улабады да, кайрадан чубалжып бараткан түтүнүн ойлуу тиктеп туруп калды.

Баласы Карыпты Горбачёвго окшоштуруппу, айтор, Гарбачок дечү.

Ага эч ким деле үйрөткөн эмес, бир күнү өзүнөн өзү эле Гарбачок деп калыптыр. Баары таңданышкан. Бул Карыптын өзүнө да жетиптир. Ызаланган эмес, тескерисинче, каткырып күлгөн. Ошондон кийин ал баланын өзүн дайыма Гарбачок деп чакырчу. Капар ушуларды ойлоп: «Азыр баламдын аты Эдил экенин деле унутуп калса керек», – деп шыбырай кетти.

– Мени эмне үчүн Гарбачок, – дейт деди аңгыча Карып Капардын эмнени ойлоп жатканын туйгандай. – Же эмне, Горбачёв экөөбүз окшошпузбу?

Капар күлүмсүрөй башын чайкады:

– Билбейм…

– Окшошпуз да!.. – Карып жаш баладай мулуң эте башын сылай кетти. – Экөөбүз тең тазбыз да. Ал сары таз, а мен кара таз. Ал орустун тазы, мен кыргыздын тазы. Ха-ха-ха… – Негедир тык токтоду да, ойлуу туруп калды. Анан кайрадан кашка башын сылагылап: – Күндү Кудай урарда, кыш кезинде жаз болот, кишини Кудай урарда, жапжаш туруп таз болот… – Мулуң этип күлүп койду да, ойлуу туруп калды.

Карып Капарга негедир аянычтуу көрүнүп кетти. Жүрөгү зырп дей түштү. «Не деген талант!.. – деди суктангандай башын чайкай. Көп өтпөй таңдана шыбырады. – Деги бу киши качан жазат болду экен? Дайым эле кызымтал, дайым эле чылым соруп турмай…» Кайрадан Карыпты карады, ал дагы эле аянычтуу көрүндү. Капар өзүндөгү ойдон кутулгусу келди. «Эмнеге кечигип жатат?!.» – деди уулун ойлоп. А Карып түтүнүн ойлуу тиктеп, үнсүз мелтирейт. Капар кайрадан өзүнө өзү батпай баштады.

– Бу, – деди аңгыча Карып башын бери буруп, – бу ойлоп отурсам, бу Керим менен Нооманга катындын деле кереги жок окшойт.

– Кандайча кереги жок?

– Ой, аларың өздөрү эле катын тура!..

– Кандайча катын?..

– Капардын оозу ого бетер ачылды.

– Жөн эле… Мына, эртеден-кечке ушу жерге туруп калсаң, экөөнүн салып-уруп жүргөнүн эле көрөсүң. «Кайдан келатасың?» – «Дүкөндөн». – «Эмне алып келатасың?» – «Нан, сүт, пияз, калемпир…» Тү-үү!.. – Капарды карап, колун силкилдете. – Анан буларга катындын эмне кереги бар!.. Деги булардын катындары эмне кылышат, ыя?..

– Кандай эмне кылышат?.. – деди Капар адатынча.

– Баякүнү… – деди Карып Капардын суроосуна назар бурбай. – Нооман келатат таламандын тал түшүндө кудуңдап, колунда көтөргөн баштыгы бар. «Кайдан?» десем, – дүкөндөн дейт, супнабор алып келатам, арзан экен дейт. Супнабор дейт! Тү-үү!.. – Карып кыжырдана түкүрүнө кетти.

«Буга эмне эле жаны күйүп жатат?.. – деп ойлоп койду Капар. – Кызык… өзү барбаса эле… » Чын эле мына бир үйдө жашагандарына төрт жылга чукулдап калды, Капардын бир да жолу дүкөнгө барганын көрө элек. Жада калса, аракка да барбайт. Же аялын жиберет, же башка бирөөнү. А өзү болсо таң азандан балкондо турганы турган, чылымын бурулдатып. Ары-бери өткөндөргө кычкыл сөздөрүн ыргытып. Капар өзүнчө эле ачууланып жаткан Карыпты карап турду да, кайрадан таңданды: «Бу киши деги качан жазат?..» Экөө кыйлага үндөбөй калышты. «Эмнеге эле кечигип жатат!..» – деди Капар уулуна жиндене. Карып чылымын бир соруп, түтүнүн үйлөй, Капарга кайрылды:

– Жанагы Келемишчи, – деди аргасы түгөнгөндөй күлүмсүрөй, – Керимди айтам, ошол Келемиш жакында ушу биз жашаган беш кабат үйдү кулатып жаны тынат.

– Кандайча?

– Силер түнүчүндө тык-тык, кытыр-кытыр деген үндү угасыңарбы? Капар башын чайкады.

– Эми силер алыссыңар да. А биздин подъездде эки күндүн биринде эле түн ортосуна чейин тык-тык, кытыр-кытыр… Кайдан чыгат деп акмалап жүрсөм, Керимдин үйүнөн чыгат экен. Баякүнү атайы токтотуп алып: «Деги кытыратып эле эмне кылып жатасың?» – деп сурасам, ремонт кылып жатам дейт. Анан төрт жылдан бери бүтпөгөн ал эмне деген ремонт десем, кылганга жараша кылгандай кылыш керек да дейт. Немистерди карачы, бир кылса өмүр бою жеткидей кылат – дейт. А кыргыздарың!.. – деп сөгүнүп колун шилтейт. Немистердин богун жейсиңби! – дедим жаным кашайып. – Сен ремонт кылбай эле кемирип жатпайсыңбы, ушинтип жүрсөң жакында баарыбызды кемирип жутуп, түбүбүзгө жетесиң дедим. Десем, колун шилтеп туруп, чунаңдап үйүнө кирип кетти. Ошондон бери саламдашпайт, анын саламына эле бирөө жутап тургансып… – Даттангандай Капарга кайрылды. – Айтсаң, бу Келемишиң бизге уйку береби же жокпу?..

Капардын күлкүсү келди. «Сизге уйкунун эмне кереги бар? – деди өзүнчө шыбырап. – Түнүчүндө баары бир кирпик какпайсыз да».

– Айтсаң, – деди аңгыча Карып, – бу Келемишиң түнүчүндө катыны менен чогуу жатабы, ыя?.. – Өз сөзүнө ыраазы болгондой мулуң этип күлүп койду да, анан ойлуу. – Буга катыны кантип түтүп жүрөт, ыя, деги буга кандай катын түтөт, ыя?..

«Өзүңүзчү?..» – деди Капар шыбырап. «Бу Карыпка түтүп жүргөн Бүбүнүн жаны темирден, – деп айтып калышчу коңшулары, биресе таңдангандай, биресе суктангандай. – Эрге түтсө, ушу Бүбүдөй түтсүн!.. Карып түн бою уйку бетин көрбөйт, а Бүбү бир лам деп койбой, дайыма анын жанында…» Буга Капар ишенчү эмес, атүгүл түшүнчү да эмес. Бирок бир окуядан кийин бул сөздүн тууралыгына биротоло ынанып калган. Бир жолу саат таңкы бешке чукулдап калганда телефон шыңгырап калды. Эмне балакет болуп кетти деп алдастап барып тыңшоорду алса, Карып экен.

– Капарсыңбы, бул менмин, Карып байкеңмин, – деди ал коңур үнү менен. – Үйгө тезинен келип кетчи, сен тууралуу бир олуттуу иш болуп жатат.

– Балдар уктап жатты эле… – деди Капар тайсалдай. – Үйдө аялым жок эле, айылга кеткен…

– Уктап жатышса, уктап жата турушар… Өтө олуттуу иш, угуп жатасыңбы, сенин тагдырыңа байланыштуу дейм.

Капар алактап шашып барып, эшигинин коңгуроосун баскан. Үй ичинен өзүнө тааныш үндү уккан:

– Бүбүш, эшикти аччы, бирөө келди окшойт.

Көп өтпөй эле эшик ачылды.

– Аа… кандайсың? – деди Бүбү көптөн бери күтүп жаткандай жөн-жай гана. – Келгиниң… Байкең тиякта… – Колун сол жакка жаңсап койду да, өзү аркы бөлмөгө кирип кетти.

Бөлмөгө кирсе, Карып креслодо отурган экен чалкалап гезит окуп. Келдиңби дегендей Капарды көзүнүн төбөсү менен карап койду да, отургун дегенсип маңдайындагы отургучка башын жаңсады. Отурду. «Советская Россия», – деп өзүнчө шыбырап окуп койду Карыптын колундагы гезитке карап. Көп өтпөй Карып башын көтөрүп, гезитти үстөлгө таштады да:

– Бүбүш!.. – деди олуттуу. – Үйгө киши келди, бирдемең бар беле?

– Капар ичпейт да… – деди аркы бөлмөдөн аялы.

– Капардан башка кишилер деле бар да.

– Капардан бөлөк сен эле барсың да…

– Мен, эмне, киши эмесминби?.. – Карып Капарды карап, адатынча мулуң эте күлүп койду.

– А-ай… – Аялы аста күлгөндөй болду. Көп өтпөй жарымы ичилген бөтөлкөнү, анан бир стакан алып аялы кирип келди да, аларды үстөлгө акырын коюп, билинер-билинбес жылмайып чыгып кетти.

«Бирдемеси ушул экен да!..» – Капар өзүнчө күрсүнө шыбырады. Карып бөтөлкөнү алды да, стаканга куя баштады. Куюп жатып, Капардан сурап койду:

– Сен ичпейсиң да, ээ…

Капар башын чайкады. «Олуттуу иши эмне болду экен?..» – деп ойлоп койду.

Карып стаканды алып жиберди да:

– Капар, – деди өтө олуттуу тарта, чын дитинен, – сени, угуп калып жүрөм, давление болуп жүрөт деп, жүрөгүң дүкүлдөп түнүчүндө уктай албай чыгат деп… Жүрөк деген жаман. Жүрөк менен ойнобош керек!.. Ошо жүрөгүң дүкүлдөй баштаганда эле, мага телефон чал. Түндүн кайсы оокуму болбосун, чала бер. Баары бир мен уктабайм. Бүбү эжең да… Жүрөктү алаксытыш керек.

Капар эчтеке түшүнбөдү. «Олуттуу иши ушубу?..» – деп ойлоп койду.

– Ээ, Бүбүш!.. – деди аңгыча Карып. – Маа уйку бересиңерби, же ушинтип тегеректеп алып эле… – Сөзүн улабай, Капарды сырдуу тиктеп калды.

Капар эмне деп жатасың дегендей, аны алая тиктеди. Ушул маалда аялы кирип келди да, адегенде Карыпты тигиле карап, анан Капарга бурулуп, башын ийкегилеп жылмайып койду. Капар бир нерсени туйгандай ордунан туруп, башын ийкегилеп коштошуп, үйүнө жөнөп кеткен. Үйүнө жеткиче эңги-деңги абалда барган. Өзгөчө аялынын лам деп ооз ачпаганы, кабагым-кашым дебегени, жөн-жай гана күлүмсүрөп койгону таң калтырган. Ага ошондо Карып да, аялы да аянычтуу көрүнгөн. Азыр да Капар ошол окуяны эсине түшүрүп, эч нерсе түшүнбөгөндөй башын чайкап турду. Башын чайкаган тейде шыбырап алды: «Ошондогу олуттуу иши эмне болду экен?..» Анын оюн Карыптын бакылдаган үнү бузуп жиберди:

– Ой, сен дагы эле мусыр төгүп жүрөсүңбү?.. – деди Карып кимдир бирөөгө. – Өзүң килтейген «Манас» аэропортунун бир жагын чоюп жүрсөң. Анан…

Капар башын оңго бурду. Коңшусу, «Манас» аэропортунун жетекчилеринин бири келатыптыр. Колунда таштанды салынган чакасы бар. Ал киши көп сүйлөбөгөн, өтө оор басырыктуу жан эле. Капар менен баш ийкешип учурашып койду. Жедеп көнүп бүткөнбү, Карыптын сөзүн тамаша катары санап, кулагынын сыртынан кетирди.

– Өзүң килтейген «Манас» аэропортун титиретип турасың… Анан мусыр көтөрүп… Манастын атын булгап… Ой, сен төктүртпөйсүңбү… Дайым эле мусыр төгүп жүрөсүң, деги сенин катының эмне иш кылат, ыя?..

Тиги үндөбөдү. Таштандыны челекке төктү да, чакасын көтөрүп үйүн көздөй басып кетти.

– А-аай, – деди Карып, аны узата карап башын чайкай. – Катындарды жедеп жаман көндүрүп бүттүңөр го, эми аларың үй оокатын кылганын да колко кылышчу болуптур… – Тажагандай колун шилтеди да, тамекисин соро кетти.

«Ким эмне кылат, мунун эмне иши бар?..» – деп ойлоп койду Капар.

– Жанагы эмнеге кечикти, ыя?.. – деди бир кезде чочугандай селт эте Капарды карап. – Алеки заматта эле алып жетип келем, байке, – деп желпилдеп кетпеди беле…

– Ким?

– Же, эмне, Кудай урган баягы аялдык түбүнө тартып, дагы көр-пөрүн издеп кеттиби?.. – деди тиги ого бетер сырдуу.

Капар эч нерсеге түшүнбөй, ийнин куушурду. Ушул маалда кимдир бирөө колунан тарткылады. Караса, уулу экен. Эчтекеден бейкапар эдиреңдейт.

– Аа… Келдиңби?.. – Эсине бирдеме түшкөндөй, жиндене кетти. – Эмне кылып жүрдүң, бирөө байлап койдубу?

– Бир бутумду таппай жаттым.

– Кандай бутум?

– Жөн эле бутум. Бир батинкемдичи.

– Аа… Таптыңбы анан?..

– Жок.

– Кандайча жок?.. – Капар уулунун бутун карап калды. Эки бутунда тең эле батинкеси бар экен. – Кандайча жок?.. – деди кайра таңдана.

– Мамам экөөбүз үйдү бүт шимшип издеп таппай койдук. Бегайым кийип кеткен окшойт. Баягында да кийип кеткен. – Эдиреңдеди. – А мен аныкын кийип алдым.

Бегайым Капардын улуу кызы эле. Эдилден эки жашка чукул улуу болчу. Кечээ таэжесинин үйүнө кеткен.

– Кандайча кийип алдым? – деди Капар таңдана, уулунун бутуна кайра тигиле. – Эмне, экөөңөрдүкү окшошпу?

– Опокшош!.. – деди уулу эдиреңдей. – Аныкы кичине эле чоңураак…

– Аа… – Таңдангандай башын чайкап, жылмайып койду. Кайрадан башын чайкады – ушуга чейин балдарынын бутуна көңүл бурбаптыр да. – Жүрү эми, кеттик. – Уулун колдон алды. – Кечигип калабыз. – Өзүнчө шыбырап койду. – Кечиксек, сени албай коёт.

Экөө жөнөп калды.

– Капар, Капар! – деди Карып алар узай бергенде, эсине бирдеме түшкөндөй шашкалактай. – Сенин давлениең төмөн беле, же жогорубу?..

Капарга шылдыңдап жаткандай туюлду. «Буга менин давлениемдин эмне кереги бар?!.» – деди кыжына. Анан артына карабай, бурк этти:

– Төмөн да, жогору да!..

Чын эле, Капардын кан басымы бирде көтөрүлүп, бирде төмөндөп секирип турчу.

– Анда бир күнү көк чай, бир күнү пиво ичишиң керек экен… – деди тиги боору ооругандай.

«Буга менин давлениемдин эмне кереги бар?..» – деп кайра шыбырай кетти. Бирок Карыптын бул сөздү чын ниетинен айтып жатканын анын үнүнүн добушунан сезип турду. Кайрадан ал аянычтуу көрүнүп кетти.

– Капар, алдагы уулуңа айтып койчу, – деди Карып ого бетер бакылдап, – мени Гарбачок дебей жүрсүн, андай болду Горбачёв деп эле ачык айтпайбы…

– Уктуңбу? – деди Капар уулуна, – мындан кийин Гарбачок дебей жүр, Горбачёв дегиниң.

– Тилим келбейт да.

– Келбесе да Горбачёв дегиниң!.. – Капар бурк этти.

– Ооба, сага… – Уулу чукчуңдай кетти. – Өзү айтып коёт да…

– Ким?

– Гарбачоктун өзү да. Бир жолу үйүнө барсам мени Гарбачок дейт экенсиң, молодессиң деген. Туура айтасың деген. Экөөбүз тең тазбыз деген. Гарбачок да таз, мен да тазмын деген. Ал СССРдин тазы, а мен Кыргызстандын тазымын деген. – Уулу үндөбөй калды да, Капарга суроолуу элейди. – Папа, таз деген эмне?

Капар кичине буйдала түштү, анан:

– Чачы жок да… – деди мукактана, – маңдайында.

– Сеники барбы?

– Турбайбы.

– Аа…

Көпкө үндөшпөй келишти.

– Аа-ай, ата, – деди бир кезде уулу, куду чоң кишидей башын чайкап, – кечээ Гарбачок иттей жаман мас болуп келди!

Капардын жүрөгү тыз дей түштү.

– Аны кайдан билдиң?

– Эмнени?

– Мас болуп келгенинчи.

– Өлгүдөй темтеңдеп тамтаңдады да. Адыл экөөбүз өлгүдөй корктук.

– Адылың ким?

– Адылчы. Саяк…

– Аа…

Адыл уулу менен жашташ. Экөө короодо дайыма бирге ойношот. Эгиз козудай ээрчишип чогуу жүрүшөт. Карыптын жээн небереси. Атасынын уруусуна карап, аны короодогулар Саяк дешет. Буга арданып, бир күнү Карыпка арызданып ыйлап барса, ал: «Сен саяк эмессиң, супер саяксың. Бар ойногун, экинчи даттанып келбей жүр. Түбүң саяк болсо, саяк дейт да анан!..» – деп кайра кубалап жибериптир. Ошондон кийин даттанып барганын койгон дешет. Азыр Саяк деген атка өзү деле көнүп бүттү.

– А эмнеге корктуңар?

– Жыгылып кетеби дедик да. Мо-омунтип темтеңдебедиби. – Уулу туурап көрсөттү да. – Гарбачокту карап туруп, биз да темтеңдедик. – Жадырай кетти. – Эр экен, жыгылган жок. Тепкичтен темтеңдеп араң чыкты да, үйүнө кирип кетти…

Капардын жүрөгү кайрадан зырп этти.

– Киши мас болгондо эмне үчүн темтеңдейт, папа?

– Мен аны кайдан билем! – Капар бурк этти.

– Кызык… Темтеңдейт да, тамтаңдайт. Мына, мына жыгылат десең эле жыгылбайт. Кызык…

Уулу жаны жыргай кыткылыктады. Анан чочугандай Капарды колунан кармап, тарткылай кетти:

– Папа, папа, сен арак ичпейсиң, ээ?

– Ооба, ичпейм.

Уулу өзүнчө эле сүйлөнүп баратты:

– Папам арак ичпейт дедим, пиво эле ичет дедим. Адыл айтат, пиво ичсе, арак деле ичет да дейт. Жок, арак ичпейт дедим, пиво эле ичет дедим.

Капардын жүрөгү ого бетер сыгылды: «Мунун буларга эмне кереги бар?!»

Дагы үндөбөй калышты.

– Ошентсе да… – деди бир маалда Капар эсине бир нерсе түшкөндөй ойлуу, уулун карап, – ошентсе да сен ата дешиң керек. Бул үйдөгүлөрдүн баары менден улуу, эркектеринин баарын ата дешиң керек: Карып ата, Нооман ата, Керим ата…

Ушу жерге келгенде, уулу тызылдап жиберди:

– Керимиңди ата дебеймин!

– Эмнеге?!.

– Аның уруша берет.

– Тентек кыласаңар урушат да.

– Кылбасак деле уруша берет… Тим эле кыйкырып өкүрөт. Кубалайт…

– Эмнеге?..

– Волгама жолобогула – чийип саласыңар дейт. Үйдүн жанына ойнобогула – терезелерди талкалайсыңар дейт. Гаражга барбагыла – үстүн түшүрөсүңөр дейт. Бактарды аралабагыла – сындырасыңар дейт. Дагы… дагы… – Мукактанып турду да, үнү кардыга. – Силер киши өлтүрөсүңөр дейт…

Капардын жүрөгү болк дей түштү:

– Киши өлтүрөсүңөр!.. Кандайча?!. Качан?.. – Эмне дээрин билбей, туттугуп калды.

– Дайым эле ушинтет. Баягыдачы… Бир мышык жертөлөгө тууп салыптыр, анан балдарын багып алалы деп алып келатсак, бизди кармап алып кыйкырып-өкүрүп… Силер буларды өлтүргөнү баратасыңар деп, минтип жүрсөңөр, силер кийин сөзсүз киши өлтүрөсүңөр деп… – Дагы муунуп сүйлөй албай калды да, анан көп өтпөй капысынан эле кыткылыктай кетти. – Ошондо Медет байкемдер ырас эле кылышты, башына сийишип…

Капар селт эте түштү:

– Сийишип!.. Качан?!.

– Баягыдачы… Керим сага да кыйкырып-өкүрбөдү беле…

Капар ойлонуп туруп калды. Чын эле, бир күнү түштө үйүнө келсе, Керим булардын балконун карап алып, кыйкырып-өкүрүп жатыптыр. Капарды көрө салып эле беттен алган:

– Карачы, балдарың башыма сийип салышты!.. Минтип жүрсө, буларың!..

Капар не дээрин билбей:

– Коюңузчу!.. – деп үйүнө кирип кеткен.

Жетип эле, балдарына бир тийген:

– Эмне үчүн сиесиңер, ыя?!. Кишинин башына…

– Сийген жокпуз!.. – дешкен уулдары Медер менен Медет жарыша. – Чай төгүп алдык… Анан сийдиңер деп эле өкүрүп-бакырып…

– Аа… – Капардын санаасы тына түшкөн, анан балкондон башын салаңдатып кыйкырган:

– Керим байке, булар сийбей эле чай төгүп алышкан тура… Керимдин жаны чыгып кеткен:

– Чай!.. Кайдагы чай!.. – Маңдайындагы кашкасын улам-улам сылап, анан колун өчү бардай жыттап. – Карачы ай, анан ушу чайбы, ыя?!. Мени, эмне, чай менен сийдиктин жытын билбейт дейсиңби?.. – Бир алаканын жая. – Ишенбесең, кел өзүң деле жыттап көрчү… – Алаканын кайра жыттагылай баштаган.

– Ээ, коюңузчу!.. – Капар кыжырдана күбүрөп алып, үйүнө кирип кеткен.

Капардын айтканына ишенген эмес. Биресе күлкүсү да келген.

«Анан волгаңды үйдүн дал түбүнө коёсуңбу?.. – деген өзүнчө күбүрөп. – Алысыраак токтотпойсуңбу!..»

Капар ушуларды эсине түшүрдү да, уулуна кайрылды:

– Алар чай төгүп алдык дешпеди беле?..

– Кайдагы чай!.. – деди уулу каадалуу кишидей. – Сийип эле салышкан…

– Тү-үү ата, шерменде кылышкан турбайбы!.. Анан айтпасыңбы ошондо эле сийип салышты деп…

– Айтпа дешкен да. Айтсам өлтүрүп салышпайбы…

– Ким?!.

– Медет байкемдер да… Айтпа дешкен… Айтсаң… – Уулу сөзүн улабай, башын чайкай кетти.

– Түү ата! – деди Капар кайра. – Шерменде кылышкан экен да!..

Уулу ага көңүл бурбады, кыткылыктап өзүнчө сүйлөнө баштады:

– Үчүнчү этаждан Медет байкемдер, бешинчиден Чынарбек акырын жылжытып коё бере башташты…

– Эмнени?!.

– Сийдиктерин да!.. – деди уулу эдиреңдей. – Керим эңкейип алып, волгасын оңдоп жаткан, анан башын көтөрдү эле, башына сийдик шалп дей түштү дейсиң!.. – Моокуму кана кыткылыктады.

– Түү ата!.. – Капар не дээрин билбей калды. – Кыйратыпсыңар!.. – деди уулунун колун булка. – Баспайсыңбы бежиребей…

– Басып эле баратпаймынбы…

«Түү ата!.. – деди Капар кайра, ичинен шыбырап кыжына. – Түү ата!..»

– Алтындарым! Баратасыңарбы… – деген бакылдаган үн угулду аңгыча оң жактан.

Капар жалт карады. Көтөрүнүп алып, композитор Нооман келатыптыр. «Эми мунусу кайдан чыга калды!..» – деп ойлой кетти Капар. Минтип ойлонуп бүткүчө болбой, Нооман жете келди да, жүгүн жерге коё салып, учурашпай туруп эле өзүнүн чөнтөктөрүн оодара кетти. Эч нерсе таппады көрүнөт, Капарды алая тиктеп, бозала чаң болуп туруп калды.

– Жок!.. – деди анан алаканын жая. – Жок!.. – Капарды карап, актана. – Кечээ эле бар болчу, чын айтам, атайын экини салып койгом…

– Эмнени? – деди Капар да алайып.

– Конфетти… – Эдилди башынан сылай кетти. – Атайы сага деп салып койгом. Алдымдан чуркап чыга калса деп… – Кайрадан Капарга кайрылды. – Түндө уктап калганымда жанагы, аялымды айтам, чөнтөгүмдү оодарган окшойт, акчалар менен кошо конфетти да шыпырып…

Нооман жан айласын таппай, башын чайкап туруп калды. Капарга өтө аянычтуу көрүнүп кетти. Өзүн ыңгайсыз сезе баштады.

– Кайдан таң заардан көтөрүнүп?.. – деди анан, кепти башкага бургусу келип.

– Ээ, баягы көртирилик да!.. – Нооман колун шилтеди. – Баягы эле өлбөгөн көр оокат да!.. – Жердеги чака менен карнизге колун жаңсай. – Буларды кечээ эле алгам, анан бирөөгө жолугуп калып, инимдин үйүнө калтырып койгон элем. Анан тиги, аялымды айтам, таптакыр ишенбейт десең, таң азандан кулак-мээмди жей баштады, сенин алганыңды бир кудай билет дейт, кечээги акчаларыңды ичип салдың да дейт… Ээ, катындардын сыры белгилүү да!.. – Колун шилтеп койду.

Капар үндөбөй, карниз менен чаканы карап туруп калды.

– Кандай жактыбы, ыя?.. – деди Нооман да аларга колун жаңсай. – Аялым желим чакадан ал деген, а мен темирби, жезби, иши кылып ушунусун эле алдым. Бул бышык да. Анын үстүнө мени жакшы билесиң, соомдо эле мастаймын, анан бирдеме кылт этип алып дааратканага кирип, тамеки чексем… Анан магдырап отуруп, тамекини өчүрбөй ыргытып таштасам, анан желим чака да күйүп, анын ичиндеги кагаздары да күйүп… Үйдү өрттөп жибербейминби, ыя!.. – Чын эле өрт чыгып кеткенсип, башын чайкап-чайкап ийди.

– Ээ, койчу!.. – деп койду Капар ойлонуп-ойлонбой.

– Карнизди да бышыгына качырдым. Мага жалтырак-жултурактын эмне кереги бар, мага бышыгы эле жетет. Муну килтейген мыктар менен экинчи чыккыс кылып уруп коём, мен өлгүчө былк этпей турат. А жанагы байларың улам жалтырактары менен алмаштыра беришсин. А мендей көк жетимдерге ушунусу эле жетет!.. Чынбы, ыя?..

Капар үндөбөй башын ийкегилеп, өзүнчө кыжынып алды: «Алтымышка чыкты, дагы эле жетиммин дейт!..»

– Кап, алтыным!.. – деди Нооман чын дитинен өкүнө, уулунун башын сылай. – Кап!.. Чын эле, бар болчу. А азыр жок. Мына, өзүң деле көрдүң го… – Чөнтөктөрүн кайрадан оодара кетти. – Эчтеке эмес, алтыным, – деди анан жайдарылана. – Эртең сөзсүз…

Капарга дагы эле аянычтуу көрүнүп кетти. Нооманды тигиле карап калды да:

– Ой, мунуң эмне култуңдаган? – деди аны төшкө сайып.

Колу катуу бир нерсеге урунгандай болду.

– А-ай ата, билип койдуңбу, – деди Нооман бажактай. – Бу баягы да… – Адатынча ачуулана кетти. – Бизди ушинтип кор кылып койбодубу жанагы Горбачёвуң. Мына эми, минтип орустун бир жаман кемпиринин көзүн карап жүрөбүз да бир бөтөлкө самогонуң барбы деп!.. Айтсаң, аракты ким тыя алат, ыя?!.

Капар башын ийкегилеп, үндөгөн жок.

– Айтсаң… – Нооман негедир кайрадан бажактай күлдү да, акырын шыбырады. – Айтсаң, тиги күтүп жатабы, ыя?..

– Ким?

Нооман үйүн көздөй башын жаңсай, ого бетер акырын шыбырады:

– Тигичи… Карып байке…

Капар Карыптын жанагы деген сөзүн эстеп, аа… – деп башын ийкегилей кетти.

– Ооба, – деди анан, Нооманды карап. – Ооба, күтүп жатат. Кой, биз жылалык. Кечигебиз… – Уулун колдон алды.

– Айтсаң, – деди Нооман чакасын жерден алып жатып, – булар жактыбы, ыя? Мендей томаяк жетимдерге ушулар эле жарашат да, ыя!..

Капар үнсүз башын ийкегиледи да, кайрадан кыжынды: «Алтымышка келди, дагы эле жетиммин дейт!..»

– Кап, алтыным! – деди Нооман уулунун төбөсүнөн сүйүп. – Эртең сөзсүз… – Сөзүнүн аягына чыкпай жөнөп калды.

Капар уулун жетелей ылдый басты.

– Капаке! – деген Ноомандын кардыккан үнү угулду көп өтпөй. Капар башын шарт бурду. – Капаке, – деди Нооман көңүл айтып жаткансып. – Эмгек сиңирген ишмерликти быйыл да албай калыптырмын. Министерстводон айтышты. Композиторлор союзунан документтериң келген жок дейт. Сыягы, союздагы досторум!.. – Колун бир шилтеп алды да, сөзүнүн аягына чыкпай шашылыш жөнөп кетти.

«Эмгек сиңирген ишмерликтин сага эмне кереги бар?..» – деп шыбырап койду Капар, башын бери буруп жатып. Көп өтпөй негедир ичи күйө баштады. «Азыркы композиторлордун эң таланттуусу да, мээнеткечи да ушул, – деди көңүлү чөгө шыбырап. – Анан… – Ачуулана кетти. – Өзүндө да бар, бирдеме болсо эле жетиммин, томаякмын деп наалып эле…»

– Папа, кайсы эшиктен киребиз? – деди аңгыча уулу. – Акпы же кызылбы?

– Аа, келип калдыкпы? – деди Капар башын көтөрүп. – Баягы көнгөн эшигибизден эле киребиз да…

Экөө ээрчишип киришти. Бөлмөдө баягыдай эле кымкуут, чуру-чуу. Бирөө күлүп жатат, бирөө ыйлап жатат. Бирөө чечинип жатат, бирөө кийинип жатат. Айтор, койлор жайыттан жаңы келип, козуларын жамыратып жиберген учурду эске салат. Уулу өз шкабын көздөй жүгүрүп кетти. Капар аны карап, туруп калды. Аны сол жактан бирөө тиктеп тургандай туюлуп кетти. Башын шарт бурду. Чын эле, узун бойлуу бир аял карап туруптур. Негедир тааныш сыяктуу. «Кайдан көрдүм эле?..» – деп шыбырады Капар. Экөө тиктеше калышты, аял ыңгайсыздана жүзүн буруп кетти. «Бир жерден көргөнсүйм, бирок кайдан?..» – деди Капар кайра шыбырап. Ушул маалда чайылдап ыйлаган кичинекей баланын үнү угулду. Бир келин, сыягы тарбиячы го, бир кичинекей баланы көтөрүп баратат, ал артын карап алып, колун созуп ыйлап баратат. Бир дулдуйган кара жигит ыйлап бараткан баланы узата карап турду да, шарт бурулуп жөнөп калды.

– Эмне, ээрчип жатабы? – деп сурады Капар ал жигит жанына келгенде.

– Жок! – жигит негедир бурк этти. – Упчу бербейсиңер деп чыр кылып жатат.

Упчу деген сөздү укканда Капардын жүрөгү зырп эте түштү.

– Упчу!.. – деди Капар тиги жигитти узата карап. – Анан берип эле койбойсуңарбы…

– Бергенде! – жигит кайрадан бурк этти. – Бердиртпей жатпайбы! Садиктен эмгенге болбойт деп!.. – Жигит жиндене колун шилтеп басып кетти.

Капар «кат…» – деп баратып, сөзүн толук айта албай, умсунуп туруп калды. Анткени жигит алыс узап кеткен эле. Аргасы түгөнгөндөй, башын чайкагылап кыйлага турду. Анын упчудан үч көчкөн журттай көңүлү калган эле. Бул сөздү укканда эле бир селт этип алып, титиреп кетчү. Ушул селт этүү менен титирөөдө кандайдыр бир зааркануу да, анан кусалык да бар эле. Анткени балдарды эмчектен чыгаргандан да упчусун таштатуу азап болот экен, тим эле тирүүнүн тозогу окшойт. Балдарынын эмчектен кантип чыкканы азыр эсинде жок, бирок упчуну кандайча ташташканы күнү бүгүнкүдөй көз алдында. Өңгөнү унутса да, ушул Эдилдикин кантип унутат. Эдилди бакчага алып келатканда жолду карата «упчуну тарбиячысына көрсөтпөй, Эдилге кантип катып берүү керек?» деген суроо көңүлүндө ойноп, заманасы куурула берчү. Анан алар упчусун алып, дүйнөсү түгөл болуп, кудуңдап тарбиячысын ээрчип бараткан Эдилди элестетип, дагы бир жолу заманасы куурулуп кетчү. Көбүнчө анын трусысына катып берер эле. Трусынын ычкырына ороп берип жатып, дайыма какшап эскертчү: «Эч кимге көрсөтпөй соруп-соруп ал да, анан ушинтип ороп кой, ээ?..» Эдил анда бир жарым жашта эле болчу, көп сүйлөй алчу эмес, бирок баарын түшүнгөндөй башын ийкегилеп кудуңдап кала берчү. Ошондо уулунун бул жарыкчылыктагы жападан жалгыз медери упчусу эле. Упчунун эмне деген балакет экени жедеп Капардын жон терисине сиңип бүткөн. Ошон үчүн жана да: «Катып бербейсиңерби!» – деп айтуу үчүн жанталашпадыбы. Бирок айтууга үлгүрбөдү, «кат…» – деп барып токтоп калды, буга азыр абдан өкүнүп турду.

Ооба, андай күндөрү Капар упчусун карматып ийбесе экен деп керээли-кечке бушайман болуп жүрчү. Кечинде упчусу ордунда экенин көрүп, санаасы тынып калчу. Упчуну катып бергенимди эч ким билбейт деп ойлочу. Көрсө, билишчү экен. Кийинчерээк бир күнү Эдилдин тарбиячысы аялына айтыптыр, «Эдилге папасы упчуну кантип катып бергенин карап туруп, ага боорум ооруп ыйлагым келди, унчуккан жокмун…» – дептир. Ушинтип жүргөн күндөрдүн биринде аялы мен упчуну кантип таштатыштын жолун билип келдим деп кудуңдап кирип келди. «Кантип?» – деди Эдил биресе сүйүнө, биресе таңдана: «Эртең кечинде көрөсүң» – деп койду сырдуу. Эртеси бакчадан келишсе, зымга конгон чымчыктардай болуп, упчулар терезеде тизилип туруп калыптыр. Бегайым менен Эдил бакырып барып баса жыгылышты. Көп өтпөй тилин салаңдатышып бакырып-өкүрүп ыйлай башташты. «Көрдүңөрбү!.. – деди аялы. – Упчуңарга каргалар чычып кетти, эми эмсеңер ушинтип тилиңерди ачыштырат!..» Көрсө, аялы сууга калемпир кошуп туруп, упчуларын кайнатып коюптур. Бирок «карга чычып салганын» унутуп коюшуп, дагы эле баса жыгылышып, эки-үч курдай бакырып-өкүрүштү окшойт. Кийин терезеде тигилип турган упчуларды, же каркылдап учуп бараткан каргаларды көргөндө: «Каргалар жаман, ээ, биздин упчуларыбызга чычып кетишкен, ээ…» – дей беришчү. Ошентсе да, Бегайым да, Эдил да упчуларга кыйыла карашып, көздөрү өтүп жатышканын Капар сезип турчу.

Негедир кейип кетчү, түнүчүндө укташканда чопулдатып тилин соруп жатышканын да көрүп, зээни кейий берчү. Бир курдай Бегайым менен Эдилди ээрчитип аптекага кирип калды. Капар керектүү дарысын издеп, кичине алаксый түшкөн, бир кезде караса эле, тигил экөө айнек тосмону сөөмөйлөрү менен сайгылашып, өздөрүнчө эле кудуңдап сүйүнүп жатышыптыр. Акырын көз кырын салса, тосмонун ары жагында упчулар тизилип турат. Аптекачы аял да муну байкап калганбы, Капардан акырын шыбырап сураган: «Эмне, упчу эмишчү беле?» Капар ооба дегендей башын ийкеген. Аптекачы балдарды кайрадан карап, аягандай аа-ай… – деп башын чайкап алган. «Атаңдын көр-үү!.. – деп шыбараган Капар зээни кейий. – Кыйын экен да…» Бирок эмне кыйын экен – муну билген эмес, билейин деген да эмес. Капар ушуларды ойлоп турду. Анан чопулдатып упчу ээмп келаткан наристелер негедир өзүнө жакын, ысык сезилерин ойлоду. Акыры ойдон кутулгусу келдиби, уулун издей баштады. Уулу дале шкабынын жанында экен, сыягы, кийимин алмаштырып бүтө элек го.

«Эми бул да чоңойду, – деп койду шыбырап. – Эмдиги жылы мектепке барат…» Анан кандайдыр бир кымбат нерсесин билбей жоготуп алгансып, оор умсунуп алды. Аны дагы эле бирөө карап тургандай сезилип кетти. Жалт бурула карады. Жанагы келин экен. Эми ал көзүн ала качкан жок, түз эле Капарды көздөй келатты. Куду эски таанышындай түз эле Капарды беттеп келатты. Капар: «Муну кайдан көрдүм эле?» – деп шыбырап, аны бүшүркөй карап калды. Бир карасаң оруска окшош, бир карасаң татарга, бир карасаң өзбекке окшош. Капар таңдангандай башын чайкап койду. Келин Капардын жанына келди да, кысынгандай:

– Сиз Эдилдин папасысызбы? – деди.

– Ооба.

– Мен Фурхаттын мамасы болом.

– Аа…

Капар Фурхат жөнүндө көп эле угуп жүрчү. Эдилдин эки сөзүнүн бири эле Фурхат болчу. Экөө бир группада эле. Келин Капарды бутунан башына чейин бир карап алды да, негедир алкына кетти:

– Сиз уулуңузга айтыңыз, Фурхатка сөгүнгөндү үйрөтпөсүн. Эгер экинчи ушинте турган болсо…

– Кандайча сөгүнгөндү? – Капар элейди.

– Жөн эле. Фурхат мурда кандай эле! Сөгүнмөк турсун, бир да жаман сөз билчү эмес. Эми…

Капар дале эч нерсе түшүнө албай турду. Анан оюна бир нерсе түшкөндөй:

– Фурхатыңыз кыргызча сөгүнөбү, же орусчабы? – деди чочугандай.

– Кандай кыргызча? Ал кыргызча бир ооз да сөз билбейт!..

– А Эдил орусча бир сөз билбейт. Анан…

Келин Капарды таңдана карап туруп калды. Капардын ырай- пешенесинен, үнүнүн добушунан улам анын айткандарынын тууралыгына ынангандай болду окшойт:

– Интересно!.. – деди да, башын чайкап басып кетти.

«Кайдан көрдүм десем, ушу бала бакчадан эле көрүп жүргөн экенмин да!» – деп ойлоп койду Капар аны узата карап. Арданды. Уулун жөндөн жөн эле күнөөгө батырып жатканына, өзү да оңгулуктуу жооп кайтара албагандыгына ичи күйүп ызаланды. Чын эле, Эдил орусча билчү эмес. Орусча билеби же билбейби, муну Капардын өзү да билчү эмес, бирок көчөдөнбү же үйдөнбү, чоңдор мененби же балдар мененби, айтор, Эдилдин орусча сүйлөшкөнүн бир да жолу кулагы чала элек. Анан Капар өзүнчө таңдана берчү. Мына, Эдилдин бакчага келгенине беш жылдын жүзү болуп баратат. Группасында жыйырмадан ашуун бала бар. Ошолордун ичинен кыргызы – жалгыз Эдил. Калгандары бүт орустар, же орус тилдүү башка улуттагылар. Алар кыргызча таптакыр билишпейт. Тарбиячысы да орус келин, ал да билбейт. Анан кантип Эдил орусча үйрөнө албай койду, деги бул бакчадагы балдар, анан тарбиячылар менен кантип сүйлөшөт? Деги алар менен сүйлөшөбү? «Орусча сүйлөбөйсүңбү?» – деп канча жолу айтса да: «Ээ, уялам!..» – деп мылжыңдап койчу. Буга бир таңданса, Эдилдин кыргызчаны ушунчалык жакшы билгендигине бир айран калчу. Кээде Эдил Капар тээ бала кезинде уккан, азыр унутуп калган же унута баштаган кыргыз сөздөрүн да кошуп сүйлөчү. «Муну бул кайдан үйрөнүп жатат?..» – деп таң кала берчү. Анан да Эдил мурда эле аты бар нерселерге да өзүнчө жаңы ат таап коё салганга да маш эле. Болгондо да ошол нерсенин дал өзүнө дал келгендей атты тапчу.

Мындай ат таап коюу чоң адамдардын үч уктаса да, миң толгонуп түмөн түйшүк тартса да түшүнө кирмек эмес. Баарынан да кишилерге ат коё салганычы. Бир жолу Капар өзү иштеген жерге Эдилди да ээрчитип барган, ал көп өтпөй эле машинка баскан кыздар менен тил табышып кеткен. Жарым саат өттүбү, өтпөдүбү, бир машинист кыз ыйлактап Эдилди ээрчитип келип: «Агай, – деген ызалана, – уулуңузга айтып коюңузчу, мени түлкү деп шылдыңдап жатат!..» Капар кызды карап туруп, бышкырып жибере жаздаган. Кыз чын эле түлкүгө куюп койгондой окшош экен. Мурда бул кызды көргөндө да Капар аны кайсы бир жаныбарга окшоштура берчү, бирок тапчу эмес. Эми минтип…

Капар ушуларды ойлоп, таңдана башын чайкап турду.

– Папа, мен бүттүм!.. – деди бир маалда Эдил Капарды селт эттирип.

– Аа… Бүтсөң…

Ушул учурда ары жактан кубанычтуу бир үн жаңырды:

– Эдил!..

Эдил шак бурулду да:

– Фурхат!.. – деп бир кыйкырып алып, ай-буйга келбей, жүгүргөн бойдон кетти.

Капар уулун узата карап туруп калды. Экөө тең кыйкырышкан бойдон келишти да, кучакташып калышты. Анан Фурхат бирдемелерди сүйлөп, Эдилди колунан тарткылап, ары жакка жетелеп барды. Колун коё берди да, эки жагын уурдана карап, чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыккандай болду. Капар тигиле карап калды. Конфет экен. Бирөө эле окшойт. Сыртын аарчып, аста оозуна салып тиштеди да, экиге бөлдү. Экөөнү теңештире кетти. Мулуң эте Эдилге карап алды да, конфетинин жарымын сунду. Жарымын өзү оозуна салды да, ары көздөй жүгүрүп кетти. Капардын ичи аңтарыла түшкөнсүдү. Денеси бир дирт этип алды да, кандайдыр бир жылуу нерсе бутунан башына чейин акырын жылжып өрдөп өткөндөй болду. Чатырап турган башы жазылып кеткени, же, тескерисинче, ого бетер чыңалып чыкканы белгисиз, айтор, Капарга бул дүйнө өзгөчө бир жаркып турду.

Өзүнө өзү батпай, жер баспай эле, кандайдыр бир каалгып калгансыды. Жанына келип кудуңдап турган уулуна эмне дээрин билбей калды. – Сен сөгүнбөй жүрбөйсүңбү… – деди анан айласы түгөнгөндөй, өзгөчө бир мээрим менен. – Сөгүнгөн жаман болот да… Уулу эчтеке түшүнбөй, элейе кыйлага тиктеп турду да, анан Капарды колунан тарткылады: – Папа, папа, сөгүнгөн деген эмне?.. Капар өзүнө өзү ээ боло албай калды. Чөгөлөй кетти да, уулун бооруна бекем кысып, өпкүлөй баштады. Ушул маалда жагымдуу бир үн шаңк этти: – Өбүшүп бүттүңөрбү?.. Жүр анда, Эдил, кирели!.. Бул Эдилдин тарбиячысы эле…

Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *