Баян башы
Зээниң тунук, шыктуу болсоң каламга,
дастан жайын даңазалап баянда.

Тең уюган жүрөк менен акылы,
жазат муну акындардын акыны.

Тээ байыркы бул баянды телмире
кезиккен бир дыйкан айтып бердиле.

Кылбас үчүн окурманды ыргылжың,
кылым жүзүн жаңы чайып ыр кылдым.

Алтымыш жаш таянганы калыпмын,
турмушумда көптү көрдүм, каныктым.

Карылыкта касиет бар эс кирген,
жылдыздардан кайып кабар жеткирген.

Календердин айтканы бар мамындай:
«жаштык деген – карылыкка кам урмай».

Сиявуштун энеси жөнүндө
Υрүл таңда корооз үнү кукулдап,
Тус, Гударз, Гив ойгонду таң утурлап.

Дагуй жакка аттанышып мергенге
жол тартышты черди жазып келгенге.

Мүнүшкөрлөр алдыга чаап дүпүрөп,
аң уулоодон туйтунсак дейт күтүрөп.

Бир заматта түрк чегине келишти,
кылкылдаган чатырлардан жер үстү.

Жашыл токой, жайкын жашоо жан жагы,
көз алдыда турду түрктүн аймагы.

Биздикиби, жаттыкыбы дебеди,
Тус, Гив колу аралай чаап жөнөдү.

Өрөөн ичин тинтип кошуун, болжогон
кур кайтчудай болуп турду олжодон.

Чер токойду жүрүшкөндө аралап,
сулуу чыга келди көзү карагат.

Тус озунуп, кызга суроо узатты:
“Чытырманда саа ким салды тузакты?»

Сулуу айтты: “Аша кечип баарынан
качып жүрөм атакемдин каарынан».

Тус кайтадан жерин, тегин сурады,
а сулуу кыз өз баянын улады:

«Гарсиваздыр биздин жакын агабыз,
а Фарудин түпкү ата-бабабыз».

Сулуу кызды шерлер тиктеп турушту,
Тус заматта уят-сыйды унутту:

«Сөзгө тарткан эң биринчи чүрөктү,
менмин – деди,– арнай турган жүрөктү!»

Гив туурадан: «Сенби, менби?.. Ким деги
аскер башы менмин го!» – деп жиндеди.

Тус бир маалда туталанып теригип:
“Эң биринчи мен көрдүм – дейт, – перини!»

Кыжылдашып, кылыч сууруп зекишти,
акыр кызды өлтүрүүнү чечишти.

Башын кесип батышаарда күнөөгө,
кол ичинен чыкты бирөө жүйөөгө:

«Ордо беттеп аттаналы бат, – деди –
бул талашка калыс болсун шах» – деди.

Туура көрүп экөө мындай кеңешти,
иран-шахка салып-уруп жөнөштү.

Кызды Кавус көрөр замат чырайлуу,
напси тыйбай, көзү күйүп кылайды.

Таксыр анан: «Тус, Гив экөөң болжолу
келипсиңер – деди, – ырас олжолуу…»

Мээрим менен анан кызга кайрылды:
«Меңдей сулуу, айта келгин дайныңды».

А кыз айтты: «Апам аксөөк учугу,
атам болсо Фаридундун тукуму».

«О, жаш сулуу, чыгаан туруп тегиңен,
эмне издедиң анда токой черинен?»

А кыз айтты:: «Кечип жүрөм баарынан
сизге болгон ашыктыктын айынан».

Чоролорго буйруп Кавус сый-наамды,
а Гив, Туска такты, таажы ыйгарды.

Шахка болсо аялзаттын пири да
токол болор көп катындын бири да.

Сиявуштун төрөлүшү
Чотун каккан мезгил шилтеп арымды,
тирүү жанга жаз көрктөнүп жаңырды.

Ай тоголуп, асман болуп колдоочу,
тогуз айда келди сулуу толгоосу.

Шах алдында сүйүнчү айтып турушту:
«Буюруптур бизге бийик ырыскы.

Алганыңыз төрөдү – деп, – бул түнү
тактыңыздын дагы бийик түркүгүн!»

Аян тутуп аалам кезер атагын
Кавус уулун Сиявуш деп атады.

Жылдыздарды тиктеп анан айрыды,
ак-караны, кубанычты-кайгыны.

Уулун күтөт кыйын тагдыр аттигиң:
жылдыздарың сырдуу кайгы катты бир…

Жылдар өтүп, падышанын кашына

Рүстөм[1] келди даңкы бийик ашыга:
«Бер колума күчүгүңдү арстан,
таалим берсем, кайтпас болот намыстан».

Шаа ойлонуп, көпкө үнсүз тактыда,
Рүстөм сөзүн абдан туура тапты да,

карегиндей каралдысын айбаттуу,
кабак чытпай Рүстөм шерге карматты.

Боз уланды Рүстөм алып Забулга,
шах тегине көрдү тактык камылга.

Ат мингизип, жеткен кезде табына
жаа тарттырып, кошту жоокер сабына.

Чапкан кылыч, найза урганы чаламес,
илимге да каныктырды ал эмес.

Ууга чыкса, кушту кантип салууну,
аскер баштап, жоону тыйпыл чабууну

бүт үйрөттү. Оң, сол абай этүүнү,
өз кошуунун туура баштап кетүүнү.

Шакиртинин курчуганча жүрөгү,
Рүстөм баатыр далай күчүн үрөдү.

Сиявуштун келип турду кемели,
ааламда жок каршылашар тең эми.

Ооздон чыкты Рүстөм шерге соболу:
«Эми ордого кайтып барсам болобу?»

«Болот, – деди – черик жыйнап жандатып
барам десең, бар кошуунуң чаңдатып».

Чоюн дене Сиявушка арстан
чоролорду кошту түмөн, намыс да…

А болбосо уулун тоскон өкүмзар
каректеги жаадырбайбы өчүн заар.

Сиявуштун Забулдан келиши
Шахсарайдын келген кезде алдына,
эл жамырап, уу-дуу, күү-гүү шаң мына:

«Сиявушка урмат!» деп жол ачылды,
жолго алтын, зумуруттар чачылды.

Кавус такта – каалбаттуу чиренген,
таажысына асыл таштар ширелген.

Шахзаданын тизелери бүгүлүп,
шаа астында турду сыйда жүгүнүп.

Кайтып минтип келген үчүн тууруна,
өкүмдар да кучак жайды уулуна.

Кучагында зоот денелүү зоңкойгон
уулу сыймык жаратчудай койкойгон.

Арстандай айбат сүрүн каратар,
эр жетиптир уламыш кеп жаратар.

Жаангер ата кебин айтып жалындуу,
жаратканга таазим этип жалынды.

Шатырашып шарап аккан той болуп,
шаң жаңырды, музыкалар ойнолуп.

Той болгон соң бир жумалык, – андыктан
белек-бечкек тартуусу бар сандыктан.

Кавус жыйган тартууланды кызыктар,
байтак үчүн билериктер, кылычтар.

Кымбат ээрлер, жылкыларын араптын,
зоот кийим, чопкуттарды таратты.

Дүрданалар, жалаң алтын теңгелер,
кездеме көп, баа жок кымбат тең келер.

Таажы гана кийгизер кез эртерек,
Кавус ичтен ойлойт: «Такты бер ченеп…»

Кези келсе көрөбүз деп ар жагын,
казынанын берди өткөрүп калганын.

Уулун санап улуу дөөлөт туягы
жети жылы кол алдында сынады.

Анан гана дөөлөт салтын билгизди
такка олтуруп, алтын таажы кийгизди.

Салт-сабырдын бири калбай кылынды,
шах буйругу бүт дүйнөгө угулду.

Сиявуштун атак-даңкы таш жарып,
Кухистанды калды жеке башкарып.

Мавераннак барбы сенин эсиңде?
Ал Кухистан аталуучу кезинде.

Сиявуштун апасынан айрылганы
Бийлигине болор замат ал башчы
апасына ажал келип калбаспы.

Өксүп жаны, тактан боюн козгоду,
өкүрүгүн салып көккө боздоду.

Кесел өңдүү өңдөн азып мүңкүрөп,
төбөсүнө түн түшкөндөй үңкүйөт.

Каңгы башы, отуз күнчө кайгырды,
жан жай албас кубанчынан айрылды.

Гударздын да көздөн жашы каканак
азадарлуу кипариске такалат.

Шахзадага кеңеш берди: «Кайрат кыл!
Айтканды угуп, мокотпогун айбатты.

Шунтип буйруп коёт тура шум жалган,
бул дүйнөдө өлбөй тирүү ким калган».

Муюп сөзгө Сиявуш да көгөргөн
айласы жок көөнүн ачты чөгөргөн.

Судабанын Сиявушка ашык болгону
Ата-бала тынч-жай пикир алыша
отурганда, кирип келди каныша.

Ал – Судаба. Сиявушту көргөндө –
кумар оту ойноп кетти көөдөндө.

Жалындап жан, нөкөр жумшап жигердүү
кийин мындай кабар айтып жиберди:

«Күтөм сени бейубакта эликтеп,
кызөргөгө эркин-эмин келип кет».

Кулдан мындай уккан үчүн жаңылык,
Сиявуш шер кыжырланып, кагынып:

«Жиркеничтүү – бузукулук орогон
кыз-кыркындар өргөсүнө жологон», –

деген үчүн, күүгүм батар жарышта

Судаба шып келди минтип Кавуска:

«Айдан, Күндөн кийин эле ааламда
өлкө башчым, сенин бийик каадаң да…

Мөртү келсе,  жер дүңгүрөп оо катуу
уулубуздун өсөт укмуш ооматы.

Өтүнүчүм: өргөбүзгө каттасын,
кыз-кыркындар азиретти мактасын.

Болушунча сый-урматка бөлөнөт,
өсөр мырза так ошентип көгөрөт.

Ай-ааламга зоболосу көкөлөп,
алтын тенге жаадырабыз өтө көп».

Шаа үн катты: «Дурус, дурус айтканың,
өз энедей камкор болуп атканың».

Шахзаданы чакыртып ал: «Каралдым,
билесиңби, өмүргө не жаралдың?

Сага деген сүйүү болсо баарында,
кысынбастан тат алардын даамын да.

Тыйуу салган кызөргөгө баргының
Судабанын көр ал жактан камдыгын.

Кыз-кыркындар өргөсүндө сыйабан
кылат сага алар укмуш сый анан».

Уулу аң-таң – укканга жат кайдагы,
өлкө башчы атасынын айдагы…

«Өкүмдардын же сыноосу эмеспи?» –
өзү менен өзү мырза кеңешти.

«Шах атакем, туулдум өнөбоюңдан,
жер, так, таажы белек алдым колуңдан.

Таалим алып даанышмандар тобунан,
түшсөм кантет илим-билим жолуна?

Кызөргөңүз акыл кошуп салмактуу,
эр жигитке жол көргөзө алмакпы?»

Шахтын жообу: «Сыймыктанар тилегим,
акыл дайым болсо деймин тирегиң.

Жаман ойду кээде кууп акылдан,
көңүл ачып, кубанууга акың бар.

Кызөргөнүн босогосун аттагын,
бакыттын да керек даамын татканың».

Уулунан жооп: «Иран-шахы мындайды
буюрган соң, таңда барган ыңгайлуу.

Чакырткандан, маңдайыңа келгемин,
аткарабыз кандай буйрук бербегин».

Сиявуштун Судабага келгени
Тоо учунан кылайганда таң кайра,
элпек уулун тургузду шах маңдайга.

Атасына таазим кылып көрүштү,
анан экөө тымызын сыр бөлүштү.

Хирбад аттуу ачык-айкын дегени
пенде жүрчү келишимдүү бедени[2].

Шах Хирбадды издеттирип таптырды,
анан ага албан милдет тапшырды.

Сиявушка: «Калба, – деди – артынан,
укмуштарды көргүң келсе жаркыган».

Жандоочтун бар көрөгөчтүк өнөрү.
Дили тунук бозойду алып жөнөдү.

Хирбад дароо эшикти шарт ачкандан:
Сиявуш да жамандыктан сактанган.

Как маңдайда бейиш төрдөй жай экен!
Мол дүрдана, сулуу кыздар бар эчен.

Буга чейин көз көрөлек барпырап
кызөргөдө так да турат жаркырап.

Анда олтурат шахтын өкүм зайыбы,
кулпурган кооз бейиш бакча айылы.

Башындагы алтын таажы жылтылдап,
жылдыз сымал турат өзү кылтыңдап.

Дилдиреген тармал чачы чубалып
согончокко чейин кеткен уланып…

Судаба шыр түшүп келди тагынан
Сиявушка парданын арт жагынан.

Жакын келип таазим кылды керилип,
кучак жайды кумар оту төгүлүп.

Сиявуштун ойлогону: «Адамдык
сүйүү эмес, оо бул жеткен арамдык!»

Көрбөйүн деп өгөй эне кылыгын,
селкилерге салды көздүн кыйыгын.

Туш-тушунан мактоо жаады эселеп,
алтын такка апкелишти жетелеп.

Кызыктуу кеп куруп кыздар тобуна,
шахзада да түштү кайта жолуна.

Өкүмдарга айтты келип аныгын:
«Кызөргөңдүн көрдүм ата, жарымын.

Дүнүйөдө жалаң жыргал жан жагың,
кудайга жок айта турган арманың.

Байлык-мүлкүң, аскериң бар кебелбес,
ага эчбир шахтардыкы[3] теңелбес».

Ата көөнү мындай сөзгө шаттанып,
азем сарай көркү турат сакталып.

Күндө уу-дуу тойлорго жок деле чек,
ойлошчу эмес эмне болот келечек.

Түн оокумда өкүмдарың атайын
келген болчу не айтат деп шахайым.

Сынаш үчүн берди мындай соболун:
«Сырыңды айтчы, жашырбастан оболу.

Жүрүш-туруш, акыл-зээнин так, даана
мүнөздөчү, кандай биздин шахзада?»

«Ук кеңешим, – деди анда, – Судаба,
Сиявуш жок дебес мүмкүн буга да.

Шаа тукумдан чыккан ага, эреним,
колуктуну өзүм тандап беремин.

Уул төрөр Сиявуштай сымбаттуу,
өң-келбеттүү, улуу дагы, урматтуу.

Селки тапсам өзүм дагы кубанам,
сенин таза тукумуңду улаган».

Зайыбына берип абдан калыс баа,
ишенимдүү курсант буга Кавус да.

А бир күнү ээн учурду чактаган
уулу келди шах атасын мактаган.

Жашыруун сыр баштап тактын эгеси,
бөтөн укпас мындай болду кеңеши:

«Ай-ааламда атың өчпөй, анан да
тагыңа ээ болсо экен дейм балаң да.

Көсөм, жайчы жылдыз санап көргөнү
сага карай мындай салды төлгөнү:

Туяк көрсөң, ага мурас – так калат,
ал падыша эл эсинде сакталат.

Кей-Пешинден[4] ал андыктан колукту,
бийлик үчүн бул зоболо олуттуу».

Уулунан жооп: «Эрким жетет мунуңа,
бул шах сөзү, мен да айланам кулуңа.

Убадамды берем буга иралды,
сен башкарып тургандыктан Иранды.

Бул жөнүндө ооз да ачып койбогун
Судабага. Каршы чыгат оңбогур.

Анын башка каалоосу бар билемин,
бузгум келбейт андыктан тынч тилегин».

Башын чайкап, шаа өзүнчө ыржаңдайт:
жел болбосо, чөптүн башы ыргалбайт.

Эскертти ал: «Өгөй энең жөнүндө
жаман ойду тилимди алып, төгүндө.

Чебелектеп сени сүйүп жан сабап,
сөзүн уксам, жүрөт сага камсанап».

Атасынын бул айтканын укса да,
көөнү тынып… Турат бирок бук, санаа:

Судабадан жакшылыкты баарыбир
күткөн болбойт. Сокку кылат дагы бир…

Түшүнгөнү: жөн нике эмес, – чалма бу,
соо жаныңды оору кылар талмалуу.

Сиявуштун кызөргөгө кайрадан келиши
Жылган кезде уясына кайып түн,
жер огуна оодарылды жарык күн.

Отурганы такка келди каалгып,
таажысынан жарк-журк жанып лаал[5] жык.

Ал – Судаба. Айланама түр салып
кыз-кыркындар турсун деген курчалып.

Кызөргөдө буйрук берип Хирбадды:
«Чакыр, – деди – шахзаданы кымбаттуу.

Сени атайы ашык экен көрүүгө,
апаң үчүн чыгын дегин келүүгө».

Даңазалуу шахзадага жеткирди
бул кабарды көсөм Хирбад тек билги.

Сиявуштун жаны таппай кирер жик,
араң укту Судабага иренжип.

Четтейин дейт амалкөйдөн атайын,
каарын бирок чачса кантет шахайым.

Зор денелүү келди мырза жай баскан
Судабага так чиренип жайгашкан.

Тосуп чыкты шахзаданы көшүлө,
боюн түзөп, колун тиреп төшүнө.

Тизип койгон топ кыздарды жамалдуу.
Алар эчбир түшүнгөн жок амалды!

Бир-бирине шыбырашат жакындай,
Сиявушка тик кароого батынбай.

Кыздар кетти. Ой жорушуп аркими:
шахзаданын менде дешип жандили.

Шахайымы суроо берди жан сабап:
«Менден сырың жашырасың канчага?

Айтчы оюңду ачык мага периштем,
о баатырым, мүчө бою келишкен!

Баары сага карек отту кадашат,
арзууңа зар, акылынан адашат.

Кайсы сулуу көөнүңө төп? Тандагын
сенин гана колуктуң ал, ардагым».

Шахзадабыз үн катпады. Судаба
бетти сыйрып, артып турду сук ага:

«Жаңырган ай, жаңы таңдын шооласы
жаңы шахты көрсө кана, о асыл!

Ортобузда ниет жанса тилектеш,
мага күндө кел: болобуз жүрөктөш!

Касамдашып, түзөр элек келишим…
үңкүйбөчү, сенин эмне кейишиң?

Даңазалуу Кавус өлсө, кеңешим:
сенсиң мага анын өлбөс элеси.

Маңдайыңда мен баарына беленмин.
Сен ээси бол жандилимдин, денемдин!

Не каалайсың, келет баары колуман.
Чыккым келбейт, сенин жайган торуңан».

Шахайымда уят калбай деги бир,
жакындатты эринине эринин.

Шахзада эч күткөн эмес мындайды,
бет кызарып, таппай турду ыңгайды.

«Азгырыкка, – ал ойлоду ичинен, –
шаа амири жардам берер кичине.

Атакемди заңгер[6] кылбайм өмүрү,
Ахриманга[7] жок тилектеш көңүлүм.

Эгер ага сетиркесем, бөөдө бу
арампөштүн өрттөнгөндөн көөдөнү:

Атамды да ишендирет жалганга,
даяр баардык жамандыкка барганга.

Андан көрө шахайымга оңбогон
дурус го дейм, жакшы сөздү жолдогон?»

Кеп баштады шахзадабыз оболу:
«Ай-ааламда сиздей асыл болобу.

Бир гана тең сага Ай, Күн алыста,
ошондуктан күйөөң – атам Кавус да.

Маа колукту издеп жүрсөң, тандаймын –
өз кызыңды. Башка жарды албаймын.

Буга не дейт журт башкарган төрөбүз,
угузуп көр, а чечимин көрөбүз.

Болсом гана кызың менен жүрөктөш,
сөзүм бекем, – сен экөөбүз тилектеш…

Убадам бул: бекем нике курамын,
өсөр дагы турат жаштык курагым».

Басып кетти, кабагы жарк Сиявуш,
суз шахайым ойлоп ичтен зыян иш…

Шах киргенде шахайымга башбагып,
таксырына тике карап каш кагып,

адегенде таазим этти ийилип,
анан мындай сөз баштады кыйылып:

«Солкулдаган сулууларды тапкамын,
а уулуңа бирөөсү да жакпады.

Аның айтат: «Башка эчкимди албаймын,
колуктуга сенин кызың тандаймын».

Муну укканда дароо бийлик төрөсү
жайдаңдады көккө жетип төбөсү.

Кебежени, ачып алтын капканы,
кемер курлар, кымкаптарды жапканы,

бүт алдырып, жер жайнатты. Керектүү
казынадан толуктатып белекти.

Шахайымга: «Сиявушка энесиң,
белекти ага өз колуңдан бересиң.

Бул аз деп айт, – сааты келсе буюруп,
дагы эселеп белек келет куюлуп».

Шаа зайыбы шахты тиктеп көңүлсүз
ойлогону: «Бир иш кылам төгүнсүз.

Керек мага амалкөй бир аракет
калп да болсо, болсун, мейли балакет.

Сиявушка балким түбү жагамын,
жакпай калсам, жалган жалаа жабамын».

Сиявуштун кызөргөгө үчүнчү ирет келиши
Каадасынча такка отурду шах жокто,
таажы, сөйкө, шакектери ак мончок,

жарк-журк жанып, Судаба бой чайкаган,
шахзадага сөз айттырды кайтадан:

«Журт атабыз сага белек камдады,
кымкап, таажы, так – эң баалуу, ал дагы!

Өз кызыма үйлөн, мейли, даярмын…
Мага деле көз салып кет аяр бир.

Не качасың? Али да бар кунарым,
өң-келбетим сүйсөң боло, кумарым!

Жети жылдай сага зарлап ашыкмын,
ак сүйүүмдү неге мынча жашыттың?

Бир күн менден аябачы мээримди:
таркатайын жалын жаштык чериңди!

Атаң сага белек берген ашыра,
таажысын мен кийгизсем дейм башыңа.

Эгер менин таркатпасаң кумарым,
эгер дарттан сакайтпасаң, – убалың

менден болот. Алыстатам тагыңдан.
Түн жамынтып, ажыратам таңыңдан!»

Сиявуш шер: «Кумарыңа чөмүлүп
калгым келбейт ыпыласка көмүлүп.

Атамды алдап, баралбаймын кастыкка!
Бул жат мага. Жаралбагам пастыкка!

Шах зайыбын теңейт баары Айга асыл
арамдыкка керек демек барбашың».

Шахайымы угуп муну жиндеди,
каргышы жаап, заары кайнап тилдеди:

«Сага таза жүрөгүмдү ачкамын,
сен, Сиявуш, мазактадың, шашпагын!»

Судаба Кавусту алдаганы
Өз бетине тырмактарын матырып,
үстүндөгү киймин тытып, бакырып,

шахсарайга үн угулду удаама,
ач айкырык салып ыйлап Судаба.

Кулагына сайылып үн жебедей,
ой баскан шах – безге сайган немедей:

чочугандан, көтүн козгоп тактагы,
кызөргөнүн босогосун аттады.

Сарай ичи чакчелекей, чуулган,
Судабанын бети канга жуулган.

Эси эңгиреп, айраң, жетпей акылы:
не арамдык кылды ташбоор катыны?

Долуланып чачын жулуп салыптыр,
денеси ачык, ыйлап-боздоп алыптыр:

«Сенин балаң мага келип, боюна
сыга тартып, эчбир койбой оюма,

айтканы бул: «Соолутайын дедиңби,
четке кагып, ысык сүйүү демимди?»

Жерге ыргытып таажымды алдагы,
кара, мына, чечиндирип салганын!»

Кабак түйүп Кавуста баш катат бу,
айрый албай ачакейлүү чатакты.

«Ишенимдүү акыл кошчу, малайдан
бириң дагы калба, – деди – сарайда».

Такта жалгыз шах жыйган соң акылын
уулу менен чакыртты куу катынын.

Сөз баштады акыл калчап салмактуу:
«Айт чыныңды, балам, кимиң алдап тур?

Мында деги не болду эле, сүйлөгүн,
өткөн иштин чечмелеп бер түймөгүн».

Төкпөй-чачпай Судабанын кылыгын
айтты койбой, баардык болгон былыгын.

«Жалга-ан бул! – деп шахайымы бакырган, –
кызыңды эмес, сени алам дейт, – катынга».

Жанын сабап, жаба төгүп жалганды,
өкүмдарга жүзүкара карганды.

«Казынанын, кызыңдын жок кереги, –
чын сөз мунун – сен колуктум» – дегени.

Шаа башына ойлор келди аркандай:
«Экөөнүн тең айткандары жалгандай.

Териштирем, болбос азыр шашууга.
Акыл чыкпайт алдыргандан ачууга».

Амал издеп, таппаганда ыкманы:
Сиявуштун колдорунан жыттады.

Жыт издеди, бүтүн тулку боюнан,
жыт жок шектүү, – кайтты жаман оюнан.

Судабадан жыпар жыт туш тарапка
аңкыйт ыңкып, жыттанып тур шарап да.

Шахайымдын жадалдашып кектеген
баласында жыт жок эчбир шектенер.

Кавус тиктеп Судабага жандими,
жаалы кайнап, зилдеп турду жандили.

Ойлогону: «Кошуп туруп тилиңди,
жалаңдаган кылыч кессе шилиңди!»

Шах түшүндү: уулунда жок арамдык,
эстүү чыкма, эч ойлобос жамандык.

Судаба менен бакшынын айлакерлиги 
Шахайым өз шермендесин чыгарды.
Шахы сүйбөйт, эми ага чыдайбы?

Кайра тырмап айыкпаган жаратын
таштабады кара ниет адатын.

Жамандыкка пайдаланып жүрүүчү,
дуба салма бир аялды билүүчү.

Ал аялдын жетип ай-күн эсеби
келип калган төрөй турган кезеги..

Ага болгон сырын төгүп шахайым:
«Абжип[8] жасап бергин» – деди атайын.

Дубачыны карк кылган соң алтынга:
«Эч кимге сыр ачпа» – деди артында.

«Абжип кайнат, түшүр эрте боюңдан.
Мен не айттым, чыгарбагын оюңдан!

Шахка айтам: «Ахримандын колунан
арам бала бүткөн болчу боюма».

Азгырыгы шек келтирип бүлөгө,
Сиявуш дейм мени түрткөн күнөөгө».

Бакшы жообу: «Эмне айтсаң, аярмын.
Бүт буйругуң аткарууга даярмын».

Ахримандан дуба ашып шар ишке,
ошол түнү бойдон түштү наристе.

Бакшы катын дубадан соң жанагы
бирди эмес, тууду эки баланы.

Түн уйкудан шахты силкип ойготкон
үн угулду: кыңкыстаган, толготкон.

Сураштырса – малайларын өргөнүн
кобурашты шахка билген, көргөнүн.

Кабак чыткан Кавус буга тек кейип,
үнсүз көпкө жүрдү ойлуу, шектенип.

Сабыр күтүп, ой басып жаак таянат:
«Бул наалатка кантип жаным жай алат?»

Кавус эки анжы ойду териштиргени
Таксыр чечти: «Бул иш туюк калбасын,
даңазалуу жайчы келип талдасын».

Ирандагы окумуштуу кыйындын
бири калбай шахсарайга жыйылды.

Айтты аларга: не кылганын аялы,
Аймандагы[9] согуштун да баянын.

Наристелер жайын айтып жана да,
«Тарабасын – деди, – бул иш калаага».

Балкитепти тиктейт баары абайлап,
жылдыздарга төлгө салып карайлап.

Шахайымдан жети күнү сүрдөшүп,
жашырынып төлгө салды түндөсү.

Анан алар күнөө кимде экенин
аныкташты, катышкандар – жеке ким.

«Эгиздерде кайып болгон жанынан,
жок шахайым экөөңөрдүн каныңар».

Наристелер жамандыкка бөлөнгөн –
так айтышты, кай жатындан төрөлгөн.

Көз чакчайып, жандан апкөй[10] түңүлдү,
шах алдына келип бакшы бүгүлдү.

Таксыр иштин билиш үчүн аныгын,
сыйда сүйлөп, тартып көрдү тамырын.

«Күнөөм жок» – деп куулангандан ал дагы,
Кей-Кавусуң эч оңдуу жооп албады.

Коркутушту: «Айт, камакка салабыз
же балталап башың кыя чабабыз!»

Бакшы болсо өз кебинен кайткан жок,
Кавус күткөн жоопту такыр айткан жок.

Шаа буюруп, чакыртканда Судаба
олуядан коркуп кебин улады:

«Эгиздерди бакшы тууп, жан алгы
Ахриман-шум ыргыттырган аларды».

Күч менен таап Судаба куу жалганды:
«Башка дагы сыры бар, – деп – балдардын:

Шахым, – деди, – арстан да кабылбас
Рүстөм шер бар эч душманга багынбас.

Коркуп андан жылдыз төлгө салгандар
эмне айтышат, өкүм буйрук алгандыр?

Балдар үчүн жалгыз байкуш мен ыйлап,
кайгы сени өттү билбейм не кыйгап…»

деген кеби шах күйүтүн козгоду,
шах, шахайым чогуу ыйлап боздоду.

Капалуу шаа Судабаны бошотту,
кабак чытып, кайгы басып баш отту.

Өкүмдарга жайчы айтты: «Азирет,
дагы канча жаның кыйнайт касирет?

Белгилүү го жароокер жан балаңыз.
Өмүр кымбат, өзүңүздү аяңыз.

Судабаңыз калпка көңүл бөлдүрүп,
касиретке койду сизди төндүрүп.

Эки адамдан ким калп айтты, кармайбыз.
Калпыстыкты отко салып талдайбыз.

Өкүм кандай, эшители асмандан:
күнөөсүзгө оңой андан качкан да».

Шаа чакыртты уулу менен зайыбын,
аныктоого экөөнүн тең айыбын:

«Экөөң мени салган үчүн кайгыга –
жаным тынат ачылган соң айбыңар.

Күнөөкөр ким, – от аныктайт чукулда,
каргыш тарап тукумунан тукумга».

Судаба дейт: «Эң чоң күнөөм болгону –
эгиздерди өлүү тууп койгонум.

Кайталаймын, жыксаң жыккын айыпка.
Мындан да оор күнөө жокпу жарыкта!

Текшерт уулуң, күнөөсү бар канчалык,
сезбей турат өз күнөөсүн анчалык».

Шах уулуна собол салды эң кооптуу:
«Не демексиң, тургандарга бер жоопту!»

Анын жообу көз ирмебей шар болду:
«Тозок деген жеккөрсөм да тар жолду,

өтөм тоодон өрттү кечип, шерт болсун!
өталбасам, ар-намысым мерт болсун!»

Сиявуштун жалын отту жарып чыкканы

Эки тоого асма түрдө жыйылган
эсеби жок отун эле кыйылган.

Ортосунда кысылган кууш бир аттам,
жол бар жалгыз өтө турган бир атчан.

Каарданган Кавус таксыр буюрду,
отундарга май жабыла куюлду.

Кызмат кылчу эки жүз кул жайнаган
от тутантты коюу түндү аймаган.

Шахзада түз элге чыкты жаркылдай,
башка кийген туулгасы бар алтындан.

Минген аты кара күлүк серпилген,
данкандары айга ыргып кертилген.

Кийгени ак, жигердүү ал мындайда
эстүү жан го ишенимдүү жылмайды.

Өнөбоюн чылап камфар майына
ишенимдүү турду ишке камына.

Алдыда өрт, бирок ачык кабагы,
жан соо калып, бейиштен төр табабы!?

Шарт аттанып, бурду дагы жүгөндү,
атасына ызаат менен жүгүндү.

Кавус өңү уялгандан албырды,
кеп айтарда, тике карап алгырды.

Уулу айтты: «Өкүнбөгүн жалганда,
өмүр көчү боло берет аргандай.

Уят, шек ой камыктырып жанымды
жеген үчүн коргойм намыс, арымды.

Күнөөм болсо, кудай сөзсүз жазалайт,
күнөөкөрдөн жерди ошентип тазалайт».

Өрт кыпкызыл курчап турса дал-далды,
өрттү беттеп жаратканга жалбарды:

«Шарт бер мага өрттү жарып чыгайын,
кылбас үчүн атам шек ой ылайым!»

Ырайымдуу боло көр деп Теңирди,
куюндаган аргымагын теминди.

Чуулдашты турган эл дар үйүлө,
эл менен бир санаа чекти дүнүйө.

Каардуу аалам тиктеп турду Кавуска,
болгон ишке бералбаган калыс баа.

Тиришумдук асманда өрт өрүлгөн,
тирүү жан жок ортосунда көрүнгөн.

Ыйлап турду шерди күтүп айлана:
«Көрөбүзбү, – дешип – аман кайра даа?»

Күнөөсү жок дилин таза жандырып,
чыкты өрттөн күлүп-жайнап албырып.

Жалын оттон тапты экен ык кандай,
жарык жүзү – өрттү жарып чыккандай.

Тоодой оттон болбоптур деп бүлүндү, –
аны көргөн эл да дуулап сүйүндү.

Кубаттады иш ооду деп оңуна,
курчап турган кичинеси, чоңу да.

Бул окуя ооздон оозго тарады,
ак жеңди деп акырында караны.

Күнөөсүз шер келди шахтын алдына:
күйүп кетер болсо тирүү жан мына!

Ээрден көчүк копшогондо падыша,
чоролору аттан түштү жарыша.

Өкүмдардын буту турган тебелеп
жерди өптү а Сиявуш чөгөлөп.

Таксыр уулун эркелетти: «Каралдым,
дили таза эр-азамат жаралдың».

Кучагына уулун кысып, уялып,
өткөн иштен кечирим да суранып,

алып барып шахсарайга ашыга,
жаңы таажы ыроолоду башына.

Ырчы, жуукур баарын тойго жыйнады
өкүмдар шаа уулуна сый кылганы.

Υч күн бою тойлоп, чардап жатышты
кенч сактаган сандыктарын ачышты.

Сиявуш атасынан Судабага ырайым сураганы
Өкүмдар шаа каарданып кагынган
суз олтурду кооздолгон тагында.

Заары кайнап, ачуу басып мыйыгын,
эскерткени катынынын кылыгын:

«Эй, шерменде, жаап жалган жалааны,
үйдүң башка капкайдагы балааны.

Чечимим бул: сага өлүм шардана,
моюнуңдан илет жасоол даргага!»

Жасоолдорун чакырды да астыга
буюрду ал: «Көчө жакка аскыла!»

Кавустан тек уулу турду өтүнүп:
«Жанын кыйып, калба кийин өкүнүп.

Мен үчүн бир кечир муну, толгонбо.
Ушундан соң түшөр балким оң жолго».

Кавус кургур сүйгөн үчүн зайыбын
тез кечирди, бардык кылган айыбын.

«Дили таза уулум үчүн арачы
кечиремин». Тарап кетти заар ачуу.

Атасынын тагынан өөп жүгүндү,
Судабанын аркасынан жүгүрдү.

Шаа алдына шахайымды апкелди,
өкүмдар да катуу каарын бат жеңди…

Өйдө-ылдый көп өтпөстөн тирилик,
эрди-катын ортолору биригип,

Судабасын мурдагыдай жактырган,
сүйдү Кавус жанын бөлөп бактыга.

А шахайым дайым шайтан айдаган
арам ишке эрин түрттү кайрадан!

Мурдагылар ырбап кайта көңүлдө,
арам ойлор кетпейт уулу жөнүндө.

Кавустун Афрасиабдын чабуулу жөнүндө эшиткени
Капысынан калаа эли дүрбөгөн
кабар жетти шаага дене «дүр» деген.

Афрасиаб келди дешти. Чубалган
аскери бар жүз миң түрктөн куралган.

Жүрөктөгү сүйүүсүн шах баштагы
согуш үчүн четке кагып таштады.

Журт башынын турду калкы жыйналган
Иран үчүн жанын даяр кыйганга.

«Басып кирген биздин бейпил жергеге,
туран-шахтан коркот элек эмнеге?

Жел, өрт, топон кылса аны кудайым,
жер менен бир жексен кылам ылайым!

Каршылашса, тез артына жапырам!
Күн түн болот. Күлүн көккө сапырам!» –

деди Кавус. Анда көсөм бараандуу:
«Сенден башка жокпу жоого жарамдуу?

Душман көзү байлыгында Ирандын,
аны коргоо – сага милдет, тил алгын!

Эки жолу сен жаңылып: душманың
тагыңды алып койгон. Кара, туш жагың!

Кастын мизин кайтаргыдай эң өткүр,
калабага татыктуу эр жөнөткүн».

Анда Кавус: «Эл ичинде байкалар
эр көрүнбөйт, кастын мизин кайтарар.

Душманымды таманыма тебелер,
өзүм турам – толкун жирер кемедей».

Сиявуштун уйгу-туйгу жүрөгү,
үнсүз четте, ой баскандан жүдөдү.

«Атам менен тил табышсам эгерим,
канмайданга уруксатын береби?

Кудай өгөй энеден да куткарат,
а атакем арам ойсуз уктамак.

Майтаралсам душман мизин жана да,
мага келмек чындап даңктуу даңаза».

Атасына келип оор басыктуу:
«Канмайданга өзүм – деди, – татыктуу.

Мен даярмын туран-шахка казатка,
аскеринин башын салар азапка».

Алдын ала сезди таксыр кандими,
Туран[11] үчүн берет уулу жандилин!

Шахзадага берди Кавус уруксат.
Өч алууга шер камданды, кур уучтап.

Шаа чакыртып айбаты курч Рүстөмдү
катуу мактап: «Пилге жасар үстөмдүк

кубатың бар. Айкөлдүгүң көрүнгөн
сага жетпейт – Нил дайра да төгүлгөн.

Уулум келди согушка курч кайраты,
кебин уксам, арстандай айбаты.

«Душманга түз чабуул жасайм – деп, – турат!»
Сен бол ага калканыч да, бек кубат.

Уктабасаң, – уктайм жүрбөй санаа жеп,
уктап калсаң, – уктабаймын балаа көп».

«О падышам! – деди Рүстөм, – мунуңду
аткарууга дайым даяр кулуңмун.

Карегимдей Сиявуш эң ынагым,
а таажысы – күйүп турган чырагым».

Сиявуштун жоокер башы болушу
Ачты Кавус казынасын өлкөнүн
жоокерлердин өстүрүүгө өркөнүн.

Кыргын салма бүт тандалма атчандар,
он эки миң жалаң кыраан, чапчаң да.

Шахтан экмет: «Максатыңар, антыңар
аткарылып, бийиктесин даңкыңар!

Кайда багып жүрбөгүлө: жол болсун,
каршылашкан душманыңар кордолсун!

Аттангыла, байсал болсун жолуңар,

каалаганым – кайтсын аман тобуңар!»

Ыйлап Кавус узатарда баласын
бир күн бою жолдо жүрдү чамасы.

Кыса тартып бирин-бири жан этке,
жаш ордуна кан айланды каректе.

Коштошордо жаш көнөктөп төгүлдү,
ата-бала түбөлүккө бөлүндү.

Сезди муну кургур жүрөк кардыга,
көз көрүшүү болбостугун алдыда…

Кавус кайтты бейпил жаткан айылга,
а Сиявуш өскөн журту Забулга[12].

Шахзаданы зор кошуунду башкарган
Рүстөм алып келди дароо Дастанга.

Заль[13] төрүндө көрүп сыйды, кызыкты
Сиявуш шер шарап татып, ыр укту.

Шахтай кээде жаны жыргап мамыкта,
жатат кээде ууга чыгып камышта.

Бир айдан соң уулу менен Дастан да
кош айтышты. Жоого аттануу башталды.

Мерверудга[14] жеткен кезде акыры
талый түштү шахзаданын такымы.

Жетти Балхка[15]. Көрдү элинин дилин да,
эч бир жанга тийгизген жок тилин да.

Бул учурда күтүп жаткан дал-далды
аскерлери Гарсиваздын, Бармандын.

Аркасында Сипахрам бар каарданган,
Сиявуштун жайын угуп жаалданган.

«Бүт тандалып чыккан жоого Ирандан
жалаңдап курч экен – дешти, – кыраандар».

Канмайданга чыкты дароо каршылаш
аргасыздан эр көкүрөк Гарсиваз.

Υч күн бою душман эки тапталды,
Сиявуш шер кубалатты аттарды.

Жөө аскерге тороттуруп жолдорду,
Балх алдында салгылашуу оор болду.

Сипахрамды жакын кырсык шаштырды,
бүт жоокерин дарыядан аштырды.

Гарсивазга абал улам кыйындап,
жетип барды туран-шахка куюндап.

Шаа алдында айныгандай акылдан:
«Сиявуш жоо кырып бизди жакындан…

Түмөндөгөн аскер толо кайраттуу,
четибизден Рүстөм кошо кыйратты!»

Муну укканда каны тээп жаагына,
каарданды Афрасиаб баарына.

Гарсивазды жеп ийчүдөй карады,
колдонууга таппай катуу чараны.

Кууп аны. Каргап-шилеп тагдырды,
ачууланып бийлигинен айрылды.

Даңктууларды чакыртып ал миңдеген,
той жасады жууп көөнүн кирдеген.

«Согдиана[16] жерин кооздоп уюлдуу,
бейиш төрү кылгыла» деп буюрду.

Уялгандан күн өткөрөт той менен,
өкүмдарда жок эч жаркын ой деген.

Афрасиаб жатат онтоп кечинде
оодарылып, көз ирмебей, чечинбей.

Афрасиаб коркунучтуу түш көрөт
Түн жарымы, жанып али шамчырак,
безгек жандай боюн басып калтырак

Афрасиаб оонап, тиши кычырап,
жаздыгында жатат алсыз, ысылап.

Онтогондон, бакыргандан далайга
ойгонушту дүрбөп, коркуп малайлар.

Гарсивазга болгон ишти калтырбай
кызматчылар айтып берди алтургай.

Ал чочулап туран-шаага жүгүрдү,
оонап жаткан жанга көңүл үйүрдү.

Өкүмдарга кайрылды ал: «Таксырым,
эмне болду, айтып берчи нак сырың?»

Афрасиаб жооп узатты санаалуу:
«Көрбөгүлө мындай түштү, балаа бу!

Чөл бетинде жылан толо ар ызгып,
көктө – шумкар, а жер жүзү чаңызгып

өлкөбүздүн туусун жерге жапырып,
асман – шамал, булутка чаң сапырып.

Жайык толо селдей кандын агымы
топон суудай каптап сарай, тагымы.

Найза сунуп жүз миң жоокер аттана
жоого камдуу, кийимдери капкара.

Шапа-шупа салып мага кишенди,
чаңга көмүп, көрүшпөдү киши өңдүү.

Бир чериги алып барды Кавуска,
өмүр бою муну унутпайм, намыс маа…

Такты көрдүм, ээлеп тээ Ай чөлкөмүн:
такта – Кавус, ээси делген өлкөнүн.

Отурат жаш бир шер Кавус жанында,
ооматы зор боло турган анын да.

Он төрт жылдан ашык эмес убакта
көздөрүнөн анын жалын бубактап,

жанып турат – сезим менен жаалдуу,
булуттардай күр-шар этип каардуу.

Маңдайында турсам анын сүрдүгүп,
кылыч менен чапты экиге бүлдүрүп.

Чыдатпаган оорум дене ойгондо,
өз үнүмдөн өзүм чочуп ойгонгом».

А Гарсиваз: «Эмне көрсөң түшүңдөн –
адамдар бар маанисине түшүнгөн.

Ошолорду таап жорутуп көрөлү,
жаңылбаган ким бар – илим жөлөгү».

Афрасиаб олуяларга түш жорутканы
Атборойдун арбир алыс жеринен
жана дагы шахсарайдын төрүнөн,

түш жорууга көп олуя келделе,
билсек дешти шаа чакыртты эмнеге.

Шаа таратты чексиз алтын жалтырак
көсөмдөргө: коркпош үчүн калтырап.

Түш жөнүндө жөрөлгөнү угушту,
түш оор үчүн ооз ачалбай турушту.

Капысынан бирөө айтты чочулап,
жансооганы шахтан сурап чокулап:

«Чындыкты айтсам, болсун бирок келишим.
Керек алды кепилдик да беришиң.

Убадаңды бер эң мурда толгонбой,
мен жоруюн болгон ишти болгондой».

«Эмне десең, сен айтканды кылайын,
болот – деди туран-шахы, – ырайым».

«О падышам! – деди, – ыйык атыңдан,
жашырбайын түштө не сыр катылган.

Сиявушка каршы чыксаң майданга,
анда күч чоң – жергеңе кан жайганга.

Бир жоокериң тирүү калбай казатта,
а башыңды салат анык азапка.

Сиявушту жеңем десең эгерде,
өзүң дагы жер таппайсың кирерге».

Ойдолоктоп согушууга шашканы –
жарабасын шах да туя баштады…

Гарсивазга угузду анан жарлыгын:
«Сиявушка эч токтоосуз баргының.

Кошуун аскер ал эки жүз топтолгон,
жолдо катар эчбир жерге токтолбо.

Сиявушту белек менен кубандыр,
жаксын ага ар белеги Турандын.

Алтын миздүү индий кылыч тараткын
жана күлүк жылкыларын араптын.

Килемдерди жүздөп жүктөт келбеттүү,
алтын таажы, толо жеткир берметти.

Акча, кымкап, кул, күңдөрдү кошкунуң,
айт согушка көңүлүмдүн коштугун».

Гарсиваздын Сиявушка келгени
«Өлүм жок эч Гарсиваздай элчиге» –
дейт Сиявуш, эшик тоскон жарчыга.

Тагдыр берип тургандыктан таамай баа,
чабарманды тосту жакшы маанайда.

Жеңилүүнү алып элчи моюнга
бет кызарып, турду коркуп – оюнда.

Шахзада да Гарсивазга үңүлө:
«Көчүк баскын – деди, – тактын түбүнө».

Кабак түйүп, жайын сурап Турандын
тургандыктан: элчи буга кубанды.

Жооп узаткан элчи муну жактырды,
так, таажылуу айкөл мүнөз таксырды.

«Афрасиаб сизди даңктап жигердүү,
мен аркылуу тартуу берип жиберди».

Маашырланып түрдүү байлык, асылды
Сиявушка көрсөтүүгө шашылды.

Калаадагы дарбазадан кезексиз
белек келди Туран жактан эсепсиз.

Бул тартууга болуп көөнү жайма жай,
Гарсивазга калды каары кайнабай.

Рүстөм анан: «Көңүл ачып жат дагы,
жооп ал элчи – деди, – күтүп аптаны.»

Баатырдын шар эреркеп бул кебине,
элчи батпай турду өзүнүн терине.

Элчи жайга төшөтүп кооз килемден,
малай менен ашпозчусун жиберген…

Рүстөм менен шахзада эл көзүнчө
сүйлөшпөстөн, кетти четтеп өзүнчө.

Кандим жанга шахзада кеп узатты:
«Душман бизге салган жокпу тузакты?

Касташкандар жөнөтүптүр чабарман,
тынчтык күткөн кандай дейсиң алардан?

Кулдан эмес, жүз тууганын тандайбы,
жиберишсин, барымтада кармайлы.

Ниеттери так ошондо билинет,
тууган үчүн жүрөктөрү тилинет.

Чындап алар элдешүүнү тилесе,
чыңайт эле ишенимди биресе.

Болсо муну душман тарап жактырар –
мен атама кабарчыны чаптырам.

Таразалап чабармандын кабарын,
атакем да түйбөс каардуу кабагын».

Рүстөм айтты: «Баракелди, ынанам.
Мунсуз болбойт келишимди чыңаган».

Сиявуштун Афрасиабга койгон тынчтык келишими
Барчасына жалаң алтын жаланган
ойгонгон соң эртең менен чабарман,

этеги жер чийип тактын алдында,
шахзадага даңк жаадырды ал мында.

«Чоролордун арасында чуру-чуу
кандай жаттың, жайбы уктап турушуң?» –

деп шахзада андан аркы кебинде:
«Көп ойлондум сенин жайың жөнүндө.

Рүстөм менен келдим мындай бүтүмгө, –
жашайлы тынч душмандай кек күтүнбөй.

Өз шахыңа мындай деп кат жолдогун:
«Жүрөк зилдеп, эч кабатыр болбогун.

Бышык болсун үчүн ачык келишим,
жүз кандашың керек бизге беришиң.

Кимди тааныйт, ысмын атайт эң өткүр
биздин Рүстөм, ошолорду жөнөткүн.

Барымтага баарын берүү – эркиңен,
буга барсаң, бек ишенем шертиңе.

Кайсыл шаарда ээ болсоң конушка,
бизге өтсүн. Токтойт анан согуш да.

Сен чегинсең биротоло Ирандан,
тынчтык орнойт жүрөгүңдө, Туранда.

Бул кат жетип атам Кавус колуна
көнсө гана кайтат аскер тобу да».

А Гарсиваз калбагын деп куюндан
ошол замат чабарманга буюрган:

«Күн-түн дебей мейли уйкусуз калгының,
Афрасиабга октой сызып баргының!

Гарсивазды келет дегин жакында,
шерди ынантты ынтымакка, акылга.

Жакындарың барымтага бербесең –
шахзаданын ниети жок де элдешер».

Афрасиабга дароо сызып чабарман
чып-чыргасыз жеткирген соң кабарды ал:

Шаа жыйнады кыйылбай жүз кандашын –
ысмын атап, Рүстөм кимди тандасын.

Жакындарын Иран көздөй узатты,
белек кошуп, билдирер зор ызаатты.

Самарканд, Чач шаарга койбой тосотту,
Согд, Бухара, Сепинжабды бошотту.

Ганга сүрдү бүт жоокерин ал тургай:
жүрөгүнө эч арам ой калтырбай.

Сиявуш Рүстөмдү Кавуска жөнөткөнү
Пил сөөгүнөн таажысы да, тактысы
шахзаданын зор сезилди бактысы.

«Кайсы эр жүрөк бүгүн жолго аттанат?
атакемдин тилин ошол бат табат…»

Рүстөм айтты: «Шаа сүрүнөн тартынбай,
кимиси сөз жеткиралат калтырбай?

Шахка аалы бет келалбас түмөндөр,
мен сызайын, көп ой ага күмөндөр.

Өзүң үчүн аянбаймын жанымды,
бул сапар да ойлойм сенин камыңды».

Эр Рүстөмдүн кебин колдоп шер эми,
тээ байыркы элчилерге теңеди.

Ошондон соң бесиринен алыска
буйрук берип, кат жолдотту Кавуска:

«Аскер күчүм Балхка жетти көктөмдө,
тагдырымда жок себеп: көөн чөккөнгө.

Кас душманга көргөзүп күч, айбатты,
тунук суусун бир заматта чаңдаттык.

Тартууланып күңдөр сулуу алдыма,
биртууганы келди үнү кардыга.

Афрасиаб шахы сурап кечирим,
таажысын саа берүүчүдөй чечими.

Жүз тууганы барымтада колумда,
Рүстөм барса, өтүнүчүм орунда:

Душманыңа кыл атаке, ырайым,
айкөлдүгүң ошол сенин ылайым».

Атагы зор акбар шахтын кашында,
чоюн дене турду өткүр ашынган.

Күтүүсүздөн келген анын жайы бул:
Сиявуштун айтып бүткүл дайынын.

Ийгиликтин жөнүн айтып мактанып,
шахка берди чөнтөгүнөн катты алып.

Катты окутуп атакеси бесирден,
каарданды: «Уулум эмне эсирген!»

Көзү акшыйып Рүстөм шерге жаалданды:
«Түшүнүктүү, мейли, ал жаш – алданды.

Көптү көрүп, каныксаң да сен деген
наадансыңбы, оңдуу кеңеш бербеген!?

Мен тек гана аттанбадым согушка –
«Жаш жоокер бар» деген үчүн добуштар.

Коюнунда котур таш бар касыңар
тузак салса, жетпедиби – башыңар?!

Жүз түрк эмне, барымтада кармалган,
дайыны жок, теги кайсы сандалган.

Туугандары Афрасиаб чунактын
бекер берер суусу бекен булактын?”

Сиявушка жөнөтөрдө чабарман,
куу бирөөнү алдырбаган амалдан:

«Барасың да мен айткандай: от жагып,
чынжыр менен түрктөрүңдү бек таңып –

жоо тартуусун өрткө ыргытпай койбойсуң,
бир күкүмүн алып калсаң, оңбойсуң!

А кулдарын тийгиз колго. Баштарын
шарт кыямын, кыбам канат, шашпагын!

Афрасиабдын изинен кууп алгының,
сарайына жеңиш менен баргының.

Канмайданда сен тебелеп өргөсүн,
туран-шахы уйку бетин көрбөсүн».

«О эл башы, – деди Рүстөм кабылан, –
мынча ташбоор болбосоңчу абыдан.

Кулак салчы, урматтуу шах, кебиме:
ай-ааламдын ээси болдуң жерине!

Өзүң айтып: «Кан төгүүгө шашпагын,
душман согуш баштаар болсо баштагын.

Адегенде чыдап ачууң бас, – дедиң, –
кол салмайын Афрасиаб аскери».

Ашыкпадык, согуш оту жангыча.
Жоо суранды, тынчтык жолун ангыча.

Келишимди бузар ишке барбагын,
анда шахым, чоң уятка калганың.

Сиявуштун шертин бузуп, курутпа.
Анда нарктан айрылабыз, унутпа!

Чындык турса, калпка ишенбе калкыган.
Уулуң дагы кайтпайт берген антынан».

Кавус Рүстөмдү Систанга[17] жөнөткөнү
Бул кабарга заары көздөн жалтылдап,
каарданган Кавус турду калчылдап.

Ал өкүрдү: «Казаттагы жүрүштө
Сиявушту сенсиң түрткөн бул ишке!

Кур намысты кулагына куйгансың,
жүрөгүнөн кек тамырын кыйгансың.

Самаганың тынчтык сенин болгону,
колдон сууртуп өлкөгө зор олжону.

Балхка азыр жөнөтөм нак эренди,
кат жолдотуп, аткарар мен дегенди.

Же согуштун муратына жетпесе,
же бир тилим өз балама өтпөсө,

кылган үчүн о, ал мындай жосунду,
кайтсын артка! Тус башкарат кошуунду.

Буйругумду аткарбаган неменин –
мөртү келсе, өз жазасын беремин!

А сен, кош бол, мындан ары эмесе,
жок ортодо – аласа да, бересе».

Рүстөм шердин тургандыктан жаны ачып:
«Кечир, асман, жүрүптүрмүн адашып.

Рүстөм коркок, а Тус болсо кабылан –
жер үстүндө айрылыпмын арыман» –

деп шер сыртка чыгып таппай айланы,
тышынан суз, ичтен жаалы кайнады.

Чоюн дене – көкүрөгү сыздаган,
Систан көздөй кылчайбастан сызды анан.

Шах чакыртып дароо Тусту ашыга,
буйрук кылды: «Баргын кошуун башына!»

Кавустун Сиявушка жөнөткөн жообу
Каардуу жаагер чакырттырып катчыны,
отургузду кыр жагына тактынын.

Кат мааниси баштан аяк үзүлбөй,
жалаңдаган айбалтанын мизиндей.

Адегенде жалынычын арнады
жаратканга. Мындай анан ар жагы:

«Балам, эсен жүргөндүрсүң кайгырбай,
алтын таажы, алтын тактан айрылбай!

Барымтага түшкөндөрдү ордомо –
кишен сал да, жөнөт келсин жорголоп.

Менден тынчтык келишимин самаба,
эркимден баш тартыңбы, кет садага!

Согуш эмес, коюнунда күңдөрдүн
артык көрсөң керек кумар сүргөндү.

Таажы тартуу болгон үчүн касыңдан:
согуш деген ой жок көңдөй башыңда.

Биз билгенден: жылдыз төлгө баалады –
бул дүйнөдө талкаланат таалайың.

Жетсең эгер даражалуу баркыма –
жик кетмекпи, ата-бала салтына!

Аскериңди Туска өткөрүп, келгиниң.
Канмайданга жетпеген соң эрдигиң!»

Сөзү уудай кат колуна тийгенде,
шахтын уулу өттү кабак түйгөнгө.

Кавус, согуш жана түрктөр жөнүндө
чечим таппай, ой-санаага чөмүлдү.

Түрк-шахынын жүз тууганын аяды:
«Эмне менен бүтөт иштин аягы?

Асыл жандар дидарлары туптунук
өкүмдарга жеткирилсе, туттугуп –

ошол замат жансоогого карабай,
асат дарга, чыдап турат араң ал.

Жараткандан кантип сурайм кечирим?
Атам үчүн аттайм тозок эшигин!

Түрктөр менен шылтоосу жок камдана
согуш баштап ийер болсом, анда да –

жараткандан күткөн болбойт ырайым,
каргышына калам элдин ылайым!

А эгерде кошуунумду тапшырып
Тус колуна, – үйгө кайтсам, жакшылык

атам кылбас. Зулум болор ал мага.
Жол жок: оңго, солго, артка, алга да!»

Сиявуш, Бахрам, Занганын кеңешүүсү
Көп ичинен кеңешүүгө тандады
ишенимдүү Бахрамды, Занганы.

Сыр бөлүшөр каалабай ал башканы,
жаап-жашырган кебин мындай баштады:

«Кутулалбас шор бактым бар адамдык:
туш-тушуман курчап келди жамандык!

Биз жек көрүп туруп ишти жүйөсүз,
элдин канын төгөбүзбү күнөөсүз?

Көздөгөнүм атакеме жакпады,
керек экен таарынычын аткаруум:

Себеби жок бузуп кайта шертимди,
кас душманын кылуум зарыл мертинди.

О, эгерде келбей тозок жерине,
туулбастан туна чөксөм эмине!

Тирүүлүктө арылбастан баш оорум:
дагы канча уусун татам жашоонун!

Мен өзүмө шахтын көзү көрбөгөн,
жай табуум оң, жер үстүнөн өлбөгөн.

Кайраттуусуң Занга, уккун бир кепти,
тапшырамын сага жооптуу милдетти:

Афрасиабга жөнөгөнүң ылайык,
азыр тездеп, уйкуң эстен чыгарып.

Тартуулардын баарын жеткир, турбагын,
так, таажысын, туугандарын, кулдарын,

белектерди өз колуна кайрыгын,
биз жөнүндө айткын иштин бардыгын».

Жапжаш али Бахрамга андан соң:
«О черигим, саа ишеним абдан чоң!

Пил, добулбас, чамгаракты тапшырам,
кошуун баштап, отургунуң тактыда.

Аскер башы Тус келгиче бул жерге,
кошуун тарап кетүүсүнө жол бербе.

Тапшыр ага түгөл аскер, мүлктөрдү,
айтканым кыл, бир оор милдет жүктөлдү».

Жүрөк сыздап, Бахрам түйүп кабагын,
шахзаданын сезди эң оор абалын.

Жашын төгүп кургур Занга удаама,
кайгырып ал, каргаганы – Судаба.

Экөө бирдей тартып кайгы-санаасын
Сиявуштун тең бөлүштү жарасын.

Коштошордо экөө ыйлап шолоктоп,
өзөктөн өрт жанып турду чок-от жок:

“Биз – Сиявуш, сени эчкачан сатпайбыз,
биз сен үчүн тозок отун аттайбыз.

Өмүр бою бекем ушул убада!» –
деди Занга. Шахзада жооп улады:

«Ыраазымын, анда сен да ашыга
билдиргиниң туран-аскер башына:

«Ушул экен маңдайыма жазганы, –
тынчтык десем, тагдыр согуш жаскады.

Сен бал сундуң мага тынчтык курганы,
а таалайым уу ичирип турганы.

Бирок антка бекмин каным-жанымдан,
айрылсам да таажым менен тагымдан.

Жараткандан калбаса эле жер короп,
таажым – асман, тагым – кара жер болот.

Бурч бер мага ишенимдүү ордоңон,
баана тутуп, өз башымды коргогон.

Жай таап жашоо сүргүм келет өлбөгөн,
өмүр бою Кавус көзүн көрбөгөн».

Афрасиабга Занганын жөнөгөнү
Түзөң жолго чыкты Занга сандалган
жүз түрк менен барымтада кармалган. 

Гарсиваздан жеткирилген алтургай
тартууларды бермек милдет калтырбай.

Көрүп анын капыс мында келгенин –
коркунучтар пайда болду элдеги.

Занга буту аттаганда өргөнү,
тактан турду туран-шахы төрдөгү.

Эл чегеси тийгизишип көкүрөк,
мейманына төргө өт деп өтүнөт.

Занга шахка катты сунуп, толгонбой
баяндады болгон ишти болгондой.

Катты окуп, Туран-шах жок үндөгөн,
ой ордунда эмес, жүрөк – дүрбөлөң.

«Бесир мында тез келсин» деп буюруп,
турду сөзү ирети жок чубуруп:

«Жөнөтүпсүң кыраакы жан Занганы,
маа жолдонгон катты жаңы алганым.

Өкүнүчтүү, падышасы элиңдин
сага бүркүп турса ачуу кегин бир.

Урмат кылат сага Туран ардайым,
менин дагы кубатымсың, ардагым.

Ата көрсөң: эгер мени таянар,
балам болгун, эч нерсем жок аянар.

Ант беремин, арнап сага жүрөгүм –
атаңдан да артык көрүп сүйөмүн!

Жыйнап келген байлыгымды көптөгөн
тагым менен өз колуңа өткөрөм.

Менин калып биротоло калкымда,
түбөлүккө туягым бол артымда».

Туран-шахы мөөр басып кат соңуна:
«Тапшыр, – деди – айкөлдүн өз колуна».

Кайтаарында алкап улам Занганы
алтын, күмүш белектерин арнады.

Жаап чапан, ат мингизди алкынган,
ээр токуму, тердиги да алтындан.

Занга келип, кебин төкпөй улады,
эмне көрүп, эмне укса кулагы.

Сиявуш шер кош сезимде олтурду,
кубанычтан кайгысы да толкундуу.

Жадалдаштан достук күтсө болобу?
Жалын оттон муздак шамал согобу?

Жакшылыкты канча күтпө оюңда,
кастын дайым котур ташы коюнда.

Сиявуш Бахрамга аскерин өткөргөнү
Эч калтырбай катка шыкап кабарды ал,
атасына жөнөткөнү чабарман:

«Акыл эмне, бала кезден аңдадым,
жек көргөндөн: уят ишке барбадым.

Сенин билип өкүмдарлык каарыңды,
өстүм катып көөдөндө өрт жаалымды.

Жаралантып жүрөгүмдү оңбогон,
кызөргөгө адеп өзүң зордогон.

Ырайымсыз өрт да кечтим аскадан,
көз жаш төктү мага сенден башкалар.

Арам үчүн ажыдаардай чеңгелиң,
качып андан, канмайданга келгемин.

Тынчтык, бакыт эки өлкөгө орнотком,
а сен канкор, согуш дейсиң шорлоткон.

Көөдөнүңдө мага кегиң жуурулган,
кечтим депсиң, кечкин мейли уулуңдан!»

«Бахрам, – деди, – өзүңдү өзүң таптагын,
ысымыңды ай-ааламга даңктагын.

Чамгарактын, куралдардын, мүлктөрдүн,
так, таажынын милдетин саа жүктөймүн.

Баш-көз болуп бүтүн кошуун тобуна,
өткөр толук Тус келгенде колуна.

Тапшыр түгөл байлык толо бардыгын,
жүрөгүң ак, шерик болсун тагдырың».

Анан үч жүз жапжаш, атчан кыраанды
санап бирден өз жагына чыгарды.

Баары өткүр Сиявушка санаалаш,
таазимдери: «Саа садага кара баш!»

А күн артын салып бирок аларга,
жер бети сууп, караңгылык жабаарда

достор менен багыт алган Жейхунга[18]
Сиявуштун көзжашы көл дей турган!

Бул учурда Балхка келип калган Тус
кабар укту, күтүлбөгөн абдан суз:

Шах тукуму каалабаса согушту –
Туран эми ага паана конушпу?

Тус жыйнатып дароо түмөн аскерди,
сарайына Кавус шахтын апкелди.

А Кей-Кавус угуп муну озондоп
ыйлап ийди, муун-жүнү бошоңдоп.

Боздойт күндө ал өзүнчө тилденип,
Туран-шахка, уулуна да жинденип.

Афрасиаб билди: тандап жергени
Жуйхун жакка Сиявуш шер келгенин.

Жол тосууга султандарын таптырып:
«Келишсин, – дейт – чоор-сурнайды тарттырып».

Кабарды айткан аскерлерин кубантты,
аянтка төрт пилди атайы чыгартты.

Көрсөң мында: аскер сабын көрк бөлгөн,
асман өзү тизгендей жер көрктөлгөн!

А Сиявуш тиктеп аскер сабына,
жолун тосту чубалган эл жабыла.

Пил, жылкылар, шайдоот кыймыл чоролор
чоң кол башчы Пиранды жык орогон.

Сиявуш шарт боорго кысып Пиранды:
«Эсенби, – дейт – шаары, шахы Турандын?»

Шахзаданы өөп кол башчы маңдайдан,
кубангандан турду жүзү жангандай.

Элеп-желеп болуп анда эт-жүрөк,
жерге чөктү шердин бутун өпкүлөп.

Жолдо экөө бир-бирине төп келди,
кобурашып өйдө-ылдый өткөндү.

Шаар жаңыртып сурнай, чоорун тарткандар,
козголушту коңурукта жаткандар.

Сиявуштун көзүнөн жаш кылгырып,
ызаланды, көкүрөгү сыйрылып.

Көз алдында – журту Иран кашкаят,
иреңи суз, үшкүрүгү таш жарат.

Элесинде – өз мекени көрктөлүп,
а көөдөнү жалындады өрттөнүп.

Ала качат көзүн жандооч Пирандан,
ал да сезди: шерде барын зил-арман.

Киндик каны тамган жерден айрылуу –
Сиявушка билди кандай кайгылуу.

Пиран айтты: «Көп эстебе айлыңды,
Иранды эмес, таштап келдиң кайгыңды.

Афрасиаб сүйүүсүнөн качпагын,
не десе да, укпагының кастарын.

Сөздөр арбын анын даңкын булгаган,
ал нарктуу жан асыл сапат чулгаган.

Жеткирди ал зоболомо, бактыма,
берип мага аскер, байлык, такты да.

Анын баарын саа берүүгө дилгирмин,
орун-очок алсаң мында бир билгин.

Качан болсо кызматыңа даярмын,
пенде эмесмин сенден жанды аяр бир».

Шахзаданы тургандыктан бөпөлөп,
чөккөн көөнү калды бийик көкөлөп.

Бир-биринин пейилине көөндөнүп,
даам сызышты ата-бала өңдөнүп.

«Тургула» дээр ишаратты болтурбай,
жол улашты, өргүйлү деп олтурбай.

Биротоло Ганга жетип келишти,
дем алууга шахсарай го бейиштүү.

Сиявуштун Афрасиабга кездешүүсү
Сиявуштун келгендигин кулагы
угар замат Афрасиаб турабы:

Сыртка чуркап чыкты шашып, калдактап,
күткөндүктөн жүрөгүндө ардактап.

Жүгүргөнүн көрүп, о эл башчысы –
шахзаданын кете түштү шаштысы.

Өпкүлөп шах сол да, оң да көзүнөн,
кучактады артык жандай өзүнөн.

Афрасиаб: «Сага, мага белгилүү
алааматты көтөралбайт жер жүгү.

Согуш жокто – ортобузда кеңип жер,
сууну бирге ичет илбирс, эликтер.

Уруш дайым тынчсыздантып эки элди,
жоолаштырды коңшу эгиз мекенди.

Эл санаасы согуш болуп турганда,
а сен келдиң бейпилдикти курганга.

Бул жөрөлгө болгон эмес эзели!
Кан төгүлбөй, тынчтык сүрөр кез эми!

Туран – досуң[19]. Жашап дайым кал дагы,
эч капарсыз болгун анын ардагы.

Мындан ары көр мени өз атаңдай,
балам болуп жашайсың жок капаң да».

Коштоп кетти аны жапжаш шер кеби:
«О шах, бактың бөксөрбөсүн жердеги!

Кудай өзү мындай ишти бербеспи,
кырчылдашып келген жуп эл элдешти».

Кол алышкан экөөнө тең бап келди,
Афрасиаб шахзадага так берди.

Сиявушка карап мындай кеп алат:
«Катарыңда ким сага тең келалат?

Издөө салып кыдырсам да жер бетин,
даңтуулар жок сеникиндей келбети».

Мейманга үй тандалды жай, жан тынган,
ичи барча, жалатылган алтынга.

Шахзадага: «Унуткун да күйүттү,
жаша, – деди – ак өргөңдө үмүттүү.

Өз үйүм деп эркин-эмин сүр өмүр,
ишиңди кыл, каалагандай жүрөгүң».

Көзү чалды Сиявуштун: аксарай –
түндүгү тээ заңгыраган аскадай.

Барча салган көтөрүлдү тагына,
Эстүү жанын ойлор чулгап камыга.

Эл чегеси сыйга камдап чөөчөгүн,
Сиявушка чуркатыптыр нөөкөрүн.

Мейман менен шах дасторкон четинде,
күлкү жанат экөөнүн тең бетинде.

Шарап ичип айланганча баштары,
экөө күүгүм батмайынча шашпады.

Шахзада да кайтты кир жок көңүлдө,
мас болгонго: ой жок Иран жөнүндө…

Афрасиаб шахзадага арбалды,
уйкусу жок, шер сөзүнө таңгалды.

Көңүлдүүбү, көңүлсүзбү чайналган,
ой-санаасы Сиявушка байланган.

Унутканбы, сыр бөлүшөр жакынды?
Өзгөдөн да: Гарсивазды, Жахынды?

Бир да күн жок көрүнүшү жаңылган,
качан болсо Сиявуш бар жанында.

Санаалаш жан экөө бир жыл өткөрдү,
тең бөлүшүп бакыт же көөн чөккөндү.

Пиран Сиявушту өз кызына үйлөнткөнү
Сиявуш шер Пиран менен кадырлуу
баарлашып, кеч өткөрдү жагымдуу.

Пиран айтты: «Жолоочудай жолдогу
бүгүн мында, эртең кайда конгону

жүрмөк элең. Жакын сенин каныңдан
ким бар мында? Үлпөткө оң камынган.

Карындаш жок, иниң жок, же колуктуң –
чөпмүн деп бил боорундагы коруктун.

Иранды эңсей бербей жеңип түк ойду:
тапсаң кантет, татыктуу бир түгөйдү?

Кавус өлөт, – так, таажысы соңунда,
улуу Иран, баары калат колуңда.

Туран-шаасы өлсө калар артында
үч кызы бар, үч жылдыздай жаркылдаар.

Үч кызы бар Гарсиваздын белгилүү,
зайыбынын тээ байыркы жердиги.

А өзүмдүн төрт кызым бар, ардагым.
Кулдай кызмат кылган сага ардайым.

Келишимдүү кыздарымдын улуусу
Жарирамдай жок ааламдын сулуусу.

Макул көрсөң, берем кызым аянбай,
же колукту, же алгының малайга».

Сиявуштун раазы болуп дегени:
«Кандай дебе, өз балаңмын мен эми.

Таалими бар Жарира жан турганда –
жакшы эмеспи, мага турмуш курганга».

Бул кебинен экөөсү тең кайтпады,
Пиран кетти Гүлшахырга айтканы.

«Жарирабыз бакыт табар курагы,
Сиявушка үйлөнтсөк деп турамын.

Шахзада өз күйөө балаң болгону –
кандай дейсиң, анык үлпөт тойго бу?»

Гүлшахыр да бойго жетип буралган

кийинтти кооз кызын астырт уялган.

Жарирадан шахзада көз алалбай,
кубангандан турду жаны жай албай.

Сиявуш шер колуктуну алганы –
Кавусту да эч ойлонбой калганы.

Ал толтура күйүтүнөн арылды,
жер үстүндө далай күндөр жаңырды.

Зоболосу өсө берди кыраандын,
күндөн күнгө шах алдында Турандын.

Пиран Сиявушка шах кызы Фарангис жөнүндө айтканы
Сиявушка Пиран айтты калбааттуу:
«Эл чегеси болууң милдет ардактуу!

Өзүң мага күйөө бала болгону –
уйкум качып, дайым сен деп толгонуу.

Жарирам саа чоң таяныч болсо да,
сулуулугу көңүлүңө толсо да:

канча жакшы болсун мейли алганың,
өмүрүңдү өлкө ишине арнагын.

Фарангистин алдында жок келишкен
эчбир сулуу, гүлдөн артык дегизген.

Ажарлуу жан, олоң чачы өрүлгөн
башындагы таажысынан төгүлгөн.

Колун сура, шах аспиет кылбайбы.
Кабул, Кашмир көргөн эмес мындайды.

Шаага барсам жуучулукка, садага,
даражаңа даа кошулат даража.

Буйрук берсең, түшөмүн да арага,
шахка барам, намысыма карабай».

А Сиявуш: «Кайсы жолду ээрчибе:
кимдин күчү жетет кудай эркине?

Мен Иранга кайтпайм мүмкүн зарлаган,
Кавусту да көрбөйт көзүм кайрадан.

Көрбөйм мүмкүн: мен кайрадан алдыда
бирбоорумдай Рүстөм менен Залды да.

Көздөрүн эч көрбөйм баатыр ардагым:
Гив, Бахырам, Шапур жана Занганын!

Аргасызмын айрылууга кубанган –
эстутумдан. Очогум таап Турандан.

Мынча болду жуучулукту баштагын,
сырыбызды эчбир жанга ачпагын» –

деди дагы: күйүт өтүп жан эттен
үшкүрүнүп, жаш мөлт этти каректен!

Пиран минтти: «Дайым иши оңунда –
жүргөн жандын тагдырынын жолунда.

Ким кутулган жылдыздардан көктөгү?
Ал кааласа, – же каар, же мээр төккөнү».

Пирандын Афрасиабга жуучуга барганы
Шердин оюн билип Пиран оргуган
жуучулукка шарт аттанды ордунан.

Кубанычтуу шашып шахка барды да,
тепкич өйдө көтөрүлдү алдына.

Көрүп анын ойдолоктоп калганын,
Афрасиаб шаттанып сөз жалгады:

«Не каалайсың, кошуун башчым, угайын.
Кылыч, таажы, так эмеспи убайым?»

Шахка айтып турган көсөм кеңеши:
«Сен ааламдын – тирөөчү, эл эгеси!

Кеп айтамын Сиявуш шер жөнүндө,
кулак түрүп, түйсөң кантет көңүлгө.

Айтты мага: «Шахка өзүң баргының.
Азыркыдан кеңейтем жол айдыңын.

Бир кызың бар көңүлүмө төп келген,
ал сулууга баш кошууну эп көргөм.

Ээси болсо Фарангис дээр ысымдын,
эри болгум келет ошол кызыңдын».

Карегинен көздүн жашы бурчактап,
Афрасиаб оюн айтты кылчактап:

«Айткан мага: жылдыз төлгө салгандар, –
урпак көрсөм, башымда чоң арман бар.

Аскер, таажы, так, казына – тапканым,
аксарайым, өлкөм, шаарым капкалуу

кыйратылат неберемдин колунан,
колдоочум жок, мени жайрайт соңунан!

Өз неберем ээлеп өлкө, тагымды:
жер үстүнөн жексен кылат жанымды».

Анда Пиран: «О, Турандын башчысы,
ойлоп муну санаа тартпа, – жакшысы.

Сиявуштан таалим алса кай бала,
зээндүү чыгат, антип өзүң чайнаба.

Ыйык төрөм, төлгөчүнү укпагын.
Көрөгөч жан Сиявушка ыктагын.

Шондо иштин жакшы бүтүп аягы,
тагдырыңдын тийбейт ачуу таягы».

Афрасиаб чыкпай кары тилинен:
«Аңга түртчү эмес элең дилиңен…

Айтып турган оң бейм ушул кеңешиң,
жамандыктын тетир бурар жебесин».

Кеңеш айтып тургандыктан күйүмдүү,
шаа ыраазы. Султан ага жүгүндү.

Ошол замат бул кабарды эп билги,
шахзадага жетиналбай жеткирди.

Көпкө отурду экөө көңүл жаркытып,
ачуу турмуш үчүн шарап каркытып.

Сиявуш менен Фарангистин үлпөтү
Көктөгү күн бүлбүл жанат калкылдап,
алтын калкан сыяктанып жаркылдап.

Пиран дароо белин бекем курчанып,
атка камчы салды калбай тынч алып.

Сиявуштун келди чаап кашына,
даражасын улам мактап ашыра.

«Даярдангын, – деди кетип шаштысы, –
астанаңды аттайт көрктүү шах кызы!»

Ыңгайсыздан шахзаданын беттери
кызарса да, жерге кирип кетпеди.

Пиран – досу, Пиран ага – кайната!
жетип араң күйөө бала кайраты:

«Үлпөт ишин өзүң, – деди – камдагын,
сен билесиң, бардык сырым, арманым».

Пиран дагы көпкө карап турбады,
даярдыкты көрүп жаны тынбады.

Ал тандады кыздын көрктөөр келбетин:
кытай барча, берметтердин берметин.

Сөйкө, баргек[20], зумурут – кооз тешиги,
а таажыдан жаркылдаган экини.

Кооз кездеме, кооз жибек төшөктөр,
баасы барпы килем, көйнөк-көчөктөр…

Ар малайда жүргөн алтын чөйчөктү
укмуштай кооз – жер үстүнөн көрсөкчү!

Үч жүз малай – кийми алтын жаланган.
Жүз мейман бар – жакын тууган саналган.

Айдай жарк деп чыкты жапжаш Фарангис,
Сиявуштан башка жан даап баралгыс.

Ар көз ирмем, үлпөт өтүп көңүлдүү,
бир-биринин сүйүүсүнө чөмүлдү.

Афрасиаб өлкөнүн бир бөлүгүн Сиявушка башкартканы
Даа бир жума өтүп өтпөй болгону,
кайнатасы жөнөттү чоң олжону.

Күтүүсүздөн келди зуулдап чабарман,
«Угуп ал, – деп – сага жакшы кабар бар:

Даңазалуу шахтын сага барманы[21]:
«Күйөө балам айкөл, мээрман ардагым.

Кытай, Туран ортосунда бөлүгүн
сен башкаргын каалагандай көңүлүң.

Уч кыйрына көзүң салып кеңири,
бейпил жашар шаарды танда эң ири.

Жашай бергин көөнүң сүйгөн калаада,
бакыт бөлөп, эч чөмүлбөй санаага!»

Сиявушка кабар болду жагымдуу,
сурнай үнү туш-тушунан жаңырды.

Буйрук берип, аскер тизип катарга,
так, таажы, мүлк жүктөп чыкты сапарга.

Фарангисте – чүмбөт замбил. Калганы
арабачан чоң кошуунду жандады.

Султандардын көңүлү тынч жайдары,
алыс болсо дагы Хотан[22] аймагы.

Гүл орогон укмуш жайга келишти,
телегейиң тегиз болор бейиш бу!

Бир жагы – тоо, а бир жагы сай экен,
мергенчилер издеп таппас жай экен.

Дарак бүрдөп, булак агып жылгадан,
кайра туулсаң, жашоо мында жыргаган!

Сиявуш шер эки жагын каранган:
«Пиран, бул жер – бакыт үчүн жаралган!

А мен мында шаар курууну каалаймын,
жүрөк туяр бүт жыргалын ааламдын.

Башым сайып: калаа курам керемет,
шаңкайып ал, бакчалары кеңейет.

Шаар курулат эч ким айтып бүтпөгөн,
эч бир өлкө, эч бир урпак күтпөгөн».

Сиявуш Гангди[23] түптөгөнү[24]
Тээ качанкы сөздөн эми качпайын,
тээ качанкы насыйкатты баштайын.

Сиявуштун Ганг калаасы тууралуу,
баянымды жазып кетсем туура бу.

Кыйрына көз сал ааламда: жер кең дейт, –
Гангга эч шаар, эч шахсарай тең келбейт!

Сиявуштун шаарды курган эрмеги:
ар кооздукта – чебер уста эмгеги.

Түзөңүнө барып кара: сай жакты,
түшүмү жок жерлер жатчу кайрактуу.

Маңдайыңда тоо көзүңө урунат,
аны ченеп чыксаң жаның курумак.

Тоо койнунда – Гангдиж. Билет: ким келген.
биле жүргүн, кем болбойсуң билгенден.

Кынтыгы жок кыштан курган чебинде,
чыгат алты чакырымдай кеминде.

Кенен шаар бу: чепке чыгып карагын,
көрөсүң кооз сарай, гүлзар, дарагын.

Жылуу көлчүк, суу атылып шаркырап[25],
бүт көңүлдүү туш тарабың жаркырап.

Тоодо – жейрен, түз – илбээсин жайнаган,
келсең мында: эч кеткиң жок кайрадан!

Суугу жумшак, куйкалабайт аптасы,
бакытка мол шаардын ачык капкасы.

Оору, майып эчбир жан жок анан да,
бакыт мында, бейиш мында адамга!

Сиявуш Пиранга келечек жөнүндө айтканы
Өз өлкөсүн аралап ат үстүндө,
Сиявуш шер баткан өңдүү мүшкүлгө.

Пиран сурайт: «Эреним не өңүң суз,
алыс жакка тигилесиң көңүлсүз?»

Уккан жообу: «Ыймандууга кол сунар
качан болсо жакшылыгың толтура.

Акылман жан, баатырым да, өткүрүм,
билгиң келсе: кайгым башта көп бүгүн.

Алдын ала болор ишти көрөмүн –
айыпсыз көп адам канын төгөмүн.

Мен кабылып Афрасиаб жаалына,
башка бирөө ээ болот так, таажыма.

Айыбым жок: жалган жалаа айынан,
жаным узайт тигил дүйнө жайына.

Иран, Туран бир-бирине жоо анда!
азап чулгап, чыланышат оо канга!

Дүрбөлөңдөн кайгы, көзжаш куюлат,
аалам өзү ырайымсыз туюлат.

Ошондо бир күчөйт туш-туш козголоң,
бечаранын арбыйт саны боздогон.

Ат туяктан кыйрап далай каганат,

арыктардан суу ордуна кан агат.

Иран-Туран тынчтык күсөп зарурат,
мен мерт болуп, аалам өрткө кабылат».

Пиран буга кулак түрүп мулуйду,
баатыр айткан кептен көптү туюнду.

Сөз кылышып узак жолду басууда,
«Кандай арга кылсак» дешти качууга.

Көлөкө таап, ат байлашты жапсарга,
көкөй-күйүт калсын дешип капкайда.

Дасмал жайып, шарап жутуп, ырдашты,
болор балээ калсын үчүн чым басты.

Афрасиаб Пиранды аскери менен жөнөткөнү
Көңүл ачып, кеп кылышты жети күн,
тээ байыркы даанышмандар жетигин.

Сегизинчи күнү: ээси Турандын
кат жөнөттү колуна деп Пирандын:

«Эң мыкты дээр аскерлерди алгын да,
Кытай жээгин алып келгин чалгынга.

Андан ары Индостанды арала,
Синд жээктерин кыдыргыла жана да.

Алып Кытай, Индостандан салыкты,
бери кайтып, хазарлардан алып тын».

Кошуун жыйып, Пиран жолго аттанган,
шах буйругу, ага милдет – аткарган.

Сиявуш Сиявушгирдди курганы 
Үрүл-бүрүл калбай таңкы куландан,
бир чабарман жетип келди Турандан.

Шах жолдогон каттын ички мааниси –
сагыныптыр. Мынамындай шааниси:

«Сен, Сиявуш, менден алыс кеткени –
арбып барат кусалыкты чеккеним.

Бул кабарды угуп алып кубан даа:
сен татыктуу бир чөлкөм бар Туранда.

Берекелүү ал жер жагар, карагым,
жакса алгын, тартуум сага адагын.

Баргының да, кара укмуш туш жагын,
жүргүз бийлик, жазалансын душманың!»

Афрасиаб берген үчүн барманды,
Сиявуш да дароо жолго камданды.

Келер замат сөз кылынган чөлкөмгө,
шаарды кура баштайт бөлөп көркөмгө.

Кенен, узун-туурасы да таңданар,
гүлзар, бакча, аксарайлар шаңданар.

Чакырылып усталары, аксарай
бетиндеги: шах, той, согуш – нактадай.

А түндүгү өзүнчө зор жумуртка,
шаардан чыгып, тийип турар булутка.

Керемет шаар Сиявушгирд атыкты,
тургундары тапты андан бакытты.

Пирандын Сиявушгирдге келиши
Кошуун менен Пиран кайра кайтканда,
уу-дуу эле шаар жөнүндө айткандар.

Жоокер башы жолго чыкты, өргөлүү
жаңы шаарды кубанып бир көргөнү.

Пиран шаардын капкасына келгенде,
сыйлуу тосту Сиявушу шерденген.

Жети күндү өткөрүштү той менен:
шарапка мас, жок эч жаман ой деген.

Сегизинчи күнү тойго сооронор…
Пиран келди белек менен тоо болор:

Таажы, жакут, бермет, алмаз үйүлдү,
жаркыраган баарына көз сүйүндү.

Ээрлер мырза теректерден чабылган,
көрпөчөлөр жолборстон жабылган.

Фарангиске сөйкө, таажы, ар кыл зат,
билериги – бермет күйөр жаркылдап!

Тапшырган соң Пиран султан тартууну,
чечти дароо Туран шахка кайтууну.

Шаа алдына жайып жыйган-тергенин,
четтен канча салык жыйып келгенин

баарын айтты, анан да көөн бурдурган
шаар жөнүндө Сиявуш шер курдурган.

Буга шахтын көкөлөйт көөн кушу да:
«Жаралган, – деп күйөө балам ушуга!»

Афрасиаб Гарсивазды Сиявушка жөнөткөнү
Гарсивазга эл чегеси көмүскө
бирөө укпас минтип сырын бөлүшкөн:

«Сиявушгирдге жүзүң жарк деп баргын да,
аймактарын алгын дыкат чалгынга.

Шаардын ээси эки жума шаң менен
өткөрөбү, сен да ошончо кал кенен».

Гарсиваз эр кошуунга көз чаптырган,
тандайт атчан кыраандарын жактырган.

Сиявушгирдде көңүл ачып келүүгө,
ылдамдайлы деди атчан черүүгө.

Сиявуш шер бул жөнүндө укканда,
кошуун менен оң деп тосуп чыкканды;

Кучак жайды мейманына астыдан:
“Эсенсиңби?” – сураштырды шахты да.

Өзү баштап көрсөтүп шаар жайларды,
меймандарын тынч бир жерге жайгарды.

А Гарсиваз келди кезде багымдат,
шах жөнөткөн тартууларды дайындап.

Сиявуш Фаруд аттуу уулдуу болушу
Сиявуштун ордосуна жүгүрүп,
капысынан келди бирөө сүйүнүп:

«Пиран кызы Жарирабыз айчырай
уул төрөдү, ал жаңырган ай сымал.

Таятасы аны өчпөс жарык деп,
небереге ысым берди Фаруд деп.

Ошол замат сага көөнүн имерген
кайнатаң тез сүйүнчүгө жиберген.

Жарира да кубангандан жан-алы, –
кызматчыдан аткарылды талабы.

Балаң уктап, сыя челек чалдырды,
наристенин колун ага малдырды.

Алаканын бастырып кат соңуна,
атасынын жетсин, – деди – колуна».

А Сиявуш: «Уулум жетсин бактыга,
түбөлүккө эге болуп тактыга!»

Мартабалуу Гарсиваз жөн каларбы,
кебин айтты угуп жакшы кабарды:

«Пиран минтип көрүп турса небере,
калетсиз го, ал да тең эл чегеге!»

Фарангиске сүйүнчүлөп чуркашты,
баары гүү-дүү бактылуудай курчашты.

Түгөл чуркап анын алтын тагына,
кубанышты чексиз абдан жабыла.

Сиявуштун эр эңиштеги жеңиши
Күн жаркырап уясына батканда,
теребелде жер күүгүмдөп жатканда,

көк шалбаага Сиявуш чаап келгени –
ат үстүндө топто ойноо эрмеги.

Колундагы чоуганды[26] чапканда
асман сырдуу: а топ житти капкайда.

Гарсиваздын айтканы: «Сен, ук анда,
ооматың зор Иранда да, Туранда.

Кел, экөөбүз ат үстүндө жарышып,
аскерлердин алдында кол карышып,

эрендердей бел курчоодон нык баскан,
эңишебиз чийинден эч чыкпастан.

Түрктөн баатыр барбы мендей жаралган?
Тулпарымчы, озуп келер шамалдан.

А ирандык сенсиң анык кабылан,
атаандаш жок күч сынашчу жагынан.

Сени жерге кулата алсам ээриңден,
демек, атак-даңкка анык ээмин мен.

Анда баатыр, сен эмес, мен: аңдап ал, –
ким эр жүрөк, ким күчтүү, ким шамдагай!

Эгер эле ээрден мени кулатсаң,
эрегиште мингис болом бул атка».

А Сиявуш: «Бул сен не деп жатканың?
Жолборс жүрөк эч соо койбос чапканын.

Шаа иниси сенсиң баары даңктаган,
айды дагы таманыңа таптаган.

Кошуунуңдан тандап кыраан бирөөнү,
мингиз атка, таймашта курч жүрөгү.

Эр Гарсиваз, мен ошентип алдыңда,
уят болбой, намыс коргоп калгым бар».

Гарсивазга абдан жаккан жооп болгон,
күлдү буга, эч сезим жок кооптонгон.

Өрөпкүп ал: «Кана эмесе алгырлар,
намыс коргоп, кимиң атак алгың бар?»

Басмырлоого Сиявушту текебер,
кимиң барсың, чыга турган жеке эр?

Түрктөр жымжырт, тилди тишке жашырып,
чыкты алга сүрдүү Гуруй атылып.

«Менмин, – деди – эчкимиси даабаса,
эгер шериң күч сынашты кааласа!»

Не дегенин угуп Туран эрени,
кабак чытты Сиявуш да береги.

«Шахка айтам, – деп Гарсиваз мулуйду, –
эчбир баатыр жеңалбайт, – деп – Гуруйду!»

А Сиявуш: «Чыксын далай оң колуң,
эрегишке сен чыкпасаң болгону.

Бирөө эмес, мейли экөөнө даярмын,
алар мени жарак менен саяр кыл».

Ошол замат топ ичинен менсинип,
турандык бир Дамур чыкты эрсинип.

Минген атын чимирилткен ийиктей,
анысы да майышпачу жигиттей.

Гуруй менен Дамур чогуу кетти анда,
кабак чыткан Сиявушка бет маңдай.

Бел курчоодон алып бекем Гуруйду,
булкуп катуу, күлүп шериң бурулду.

Ээрден белин так көтөрүп аңтарды, –
не кылалмак эми чокмор, арканды?

Андан кийин шердин карлуу чеңгели –
Дамурду да шилисинен эңгени:

ээр үстүнөн камгак сымал салмактап
көтөргөндө, – эл дуу күлдү жалжактап.

Гарсивазга кирерге жер табылбай,
бети күйүп, жүрөгү өрт жалындай.

Эрсингендер жай жайына жөнөштү,
түндөн бетер: жаркыраган өң өчтү.

Баарысынын шаң музыка укканы,
апта бою шарап анан жутканы.

Меймандардын келди кези кайткыдай,
Сиявушка раазычылык айткыдай.

Афрасиаб шахка катын чийдирди,
достук жана урмат, сыйын билдирди.

Гарсивазга о мол болду белеги.
А кошууну жылып кеткен береги.

Басынгандай Гарсиваз түз кектеди:
«Иран бизди ушул жерде жектеди.

Гуруй, Дамур экөөнүн тең, түшүнгүн, –
жолборс жаалдуу мартабасын түшүрдүң.

Жеңген экөөн митайымы Ирандын,
каратүнөк күчкө ээ дейм иралды[27].

Сиявуш жөнүндө Афрасиабга Гарсиваздын жалаасы
Келди жолдон кыжырланып, жинденип,
жаны бейпай, уктабайт көз ирмелип.

Шашты анан аскер башы шаасына.
Шаа кызыкты тек сапардын баасына.

Катты сунуп, жайын айтып олтурду.
Катты окуп, шах сүйүнүп, толкундуу.

А Гарсиваз: «Төрөм, катка ишенбе,
күйөө балаң салуучудай кишенге!

Жашырынып чабармандар алыстан,
келет экен Иран шахы Кавустан.

Кавусту эстеп, баш көтөрбөй шараптан,
күткөнү жооп – тээ Рум, Кытай тараптан».

Муну укканда: кулачудай асманы,
эл эгеси онтоп ийе жастады.

Афрасиаб: «Бир – кан, жан да, боорубуз,
бийликте да бирге болсун доорубуз.

Тагдырымды сыдырып бир көңүлдөн,
эстеп көрчү, ага эмне чөмүлгөн?

Жаман бир түш – башым салып кайгыга,
болдум эле акылымдан айныма.

Сиявушка согушууга барбадым,
тынчтык каалап турган үчүн ал дагын.

Мага келди таштап салып мекенин,
көрдүм кандай адилет жан экенин.

Урмат кылып көөнү мага артылды,
шахтай мен да аябадым тартуумду.

Чөлкөм жана мүлктү берип үйүлгөн,
кайгым баштан арылды деп сүйүнгөм.

Күйөө балам болгондуктан Сиявуш –
ирандыктар кылбайт дегем зыян иш.

Сый тартуулап биз ушуга келип да,
ага таажы, тагыбызды берип да,

билбей турам кантип аны кектеймин,
жер үстүндө баары текке кетпейби!?

Сиявушка артсак бөөдө күнөөнү,
кудай деле күмөн бизди сүйөөрү.

Андан көрө Сиявушту тил ал да,
кандай дейсиң, жөнөткөнүм Иранга?»

Кеги кайнап Гарсиваздын күйгөнү:
«О падышам, адилеттик сүйгөнү!

Так ошондо алып кылыч, чокморун
Сиявушуң жыйып келип топ колун,

келбей койбойт аскери жок артына,
айың, күнүң кайра жанбайт жаркырап.

А аскериң өтөт Иран тарапка, –
бөрү тукум ит болбоптур адатта!»

Афрасиаб кар жаадырып кашынан,
жаман ойлор кетпеди эч башынан.

Арам ойлуу Гарсиваз көп келгени –
эртели кеч жанына жай бербеди.

Эки жүздүү ал митайым, таш жаны
шах жүрөгүн ууга чылап таштады.

Күндөр өттү өкүмдардын башынан,
эт жүрөгү жамандыкка жашыган.

Ал бир күнү Гарсивазга кеп айтат:
«Сиявушка бар, бул буйрук! – деп айтат. –
Тездеп келсин, а ал мында келгенде –
жансакчым бол, эч уйкуга термелбе».

Гарсиваздын Сиявушка келиши
Куу Гарсиваз ар кадамын аярлап,
салар торду койгон эле даярлап.

Шаарга келди, бирок чечен бөлөктү –
өзү барбай, элчиликке жөнөттү.

Сиявуштун бутун жалап өпкүлөп,
Гарсиваздын жайын элчи төктү көп.

Гарсиваздын келгендигин укканда,
ойдолоктойт шер да тынч жок түк жанда.

Адаттан тыш ишке айраң акылдан:
«Белгисиз бир сыр бар, – деди катылган.

Мен жөнүндө жакшы ою, баасы да
Гарсиваз не айтты экен шаасына?»

Ал ангыча Гарсиваздын келгенин
угуп чуркайт. Дароо суроо бергени:

«Келдиң кандай? А шах эсен турабы?»
Жана өлкө ишин кошо сурады.

Буйругун шап карматты да Турандын,
күтүүсүздөн кайран эргул кубанды.

Анан айтты: «Шах менен шерт кылышкам,
зарыл болсо, башым тартпайм кылычтан!

Чылбырымды чылбырыңа байлайбыз,
сени алдыга салып алып айдайбыз».

Айтып муну: оңтойсуздан кылтыйды,
жалаакордун зулум башы шылкыйды.

«Жок, жок! Болбойт… – деп ичинен ойлонду, –
так ошондо ишим ойрон болбойбу.

Сиявушуң анда түшпөйт капканга,
шахка оңой болот калпым тапканга.

Бирге барбай: куу да, эпчил болоюн.
Амалын таап, жолун эптеп тороюн…»

Көзүнөн жаш буурчак-буурчак тамат да,
Сиявушту алдап койду заматта.

Озондогон үнү аяр угулду,
Сиявушка кыжырлануу туюлду.

Жай сурады: «Не бир боорум боздойсуң?
Терең кайгы кучагында окшойсуң?

Туран-шахы эгер болсо себепчи,
сен алдымда ыйлап турууң керекпи?!

Анда жолдо коштоп сени, азаптуу
Афрасиабга баштайм кандуу казатты.

Адеп мага ач ишенип датыңды,
күйүтүңдөн куткаруу да акымдыр».

А Гарсиваз: «Ызаам менин кеп эмес,
күйүтүмдү айтканым да эп эмес.

Иран-Туран коркунучта турганда,
о күйүттөн күйүп кетсин курган жан!

Башым катат согуш каарын ойлогон,
акыл кеп бар жанымды жай койбогон:

Кудай каарыр күндөн бери кеминде,
согуш дайым эки өлкөнүн жеринде[28]».

Афрасиаб шах болгондон бериде,
жырткыч бука сыяктанып чериме.

Мезгил өтсүн, түшүнөсүң ошондо,
айлакер ал айбан сымал бошонгон.

Туран-шахы сени арбап алгандай, –
эл тагдыры ага эбак жалманган.

А мен сага качан болсо санаалаш
досмун бекем жандап жүрөр аралаш.

Шах жөнүндө айттым чындык күйгөндөн,
алдыңда эч күнөө кылбай жүргөн мен».

Сиявуш шер: «Үшүтпөгүн үрөйүң,
кудай не дейт, а мен кулак түрөйүн.

Афрасиаб, – ал жөнүндө ойлогом, –
жарык күч деп мага күңүрт койбогон.

Арам ою болсо мынча, бу кандай? –
көкөлөтпөйт эле мени Туранда.

Берди таажы, такты; албай кысымга,
берди өлкө, татынакай кызын да.

Өзүң менен шахсарайдан тилегим:
шек ойду кууп, ишенчине киремин.

Калпты шамал айдайт, туман айдабайт.
Чындык турса, калп казаны кайнабайт».

Гарсиваз куу: «О ал жаман айбандан, –
канындагы арамдыгы айланган.

Көркоо, жексур ал көп сени алдады,
акылыңды пайдаланып арбады.

Атакеңди чанып сен жаш Иранда,
келип үлкөн шаарды курдуң Туранда.

Афрасиаб азгырыкка жандими
иштеп келдиң кулдай берип жандилиң».

Датын айтып, үн дирилдеп боздоду,
митайымдын сөзү жүлүн козгоду.

Сиявуш көз кадап турду жан кыйбай,
көзү аккыр – жашын төксө жамгырдай.

Өңү боппоз шер укту да мүшкүлдү,
терең-терең, баса-баса үшкүрдү.

Айтты жана: «Ишти терең жөндөдүм,
шахка кылган эч айыбым көрбөдүм.

Тартылсам да мейли эң оор кыйноого,
шах амирин милдеттүүмүн сыйлоого.

Өзүң менен черүүсү жок барамын,
падышанын билем өкүм, талабын».

А Гарсиваз: «Болор иш бүт болгон соң,
тилим алсаң, шашпа, барбай койгон оң.

Өмүрүңдү коргогондон качпаймын,
сен өрттөнсөң, топон суудай каптаймын.

Өкүмдарга кат жаз эч сыр катпаган,
далилиңди, ар сөзүңдү актаган.

Байкайм адеп: шахтын каары батканын,
анда бизге жарык таңдын атканы,

ошол замат чабарманым зуулдаган
жетип келет, кайгың калбайт жуулбаган.

Эгер шахым кайтпас болсо сесинен,
сага элчи чаптырамын тезинен.

Анда дароо ойлонбостон узакка,
качкын мындан түшүп калбай тузакка.

Жүз жыйырма фарсанг Кытай чегине,
ары үч жүз кырк бар Иран жерине.

Ал жак сенин жериң – тамган киндик кан,
мыйзам, укук, атаң, аскер бирдик бар.

А жеткен соң жөнөт элчи чамданып,
создуктурбай согушка тур камданып».

Сиявуш да кирди зулум тилине.
Чөмүлдү тез бейгам жаткан зилине.

Афрасиабга Сиявуштун каты 
Шер чакырды даанышман жан катчысын,
акбар тейде төктү ага айтчусун.

Өз султанын жараткандай даңктады,
сактадың деп күнөөлөрдөн арттагы.

Көкөлөттү акыл деген асылды,
шахты ошол асылдыкка чакырды.

«О падышам, арбын бактың, жеңишиң,
бөксөрбөсүн дайым жашоо жемишиң!

Саа кезиккен тагдырымдын артынан:
ыраазымын өмүрүмө жаркыган».

Этегине мөөрдү басып, ал катты
аманат деп Гарсивазга карматты.

Эргул болсо зоруктуруп үч атты,
алыс жолго ошол замат учат зыр.

Үч күн, үч түн эчбир тыным кылбады,
ал баспаган калбады түз, кыр дагы.

Аксарайга жетип келди ашыгып,
оозуна калп, көөдөнгө уу жашырып.

«Келдиңби тез артыңан ит куугандай, –
деди шахы, – күтүүсүздөн бу кандай?»

А митайым: «Алат тура шаштыңды –
балээ басса артыңды да, астыңды!

Күйөө балаң албагансып теңине –
келгенимди билбейт, укпайт эмине?

Өзүң берген катты ачып койбоду.
«Тизе бүгүп, чөгөлө» деп зордоду.

Ачпас болуп бизге эчбир тешигин,
Ирандан кат келсе ачат эшигин.

Кечиктирсең – ал даяр оор согушка;
ээ болууга биздин зор мүлк, конушка.

Саа эскерткем, аны жеткен арам деп,
кыйратууга турат сени араң деп!»

Афрасиабдын Сиявушка черүүгө аттануусу
Шаа укканда суук кабарлуу зулумду,
капкайдагы каары кайнап жулунду.

Буйрук берип, жаагер тутпай сабырды,
сурнай чуулдап, добулбастар кагылды.

Кыйсыпырды салып тынч эл-жерине,
Гарсиваз куу көчүк койду ээрине.

Шер Сиявуш босогосун аттады,
өңү боппоз, жаны орун таппады.

А Фарангис: «Шерим менин кабылан,
маанайың пас, не купкуусуң абыдан?»

«Ук, ардактуум! Ушул турган калаада
абийрим ак жабылды, – дейт – жалаага».

Фарангиси: «О падышам, сырыңды
айтчы мага! Чын эле саа кыйынбы?

Жардамы эч тийбей турса бөлөктүн,
кудай дейли, кудай берер көмөктү».

Шери: «Азыр адилеттүү бир гана
Гарсиваздан уга турган дил кабар.

Ишенгеним: шах жумшарып каарынан,
баш тартат деп турам ачуу заарынан».

Сиявуштун аян түш көргөнү
Үч күн бою күйүтү оор ыйлады,
жалынды шор тагдырына кыйрагыр.

Төртүнчү күн батып терең санаага
көз илинген. Койнунда жар садага.

Жаман бир түш тынч уйкудан козгоду,
ойгонуп шарт жаалдуу пилдей боздоду.

А Фарангис: «О падышам, түшүңдү
айтчы деги алган мынча үшүңдү!»

Сиявуш шер: «Бул жаман түш жөнүндө
эч укпасын досуң, касың өмүрдө.

Ал түшүмдө; о асыл жан, ардагым,
уч кыйырсыз сай курчаган бар жагым.

Сайдан ошол чыккан өрт маа жабылат,
Сиявушгирд жалын өрткө кабылат.

Өрт ичинде – өлүм, а кан суудай арыкта,
Афрасиаб ортосунда калыптыр.

Эл чегеси зулум ачуу күүдөгү –
мага карай оозунан от үүлөдү».

Колуктусу: «Эми бейпил уктагын,
от менен суу жакшылыктын туткагы.

Рум аскерден кайсы бир күн каршылаш
өлтүрүлөт жаманатты Гарсиваз».

Сиявуш шер буюрду тез келүүсүн
ордо жакка болгон аскер черүүсүн.

Жоо жарагын камдаттырып сак турду,
жигиттерин түзөң жакка чаптырды.

Карайлаткан капкара түн ченде бир,
күзөтчүнүн минтип айтып келгени:

«Аскер баштап туран-шахы арстан,
келе жатат бизди карай алыстан».

Гарсиваздан кабарчы бул арада:
«Колдон келсе коргон кандай чара бар.

Өкүмдарга жардам бербей айтканым,
мурдагыле каарынан ал кайтпады».

Шер мурунку ишенимден жанган жок,
жалган-чынды ажырата алган жок.

Фарангиси: «Бизди ойлобой, баргының!
Өз башыңды аман сактап калгының!

Башка өлкөдөн табууга кач конушту,
а Туранда сени өлтүрмөй болушту».

Сиявуштун Фарангиске калтырган керээзи
Айтканы бул: «Көргөн түшүм келди бейм,
намысым мерт: акты кара жеңди бейм.

Кырчынымда кыйраарыма аз калды,
жеңалбаймын тагдырыма жазганды.

Боюңда жүр беш айлык бир наристе,
даңкы чыгып, түшөр болот ал изге.

Кей-Хосро деп ысым койгун балама,
камкор болуп мээримиңди аяба.

Саналуу саат калды мага, жашыба!
Атаң буйруп, бактым таят башыман.

Күнөөсү жок бөөдө башым кыйылат,
кызыл жаян канга таажым жыгылат.

Табыт менен кепин дагы буюрбайт,
жасатымды жаманатты куюндайт!

Буйругунан кайтпас жасоол атаңдын
сүйрөйт чачтан сени абийрсиз катары.

Шахка келип Пираным эр көкүрөк,
жансоогалап сени бер деп өтүнөт.

Картаң Пиран төрүндө уул төрөлөт,
ал – Кей-Хосро мээримиңе бөлөнөт.

Силер үчүн кегим алып коргогон
бирөө келет коңшу Иран ордодон.

Жейхун жакка алып кетет көмүскө,
уулум менен сенин камың көрүшкө.

Балам такка жетип алат анык баа,
башын ийет ага куш да, балык да.

Иран согуш баштап, заман куурулат,
Туран жери селдей канга жуурулат.

Туранда ый, кошок туш-туш жаңырып,
Кей-Хосродон титирейт жер тарылып!»

А Фарангис эр керээзин тыңдаган,
моюнга шап асылды жаш тыйбаган.

Шер да ыйлап, көөдөн муңу оргуган
ат сарайга козголду шарт ордунан.

Шабрангага дароо көзү урунду,
анык күлүк караандатпас куюнду.

Жүгөнүн шарт чечип эрксиз бышактап
ыйлап ийди күлүк башын кучактап.

Шыбырады кулагына күлүктүн:
«Душманымдын башына сал күйүттү.

Кегимди кууп, душманыма салган чуу
Кей-Хосрого сен болосуң жардамчы.

Кыргын болгон душман башын аттагын,
сөөгүн койбой туягыңа таптагын!»

Афрасиаб Сиявушту туткунга алганы
Жолго чыгып алган кезде аңдады:
аркасынан кырсык тооруп алганын!

Өз кошуунун баштап Иран тарапка,
жүрөгүнүн карты турду канап даа.

Жарым фарсанг жолго узап калганда,
Туран-шахы кез келишти жарданган.

А шер эстеп анттын бийик турарын,
ээн талаада көтөргөн жок куралын.

Тыйуу салды ирандык миң аскерге,
кезигишкен жоого дароо тап берген.

Афрасиаб антын бузуп атылды,
Сиявуштун аскерине катылды.

Айкырды ал: «Кыйратылып кас жаны,
кан үстүндө калкып жүрсүн баштары!»

Алар да миң согуш десе ашыккан,
канмайдандын далайында дасыккан.

Адам каны суудай агып төгүлгөн, –
талаадагы жоогазындын өңүндө.

Кыргын салган душман курду шарапат,
Сиявуш да алды катуу жаракат.

Шериң жерге кыйган талдай жыгылды,
колу-бутун Гуруй таңып ныгырды.

Сиявушту алсыз турган кардыга
каничкичтер салды айдап алдыга.

Сиявушгирдде шер жай илкип баратты,
түмөн аскер курчап туш-туш тарапты.

Ачуусу заар Туран-шахтын айдагы:
«Ай-талаага жеткиргиле кайдагы.

Чөп өспөгөн жердин өзүн тапкыла,
ошол жерден башын кыя чапкыла.

Ысык каны аксын мейли диртилдеп,
эч аёосуз өлтүргүлө зиркилдеп!»

Аскерлердин үнү турду жаңырып:
«Алдыңда бул неден калды жаңылып?

Бир султанын өлтүргөнүң чөлкөмдүн, –
кабылганы – зыянга бүт өлкөңдүн!»

Баатыр мүнөз бар болучу бир алгыр,
даражалуу ал иниси Пирандын.

Ысмы – Пилсам, адилеттүү сүйлөгөн,
жүрөгү ак, кайыр ишти сүйбөгөн.

Шахка Пилсам: «Эсиңе түй, аныгы –
мындай иштин жаман болот тамыры.

Эгер кыйсаң бүгүн ушул шер башын:
эртең анык агызасың эл жашын.

Кишен сал да, саатын күткүн чубатып,
жылдардан соң: нускайт баарын убакыт.

Бир ачууңду акыл менен карман даа.
Шердин башын үлгүрөсүң алганга.

Шашсаң бүгүн кылычтан кан тамызып,
өкүнөсүң: эртең көп кан агызып.

Шерди өлтүрсөң, ажырайсың намыстан,
Рүстөм, Кавус келет кун кууп алыстан.

Шашпай ойлон, кыяр баштын убалын,
кыйратпайын десең эртең Тураның!»

Ушул сөзгө Афрасиаб жумшарды,
а Гарсиваз зулум болсо кумсарды:

«О падышам! Иштин көзүн билбеген –
чечим кылба Пилсам айткан тил менен!

Душманыңды кечиргениң кектеймин,
бийлигиңден биротоло четтеймин».

Нааразыдай колдоп тетир жосунду,
буга Гуруй, Дамур дагы кошулду:

«Жаныңдагы жоону күчтөп кармадың,
өкүнбөскө – оң го башын алганың.

Бизге башка мыкты чечим табылбас:
атын өчүр, жер үстүнөн жаагын бас!»

Шахтын жообу: «Көрдүм жакшы өрнөгүн,
мага кылган жамандыгын көрбөдүм.

Бирок айткан жылдыз төлгө салгандар,
мындан туулган кандан көрөр арман бар.

Башын кыйсам, эгер алып кегимди,
чоң алаамат каптайт Туран жеримди.

Күндүн бетин каптайт анда кара чаң,
даанышмандар болот деген ага таң.

Сабыр тутсак, көрөрүбүз – жан кайгы,
а өлтүрсөк, – анык кырсык чалбайбы».

Афрасиаб алдындагы Фарангистин ыйы
А Фарангис тытып ыйлап беттерин,
сызылган кан моюн ылдый кеткени.

Корксо дагы тобокелге салды да,
бой титиреп барды шаанын алдына:

«Атакебай, жыйнап бизге кегиңди,
тагдырымды кыйратайын дедиңби?

Митайымдын кирдиң бузук кебине,
ак-караны айрый албай эмине?

Жанын кыйба айыбы жок шеримдин,
кудайдан корк, ташбоорлуктун чегин бил!

Иран чегин таштап келип ал деле,
даражаңды көкөлөтүп салдыле.

Так, таажыдан баш тартканын эстегин;
өз атасын чанып сен деп кеткенин!

Гарсиваздын чыкпай бузук тилинен,
бийик мансап курам дебе чириген.

Сен өлүмгө буйруйм десең, карагын:
жараткандан каргыш туш-туш тарабың.

Тактан алдың чыныгы эл эгесин,
эми асмандын каарын анык чегесиң!»

Шерге тиктейт куругур ал дарман жок,
тырмагынан эки бет соо калган жок.

Боздоп ийди: «О баатырым, кырааным!
Арстан шерим! Эр көкүрөк чыгааным!

Арман менен айрылып өз жериңен,
туран-шахын ата кылам дедилең.

А шах берген ант кана? Эл мүшкүлдө:
асман жерге кулагандай үшкүргөн!

Гарсиваздай жексур эмне өлгөндө.
Гуруй, Дамур болду бизди бөлгөн да…

Бул үчөө тең сага кылса арамдык,
баштарынан кетпесин эч жамандык!»

Өз кызын шах угуп туруп мулуйду,
жарык күнү тутулгандай туюлду.

Кыжырланып өкүрдү шах: «Баргының!
Не кылсам да өзүм чечем бардыгын!»

Жарыгы жок там болучу караңгы,
шахтын кызы ошол жайга камалды.

Акылынан айныгандай кургурду,
так ошентүү шахтан гана буйрулду.

Фарангисти түртүп кууш бир эшиктен,
жасоол болду караңгыга бекиткен.

Гуруй Сиявушту өлтүргөнү
Гарсиваз көз кысты эле Гуруйга,
ал жөнөдү, жүрөк толуп куюнга.

Сиявушка көркоо жетип барат да,
көзүндө жаал, кан ичикичиң заматта
шердин мойнун жерди карай толгоду,
сакалына шап жабышып колдору.

Сиявуш шер жүрөгүндө жалбарды:
«О кудайым, ким бар сендей дармандуу!

Туягымды өстүрө көр артымдан,
тилегимди мен ошого калтыргам.

Кыйган үчүн кырчын өмүр жашымды,
жазаласын уулум ошол касымды!»

Шер тагдырын кошуун билбес кылышты,
шылдың менен шаардан алып чыгышты.

Ээн талаадан Гуруй карап жан жакты,
Гарсивазы ага канжар карматты.

Шерди жерге жыгып канга тойбогур,
ырайымды түк да ойлоп койбоду.

Чылапчынга койду мууздап жаткандай,
башты артка тартты кан шыр аккандай.

Чылапчынга кан кыпкызыл шырылдап,
шердин жаны чыгып жатты кырылдап.

Өкүмдардын буйругун так аткарып,
чылапчынды койду жерге каңтарып.

Чөпсүз жерге айыпсыз кан сызылды,
гүлсүз талаа көрдү анык кызылды.

Жер чаңызгып, көтөрүлдү бурганак,
ай, күн, жылдыз жерге түйдү сур кабак.

Ый-муң күчөп кайгы, күйүт зарпынан,
көр Гуруйга каргыш жаады калкынан.

Сиявушту жоктоп сыздап шаары да,
Гарсивазды жердин бети каарыды.

Нөкөрлөрү ыйлап шерге камтама,
Фарангистин жүзү бүтүн кантала.

Чачын кесип, аркан кылып алыптыр,
ал арканга өзүн таңып салыптыр.

Каргап-шилеп атакесин өкүмдүү:
«Каргыш жеткир!» – деп асмандан өтүндү.

Көк беттенип ыйлап, боздоп эчкирди,
өкүмдардын сай-сөөгүнө жеткирди.

Шах буюрду Гарсивазга, жасоолго:
«Жоготкула бул бетпакты жашоомдон!

Чачтан алып сыртка сүйрөп баргыла,
чечиндирип ур-токмокко алгыла.

Сабагыла, болбойм эчбир арачы,
жатынынан түшүп калсын баласы!»

Абийри бар чоролордун жакшысы,
жектеп турду зулум өлкө башчысын:

«Укпаптырбыз канкор арам жандили,
шах болорун ушундай да жандими».

Дос Лаххакка, Фаршидварга сыйлаган
айтты эчкирип кебин Пилсам ыйлаган:

«Шах тозооку, арам күч көп канында,
анын эми калбайлы биз жанында.

Пиран жакка жол тарталы көрүнгөн,
Фарангисти куткарганы өлүмдөн».

Болгон ишке үчөө ыйлап кейишти,
жүрөк сыздап Пиранга чаап келишти.

Баяндашты кыяматтык жөнүндө,
ташбоор тагдыр тийгендигин көңүлгө.

Пиран Фарангисти куткарганы
Пиран муну угуп жандан түңүлдү,
кыжырланып сыртты карай жүгүрдү.

Күн, түн дебей эки күн жол таптады,
шахсарайдын улагасын аттады.

Фарангисти көрдү: алдан тайыган,
мерестердин байлап койгон жайынан.

А эл сыздап муңга чөгүп жарыша
каргаганы – адилетсиз падыша.

Көрөр замат Пиран шерди эп билги,
шаанын кызы карманалбай эчкирди:

«Эмне мени бетпак кылып куураттың?
Отко салып бердиң беле куу бактым?»

Пиран ыргып түшө калып атынан,
өз кийимин айрып-айрып бакыра,

буйрук берди жанды кыяр жасоолго,
эч болбосо бир саат тыным жасоого.

Ал жулкунуп, өкүмдарга ашыкты,
ыйлап, боздоп, жүрөктү муң жашытты.

Анын кеби: «Шах саа тилейм амандык,
өмүрүңдө көрбөйт элең жамандык:

Кимдер түрттү сени шумдук балаага?
Кимдер салды мындай ачуу санаага?

Туура көрүп караниет айдагын,
Сиявушту күнөөсү жок жайрадың.

Өз кызыңа кол үйүрүп оңбогур,
өз каныңды эмне мынча кордодуң?

Күнөөсүздүн жанын кыйып салыпсың!
Алжый турган жашка жетип калыпсың!

О шах, эми чыгам азап торунан,
Фарангисти берсең гана колума.

Жетет кийин түбүмө деп неберем,
оңдуу болот саа убайым жебеген.

Ал төрөлсүн, шондо болор анык иш:
мен тапшырам өз колуңа, – канын ич!»

Шах жооп айтты: «Сурап калдың ырайым,
Фарангиске мейли, ырайым кылайын».

Өкүмдарың кудай жалгап тил алды,
көөнү курсант Пиран буга кубанды.

Жесирди ал алып кетти Хотанга,
аспиеттеп кам көрүлдү көп анда.

Аялына Пиран: «Болсун эсиңде,
жаман көздөн далдалайлы жесирди.

Шах болуучу төрөлөт бир наристе,
так ошондо амал керек ал ишке.

Кулдай ага кичипейил болгунуң,
даа алдыда анын көрөр кордугу».

Афрасиабдын бир корккону бар эле: ал Сиявуштун канынан жаралган Кей-Хосро деген бала эле. «Уулум аман төрөлүп, баралына жетсе, кегимди алууга жарар» деген муратка Сиявуш да зар эле. Ошондуктан өз небересинин колунан өлөрүн билген туран-шаага жердин үстү тар эле. Бирок Пиран өз даанышмандыгы менен Афрасиабдын тилин тапкан жан эле.

Иранга Сиявуштун өлүмү жөнүндө кабар жетери менен Рүстөм катуу жаалданып, Кей-Кавустун шахсарайына жулкунуп келет каарданып. Судабаны көргөндө: кой албай жанын карманып, чачтан сүйрөп чыгыптыр, койсо болбой жалбарып, арамзаанын башын кыят шер көзүнөн заар жанып. Андан соң Иран аскерин баштап, Туранды күч менен согуштун жалынына таштап, Афрасиабга болсо өлкөсүнөн туура келет качмак. Ошол мезгил аралыгында Рүстөмгө буюрат Турандагы шах-так. Бирок кийин Рүстөм шер өз мекени Иранга кайтып кетиптир, Афрасиаб кайра эле өз тагына жетиптир.

Мартабалуу ирандык баатыр Гударз бир күнү аян түш көрүптүр. Түшүндө: Сиявуштун уулу Кей-Хосро Туранда туткундалып, азапка чөмүптүр. Ошол замат Гударз ойго төнүпүр, эр көкүрөк уулу Гивди Туранга атказганды эп көрүптүр. Гив анан кандуу өлкөдөн Кей-Хосро менен Фарангистин башын чоң азаптан бөлүптүр.

Кей-Кавус Гударздын ишеними менен өз тагын небереси Кей-Хосрого биротоло өткөрүп берет. Кей-Хосро шах акыры Тус баштаган түмөн аскери менен атасы Сиявуш үчүн Афрасиабдан аёосуз өч алган делет.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

2010-2012-ж.ж.

[1] Рүстөм – Фирдоусинин «Шах-наамедеги» негизги каармандарынын бири.

[2]Бедени – тулку бой

[3] Шахтар – Хушанг менен Жамшид.

[4] Кей – көптөгөн Иран шахтарынын династия титулу: Кей-Кубад, Кей-Кавус, Кей-Хосро.

[5] Лаал – асыл таш

[6] Заңгер – катыны бузулган эркек.

[7] Ахриман – байыркы Иран дининдеги улуу кудай Ахурамаздын түбөлүк душманы саналган жамандык жарчысы.

[8] Абжип – уу кошулган ичкилик.

[9] Айман – азыркы Йемен, «Шах-намедеги» аталышы – Хамаваран.

[10] Апкөй – митайым, куу.

[11] Туран – Сиявуштун тайжурту

[12] Сиявушту Рүстөм Забулда жоокерликке үйрөткөн.

[13] Дастан-Заль – бир эле каарман (Фирдоусинин «Шах-наме» китебинен). «Заль төрөлгөндө – атасы Сам падыша чоң жаңылыштык кетирет. Зайыбы ак чачтуу бала төрөгөнүн уккан падыша ымыркайды ай-талаага ыргыттырат. Балапандарына жем издеп жүргөн Зымырык куш ымыркайды аскадагы уясына көтөрүп учат. Бирок аянычтуу ыйлаган ымыркайга боор ачыган балапандар аны жакшы көрүп калат. Балапандар аны Дастан атап, баары уялаш болуп өсөт. Дастан баралына келгенде – атасы аян түш көрөт. Түшүндө: Индостан асманында оң-солунда акыл кошчулары бар укмуштуу бозулан өз жоокерин баштап учуп жүрөт. Акыл кошчуларынын бири Сам падышаны тилдеп аткан учурда, падыша чочуп ойгонот. Түшүн жорутуп, баласын издетип таап, кечирим сурайт. Андан соң ага Заль баатыр деген ысым ыйгарат. Заль кийин дүйнөгө даңкы чыккан айкөл баатыр болуп чыга келет. – Котормочу.

[14] Мерверуд – Хорасынга жанашкан шаар.

[15] Балх – байыркы Ирандын чыгыш тарабындагы шаар, азыр Ооганстанга карайт.

[16] Согдиана – Орто Азиядагы Сыр-Дарыя менен Амударыясынын кошулушундагы аймак. Ал жерде илгери ирантилдүү согд эли жашаган. Негизги шаары – Бухара жана Самарканд болгон. Бүгүнкүгө чейин бул элдин эне тили сакталбагандыктан, – согд тилин илимий документтерден чанда гана үзүл-кесил кезиктирүүгө мүмкүн.

[17] Систан – Иран чыгышындагы ислам пайда болгонго чейинки сак уруулары отурукташкан дубан (Сакастан – Сагистан – Сеистан – Систан). Сактар негизинен өздөрүнүн өлбөс-өчпөс баатырдык эпостору менен Ирандын рухий мурасына сиңип кеткен.

[18] Жейхун – Аму-Дариянын арабча аталышы. «Шах-намеде» Иран-Туран чегарасы катары белгиленген.

[19] Ыйык китептердин бири саналган «Авесте» жана байыркы Иран мифтеринде: турандыктар көчмөн ирандыктардан тараган уруу болуп эсептелген. Кийин Орто-Азия жергесине отурукташкан түрк уруулары түрк атанып, Туран-Түркестан деген түшүнүктөр бири-бирине сиңишип кеткен. – Н.Османовдун эмгегинен кыскартылып берилди.

[20] Баргек – чыгыш аялдары маңдайга же чачка таккан кооздук.

[21] Барман – буйрук.

[22] Хотан – Кытай Түркестандагы аймактуу шаар.

[23] Ганг – Сиявуш Туранга курган шаар. «Шах-намеде» Гангдиж деп да аталат.

[24] Окурмандарга Фирдоусинин чегинүү иретинде баяндап аткандагысы. – Котормочу.

[25] Жылуу көлчүк, суу атылып шаркырап – бассейн жана фонтандар жөнүндө айтканы.

[26] Чоуган – учу илмек таяк жана ал ирандык мартабалуулардын ат үстүндөгү оюну.

[27] Каратүнөк күчкө ээ дейм иралды – Гарсиваз Сиявушту жат ишенимдеги арамзаа санагандыктан аны каратүнөк күч ээси атайт. – Н.Османовдун түшүндүрмөсүнөн.

[28] Кудай каарыр күндөн бери кеминде,
согуш дайым эки өлкөнүн жеринде – Тур, Сальм жана Ираж аттуу турандык үч биртууган болуптур. Сальм менен Тур эң кенже Иражды бири-биринен катуу кыскангандыктан аны өздөрүнчө азгырып, ээрчитип кеткенди коюшпайт. Ошондо балдардын атасы Иражды Иранга жазмыштын айынан энчиге берсе, Иран ыйы басылбаган баланын эки көзүн оюп салат. Ошондон кийин Иран-Туран ортосунда дайыма согуш оту тутанып турган. – Н.Османовдун түшүндүрмөсүнөн.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *