Чех жомогу

Бир мерте чермдик Кубиш менен Паштьялка аттуу эки коңшу өтүкчү Гицекти чочутмак болушат. «Бирок кантип?» — деген суроо туулат. Анткени Гицек коркуу дегенди билчү эмес экен.

– Кел, минтебиз, – дейт шайтанданган Паштьялка, – сен өлгөн киши болуп, табыттын ичинде жатасың, анан ал кыйын болсо түнү менен өлүктү кайтарганын көрөбүз.

Кубиш дароо табытка жатат да, Паштьялкасы Гицекке чуркап жетет:

– Кубиш өлүп табытта жатат, аны түнү бою кайтарып берчи, бир балээ болуп кетпесин. Тамак-ашың каалашыңча болот.

Буга ал макул дейт. Анын иши көп болгондуктан – жанына балка-чотун, кайыш, мык, айтор, керектүүнүн баарын алат. Убадалашкан боюнча ага тамак-аштын түрү да кенен алынып келинет. Атургай уктап калбасын үчүн ысык кофеден өйдө бар эле. Гицек кайдан уктасын! Ал уктап калар жан эмес болчу!  Өз ишин кылып балкасын тыкылдатып, кыңылдап ырдап, тим эле өзүн тойдо отургандай сезгеничи. Түн жарымы болду, Гицек бул маалда заңкылдап ырдап, а табытта жаткан өлүк болсо сүйлөнүп баштайт:

– Киши өлгөн жерде ырдаганга болбойт!

Гицек камаарабастан ордунан кылчаят да:

– Кимиң өлүп жатсаң да, былк этпе! – деп табытты тарс эттире бир койду.

Ошондо Кубиш тура калып качып баратып айткан экен:

– Өмүрүмдө эч кимди коркутпайм экинчи!

Кубиштин ошондон кийин эки жума башы ооруп, жүрөгү козголуп калгандыктан кыпылдаган көчүгүн кысып жүрүп калыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *