Жан де Лафонтен (1615-1695)

ТАМСИЛОГРАФИЯ

Аңтарылып кара жер,
Асман кулап түшкөндөй…
Айбанаттар дүйнөсү,
Аябай суук кеп укту:
— «Башкаларды жегендер»,
«Баш күнөөлүү» — аталып,
«Башы кетет», — деп укту.
Карышкыр угуп калчылдап,
Түлкү калды түштөнбөй.
Жору-кузгун жоголду,
Жомок жашоо бүткөндөй.

Арстан анда бакырды,
Айбанаттарды чакырды.
— “Оо, урматтуу досторум,
Күнөөсү көп кимибиз?
Бу, Кудайдын каарынан
Куткаралы башкасын,
Моюнга алып бирибиз.
Жашырганда эмине…
Мен да күнөө кылгамын.
Көп койлорду кыргамын,
Кошо жалмап койчусун,
Колумду аарчып тургамын.
“Күнөөлүү”- деп тапсаңар,
Мени кармап бергиле.
Кана эмесе билели,
Кимдин канча күнөөсү?
Башкаңар айтып көргүлө”.
…Айтып оозун жыйгыча,
Түлкү туруп “сиз”- деди,
Букараңбыз “биз”- деди.
Койду жепсиң, тоюпсуң,
Койчусун кошо союпсуң.
Ушу дагы күнөөбү?
Аркайган азууң сыйлабай,
Алдыңан чыга калышкан,
Алар, өзүлөрү күнөөлүү!
А көрөк,
Жакшылап карап көрөлү,
Күнөөсү көп бирөөнү…

Азуулуулар каткырып,
Түлкүгө колду чабышты.
Аюу, жолборс, карышкыр,
Азуусу бар болгон соң,
Күнөөсүз болуп калышты.
…Кезек келди эшекке,
Кеп билбеген кесепке:
— Мезгил эле таң аткан,
Ээн чиркөө астынан,
Эптеп өтүп бараткам…
Чөптүн жыты бурулдайт,
Курсагым ач курулдайт.
Эки жакты карасам,
Ээси жок чөп экен.
Шилекейди чубуртуп,
Калың экен, көп экен.
Шайтан түртүп жатса да,
Шар жебедим кыйылдым.
Акырында чыдабай,
Азыраак үзүп, сугундум.
“Ушул менин күнөөм”- деп,
Эшек сүйлөп басылды.
Айбанаттар чурулдап,
Ар-тараптан асылды.

Карышкыр турду сот болуп,
Каяша айткан жок болуп:
— Кылмыш жасап көрүнө,
Тийгизиптир зыянын,
Кудайдын өскөн чөбүнө…
“Баш күнөөлүү” табылды,
Башын кыя чабалы.
Кудайлардын жолуна,
Курмандыкка чалалы.
Күнөөбүз жок болгон соң,
Башкабыз аман калалы.
Эшекти жыгып союшту,
Этине мыктап тоюшту.
“Азуулуу болбойт күнөөлүү”,
Аны да айтып коюшту.

Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *