* * *

Мен ар дайым жеңил-желпи, көз жаштуу чыгарма жазууну эңсер элем. Мага окшогон жердигинен жашык кишилер романга караганда ошондой чыгармаларды жактырат.

* * *

Биз сенек, катып калган тилге каршы чыктык. «Эл», «демократия» деген сөздөр небак жээгин жеп бүттү. Алгачкы маанисин жоготту. «Демократия» деген шайлоо алдында эле эске келет.

* * *

Мен жомок жазайын деп канча аракет кылдым. Бирок эч нерсе чыккан жок. Жазгандарымды уулдарымдын бирине көргөзсөм: «Ата, бизди өтөле акылсыз, келесоо ойлойсузбу?» – деди.

* * *

Мен силерге ар дайым жагымсыз нерселерди жасагым келет. Мага тепкичке караганда эсколатор, машинеге караганда, самолет оң.

* * *

АКШ Латын Америкасын катарга кошом деп эбегейсиз көп акча жумшоодо. Эмне үчүн? Биздин куржун кийин жылан сыйпагандай курук калыш үчүн. Биз анын акысына эмне төлөп атабыз? Улутубуздун тилин «тап душманындай» тазалоодобуз, музыкабызды, атургай адат-салтыбызды, сүйүү-махабатыбызды алардыкына алмаштыруудабыз. Биз АКШ кандай кааласа, ошондой аңкуштоодобуз.

* * *

СПИД деген сүйүүнүн абийирин аштай төктү. Сүйүү деген өзү да өлө жугуштуу дарт. Ага түкүрүп салбасаң, адамдык озуйпаны эч качан аткара албайсың.

* * *

Жалаптар ар дайым менин эң жакын досторум болучу. Айрыкча жаш кезде. Мен аларга кумар кандыруу үчүн эле барчу эмесмин. Мен аларга жалгыздыктан коркуп барчумун. Албетте, аялым Мерседес мени: «Канчыктын каңгыган баласы» – деп тилдечү.

* * *

Менин аялым жана эки кичинекей уулум бар эле. Мен менеджер-пиар болуп иштегем. Анын ортосунда киносценарийлерди редакторлочумун. Китеп жазуу үчүн алардын бардыгынан аткез берүүгө туура келди. Анүчүн машинемди сатып, акчасын Мерседеске бердим. Ал ар дайым кечинде арак, тамеки, анан мага керектүү нерселер менен камсыз кылып турду. Ошентип китепти бүттүм. Бүткөнүң менен курусун, эсептеше келгенде 5000 песо карыз болуп калыппыз. Бул биздин чен-өлчөм менен эбегейсиз чоң акча. Анан биз жашаган аймакка Маркес ашкан мыкты китеп жазып салыптыр деген айың тарап кетиптир. Майда, чоң соодагерлердин бардыгы менин айланама топтоло баштабадыбы. Басма ээсине мен 160 песо карыз элем, анын 80ин төлөгөм. Аны акырына чейин төлөй албай, аялымды күрөөгө койдум. Мерседес айтты: «Романың дааратканага да жарабайт. Ошон үчүн мени күрөөгө коюпсуң да…»

* * *

Эгер аял беттегенин бербесе, андан сөзсүз бирдеме чыгат. Мен аны өз башымдан өткөргөнүмөн айтып атам. Дүйнөнүн түркүгү аял экендигине мен беш колдой ишенем.

* * *

Аялдын жалгыз кетпес кеги – башкалар менен ойноп кеткениң. Жок, аны ачык айтып, ак сүйлөсөң, аял кечирет. Жок, куйтуңдап-шуйтуңдасаң, эч качан кечирбейт.

* * *

Кубанын адабият профессорлору менен айтыша кеткен жайым бар. Алар айтты: «Жалгыздыктын жүз жылы» туура, жакшы китеп. Бирок аның эч нерсе чечалбайт деп. Менин мүдөөм ошол чечалбаган кырдаалды көргөзүү дедим.

* * *

Ооба, мен майда буржуазия жазуучусумун. Менин жаралган жасатым ошондой – эмне кылайын?

* * *

Мен жазуучу болбосом, эл арак ичкен жайда жакшы ырчы болмокмун. Ошону менен сүйүшкөндөрдүн сүйүүсүн ого бетер күчөтөт элем.

* * *

Адамзатты аңга түрткөн эмне? Жетишкендик. Дагы, дагы жетишебиз деп адамзат жанталашып жашап атат.

* * *

Менин максатым – баарыңар жакшы көрсө экен, сүйсө экен деген тилек. Ошон үчүн жазып атам. Кимдир бирөө мени сүйбөй калбасын дегенден өлгүчө корком. Азыркы интервьюмда да айрыкча сүйсө экен деген тилегим бар.

«Esquire» журналынан которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *