Аккан сууда арам жок — I

Аккан сууда арам жок – II

Оштон келатам. Самолёт бир күн учпай калды. Май жок дейт. Эй, ошондогу белеттин өчүрөтүн айт, биринин үстүнө бири чыгат, аялдар чалдарды тепсеп кетип атат. Белет үчүн баласы атасынан кечүүгө даяр. Кысыталак, ушундай бир шатыдай узун неме экен, ошонун үстүнө чыксак, белетке бачым жетебиз дештиби, ага асылып чыга башташты. Ал чыдабаганынан: «И-ий!» – деп жиберди шаты сыяктанган бечара. Эгер элибизде бир чоң маданият болсо, Чыгыштын – өзүбүздүн улуу, таза, керемет булагынан кана жутуп келсек, а бу дегениң биринчи ыйман, ынтымак эмеспи, жанагы өзбек менен кыргыздын же өзбек менен түрктүн же орус менен дагы бир палээнин ортосундагы чыр-чатак болбойт эле да. Бул жанагы белет талашкандай эле кеп.

Кичинекей кыйынчылык боло калса ошого чыдабай, өлгөндү көмгөн көрбөй, «…Быржыбайды там басты» болгон ошо да. Кеп өзүңдүн өткөнүң менен эмес, суу ичкен булагың менен «күлүп коштошкондо» болуп атпайбы. Турмуш чындыгы мындай, соцреализм андай болуп ажырым чыгып атпайбы. Аны айтсаң, «советтик эмгекчилерди шылдыңдайсың» дейт да. Өзүнүн түпкү башатынан, түпкү адеп-ахлак салттарынан бизчылап ажырап калган эл аз дүйнөдө. Фольклорубуз мелмилдеген океан, аны көрүш, аны сезиш үчүн бир кичинекей жаман каалганы ачышың керек, анан көрүнөт, бүткүл дөөлөтү, бүткүл сөөлөтү менен. А биздин адабиятчыларыбыз ошол каалганын туткасына колу жетип-жетпей эле өлө берип, эми өлүк додо болуп кетти, океан түгүл каалга да көрүнбөй калды. Ырас, ырас, ошондой болду кысыталак, өздөрү додо болуп үйүлүп, көзү чымдай бүтөлүп, анан жамбашы кайдан сууланып жатканын билбейт да. Ой, бул каяктагы ным дейт. Өзүңөрдөн чыгып кеткен ным десең ишенбейт. Эми аны тазалаш керек да, тазалаш үчүн кимдир бирөө «өлүктөрдү» алып ыргытыш керек да. Тазалайын десе, каалашпайт, «өлдүм, бирок көмбөгүлө» деген кеп да кысыталак, бутунан тартсаң чыкпайт, башынан тартсаң чыкпайт, анан жатып алып кайра сени сөгөт, бул антисоветский писатель дейт, буга эч ким жакпайт дейт, каны бузук дейт, Кафканы окуган дейт. Ушундай да. Дүйнөдө эч бир адабият мындай болбосо керек, буга көзүм жетет.

Чалчыкта чардаган бакалар

Руханий байлык деген байыртадан эле соода иши менен тең жүргөн, тең келген кербендей чубап. «Жибек жол» деп бекеринен айтылып калган эмес да. Бул адабияттын, маданияттын, рух, духтун жолу болгон. Мынабу силер ичип жаткан кофе аркылуу, чай аркылуу, нан аркылуу, селдеге деген бир ором бөз аркылуу өтүп турган бири-бирине маданият деген. Экономика деген жөн эле эриниңе эп келе калган сөз эмес да, жылаңач түшүнүк эмес да. Экономикаң каякка жүз бурса, рухуң ошояк менен алака түзөт, көрөңгөң көбөйөт, же акырындап ирий баштайт да кысыталак.

Көрдүңөрбү, бул кандай улуу да, сулуу да, коркунучтуу да нерсе! Чыгыш менен эң биринчи иретте экономикалык байланыш түзүш керек. Алака түзөлү айланайындар, Чыгыш менен, Түштүк Корея менен, Кытай, Жапания, анан Израиль менен деп атпайбы билермандар. Аксакал акын жакшы самолёт жакшы учат деп төгүн айтпаптыр го, жакшы киши жакшы ойлонот экен да. Бу деген эмне? Бу деген баякы, байыркы көпүрөлөрдү куралы, оңдойлу дегендик да. А биз эмне кылдык эле кысыталак: көпүрөлөрдүн баарын эле өрттөп кете бергенбиз да, өтүп алдыкпы, болду, өрттөп салганбыз да. Жүрүп олтурганбыз да ошо көпүрө өрттөп. Эми ошолорду кайра куруш керек. Экономикалык байланыш деген анын миңден бир дабасы. Көпүрө салыш керек, көпүрө болуш керек.

Мен жана Жамбыдан улам ойлоп калам да, Жамбы жана менин секелек сары, жаман Жамбы кызымчы, ошондой кишилер көбөйүш керек го. Англис, француз тилин (орус тилин мындай кой) билип, санскрит тилин билип, жапан тилин окуп, Батыш менен Чыгышты чындап үйрөнүп жатпайбы, окуп атпайбы, Париж университетинде, Сорбоннада. Кысыталак өзүм да кызык болуп жүрбөймүнбү, бутум Алайда, көөнүм Парижде. Мен камбагал андан окумак түгүл, аны түшүмдө көрмөк түгүл, жаман көрүнүп келбедимби, Париж дегенге тили так келет деп, антисоветский писатель деп. Эми ошондой кишилер көпүрө салыш керек, ошондой кишилер салат көпүрөнү. Биз өтөле чыгышчыл, же өтөле батышчыл болуп кетебиз. Же орусчул, же кыргызчыл болобуз. А чындыгында тыяк, быяктын маданияты деген жок, бир гана Маданият деген улуу түшүнүк бар. Негизи баары аш болуш керек, баарын аш кылышыбыз керек. Ошондо гана кадимкидей эл болобуз да. Эркин эл болобуз да.

Азыркы адабиятыбыз, маданиятыбызды аш кылган киши аз да. Жесе эле ичи өтөт, жесе эле ичи өтөт. Анан жаңкы биз кеп кылган үй менен эле даараткананын ортосунда жүрөт да. Башканы көрбөйт, укпайт, ойлобойт, эки көзү эле даараткана тарапта. Жегени, ичкени аш болгондо, санаасы жай болгондо башка бирдемелер жөнүндө ойлой баштайт да киши. Анан сүйлөйт да чечилип. Дүйнө менен адам бирдей болуп калат да. Идеология деген жок, диктант деген жок, соцреализмиң да жок. Дүйнө да Сен, Сен да Дүйнө! Сенин кайгың – Дүйнөнүн кайгысы, Дүйнөнүн кайгысы – Сенин кайгың. Сенин үнүң — Дүйнөнүн үнү. Сенин ыйлаганың – Дүйнөнүн ыйлаганы дейт го Чыгыш акылмандары.

Биз: бир алжыган эме экен деп коёбуз да. А чынында түбү ушул экен. Сынчылардын бири балдар адабиятын, бири чоңдор адабиятын айтат, а чыныгы адабиятты айткан жан жок. А чыныгы адабият, чоң адабият дегенибиз жанагы Аккан суу да… Адабият дагы, Коом дагы ошол Аккан суу. Агып туруш керек күркүрөп, шаркырап, жаңырып, жашарып, тазарып туруш керек. А акпай токтоп калса, чөөткө айланат да, көлчүккө айланат да, чөөттүн тегерегинде адам чардамак беле, бакалар чардайт да. Жакшы эле сууруп алып кургакка ыргытсаң да, чардай берет да кайра чалчыкка түшүп…

Бир жинди жана бир соо

Эми мындай экен да. Ушунчалык жаманчылыкта да, айла куруганда да, шар деген, нук деген өчпөйт экен да. Өлбөгөн, өчпөгөн нук бар экен да адам рухунда. Аны ыйык туткан адамдар бар экен да. Бирин-экин болсо да бар экен, ал илгертен келаткан нерсе экен. Бирок алар көпчүлүктүн шарында билинбей, көмүскөдө калат да. Баары эле бир хор ырдап атса, сен башканы ырдабайсың да. Баары эле бир гимнди ырдап атса, анан сен капыстан эле чыйылдап башканы ырдап кирсең… Э-эй, мындан ашкан маскарачылык барбы, күлбөгөн жери менен күлбөйбү киши. Анан кимиси да болбосун айтпайбы, эй, кысыталак, кыс, кысчу жериңди, бизге кошул же унчукпай отур дебейби…

Коом менен ошондой кишилер жөнүндө бир аңыз кеп бар. Сопулардын аңыз кеби. Бир камбагал түш көрөт да. Таңга маал экен. Түшүндө бирөө келип айтат дейт, а камбагалым, тартайып уктаар чак барбы, тур, деп айтат дейт, эртең суунун баарына дары чачылат, аны ичкен эле киши акылдан айнып, жинди болуп кетет, сен камбагал жинди болбоюн десең суу алып кал, өлбөгөн жаныңа жеткендей алып кал. Бечара камбагал ыргып туруп сууга чуркаган экен, ичип атат дейт, ташып атат дейт жанталашып, айтор, казаны да суу, чөмүчү да, челеги да суу. Ошентип жүрөт дейт суудан ичип коюп компоюп. Караса, шаардыктар бүт жинди болуп калган, жиндеп кеткен баары. Бая камбагал жүрө берет сыр билгизбей жымыңдап, мулуң-мулуң этип унчукпай жашай берет. Ыр күнү караса эле элдин көзү түз эмес ага, кысыталак, ушу соо эмес деп шектүү, кектүү карашат. Артынан шыбыр-күбүр сөз угула калат: эй, кысыталак, ушу соо эмес, жүргөн-турганы, сүйлөгөн-кылганы соо болбой калыптыр, ушу кысыталактын мээсинде бир мандем бар. Тигил эрөөн-төрөн албайт, күлүп коёт ичинен: биле-ебиз, кимде мандем бар экенин дегенсип. Бирок күндөн-күнгө баары эле коркунучтуу болуп баратат.

Бир күнү таңга маал келчү киши келиптир үйүнө: э-эй, дейт ал, сен өтөле коркунучтуу болуп баратасың кысыталак, сенин мээңде бир мандем болуш керек, сенин көзүңдү тазалабасак, ооруң баарына жугат дейт. Бычагын бүлөп, канжарын камдап киргенде, берки бечара, айланайын, коё тургула дейт, беш мүнөт коё тургула дейт. Болуптур дешет. Жарданып карап турушат дейт баары, бол бачым, болбосо алып кетебиз дешип. Дөбөдөй-дөбөдөй кишилер да, тим эле беш бүктөп алып кетише турган. Баягы камбагал кудукка чуркап жетип суудан шимирип, шимирип алат. Мына эми, алсаңар алгыла деп келет. Келсе, ээ, адам болуп калыпсың, оңолуп калыпсың дешет. Кой э, бу деле бизге окшогон адам экен, соо эле экен, жөн эле коёлу, жүрө берсин арабызда дешет. Көрдүңбү, биздин коом ошондой боло түштү да. Коом илдетке чалынганда ушинтип чалынат. Аңыз кептин улуулугун карачы, шумдук кысыталак, мындан башкача, мындан жөнөкөй, мындан таамай айталбайсың. Чоң-чоң сөздөрдү, проблема, идеяларды издеп жатып алсаң Айтматовго окшоп калбайсыңбы. А кишиге го жарашат, келбети да, дөөлөтү да ошондой болуп турбайбы, биз камбагалдаргачы, жанагы кудуктан суу ичип кутулган камбагалдаргачы… Бүт чыгыш адабияты ушундай, сыртына тамаша, юмор менен шөкөттөп… а ичине, ортосуна болсо… аманаалыны да, динамитти ороп коюшат да. Анан бир убакта эле кысыталак «баң-баң» деп эле чаңы асманга чыгып калат. А баягы динамит ороп койгон неме тиякта баратат, эшегин минип кыдыңдап…

Эже, уюткуңуз барбы?

Эми мындай. Кытайдын бир эски сүрөтү бар: бизге окшогон бир төрт жинди каткырып, күлүп отурушат да. Бирок төртөө тең акылман, болгондо да акын болуш керек, баягы Ду-Фу, Ли-Бо, Су-Ши, Ван Вей же дагы ушу сыяктуулар болсо керек. Кудайдан жөө качкандар да баары. Башы кошула калып, жаны жыргап каткырып отурушат да. Мына бу төрт кишинин башы кошулган учур жөн учур эмес. Бул бирин бири ушунчалык сүйүү, ушунчалык сыйлоо. Ал биринен бирине ток сыяктуу өтүп, бирине бирин ушунчалык байланыштырып, чырмап отурбайбы. Руху куюлуп атат го бири-бирине. Жанагы мен айткан оозеки акындарыбыздын улуулугу ушу да. Ошондо болгон ушундай атмосфера. Булар өкмөттүн эмне экенин да билишкен эмес. Жанагы түбөлүктүү, улуу, сулуу дегенибиз ушундан чыккан да. Болбосо эмне? Болбосо ушинтип эле бири-бирибизден акылдуусунуп, кыйынсынып жаза бергенден адабиятыбыздын уюткусу түзүлбөйт да.

Эски адабиятыбызда ошол уютку бар. Аларды укпай, туйбай, маани бербей, көр болуп жатпайбызбы, кер болуп жатпайбызбы. Алардын уюткусу бар. Бул өтө маанилүү. Уютку сеники да эмес, тигиники да эмес, сен аны тияктан алгансың, тияк бирөөдөн, бирөө дагы бирөөдөн сурап келген мисалы. Ошентип уюткунун өзүндөй түгөнбөс бирөө. Айылда ушундай да. «Эже, уюткуңуз барбы?» дейсиң, «Бар айланайын» – дейт. Эртеси ал дагы бирөөнө барат. «Баягы түгөт арак ичип келип, уюткуну кошо ичип алыптыр, уюткуң барбы» – дейт, «Бар» – дейт. Көрдүңбү, ошентип улана берет, бирөөдө болбосо, бирөөдө болот, түгөнбөйт. Айранын ичип жашай беришет. Адабият, маданият дегениң деле ошондой. Ал сеники эмес, ал Айтматовдуку эмес, ал Жусубалиев же Раевдики эмес. Ал элдеги түгөнбөгөн бир уютку да. Айран берип жатып айтпайсың да, баягы бечара Таасил эжемен алып келген уютку деп.

Мына биздин баарыбыздын кылар жумуш: уютку болуш. Болсо бериш, болбосо… баягы Алимбек түгөт мас болуп келип ичип алыптыр деш. Ошо да, ушундай эле жөнөкөй нерсе да. Анан эле аны кыйындатып, татаалдатып, соцреализм деп, академик Щерба деп, дагы бир тил келбеген балакетти айтып, элдин башын айландырыштын эмне кереги бар ыя?.. Адабият дегенибиз абдан жөнөкөй, абдан көңүлдүү, орусча айтканда, веселый нерсе да. Турмуштай жакшы нерселер да. Турмуш да суунун агымындай эмеспи, андан бечара иттин өлүгү да ага берет, төөнүн өлүгү да ага берет. Төө аккан, ит аккан деп эч ким ичпей койбойт да. Дүнүйө кысыталак, кызык да!

Жоробекке эстелик

Жоробек демекчи, акын Жоробек, ар нерсеге жакын Жоробек. Ушу камбагалга эстеликти мен койдум го дейм, ой, Алым. Жанагы «Кар» деген аңгемемде. Жаштар гезитине чыкты го. Ушу китебиме чыгып калса, ЖОРОБЕК СУЛТАНАЛИЕВДИН ЭСТЕЛИГИНЕ деп чоң тамга менен бастырып койбосом. Биздин империялык адабиятыбыздын курмандыгы ушу камбагалым да. Көрбөйсүңбү эми, «Мартин Иденди» которуп алыптыр да камбагал. Эскиргенинен барактары сапсары болуп кетиптир, көчөдө баратат, эй. «Каякка» десем, «Кыргызмамбаска» дейт. «О, атыңдан айланайын, «Кыргызмамбас» дедим ошондо. Кыргыз анан мамбас. Кандайдыр бир аралашма. Акыл да, акмакчылык да бар сыяктуу. Кыргызын түшүнөсүң го, мамбасын маңбаш десе бачым жетмек. «Ушуга апаратам» дейт. «Эй, Жоке, апарарын апарасың, чыгарабы анан» дейм. «Эми чыгарабыз деп атышат» дейт. Анан акын деген дейт, акындын кийими жакшы, бажоо болуш керек дейт, ушул чыккандан кийин кийинем дейт жакшы. Ошол камбагал ошонун акчасын алмак түгүл, чыкканын көрбөй өлүп кетти да. Өмүр бою санаасы менен байып жүрүп өлүп кетти да. Акындын бажоо кийимине жеткен жок да. Мен жөнүндө роман жаз, дейт. Жазайын, өлбөйсүңбү дейм. Жаман капа болду да камбагал. Өзүм да оозуман жаңылып жаман болдум, эй.

Ушунча капа болду десең камбагалым, ана дейм болбойт, мына дейм болбойт, жанымда бир сомум бар эле, вино алып бердим, «эми кандай Жоке» десем, ага да болбойт. Сөз деген жаман эй, ушунчалык абайлап айтыш керек, сөз деген найзадай, кылычтай, уудай, бир чыгып кетсе жаман, эй. Ошон үчүн кыргыздар сөзгө чоң маани берген да. Сөзгө чоң маани бергендиктен адабият жаралган да. Бирок маани бергендин да маани бергени бар, чолок, кыска маани берип алсак, жанагыга окшогон империялык адабиятка, маданиятка ээ болобуз.

Адабият деген ушул

«В начале было слово» – дейт. Демек, элдин баары, дүйнөнүн баары бололекте Сөз болгон дейт. Мисалы, чоюн болсун дегенде, чоюн болуп калган, таш болсун дегенде, таш болуп калган. Демек, бу дүйнөнүн бардыгы Кудайдын ырындай да. Мен ушундай түшүнөм. Ошон үчүн сыйлашкан да сөз ыйыктыгын, ошон үчүн коркушкан да сөз күчүнөн. «Жакшы сөз жан эритет» – дейт, «Жаман сөз жан кейитет» – дейт. Кантип? Көргөнүмдү айтайын. Молчанов деген жигит бар го, Москва телевидениесинде. Ошол бир кемпирди сүйрөп келиптир телевизоруна. Көрсөтүп атат. Ал кемпир жүзгө чыкты десе да болот, эки жүз десе да болот, 12 жашар кыз десе да болот. Өзү Балтика боюнан экен, бирок Индияда жашайт экен, ошо Индияда жүрө берип, Индиянын кемпирине окшоп калыптыр: ичи-тышы, философиясын бүт алыптыр, аябай каныптыр. Анын баарын айтып олтурсам чоң сөз, мен сөз жөнүндөгүсүн гана айтайын. Владимир деди, сөздүн касиети чоң деди адам үчүн. Мен ушунча жылдан бери Индияда жашайм, сөздүн күчүн карандай эле сөз менен айта бербей, көргөзүп берейин деди. Адегенде мактады. Сен мага жагасың деди, оюң да, боюң да келишкен жигитсиң деди. Передачаң да жакшы деди. Өйдө болчу, колуңду ийниң менен бирдей сунуп турчу деди. Сунуп турду. Кемпир анын колуна тим эле турниктей тартыла кетти эле, колу ийилген жок. Көрдүңбү деди, көрдүм деди, эми отур деди, жо, отур деген жок, Владимир деди, сенин паанайың неге мынча пас деди, көп ойлоносуң го. Эмне үчүн передачаңды түн ортосунда көргөзөсүң, же элдин баары көрөбү деп уяласыңбы? Жаманды да чакырасың, жакшыны да чакырасың, жаман, жакшыны ылгай албайсың го, таза кишилер андай кылбайт деди. Анан сунуп турган колуна асыла кетти эле, Молчановдун колу көтөрө албай ийилип кетти.

Көрдүңбү, – деди, мына, – деди сөздүн күчү! Өзү да айран калды бечара Молчанов. Мына сөздүн күчү ушундай болот. Чыгыштын улуулугу сөзгө ушунчалык улуу маани беришкенинде. Алар билет сөздү кандай кутуга салышты. Акылдуу киши өзү ачып алат, акылсызга ачмак түгүл жайып койсоң да жетпейт. А биздин адабият эмне: бири-биринен канчалык катуу кыйкырганы менен мактанат, ошого жараша даңкталат, граждандык поэзия деп коюшат анан да, өлөт экен киши. Ушунчалык осол, копол, ызы-чуулуу, акистүү, акыштуу. Көрдүңбү, сөзгө маани бербегендик, жоопкерчиликтин жоктугу деген ушу. Түпкүрүн билбегендер ушундай болот, түпкүрүн билгендер акырын, ыктуу, жай сүйлөйт. «Миң бир түндү» карачы! Бул дүйнөдөгү Сөздүн, Адабияттын эң улуу эстелиги да. Ооба, бир канкор катынпоз катындарын өлтүрө берген экен, бир түнөп алып эле өлтүрө берген экен. Анан Шахрезада чыгып атпайбы, эй. Акылдуу, сулуу аял чыгып атпайбы, анан жомок айтып атпайбы, өз жанын сакташ үчүн айтып олтуруп, айтып олтуруп, күндөрдүн бир күндөрүндө караса эле канкор падышабыз кадимки адам падыша болуп баратпайбы. Ниети агарып, көңүлү жумшарып, арамдыгын, жамандыгын жакшылыгы жеңип баратпайбы, эй.

Мидин айткандай, адабият деген ушул. Мугалимчилик маалында балдарды жыргатып, куунатып күлдүрүп, адабият деген ушул деп койчу тура, коңгуроо болгондо. Адабият болсо ушундай болуш керек да, адамга ушундай таасир этиш керек да, тазартыш керек да, агартыш керек да. Сөздүн жоопкерчилиги ошол, адабияттын түпкү мааниси ошол. Ал эми муну – «Миң бир түндү» баары окуйт; акмак да, акылман да окуйт, катынпоз да окуйт, аракеч да окуйт, баары окуйт. Бирөө катынга кызыгат, бирөө башкага кызыгат, түшүнөт да, эй, бирөө болбосо бирөө түшүнөт да, бу тарыхтын тамыры каякта жатканын. Ушундай улуу чыгармалар бар да кысыталак, Чыгышта.

Иттин өлүгү

Вивекананда деген бар, ошо киши Америкадабы, бир жерде лекция окуптур. Бу киши дүйнөнү тиги, бу деп бөлүп-жарбай тең караган киши да. Эми Чыгыштын акылмандары деле ошондой караган. Мындай дейт ал: Европадан, Батыштан үмүтүм чоң дейт, эгер Батыш Чыгыштын акылын алса, духун алса, катуу кетер эле дейт, көп иштерди жасар эле дейт, анткени Батыштын күч-кубаты шумдук дейт, менин оюмча дейт, биздин Чыгыш өз даанышмандыгынын алдына өзү көмүлүп калды, карып-арып кичине чаң баса түштү дейт. Чыгыштын акылын алса, Батыш дүйнөнү алга жылдырат эле дейт. Эми ал акыл туура эмес нукка түшүп кетсе, албетте, коркунучтуу. Дагы бир Гитлер чыгат да анда. Бир француз Гитлер жөнүндө китеп жазган экен, анын айтымына караганда, анын бункеринен эки жүз Тибет монахынын өлүгү табылыптыр.

Гитлер өзү Мюнхенде жашыруун коомдун мүчөсү болгон имиш. Тибет сектасына катышкан дейт. Анысын ким билиптир. Бирок Чыгыш Батышка чоң таасир тийгизген. Шекспирди эле карачы, ар бир чыгармасынын жандырмагы, жыйынтыгы бар, «Ромео менен Жульетта» – сүйүү, жөнөкөй адамдын сүйүүсү кандай болорун айтат; «Венеция көпөсү» – адамдагы ач көздүк, сарандык; «Гамлет» – интеллекттин, интеллектуалдын трагедиясы; «Макбет», «Король Лир» – бийлик адамды акыры эмнеге алып келерин айтат. Ушунун баарын күзгүдөй чагылдырып, күзгүдөй комментарийлейт, жандырат. Айта берсе, мисал көп. Биздин байыркы маданиятыбыз Борбор Азиясына, Тибетке тим эле минип калат. Биз өзүбүз билбей келатабыз, бирок акыры барар жерибиз ошол. Мына Монголия, Тибет, Кытай – биздин түбүбүз, а буддизм өйдө жагы. «Жалган дүйнө» деп койгонубуз эле эмнеге турат?

Бүт буддизмдин, Индиянын философиясынын эң негизги түйүнү ушул Жалган дүйнө. А кыргыздар бир сөз менен эле айтып койгон да кысыталак, үшкүргөндөй эле айтып койгон да. Жөнөкөй, бирок өтө терең. Муну бирөөлөр… мисалы, индуизмде «майа» дейт, буддизмде «пустота» дейт, иллюзия да кыскасы. Демек, бул дүнүйөнүн наркы түккө турбайт, буга көп алданба деген сөз да. Чыгыштын бир акылманынан күндө келип эле сурай беришет экен ар нерсени. Ал тескери карап отуруп алат экен, ишим бар деп. Эч ким менен сүйлөшпөйт экен да, ишим бар деп. Атасынын башынын иши барбы дешет экен беркилер, мунун иши тескери карап отурмай да!

«Эй, сен зарыл ишим бар дейсиң, анан дубалды карап эле отурасың. Эй, айтчы, бу дүйнөдө эң баалуу нерсе эмне? Кууса кун жетпес нерсе барбы деги?» – деп сурашпайбы. Сураса айтат дейт: «Иттин өлүгү» – деп. Көрдүңбү, а иттин өлүгүнөн ашкан баасыз нерсе барбы бу дүйнөдө. Эми бул акылмандын дүйнөгө мамилеси да, эл үчүн эң баалуу көрүнгөн нерселерге мамилеси да. Жанагы «Жалган дүйнө» дегендин жандырмагы бул. Карасаң, кыргыз баласы эмне үчүн жоош, момун, жөнөкөй. Алар айтып коёт: Эй, эртеңкинин камын жебечи айланайын дейт. Эртеңкинин камын жегенче… деп дагы бир уят сөздү кошот. Бул анын айбанчылыгынан эмес, көк мээлигинен эмес, башкалар ушинтип ойлойт да, жанагы шуулдаган, дуулдаган калк ушинтип ойлойт да. А чындыгында бул дүйнөнүн маани, мазмунуна көз жеткенден кийин чыккан сөз.

Бүт Чыгыштын философиясы ушуну айтат, Иса пайгамбарым ушуну айтат. Шакирттерине айтып атпайбы: Эй, мынабу карга учуп баратат го, эртеңки күн деп учуп баратабы? Жөн эле учуп баратат, бу турмушка жыргап учуп баратат. Тапканын жеп жүрөт, ошого, анан бу турмушка топук кылат. Эртеңкинин камын жеп жүрөбү ушул куш. Силер да эртеңкинин камын жебегиле дейт, бүгүнкүнү ойлогула дейт. Бар балаанын баары ошол эртеңкинин камын жегенден чыгат да. Эртең дей берип, бүгүнкүнү унутуп коёсуң да. Эртеңкинин камын жеш үчүн бүгүн уурдашың керек, же бирөөнү союп, өлтүрүшүң керек. Антпесең камдай албайсың. Дүйнөнүн ыйкы-тыйкысы ушундан чыгат да. Кыргыздар айтып жатпайбы: Кудай сени жаратса, насибинди кошо жараткан деп.

«Кызыл от кысыр калбайт» – деп. Элдин философиясын элдин өзүнө туура айтып бералбай жатпайбы жанагы империялык маданият. Болбосо баары турат, ага өтчү көпүрөнү көрбөй жатпайбызбы, көргөнүбүздү эски деп өрттөп салбадык беле. Мисалы, мына дагы бир көпүрө турат. Ошентип, мына да бир көпүрө: «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» – дейт. Бул бир чоң Жол да. «Жол» деп коёт го Чыгышта. Мына биздин адеп-ахлак, аң-сезимде ушул жетишпей жатат. Мен көп аракет кылып жүрбөйүмбү, ушунчалык кыйын экен бул. Канчалык аракет жасайм десең; чачымдан кармап, бутумдан кармап, баары бир кармап калам. Баары бир бирөөнү жамандап же ушактап атам эй, кысыталак. Мына азыр эле башкалардан кыйынсынып, бир топ сөздөрдү айтып салбадымбы. Же болбосо жерде бирдеме жатса, үйгө керек болбосун деп ала кетем да. Кагаз болобу, калем сап болобу, китеп болобу, уурдап баратканымды кармап калам. Анткени эч ким көргөн жок да. Мен өзүмөн текшерип көрбөдүмбү, өтө кыйын экен.

Мына Чыгыш ушуну айтып жатпайбы, «Жол» дейт, «Ак» дейт, «Устат-Шакирт» дейт. Адам канткенде өзүн өзү агартат? Канткенде өзүн өзү тааныйт? Мына ушул жолду баскандан кийин да. Басышың керек, бутуңду тилдирип, канатып, кызылала болуп жөө басышың керек. Ал эми биз болбогон нерселерди, жанагы империялык китептерди окуп алып эле ушундай жөнөкөй нерсени унутуп калганбыз да. Кандай дейсиңер, туурабы? Акылдуусунуп айтып жатканым жок, тууралыгынан гана айтып атам.

Кызык мезгил

Кысыталак ушунчалык кызык. Жакшылык да күчөп, жамандык да күчөп, адалдык, арамдыктын баары ушунчалык ачыкка чыгып десең… Менимче, дүйнөгө акылмандык жетишпей турат. Айттык го, жакшы менен жаманды айра билиш өтө кыйын экен. Өтө жөнөкөй, анан өтө кыйын экен. Ошону билгенде гана көзүң ачылат да, туурабы? О, айланайын Аккан суу! Шары катуу, обону бийик Аккан суу, сенде не арамдык болсун, сенде жок. Бизде бар, сенде жок. Ажайып улуу сулуулугуңа таң калып, акылым ооп, оозумду ачкандан башкага жарабай барам-ов! Эми чымын чычып кетпесе болду. Бирок Кудаага шүгүр, «жап, оозуңду!» деген киши четтен табылат. Оштон табылат… Томолонуп- жумаланып агып, кечип, арам өлүп калбайын деп Кудайдан тилеп, сурап, чымырканып жиреп, жакынды карасам, башым айланат деп, алысты карап, сени күүктөгөн, шаактаган агыныңдан аман-эсен чыгып, курганып, сыгынып, аркы жээгинде отурган азаматтарга карап барам-ов!

(Макала «Кыргызстан маданияты» гезитинде (2-май, 1991-жыл) жарыяланган маектин негизинде иштелди.)

Алым ТОКТОМУШЕВ

«Жаңы Ала-Тоо» 2012 №2 (34) 

Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» дейт (1-маек)

Жусубалиев «тойдум ушул цивилизацияңа» дейт (2-маек)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *