Эх, жетим… Жүрөгүмдү оорутасың дайым…

Зайырбек Ажыматов – учур адабиятыбыздын эң бараандуу, эң жалындуу Акыны. Талантты талант деш керек! Бу жетим чыныгы Талант! Зайырбекти кыйын дебес элем, кыйындардын китеби чыгып атат, алар эбин таап атышат. Китептеринин артынан китептери чыгып. Бу жетим эбин табалмакпы?! Таланттар жалтак келери шу: ага өтүмү жок экен Зайырбектин. Өтүмдүүлөр наам алып атышат, китептери байма-бай басылууда. Көңүлү баладай тунук, заманы буюк бул замандашыбыз болсо жайдаңдап жүрөт. Күлгөнү, жүргөнү деле телегейи тегиздей. А ичи – кыпкызыл чок. Өрттөнүп жүрөт. Аны туйган жан жок! Мейли, китебин чыгарып берчүлөр же наам бере койчулар чыкпасын; куру дегенде адабий адистер, сынчылар Ажыматовдун чыгармачылык дасмиясын, кудай даарыган дараметин сөз кылып атыппы?! «Күлүк күнүндө, тулпар тушунда» сүрөмөлөгөн бирөө чыксачы, бу жетимди!

Азыркы адабиятчылар менен сынчылардын баары оозеки адис болуп алышты. Жазгандары аз. Учур адабияты сынга чукак болуп турганы да ошол. Илимий даражалары менен өздөрүн элге тааныштыра келгендердин арасында филология илиминин доктору, профессор, академик наамын алып манчырканган адабиятчыларыбыз толо. А Зайырбектей таланттар жалкы. Эндекей жетим! Жамакчылар менен жазмакерлер бааланып, чыныгы акын Зайырбек көптүн көлөкөсүндө жүрү. Журналистика жеп жүрөт муну. Журналистикадан те качан эле көөнү калса да «катын-балдарым ачка калгыдай» деп бу кесибин таштай алаар түрү жок. А күлгүндөй курагы өтүп атыр. Адабиятка берер күчүн журналистикага сарптаганына ичинен сызып жашаган Зайырбекти күнүмдүк көртирилик курттай жеп атса да – сырты жалын, ичи жок! Анысын билдирбейт. Мен туям…

Адатта өз учурунда баасын албай кеткен таланттардын тагдырын кеп кылып жер муштайбыз! Убагында Алыкул бааланбай өткөн дешет, Табылды Мукановдун таланты таанылган эмес дешет. Кийин да далайы бааланбай чым жастанып жатышат.

Бизде болсо адабият айдыңында үзөңгү кагыш келаткан Зайырбектен аянар жылуу сөздөн башка эч нерсебиз жок экен…Ушуга каңырык түтөйт… Аныгында азыркынын Алыкулу да, Табылдысы да Зайырбек дээр элем.

Олжобай ШАКИР

«Боор этимди толгоп барат бул сүйүү,
болбогондой кой дегенге ажалды…»
(Күзгү махабат ыр түрмөгүнөн)

* * *
Кечирим бербе мага…
кечиргендей жөн жай эле бирөөнү.
Унуткандай душманыңдын кылганын…
унутууга болбойт менин күнөөмдү.

Кечирим бербе мага…
аттиң дүйнө бир кемтиги толбогон.
Сүйгөн күнөө айтпай ичке жашырып,
сүйүү күнөө келечеги болбогон.

Кечирим бербе мага…
максаты жок махабатты беттеген.
Мүмкүн сага бир учурда так ушу,
сүйүп жүргөн күнөөм менен эстелем!

* * *
Сүйдүм сени, сүйүү эстен чыгарда,
сүйдүм сени, кургуйларга кулаарда.
Аруулады көңүлүмдү махабат,
Миң ырахмат! Миң ырахмат Кудайга!

Сүйдүм сени, аалам батпай сыярга,
сүйдүм сени, жүргөн кезде туманда.
Булут тарап бул дүнүйө шаңкаят,
Жандүйнөм бүт айланып жаш тулаңга.

Сен аркылуу дүйнө кайра жаңырды,
сен аркылуу жоготконум табылды.
Сарсанаага батам сени көрбөсөм,
сагынгандай балалыкты, айылды.

Жөнөйм сага эңсеттирип илебиң,
жө-өн гана бир көрүү болуп тилегим.
Шуудурамыш болуп бассам бариктер,
шуу үшкүрүп жаткандыгын билемин…

Сүйдүм сени, айланып боз уланга,
сары күз бу келген кезде кыраңга.
Махабаттын болбойт кечи, эртеси,
мен уялбайм, сен да андан уялба!

* * *
Күндөй чыккан, нурдай түшкөн суналып,
сен келаттың кече көркүн чыгарып.
Сен келаттың сахнага жа-ай гана,
Айдай калкып, булут болуп буралып.

Аккуу мисал… Жок! Ал сага тең эмес,
Ай, Күн, Жылдыз, гүлдөр дагы сен эмес.
Кереметсиң, жомоктойсун, башкасың,
карегиме калды чөгүп бул элес.

Койдум сага бүт эркимди берип мен,
көздөрүң-ай, сөздөрүң-ай эриткен.
Үлбүрөйсүң, дирилдейсиң муңайым,
Үр кызындай түшүп келген бейиштен.

Жараткандын кеңдигине таңдана,
жалгыз сени карап калдык жардана.
Күз айынын күңгүрттөнгөн кечинде,
Күн күлгөндөй жарк дей түштү айлана.

Алыстан бир көргөнүмө кубанып,
боз баладай мулуңдайм мен уялып.
Же басканын, же учканың билинбей,
ак булуттай узап кеттиң буралып.

* * *
Сакайттың сен көңүлүмдү ооруган,
сары күздө чыгып кокус жолуман.
Жылдыз түнөп, жүрөгүмө Ай түнөп,
жылмайганың кетпей калды оюман.

Издеп жүрсөм махабаттын дарегин,
илебиңе мас кылдың сен адемим.
Бир өмүрлүк кубат алдым өчпөгөн,
бир секундга чагылышып карегим.

Сен аркылуу кайра баштан жаралдым,
сен аркылуу билдим күчүн аялдын.
Сен бар жерде душманымды кечирип,
сен бар жерде өлүмгө да даярмын.

Бир өмүрдү сүйүү берип улаган,
жарыгымсын Жараткандан сураган…
Жарым жолдо жалгыз кетип баратып,
сени көрүп калганыма кубанам.

* * *
Күтүрөгөн күлүк мисал камчылап,
катаал мезгил каяккадыр шаштырат.
Бирок, бирок, бир саамга токто деп,
бир жаш сулуу элесине мас кылат.

Арасынан алай-дүлөй куюндун,
ашыктыкка келди менин бурулгум.
Жаштыгымды калуучудай токтотуп,
жалт карашы ал жароокер сулуунун.

Ошол сулуу арачалап ажалдан,
ошол сулуу арылткансыйт санаамдан.
Ошол сулуу даба болуп дартыма,
сакайтчудай жандүйнөмдү таланган.

Сүйөм — десем өзүмдү өзүм тарта албай,
Сүйөм — десем каяккадыр шашкандай.
Түшүнүп кой, ал тирүүлүк шааниси…
бир кездерде калам антип айта албай…

Аттиң дүйнө… бүлбүл жанып шам чырак,
жаштык дайра акырындап тартылат.
Бирок, бирок каяккадыр азгырып,
бир жаш сулуу элесине мас кылат…

* * *
Көңүлүмдөй күңгүрт күздүн асманы,
сарсанаамдай саргайууда бак дагы.
Эх аттигиң, ушунча кең ааламдан,
байкуш сүйүүм өз орунун таппады.

Бул жазадыр… азыр алсыз, бечелмин,
арманымды кабырга алып кетермин.
Аттиң, аттиң тээ бир кезде манчыркап,
сүйүү жок деп бекер айткан экенмин.

Махабатым жаңылуумбу, катамбы,
күздө неге курган көңүл жашарды?
Боор этимди толгоп барат бул сүйүү,
болбогондой кой дегенге ажалды.

Бирок аттиң Күн томсоруп, батып Ай,
көөдөн боздойт, турам араң жашыбай.
Барат сүйүүм мүрзөлөрдү аралап,
бир жылт эткен жылуу сөзгө татыбай.

Кантем, кантем жүрөгүмдү ураган,
мейли, мейли… мен баарына чыдагам.
Кайдасың сен, кагылайын жалгыздык?
Кайра мени кабыл алчы суранам.

* * *
Аттиң-ай… кайран сезим тебеленген,
кайран мен сени айланып чебеленген.
Негедир эңсөөм ташыйт сага тынбай,
баарысын айтып бергим келе берген.

Мисалы, көңүл кокус жылыганда,
болбосо кусалыкка буулганда.
Калдактап айнек сүзгөн куштай болом,
кайдигер суз жоопко урунам да.

Билемин сен деп боздоп бүтөрүмдү,
билемин сүйбө десең күчөөрүмдү.
Билбеймин кантип сүйбөй коюшту мен,
билбеймин сенден нени күтөрүмдү?

Сагыныч бүтпөйт билем сага болгон,
санаалар кала берсин санаа бойдон.
Издеген күнгө кейийм мен өзүңдү
ишенип жомокторго бала болгом.

Эх, бекер сүйөмүн деп жалдырапмын,
эх, бекер тарттым башын аргымактын.
Мен сага көрүнбөгөн көптүн бири,
мен сага күзгү бир тал жалбыракмын…

* * *
Күз күчүндө. Кээде жамгыр уланат,
күндөп-түндөп жалбырактар куланат.
Гүлүн ачып, бирок дагы жашайм деп,
күзгү роза бак ичинде муңаят.

Турган дале жакшылыктан түңүлбөй,
күзгү гүлдөр менин кечки сүйүүмдөй.
Тажаалданып турса дагы, а бирок,
таажылары куурап барат билинбей.

Күзүндө да жалбырагы жабылбай,
күйүп турган тамырында жалын бар.
Алтын түстүү бариктерин төгүшүп,
алда качан тонун чечкен кайыңдар.

Күндөн күнгө кечки суук карышат,
күз боегу бардык жерге жабышат.
Кызыл чоктой күзгү роза бир гана,
кызыл бойдон кар алдында калышат.

Гүлдөр, гүлдөр жашоодон түк түңүлбөй,
күйүп турган жүрөгүмдөй, жүлүндөй.
Кереметин чачып кетер өлгөнчө,
кечки роза менин кечки сүйүүмдөй.

* * *
Мелт-калт болуп көөдөнүмдө жаш агат,
мерез сүйүү жатат мени жазалап.
Жазылыптыр тагдырыма, баш тартпас,
жарымы — бал, жарымы — уу махабат.

Кошо келип кубаныч да, арман да,
көксөйм сени, болбойт бирок барганга.
Кеп анда эмес, эң башкысы зор бакыт,
чын сүйүүгө жолугуу бул жалганда.

деп өзүмдү алдаймын да, а бирок,
өзөгүмдү өрттөп барат жалын от.
Күйсөм мейли, күчкө салып чыдаармын,
менин сүйүүм эмес алсыз, ары жок.

Сырыңды угуп, ырыңды угуп кечтеги,
сыйкырландым дүйнөм сени эңседи.
Унут мени эгер сүйүүм кыйнаса,
сенсиз эле сүйө аламын мен сени.

Көйрөң көңүл кээде жайдай жасанат,
кыш ызгаары келет кайра жакалап.
Күндөй-түндөй, ак-карадай анан да,
жарымы — кыш, жарымы — жаз махабат.

* * *
Күз көркөмүн күтүлбөстөн басса да,
күздө келген кар татына, башкача.
Ак канатчан аалам кезип келген бу,
ак кар сендей аруу, назик, таптаза.

Кар бүртүгү сылап өтсө жүзүмдү,
сен деп сезип өрттөйт жалын ичимди.
Арууланып барат көңүл бул кечте,
ал ак карга салып алгач изимди.

Балбалактап жааган ак кар күтүлбөй,
баары менин аппак сүйүүм үчүндөй.
Секелегим кечтин ушул суугунда,
сен үйүңө жеттиң бекен үшүбөй.

Бардык жерде өзүң гана элестеп,
баш тартсам да албуут сезим жеңет, эх!
Балапандай сени такыр үшүтпөй,
боорума кысып алгым келет, эх!

Ак кар, ак кар, апаппагым башкачам,
көңүлгө алба карегимди жаштасам.
Мендик болбой калганыңа сыздаймын,
сендей назик, аруу дүйнөм, таптазам…
Зайырбек АЖЫМАТОВ

  1. 12. 2012

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *