Табылга

Мурда-кийин тааныш эмес экенбиз. Адабий чөйрөдө Азамат Төкөров аттуу жаш акын бар экенин деле укпаптырмын. Качан гана «Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай, \Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай. \Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз, \Анткени адам табияты сойкудай» сымал саптарды окуган соң – адабияттын ышкыбооз жаш өкүлүнүн эмес, турмуштун көлөкө-жарыгын тааныган, дасыккан акындын тунук поэзиясы колума урунганына курсант болдум. Не аны Мекенден алыска чүлүктөп алып кеткен тагдырдын касирет-күйүтү көкүрөк кылын черткенден жаралган саптар бекен; не күч анын көөдөнүнөн сууруп чыккан саптар экени туюк жатат али…
Буга дейре адабий чөйрөдө китеби жарыкка чыкканына көйрөңдөнүп чычайгандардын арасынан көрүнбөгөн Азамат Төкөров көрсө Россияда мигрант болуп тирлик кечирген жигит экен. Сөздүн бүтүн маанисинен айтканда АКЫН экен. Оштун Кара-Суу району туулуп-өскөн жерим дейт. Мектеп-интернатын аяктап, билимим орто бойдон калды эле дейт. Бирок ырларына караганда: турмуш деген машаяктын улуу мектебинен таалим алгандай. Шу тапта киндик каны тамган жерге сабалап жетпей жүргөндөй апазда…
Эмесе анын акындыгын төмөндө биз жарыялаган ырлары дадил айтаар. Азаматтын ким экенин ачып берер ырлар экен бу…

Олжобай ШАКИР

ПОЭЗИЯ

* * *
Дубалсыз турмуш деген абактагы
Өмүрдүн жыртылууда барактары.
Тикчийип теше тиктеп турат тагдыр,
Каргадай тарбайган бир дарактагы.

 

* * *
Сенин ордуң жылдыздарда бийикте,
Мен аскага камалган бир кийиктей.
Уруп койбой мендеги ой-санааны
Дүйнөң түшкүр, чимирилет ийиктей…

 

* * *
Түн. Тээ көктө бүлбүл жанган жылдыздар,
Тоо тараптан согот анан жел муздак.
Бөтөн элде жаштык менден айрылып,
Баягындай кайратым жок, дем муздап,
Келгендеймин жерим, сага – өлүш үчүн кайрылып…

 

* * *
Ичтен түтөө – кыйындардын кыйыны,
Кээде эссиздик кур сүйүүгө сыйынуу.
Жасап алдым каткырыкты жасалма,
Күлкү артына жашырдым да ыйымы.

* * *
Айыбы жок бир Жараткан.
Пенденин күнөөсү көп.
Мен деле бир пендемин.
Көп адамдар сатты мени, мен саттым –
Эки бети болот тура теңгенин.

 

* * *
Жашооң түшкүр, кайкымай да, ойкумай,
Дүйнөң түшкүр, түлкү мүнөз жойпудай.
Дүйнө менен жашоо балким күнөөсүз,
Анткени адам табияты сойкудай.

 

* * *
Тагдыр бизди табыштырыптыр,
Тартылганда дайра жаштыгым.
Биз экөөбүз бирге болбосок,
Махабаттын урдум актыгын!

 

МИГРАНТ УУЛУН КҮТКӨН МЕКЕН

Суз мүнөз, шаңы да жок андагыдай,
Жулунган шылууну көп, алда Кудай!
Мекеним – бели бүтүн, жүрөк дарттуу,
Дегенсип: «Жат эмессиң алдагыдай».
Тостуң да: кучагыңда аз алдейлеп,
Кайра эле жөнөтөсүң, алда күн ай!

 

* * *
Карайып, кең асмандан салбыраган,
Карайган булуттарга жалдыраган
өзүмдү-өзүм бүгүн карап туруп,
Өзүмө боорум ооруйт шалдыраган.

Асманда карайышып булут турат,
Аркырап жинди шамал улуп турат.
«Парс» этип айрылса эле шатырачу,
Жамгыры ушул күздүн буюктурат.

Бетимдин беш териси сыйрылды да,
Өзүмдөн денем үркүп жыйрылды да,
Кошулуп мени менен арак ичкен,
Жек көрдүм орусту да, кыргызды да.

Жек көрүп баарынан көп өзүмдү мен,
Жалтактап ала качып көзүмдү мен.
Бошогон бөтөлкөдөн издеп жүрөм,
Акынга берилген бир сөзүмдү мен.

Айтканда ысык эле… муздап калган,
Ошол сөз – сайда сөөгү сыздап калган.
Култ эткен арактан соң калдыбы деп,
Көзүмдү үзбөй тиктейм ыстакандан…

Азамат ТӨКӨРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *