Кытай жомогу

Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган күрүчтөргө да эсеп жеткис болуптур.

Акыры ичип-жеп, чычкан коноктун баары кетет. Ал жерге ысырап болуп төгүлгөн күрүчтүн күкүмүнөн өйдө кумурскалар терип-жыйнап, жерге көмүп коюшат.

Көп өтпөй башка да бир зор өлкөнүн зобололуу падышасы ошол кең жайыктуу жерге келгенде тизгин тартып, той өткөн жерди тополоң-тозго айлантууну чечет.

Артындагы аскер кошууну да тизгин жыйган бул тегеректе бак-дарак жок, шылдырап аккан суу жогун көрөт. Арийне, баары ачка келаткан болучу. Кылкылдаган аскердин кесээрип ачка экенин көргөн кумурскалар баягы жашырып койгон бышкан күрүчтөр менен кошуундун аскерлерин тойгузуп чыгышат.

Ошондо кошуун башы кумурскалардан сурайт:

– О, кумурскалар, силерде бышырып даярдалган мынча күрүч кайдан?

Кумурскалар жооп кылышат:

– О, улуу урматтуу падыша, бул чөлкөмдө Бача аттуу дөөлөттүү, сөөлөттүү падыша жашайт. Жакында бу жерде ошол Бача падыша чоң той өткөргөн. Меймандар күрүч жеп кеткенден кийин биз алардын оозунан түшкөн күрүч күкүмдөрүн чогултуп, жашырып койгон элек.

Муну уккан падышанын оозу ачылып таңгалат:

– Байкашымча, бул падышанын аскери да, өлкөсү да күч-кубаттуу белем. Биз буларды жеңе албайт көрүнөбүз, андан көрө булар менен тынч болгонубуз оң.

Анын оозунан ушул кеп чыгаары менен аскер кошууну да тизгиндерин кайра артка тарткан экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *