Көп кылымдар бою короолош, жери танапташ чыгыш элдери бири-бири менен жуурулушкан алака-катнашта, тыгыз байланышта жашап келишкен. Алар тектеш түрк тилинде сүйлөп, ар кандай кыйынчылык-кысталышта бири-бирине өбөк-жөлөк болуп, эчендеген кылымдарды карытышкан. Бири-биринин жакшылык-жамандыгына бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара, бири сүйүнсө чогуу сүйүнүшүп, кайгырса чогуу кайгырышкан. Бир дарактан салааланып тараган бутагы сымал алардын тагдыры да, тарыхы да орток болгон. Ошондуктан соңку кезде айрым элдер ошол учурдагы чыгаан инсандарды өздөрүнө гана таандык кылып жүргөндүктөрү да бекеринен эмес. Чынында алардын келечекке калтырган мурастары бардыгыбызга эле бирдей тиешелүү.

Бу оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө кээде турмуш жай баракат өтсө, кээде орошон окуяларга толуп, жеке адам түгүл бараандуу мамлекеттердин да бирде келкели келип ар тараптуу гүлдөп өнүгүп, бирде орду-түбү менен жок болуп кеткен учурлары бизге тарыхтан белгилүү.

Ага бир эле мисал, VII-IX кылымдарда Аму-Дарыянын оң өйүзүндөгү аймактар Мавераннахр деп аталган. Бул ат менен кийинчерээк Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгы атала баштаган. Мавераннахрдын ири шаарлары – Самаркан, Бухара, Хожент ж.б. болуп, дүйнөгө илим-билими өнүккөн өлкө катары таанылган. Ошол мезгил да бүгүнкүдөй эле саясый окуяларга жык толгон. Бүгүн батышта цивилизация өз ооматын сүрүп турса, орто кылымдагы чыгыштын жалпы маданият деңгээли ошол мезгилдеги батышка караганда өтө жогору болгон. Айрыкча орто кылымда Орто Азиянын илим-билими, маданияты гүлдөп өнүккөн. Ал мезгилде Орто Азиянын илими дүйнөдө биринчи орунду ээлеп турганы жашыруун эмес. Орто кылымда дүйнөлүк илимдин өнүгүүсүнө баалуу жана бараандуу салым кошуп, ошол мезгилде жазылган эмгектери күнү бүгүнкүгө чейин өз маанисин жоготпой келе жаткан улуу ойчул-илимпоздор Аль-Фараби, Аль-Фергани, Аль-Хорезми, Бируни, Ибн Сина, Махмуд Кашгари, Ибн Рушди ж.б., дүйнөлүк атакка ээ болгон алп акындар Рудаки, Фирдоуси, Жусуп Баласагын, Омор Хаям, Низами, Навои, Насими ж.б. орто кылымда Орто Азиядан жанып турган жылдыздар болушкан. Алардын илимий эмгектери жана чыгармалары ошол мезгилдеги мамлекеттик тил болгон араб, ошондой эле фарсы, түрк тилдеринде жазылган жана  илимдин келечектеги өнүгүшүнө негиз болгон.

Ушул ири илимпоз-ойчулдардын алдыңкы сабында теңир-тоолук алп акын Жусуп Баласагын жана атактуу аалым Махмуд Кашгари да турган.

Эгер ошол мезгилге тарыхий өңүттөн сереп салсак, 940-1211-жылдары (X кылымдын 2-жарымы XIII кылымдын башы) азыркы Кашкар, Түштүк Казакстан, Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстандын аймагын зор кагандык ээлеп, ал Караханийлер мамлекети деп аталган. Бул мамлекет анын негиздөөчүсү Сатук Буура Кара кагандын ысымынан аталып, анын тушунда ал мамлекеттин калкы ислам динин кабылдашкан. 940-жылы  Кара каган Баласагунду ордо кылып алган. Байыркы Баласагун шаары азыр илимде Бурана шаар чалдыбары деген ат менен белгилүү. Бурана мунарасы ошол шаардын калдыгы. Ал азыркы Токмок шаарынан 10 км. түштүктө, Ак-Бешим шаар чалдыбарынан 3 км. түштүк-чыгышта жайгашкан.

Махмуд Кашгаринин сөздүгү боюнча шаардын үч аты болгон: Баласагун, Кузорду, Кузулуш. («Куз» Махмуд Кашгариде «тоонун тескейи» деп түшүндүрүлөт). Шаар X-XI кылымдарда өтө өнүккөн, гүлдөп-өскөн шаар катары белгилүү болгон. Караханийлер мамлекети 1000-1040-жылдары өтө күчтүү мамлекет болуп турган. Бирок XI кылымдын экинчи жарымында (1069-70-жылдары) Караханийлер мамлекетинин биримдиги бузулуп, Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнгөн. Чыгыш кагандыктын борбору адегенде – Кашкар, кийин Баласагун, Батыш кагандыктын борбору адегенде Өзгөн, кийин Бухара, Самаркан болгон. Анткени менен дал ошол Караханийлер мамлекетинин тушунда илим-билим, маданият жана архитектура кыйла өнүккөн. Ошол мезгилде урпактарга калтырылган улуу мурастар: байыркы түрк жазма эстеликтери болгон Махмуд Кашгаринин “Диван лугат ат-түрк” сөздүгү, Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” дастаны, Өзгөн, Шах-Фазил архитектуралык комплекстери, Бурана мунарасы ж. б. жаралган.

Жусуп БАЛАСАГЫНbalasa

Жусуп 1015-18-жылдар ченде Баласагун шаарында музыканттын үй-бүлөсүндө туулган. Анын балалык чагы жана жаштык курагы ушул калкы негизинен түрк жана согду тилдеринде сүйлөгөн Баласагун шаарында өткөн. Ал жаш кезинен эле зээндүү өсүп, коомдук жана табият таануу илимдери менен кабардар болгон.

Өз заманынын эң билимдүү адамы болуп, чыгармаларын түрк тилинде жазган. 1068-ж. Кашкарга келген. 1069-70-жылдары “Куттуу билим” (“Кутадгу билиг”) дастанын 18 айдын ичинде жазып бүткөн. Аны Кашкардагы Чыгыш Караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара хакандын уулу Тавгач Буура Кара кахан Абу Али Хасан каганга (ал 1056-1103-жылдары мамлекетти башкарган) тартуу кылган. Бул эмгек түркий тилде жазылган көөнөрбөс философиялык-дидактикалык дастан, даанышмандыктын насаат китеби болгондуктан, бийлик эгеси Абу Али Хасан сөздүн күчүнө баш ийип, улуу эмгектин улуулугуна тен берип, адил баалаган. Акынга “Улук хасс хажиб” (ордо башы) деген ордолук чин (даража) ыйгарган. Жусуп Сарайдын баш акылчысы болуп калган. Ошентип кыргыз элинин, дегеле түркий тилде сүйлөгөн элдердин бардыгынын түпкү башатына таандык болгон улуу ойчул, алп акын Жусуп Баласагын мамлекеттик ишмер даражасына чейин көтөрүлгөн. Жусуп бул дастан жазылган адабий тилди “Буура хакандар тили” деп атап, “түрк сөзүнүн көркүнө нак тунарсың…” деп автор өзү да суктанган. Бул тил азыркы кыргыз, өзбек, уйгур ж. б. элдердин түпкү тили болуп эсептелет.

Бизге келип жеткен маалыматтар боюнча Жусуп “Куттуу билим” дастанын жазып бүткөн мезгилде 54 жашта болгону гана белгилүү. Анын андан кийинки өмүр жолу, чыгармачылыгы, качан жана кайсы жерде каза болгону жөнүндө маалыматтар бизге жетпесе да, 1090-жылдарда, башка бир маалымат боюнча 68 жашында каза болгону жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Тайнап деген жерде (Кашкар шаарына жакын) күмбөзү бар. Ошентсе да, Жусуптун “Куттуу билим” дастаны бизге таберик катары толугу менен жетти. Дастан аруз (созулма жана кыска муундардын кезектешип кайталанышына негизделген ыр түзүлүшү, ал араб классикалык поэзиясында пайда болуп, Чыгыш өлкөлөрүнө тараган) өлчөмүндө жазылган 6600дөн ашуун эки жолдуу ырдан турат. Дастандын бири-биринен аз гана айырмаланган үч кол жазмасы табылган. Анын экөө Каирден жана Намангандан табылып, араб тамгасы, үчүнчүсү Гераттан табылып, уйгур тамгасы менен жазылган. 1439-ж. Гератта (Афганстан) көчүрүлүп жазылган кол жазмасы алгач Венада жарык көрүп, кийин аны В.В.Радлов немец тилине которуп, кириш жана акыркы сөз жазып жарыялаган. 1913-ж. Намангандан табылган кийинки көчүрмөсүн окумуштуулар көп бурмаланган эмес деп эсептешет. Бул залкар чыгарма XIX кылымда Европа окумуштууларын таң калтырган.

Баласагындын “Куттуу билим” дастаны өз мекендештерине 1967-жылдан баштап гана белгилүү боло баштаган. Анткени, ошол жылы “Ала-Тоо” журналынын №5 санына анын айрым бөлүмдөрү басылган. Бул чыгарма толугу менен 1988-ж. орусчадан которулуп жарык көрсө, 1993-ж. байыркы түрк тилинен которулуп (которгон Т.Козубеков) окурмандарга тартууланган.

“Куттуу билим” – саясат, мамлекеттик башкаруу жана аскердик түзүлүш жөнүндөгү көз караштар көркөм формада чагылдырылган санат-насият түрүндөгү планда жазылган көркөм чыгарма жана саясый трактат. Чыгарма Караканийлер династиясын өлкөнү башкарууга үйрөтүү максатын көздөгөн. Анын этикалык идеялары Ибн Синанын окуусу менен үндөш. Баласагындын бул чыгармасына Фирдоусинин “Шахнамеси” чоң таасир бергени байкалып турат.

“Куттуу билим” дастаны теңир тоолук түрктөрдүн моңгол-татар жапырыгына чейинки көркөм адабиятынын туу чокусу болуп, орток адабий жазма тилдин калыптанышына чоң салым кошкон. Ал түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык чыгармалардын бири болуп, түрк тилинин ички мүмкүнчүлүгүн кеңири ачып берген. Чыгармада мамлекетти башкаруу, туура саясат жүргүзүү маселелери көркөм сөздүн күчү менен кең кесири айтылып, аны ошол кездеги бийлик өкүлдөрү абдан туура кабылдашкан. Адам рухунун түбөлүктүү түшүнүктөрү туура карым-катнашта болгондо гана социалдык маселелер адилеттүү түзүлөөрү чыгарманын бет ачарында төмөнкүчө баяндалат. “Бул китептин өзөгү – айрым өзгөрбөс, түбөлүктүү түшүнүктөрдөн турат: биринчиси – адилет, экинчиси – дөөлөт, үчүнчүсү – акыл, төртүнчүсү – каниет делип, алардын ар бирине түркчө өз аттары берилген: Адилетти – Күнтууду Элик атаган, бул өкүмдар, Дөөлөттүн аты – Айтолду, ал увазир, Акылга – Акдилмиш деген ат берилген, ал увазирдин уулу, а Каниет болсо – Өткүрмүш аталып, анын иниси делген. Мына ушулардын ортосунда өз ара сүйлөшүүлөр, суроо-жооптор аркылуу санжыра чечмеленет” (Жусуп Баласагын, “Куттуу билим” , Москва, “НИК”, 1993). Мына ушул ой чыгарманын өзүндө ыр менен төмөнкүчө айтылган:

Китеп атын “Куттуу билим” деп койдум,
Кутун алсын окуган – терең ойдун.
Китепке өз оюмду жазуу менен,
Эки дүйнө кыябын айтсам дегем.
Эки дүйнө кур болбосун бакыттан,
Бул сөздөрдүн сырын чечип окушкан.
Эң алгач Күнтуудуну мактап жаздым,
Сөздөрүм адилеттин жолун ачсын.
Андан соң Айтолдуну даңктап жаздым,
Ырлардан Дөөлөт жарык нурун чачсын.
Күнтууду – Адилеттин улуу заңы,
Айтолду – Дөөлөт атап койдум аны
Артынан Акдилмишти баян кылдым,
Барынан акыл-ою артык анын.
Акыры Өткүрмүшкө кезек жетти,
Ал өзү Каниет делет, албас көптү.
Төрт касиет туурасында баяным,
Оку, түшүн маанисине сен анын.
(Төлөгөн Козубековдун котормосу)

Ошентип, “Куттуу билимде” алар аркылуу бүткүл социалдык, философиялык, этикалык, согуштук көз караштар баяндалат. Бийлик таза, адилет жүргүзүлүп, бийлик эгедеринин айланасындагылардын ички дүйнөсү бай, ак-караны ажырата билген дили таза, чынчыл, нысаптуу, байлыкка, бийликке кызыкпас адамдар болгондо гана элде биримдик, ынтымак болору айтылган. Акыл-эсти өстүрүүгө көп көңүл бурулган. Эл башкарган хандан баштап карапайым ашпозчуга чейинкилердин жүрүм-турум маданияты, өз ара мамилелери, коомдук түзүлүштүн мыйзамдарынын бардыгына бирдейлиги жана аларды так сактай билүүлөрү, ал түгүл чөйрөгө жараша кийинүү, сүйлөө, тамактануу керектиги ж. б. көптөгөн адеп-ахлак, нарк-насил маселелери кеменгерлик менен ынанымдуу айтылгандыктан, элдин рухий дүйнөсүнө төп келгендиктен чыгарма даанышмандык китеби катары өз күчүн жоготпой бизге жетти.

Баласагын бизге орто кылымдагы кыргыз философу, деги эле түрк элдеринин ойчулу, акын, мамлекеттик ишмер катары белгилүү. 2002-жылдан бери Кыргызстандын эң ири окуу жайы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети деп аталат.

Ошол эле кезде Жусуптун замандашы, жердеши, эң алгачкы тилчи окумуштуу Махмуд Кашгаринин “Диван лугат ат-түрк” сөздүгү жазылып, ошол мезгилдеги түрк тилинин күчүн, илимий да тил боло аларлыгын айгинеледи. Бул эки чыгарма бирин-бири толуктап, бири-биринин ажарын ачып турган орто кылымдагы чыгыштан жанган кош жылдыз десек жаңылышпайбыз.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *