Белорус жомогу

Бир кембагалдын эки уулу болуптур. Эр жеткен эки уулуна бир күнү ата кеби айтылат:

– Берсе ашка, келсе ишке тойбой турган кезиңер, уулдарым. Эмне кылсак деген муратыңар бар?

Экөө тең үндөбөйт, не кыларды да билишпейт.

– Йе, болуптур анда, эл-жер кыдырып, алардын тирлигин көрөлү, – дейт курган ата.

Кылдырап жолго чыгышат. Эки уулу тиягын каранып, биягын каранып, кай ишти тандаарды билишпейт.

Бир айылга келишет. Ал жерден устакананын шыйпаңына[1] баш багышат. Аманчылык сурашып, уста менен кобурашып калышат. Атургай балдардын улуусу колуна барскан ала коюп, соконун тишин ургулашат. Устаныкынан чыгып жол улашат.

Кийинки айылга келишет. Балдардын улуусу эки жагын баамдаган соң бул айылда уста жогун көрүп, атасына айтып турганы:

– Ушул айылдан устакана ачсам кантет? Мен уста болот элем, мага устачылык иш жагып калды.

Муну уккан ата кубанбай койчубу: «Буюрса, улуу балам өз ишин тапты» дейт.

– Мунуң жакшы уулум. Эмесе, ушул айылда уста болуп кал.

Ошол ошо болду, улуу уулуна шыйпаң куруп берет. Эл да устанын ишине курсант болуп, уста да өз ишине ыраазы.

Кичүүсү болсо канча айылды түрө кыдырбасын, көңүлүнө туура келер иш чыкпады.

Атасы экөө шалбаа бойлоп баратып, өгүз оттоп жүргөнүн көрөт. Айылды караса -алыс, өгүздү караса — аны кайтарган жан да көрүнбөйт.

– Ата, – дейт уулу, – могу өгүздөн көзүм өтүп турат. Уурдап кетпейлиби, анын кыйынчылыгы да жок. Үйдө күнүгө май-челпек толо болот, өгүздүн өзүндөй дүңкүйүп семиребиз.

– Уурдасаң, уурда. Мен силерди колуңардан келер ишти тандагыла дегеним ошол эмеспи, – дейт атасы да.

Муну уккан уулу өгүздү айдап жөнөйт. Арттан атасы үн катат:

– Мени токой четинен күтө тур, тигил айылга барып келе коёюн, ал жакта бир таанышым бар эле.

Уулу өгүздү алдына салып айдап жөнөйт. Куйругун кыпчыган карышкырдай туш-туш жагын каранып элеңдейт. Токойго жеткенче жаны чыгып кетейин дейт.

Атасы кайра келгенче токой четинде отурду. Акыры атасы да келди, өгүздү айдап жөнөштү. Үйгө жетер замат терисин сыйрып, этин асышты. Эт бышаарга жакын атасы уулуна айтат:

– Эми балам, кел, экөөбүздүн кимибиз семирип, кимибиз арыктаар экенибизди биле жүрөлү.

Ал ошентип өзүнүн жана уулунун мойнун ченейт да, белги болсун үчүн жиптин эки жерин түйүп коёт.

Экөө эт жегени отурат. Атасы бышкан этти камаарабай жеп отурса, сыртта ит авалаган сайын элеңдеген уулу бирөө-жарым келатабы деп сыртты улам-улам тиктеп, калтырап-титиреп жеп аткан этин ката коюп түйшөлөт. Аныкы күндө эт асып жеген сайын ошол адат.

Акыры өгүздүн эти да түгөгөн күнү атасы уулуна айтат:

– Кел эми, мойнубузду ченейли, кимибиз арыктап, кимибиз семирдик экен?

Ченешсе, атасынын мойну жоон-жолпусунан келип, уулу семирмек тургай арыктап кеткен болот.

Буга уулу таңгалат:

– Эмне үчүн мындай?

– Себеби сен уурдалган өгүздүн этин жедиң, – дейт атасы.

– Мен жеген эттен сиз деле жебедиңизби!

– Жо-ок, – дейт атасы. – Мен өгүздүн ээсине акчасын төлөп келгендиктен өз малымдын этин жедим. Семиргеним ошондон. А сен күндө эт жеген сайын коркунуч кокоңдон алып жүрүп, арыктаганыңды карачы! Эпаада уурдаган тамак аш болбогону ошол!

[1] Шыйпаң – туш тарабы ачык бастырма.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *