№16

…Ай, Ай!
Асмандагы алтын ай,
Аскар –
Аруу,
Аппак, мөлтүр балдардай.
Балга ороп, бал таңдай,
Таңда чуркайт карматпай.
Кана балдар тапкыла?!
Табышмакты бир жаттай,
Таппасаңар бир саптай.
Ыр жазайын тил катпай…
Ошол ырды калтырбай,
Жаттагыла тартынбай…

…Таң атканда  алтын ай –
Кайда кетет көрүнбөй?..
Көл түбүндө балыктай,
Сүзөбү же чабактай?..
Күндүз күн бар жаркылдай,
Түндө кайда барат жашынбай?..
Таш бакалар чуркабай?..
Неге басат абдан жай?..
Кана бөбөк ойлончу,
Ойлоно гой, айта гой.
Баарын тапчы калтырбай,
Баа аласың бештен бешти кайгырбай.

…Үкү түндө уктабай,
Эмне кылат?..
Учабы же шумкардай?..
Күлүк барбы тулпардай?..
Тулпарлар да сойлойбу
Чөлдөгү бир жыландай?..

Ай, ай!
Асманда ай –
Жерде ай,
Жети жылдыз кыргыздай.
Укчу бөбөк, бөбөктай,
Жаздан кийин келет жай.
Жайлар сана кайсыл ай?..
Баатыр барбы Манастай?
Ал ким  «Манас»?..
Ааламда барбы дагы биздин баатырдай?
Жазганымдын баарын тап,
Бирин түгөл калтырбай.

Көпөлөктөр аарыдай,
Бал чогултат жайды жай.
Деңиз тунук булактай,
Ичсе болот бөбөктай.
Туура жообун берчи сен?!
Ойлон ойду узатпай…
Уйлар маарайт улактай,
— Ээ?..

Улак кандай жаныбар?..
Сүттөн алат сарымай,
Сары майды көп жесең.
Оорубайсың дарыдай,
Акылың да, акылдай!
Айга учат жаркылдай.
Көп окусаң талыкпай,
Тагдыр сага каймак, май.
Аппак, алттын айрандай,
Ачык асмандай жакшылыкты берет
Берекесин аянбай…
Оку!..
Оку!..Бөбөктай!
Аалам сага көчөт жай…

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *