Түрк жомогу

Бир замандарда кедей адам жашаптыр. Анын жалгыз баласы жана аялы бар экен. Айтмакчы, бир эшеги да болуптур. Ошол эшеги менен ар кимдин жүгүн ташып, анан ошолор берген акча менен эптеп жан багышчу экен.

Ал киши карып, оорулуу да болуп калыптыр. Бул кедейге кайдагы жардам. Оору аны бир күнү одүйнөгө алып кетет.

Уулу атасын ээсине тапшырган соң да ыйлай берет. Эки-үч күн өтөт, аларга бирөө тамак бермекпи, анан булар ачка калат.

Айласы кетип эшегин минип базарга барат. Кечке анын-мунун айтканын ташыйт, кечинде санаса отуз пара тааптыр. Ага жей турган бир нерселерди сатып алат да калганын үйүнө – апасына алып келет. Буга апасы сүйүнөт.

— Өлбөстүн күнү өтө берет турбайбы, — дейт.

— Мен болгону отуз гана пара таап калбадымбы! — дейт уулу кейип.

— Сен али кичинесиң, бара-бара денсоолугуң болсо көп таба баштайсың, — деген энеси уулунун алып келгендерине ыраазы боло батасын берип, тое жейт.

Эртеси күнү бала дагы базарга барат. Эшек менен туш келген жүктү ташыйт, бергендерин алат. Кечинде санаса – кырк пара. Эне-бала буга аябай сүйүнөт.

Кийинки күнү дале ошол жумуш. Атасы өмүр бою ошол жумушта иштебедиби. Эми анын эшеги жана жумушу баласына калды да. Бул күнү ал элүү пара алып келди.

— Мына мен элүү пара таптым, — дейт уулу апасына сүйүнчүлөп, — эртең падышынын кызынын колун сура, мен ага үйлөнөм!

— Ай, уулум, элүү пара менен падышанын кызын алам дейсиң да!.. – деп күлүп коет.

— Неге болбосун?! Мен күндөн күнгө көп пара алып атпаймынбы! Сен коркпо, бар, кудалаша бер!

— Койчу, уулум, мен деги эле падышанын сарайынын жанына жакын басып барган жан эмесмин.

Эртеси бала таңынан кетип, кечке иштеп алтымыш пара алып келет. Бу жолу жерге-сууга батпай: «Эми апамды токтоосуз кудаалашууга жиберем, болду», — дейт.

Келет да апасына кайрылат:

— Апа, мен бүгүн алтымыш… пара таптым. Эртең сөзсүз мага падышанын кызын аял болууга көндүрүп келишиң керек! Эгер сен барбасаң, анда мен да мындан кийин иштегени чыкпайм, бир пара да алып келбейм!

Байкуш эне эмне кылсын? Фереджесин кийип, падыша сарайга жөнөйт.

Сакчылар кайырчы катары түшүнүп пара берсе, аны албайт:

— Мен акча сурап келген жокмун, падыша менен сүйлөшкөнү келдим, — дейт.

Аны падышанын үйүнө алып жөнөшөт. Жолдо сарай ичиндегилер баары эле аны кайырчы катары түшүнүп, анча-мынча пара берген болот, бирок алардын бергендерин албайт.

— Султан-ханымга барайын, — деп суранат ал сакчылардан.

Алар макул болот. Султан-ханум аялдын неге келгенин билгиси келет:

— Султан айым, менин жалгыз уулум бар. Ал эшеги менен жүк ташып, күнүнө кырк-элүү-алтымыш пара таба алат. Ошол табышкер уулум мени сага жиберди. Ылайык көрсөң кызыңды ошол уулума келиндикке бер.

Султан-ханым ойлонуп туруп:

— Мен каршы эмесмин, бирок бул ишти атасы чечет, — деп койду да, анан падышага барып кызына жуучу келгенин айтты.

— А, ушундайбы? Андай болсо абдан жакшы! — деди падыша да. – Мына силердей эле кишилерди күтүп атканбыз! Беребиз, кыздын барар жери жакын болгону жакшы эмеспи! Бирок бир шарт: күйөө бала кырк күндө аллем-каллем деген оюнду үйрөнүп келсин! А эгер үйрөнө албаса, кырк биринчи күнү башы кесилет!

Аял кетет.

Ал үйүнө келип уулуна:

— Мен сени падышага жакындабагын дебедим беле! — деп көзүнө жаш алат.

— Эмне болду, апа?

— Эмне болмок эле, падыша кырк күндө аллем-каллем деген оюнду үйрөнсүн, болбосо башын алам деди! Бала болуп башыма жүн чыккандан бери мындай сөздү биринчи жолу угушум! Менин башымды сен кайдагы балээге салдың, тынч оокат кылып атканда!..- Эне токтоно албай чачтарын жулуп ыйлады.

— Кой, эми ыйлаба, апа, болор иш болуптур. Эшегимди токуп келейин да, болгон оокатыбызды жүктөп, бир жакка кетип жогололу…

— Уулум-ай, кайдагы кайгынын баарын башка үйүп…- Апасы үй оокатын жыйнай баштады.

Аларда кайдагы оокат: эки кашык, эки кесе, эки жыртык жууркан, бир казан. Болгон оокатын таңып, эшекке артты.

Эшекти айдаган экөө көп жүрдү. Туш келген жакка кете берди, ушул падышачылыктан чыгып кетсек дешти. Ошентип бир тоонун түбүнө келип, түнөгөнү камынышты.

Карашса, эле бир убакта дөө келатат. Дөөнү көрүп экөөнүн эси ооп калды.

— Силер буерде эмне кылып жүрөсүңөр?! — деди дөө жер дүңгүрөткөн үнү менен.

Алар эптеп эстерине келип, эне кургур калтырап-титиреп, не болсоң ошо бол деп падышага кантип жуучу болгондугун, аерде не сөз уккандыгын бүт айтып берди.

— Уулуңду мага ташта, — деди дөө аялга кайрылып, — мен ага аллем-каллем оюнун үйрөтөм. Кырк күндөн кийин келип сен уулуңду дал ушул жерден алып кет.

Аял эшегин артка буруп, баланы дөөгө аманатка калтырып кете берет.

Дөө болсо апасы кетери менен уулун сыйкырлап алмага айлантты да, чөнтөгүнө салып алды.

Сарайына келгенде дөө чөнтөгүндөгү алмасын кайра сыйкырлап, жигитке айлантты. Аны үйүнө камап, дөө кайра бир жакка кетти.

Жалгыз отурган бала абыдан зерикти. Анан ары жактагы бөлмөлөрдү кыдыра баштады. Бир бөлмөгө баш бакса, он төрт күндүк айдай жаркыраган сулуу кыз сумсайып отуруптур. Кыз жигитти көрүп чочуп кетти:

— Ай, тууган, бул жырткычтын колуна кайдан түштүң? — деп кыйкырып ийди.

Жигит ага аллем-каллем ойногону келгенин айтты эле, кыз анда:

— Ой, сага чейин бул жерге ушул оюнду үйрөнөм деп канча-канча кишилер келишпеди, алардын баарын бул жеп бүттү. Карачы, тээтигил мунараны, ал ушул сендейлердин баш сөөгүнөн курулган. Буерге келгендин бирөө да тирүү чыккан эмес! — деп ыйламсырады.

Муну угуп бала да бышактап ыйлап кирди. Кыздын боору ооруп, баланы соорото баштады:

— Мен сага жардам берем. Анүчүн сен менин айткандарымдын баарын толук аткарышың керек. Угуп тур: эртең дөө келет, анан сени менен кармашат. Ошондо сен ага каршылык көрсөтпө, эгер сен каршылык кылсаң, ал ошол замат сени мыжыгып өлтүрүп таштайт. Дөө кармаары менен сен жерге жыгыл. Ал сени жерден алып көтөрсө да сен жармашып тура бер. Сени урса да баарын көтөр, унчукпа! Жанагы айткан аллем-каллем деген оюнду болсо сага өзүм үйрөтөмүн!

Бала сүйүнүп өз бөлмөсүнө кетет.

Таң атат. Эрте менен дөө келет да, баланы алып кетет. Анан экөө күрөштү баштайт. Дөө аны көтөрөрү менен эле ал жерге жатып турбайт. Урушат. Урат. Ага көңүл бурбай жер кучактап жатып алат. Ошентип кечке убараланышат. Кечинде дөө баланы кайра бөлмөсүнө камап кетет.

Бала жашырынып кыздын бөлмөсүнө кирет.

— Эгер сен бүгүн каршылык көрсөткөн болсоң, минтип жаныма келмек эмессиң, — дейт сүйүнгөн кыз. Анан аллем-каллем оюнун үйрөтүп баштайт.

Жигит кетерде кыз ага дагы бир жолу эртең да дөө келип кармашарын, ага каршылык көрсөтүү керек эместигин кайталайт. Бала кетет.

Эртеси эрте менен дөө келип, баланы алып чыгып, кайра күрөштү улантышат. Жигит дагы ошентип туруп алат.

Сөздү көбөйтпөйлүчү! Кырк күн дөө менен бала күрөшмөк болгондо эле жигит каршылык көрсөтпөй жатып калып, кармаш уланбайт.

Бирок ушул мезгилде жигит түнү бою аллем-каллем оюнунун ар кандай сырларын үйрөнүп чыгат. Анысын дөө билбей эле кыркынчы күнү:

— Достум, сен бул оюнду үйрөнбөйт экенсиң! — дейт да убадалашкан жерге алып барып аны энесине карматат.

Эне-бала ээрчишип үйлөрүнө жөнөшөт. Бир убакта бала коенго айланып, анын жүндөрү күн сымал жылтылдайт: тим эле көз уялат.

Коен серең-серең чуркап келип аялдын бут алдына кирип кетет, аял болсо баласынын кайда кеткенин билбей аң-таң:

— Уулум, кайдасың? Мынабул коенду карачы, карма! — деп кыйкырат.

Бала коендон кайра адам кейпине келет. Аны көрүп апасы айтат:

— Темселеп сен кайда жүрдүң? Азыр эле бутума илешип бир сулуу коен келбедиби, аны кармап алсаң сатпайт белек!

Ошентип ар нерсе болуп отуруп, кыскасы, эне-бала үйлөрүнө келет.

Эртеси бала бугуга айланат. Бугунун мүйүздөрү алтындан, туяктары алмаздан, көргөн жандын көзүн сүйгүзөт.

Ал апасынан суранат:

— Мени базарга алып баргын да, саткын!

Энеси бугуга айланган уулун жетелеп базарга барат. Элдин баары үймөлөктөшүп, анын баасын быча алышпайт. Муну бир гана падыша сатып алат деп ойлошот.

Ажайып бугу тууралуу падышага да кеп жетет. Ал аны көрүп, ээсине бир чака алтын берет. Аял ошого эле ыраазы.

Падышанын малчылары бугуну сарайга алып келип мамыга байлап, алдына чөп таштайт. Бугу чөптү аз-аздан жеп отурат, жеген сайын өзү кичирейгенден кичирейип, акыры жок болуп кетет, аны байлаган жип гана калат. Малчылар бул тууралуу падышага айтат. Не айла кылмак эле, бары жөн калат.

Бала болсо бугудан кайра адам кейпин кийип үйүнө барат. Баягы апасы алган акчага заңгыраган там салууга буйуртма берет.

Кайрадан бала таза кандуу келишкен араб тукумундагы атка айланат. Ар бир түгү жалтылдаган алмаздар, жалы менен куйругу алтындар, өзүнчө бир керемет.

— Апа, мени базарга алып бар да, сат! — дейт баласы. — Бирок бир гана сураныч – тизгинимди кошо бербе!

Аял атты жетелеп базарга кирет. Дагы баягыдай таң калгандар. Малдын баасы дагы бычылбайт. Эч ким даап баасын сурай албайт.

Бул жөнүндө падышага дагы сөз жетет. Ал өз саяпкерин жиберет.

Дөө болсо ушу кезде баланын өздөштүрүп алганынын баарын баамдап калган болот. Өзүн сыйкырлап, шамалга айлантып, базарга келет. Келип, атты тизгинден тартмак болгондо, бала билип калып, көгүчкөнгө айланат да, учуп кетет. Дөө шумкарга айланып, аны кууп жөнөйт.

Көгүчкөн падышанын кызынын терезесине барып бир тутам роза гүлүнө айланат. Кооз гүлдөрдүн терезесинде турганын көргөн падышанын кызы аны кучагына алып, жыттап кирет.

— Ах, кандай жыттуу, кандай кооз гүлдөр! — деп кыз кумарланып, куштарланып турганда дөө келип падыша сарайды силке баштайт да кызга:

— Ташта, гүлдөрдү, ташта! — деп кыйкырат.

Кыз розаларды таштап ийет, гүлдөр болсо чачылып, тарууга айланат.

Дөө короз болуп кубулуп, тарууларды терип жейт. Баарын чокуп жеп, бир гана дан кыздын таман астында калат. Дөө-короз аны жей албай койду.

Мына ошол жалгыз дан таруу чөөгө айланат. Чөө корозду басып жыгылып, жеп таштайт. Анан бала мурдагы абалына келип, падышанын астына барат.

— Мына, эфендим, мен аллем-каллем деген оюнду үйрөндүм. Сен эми өз убадаңда тур – кызыңды мага колуктулукка бер.

Падыша адегенде көнбөйт, бирок жигит аллем болот, каллем болот, акыры аны көндүрөт.

Шейхулислам никелерин кыят. Кырк күн, кырк түн той болот. Баланын тилеги кабыл болуп, падышанын кызына үйлөнүп, калган өмүрүн жыргап-куунап өткөрөт.

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *