Нуралы КАПАРОВ

— Тагындым, – дейт – бул итти жаштайыман,
көңүл эргип өмүрдүн жаз-жайында,
желбиретип басканда жүрөк толкуп,
галустугум көк баркыт, ак шайыдан,
галустугум тик муштум салаңдаган,
галустугум курч канжар жалаңдаган,
жеп-ичкендер капилет кирип келсем
галустугум карашып алаңдаган.

Галустукчан отурдум ак сарайда,
сыйын көрүп желбиреп бакчаларда,
галустукка бошотту үйдүн төрүн,
кезеги жок жол берди акча аларда.

Бир күн Баткен, бир күнү Алайдамын,
бир күн кеңсе, бир күнү сарайдамын,
адамдын да, айбандын жайын тескеп,
үшүн, сүрүн алдым го далайлардын.

Самолетто ыргалып ой учунда,
желбиреди галустук поюзуңда,
жыйындарда чоң залда, вокзалдарда,
Кербен, Аксы, алыскы Чаткалдарда,
уйкусу жок бийлерде, түнкү Ошуңда,
конгрессте, саммитте, симпозиумда,
канжар өңдүү буралып мойнумдагы,
кызыл, жашыл галустук желбиресе
шааниси артып турчу эле тойдун дагы –
деди дагы аксакал сөзүн улап:
— Мына быйыл токсондун төрүндөмүн,
каруу качып, чамасыз өмүрдөмүн,
бардыгынан баш тартып койсом дагы
галустукту таккандан эринбедим,
галустукту чечкенде байкушка окшоп,
галустукту “кийгенде” темирдеймин –
деген сөзү уюду көңүлүмө,
көз чаптырсам азыркы өмүрүнө
каруу да жок, кубат жок, бырыш баскан,
жылтыраган кош көзүн булут баскан,
бүлкүлдөтүп бүйлөсүн, сакалы өскөн,
жан чөнтөгү томпоет курут каткан,
сейрек чачын сербейтип тарабаган,
өнө боюу буруксуйт… карабаган,
карган бука мойнунда үзүк жиптей
галустугу караят салаңдаган.

Ай бечара, галустук май төгүлгөн,
калчылдаган колунан чай төгүлгөн,
каниет деп калтырбай ошого да,
галустугун сүйрөлтүп босогодо,
галустугун сүйрөлтүп төрүндө да,
галустугун чечпестен бараткансыйт
айбат менен кирем деп көрүнө да!

* * *

Чындык жетим жери жок бара турган,
калп ээледи дүйнөнү кара туман,
чынчыл деген кишиң да калптан
кошот,
чындык азыр чынчылга чала тууган.

Кайда барба бет алып тарабыңа,
кара туман жол таппай агарууга,
оодарылат океан калптан онтоп,
калптан качып озондойт шамалы да.

Жалган – курал, жалган – ок
чуулдатып,
жалган – дымак, жалган – сөз
шуулдашып,
чындык азыр томсорот жыйындарда
калптар калпка кол чабат дуулдашып.

Чындык дешет чабалдар жанын уучтап,
чындык жалгыз жайын жеп,
кышын кыштап,
учпай калган чымчыктай чындык азыр
ураган шаар чындыгың
күйгөн кыштак…

Акылдуусу, айбаны, майда-чоңу
башын кошуп калп айтат
баары чогуу,
бүт дүйнөнү каптады
караандай калп,
бүт дүйнөнү ороду калптын тору.

Кагылайын жанын жеп калп
айткандар,
кара жамгыр төккөндөй
жалпы айткандар
кара союл калп менен чокуга чаап,
чыркыраган чындыкты жалпайткандар,
жанын жеген жаштары,
карылары
асман сынып айнектей калпыңардан,
араң турат кара жер жарылганы,
карагыла жан-жакты, артыңарды,
токтоткула токтобос калпыңарды
десем кайра күчөдү  мурдагыдан
калп айтпаган калың эл
күч эместей,
калп айтпаган калың эл
журт эместей.

Мейли кедей, мейли бай,
мейли ханы,
калп айткандын биригип
бирге жаны,
омурулса акыркы чындык багы
ооналактап боздогон
чындык үчүн
оодарылып кетчүдөй
жердин шары,
карга “сайрап” каркылдап
бүт дүйнөнү
калчылдаган калп бийлеп
турган чагы…

* * *
Кармашкым келбейт чыны –
күндүк өмүр,
кармашпайм деймин бирок
көңүл темир.
Эх, адам кармаш деген жүк артынып,
кармашпай жашаганга
өмүр жеңил.
— Кана чык! Сенби?.. Сенби?..
Алар көптөйт.
Унутсам унуткарбай алар кектейт.
Капилет жолукканда каным
“дүр-р” деп,
кармаштын оту жанып
жалын “дүрт!” дейт.

Көк жалтаң асман тайгак
күн кыңайып,
эңиштеп ээ бербеген өмүр кечтейт,
калтырбай душманыма бир да айып,
бардыгын кечирсем дейм…
өмүр жетпейт!

НАЗЫМ ХИКМЕТ
Түбүнөн тыбырчылап
тынч алалбай,
күңгүрөнүп күч алалбай,
күү чалалбай,
мелмилдеп мелүүн желге
азда толкуп,
термелип кемелериң калкып жаткан,
кайыр кош,
кара деңиз чалкып жаткан!

Кайыр кош,
Жерортолук сулуу деңиз,
койнундай ысык жардын
жылуу деңиз.

Кайыр кош,
карагат көз сулуу кыздар,
кайыр кош,
кылыч мурут бозойлорум,
кайкып учкан карлыгачтар,
чардак куштар,
аял төш адырларым,
токойлорум.

Жаз-жайы жаны тынбай
көчүп турган,
Азиядан Европага өтүп турган.
Кемелери көккө аткан түнкү
отторун
кайыр кош,
көзгө ысык , садагасы
тынч Босфорум.

Суналып өнө бою
деңиз бойлой,
суу жууган кең этегин
жыйып койбой,
кыңырылып чыгарган кыштан бугун
кайыр кош,
кеч күүгүмдө бурулдатып
мүштөгүн кере соргон Стамбулум.

Кайыр кош,
таңдагы өмүр, түндөгү өлүм
он беш жыл ак соёдой жаттым соолуп,
аңырдай оозун ачкан түрмөлөрүм.

Кайыр кош,
чайын сунган жапжаш келин,
кайыр кош,
эр көкүрөк, кутман элим.

Колунан түшпөй түбү найза, калкан,
кайыр кош,
күйүтү көп шордуу Балкан!
Качып чыктым караңгыда
калкылдаган кайыкка
жүгүм жүктөп,
шорлоткон капиталисттер өлкөсүнөн,
эңсеткен коммунисттер
өлкөсүнө таалай издеп…
Сен неге карап калдың мени тиктеп?

Бул менмин…
кечээ туткун,
бүгүн качкын,
түрмөдө түтөп жазган Назым Хикмет.

Айтышат түбүң Алтай,
каның кыргыз,
тегиң түрк деп.
Кайталайм
атым Назым,
атам Хикмет.

Кайыгым жылды ордунан
калак “шарп” деп,
тобокел деңиз кезип,
көл кечүүгө,
алдыда бакыт күтөөр
жүзү “жарк” деп,
же өлүм күтөт орус жергесинде.

Кайыр кош,
Мармар көлүм,
Босфор булуң.
Кайыр кош,
касиеттүү Стамбулум,
кылчактап кетиш мага оор болду,
айланып келиш сага
андан кыйын.

Кайыр кош,
бир боор элим,
Стамбулум,
көздө жаш,
колдо калак,
бошойт муунум.
Күйүттүү түтүн чубап түтөйт чылым.
Ай гана көктө сүттөй нурун төгөт,
алыстап түнгө чөктү
Босфор булуң.
Арман күч, “шарп”, “шарп” этип
колдо калак,
арга жок, азгын көңүл,
туюк туюм,
Ата-журт сенде калуу
кандай азап,
Ата-журт сенден кетүү
кандай кыйын…

ГЭС курам деп…
Иним Рахат Рысалиевге

Кургакчылык жылдары көлкүп аккан,
кары калың жылдары мөңкүп аккан.
Түнү бою дөңгөкшүп таш агызган,
төрт аягын сырайтып ат агызган.
Оң жагына бурулса оонап аккан,
сол жагына бурулса жоолап аккан.
Тосмосу бош жерлерден жыра качкан,
тосмосу бек жерлерден тура качкан.
Теңирменти тентек суу таштан ташка
Теңирменти тентек суу кулап аккан.

Тентек сууну жоошутуп чеп курам деп,
тентек сууну чуркатып ГЭС курам деп,
каруусу аз кыргызга ток берем деп,
карайлаган кыргызга от берем деп,
Рахат деген бир иним шымаланып,
тоодой ташты томкоруп кумга айлантып,
кара сазды калдайтып чымга айлантып,
өрдү карай аң казып, бойлоп чыгып,
трубага труба жалгаштырып,
ажыдаардай труба сойлоп чыгып,
сайдын суусун оп тартып жутканында
кирген башын жапан суу жула качып,
бетонуңду теңебей бучкагына,
трубаңа кирбейм деп чыга качып,
мурду менен кум челип, сайга бурган
өңкүлдөгөн өгүздөй ошол сууну
мурунтуктап, кемээчтеп кайра бурган.

Ар тараптан тосмолоп “айда!” дешип,
качкан сууну кубалап “кайда?” дешип,
шайы кеткен жапан суу ыкка көнүп,
шаркырап да, күркүрөп оп тартылып
оозун ачкан труба – нукка көнүп,
мөңкүгөн суу – труба – кош жаңырык,
жапан суубуз карайлап темир сүзүп,
жапан суунун көзүнөн от чагылып,
мүмкүн эмес токтоого, бурулганга,
темир тийип төбөгө, мурунга да
үч чакырым өңкүлдөп чуркап келип,
үч миң киловатт күч менен урунганда,
он тонна трубина чимирилип,
чиркейге да айланып чымынга да,
чубалжыган зымыңа чуркаган ток
кылым боюу эс албай тынымга да
кыргыз эмес жетчүдөй Урумга да!

…Күчүн берип жапан суу ГЭСтен чыгып,
темир сүзгөн кездери эстен чыгып,
каткырышып сайга оонап, ыр ырдашып,
тал-терекке жүгүрүп кудуңдашып,
түн киргенде алтын суу берген күчтөн
лампочкалар жылдыздай жымыңдашып…

Рахат иним чапкылайт улам жаңы
жапан сууну жүгөндөп ГЭС курам деп
кыргызымдын колуна от карматып,
кыргызыма өчпөгөн көз курам деп,
түнүн жоюп жаркырак күн кылам деп,
буудай баскан жерлерин ун кылам деп,
куурай баскан жерлерин гүл кылам деп
күнү-түнү алышып арык менен
чымын-куюн жарышып тарых менен
ал өзүнүн өмүрүн жазып жатат
алтын тамга, мөлтүр суу, жарык менен!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *