АҢГЕМЕ

Бул баянды көп жыл мурун эшитсем да, ал күндөр өзүм аралашкандай  көзүмө элестеп кетет. Эмесе анын чоо­жайын айтайын.

Чакан бөлмө. Үлпөткө даярдалган стол. Курсташым Кудайбергенге каалоолор айтылып, бокалда шампан көбүк чертип, тост көтөрүлдү.

— Өзүңүздүн 30 жылдыгыңызда бир жолу көтөрүп койбойсузбу, агай, — деди кыздардын бири (Кудайберген баарыбыздан улуу болгондуктан аны көбүбүз “агай, байке” дечүбүз. Ал ар дайым ойлуу, түнт жүрүүчү. Турмуштан  кагылып­согулуп калгангабы, мыкты окучу. Энеси менен батирде туруучу. Ичкилик иччү эмес).   Бардыгыбыз ал кызды колдоп кеттик.

— Айткан тилегиңерди ак дилимден кабыл алам… Бирок муну ичпеске ант берип койдум эле… — деди Кудайберген сылык гана.

Эмне үчүн ант берген? Бул суроо көңүлүмдө кайра­кайра кайталанган менен жоопсуз кала берди. Шаңдуу музыка, шат жүздөргө бөлөнгөн кече көңүлдүү өттү.

*   *   *

— Куке, — дедим, бир күнү ыңгайы келе калганда, — эмнеге ичкилик ичпөөгө ант бердиңиз эле? Ал бир азга тунжурай түштү да:

— Бул тууралуу ооз ачпасамбы дедим эле, бирок бир чети  иним, бир чети курсташ теңтушумдун суроосун кантип жоопсуз калтырам. Беш жыл чогуу окуп, бирге жүрүп бир туугандай болуп калсак да, сырымды жашырып жүргөнүмдү кечирип кой. Мүмкүн жаштарга сабак болор! — деп аңгемесин баштады.

…Атам мени кырк жашында көрүптүр. Бирок мен кол­арага жарай электе эле  кайтыш болот. Энем ата ордуна-ата, эне ордуна эне болуп, бирөөнүн суук көзүнөн, бирөөнүн жуук сөзүнөн сактайт. “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей энем көзүмдүн кареги менен тең айланып, мени өз жайыма коёт. “Сенден башка кимим бар!? деп айтканымдын бардыгын жасоочу. Эрке өскөн жаным эртелеп чылым чеккенди үйрөндүм. Адегенде там артына жашынып тартып, анан көп узабай эле ачыкка чыктым. Өзүмдөн чоңураак балдарга кошулуп, анда­санда иче да койчумун. Энем мунумду билсе да билмексен болчу. Көрсө жалгыз каранаар­карманаары мен болгон соң, аман жүргөнүмө эле шүгүрчүлүк кылчу тура. Ошентип жүрүп мектепти да зорго бүттүм.

— Шаарга окууга барам, — дедим. Энем ийримди жандырбады:

— Окуп, адам болуп кел! — деп ак батасын берип узатты.

*   *   *

Шаарга адеп келгенде бир аз чүнчүдүм. Институтка документ тапшырып, биринчи эле экзаменден “кулап калдым”. Айылга баргым келбеди. Шаардын оюн­зоогу азгырды, өзүнө тартты. Заводго ишке орноштум. Жатакана да беришти. Жаңы алган бөлмөмө кирдим. Түрмөктөлө чубалжыган түтүндөн көздөрүн жүлжүйтө, чычайта сигарет тиштеп, карта ойноп отурган эки жигитти көрдүм.

— Ассалоому алейкум, — акырын салам айттым.

— ???

Жооп болгон жок. Анан кыйлада оюнду бүтүрүшүп, бири мени ормоё бир карап алды да көңүл кош гана күңк этти:

— Кимди издеп жүрөсүң?

Ишке орношуп, ушул бөлмөдөн орун алганымды айттым.

— Ого, жакшы болгон турбайбы. Менин атым Алик, — деди бири колун сунуп.

— Анда бул достун урматына жүздөшүп коёлу!

— Жүздөшсө жүздөшөлү, — деп экинчиси ыкчам кыймыл менен шыпылдап шкафтан жарымы ичилген бөтөлкө сууруп чыкты. Бирткеден “сеп” эткенден кийин мен да дүкөнгө чуркадым. Ошентип ал жерден жолум “жакшы” башталды. Үчөөбүз бир цехте, жада калса бир сменада иштейт экенбиз. Эртең менен ишке барып, түш оой келебиз да, калган убакытты ресторан, кафе, пивоканаларда өткөрөбүз. Кечкисин түн бир оокумга чейин карта чабышмай.

Бир жолу ал эки досум үч кыз ээрчитип келди. Түн ортосуна чейин ичкилик ичип, ырдап­бийледик. Кыздар да, биз да ылжып мас болдук. Андан аркысы эсимде жок. Эртеси соолуксам, кыздар кетип калышыптыр. Ошол боюнча жарым жыл чамасында баягы үч кыздын бири келди.

— Курсактагы бала сеники! — деди ал кыз.

— Кандай далилиң бар? — дедим.

Далилдей албады. Көз жашын көлдөткөн боюнча жолуна түштү…

Ошентип, кара өзгөйлүккө салып, ага моюн бербедим. Энеме да барбадым, жок дегенде кат да жазбадым. Завод администрациясы ичип келгендигим үчүн эки жолу катуу эскертүү берди. Комсомолдук чогулушта сындалдым. Оңолушка акыркы убада  бердим.  Бирок эркимдин боштугу,  көңүлчөөктүгүм  аракты таштата албады. Аракка кандайча берилип, ага баш­отум менен биротоло туткундалып баратканымды өзүм да билбедим. Үстү­башыма каранып, кыздарга көз кырымы салып, табигаттын кооздугуна суктануучу кыялкеч мезгилим да аз­аздан жоголо берди.

Колум калтырап, уйкум качты. Акыры иштен да чыгып калдым. Себепсиз көпкөнчүлүк акыры ушуга алып келди. Эми эртеден кечке пивокананы имерчиктейм. Бөтөлкө чогултуп өткөрөм. Кружканын түбүндө калган пиво калдыктарын чогултуп ичем. Бир кружка пиво же жүз грамм шарап ичкенден кийин гана көңүлүм көтөрүлүп, дүнүйөм түгөл боло түшкөнсүйт. Кийинки күндөрү бош бөтөлкө да табылбай калды. Жатаканадан да чыгарып салды.

Жолбун итчесинен көрүнгөн жерге жатып күн өткөрө баштадым. Заводдо бирге иштешкен баягы досторума барсам “жыйналыш болмок эле” деп бөлмөдөн чыгып кетишти. Ындыным өчүп, туталанган боюнча кайра жөнөдүм. Комбинатта иштеген классташымды эстеп, автобуска отурдум. Менин алдымда кирген аял капчыгынан талон алып чыгып компостерге бастырды да, кайра капчыгына салып, жан чөнтөгүнө тыкшырып койду. Капчыктан кыпкызыл он сомдуктар көзүмө урунду. Напсим бузулуп, адамдык абийрим эстен чыкты. Экинчи аялдамадан автобуска кирген элдин шарданы менен аны жөөлөмүш болуп, чөнтөгүнө колумду секин сойлотуп жибердим. Ошол мезгилде:

— Билетиңиздерди көрсөтүңүздөр! — деген текшерүүчүнүн үнү желкеден чыгып, капчыкты тутамдап тартып келаткан колума билет көрсөтөйүн деп чөнтөгүнө кол салган аялдын колу урунду.

— Кески, айланайындар, кески! — деп ал бакырып жиберди. — Мындайлар аксым болчу эле, кармай көргүлө! — деп безилдеген боюнча капчык тутамдап, коркконумдан карыша түшкөн колумду билектен кармап жогору көтөрдү.

— Тү­ү бети жок! — деди бирөө.

— «О кудай балага сокудай талкан кеппи” демекчи, ишке тойбой турчу эле учуру экен. Ак эмгеги менен жашабайбы дөңгөчтөй болбой! — деди капталдан бирөө.

— Мага билетиңерди көргөзүп коюп, чырыңарды анан чечишкиле. Мен кызматта жүргөн кишимин, — деди текшерүүчү кайдыгер.

— О кокуй-оой, ушунда билет болмок беле, баланын кебин сүйлөйсүз да!

— Билети болсо чөнтөккө кол салмак беле. Мындайды мите дейт.

Андан аркы сөздөр кулагыма кирбей көзүм алачакмактап, башым айланып  баратты. Карышкан манжаларымды кайрып, капчыктан чыгарып жатышкандарын гана билем. Эсиме келсем, аялдамада олтуруптурмун. Деги айкөл адамдардан кагылып кетсең да аздык кылат. Алар мени уялганынан башын көтөрө албай калды, жаш экен эсине келер деп ойлошуп, аялдамага түшүрүп коюшса керек.

Ал жерден шалбырай туруп, бакты аралап барып дүпүйгөн  бактын түбүнө куладым. Андан башка кайда бармак элем. Курсагым кабырылып, имерилген бойдон таңды атырдым. Башым каңгырап, тилим кургайт. Бир жутум барматуха көзүмдөн учат. Күбүнүп, силкинген болдум да, көнгөн пивоканама бардым. Пиво ичкендерди көпкө жалдырай карап отуруп, алардан пайда болбогон соң көчөгө чыктым. Бала ээрчиткен бир аял келаткан экен.

— Эже, жыйырма тыйыныңыз барбы? Бир буюм алайын десем жетпей атат, — дедим жер караган калыбымда.

— Бар, айланайын. Аял сумкасын оодара баштады.

— Апа бербе. Бул ичкич! — деди бала апасына акырын.

— Жөн турчу. Аны сен кайдан билесиң!?

— Кебетесинен көрүнүп турбайбы чүрүшкөн жалбырактай болуп…

Аял 20 тыйын берип басып кетти. Ырахмат айтууга да жарабадым. Абышканы кичирейтип койгонсуп сүйлөгөн наристенин сөзү сөөгүмөн өтүп, чучугума жетти. Ушуга чейин эч бир күч таасир эте албаган сезимиме бүлүк түштү. Ызалыкка буулугуп чыктым.

— Ушунчалыкка жеткеминби? Кайсы ырысыма ичип атам? Эрезеге жеткирген энемди жалгыз таштап, эмнеге баса бердим? Энемдин менден күткөнү ушул беле? Деги жашоомдун максаты эмне??? Өзүмдүн  суроолорума өзүм жооп таба албай башым катып турду. “Акыры түшүнөөрүңдү билгем” дегенсип, тыйын колумдан “шыңгыр” эте  кулап, тегеренген боюнча “качып” жөнөдү…

*   *   *

Мен келгенде бирде жок болуп, бирде жылт этип  көрүнө калып булуттарды аралай каалгып жылган ай гана болбосо бүт айыл таттуу уйкунун кучагында магдырап жаткан экен. Айылга түнүчүндө келүүнү чечип, райондун борборунан бери жөө келгем. Короонун эчактан бери оңдолбой эскирген эшиги болор­болбос ачылып туруптур. Абайлай эшикти түртүп короого кирдим.

— Энеке! — үйдүн терезесин чертип, акырын үн салдым.

— Аксарбашыл айланайын! Кагылайын каралдым! Кудайбергеним! Аман­эсен барсыңбы?!

Уйкусу качып, сак жаткан энем томолоно­жумалана турду да, сүйүнгөндөн кайсалап илгичти таппай, араң зорго ачаары менен  мага боюн таштады. Көпкө шолоктоп ыйлап, мен жөнүндө ар кимден уккандарын, аларга ишенбегенин айтып,  сүйлөп да атты.

— Эне, энекебай, кечир мени! Сиздин тилиңизди албай мен акмак болуп жүргөн экемин. Мындан ары ошол азезилди оозума алсам сиздин ак сүтүңүз урсун! Энем экөөбүз бири­бирибизге улам жашып, көпкө чейин кучакташкан боюнча турдук.

Кудайберген терең күрсүнүп алды…

— Азыр энем колумда экенин билесиң. Быйыл окууну бүтсөм, үйлөнүп, айылга кетем. Атамдан калган үйдү оңдоп, көптөн бери ээн турган үйдөн түтүн булатышым мойнумдагы карызым дагы, парызым дагы, — деди көөдөндөгү сырын чыгарып алганга жеңилдене.

Кудайберген абама бир ооз сөз айтууга жарай албай, аны аягандан уламбы, терең улутундум. Азезилди жеңип, ак жолго түшкөн эрки күчтүү, акылы жетик адамга суктана карап турдум.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *