ЭССЕ

Орус элинин белгилүү жазуучусу. Елец гимназиясында, Рига политехникумунда окуган. 1902-жылы Лейпциг университетинин агрономия бөлүмүн бүткөн. «Адам жана Ева», «Кара араб», «Күн кампасы», «Кеме чөйчөгү», «Жер көзү» ж.б. ондогон китептери адабияттын алтын казынасына кирген, көптөгөн тилдерге которулган. Чыгармачылыгынын өзөгүн орус жаратылышы, тилдин тазалыгы, байлыгы, акыйкат издөө, реализм менен романтизмдин айкалышы түзөт. Адабият тарыхында жазуучу «орус табиятынын булбулу» деп аталат.

* * *

Жаратылыш колтугунда көйкөлгөн тунук көл жатат. Анын күзгүсүнөн асман көрүнөт, тоо көрүнөт, токой көрүнөт. Адам өзү бутуна турганы аз келгенсип, күзгүнү ала туруп, андан өз сүрөтүн тааныйт. Ит күзгүдөн өзүн көрбөйт, башка итти көрөт. Күзгүдөн өзүн көрүп, өзүн түшүнгөн адам гана болсо керек. Маданият тарыхы ошол адам күзгүдөн көргөндөрүн айтып бергенден турат. Адам күзгүдөн дагы эмнелерди көрөт – биздин келечек бүтүндөй ошого байланыштуу.

* * *

Жазуучудан «чыгармачылыгынын сырын» суроо, менимче, текеден сүт сураганга тете. Текенин милдети – эчкини сүйүү, а сүт берүү – эчкинин милдети. Анын сыңары чыгармачылык тууралуу сураганда турмушка ашык художниктен кантип ашык болгонун эмес, ошол турмушту сурашы, өзү да ошол турмушта жашашы шарт.

* * *

Эсиме бир акын түштү: ал чындыгында асылзат ырларын турмуш тартуусу деп билбей, ал ырлар менен өз турмушун алмаштырып алды. Ошону менен касиеттүү башатынан ажырап калды.

* * *

Жеткен мыкты талант ашкан акылдуу болалбайт. Не дегенде, карандай акыл муздак келет, кыжырдуу келет, а талант жылытып турат, талант – акылдын көөрүгү.

* * *

Мейли, ал ашкан аракеч, жеткен жинди болсун, мейли, жарга урунсун, аңга түшсүн, андан поэзия жаралса, акынды кечирбеске чара жок. Поэзияга кайнатса каны кошулбас жүрүм-турум болот, поэзиянын дал өзүнө алпарар жүрүм-турум болот.

* * *

Поэзия – бул акылдан адаштырган акылдын ырыскысы.

* * *

Булбулдар сайрап жатат. Биринен бири мукам. Ошол эң мукамдуусуна барып, сен сыяктуу сайраганды канткенде үйрөнөм деп сурадым.

– Сайрагың келсе, сайра, – деди булбул. – Бирок сайраганды үйрөнүүгө болбойт. – Анан бир аз тына калып, минтип кошумчулады: – Үйрөнүп да кереги жок. Үйрөнүп алып бүт эле сайрап кирсе… эмнеси кызык?

* * *

Акырын айтарыбыз, кудум жазгы чөөт сыяктуу макоолук поэзияга абдан зарыл. Ал чөөткө элди баштап баруу – акындын милдети. Андан ар-ар ким өз сүрөтүн көрөт да: «Мен муну жөн эле макоолук деп ойлободум беле» – дейт ичинен. Ошентип ал башкалар менен кошо ыракат алат, мурда акылдуу кишилер мурдун чүйрүгөн түшүнүктөр тумандай тарайт.

* * *

Лев Толстой кагаз бетине кудум буурусун менен жер айдагандай жөнөкөй, түшүнүктүү жазгысы келген. Ушунчалык жазгысы келген, бирок андай болбосуна көзү жеткен соң, колуна буурусун кармап, жер айдап кирген.

* * *

Турмушта философиясыз жашоого болот, бирок юморсуз макоолор гана жашайт.

* * *

Баатыр өлүмдөн коркпойт, арийне, айрым шылуундарга бакыттын башын чыгарып кой, «мүмкүн, аман калармын» деп, алтынчы кабаттан боюн таштоодон кайра тартпайт.

* * *

– Алмалар түшүп жатат. – Анчалык капа болбо, тууган, алма бышканда түшөт. Адам карыгандыктан эмес, бышкандан өлөт.

* * *

Сен чындык жерде казна сыяктуу кат-кат болуп катылып жатат, аны таап алгандар байыйт да, аттап кетет деп ойлойсуңбу? Жок! Нукура чындык жерде жатпайт, асманда учуп жүрөт.

* * *

Акыйкатты тутат, чындыкты издөө зарыл.

* * *

Апыртмасыз чындык – майы жок самолет. Чындык ар дайым жерде жатат. Ага май куйдуңбу – асмандап, аалам кезип учат. Апыртмасыз чындык болушу мүмкүн эмес! Тескерисинче! Чындыкты апыртма сактайт, апыртма чындык үчүн жашайт.

* * *

Искусство таң калат – илим шек санайт. Искусство кубанат же кыжырданат – илим ал тири укмушту кайдыгер жиликтеп, дагы бир тири укмуш чыгарат. Илим турмушка заң киргизип, жетек берет. Искусство турмушка кубаныч, нарк, кунар тартуулайт.

* * *

Живописчи тартып аткан сүрөтүнүн бир гана капталын көрөт, ошон үчүн ачык, даана, түз отурат. А сөз художниги бир жерди телмирип карагандан тажап кетет, көргөн көзүнө көп ишене бербейт. «Тигил жагынан да карап көрөйүнчү» – дейт. Ошол ишенбестик ордунан тургузат, бастырат. Ошол ишенбестик, ошол, тигил жагынан да карап көрүүдөн кыймыл жаратат.

* * *

Адам ар дайым бекем болууга тийиш, антпесе арампөштөр жумшак, ак көңүл кишилерди жакшы көрөт жана аны балдак кылып минип алат. Андыктан эсте болсун: нагыз жамандык аксак, чолок болот, ал көбүнесе жакшылыкты балдак кылып жашайт.

* * *

Ашпоз ачка калышы ыктымалбы? Анын башка түрү болушу ыктымал: акын ачка ашпозго окшош, ал турмуштан тамак жасап, башкаларды түштөндүрүп, өзү ачка калат. Андан да кайгылуусу – ал тагдыр жазуучунун маңдайына гана жазылгандай: ачка калган ашпозду элестете албаган сыяктуу эле ныксырап тойгон жазуучуну элестетүүгө мүмкүн эмес.

* * *

Чеховдун айтканы бар: чаңкап, аңкап турганда бүтүндөй дайраны жутуп ийгиң келет, иче келгенде ашып кетсе, эки стакан суу ичесиң. Мен атак-даңк дегенди деле ошондой түшүнөм: ашып кетсе эки стаканы эле суусун кандырат, калганы эки ууртту булчуйтканга гана жарайт.

* * *

Атак-даңкка жетүү өлүмгө жеткенге окшош. Маркумдар көрдө гана жай алып, тынч уктайт. А даңкка жеткен адамдар тынч укташы мүмкүн эмес. Даңкымдан ажырап калсам не болом? – деген ой атактуу маркумдун жанына жай берет.

* * *

– Чыныгы жазуучу жок болуп калды го? – дейт N.

– А маршалдарчы? – деп сурадым мен. – Согуш жүрүп атканда маршалдар чыгат. Адабият деле ошондой: чыныгы жайкер турмуш башталганда көңүл эл турмушуна бурулат – жазуучулар пайда болот. Жазуучулар козу карын сыяктуу эле жагымдуу аба ырайында өсөт.

* * *

Куулук – акылмандыктын жышааны, ал акыл ордуна кызмат кылат. Андыктан ал эки капталынан тең бааланат: акылдуу кишинин куулугу акыл казынасына кошулат, келесоонун куулугу келесоолугун күчөтөт. Куулук-шумдугу жок акылман – куулук-шумдугу жок аңкоо жинди. Саясат менен дипломатияда деле ошондой: акылдуу кишиге саясат акылдын куралы, келесоого – келесоолуктун куралы.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *