Паракорлук илдетинен кантип кутулабыз, кагылайын, кыргыз! Өңгөсүн койдук, илим-билим, чыгармачыл коомчулук арасындагы көмүскө паракорлук ачыкка чыкпаганы менен бирок ал бүгүнкү күндө чайгоолоп өнүгүп келет! Мамлекеттик сыйлык-наамдар, илимий даражалар бүгүнкү күндө кызылдай соодага айланган мезгилде «Коом жана Мен» сайты да ошондой көрүнүшкө тушугуп отурабыз! Өтө жийиркеничтүү мындай жосунду коомчулук алдында ашкерелеп, паракорлукка каршы күрөштү өзүбүздөн баштамайын, бүгүнкү күндө адабият астанасын кимдер гана аттап аткан жок! Биз канткенде өрнөктүү адабияттын салттуу жолун улап кете алабыз?!

Улутубуздун моралдык соолугуна сокку күч алган заманда аруулук издеп, рухий багыт көздөп, «Коом жана Мен» сайты көз жарды эле. Көз жарары менен караламан калкка жарык нур чачаар акын-жазуучуларыбыз барбы деп, эң алды балдар адабияты үчүн сынак жарыяладык. Бул сынактын шартын да улам эскертип: конкурска келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбай тургандыгын дамамат кайталап келебиз. Себеби бул аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамынын ортосунда каныбызга сиңип калган паракорлук илдетин илээштирбейли деген аракетибиз. Ошондуктан бул сынактын жыйынтыгын да 20-декабрь күнү саат 20.00дө ЭлТР аркылуу түз эфирден жарыялай турганыбыз эскертилген.

Бирок тилекке каршы, кан-жаныбызга жемкорлук деген желмогуз сиңип калыптыр… Окурмандар чөйрөсүнө аты-жөнү белгилүү авторлорубуздун бири Зинакан Пасаңова аттуу эжебиз да балдар адабияты боюнча конкурсубузга өз чыгармасын жөнөтүп жатып, мындай өтүнүчүн жолдоптур: «Конкурска жомок жөнөттүм. Балдарымдын реалдуу турмушунан алынган жомок. 1-орун берсеңер, 2 миң сомду өзүңө алып кал».

Ушундан улам, башка авторлорго да эскертээр элем, «Коом жана Мен» сайты балдар адабиятына сынак жарыялоо менен эле токтоп калбайт. Алдыда адабий сын жана котормо жанры боюнча дагы далай сынактарды уюштура бермекчи. Андыктан ар бир сынакка катышкан авторлордун эмгеги объективдүү баасын алсын үчүн , «Коом жана Мен» сайты паракорлукка жол бербестигин даа бир жолу эскертебиз!

Эгерде кимде ким Зинакан Пасаңова эжекебиз өңдүү кийин жагында актанып, «Олжобай, тамашаладым. Бирок, сага колдоо иретинде берейин деген ниетим бар эле өзү, аз да болсо акча салып коеюн деп жүргөнмүн. Ошонун эсебинен берейин деп жатпаймынбы», – деп мага жан ачытаар болсоңор, жолуңар болсун… Ириде, мени сыйлабасаңар да, адабиятты сыйлагыла, окурмандарыңарды сыйлагыла!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *