Биринчи баян

Э С С Е

Асакенин чыгармачыл ооматы ооп, жылдызы жерге түшүп калган заман эле ал. Түбүң түшкүр 90-жылдардан кийинки СУР БУЛУТТУУ кезең эле бул, АК БУЛУТТАР эмес эле…

Асакенин «Ак булуттарын» эл тыңшабай калган учур…

Жокчулук жонго минген, улуу залкар убайымдуу жолдо жүргөн тагдыр болучу…

Кыргыз драма театрында концерт жүрүп атат, зал толо. Улам бир эстрада ырчысынын жаш өкүлдөрү сахнага чыгып ырдаары менен эл жер тепкилеп кол чаап, зал жаңырта ышкырык сүрөөлөр, алакан ысый кол чабуулар…

Бир убакта бооруна аккордеонун кучактаган айтылуу Асанкалый Керимбаев чыкты. Баягы жүрүшү, баягы кезиндей залды караган кубанычы менен күлмүңдөп. Аккордеонун бооруна кыса-кыса тартып. Залда жаштар толо отурганын көрүп Байдылда Сарногоевдин сөзүнө жазылган «Жаштарга» аттуу обонун созуп баштады!!!

Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың-эй
Болжолу өтөт билинбей.

… Ыр бүттү. Залдагылардын бирин-экини кол чапкансыды. Асакем микрофондун жанында туруп кала албады. Көңүлсүз залдын кол чабуусун туйду белем, артына бурулду. Асакени залда отургандардын жарымынын жарымы кол чаап узатымыш этти. Ошондогу мен көргөн Асаке көшөгөнүн артына эмей эле; жети өмүрү жерге кирип жөнөп бараткандай көрүндү мага. Далысы залдагыларга бурулганда эле кол чабуулар токтоп калды. Асакебиз көшөгөнүн артына бутун сүйрөп араң эле жеткенсиди.

Кечинде бизге келди. Биз дегеним – «Кербез» музыкалык журналында иштеген: Турдубек Чокиев, Кыялбек Урманбетов, мен. Кабагы салаңдаган Асакебиз босогону аттаганда эле ызаланып, туталанып турганын сездик.

– Концерт кандай өттү, Асаке? – ошол күнкү концертти барып көрбөгөн редакторубуз Турдубек байке ушинтип сурап ийсе болобу?

Араң турган Асакебиз көөдөндөгү муңун төгүп ийди ошол жерден:

– Энесинин урайын, ошол концерттин! Эмнесин сурайсыңар?! Жыргаганыман Байдыкемин \Күүлөнөт күлүк күнүндө, \Туйлайт, – дейт – тулпар тушунда\ деген текстин тандап ырдап жүрөт дейсиңерби?! Мен ушундай жеңил обон жазчу белем, Турдубек?! Сен өзүң композиторсуң, айтчы! Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-а\ Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-аа\. Ушул да обонбу? Менин чыгармаларымдын ичинен ушундай жеңил обонду уктуңар беле деги?..

Бул айтканы чындыктай көрүндү ошондо гана. Ошондо оюбузга келди: Керимбаевдин обондорунун дээрлик көпчүлүгү муңдуу, кусалуу болуп келип эле «Жаштарга» деген обону жеңилирээк, шаңдуу мүнөздө ырдалаар ыр экенине.

Асаке өз обонун өзү шылдыңдап, жийиркенген кишидей мурдун тырыштырып, бул ырды кандайдыр бир жек көрүү менен дагы созду:

Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-а\ Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-аа\ Илгери бирөө «Жыргаганымдан жылкычы болупмунбу» дептир. Ушул ырды жыргаганымдан жеңил обон кылды дейсиңерби? Макул, «Кара-Көлдүн кыздары» деген ырым да дал ушундай жеңил ырдалган ырларымдын бири. Бирок мен аны те жаш кезде жаратыптырмын. Мунучу… муну: Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-а\ Тан-тан-тан-тан-тан-тан-та-та-аа\ Обонбу ушу?! Байдыкем жазган сөзүндө айып жок. Карагылачы жазганын:

Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.

Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.
 

А, обонучу?! Ушул да обонбу?!

Асакебиз туттугуп сүйлөп, биз муюп угуп отурдук. Даттанганы күчөдү бизге…

– Бул ырды эстрадага салып да ырдап жүрөм. Менден эмне, эстрада ырчысы чыгат дейсиңерби? Оокат кылыш керек болгондо эстрадага салбадымбы. Эстрадага салынган ырды гана угат экен эл азыр. Бүгүн сааттай болуп, аккордеондон агарып-көгөрдүм эле, ушул байкуш менен көптөн бери эл алдына чыга элекмин деп аккордеон менен ырдасам, жаштар мени мышык мыйоологондой көрөт экен…

Асакенин айткандарына каңырыгыбыз түтөп отурдук. Дал ошол мезгилдерде «Биз силерди сагындык» деген аталыш менен Т.Казаков, А.Керимбаев, Ж.Мамажанов сындуу таланттардын мууну бир-эки курдай концерт берүүгө аракет кылышты, бирок эл аккордеон эмес, даңкылдак-дүңкүлдөк эстрадага ышкысы артып турган кез болчу. Жеңил-желпи мүнөздөгү ырчылардын базары кайнап турду…

– Же билбейм бул… Бир туруп ойлойм: бул балээ кесирби деп… – Асаке ойго чөгүп отуруп калды көпкө. – Учурунда асмандан жерге түшпөй турган кезибиз болду. Ырысбай аке, Түгөлбай досум сахнага чыксак, залдагылар кетирбей, микрофонго байланып калчубуз. Эл кетирчү эмес. Сахнада тургандан бутубуз талычу. Эл сурангандан көшөгө менен сахнанын ортосунда кайра кирип, кайра чыккандан чарчайт элек! Менин көлөмүмдү билесиңер, азыркымдан да семиз элем анда, өгүздөй салмагым менен улам сахнага чыга берип, тулку-бойдон көл-шал тер кетип, жүзаарчым чылкылдап суу болгончо ырдачулем. Сахна сахна эмей эле мончо болуп кетчү мага… Ошондо манчырканып сахнага кайра чыккыбыз келбегени – азыр ойлосом, кесирлик окшобойбу…

Муну укканда бүгүнкү концерттеги Асакенин абалы көз алдыма элестеп, жүрөгүм «зырп» деп алды. Ичим тытылып отурдум.

Асакебиз ошол мезгилдерде биздин редакцияга эки күндүн биринде келчү болду. Ал бизге, биз Асакеге көнүп алдык. «Кербез» музыкалык журналын чыгарчубуз анда. Башында композиторлор союзунун имаратында турчу элек, кийин аталган уюмдун көмүскөдөгү чарбалык иштерин, уюштуруу жаатындагы кемчиликтерин ашкерелеп жаза коёбуз деп, биздин сынды кабыл албагандардын айынан редакциябыз көчөдө калып, акыры Бишкектин Морозов көчөсүндөгү кабат үйлөрдүн биринин бош турган жертөлөсүн редакцияга айлантып алганбыз. Асакебиз болсо так ошол көчөдө жашагандыктан биздин редакция ага экинчи үй болуп калган. Редакциябызга өйдө өтүп баратса да, ылдый өтүп баратса да кирбей кетчү эмес. Эмнеге экинчи үйү болуп калганы жөнүндөгү сөз дагы алдыда. Ага кийин жетебиз. Сөз ирети менен болсун…

Асакебиз дагы башка күнү келет. Келген сайын өксүк кептер уланат. Ооба, эми ойлосом, ошол мезгил Асаке үчүн өксүк доор болгон экен. Бирок ал кезде Асакенин айткандарын күлкү-шаң менен угар элек. Бирок ошол кезде күлкү болсо, азыр ал кез мага муңдуу…

Бир күнү босогону аттаганда эле ыкшып күлүп эскерттип турганы:

– Только өзүңөр үчүн айтылчу сөз, жазып салбагыла журналыңарга. Сөз бергиле.

Жазбай турганыбызды, сөз ошол жерден чыкпастыгына убада берип ийдик, Асакенин кебин чыдамсыз күтүп.

– Докем жеткен хохмач киши да (Дооронбек Садырбаев). Ал экөөбүздүн бүгүнкү хохмабызды силерге айтып берейин деп эле кирип калдым. Ишиңерге тоскоол болсом кечирип койгула. Айтып берип, силерди күлдүрүп коюп, тез эле кетем.

– И-ии, – дедик биз.

– Эй же айтпай эле койсомбу, жазып салсаңар, мен эртең элге шылдың болуп…

– Айта бериңиз, жазбайбыз.

– Бүгүн укмуш кеп болду. Оңбогон Доке. Өлтүрөт да, эй… Артист да. Артист Докем жыгып салды. «Кабинетиме келчи үкам» дегенинен баргам. Көптөн бери бир маселени чечишип бериңиз деп жүргөмүн. Ошону чечиптир. Жок, чече элек экен али. Менин көзүмчө чечти. Менин көзүмчө бир министрге чалды. Ал министрдин атын айтсамбы, айтпасамбы силерге?.. Айта берейинчи, сөздүн тузун кемитпей. Ким дебейсиңерби?.. МВД министри Өмүрбек Кутуев. Жакшы киши экен, бүгүн билдим анысын. Докем күлдүрмөйүн жөн сүйлөчү беле, Кутуевге чалып… Чалып эле «Улуу урматтуу министр, сиздин тынчыңызды эки народный артист алып атканына кечирим сурайм. Народныйдын бири — мен Дооронбек Садырбаев, дагы бири — Асанкалый Керимбаев. Биздин өтүнүчүбүз кенедей эле. Аламүдүн базары сага тиешелүү экенин угуп чалып аттым эле», — деди… Кутуев Докеме эмне деди билбейм, Докем бир убакта «өзүң сүйлөш» деп телефонду мага карматып салса болобу, маселеңди айт деп. Мен мурда-кийин Кутуев менен сыйда мамиледеги киши элек, аманчылык сурашкандан кийин, «болуптур жакшы жүрүңүз» деп эле сөзүм үзүлдү. Эмне өтүнүч менен кайрылганымды министр такып сурады, бирок айтканга оозум барбады. Народный артистин суранганы ушубу дейт да, өзү министр болсо… Телефонду коюп салдым. Докем кайра сурайт, «эмне, чечишип алдыңарбы?» деп. «Айталбай койдум» — дедим. «Эмнени айталбай койдуң?» — дейт. «Сизге айтканды» — дедим. Десем эле Докемден мен эмнени суранганымды өзү унутуп коюптур. «Экөөбүз Кутуевден эмнени суранмай болдук элек?» — деп кайра өзүмдөн сурайт. Анан мурда айткан кебимди кайра баштадым. — «Доке, — дедим, — Аламүдүн базарында акчасы жакшы бир жер бар экен, ошону арендага алып, колуктум Дамираны иштетсемби дедим эле. Мурда гастролдоп концертке чыгып акча таап келчү элем, азыр кайдан. Андан көрө ошол акча жакшы түшкөн жерди алып берсеңиз», — дедим. — «Акчасы жакшы болсо, эт саткан жери го?» — дейт Докем. — «Жок, айтканга оозум барбай атат», — деп күймөлдүм. — «Айта берсең, эмне жер экен акчасы жакшы түшкөн?» — «Туалети экен, — дедим аргам кеткенде. — Туалетин арендага иштеткендер акчаны жакшы табат экен». — «Йе анан баяле ошентип айтпайсыңбы. Туалет сасык болгону менен акчасы сасык болчу беле, анын эмнеси уят. Анда азыр эле чечип берем», — деп Кутуевге кайра чалды Докем. Чалып, өтүнүчүмдү чечип берип, кубанып келаткандагым. Ошол кубанычымды силер менен бөлүшкөнү кирип калдым.

Редакциябыз күлкүдөн кыйрап жыгылдык. Асакеге бул жөнүндө жазмак тургай эч жерде ооз ачпай турганыбызды убада кылдык. Бирок мен көргөн улуу залкар туурасында бүгүн эскерүү жазууда, Асакемдин тагдырындагы урунттуу бул учурду жазбай коё албадым…

Ошондой күндөрдүн биринде Асакебиз жок болуп кетти. Келбей калды редакциябызга. Бир күнү пайда болду. Шопоюп арыктай түшүптүр. Өңү быржыйып салаңдап, кабагы суз. Биз көрүп жүргөн Асаке кыйла жүдөңкү эле ал жолкусунда. Ооруп жүргөнүн айтып, колунда көтөрүп жүргөн бир пакет дары-дармектерин көрсөттү.

– Денсоолук бүтүп калыптыр. Дарыланганга акча табылбай жүрүп, күндөн күнгө шай кетип баратат. Врачтар мени Москвага барып дарыланмайын, бул жакта мүмкүнчүлүк жок деп коркутуп коюшту…Канымды бүтүндөй алмаштырыш керек экен, ансыз запойдон чыкпайсың дешет, арагыңды таштай албайсың дешет. Дарылануусуна чач-кирпик чак келер эмес…

Так ушул мүнөттөрдө редакциянын телефону шыңгырап калды. Ала койсом, президент Акаевдин пресс-катчысы Каныбек Иманалиевдин үнү. Ал биздин редакцияга компьютерден жардам бермек болуп жүргөн учур болчу. Ошол убадасы боюнча чалып калган экен. Экөөбүз ал-жай сурашып эле, «Эмне жаңылык бар?» деп сурап калганынан, ага дароо Асакенин ооруп кыйналып жүргөнүн кабарладым. Анүчүн бир гана Москвага барып дарылануудан бөлөк аргасы жоктугун айтсам, Каныбек президенттин администрациясы тарабынан жардам кылууга аракет кылаарын билдирип, Асакенин атынан президентке өтүнүч кат керектигин эскертти. Маселе чечиле турган болуп калды… «Катты бүгүн эле таштап кеткиле» деди сөз аягында.

Муну уккан Асакем кубанып кетти. Бирок президенттин атына кат жазыш керектигин айтсам, кежигесин кашып туруп калды.

– Эй, үкам, – деди бир маалда мени жеңден тартып, – ушу мени президентке кат жаза алат дейсиңби? Өзүң эле бирдеңке деп чиймелеп салчы менин атыман…

Бул мага оңой тапшырма эмес эле, эмне деп жазышты билбей отуруп калдым. Бүгүн кеч болуп кете электе кат президентке жетиш керек болуп турат. Оюм чаржайыт. Бирөөнүн атынан, болгондо да улуу талант, кыргыз Эл артистинин атынан өлкө башчыга кат жазуу өмүрүмдө оюма келиптирби?! Алдымдагы жазып баштаган кат «Улуу урматтуу Аскар Акаевич» дегенге келгенде эле токтоду. Андан ары эмне деп жазыш керек?.. Орундуу кат кандай жазылыш керек?.. Толгонуп отуруп, акыры катты уланттым. Албетте, азыр баары сөзмө-сөз эсимде жок, бирок каттын мазмунунда мындай ой бар эле: «Өзүңүздүн колуңуздан КР Эл артисти наамын алдым, ага дейре адабият-маданият өкүлдөрү үчүн өзүңүз курдурган үйдөн үч бөлмөлүү үйгө да жеттим. Бирок бүгүнкү күнү мага мамлекеттик наамдан да, үй-жайдан да маанилүү денсоолук маселеси кыйнап турат» деген ой кагазга түшүрүлгөндөн кийин жеңилдей түшкөнсүдүм өзүмчө.

Катка эртеси эле жооп болду. Каттын эң башына «Баары жакшы болот, Асаке» деп А.Акаевдин өзүнүн колу коюлганын көргөн Асаке экөөбүздүн кубанычыбызга чек жок эле. Ошол күнү кечке маал Асакебиз редакцияга кайра келди…

– Жеңеңерди ала кетпесем болчудай эмес. Врачтардын айтымында, жанымда күнү-түнү караган киши болуш керек экен.

Муну дароо Каныбек Иманалиевге кабарладым. Ал Москвага бир эмес эки кишинин барып-келиш чыгымын жана Асакенин дарылануусуна кетер каражат маселеси 2-3 күн аралыгында чечилерин айтып, сөзүбүз тамам болду.

Күндөр өтө берди. Асаке күндө келет, акүйдөн кабар барбы деп. «Бар, дейм, – президент тапшырма бериптир, бирок финансы маселеси чечилбей атыптыр» дейм.

– Чалчы, – деди бир күнү ачуусу менен келип. – Жанагы Каныбегиң менен өзүм сүйлөшөйүн…

Телефондон Каныбек менен байланыштырарым менен эле Асаке ачуулу сүйлөдү. Чү дегенде эле ызырылтып сөктү. Канткен менен манаптын тукуму экенин ошондо көрдүм Асакенин. «Мени эмне ай караган текедей кыласың, эй бала?!», — деди кекетип. Каныбекти жаш баладай тилдеп болгон соң, телефонду кайра өзүмө карматты:

– Мэ, дагы сүйлөшчү сөзүң болсо…

Каныбекти капа болуп калдыбы дедим эле, жок. Илбериңки гана үн катты:

– Асакедей улуу талант бизди сөксө да, не десе да — баары жарашат, капачылыгым жок. Ишти эртелеткенге мен да болгон аракетимди кылып атам, – деп сөзүбүз бүттү.

Ошондон көп өтпөй эле маселе чечилди. Каныбек телефон чалып, Москвага эки киши үчүн самолеттун барып-келишине болгон билет баасы жана Асакенин толук дарылануусуна президенттик администрация акча тапканы кабарланды. Асакебиз дарыланууга кетти.

Кийин Асакебиздин дарылануу мөөнөтү бүтүп, жаркырап-жайнап келип калды. Мойну-башыман кучактап, ыраазычылыгын айтып бүтө алсачы. «Каныбегиңди тап, – деди. – Ошол экөөңө ыраазычылыгымды билдирейин деп келдим. Бир жакшы жерде отуруп чайлашып, чер жазыша сүйлөшөлү».

Экинчи баян 

Олжобай ШАКИР

0 Replies to “КУСАЛЫГЫМ: Мен көргөн улуу залкар”

  1. Көзү тирүүсүндө барктап, колдоо көрсөтө албай, көзү өткөн соң, аттиң деп бармагыбызды тиштейбиз. Биздин көрпенделигибиз ушу да. Рахмат Олжобай Шакир ага, Кыргыз мадангиятынын тарыхында калган залкар таланттар тууралу мыкты мемуарларды жазып жатасыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *