Түрк жомогу

Илгерки бир заманда отунчу жашаптыр, анын каардуу, ажаан аялы болуптур. Отунчу кыйналып иштеп акча таап келсе, андан бир пара да калтырбай аялы кагып алчу. Күйөөсү даамдуу тамак жебейт, бирде тузун өткүр кылса, бирде туз салбайт, аны айтса деги эле тамак бербей кууратат.

Бир жолу отунчуга аркан керек болду да, аялынан анча-мынча пара катып калды. Түнү аялы эринин чөнтөктөрүн аңтарып атып аны таап алды.

Ошондон балекет чыкты: «Неге акча катасың?» «Муну кимге бересиң?» «Сенин башка катының бар го?» Иши кылып ушул сөздөр менен күйөөсүн шылып урушту. Оозуна ак ит кирип, көк ит чыкты.

Акыры күйөөсү акчаны неге катканын мойнуна алды:

— Аркандын баары үзүлүп бүттү. Отун тартканга жип алайын дедим эле…

— Ошол арканга муунуп өл! Алды мойнуң артыңда калсын! Отун басып өл!

— Койчу, андай дебечи?.. Кайдагы балит сөздөрдүн баарын айтасың…

— Ушул сага балит сөз болуптурбу?! Сөмтүрөгөн, жашабагыр, мен сени тилдей элек эле секиресиң да…

Уруш ушинтип уланып отуруп, кызып-кызып барып, аял күйөөсүн сабаганга өттү.

Эртеси таң эртең бети-башы көгөргөн отунчу эшегине минди да аялына:

— Менин артымдан ээрчибе, мен кеттим, — деп күндө барчу жагына – токойго жол тартты.

Ал кеткенден кийин аялы башка эшекке минип, артынан түштү.

Отунчу бир караса эле аялы да жакын келип калыптыр. Күндөгүдөй эле керилип балта чаап, дарак кыйып, аларды майдалап чаап, сүзүлгөн-үзүлгөн арканына таңып өз ишин кыла берди. Аялы оозун агытып, ары басып-бери басып жүрөт. Ошол жерлерде бир аң боло турган. Бир караса эле аялы ошого карап баратат.

— Ай, кемпир, аябайласаңчы, ошерде кудук боло турган, — отунчу аялына эскертип койду.

Анткен сайын тигиниси обдулуп, ошол аңга жакындайт.

— Койсоңчу, керең болдуңбу? Башка жакка кетчи?!

Күйөөсүнүн сөзү кулагынын сыртынан өттү. Ошол убакта аял бир ташка чалынып жыгылды да кудукка кулап түштү. Отунчу болсо буга көңүл бурбамыш болуп, өз ишин уланта берди.

Кеч киргенде отундун баарын эшегине жүктөп үйүнө кайтты.

Түн кирип, таң атты. Отунчунун бала күндөн кылган бир иши, жүргөн бир гана жолу бар. Ошол ишке барганы ошол жолго бүгүн да түштү. Кайрадан дарак кыйып, бутактарды шылып, чоңдорун майдалап, ирилерине шынаа коюп жарып, отун камдоо менен алектенди.

Бир убакта аялына боору ооруп кеттиби, тигини карап көрөйүнчү деп кудукка жакын барды. Караса, эч ким көрүнбөйт, түпкүр караңгы. Анан аял жакка аркандын бир учун таштады да минтип кыйкырды:

— Ой, кемпир, жиптин учун карма, тартып чыгайын! — Анан ал ородогу аялы жипти кармаган болуу керек, ачуусу да басылып калгандыр деп жиптин экинчи учун тарта баштады.

Өлүп-талып, тер кетип, ыйынып-ычкынып эптеп аркандын тигил учун тартып чыкса эле аялы эмес, башка нерсе. Жакшылап караса ифрит[1].

Отунчунун башынан калпагы ыргып, коркконунан калтырап чалкасынан кетти.

Анан эсине келгенде ага жакындаган ифрит айтат:

— Ой, тууган, сенин бул жакшылыгыңды өмүр бою эстен чыгарбайм! Сен мени бир балээден куткардың, ыракмат сага, ыракмат!

— Ал эмне болгон балакет? Мен кандай жакшылык кылдым?

— Ой мен ушул кудукта канча жылдан бери бейкапар эле жашап келгем. Кечээ эле көктөн бир катын түшүп, мойнума минип, кулактарымдан, чачтарымдан тарткылап ит кылды. Же түшпөйт, же кое бербейт, тилди болсо кудай берген экен. Сен аркан таштаганда ал мени кое берип, өзү арканды кармай албай калды. А мен сенин жибиңе оролуп алдым эле тартып чыктың. Жакшы эле болбодубу… Жакшы эле кутулбадымбы, тиги балээден. Эми мен ошол жакшылыгыңдын акысын кайтарышым керек.

Отунчуга анын ыракматынын кереги жок. Өзү коркуп араң турат, тиги кетсе экен дейт.

Ифрит үч жалбырак алат да, аны отунчуга берип минтет:

— Мен азыр бир шаардын бир падышасына барып, анын кызына оору жабыштарам. Ага эч нерсе дары болбойт. Бир гана ушул жалбырак анын оорусуна дабаа болот. Сен ошол кызга барасың да анын алдында ушул жалбырактын бирин сууга салып, ошол сууну анан кыздын бүт денесине чачып чыгасың. Ошондо мен ал кызды жайына коем. Анан кыз оңолот. Шах сага өтө көп белектерди берет, анын тартуусу сага бир өмүр азык болот.

Ошентти да ифрит заматта көздөн кайым болду.

Отунчу болсо ал шайтандан кутулганына курсант. Аялын да унутуп, болгон отунун жүктөп үйүнө кайтты.

Дал ушул убакта ифрит падыша сарайына келет да анын айдай сулуу жалгыз кызына оору жабыштырат. Кыз начарлап, буту-колу кыймылдан калат.

— Ой, колум-ой, ой бутум-ой, ой башым! Өлүп атам, кудай-ай! — деп боздосо жанына адам даап бара албайт.

Кызга эмне болуп кеткенин эч ким билбейт. Анын оорусун падыша да угат. Өкүмдар келип, адам буту жеткен жердин баардык табыптарын чогултат, эч ким кыздын дартына дабаа таппайт.

— Атакем-ай, атакем, башым сынат! — деп озондоп атасынын да жүрөгүн эзет.

Кожолор менен молдолор келип да билген дубасын кылат, кыз түзөлбөйт.

Отунчунун муну менен иши кандай, ал уккан да жок. Анын күнүмдүк иши кайсы, күндө барып-келген жолу кайсыл экенин силер жакшы билесиңер да.

Ошол-ошол бойдон отунчунун турмушу.

Бир күнү ушул отунчу жашаган чөлкөмдүн падышасына башка жактын бир падышасынан кат келет, анда минтип жазылган: «Менин кызым катуу оору. Табыптар менен молдо-кожолорго канча жолу көрсөтсөм да кеселдин дарысы табылбады. Силердин хандыкта кимдин кандай өнөрү болсо келсин да кызымдын өмүрүн алып калсын. Ким кызымды ушул балекет мээнеттен сактап калса, эгер ал киши мусулман болсо кызымды берер элем, эгер башка динден болсо эмне кааласа, ошонусун тартуу кылам!»

Бул ошол жин тийип ооруп аткан кыздын атасынын өз колу менен жазылган куш тилиндей үмүт каты эле.

Ушул кат жайын угуп калып отунчу баягы жалбырактарды эстеди да аларды таап, өз падышасына барды:

— Алланын ырайымы менен мен барып ошол кызды дарылап көрөйүн, — деп суранып турду.

Падыша кат алып келген кишиге кошуп дароо эле аны жөнөттү.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, иши кылып ооруп аткан кызга отунчуну алып барышты. Отунчу ифрит үйрөткөндөй кылып жалбыракты идиштеги сууга салып, ал сууну кыздын дене-боюна бүркүп чыгат. Онтоп аткан кыздын жаны тынып, купкуу өңүнө кан жүгүрүп, жумулуу көзүн ачып… иши кылып оорулуу оңоло баштайт. Кыз абдан жакшы болгондо убада боюнча аны отунчуга алып берет. Кырк күн, кырк түн тою болот.

Ошол эле падышанын дагы бир падыша досу бар эле. Анын да жалгыз гана айчырайлуу кызы болуптур да, аны жанагы ифрит жакшы көрчү экен. Жакшы көрүп ал дайыма ар кыл ооруларды жиберип, жанын койчу эмес.

Жанагы дос падышанын кызынын айыкканын уккан соң отунчу-дарыгерге тигил падышадан чабарман келет.

— Ошол күйөө балаң-табыпты тез жибере көр, дос, — деп кайрылыптыр падыша.

Достук деген кыйын да, бул падыша күйөө баласын дароо жиберет.

Отунчу тигил падышанын кызын дарылаганы жалбырагын көтөрүнүп барса эле, балекет болуп анын жанында бая өзү аңдан сүйрөп чыккан ифрит отурат ырсайып.

Ифрит жигитти көрүп эле ачуулана баштады:

— Мен сага канча жакшылык кылдым! Темселеген жаман бир отунчу элең, эми минтип кан сарайды ээлеп калдың, ошол сага аздык кылдыбы?! Менден дагы эмне каалайсың?! Бул кызды мен жакшы көрөм, абыдан сүйөм! Бул кыздан кетпейм, эмне кылсаң ошо кыл, кетпейм! Керек болсо сенин айыктырып алган аялыңа кайра жабышам! — Ушинтип эле сүйлөнүп атат.

Отунчу адегенде коркту, анан өзүнө келип, акырын айтты:

— Мен бул жерге алдагы кыз үчүн келген жокмун.

— Анан неге келдиң?

— Мен сен үчүн келдим?

— Кандайча?

— Ушинтип эле. Баягы кудукка сени басып түшкөн аял мында келиптир. Мени кыйнап атат, сени таап бер деп! — дейт отунчу. — Эгер анын бир дарысын таппасаң ал мында келет да, сени дагы минет!

Ифриттин жүрөгү түштү:

— Койсоңчу?! Чын элеби?!

— Чын эле, келип калды?

— Кой анда, мен мында турбайын! Кеттим! Мени жок дегиле! – Ушинтет да ифрит көздөн кайым болот.

Ошентип бул падышанын кызы да жин-шайтандан кутулуп, анын атасы үч күн шаарды жарык кылып, жалаң тойго бөлөйт.

Отунчу болсо ородо калган аялын унутуп падышанын күйөө баласы, кийин падыша болуп бүт калган өмүрүн жыргап өткөрүптүр.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Ифрит – шайтан, жин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *